← Сейит 1/5

Желмогуздун Шоркөл элин бүлүнтүшү

Тапан хандан бир киши, Сейитимге жеткени, Тапан хандан Сейитке, Айтып келген кептери: — Калкылдатып туу кармап, Канча күнү кармаштык, Сейитиге баргандын, Баарысы кылды жармаштык, Селдей каптап эл кеттик, Арыкта суудай кан кечтик, Балбандан өлдү канчасы, Биз талапка жетпедик. Далай күндөн бер жакка, Аскер ачка, ат ачка, Эрегишкен эр ачка, Эми кантер экен, деп Карап турган эл ачка, Аттуу туруп шылкылдап, Уйкунун жайы бир башка, Жер тумандап көрүнбөйт, Көзүн бардап караса, “Кең пейил болсо Сейитим, Эрдигине жараша, Азык ичип, ат минип, Жамап, жазкап тон кийип, Жарактанып жайланып, Жазыксыз келсек камданып, Канча күндүк мөөнөттү, Сейитимден сурайбыз, Сөзүмдү айтып Сейитке, Барып кел” — дейт суранып. Хандын айтып саламын, Алдыңа келип турабыз, Эми болчу иштерди, Өзүңүздөн угабыз,- Деп токтолду арачы, Кандай жооп берет, деп Тынбай турат санаасы, Күн тийгендей жарк этип, Айкөл шердин баласы, Айткан кебин карачы: — Төкпөй-чачпай кебимди, Айтып баргын, арачы Тапан хандай бегиңе, Жардап турган элиңе, Кырк күн бердим мөөнөттү, Ханың турса кебине. Кара аскерде жазык жок, Калган журтта азык жок, Камынып келсин армансыз, Өлбөс болуп көөнү ток, Кырк күнү бердим уруксат, Арманы ичте калбасын, Тапан хан өзү баш болуп, Бастырып келбей чойкойуп, Найзасын бекем кармасын, Караанга алып келбесин, Керекке келбес жармачын, Караан болор эрлерге, Каптап келчү элдерге, Барбай жатып албасын, Алдатып ханың канчыкка, Каңгырап куру калбасын, Эрегишсе эрдемсип, Ойлосун тирүү калбасын, Кол куушурса болду деп, Чыгарбасын эсинен, Сейиттин олжо албасын. Алдында минген алтын так, Башындагы сыймык бак, Баарын берсе албаймын, Желмогузду алпарбай, Жериме кайра барбаймын, Эс алганда кара жүз, Элдин этин чийки жейт, Убалына калбаймын. Калп айтканга алданып, Шум канчыкка байланып, Эси болсо Тапан хан, Эндекей элди кырдырып, Кан жүктөнүп албасын. Бул кара жүз шумурай, Жедигер кыргыз элинен, Туудуруп баккан атасын, Тууп чоңойткон апасын, Тартынбай жеген этинен. Тоонун элин түгөтүп, Шаар ичине келгенде, Чыдай албай ушул эл, Мага кабар берди эле. Мени менен канча күн, Жан айабай кармашты, Жыландан бетер арбашты, Кылбаган сыйкыр калбады, Алы келе албады, Сокбилек, соку дегени, Керекке баары келбеди. Жаргылчагы чагылды, Куургучу сынып кур калды, Супурасы жыртылды, Сыйкырына жол койбой, Сейити буга сыр кылды, Качып жүрүп кара жүз, Тапан ханга жолугуп, Тынч жаткан элге чыр кылды- Кумду канга сугарды, Тарпын элдин чыгарды, Далай баатыр кулады, Бейажал өлүп букара, Бекеринен сулады, Атасынан ажырап, Жетим балдар чуулдады, Алганынан ажырап, Нечен катын тул калды, Кете берсем болду деп, Эки күн өтүп арадан, Эң алдында ханды жейт, Андан калган барды жейт, Адамды жеп түгөтүп, Калганында малды жейт. Каратып туруп атасын, Шишке сайат баласын, Тирүүлөй жейт нечесин Чырылдатып энесин. Бүгүн-эртең кыз болот, Кыз алам деп Тапан хан, Орду менен түз болот, Ага кылган жардамы, Өз башына күч болот. Айтып баргын ханыңа, Журт башкарган залыңа, Мени айткын барына. Угуп алып арачы, Убайга толуп санаасы: “Калпты айтпайт дечү эле, Баатырлардын адаты” Башын салып шылкыйып, Тапан ханга барганы, Катар турган алдында, Канча миң кошуун балбаны, Калтырбай уккан кептерин, Хан алдында айтканы. Чойтолоң деген бар эле, Чоң чечени ал эле, Айткан кеби бул эле: — Ханым Тапан, кебим ук, Пейлиңди салып бекем ук, Желмогуз деп кыз эмес, Ушуну менен эки уктук, Конушбай айтты бир чакта, Энге-зенге албадык. Бир бечара айтканга, Эми эсепке алалык, Эр Сейитим айтканда. Эрдемсип кебим ырас деп, Кап деп оозуң карманба, Салаарыңа кап таппай, Ханым, калба бушманда. Эрегишип Сейити, Эңкейе турган эр эмес, Ушул кептин баары чын, Ойлосом жалган кеп эмес. Эрегишпе Сейитке, Өз душманың деги эмес. Өлүп кетти балбандар, Арыкта суудай акты кан, Кырылып кетти чандандар. Тотойду эсеп кылбасак, Элүү эки эр эле, Токойго уулап чыкканда, Ар кимиси экиден, Жолборс кармап келчү эле, Араң экөө калыптыр, Кырк сегизин Сейити, Кыйып башын алыптыр. Жүз миң кошуун мол эле, Тапан хандын колу деп, Оорагы мунун чоң эле. Өзүң баштап элүү эр, Жүз миң колуң турганда, Жат душмандан кам кылбай, Элиңдин көөнү ток эле. Балбандарың баары кыл, Душманга колу шок эле, Даа тутуп душман келе албай, Жалындап турган чок эле. Жүз миң аскер-колуңан, Алтымыш миңче калбаптыр, Эки катар бул жерде, Уруш болду аламан, Кырып Сейит салыптыр. Эки эриңен айрылсаң, Эрлериңе кайгырсаң, Эрегишип барарсың, Эң эле кыйын эр болсоң, Эки күн уруш саларсың, Эс-акылдан танганда, Башыңды катып мааналап, Куткарбаска барарсың. Мурун жүрсөң курбалдаш, Бүгүн барсаң мааналап, Биз барабыз аркаңан, Ооган жүктөй самсаалап. Куткарбас жаш, сен кары, Кыздын көөнү бузулат, Ушул жагы бар дагы. Элүү балбан, жүз миң кол, Бир сулууну алам деп, Маңдайыңа бүткөн шор. Кыздан тирүү айрылып, Элден тирүү айрылып, Тапан хан, калба кайгырып. Тиги турган Сейити, Бир Куткарбас он болсо, Кеңдиги шордой чоң болсо, Тереңи туз көл зор болсо, Бучкагына теңебей, Кебелбейт да, кенебейт, Баарыбызды жапырып, Кара жерге тебелейт. Эрлигимди билсин деп, Тирүү кууйт өзүңдү, Өлгөндөрдү көрсүн деп, Бакырайтып көзүңдү. Каратып туруп Тапан хан, Кызды алат Куткарбас, Ошентип жүрүп кор болот, Алтын так минген асыл баш, Ичиңен жанып күйөсүң, Өлбөгөн жүрөт сүлдөрүң, Мен айткандын баары чын, Болбосун мында күмөнүң. Чойтолоң айтып токтолду, Дымбырдым болду турган эл, Далайга зообан жок болду. Кырк күндүк мөөнөт уккан эл, Тороңдошуп чуу койду, Качкынды кармап берем, деп, Көптүн ичи чуу болду, Үйүнө барып Тапан хан, Ойлогону бу болду, Сүйлөшкөлү кыз менен, Чин акылы токтолду. Чакыртып алды шум кызды, Элди бузган бул кызды, Эшиктен кирди суйсайып, Өңү өзгөрүп кумсарып, Жанаша барып олтурду, Тапан ханга түз барып, (Жан кишиге билинбей, Арачынын келгенин, Чойтолоңдун кептерин, Угуп турган “кыз” барып.) Тапан ханды бир карап, Кеп баштады кара жаак: — Төкөр тайак тайанат, Элимен азган мен шордуу, Тайакчалык болот деп, Сени келдим мааналап, Хандыгыңды кадырлап, Кара башым тартуу деп, Өзүмдү койдум саа арнап. Колума тийсе намысым, Колуңду артсаң мойнума, Бышып турган дарбызмын, Узакка барбай кубарат, Күз көктөгөн алысын. Баатыр дейсиң Сейитти, Жалгыз жүрүп жадады, Канчалык калсын кубаты, Катындарча ушактап, Анын кайда кеткен уйаты? Эрдиги болсо колунда, Эси ооган силерге, Кырк күндүк мөөнөт кылабы? Кыларга айла таба албай, Кылчаңдап кайра кача албай, Узартып жаткан убагы. Куткарбаска алдырып, Тапан хан куру калат, деп Ортобузга сууктук, Салгалы айткан ушагы, Экөө айтты ырас, деп Чойтолоңдун курчуңдап, Айткан кебин карачы, Чойтолоңдун, Тапан хан, Сага кара санаасы, Кишиники кебинен, Чыгып калат аласы. Чойтолоңчо болгондо, Куткарбаска кошулсак, Сейит менен Чойтолоң, Анда алар канетет, Кол кармашып теңселип, Ыргалып талдай биз турсак? Кары да эмес, жаш да эмес, Көңүлдө болот сүйүү шок, Сени көрүп Тапан хан, Жүрөгүмө түшкөн чок, Элди бузат бир күнү, Чойтолоңду жоготсок, Тиги турган Сейити, Салбаса элге кейишти, Ким жактырбайт андайды, Болуп турган убагы.