← Сейит 6/6

— Сыйкыры экен Сейиттин, Башын кесип алгын! – деп, Тапан хан буйрук бергенде, Жалтылдатып кылычын, Желдеттер жетип келгенде, Манас деп атын чакырды, Манастын атын укканда, Чачылды элдин акылы, Чирене түшүп туйлады, Быт-чыт болуп темир тор, Туруштук кыла албады, Жойкумасы колунда, Жойкуманы бир шилтеп, Онду салды жолуна, Козголунча шай келбей, Отузу өлдү ордунда. Конушбайды кел деди, — Алмамбеттин алма баш, Асынсаң алы келеби? Муну алгын сен, — деди. Алма баш турса колуңда, Куу канчык сага келеби. Тирүү олуйа шер гүлүс, Көрүнөө жардам бергени. Желмогуз менен Тапан хан, Куткарбас – үчөө биригип, Бизге алы келеби? Ашкере көрдүң, Конушбай, Азиздер жардам бергенди. Алмабаш колдо барында, Коркпой тургун сен, — деди. Алмабашты Конушбай, Асынып баса албады, Аркасында караса, Бар чынар бар жайылган, Күн жааганда миңден мал, Жаан көрбөй жан калган. Оргуштаган кара суу, Ыргыштап агат алдынан. Конушбайды эр Сейит, Алпарып койду түбүнө. — Алмабашты ал, — деди, Конушбай, мунда кал, — деди. Желмогуздан кооптонбой, Жата бергин жай, — деди. Жараткан акка сыйынып, Жайнап жаткан элдерди, Аралайын мен, — деди. Көтөргөн туусун булардын, Көмө чаап жыгамын, Куу чөлдү канга сугарып, Мен кумардан жыгамын, Конушбайга кош айтып. Телкүрөң башын оң тартып, Теминип тийди көкжалың, Сейити жүргөн жеринде, Күйгүзүп кызыл от-жалын. Калың жерин аралап, Жойкуманын мизинен, Кан куйулуп салалап, Качып жүрөт канчасы, Туш-тушунан талаалап. Бетиме чыксаң манмин, деп, Мен да сендей эрмин, деп, Тулгасын чөмөрүп, Эрегишип көгөрүп, Сырнайзаны мылгытып, Көгүчкөндөй ыргытып, Сайып өтөт көмөрүп, Беттешип бенде чыккан жок, Мелтиреп бирөө көгөрүп. Ошондой кезең убакта, Чойунбаш бар колунда, Калканы бар жонунда, Көпкөк темир беш кабат, Кийгени соот жонунда, Беттеп келген ким болсо, Жарык жайдан кетирип. Караңгы жакка баргын, — деп, Салгалы жүргөн жолуна, Мендей баатыр чыкпайт, деп, Санап жүргөн ойунда, Үч жыл болгон келгели, Жүрүүчү эле бир баатыр, Тапан хандан тобунда. Этектери далпылдап, Эки буту салпылдап, Күрөөсү көөп балкылдап, Мингени керк дулдуйуп, Өңүн бузуп буржуйуп, Тапан хандын алдына, Келип турду тултуйуп, Кылчыкпаган бетине, Алдыңкы ээгим мултуйум: — Ат көтөрбөй керкминдим, Эрдигимди сен билгин. Эмне кылып келдиң, деп, Жайымды сурап билбедиң, Хан болбой катып калгыр деп, Кадигинде жүргөмүн. Тарпыңды Сейит чыгарды, Майданга өзүм кирейин, Атаксыз киши мен эмес, Атымды айтып берейин. Эр Тотой деген атым бар, Эл ичимде даңкым бар, Мени сайып ким жыкса, Ошонун кулу болом деп, Айтып койгон антым бар. Айтсам ичте далай көп, Көөдөнүмдө дартым бар, Шек чыгарбай кишиге, Сакталып жүргөн айтылбай. Куткарбас менен энелеш, Жашым кичүү айбым бар, Улуумун деп хан болуп, Мага койду карабай, Салам айтсам урматтап, Аликке оозу жарабай. Көөнүм калып агадан, Келгемин сага туралбай, Үч жылдан бери сен койдуң, Бир ооз абал сурабай. Мен Сейитке барамын, Тил-тишим күбөө, Сөзүмө Сейитини аламын, Айланышып жүрөмбү, Көмөлөтө сайамын. Сейитини алган соң, Каныңды сенин жайамын, Тагыңды тартып аламын, Алтын такка мингенде, Бийлигим колго тийгенде, Куткарбаска барамын. Тууганмын деп санабайт, Тентип жүрсөм телпилдеп, Кел дегенге жарабайт, Эми Тотой айабайт, Кимиң кылсаң кежирлик, Куу найзам жүлүн аралайт! Жеңдирип койсом Сейитке, Айткан сөзүм бар үчүн, Жолдош болот өлгүнчө, Дем алдырып Сейитти, Жекеге чыгам көбүнчө, Буйурган ишин бүтүрөм, Сейитимдин көөнүнчө! Күркүрөп Тотой турганда, Жеңдирсем жолдош болом, деп, Тотойду кудай урганда, Элебеген Тапан хан, Эки жагын каранып, Көз чаптырса майданга, Сейити жүргөн жеринде, Арыкта суудай кан агып, Караанын көрүп капкайдан, Жүрөгү чыгып калтаарып, Башка чаап жаткандай, Кирпигин ирмеп жалтанып, Арызын айтат Тотойго, Тапан хан эми тамтайып: — Келгеним үч жыл болду деп, Айтып өттүң сен, Тотой, Алыңды анык билбеген, Мен куруйун хан болбой, Алтын акса жез эмес, Анчалык ишке таарынып, Кетүүчү киши сен эмес, Сени мындан кетирсем, Мен Тапан хан киши эмес, Жай айтышсак угат го, Куткарбас агаң ит эмес. Сейитке жолдош болом деп, Бул айтканың жакшы эмес. Көмөлөнсөң жыгылып, Тиги турган Сейити, Тирүү койор киши эмес. Ар канча айтсаң ак сөзүң, Ишенбейт, сенден күмөндөйт. Алың келсе Сейитти, Аңтара сайып келгиниң, Кегимди алып бергиниң, Айткан кебиң бордон ак, Таарынчыңды мен билдим. Жалгыз жүрүп көп элди, Жабырга салып кейитти. Өзүң мыкты болгон соң, Байлап келгин Сейитти. Сейитти байлап келе алсаң, Тактасына Манастын, Таласка барып мингиң, Ак калпак кыргыз алашты, Алтымыш уруу көп элди, Өз эркиңче билгиниң, Убадам сага, эр Тотой, Кыргыздын бердим бийлигим, Куткарбас агам барында, Ким чыгат сенин алдыңа. Кол куушуруп канчасы, Кызмат кылат алдыңда. Капкайда буруп санааңды, Түпсүз ишке чарпылба. Куткарбас аман барында, Тапан хан агаң жаныңда, Сейитини көрдүңбү, Селдей канды агызып, Зообун болуп жүргөнүн, Көпчүлүктүн жанына. Тапан хандан кеп угуп, Сейитини алдыма, Байлап келгин, — деп угуп, Сеники Талас болсун, — деп, Убадалуу сөз угуп, Тотойдун минген керки бар. Чабына батпай суурулуп, Сейитиге жөнөдү, Аркасына бурулуп. Тотойдун жадап каарынан, Бетинен чыккан заарынан, Күндүн бети бузулуп, Топто жүргүн Сейитке, Кирип келди бой уруп, Аскерди кет, деп акырып, Ажалың жетти, Сейитим, Кел бери, деп чакырып, Ирмебей кирпик чакыйып, Аңтарылып көздөрү, Агы чыгып акыйып, Булгап алып найзасын, Сейитини качырып. Көптө жүргөн кан кечип, Бура тартып кайран шер, Караанын көрдү Тотойдун, Баатырлыгы башкача, Балбандыгы башкача, Баатырлыгы бир канча, Сейити баалап караса, Теңдешер эми келди, деп, Баатырлыгын белгилеп, Телкүрөң менен каргытып, Аркадан чаңын баргытып, Күүлөп алып найзаны, Жалтылдатып жаркытап, Жандырмакка аскерин, Аңгычакты Тапан хан, Барабанын чаңыртып, Кулак-мээни тундуруп, Кернейлерин улутуп, Ойунда турат Тапан хан: “Тотой жеңет эми, — деп, Сейитини курутуп. Байлап келет алдыма, Куу бөрүдөй улутуп.” Тотой менен Сейити Маңдайлашты тушма-туш, Аты-жөнүн сурабай, Адыраңдап чоң Тотой, Ачуусуна чыдабай, Чокморун күүлөп имерди, Оро-пара Сейитти, Чокуга тартып жиберди. Чаптырбастан Сейити, Машы чыккан күрөңдүн, Ооздугун имерди, Туурасына булт берип, Ыргып чыга бергени. Тотойун чапкан чокмору, Кара жерге тийгени, Тийген жерге киргени. Жерге кирген чокморун, Деги Тотой тилбеди, Чокморун жерден алгынча, Ылачындай айланып, Эрен Сейит тийгени. Сейитинин найзасы, Соорусуна Тотойдун, Карыш сере киргени, Ошончо кирген найзаны, Көзүнө Тотой илбеди. Жерден алган чокморун, Күүлөп жана имерди, Сейитиге жиберди, Каадасынча кара көк, Кар жиликтин булчуңга, Найзаны муштап имерди, Карыга найза тийгенин, Кайран Тотой билди эми. Бала баатыр беренден, Бадырек кайдан ийменди. Бардык күчүн арнады, Эр Сейити төрөнү, Жакасынан алганы. Жалтанып Сейит калабы, Кулак менен мойнунан, Бурдай мыктап кармады. Жакалашып чойушуп, Ат үстүндө сүзүшүп, Койгулашып баш менен, Мурундан каны чыркырап, Төгүлдү жерге шыркырап. Тамандашып тебишип, Эрегишип мекийип, Оңдонуп минип ээрине, Ого бетер бекинип, Белкурга колун салышып, Бекемдеп кармап алышып, Кандырга салып жарышып, Үзөнгүлөр кагышып, Эңиш тартып сайылтып, Ат куйругун жайылтып, Жүрбөй калды ат, керки, Өздөрүн кара тер басып. Күндү түнгө айлантып, Ажырашпай жармашып, Бирине-бири заарданып, Жыландан бетер арбашып. Этектен түрө алышы, Үзөнгү боого салышып, Ажырата тарталбай, Ат, керк турат майышып, Багалчек жерге алынып, Керилип саны алардын, Кетенчиктеп тайышып. Баспай ат, керк калганда, Найзаны жерге сайышып, Аларды байлап мамыдай, Мүрү менен тирешип, Кйон колтук алышып, Чыбыктай бели кайышып, Оң-тескери жулкушуп, Дөңгөчтөн бетер булкушуп, Булкуп-жулкуп ыргытып, Айагы менен тик түшүп, Дегдеңдетип сүрүшүп, Алдын карай тартышып, Каарданып кармашып, Калтырбай күчүн арнашып, Көтөрүп жерден аларда, Жерден алса көтөрүп, Чалкасынан саларда, Салмактарын салышып, Буттарын мыктап басканда, Тизеден жерге батканда, Буттарын кайра тартканда, Казан каптай кара жер, Каңтарылып жатканда, Чымдуу жерлер чытырап, Чылпылдап суулар акканда, Башы чыккан нечен таш, Аңтарылып торойуп, Кээ бир жерден таштардын, Башы чыкты кодойуп. Шорлуу жерден тоорактын, Көтөгү чыкты соройуп. Кээ бир түздөр ой болду, Кээ бир ойлор дөң болду, Жердин бети жыртылды, Чыккан чөптөр кырчылды, Көрүнөөгө чыгарды, Кум баскан канча корумду, Тотой айтат бир кезде: — Койо бер, Сейит, белимди, Бейлеп уккун кебимди, Бир чабуудан чыгарбай, Жедим дегем мен сени. Канча күн атчан алыштык, Канча күрөш чалыштык. Жарактан айла табалбай, Күрөштө жыгып алалбай, Кыйналып кеттик жан калбай, Чийин чийин белгилеп, Жип тартышсак ал кандай? Андан амал кеткенде, Койон тепмей салалы, Биринен амал болбосо, Биринен жеңип алалы. Сумбат алыш, күч сынаш, Муну да кылып багалы. Болду, Тотой, болду деп, Баарын кабыл алганы, Айласы кеткен Тотойдун, Кылып жаткан амалы, Ар канча амал иштетип, Сейиттен амал калабы. Чийин чийин жер ченеп, Жип тартышып көрүштү, Жип намыска келгенде, Ойлобойт эрлер өлүштү, Койон тепмей салышты, Айла кетип калбаса, Ким берет колдон намысты. Өзү тапкан Тотойдун, Курусун койон тепмейи, Кабылан Сейит тепкенде, Аңтарылып кеткени. Аңтарылып баратып, Бүктөлүп бели карс деди, Боконосу борт деди, Богу көттөн шорт деди, Ооз омуртка кырс деди, Дем тарта албай шылк деди. Муну мундай таштайлы, Желмогуздун жана да, Тынч жаткан шор элдерин, Бөлүнткөндөн баштайлы.