← Сейит 4/4

Каны турду куйулуп, Башым кайып, бут тайып, Бу жерге келдим куйулуп. Атың Сейит болгондо, Кененим шердин уулусуң, Ак калпак кыргыз туурусуң, Атагы алаш элинин, Арка тирек муунусуң, Атыңды угуп, Сейитим, Жазылды эми курушум. Желмогузду кубалап, Мында келип турупсуң, Тиши барат шакылдап, Тилин салып бакылдап, Желмогуз ошол турбайбы, Аңкоолугум курусун! Аз аралап, көп барбай, Тапан хандын элине, Аралышып кете албай, Жекелеп жүрөм эмгече. Итичпестин көлү деп, Көлүн көрдүм бул жерде: Итжүрбөстөн чөлү деп, Чөлдү көрдүм бул жерде: Тапан хандын алдында, Теректей бойу сүлкүлдөп, Арышын кере басканда, Жер силкинип дүңкүлдөп, Эрди көрдүм бул элде: Токойго киши киргизбей, Кара кулак кабышкан, Шерди көрдүм бул жерде, Куйруктары чолтойгон, Жондору дүмдүк томпойгон, Пилди көрдүм бул жерде. Акырын басып суналган, Куйругу жерде чубарган, Жолборс, илбирс, сүлөөсүн, Бөрүнү көрдүм бул жерде. Тымсак менен таш бака, Аралап өткүс чөлүңдө, Узуну келет жүз кулач, Сары чаар жылан көлүндө, Бугу менен маралы, Көлөкөлөп жатышат, Карагай, кайың түбүндө, Аркар-кулжа аралаш, Эчки,теке,боз кийик, Жайнап жатат төрүндө. Айуусу муздун жээгинде, Балтырканды кемирип, Чээнге кирчүү жеринде, Топосун чапчып жеп жатат, Суур койбой ийинге. Улуп кулак тундуруп, Уктатпайт бөрү түнүндө, Катынча күлүп каңшылап, Чөөлөрү чуркайт күүгүмдө, Элебесе жеп кетет, Көз байланган бүрүлдө. Адам атын билбеген, Айбандын баары бул жерде, Көрөр көзгө түрү суук, Адамдын баары бул элде. Карым казык болгунча, Канчыкты кармап сойгунча, Башым токмок болгунча, Басташкандын баарынын, Башын жутуп болгунча, Атыңды багып аркаңан, Ээрчип бирге жүрөйүн, Ажал жетип күн бүтсө, Жаныңда, баатыр, өлөйүн, Атамдын кеги колума, Тийгенин көзүм көрөйүн. Баарын айтып бабырап, Конушбай байкуш жалынды, Бактылуу бала баатырга, Талаадан чоро табылды. Жүрү, эмесе жүрү, деп, Баатыр бала бастырды. Желмогуз менен Тапан хан, Жетип Сейит келет, деп, Мында турсак өлөбүз, Элге жетиш керек, деп, Чуркап барат желмогуз, Суйкайган сулуу кыз болуп. Желке чачы сепеңдеп, Жетер-жетпес артынан, Тапан хан барат тепеңдеп, Аркасынан Сейити, Кетип барат кекээрлеп. Эки түнү, үч күндө, Тапан хан жетти элине, Элүү балбан жыйылып, Көрүштү келип бегине, Найза тийген кулкулдап, Ириң аккан чулкулдап, Көздөрү түштү бегине, Ээ боло албай чуркурап, Айта турган кебине: — Белиңизде жараңыз, Кайдан таап алгансыз? Жалгыз неге баскансыз, Жолдош албай балбансыз? Аз эмес дүйнө - мал-пулуң, Адам атын билгисиз, Дүрүйө, буулум, дуудунуң, Алтын менен жык болгон, Асыл кайыш куржунуң. Адырга батпай төр-төрдө, Ар жерде жатат чарбайың, Эчтемеңиз кем эмес, Алдыңда минген бар тагың. Элүү балбан биз турсак, Кыргоол, чилден олжо деп, Бирди булар алат деп, Куш жайылып келем деп, Жалгыз кетип калганың, Кандай болду бул жара, Толук бизге айт, ханым. Жаныңдакы сулууну, Кайдан таап алгансың? Кантип болдуң жарадар, Кайратың ашкан балбансың. Найза тийген жараны, Жанында кыздын абалын. Баарын булар сурады. Жигиттери ал сурап, Жооп берип аларга, Тапан хан айтты кобурап: — Кылып көнгөн адатым, Жалгыз барып куш салып, Кайберен алчуу санатым. Куш жайылып баратсам, Учурап кыздын калганы, Каңгыраптыр түн катып, Айнектей жүзүн чаң басып, Көргөн жерде бул байкуш, Мага турду арз айтып: “Жетисуудан келдим, — дейт, Жедигер деген элмин, — дейт, Жедигердин элине, Жетисуунун жерине, Манастан калган тукуму. Сейити деген келди, — дейт. Ал Сейити кан ичме, Боору оорубайт кишиге, Эл-жерине ээ кылбай, Чок салды, дейт, - ичиме. Мен өнөрлүү кыз элем, Көп кишиден бөлөкчө. Сокуну минип ат кылдым, Сок белекти камчы алдым, Үзөнгү болду туткучум, Найза болду куургучум, Кылыч болду ирегим, Калкан болду супурам, Жаргылчагым – чарайна, Желпүүрүн табак – туулга, Андан башка нечен түр, Өнөрүм бар бир канча, Айанбадым Сейиттен, Салгылаштым мен канча. Өнөрүмдүн барысын, Өзү Сейит жоготту, Кайратымды качырып, Болот тишин мокотту, Теңдигимди кетирип, Деги мени колотту. Өз жеримде жүргөндө, Эркимче ойноп-күлгөндө, Атагыңды уктум, — дейт, Сейитиден качканды, Тапан хан издеп чыктым” дейт. Боз бөктөрдө жолукту, Көзүнүн жашын көл кылып, Дартын айтып соолукту, Угуп пейлим бузулду, Мындай кара зордукту. Күтүп турдум келсин деп, Көрсөтөйүн өзүмдү, Кайратымды билсин деп, Айбатыман айбыкса, Өз жолуна кирсин деп. Аңгычакты Сейити, Кирип келди күдүңдөп, Көрүнүшү бир башка, Темирчидей күжүлдөп, Тойго келген немедей, Бүркөбөй кабак күлүңдөп. Анын дайынын сурадым, Аңгеме дүкөн курадым, Көбүнчөсү Сейиттин, Жүрөгүн байкап сынадым. Маа жолу Сейити, Коргошун жүрөк, жел билек, Адамдар коркор эр эмес, Жалгыз кара бир башын, Сан кишиге теңебес, Зоңконун зоосу сыйактуу, Өзүн ойлойт кебелбес, Төрт атасын төп айтты, Манастын атын көп айтты, Сейити атым деп айтты, Канчыкты кармап алам, деп, Көрсөтүп кызды мага айтты, “Тийишпесе тийбеймин, Тийишип калса тыңдуусуп, Ким экенин билбеймин” Үкүс кебин жана айтты, Анын айткан кептери, Кара жанды кашайтты. Кызды кармап кетем, деп, Үкүдөй көзүн кызартты, Мына шунтип Сейити, Азды көпкө айлантты. Атым Тапан хан турсам, Кайратым бойдо бар турсам, Элүү балбан сен турсаң, Сексен миң аскер-кыл турса, Арка тилек болуучу, Куткарбастан зор турса, Шоркөлдүн суусу урбайбы, Тапан хан андан тартынса! Кайраттанып кагыштым, Качырып найза салыштым, Колтугумду чойуштум, Чокморлошуп койуштум, Кабагымды бүркөштүм, Каар чачып тиркештим, Кылычты кындай сууруштум, Кыйын жаман уруштум, Каар көрсөттүм Сейитке, Кара ташты талкалап, Качкандыр деп кайраты, Карап көрдүм мен байкап. Кайра качар эр эмес, Көрбөгөнбүз көп уктук, Түп атасы Манасты, Турушу андан кем эмес, Көп экен деп калтаарбас, Жалгыз кара бир башы, Сан кишиден жалтанбас, Кылычымды кол менен, Карыга кагып ыргытты, Кайра тарта берерде, Майсооруга мылгытты. Мына бу турган сулуу кыз, Көп өнөрү бар экен, Кайдан тапты билбеймин, Мен жекеге чыкканда, Миң кишини тургузду. Сооруга найза тийгенде, Сөөгүмөчө киргенде, Ортобузга тоо бүттү, Жандырып найза сайдырбай, Сейиттин күнүн түгөттү, Жетелеп мени алпарып, Калың черге түнөттү. Жарама дары жабылды, Ууга малган найзадан, Алып келди жанымды, Кыздан айар жерим жок, Бүткүл дүйнө барымды, Элүү балбан, эл-журтум, Эсен көрдүм барыңды, Азыр болуп коргоп ал, Сейитиден жаныңды. Элебей турсаң эндекей, Түгөткүдөй баарыңды, Түптүз кылып шаарыңды, Жете келет Сейити, Кайкатып сапка тизгиле, Аскер менен эриңди, Тура берип таңыркап, Сындырып алба белиңди, Чалдырабай орунда, Тапан хан айткан кебимди. Буйрук берди бетине, Эл башкарган эрине, Баары көндү тургандар, Тапан хандын кебине. Коңгуроосу кагылды, Шоркөлдө жаткан тынч элге, Качып келип желмогуз, Бекер калба табылды. Муну мындай таштайлы, Тотой баштап топ дөөнүн, Өлгөнүнөн баштайлы.