Тотой баштаган топтуу дөөнүн өлүшү
Сексен миң аскер сел болуп, Башкарган элүү эр болуп, Аскердин арка жагында, Эриккен элдер жык толуп, Калың элдин ичине, Сейитинин келгени, Угулуп кетти дуу болуп, Манастын уулу имиш, деп, Эл ичинде чуу толуп. Аркасында элдердин. Карылары кеп айтат: — Манастын атын укканбыз, Келбеген экен, — деп айтат. Эр Төштүк деген келген дейт, Тайпас дөөнү баш кылып, Талкалап такыр кеткен дейт. Биз жердеген Шоркөлдөн, Кырк кулактуу казанды, Төштүк алып чыккан дейт, Төштүктүн кылган иштерин, Бүткүл кылым уккан дейт, Ошол Төштүк Манаска, Кол куушуруп турган дейт. Төштүктөн Манас эр болсо, Мында келген Сейити, Манастын уулу ал болсо, Каары катуу Тапан хан, Сейитиге сайдырып, Бүткөн бойу кан болсо, Бизден шыйкыр качканбы, Куткарбас жөлөп койбосо? Баш-аламан дуулдап, Элдин ичи чуркурак, Сейити менен Конушбай, Кирип келди чукулдап. Конушбайды көргөндө, Желмогуз турду шапылдап: — Сен Конушбай жедигер, Жаш экен деп жөн койсом, Бооруңду тытып мен жебей, Сейитини таптыңбы, Тентип жүрүп ченебей? Каратып туруп Сейитке, Каныңды суудай сорбосом, Сүрдөл кылып, Конушбай, Сүрөтүңдү койбосом! Аттан камсыз Сейитти, Күч албайбы күркүрөп, Сени тирүү мен койсом! Деп жапылдап турганда, Коркуп кетпейт Конушбай, Сейити бар жанында, — Коңулдаба, желмогуз, Сенден коркор чак эмес, Жаныңды койор жер таппай, Мени жемек тургайлык, Качып жүрүп сенделип! Жедигерди боздотуп, Малы тургай кишисин, Тирүүлөй тытып жеп болуп, Шоркөлдүн аты ит ичпес, Тапан хан жаткан мар болуп, Кырктан жашың ашканда, Азгырдың келип кыз болуп, Куткарса сени Тапан хан, Эс-акылың жыйганда,- Өзүн жейсиң тап койуп, Беш күндө бирден киши жеп, Чандайасың кап болуп. Ичпес суудан ичкенде, Эт эсиңе түшкөндө, Жалтайбаска барасың, Кубултуп сыйкыр салсың, Куткарбас атка ээ болгон, Жалтайбас жанын аласың. Тапан хан менен куткарбас, Жери кеңир, эли мол, Адамдары бойу чоң, Бендеден башка баары зор, Таптың эле тамакты. Эр Сейитим колунан, Эми жыттап жатасың, Сийдим кана-кабакты! Көрсөтөм деп өнөрүм, Желмогуз колун сермеди, Отуз миң дөбөт, көк бөрү, Күркүрөп тайар болду эми, Тоо көчкөндөй каркырап, Кырк миң шердин келгени. Куйругу жерге чубалып, Илбирс келди канча миң, Көзүнүн оту жалындап, Жолборс келди мынча миң. Мышык келди кыкырап, Кабааган иттер ыркырап, Түлкү келди кылыңдап, Кашкулак жүрөт мулуңдап, Чөөлөр келди каткырып, Сыйкыр менен желмогуз, Жер-жаандын баарысын, Айбанатка бастырып, Топону көккө сапырып, Айууга ийин каздырып, Көрсөтмөк элге болду эле, Көп сыйкырын наз кылып. Тапан хандын алдында, Элүү эрдин чоңу эле, Балбандыгы бир башка, Баатырлыгы бир канча, Баарысынан зор эле, Кайраттуусу Кабызет, Андан чыгат далай кеп, Желмогуз кызды чакырды: — Аныңды койуп бер кел – деп. Тааныбаймын сени мен, Кайдан келдиң деги сен? Сен желмогуз окшойсуң, Күмөнсүп калдым сенден мен, Конушбайдын кебинен. Эмне үчүн кас болдуң, Сейитиге деги сен? Керге келсе өнөрүң, Козголбой жатпай жериңде, Каарлуу болсоң былк этпей, Качпай турбай элиңде, Сыйкыр кылып көрөсүң, Сүр көрсөтүп бул элге. Элди азгырып алдаба, Бекеринен куру желге. Кектешкен кеги болбосо, Сайа кууп артынан, Кыргыз келбейт бул жерге. Жарабаган кылыгың, Болбогон иш, кой мунуң, Керге келсе сыйкырың, Келбейт элең бул жерге, Башыңды катып калкалап, Качып келдиң биздерге. Тапан ханды аздырып, Тартып көөнүн алыпсың, Котолоп кошуун кол турса, Бекер, сыйкыр салышың. Тараткының буларды, Мен чыгайын жекеге, Колуңа тийсин намысың! Деп Кабызет жебиреп, Желмогузду жемелеп, Сейитини бир демде, Аламын деп тебээлеп, Бастырып чыкты бөлүнүп, Жеке-жеке, жеке, деп. Каарын салып бакырды, Сейитини келгин деп. Сен канчалык, Сейити, Мен Кабызет эримин, — деп, Сен Сейити турмайлык, Жалаңгыч сарык аталган, Кененимге теңмин, — деп. Эрдигиң сенин канчалык, Мен билбейин белгилеп. Тапан ханды көргөндө, Кайра кетпей элине, Келгенин көр темтиреп, Бөрү тилдүү куу найза, Тоо томкоргон бу найза, Булгап алды колуна, Камчы менен бир койуп, Куучабдардын санына. Аркасынан чыккан чаң, Топурак учуп боз болуп. Салмагынан чочконун, Жер силкинип козголуп, Кетүүчүдөй бул дүйнө, Торопойу тоз болуп, Тик качырып жөнөдү, Көрсөтөм деп өнөрдү, Ойуна албайт шектенип, Сейитиден өлөрдү. «Шоркөл-шоркөл-шоркөл», деп, Келе жатат качырып, Атасы жокпу, эл жокпу, Көлдү ураанга качырып. Бакырыгы баш жарып, Баштан алкып таш жарып, Кабызеттен Сейитим, Калат беле апкаарып. Чоң балтаны колго алды, Найзанын учу жетерде, Балта менен какканы, Балта тийген бул найза, Асманды карай атканы, Зыркыраган куу чыгып, Үнү угулуп жатканы. Үзөнгүгө тамандап, Кобо калып Сейити, (Капташа түштү Кабызет), Чокудан ары чапканы. Балтаны тартып алганда, Тоодой болгон Кабызет, Топону тиштеп жатканы. Көрө салып чоң Кожен: — Мыкты болсоң, Сейити, Беттешкин, — деп, - мен менен! Чойун башты булгалап, Көзүнөн чыккан жалыны, Утур келген чөп-чарды, От койгондой куйкалап, Оозунан түтүн буркурап, Көзүнөн учкун чыркырап, Чокмордун үнү күркүрөп, Жердин бети дүркүрөп, Түрүн көргөн Кожендин, Сийдиги агып бүркүрөп, Каарданып ат салып, Аркасында чаң калып, Кетемин деп келайтат, Сейитиден жан алып. Карап турат эр Сейит, Найзаны кармап камданып. Кожен жакын келгенде, Кыраңдакы кулжадай, Алчыланып шаңданып, Телкүрөңдү теминип, Эңиш тарткан бүркүттөй, Бул дагы кирди кырданып. Күркүрөгөн чоң Кожен, Колунда чокмор жүз батман, Камчыдай кармап имерди, Оро-пара баатырды, Чокуга тартып ийгели. Чаптырабы эр неме, Дардаңдаган Коженге, Кар жиликтин булчуң эт, Кашайа катуу тиктеди, Эки колун капшыра, Найзаны муштап өттү эми. Колтуктун көбүк этинен, Көтөрө найза тийгени, Тепчип өтүп булчуңду, Арканын балык этине, Төш жарыча киргени. Шалак этти оң колу, Көтөрө албай чокморду, Түшүп кетти сол колу. Чокмор түштү дүп этип, Жер козголду сүлк этип, Өтө берип Сейити, Имерилип келгинче, Кайра тартып элине, Аралап кире берди эле. Коженди койуп куткарып, Ачуусуна чыдабай, Аралап кирди ат салып, Көптү көрсө шашпаган, Көөнүндө ишин баштаган, Көсөм Сыргак баатырдын, Сырнайзасын колго алып, Катар турган сап болуп, Аскерлерге баш болуп, Алдындакы эрлерге – Миң кишиге мен эле, Жалгыз болом дегенге, Күүсү менен тулпардын, Алдындакы балбандан, Катарлап бешөөн бир сайды, Бирөө да тирүү калган жок, Оозун ачып ырсайды. Эми эле турган буластап, Жатып калды беш баатыр, Кара жерди кулачтап. Баатырдын аты Телкүрөң, Ооздук тиштеп кыйгачтап, Имерип тийген жаандай, Ителги тийген таандай, Айландырып камады, Ар сайганда Сейити, Кырк-элүүдөн кулады. Найза кармап сап болгон, Бетине бирөө чыгалбай, Кылычтуулар бир катар, Кындан кылыч сууралбай, Балталуулар сыйлыкты, Баатырсып карап туралбай. Кетелектүү кемсинип, Мурун булар жүрүчү, Баатырсынып, эрсинип. Чокморчулар чогулуп, Кол салалбай бой уруп, Сабы аздап баратат, Бир четинен суйулуп. Тапан хандын элдери, Кара бойу бир дөбө, Өтө каар, түрү суук, Караган көзгө көрөргө, Мамы кылчуу жыгачтай. Карап турсаң билеги, Беш-алты жашта балдардын, Жүрөгүндөй жүрөгү. Абдан алын билгенде, Манастын уулу Сейити, Кара жанын үрөдү, Агызып канын дөөлөрдүн, Арыкта суудай күрөдү, Желмогузга болушуп, Таштай катты тилеги. Балбандары кийгени, Баары темир бадана, Кара аскерге карабай, Аралап кирди аларга. Кабызет өлгөн алдында, Кожен кеткен жаралуу, Бешөө өлгөн бир катар, Кырк үчү бар караандуу. Кыргыздын кыраан уланы, Качан жанын айады? Телкүрөңдү чуратып, Артынан чаңын чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Качырып кирди бетинен, Жеткен жерде экини, Сайып өттү четинен. Оң айланып сол болуп, Сол айланып оң болуп, Эки имерип өткөндө, Он экиси торойуп, Кокуйлап жатат канчасы, Кокодой мойну кодойуп, Тирүү калган немеси, Жабыла качты туш-тушка, Арасы ачык коо болуп. Санатта элүү балбандан, Жыйырма тогуз калыптыр, Бир Сейиттен жалтайып, Качып жолго салыптыр, Каарданып кара көк, Кылычын сууруп алыптыр. Жайыла качкан балбандан, Тогузун жетип жалмады, Тополоң түшүп, топо учуп, Аскер качып калганы, Конушбай кандай болду, — деп, Эсине баатыр алганы. Турган жагын белгилеп, Көз жиберип карады, Караган менен Конушбай, Көрүнбөдү карааны, Карганып жаткан бир үндү, Угуп калды кулагы, Тулпардын оозун эрениң, Үн чыккан жакка бурады. Кан какшанып конушту, Байлап алып желмогуз, Келе жаткан убагы, Ажалы Конушбай, Чукул чыкты сураары. Көзүң аккан желмогуз, Көрө салып баатырды, Койо берип Конушту, Элди аралап чурады. Келберсиген желмогуз, Кепке-сөзгө жарабай, Алды-аркасын карабай, Асыл жанын айабай, Айбат кылып туралбай, Айбатынан апкаарып, Ажалдан качып калтаарып, Тапан хандын жанына, Качып кетти тамтайып. Конушбай коркуп калыптыр, Кубулуп өңү саргарып, Аман-соого келе албай, Карап турат далдайып, Жалдырап-жайнап көзү бар, Өзү турат шалдайып, Конушбай, алың кандай? – деп, Сейити айтты түз барып. Үнүн угуп Сейиттин, Эчкирип ыйлап, Конушбай: — Ажыратып алдыңбы, Желмогузга кор кылбай? Сен жекеге чыккалы, Эсимен мастан чыкпады, Көзүмдүн кыры мастанда, Мени карай ыктады, Минген аттын алдынан, Баш көтөрүп чыкканы: “Түштүңбү колго, Конушбай, Сенден жүрөм көөн тынбай! Каныңды тирүү сорбосом, Жалдыратып көзүңдү, Жанымды тирүү койбосом, Желмогуз атым курусун, Баскының!” – деп айдады, Башымда акыл калбады, Өлтүрдүңбү, жолборсум, Тирүү барбы ал дагы? Арстаным, сени көрдүм, — деп, Арбагына Манастын, Атынан айтып жалбарды. Тапан хандын алдында, Кожен жатат жаралуу, Аскеринин баарысы, Чар тарапка тарады, Эси кетип Тапан хан, Ар санааны санады, Желмогузду жиберип, Аскерин кайра жыйнады. “Он күндүк мөөнөт берсин” деп, Атайын киши жиберип, Эр Сейиттен сурады, Тапан хан сурап жооп алган, Бүттү күндүн убагы, Сап-сап болуп аскери, Майданды карай чубады, Жарадар болуп жатучу, Сакайды Кожен бу дагы. Ооруга жери басылып, Сейитиден найза жеп, Кожен жаман ачынып, Тапан хандын алдында, Өзүн мактап бакырып: — Элебей туруп канча деп, Катар колду тепчитип, Мен кыргыздан жеңилдим, Жаңы келген баланын, Мындайлыгын билбедим. Камаарабай турам деп. Кабызет өлдү кан кусуп. Мен-мен деген кырк сегиз, Кылданган эрсиң тептегиз, Аралап кыргыз киргенде, Тезектей калдың тепселип. Бизге келген Сейити, Кең далылуу кууш айак, Узун эмес бойу пас, Уйутуп койгон коргошун, Козголбогон кара таш. Көбүң өлүп, аз калдың, Көргөзүп элге айтамын, Бүгүн чыгам жекеге, Мааналап кантип жатамын, Байлап келем баланы, Элебестен сайдырдым, Теңсинбейим мен аны. “Эр ойлосоң өзүңдү, Шер ойло дейт башканы” Серпишкен жоодон мен өлсөм, Теңине албайт канчаңы. Аламан уруш кылбаңар, Аралап кирсе Сейити, Агызат суудай кызыл кан, Он күн кылар туруштук, Өзү чыкса Тапан хан, Үмүтүм жок силерден - Катар турган башкаңан. Баатырлык кандай, эр кандай, Маңдайлашып жоо сайган? Жалгыз кыргыз карачы, Жалпылдатып туу жайган. Тобурчакты тарт бери, Токтоо кылбай аттанам! Коржоңдоп Кожен мактанды, Тердебес деген бар эле, Тентектин бири ал эле, Опурулуп тиктенди, Аттанам деген Коженге: — Мен тердебес турганда, Качан, Кожен, эр эле? Менден мурун буйруксуз, Аттануучу сен белең? Алдынкы жолду саа берип, Баш тартуучу мен белем? Тобурчагың кайра тарт, Тору атымды бери тарт! Тердебестен жеме угуп, Кожен копту оолугуп, Кожен менен тердебес, Койо бер деп жулунуп, Арачалап ал келбей, Калгандары чогулуп, Тапан ханга бул кабар, Кулакка түштү угулуп. Балбандардын үстүнө, Тапан хан кирди чулуйуп, Кожен менен тердебес, Туруп калды кулуйуп, Туулга бар башында, Баары чойун туйулуп, Сакалы жок, мурут жок, Ээктери мулуйуп. Калп эле күлүп Тапан хан: — Кожен менен Тердебес, Эки баатыр сени айтам, Мөөнөт алган күнүңөр, Бүгүн бүттү күнүңөр, Сейити келсе маңдайга, Чыгасың жеке кимиңер? Кимиң барсаң аның бар, Сайып алсаң мөрөйүң, Сайдырып койсоң кокустан, Артыңан улай бириң бар. Турасыңар, топ балбан, Менин кебим угуңар, Көз ачырбай Сейитти, Дембелеп уруш кылыңар, Угулсун кылым дүйнөгө, Аңгеме болор мунуңар, Жекеге чыкпай калганың, Тайарланып туруңар. Кайкаган калың эл менен, Силерге окшош эр менен, Жеңилдик деп Сейиттен, Кол сурап барсам маа уйат, Канатташ айыл хандан мен. Жалтайбастын элдери, Саны бизден канча көп, Балбандарын көргөмүн, Силерчелик эр эмес. Баарыңарды Сейити, Басыңкырап баратса, Туруп албайым анда мен. Ханыңармын Тапан хан, Билесиңер эрдигим, Өзүм чыксам жекеге, Көрөт элем эрдигин, Кетирет элем колунан, Мен-мен деген теңдигин. Көөнүм эрип кубанам, Бириң калып, бириң бар, Бириң кайткын ырайдан. Кожен менен Тердебес, Эрдигиңди билгемин, Талашат деп силерди, Ичимде ойлоп жүргөмүн, Ашкере болду сырларың, Чынга чыкты күмөнүм, Бириң калып, бириң чык, Корктуңар деп Сейити, Кыйкырып ийип жүрбөсүн. — Жыгылып аттан кыргызда, Өчүм барын билесиң, Уруксат кыл, Тапан хан, Кожен өзүм киремин. — Ырас сенин кегиң бар, Мурун барып кегиңди ал, Тердебес кирсе, Сейит жок, Комутта, Кожен, кур калбай. Аттанды Кожен зоңкойуп, Эрдигимди айтты, деп, Тердебес турат оштонуп. Саптан Кожен бөлүндү, Конушбайдын көзүнө, Чоң зоңкодой көрүндү, Оозунан чыга тас калып, Туйлап турат жүрөгү. Опол тоодой заңкайып, Алдындагы Телкүрөң, Кең соорусу даңкайып, Кербениң Сейит бурулду, Көркүнө көргөн таңданып, Белестеги карагай, Берениң сонун шаңданып, Телкүрөң барат шайбырлап, Аркасында чаң калып, Сыргактан калган сыр найза, Зыңкыйтып колго карманып. Сейитини көргөндө, Мактанган Кожен калтаарып, Тапан хандап бакырып, Мингени тору тобурчак, Арандай оозу ачылып, Чокморго Кожен маш экен, Жүз батман чойун колунда, Эрибес көөнү таш экен. — Сен Сейити, мен Кожен, Мени менен беттешкен, Чандандын күнү түгөнгөн. Элебей туруп сайдырдым, Өткөн күндө сага мен, Жер менен жексен болосуң, Бир чапкандан чыкпай сен! Оозунан көбүк буртулдап, Чокморунан чок чыгат, Чочконун эки көзүнөн, Жалындаган от чыгат. Бойу узун сүлкүлдөп, Адам жүрбөс жапан чөл, Тоо көчкөндөй дүңкүлдөп, Чилдедеги буурадай, Жетип келди күркүрөп, Курт-кумурска, бөй-чайан, Баары качты дүркүрөп. Каар көзүнө чачылып, Сейитиге чокморду, Шилтеп калды качырып. Койондой буйтап Телкүрөң, Ордун салып жазгырып, Жерге тийген чокмордон, Топурак көккө чачылып, Урма кулак кара суу, Жерге чыкты атылып. Жерден топо буркурап, Үйдөй болгон канча таш, Асманда жүрөт зыркырап. Жааган күндөй шагалаң, Түшүп жатат дабырап. Аңгычакты жел жүрүп, Жердин бети арылды, Жерге кирип кетти, деп, Жерге кирбей нетти, деп, Мойнун созуп чоң Кожен, Жерди тиктеп кеңгирейт, Оозун ачып эстенет, Мас болгондой зеңгиреп, Доош берди Сейити, Тааныйсыңбы мени? — деп. Кулагына үн кирди, Жүрөгүнө зил кирди, Ачууланып алайып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Аткый кармап чокморун: — Жоготпой сени койбоймун, Көзүмдү жуумп мен сени, Жаздым чапкан окшоймун Акырып Кожен дууланып, Сел аккан суудай бууланып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Кетейин деп жан алып, Чокморун күүлөп имерди, Ороо-пара маңдайда, Сейитти тартып жиберди. Мышыктай жылып жып этип, Айбандан асыл Телкүрөң, Өтө берди шып этип, Жерге тийди чокмору, Мени жарып дүп этип. Чокморун жерден алгынча, Айбалтадай маңдай тиш, Сейити күлдү кангынча. Күркүрөп Кожен сүрдөндү, Алда канча түрдөндү, Колундагы чокморун, Жерге таштап жиберди, Жакасынан качырып, Алмак болуп Сейитти. Кара кыргыз кара көк, Каадасы журттан бир бөлөк, Сыргактан калган сыр найза, Тоо томоргон бул найза, Алгарадан кулаган, Коңурбайды бир сайса, Коңтөрөнүн жанында, Кожен заңгы бул канча? Кезгерип найза чунайтты, Кездемдин боосун чубалтты, Айбандан асыл күрөңдү, Санга салып чурайтты. Ай далынын чети деп, Алтын кемер бети деп, Өпкө жүрөк тушу деп, Өлөр жери ушу деп, Эрней түшүп көмөрү, Муштап өттү далыга. Эти калың төшжары, Кыр арканын сөөгүнө, Найзанын учу мылк деди, Тоодой болгон чоң Кожен, Тобурчактан шылк деди. Тоңкойуп барып жыгылды, Топого башы тыгылды. Өтө берип кылчайса, Төрт айкактап такандап, Копколу турат бул акмак, Кантер экен эми, деп, Сейити турду аа карап. Бойун жыйбай далдактап, Жыгылып-кооп калдактап, Бага элеги балбактап, Мурду көөп барбактап, Чокморго кетип баратат, Тоногон төөдөй тартактап. Чокморун колго алганда, Кайра айланган маалда, Бакалоордун бези деп, (Жыгылгандан туулгасы, Ыргып кеткен башынан) Неченди сайып маш болгон, Он үч-он төрт жашынан, Жандай түшүп муштады, Тартып албай найзаны, Эки имерип ыкшады, Жүрөктүн толто канына, Найзанын учун чыктады. Көрүп турган Тердебес, Менден Сейит качат, деп, Келе жатат дердеңдеп. Кара жаак Айбалта, Тердебестин колунда, Эшик эңдүү бар балта, Ажыдаарга кез келген Жыландын алы бар канча? Айбалтасы жалтылдап, Мизинен жалын жаркылдап, Күн чагылып жаткансып, Күркүрөгөн үн чыгат, Тердебестин бетинен, Нечен түркүм сүр чыгат. Кол ыштыктай буркурап, Таноосунан буу чыгат, Алдындагы тору аттын, Куйругунан чуу чыгат. Керней-сурнай чуулдап, Коңгуроосу шаңгырап, Мунун тилин ким билет, Өзүнчө сүйлөйт балдырап. Көзү көлдөй жалтылдап, Ачуусуна чыдабай, Токтобой мойну калтылдап, Колундакы балтасын, Арка салып ийинге, Кирип келди жакындап. Балта чапчуу колуна, Ыктай кармап найзаны, Сейити турат ыкыстап. Балта менен чабам деп, Колтугун өөдө чойгондо, Ыктап турган жаш арстан, Далы менен кабырга, Арасына найзаны, Болжоп келип койгондо, Кырк кабырга кыйрады, Кыйынсынган Тердебес, Тору атынан кулады, Томкорулган теректей, Үстөмөндөп сулады. Каршылашкан арстанга, Адам тирүү калбады, Уйасына күн кирип, Аскер кайра чубады. Жанган аскер жай алып, Жайбаракат жата албай, Уруш кылбай койсок, деп, Же Тапан ханга айта албай, Кыйналып аскер турганда, Балбандар келсин бачым, деп, Буйрук кылды Тапан хан, Жөө жүгүрдү чакыр, деп. Жөө жүгүрү декилдеп, Таманы тийбей лекилдеп, Балбандардын үстүнө, Жетип келди эпилдеп, Кирип келип эшиктен, Келгенин айтты кепилдеп: — Тапан хан мени жиберди, Балбандар, сени келсин, — деп, Жөө жүгүр келип айтканда, Алда эмне болду, деп, Жүрөктөрү лакылдап, Эшиктен кирди балбандар, Жарыша басып лапылдап, Тамандары жерди айрып, Таш баскандай такылдап, Тилдери батпай оозуна, Суусагансып акылдап, Жаркабак деген бар эле, Келгендердин ичинде, Тилдүүрөөгү ал эле: — Амансызбы, таксыр хан? Кабар угуң биз жактан, Жөө жүгүрүң барыптыр, Кабар айтып сиз жактан, Балбандарың чогулуп, Баарыбыз келип турабыз, Кандай жарлык кылсаңыз, Кантип мойун бурабыз? Кебиңизди айтыңыз, Келген жерин угалык, Жер кучактап жаткынча, Жакшылап кызмат кылалык. Баштады сөзүн Тапан хан: — Кулак салып уккула, Балбандарым, саа айтам, Кызыл каның чубурттуң, Кыргын болуп кыргыздар, Элүү эки балбандан, Көбүң өлүп аз калдың, Эртең болчуу урушта, Кандай арга кыласың? Бирден-бирден барганда, Бир чабуудан ашырбай, Чыгарат экен жыласың. Кыргыздардын Сейити, Кылганын карап турасың, Бир балача боло албай, Кайда кетти уйатың? Үйдө олтуруп мактансаң, Тону талкан кыласың, Оозуңан отуң буркурап, Ажыдаардай кыйасың, Эртең менен алдыда, Жекече кимиң барасың, Тапан хан айтып болгунча, Жагалданып Жаркабак, Муну айтып жар салат: — Мен барамын алдыда, Кожен менен Тердебес, Баатырдык жолун түк билбейт, Болбосо да эки күн, Эки имерип сайышпай, Мыкты болсо өлөбү, Аз болгондо алты күн, Айкырышып салышпай? Арстан дедиң Сейитти, Ат үстүндө салышам, Жөө күрөштө Сейитке, Сегиз күнү тайышам, Убара кылбай калганда, Жалгыз өзүм арытам. Чамасы кетип, так чарчап, Шайы кеткен маалда, Белги берип мен айтам, Анда өзүңөн көрүңүз, Башын кесип албасаң. Же өтүнүп мага бер, Башын кесип мен алам. Айтканымдай кылбасам, Жаркабак атым жойомун, Жатын бет атка кономун, Айтканымды кылбасам, Кантип балбан боломун! Опурулуп Жаркабак Одураңдап сүйлөдү, — Кокусунан мен өлсөм, Менден башка калганың, Жекелешип барбагын, Ушул турган тобуңдун, Менчелик жок арбагың. Кыз эмес тиги желмогуз, Качырбастан кармагын, Кармап берип Сейитке, Кар кылбагын калганын, Качырбай сактап калгыла, Тапан хандын оорагын. Тузуңду ичип башынан, Тузаарың көрдүм, Тапан хан, Хан башыңды кар кылып, Куткарбаска барбагын, Куткарбаска баргынча, Сейитиге жалбаргын. Эсинен менин чыга элек, Желмогуз деп кыз эмес, Конушбайдын айтканы, Жашың кырктан ашты деп, Ушунча көптүн ичинде, Жалган кепти айтабы? Муну укканда жакылдап, Тапан ханга жакындап, Желмогуз турду жапылдап: — Эл баштыгы Тапан хан, Көөнүңдү менден калтырып, Жаркабактын айтканын, Жалганбы, чынбы байкагын. Желмогуз туруп кызмын деп, Жалган айтсам мен сага, Канымды суудай чайкагын, Жаркабактын ичинде, Жамандыгы бар окшойт, Жалтайбаска барба деп, Сени тосуп жатканын. Жашырбайым көөнүм түз, Ойлогонум айтамын… Токтотуп аны Тапан хан, Кебин айтты буйактан: — Кебиңерди койгула, Таң аткынча камынып, Тайарланып болгула, Айтканыңдай, Жаркабак, Сен баргының алдыда. Алдында барып Жаркабак, Сейитиге сайдырса, Мен балбанмын дегениң, Баарың киргин жабыла. Туш-тушунан найзалап, Кылыч менен кайсалап, Балта менен башка чаап, Кош колдоп келип ургула, Чокмор менен чалкалап. Ошентип дартын колго бер, Сейитини талкалап! Деп тапшырып Тапан хан, Балбандарын таратты, - Желмогузга бурулуп, - Кызыгыңды мен Сенин, Качан көрөм? — деп айтты. Чакылдаган кара бет, Андан чыгат далай кеп: — Сейитиге бой сунбай, Тапан хан, келдим сени деп, Жарадар болдуң Сейиттен, Сен Тапан хан, мени деп. Кектешкенден кем турсам, Кызыгыңды көрөм деп, Бул айтканың кандай кеп: Түбөлүк жок пейлиңде, Кошулмакбы сен мага, Бир сапаркы көөнүң деп? Көрүнө айткын сырыңды, Мен келипмин тим эле, Түбөлүк жарың болом деп. Бир күндүк болсо көөнүңүз, Бир кыз таап келейин, Түбөлүк жармын дебеңиз, Ачык жообуң бериңиз, “Ойносоң ойлоп айткын” деп, Билинип калды пейлиңиз, Жашырган менен батпады, Жарылып калды кебиңиз, Жаркабак кеби ырас, деп, Бузулган болсоң мейлиңиз, Буйткап кебиң тангыдай, Жалчы эмес тегиңиз. Деп желмогуз айтканда, Кеп табалбай Тапан хан, Такалып калды айтканга. Серпөөлөнүп желмогуз, Бура тартып кайтарда, Тапан хан айтат: - Кыз бийкеч, Көөнүңүзгө албаңыз, Көпчүлүктүн ичинде, Болуп турат далай кеп. Мен Тапан хан тирүүдө, Тапкан-терген барымды, Алтын күмүш-зарымды, Жайыттагы малымды, Салынуу шаар тамымды, Жергелеш бирге элимди, Шоркөл сындуу жеримди, Сага арнап, кыз бийкеч, Мен байлайым белимди, Мыдырап жаным турганда, Бузалбайым кебимди. Жаркабактын кебине, Ээрчип кетет дедиңби? Таарынгансып сенден мен, Башкага бурба пейлиңди. Туура карап мага сен, Сындырбагын белимди, Куткарбаска баш уруп, Алдырамбы теңимди? Көөнүңө алба, кыз бийкеч, Жан алчууга жумшасам, Тирүүлүктөн түңүлүп, Жаркабак айткан кебини. Бузуп айтат кээ бири, Түзөп айтат кээ бири, Тергеп жүрүш анча эмес, Көпчүлүктүн кебини. Акылың болсо айабай, Айтып тургун кебиңди, Баарысын көрдү өз көзүң, Акыл табар бегимди. Абазир бар, батыр бар, Ар бир түрдүү киши бар, Ар кимиси ар башка, Кыла турган иши бар. Иш өткөн бар башынан, Меңсептер болуп алактап, Чоңойгон бар жашынан. Ошонун бири Жаркабак, Бизге айткан арз-абал, Ар бир кебиң, кыз бийкеч, Маа билинет шекер-бал, Чыныгы кебим мына ушул, Айтканымды угуп ал. Тапан ханды бозортпой, Ички сырым кулак сал, Дагы кебиң бар болсо, Тапан хандан жообун ал. Кыйалданган кара бет, Кылыксынып айтат кеп: — Чыныңды айткын,, Тапан хан, Жалганы жок ырас кеп, Жедигердин бир кызы, Келип турам маана издеп, Чымындай жандын камын жеп. Кызыгың качан көрөм, деп, Ал айтканың көңүл кеп. Жашына жетсе кыз бала, Ар кайда кетет жар издеп. Кызыгышып жатарга, Жар издеп келген кеп эмес, Душмандан качып келайтып, Тапан хан, сизге болдум кез, Көргөндө кетип бой калкып, Сырымды айттым саган тез. Көөнү кетип калбаса, Көрүнгөн эрге кыз бала, Бар сырын айтар кез эмес. Сыр айткан кыз мен болдум, Көргөндө көөн эритип, Сыр уккан эркек сен болдуң. Эрден калган келинчек, Эр издеп жүргөн киши эмес. Кызыл кан аккан майданда? Жан алучу Сейити, Карап турса маңдайда, Көөнүн бөлүп эркекке, Көңдөй болчуу кыз кайда? Ар канча кылык-жоруктун, Кызыгы болбойт андайда. Жесир катын болбосом, Жер жазданып кеткендей, Утур келген жайларда, Же сен жылкычы болбосоң, Башмактап турган сай-сайда. Менин айткан кептерим, Жүйөөлүү болсо мойнуңа ал, Жүйөөсүз айткан кеп болсо, Таарынып анан көөнүң кал. Желмогуздан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, Желмогуздун кептерин, Накай акыл деп угуп, Бабыраган Тапан хан, Батмачыктай былчыйып, Отуруп калды жылчыйып. Унчукпас кылдым муну, деп, Жер түгөткөн кара бет, Чыгып кетти чымыйып. Ойлонуп улам Тапан хан: “Уйатка калдым айтам деп, Анык өзү кыз болсо, Ал айтканы ырас кеп. Конушбайдан уктум деп, Жаркабак айткан чын болсо, Желмогуз деп кыз эмес, Кызыл кан акты элимен, Ызы-чуу кетпей жеримен, Айрылдым нечен эримен, Жакшылык-жаман күндөрдө, Караады болчуу белимен, Эмгегим кетип талаага, Алданып кара балаага, Ырысымды жедим мен! Кезегим бир күн кетирип, Кежирленсе болбойун, Бойун алып койойун, Жакшы-жаман кеп чыкса, Айтканындай болойун, Катын болсо кыз эмес, Кармап берип Сейитке, Калтырбай элди кейишке, Мурунку жолум табайын, Бурчалтпай элим багайын. Жардамы тийчүү эр экен, Сейит менен достошуп, Кол кармашып калайын, Көөнүн таап Сейиттин, Көлөктөп мага көйрөңсүйт, Куткарбаска салайын. Куткарбасты колго алып, Кубанычка мунтип батайын, Эки хан элин башкарып, Эркимче ойноп жатайын:” Деп Тапанга ой толуп, Көөнү менен бай болуп, Кыз болбосо желмогуз, Сейити менен дос болуп, Эки элге баш болуп, “Кыз бийкечке” карата, Эрибес боору таш болуп. Көөнүнө толсо кыз бийкеч, Кууп келген Сейитке, Алы келбей баратса, Куткарбас менен бир болуп, Сейитке көөнү кир болуп, Жакындашса кыз менен, Жакшылык калбай келчүдөй, Сыймык конуп, бак конуп, Жалгыз өзү жүрчүдөй, Жагалданып оштонуп. Таңга жакын болгондо, Санаанын жетпей түбүнө, Жатып калды томсоруп, Сейитини эске алса, Өзөгүнөн от күйүп, Уйкусу келбей үшкүрүп, Уйку көрбөй таң атты, Үшүгөн тооктой үкшүйүп, Борошодо эшектей, Белин түйүп дүкдүйүп, Дык тийбей сакал-муруту, Өсүп кеткен үксүйүп, Күн тийди жерге нурданып, Аттанды аскер дүрүгүп, Санаасы санга бөлүнүп, Тапан хан чыкты үлүйүп. Түндөгү айткан кеп менен, Атына минди Жаркабак, Сейитине эми эле, Жеңүүчүдөй шаңданат. Кылыч, балта белинде, Чокмору бар ийнинде, Калкан жаап далыга, Чарайнасы алдында, Кисепче кийип тизеге, Тең келем деп Сейитке, Калдыркан темир балтырда, Көйрөңсүнүп калкына, Көмөргөн туулга башында, Корголоп койон жаткындай, Маңдайдакы кашына. Сагызкан уйа салгындай, Сакал менен бакалга, Ат байласа тургундай, Буруп койсо мурутка, Чоң казандай көрүнөт, Мойунда ооз омуртка, Өзүнүн эрки кудурет, Ар кандай Адам жаратса, Кара суунун буткулдай, Маңдайда көзүн караса, Кара бороон удургуйт, Утур чочко келайтса. Эки буту салбактап, Эки этеги далбактап, Калканы жондо калдактап, Кээрлүү киши Жаркабак, Кирип келди далдактап, Эки көзү алактап, Мойну кеткен шалактап, Жан койбостой түрү бар, Атырылып жалактап, Түр көрсөтүп ошентип, Далайды алчу карактап. Беттеринин баары түк, Шилекей агып бапактап. Булгап найза колго алып, Найзасынын учунан, Жалындаган от жанып, Тапан хандын калың кол, Көзү тойуп көркүнө, Жаркабакка таңданып, Шоркөлдүн суусу колдо, деп, Тапан хан турат заарланып. Нечен балбан титиреп, Бузулуп өңү саргарып, Батыр Сейит ошондо, Аскарлуу тоодой шаңданып, Камынып турат кайран шер, Сырнайзаны колго алып, Телкүрөң менен сыздырып, Сырнайза күүсүн ышкырып, Жүрөгүн албай болбойт деп, Манастап уран чакырып, Жаркабакка жаш арстан, Жаман тийди жапырып, Жаркабакка сайдырбай, Өтө берди жазгырып, Атынын оозун бургунча, Сырнайзаны сооруга, Муштап өттү качырып, Беш кабат темир кийгени, Чириген бөздөй киргени, Ат үстүнөн Жаркабак, Аңтарылып кеткени. Тартып алып найзаны, Такаңдап өөдө болгунча, Как далыга муштады, Аралап өпкө-жүрөгүн, Найзанын учу жылтылдап, Айбал кайдан чыкканы. Жаркабакты калдайтып, Жерден үзүп алганы. Көрүп туруп чыдабай, Жаркабактын иниси, Кылжырбаш жетип барганы, Баатыр шерге буйдалбай, Качырып найза сайганы. Бала жолборс Сейити, Кылжырбаштын найзага, Жаркабакты кармады, Кылжырбаштын найзасы, Жаркабакка мадалды, Кылжырбашты Сейити, Жаркабак менен бир салды, Жаркабакты кучактап, Кылжырбаш өлүп калганы, Кызыл канга бойолду, Тапан хандын майданы, Калган балбан саптагы, “Жаркабак айтып кетти эле, Сейитиге Тапан хан, Жарашып калар бекен” деп, Жалдырашып карады, Желмогузга алданган, Жерге кирсин Тапан хан, Сейитиге барабы, Жакырга айткан кептери, Жаадында турат, танабы? Саптан чыккан балбан жок, Ындыны түшүп ичине, Тил байланып зобан жок, Муну көрүп Тапан хан, Ичинен күйүп жалын чок, Балбандарын карады: — Мындайда керге келбесем, Силерди бекер багамын? Бир Сейиттен калтаарып, Куткарып мени алгын, деп, Куткарбаска барамбы? Куткарбаска алдырып, Сулуудан кулку каламбы? Шыкалып турсаң чыгалбай, Сейити билет чамаңды, Баарың баатыр акылман, Силерге айтам абалды. Көрүп турат көзүңөр, Айтып жүрдүң өзүңөр, Көйрөнсүнүп Куткарбас, Көзгө илбейт деген сөзүңөр. Бүгүн барсак Куткарбас, Өкүмү өтөт ким кимге, Айтканды анык билгиле. Өзүнүн элин айарлап, Силерди салат темин таап, Барган менен Сейити, Боор оорутпай баш алат, Анда өлгүнчө мында өлсөк, Эр намысы жакщыраак. Куткарбаска баргынча, Кулжуңдашып Сейитке, Кол тартпай уруш кылалы, Кутулдуруп Сейиттен, Сулууну колго алалы. Сейит жалгыз, биз арбын, Байкагыла иш артын. Хан башы менен калдаңдап, Куткарбаска жалынсам, Мага болот чоң намыс, Суук селкин кеп уксаң, Силерге болот эрнамыс, Аа көрөкчө, баатырлар, Бир Сейиттен жалтанбай, Биз өлөлү карчашып. Бузбай сакта элиңди, Баспасын душман жериңди, Жан айабай урушкун, Уктуңарбы кебимди?! Баштаганда кеңешим, Тапан ханды байкашкан, Өңү турган жылмайып, Айаккы кебин айтканда, Ачууланды кумсарып. Үмүтүн үзүп көпчүлүк, Айласыз калды сумсайып. Күдүңдөшүп күбүрөп: — Ырас айтат Тапан хан, Бул айтканы акыл, — деп, Куткарбаска барганда, Бизди салат алдында, Тарткынчыктап өз элин, Алып калат аркага, Калат эле жаныбыз, Сейит менен жарашса, Бизге келди кез ажал, Сулуу кыз болуп каргаша. Жаман айтпай Тапан хан, Жакшы айтты кеңеш кеп, Барбай койчу кимиң бар, Үксүңдөсө баргын деп, Айтканын кылсак жакшыраак, Андан көрө макул деп. Бажырашып чуулдашып, Тапан хан ырас айтат, деп, Бабырашып дуулдашып, Мен барайын, сен тур, деп, Баатырлык жолун талашып, Чойунбашы колунда, Калканы бар жонунда, Мен жалгыз деп жүрүүчү, Тапан хандын тобунда, Өтө мыкты неме эле, Чойун баш менен сойулга. Дүрбөлөң деген эр эле: — Сейитини мен барып, Байлайым деп жүрөмбү, Айдап келем эми эле, Мени көрсө бүжүрөп, Өзү келет жөн эле! Деп дүрбөлөң бакырып, Кең майданды жаңдатып, Төөсүн минип тартайып, Дык тийбеген бетине, Сакалдарын бакчайтып, Чачы түшкөн белине, Шамал ыргап саксайтып, Күчөп жаман акырат, Кара жанды кашайтып: — Менин атым Дүрбөлөң, Сейит, кеттиң дүйнөдөн, Барып бер деп айта албай, Тапан хан менден сүрдөгөн. Мас экенсиң Сейити, Мени угуп билбеген! Деп күркүрөп күүлөнүп, Келгин суудай сүрдөнүп, Алдыңкы ээрди шалпыйып, Үстүңкү ээрди калбыйып, Баса минип төөсүнө, Бакадан бетер балчыйып, Бойу коодо неме экен, Жер мардектей марчыйып, Башы жалпак, бек кичик, Карасаң сонун жартийип, Сейитини бир чапты, Ажалы кыстап аптыгып. Кайрат кылды кара көк, Дүрбөлөңдүн чокморун, Чаптырбай кагып жиберип, Айбалта менен төбөгө, Салып өттү имерип, Бир чабуулдан чыгарбай, Акыретке жиберип. Найзасын күүлөп бир баатыр, Опсуз кыйын келатыр. Келгенине болобу, Кагып ийип найзасын, Төбөдөн ары бар койду, Бир чабуудан чыгарбай, Ат-маты менен торойду. Бирден беттеп келе албай, Беттери ултаң уйалбай, Жүз миң аскер, кырк балбан, Дүркүрөшүп ат койду. “Кырк балбан ондон бөлүнүп, Ортобузга алалы, Опсуз балбан неме экен, Ойрон кылып салалы”, Дешип кеңеш кеп салып, Ону жынжыр тор алып, Ону мылтык ок салып, Ону кылыч курч алып, Ону чокмор колго алып, Араңарды ачпа, — деп, Ажалдан коркуп качпа, деп, Аскердин барын бекемдеп, Ушул арга барында, Канткенде бизден Сейити, Кутулуп кандай кетер, деп, Кайкаган калың чер болуп Каптаган кыйын сел болуп, Уйулгуп шамал-жел болуп, Асман ачык, жер бүркөк, Күн көрүнбөй туманда, Анчалык заман канчалык, Манастын уулу буларга, Манастын өзү кудайга, Кара бойун безенип, Сыйынып өзү кудайга, Телкүрөңдү кындыйтып, Сырнайзаны шыңгыйтып, Жойкуманы байланып, Айбалтаны жанга алып, Арстандын уулу чунагың, Аламан келген аскерге, Аралап кирди ат салып. Жеткен жерде он балбан, Ар кимиси жетиден, Жетимиш тор салганы, Кыймылдарга чама жок, Колу-буту байланды, Көзүр төрө баатырдын, Көзү оттой жайнады. Мылтыгын октоп он балбан, Опурулуп барганы. Кылычтарын кезгерип, Ону жандап турганы, Арта салып ийинге, Чокморлорун күүлөшүп, Чаба турган кептенип, Чакчырылып он балбан. Чакчелекей – будуңчаң, Жүз миң аскер дүбүрөп, Келе бери, Сейити, Өлтүрөйүн өзүм, деп, Тапан хан барды бүркүрөп, Жайыла берди көп аскер, Эстери чыгып күркүлдөп, Ангыча жетти желмогуз, Ченем-ченсиз жасанып, Бойго жеткен кыз болуп, Порумданып сүлкүлдөп, Конушбайды мойнунан, Байлап алып жетелеп: — Сейити, колго түштүңбү? Уктабай түндө чыктыңбы, Орунсуз көрүп түшүңдү? Өз башыңа, Сейити, Көрсөтөйүн күчүңдү! Желмогуз деп кыз эмес, Конушбай айтты уктум деп, Жаркабакка айттырып, Абийиримди төктүңбү? Болбосом да желмогуз, Желмогуздай иш кылып, Сейити менен Конушбай, Шиш кебеп кылып бышырып, Кактайынбы экөөңдү? Бооруңду тытып чийки жеп, Өтүңдү ичип дары деп, Жүрөгүңдүн майын жеп, Суусунума каны деп, Саптуу айакка толтуруп, Каныңарды ичпесем, Суусунум эми канды деп! Уккандын баары сүйүнсүн, Кылганыңа бали деп. Күн батышка жиберем, Жети дөөнүн элине, Сейитинин эти деп. Кең Керкитке барбасам, Көкбука менен Жетилбай – Алардын ичин жарбасам, Жүрөгүн жулуп албасам! Хан Сулаймат, кара дөө, Калыбектин хан Калча, Сен өлтүргөн, сегиз хан - Баарынын өчүн албасам! Ошолордун баарысын, Баштап барып Таласка, Жалаңгыч Сарык атанган, Кененимди кармасам. Ата-бала – силерди, Маңдай-тескей тургузуп, Кылычтап башың албасам, Тирүү койсом силерди, Кылыма тийет каргашаң! Кыргыздын элин жыйнатам, Боз уланын тирүүлөй, Тигинен жерге көмдүрөм, Абышка менен кемпири, Ар кайсы жерге таштатам, Эркек бала, кыз бала, Шилисинен илдирем, Кыйындыгын билдирем. Бойо жеткен кызыңды, Бучкагынан үйлөтөм, Жатынын андай кургатып, Тукумуңду түгөтөм, Талкалатып күмбөзүн, Манастын атын өчүрөм, Таластын атын которуп, Башка бир атка көчүрөм. Кыргыз деп айткан кишини, Тирүүлөй тилин тарттырам, Ата-бала - силердин, Анан тузуң татытам! Желмогуз деп ат койдуң, Бери баскын, Конушбай, Тирүүлөй сени жеп жутам!- Деп күпүлдөп кыйкырып, Байлаган жиптен желмогуз, Бери тартат жылдырып, Кетенчиктеп Конушбай, Баспай турат тырмышып. Каарданып желмогуз, Конушбайды кармады, Опколжуп түшүп далыдан, Кененимдин Сейити, Кайра аттанды абыдан: — Жараткан аллам сенсиң, — деп, Жалбарган пендең менмин, — деп, А дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагы жардам бергин, — деп, Алманбет, Чубак – эгиз шер, Айтылуу Сыргак кеменгер – Азыздарым жардам бер. Олуйа Бакай атам кел, Шер Гүлүстөн абам кел, Каныкей, Чүрөк - энем кел, Кыйноодо калды Сейитиң, Кайыптар, мага жардам бер! Атын айтып чыккынча, Ачкан оозун жумгунча, Оңунан иши кеткени – Эркечтей сурду ойнотуп, Шер Гүлүстөн жеткени. Каарын көрүп Тапан хан, Кайрат качты канчыктан, Желмогуз канчык, Тапан хан, Жүз миң аскер, кырк балбан, Биринде акыл калбаган. Көркөм гүлүс баатырдын, Чолпондой көзү жайнаган, Өз элге чолпон көрүнсө, Жат элге жалын кайнаган. Жаалысын көрүп баатырдын, Биринде акыл калбаган. Тиктеп койуп Сейити, Өтө берди элеси, Тапан хан турду каңгырап, Баарысы турду жалдырап, Конушбайды жей албай, Жемек турсун эске албай, Жай алып мында туралбай, Жалтактаган щум канчык, Качмак болду жай албай. Эр гүлүс өтүп кеткенде, — Сыйкыры экен Сейиттин, Башын кесип алгын! – деп, Тапан хан буйрук бергенде, Жалтылдатып кылычын, Желдеттер жетип келгенде, Манас деп атын чакырды, Манастын атын укканда, Чачылды элдин акылы, Чирене түшүп туйлады, Быт-чыт болуп темир тор, Туруштук кыла албады, Жойкумасы колунда, Жойкуманы бир шилтеп, Онду салды жолуна, Козголунча шай келбей, Отузу өлдү ордунда. Конушбайды кел деди, — Алмамбеттин алма баш, Асынсаң алы келеби? Муну алгын сен, — деди. Алма баш турса колуңда, Куу канчык сага келеби. Тирүү олуйа шер гүлүс, Көрүнөө жардам бергени. Желмогуз менен Тапан хан, Куткарбас – үчөө биригип, Бизге алы келеби? Ашкере көрдүң, Конушбай, Азиздер жардам бергенди. Алмабаш колдо барында, Коркпой тургун сен, — деди. Алмабашты Конушбай, Асынып баса албады, Аркасында караса, Бар чынар бар жайылган, Күн жааганда миңден мал, Жаан көрбөй жан калган. Оргуштаган кара суу, Ыргыштап агат алдынан. Конушбайды эр Сейит, Алпарып койду түбүнө. — Алмабашты ал, — деди, Конушбай, мунда кал, — деди. Желмогуздан кооптонбой, Жата бергин жай, — деди. Жараткан акка сыйынып, Жайнап жаткан элдерди, Аралайын мен, — деди. Көтөргөн туусун булардын, Көмө чаап жыгамын, Куу чөлдү канга сугарып, Мен кумардан жыгамын, Конушбайга кош айтып. Телкүрөң башын оң тартып, Теминип тийди көкжалың, Сейити жүргөн жеринде, Күйгүзүп кызыл от-жалын. Калың жерин аралап, Жойкуманын мизинен, Кан куйулуп салалап, Качып жүрөт канчасы, Туш-тушунан талаалап. Бетиме чыксаң манмин, деп, Мен да сендей эрмин, деп, Тулгасын чөмөрүп, Эрегишип көгөрүп, Сырнайзаны мылгытып, Көгүчкөндөй ыргытып, Сайып өтөт көмөрүп, Беттешип бенде чыккан жок, Мелтиреп бирөө көгөрүп. Ошондой кезең убакта, Чойунбаш бар колунда, Калканы бар жонунда, Көпкөк темир беш кабат, Кийгени соот жонунда, Беттеп келген ким болсо, Жарык жайдан кетирип. Караңгы жакка баргын, — деп, Салгалы жүргөн жолуна, Мендей баатыр чыкпайт, деп, Санап жүргөн ойунда, Үч жыл болгон келгели, Жүрүүчү эле бир баатыр, Тапан хандан тобунда. Этектери далпылдап, Эки буту салпылдап, Күрөөсү көөп балкылдап, Мингени керк дулдуйуп, Өңүн бузуп буржуйуп, Тапан хандын алдына, Келип турду тултуйуп, Кылчыкпаган бетине, Алдыңкы ээгим мултуйум: — Ат көтөрбөй керкминдим, Эрдигимди сен билгин. Эмне кылып келдиң, деп, Жайымды сурап билбедиң, Хан болбой катып калгыр деп, Кадигинде жүргөмүн. Тарпыңды Сейит чыгарды, Майданга өзүм кирейин, Атаксыз киши мен эмес, Атымды айтып берейин. Эр Тотой деген атым бар, Эл ичимде даңкым бар, Мени сайып ким жыкса, Ошонун кулу болом деп, Айтып койгон антым бар. Айтсам ичте далай көп, Көөдөнүмдө дартым бар, Шек чыгарбай кишиге, Сакталып жүргөн айтылбай. Куткарбас менен энелеш, Жашым кичүү айбым бар, Улуумун деп хан болуп, Мага койду карабай, Салам айтсам урматтап, Аликке оозу жарабай. Көөнүм калып агадан, Келгемин сага туралбай, Үч жылдан бери сен койдуң, Бир ооз абал сурабай. Мен Сейитке барамын, Тил-тишим күбөө, Сөзүмө Сейитини аламын, Айланышып жүрөмбү, Көмөлөтө сайамын. Сейитини алган соң, Каныңды сенин жайамын, Тагыңды тартып аламын, Алтын такка мингенде, Бийлигим колго тийгенде, Куткарбаска барамын. Тууганмын деп санабайт, Тентип жүрсөм телпилдеп, Кел дегенге жарабайт, Эми Тотой айабайт, Кимиң кылсаң кежирлик, Куу найзам жүлүн аралайт! Жеңдирип койсом Сейитке, Айткан сөзүм бар үчүн, Жолдош болот өлгүнчө, Дем алдырып Сейитти, Жекеге чыгам көбүнчө, Буйурган ишин бүтүрөм, Сейитимдин көөнүнчө! Күркүрөп Тотой турганда, Жеңдирсем жолдош болом, деп, Тотойду кудай урганда, Элебеген Тапан хан, Эки жагын каранып, Көз чаптырса майданга, Сейити жүргөн жеринде, Арыкта суудай кан агып, Караанын көрүп капкайдан, Жүрөгү чыгып калтаарып, Башка чаап жаткандай, Кирпигин ирмеп жалтанып, Арызын айтат Тотойго, Тапан хан эми тамтайып: — Келгеним үч жыл болду деп, Айтып өттүң сен, Тотой, Алыңды анык билбеген, Мен куруйун хан болбой, Алтын акса жез эмес, Анчалык ишке таарынып, Кетүүчү киши сен эмес, Сени мындан кетирсем, Мен Тапан хан киши эмес, Жай айтышсак угат го, Куткарбас агаң ит эмес. Сейитке жолдош болом деп, Бул айтканың жакшы эмес. Көмөлөнсөң жыгылып, Тиги турган Сейити, Тирүү койор киши эмес. Ар канча айтсаң ак сөзүң, Ишенбейт, сенден күмөндөйт. Алың келсе Сейитти, Аңтара сайып келгиниң, Кегимди алып бергиниң, Айткан кебиң бордон ак, Таарынчыңды мен билдим. Жалгыз жүрүп көп элди, Жабырга салып кейитти. Өзүң мыкты болгон соң, Байлап келгин Сейитти. Сейитти байлап келе алсаң, Тактасына Манастын, Таласка барып мингиң, Ак калпак кыргыз алашты, Алтымыш уруу көп элди, Өз эркиңче билгиниң, Убадам сага, эр Тотой, Кыргыздын бердим бийлигим, Куткарбас агам барында, Ким чыгат сенин алдыңа. Кол куушуруп канчасы, Кызмат кылат алдыңда. Капкайда буруп санааңды, Түпсүз ишке чарпылба. Куткарбас аман барында, Тапан хан агаң жаныңда, Сейитини көрдүңбү, Селдей канды агызып, Зообун болуп жүргөнүн, Көпчүлүктүн жанына. Тапан хандан кеп угуп, Сейитини алдыма, Байлап келгин, — деп угуп, Сеники Талас болсун, — деп, Убадалуу сөз угуп, Тотойдун минген керки бар. Чабына батпай суурулуп, Сейитиге жөнөдү, Аркасына бурулуп. Тотойдун жадап каарынан, Бетинен чыккан заарынан, Күндүн бети бузулуп, Топто жүргүн Сейитке, Кирип келди бой уруп, Аскерди кет, деп акырып, Ажалың жетти, Сейитим, Кел бери, деп чакырып, Ирмебей кирпик чакыйып, Аңтарылып көздөрү, Агы чыгып акыйып, Булгап алып найзасын, Сейитини качырып. Көптө жүргөн кан кечип, Бура тартып кайран шер, Караанын көрдү Тотойдун, Баатырлыгы башкача, Балбандыгы башкача, Баатырлыгы бир канча, Сейити баалап караса, Теңдешер эми келди, деп, Баатырлыгын белгилеп, Телкүрөң менен каргытып, Аркадан чаңын баргытып, Күүлөп алып найзаны, Жалтылдатып жаркытап, Жандырмакка аскерин, Аңгычакты Тапан хан, Барабанын чаңыртып, Кулак-мээни тундуруп, Кернейлерин улутуп, Ойунда турат Тапан хан: “Тотой жеңет эми, — деп, Сейитини курутуп. Байлап келет алдыма, Куу бөрүдөй улутуп.” Тотой менен Сейити Маңдайлашты тушма-туш, Аты-жөнүн сурабай, Адыраңдап чоң Тотой, Ачуусуна чыдабай, Чокморун күүлөп имерди, Оро-пара Сейитти, Чокуга тартып жиберди. Чаптырбастан Сейити, Машы чыккан күрөңдүн, Ооздугун имерди, Туурасына булт берип, Ыргып чыга бергени. Тотойун чапкан чокмору, Кара жерге тийгени, Тийген жерге киргени. Жерге кирген чокморун, Деги Тотой тилбеди, Чокморун жерден алгынча, Ылачындай айланып, Эрен Сейит тийгени. Сейитинин найзасы, Соорусуна Тотойдун, Карыш сере киргени, Ошончо кирген найзаны, Көзүнө Тотой илбеди. Жерден алган чокморун, Күүлөп жана имерди, Сейитиге жиберди, Каадасынча кара көк, Кар жиликтин булчуңга, Найзаны муштап имерди, Карыга найза тийгенин, Кайран Тотой билди эми. Бала баатыр беренден, Бадырек кайдан ийменди. Бардык күчүн арнады, Эр Сейити төрөнү, Жакасынан алганы. Жалтанып Сейит калабы, Кулак менен мойнунан, Бурдай мыктап кармады. Жакалашып чойушуп, Ат үстүндө сүзүшүп, Койгулашып баш менен, Мурундан каны чыркырап, Төгүлдү жерге шыркырап. Тамандашып тебишип, Эрегишип мекийип, Оңдонуп минип ээрине, Ого бетер бекинип, Белкурга колун салышып, Бекемдеп кармап алышып, Кандырга салып жарышып, Үзөнгүлөр кагышып, Эңиш тартып сайылтып, Ат куйругун жайылтып, Жүрбөй калды ат, керки, Өздөрүн кара тер басып. Күндү түнгө айлантып, Ажырашпай жармашып, Бирине-бири заарданып, Жыландан бетер арбашып. Этектен түрө алышы, Үзөнгү боого салышып, Ажырата тарталбай, Ат, керк турат майышып, Багалчек жерге алынып, Керилип саны алардын, Кетенчиктеп тайышып. Баспай ат, керк калганда, Найзаны жерге сайышып, Аларды байлап мамыдай, Мүрү менен тирешип, Кйон колтук алышып, Чыбыктай бели кайышып, Оң-тескери жулкушуп, Дөңгөчтөн бетер булкушуп, Булкуп-жулкуп ыргытып, Айагы менен тик түшүп, Дегдеңдетип сүрүшүп, Алдын карай тартышып, Каарданып кармашып, Калтырбай күчүн арнашып, Көтөрүп жерден аларда, Жерден алса көтөрүп, Чалкасынан саларда, Салмактарын салышып, Буттарын мыктап басканда, Тизеден жерге батканда, Буттарын кайра тартканда, Казан каптай кара жер, Каңтарылып жатканда, Чымдуу жерлер чытырап, Чылпылдап суулар акканда, Башы чыккан нечен таш, Аңтарылып торойуп, Кээ бир жерден таштардын, Башы чыкты кодойуп. Шорлуу жерден тоорактын, Көтөгү чыкты соройуп. Кээ бир түздөр ой болду, Кээ бир ойлор дөң болду, Жердин бети жыртылды, Чыккан чөптөр кырчылды, Көрүнөөгө чыгарды, Кум баскан канча корумду, Тотой айтат бир кезде: — Койо бер, Сейит, белимди, Бейлеп уккун кебимди, Бир чабуудан чыгарбай, Жедим дегем мен сени. Канча күн атчан алыштык, Канча күрөш чалыштык. Жарактан айла табалбай, Күрөштө жыгып алалбай, Кыйналып кеттик жан калбай, Чийин чийин белгилеп, Жип тартышсак ал кандай? Андан амал кеткенде, Койон тепмей салалы, Биринен амал болбосо, Биринен жеңип алалы. Сумбат алыш, күч сынаш, Муну да кылып багалы. Болду, Тотой, болду деп, Баарын кабыл алганы, Айласы кеткен Тотойдун, Кылып жаткан амалы, Ар канча амал иштетип, Сейиттен амал калабы. Чийин чийин жер ченеп, Жип тартышып көрүштү, Жип намыска келгенде, Ойлобойт эрлер өлүштү, Койон тепмей салышты, Айла кетип калбаса, Ким берет колдон намысты. Өзү тапкан Тотойдун, Курусун койон тепмейи, Кабылан Сейит тепкенде, Аңтарылып кеткени. Аңтарылып баратып, Бүктөлүп бели карс деди, Боконосу борт деди, Богу көттөн шорт деди, Ооз омуртка кырс деди, Дем тарта албай шылк деди. Муну мундай таштайлы, Желмогуздун жана да, Тынч жаткан шор элдерин, Бөлүнткөндөн баштайлы.