— Калгандар сенде айып жок, Ханыңа келдиң мааналап, Кан кечтиң далай аралап, Караан кылаар кишиң жок, Калдыңар мында талаалап. Камап турсам бул чөлдө, Сенде ичер азык жок. Кара аскер жакшы угуп ал, Сейиттен сага кастык жок. Бас десе ханың баскансың, Баш буралбай ханыңдан, Өкүм менен келгенсиң. Булбулдай сайрап таңшыган, Балаң бардыр бириңдин, Эки көзүн шишитип, Эртеден кечке ыйлаган, Энең бардыр бириңдин. Атышкан жоодон саламат, Аман келер бекен деп, Алыскы жолду тиктеген, Атаң бардыр бириңдин, Тырмагы тийип этине, Жара салып бетине, Калдайтып кара чүмкөнүп, Алда кандай болом деп, Зар какшаган күнүгө, Катының бардыр бириңдин. Аркамда жөлөк иним деп, Аны кайдан табам деп, Агаң бардыр бириңдин. Атам өлсө агам деп, Болот элем анан деп, Ата ордуна карманчу, Аганы кайдан табам деп, Иниң бардыр бириңдин. Капыр ай, кандай заман деп, Карчалышкан бул заман, Кыйын болду жаман деп, Калганга айтып нуска кеп, Карың бардыр бириңдин. Кайындашып ала элек, Жарың бардыр бириңдин. Сүйлөгөн сөзү бал татыйт, Сүйгөнүң бардыр бириңдин. Күнү-түнү эстеген, Түн түшүңдөн кетпеген. Күйгөнүң бардыр бириңдин. Эртеден кечке сени деп Ээсин таппай эндиреп, Эжең бардыр бириңдин. Ичер чайын камдаган, Эне ордуна кармаган, Жеңең бардыр бириңдин. Ырыс качса тууш койбой, Тетигиң бардыр бириңдин. Шамал болсо жер чаңдап, Эл багарга асырап, Жетигиң бардыр бириңдин, Кетилген бүтпөй ордуна, Кемтигиң бардыр бириңдин? Кан жуткан ичтен кайгырып, Жетимиң бардыр бириңдин, Калгандыр ыйлап кан какшап, Карындашың бардыр бириңдин. Туптуура тили сүйлөбөс, Дудугуң бардыр бириңдин. Бура тартса мулт этип, Мулугуң бардыр бириңдин. Эңишке келсе баса албас, Өйдөгө келсе чыга албас, Төкөрүң бардыр бириңдин, Жыл бойу жаткан баса албас, Майыбың бардыр бириңдин. Жаңыдан алып той кылып, Кызыгына кана элек, Зайыбың бардыр бириңдин. Керсары тартып саргарган, Кеселиң бардыр бириңдин. Кеңири дүйнө, көп малдуу, Эсириң бардыр бириңдин, Сүт менен бойу жуунган, Кесириң бардыр бириңдин. Күнүмдүк оокат кечирген, Кедейиң бардыр бириңдин. Жерге болор өзүңө, Жээниң бардыр бириңдин. Оң айтканды сол алган, Кежириң бардыр бириңдин, Бирине тартса бирге жок, Кем-керчиң бардыр бириңдин. Маана болчу өзүңө, Тайанарга тирегиң, Тайакең бардыр бириңдин. Кеткен эл келер бекен деп, Келиниң бардыр бириңдин. Төөчө басып коркоңдоп, Ой-дөңдү билбей олоңдоп, Сокуруң бардыр бириңдин. Буурчак баскан кырмандай, Чокуруң бардыр бириңдин. Тиктесе көзү шам жайнап, Сүйлөсө тили так сайрап, Бучугуң бардыр бириңдин. Өлбөй оокат кылуучу, Өнөрлүүң бардыр бириңдин, Айткан кеби эм болгон, Хан Калча менен тең болгон, Кадырлууң бардыр элиңде, Миң кишиге баш болгон, Бириң калбай келгиле. Элди бийлеп башкарган, Мансабы бар бир киши, Келбей мында калбаңар, Жыйылып булар келгенде, Сейитинин өкүмү: — Алдыңдагы аскерге, Мурункудай ээ болгун. Ат арыктап бөлүнүп, Ач калган адам болбосун. Азабы артык шум чөлдөн, Абалкыдай өткөргүн, Бекер кумга жоготпо, Сууң менен наныңды, Жетер жерге болжогун. Ат тонуңду олжо деп, Тартып алсам бул жерде, Ал дүйнөң мага не болсун. Балакет баскан бул чөлдө, Өлөрсүң баарың кырылып. Каныңды жүктөп нетейин, Жалгыз өзүм бир башка. Амал айла акыл тап, Аскерди аман коргогун, Уруксат кылдым силерге, Токтобой кумдан жоголгун! Калды Сейит мында деп, Калгандын көөнүн оорутсаң, Кайда болсоң издеп таап, Өлтүрөмүн өзүңдү, Ойомун эки көзүңдү, Калбай эми кеткин! — деп. Таратты элди ошол чак Күн батыштын элдери, Каадасынча өзүнүн, Ысык кумга дүм жатып, Колун сыйпап бет сылап, Бата берди чуркурап. Ат, тону менен байкуштар, Элине аман жанышты. Адалдыгын Сейиттин, Күн батыш эли билишти. Ар качандан бир качан, Арстандын тукуму, Абалы келген жерине, Аркасын элге тийгизчү. Калчанын элин жандырып, Душмандын бели сынганда, Туугандын көөнү тынганда, Телкүрөңдөн түшүрсө, Кансырап бойдо дарман жок, Ушунан кетти ошондо. Кыз Кылжыке жубайы, Кебезден кылган олпокту, Кеңири төшөк салдырып, Кештелеген жаздыгын, Керилтип башка жаздатып, Келберсиген көкжалды, Алып келип жаткызып, Артын ойлоп ар ишти, Керектүү нечен дарысын, Ала жүргөн Кылжыке. Жайы менен белендеп, Алтынай менен Чолпонай, Эки кызга чаптырып. Жаранын оозун жуудуруп, Кан катырып уу тартчу, Нуш дарысын тарттырып. Ириң канын чыгарып, Кырма кызыл дарысын, Жара оозуна чаптырып. Кайнатма кара дарыны, Кадага чылап жаткырып, Бугу, кулан сүтүнөн, Кошо аралаш жасаган, Кубаттуу нечен дарыны, Өлчөм менен ичирип, Сагаза гүлүн жыттатып, Кызыл гүлдүн суусунан, Дем албастан тамызып, Таң атканча уктабай, Шамды жарык жагышып, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Тулпарларды багышып. Көкала атты жетелеп, Жетилбай жүрөт менчиктеп. Эсирип булар жата албай, Баатырлар кумду байкаса, Мелтиреген куу чөлдө, Жин жыттанып бок сасып, Кызыл канга малынып, Кыры менен эл жатат. Жору кузгун келбеген, Жолу каткан бул чөлдө, Бок жыттанып, кан сасып, Азууларын аркайтып, Кабыргасын каркайтып, Ат өлүгү андан көп, Мойундары коркойуп, Өркөчтөрү зоңкойуп, Төө өлүгү мындан көп. Ача туйак ачайып, Башында мүйүз каркайып, Ысык чөлгө чыдабай, Жүнү оңуп саргарып, Уй өлүгү андан көп. Куйруктары соройуп, Мурундары бырбыйып, Көрүнүп тиши ырсайып, Карды көөп чаначтай, Жаткан качыр андан көп. Теңи калып теңи жок, Жаткан өлүк мындан көп. Колу калып буту жок, Кор болуп өлгөн мындан көп. Буту калып, колу жок, Өлгөн өлүк сандан көп. Дени калып, башы жок, Алмадай баштын дайны жок, Тулку бойу жаткан көп. Ичегиси иймелип. Ысык кумда чиймейип, Суу деп чөлдө акактап, Зарлап жаткан андан көп, Өпкө боордун тушуна, Найза аралап ушуга, Жаткан адам мындан көп. Жыгылып кооп темселеп, Карыш тили салаңдап, Минип чабар аты жок, Суу таба албай бу чөлдө, Минтип жүргөн андан көп. Чала жан болуп жан чыкпай, Кыйналып жаткан андан көп. Соорусуна найза жеп, Кокуй жаным кантет деп, Кумсарып чөлдө жаткан көп, Көзала кудай сен калыс, Сулайматка арткын деп, Азап менен сообумду, Арыз айткан андан көп. Кан соргуч кандар оңбо деп, Коңгуроо кудай колдо деп, Чыдай албай чыркырап, Уккан бенде зыркырап, Наалыганы андан көп. Эси ооп далайдын, Күрмөгө тили келе албай, Өйдө дөңдө дөөрүшүп, Онтоп жаткан сандан көп, Жымылдап ысык жел уруп, Олойгон көзгө кум толуп, Көмүлүп кумга жаткан көп. Сары эшек, киле - кансоргуч, Чаначтай карды тойушуп, Капчыгы чыгып кампайып, Семирип тумсак булкуйуп, Азыткы менен албарсты, Азык буга көп болуп, Арсаңдашып күлүшүп, Жүгүрүп төө куш коржоңдоп, Батмачык жүрөт молтоңдоп. Кирпи чечен таш бака, Канга тойуп компоңдоп, Курт-кумурска бөө чайан, Эсепсиз этке тойушуп, Эр өлүгү, ат өлүк, Көөдөнүнө жык толуп. Бүгүн калса эртең жок, Жапанда тиккен үйү жок, Жаныбар куштар жорголоп, Күн тийгенде жүгүрүп, Көлөкө кылып көздөрүн, Жатып алат корголоп. Эр өлүгү, ат өлүгү, Качыр өлүк, керк өлүк, Каркайган сөөгү көрүнүп, Төө куштары чокчоңдоп, Өлүктү сүйрөп алышып, Тамаша ойун салышып, Шакалактап каркылдап, Капкайдан учуп барышып, Айанбай тойо жеп алып, Уча албай кумда калышып, Төө өлүгү, уй өлүгү, Дөбө болуп жыйылып, Бир тойгондо кош болуп Азыгы арбын экен деп, Жүрүпмүн тоодо бекер деп, Түгөнгөн кузгун ал жетип, Аш азыгы арбын деп, Жей беришип кызыгып, Мелтиреген куу кумда, Суудан калып нечени, Чаңкап өлдү ысыкта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.