← Сейит 11/11

Төө минип келген канча жан, Төө минип жүрүп урушкан, Төбөмдөн тийген кандай хан? Качырлуу аскер нечен сан, Качыр минип урушкан, Каргышка кеткен кандай жан? Ушундай экен шум жалган, Уй минген аскер канча сан, Уйга ишенип урушкан, Уйпаланган чунак хан. Канжыгалап бир башын, Кан кечип жүрүп олжо алган. Калк кызыгат хан үчүн, Караса мунун аркасын, Каралы жок чоң акмак, Ошондой кылып жан сактап, Эл бүлүнтүп, олжо алмак, Убара тарткан чоң акмак. Алдым жутум жан сактап, Кара өзгөй болуп мал тапмак, Карандай зордук ал акмак. Убал сообу булардын, Хандарга барып такалмак. Матырып тырмак так салмак, Баш кошуп баары биригип, Баашадан алат алтын так, Эл башкарып журт багыш, Кабылан Манас тукуму, Ушулардан үлгү алсак. Эрлери жүргөн жан кыйнап, Эли үйдө тынч жыргап, Элге жаккан эренди, Элден эркин беренди, Ак калпак кыргыз эл мактап. Эки күнү, эки түн, Эндиреп жатып Сейити, Араң жыйып эс ушун, Желбегей чапан жамынып, Желигип турду жаш арстан. Баатырларын чакырып, Тулпарга токум салдырып, Азык-түлүк арттырып, Керкитке карап жол алып, Кетпеймин деп бекерге Сулайматты жөн койуп, Дөө уулун байлап кошо алып, Тогуз күн удаа жол басып. Атты айабай мол басып, Керкиттин келди шаарына, Кара ниет түгөнгүр, Сулаймат турат кайгыда. Буйрук кылып Сейити, Балбандарга карматып, Колу-бутун байлатып, Жетилбайга айдатып, Алып келип зынданга, Караңгы жайга каматып, Эр Сейити чунагың, Беттешкен жоосун муңкантып. Эртең менен болгондо, Учураша келдик деп, Эл жыйылып толгондо, Эл бийлеген эстүүлөр, Эрмектешип атканда, Баатыр үйдө жатканда. Түк кишиге туйгузбай, Айтып сырын билгизбей, Көкбуканы ээрчитип, Кылжыке барып зынданга: — Сулаймат менен дөө уулун, Кесип башын алгын! — деп, Өкүм кылып ушуга, Эл бөлүнткөн капырды, Кызыл ала кан кылып, Кылычтап башын алдырып, Итке сүйрөп салышты, Бул экөөнүн өлүгүн. Сейитинин наамында, Кылжыке элге угузуп, Абылды такка мингизип, Хандыгын элге билгизип, Баатырдын кылган ишине, Элдин баары сүйүнүп, Хан балбаны ушул деп, Көкбуканы койушту, Баш вазири болсун деп. Жетилбайды тургузду. Жатпады булар Керкитте, Кетмекчи болду Таласка. — Керкиттин ханы Абылым, Хан балбаны Көкбука, Баш вазири Жетилбай, Ынтымактуу болгула, Калк башкарып эл бакмак, Кыйын жумуш бул, — деди, Сыртын салып душманга, Сыр алдырбай тур деди. Жетим-жесир карыпка, Көңүлүңдү бур деди. Оң келбеген орунга, Ойуң бурба башкага. Адал жесек бир жедик, Арамдыкты билбедик, Кысылып калсаң душмандан, Кабар кылгын мага деп, Кол алышып кол берип, Кылжыкени ээрчитип, Таласты карай аттанып, Жөнөп кетти Сейити. Дал токсон күн жол жүрүп, Күн батыштын элинен, Бүгүн келди Таласка. Эки жыл өтүп арадан, Баатыр келди деп угуп, Ак калпак кыргыз чубашып, Ачылып көңүл муңдашып, Айкалышып чуулашып, Эсен-соону сурашып, Ата-эне менен көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Жаркырап жайнап күн чыкты, Булбулдар таңшып үн салып. Чер жазылып кубанып, Кыз Кылжыке сулууну, Ала келген Сейити, Чыныкеге угулуп, Кененимдин үстүнө, Кемпири келди жүгүрүп: — Эй, Кененим сүйүнчү, Жалгыз уулуң Сейити, Бекерге өзү келбептир. Сулаймат хандын жалгызы, Кыз Кылжыке сулууну, Ала келген турбайбы. Өзүңдөн бата алмакка, Той болбоптур бул чакка. Эр Кененим жаркылдап, Ителгидей баркылдап, Айнектей көзү жаркырап: — Эми кемпир мага айтпай, Жалгызың аман келиптир, Сүйгөнү сулуу кыз болсо, Ак сарбашыл мал кармап, Садагасын чаптырып, Келин уулуң киргиндей, Келишкен сонун үй камдап, Ак калпак кыргыз элине, Кабар берип чакырып, Тойун берип балдардын, Кошуп койсок ал кандай. Мен уруксат кыламын, Карадөөнү сойуптур, Күн батыштын зорлору, Баарысы өлүп болуптур. Хан Сулаймат бузукту, Кара жерге жуткузду. Суктанаар сулуу Кылжыке, Алып келген бул турку. Ак никелүү жубайы, Өмүрлүк болсун түбөлүк. Андан кала бергенде, Катындын ишин эр билбейт, Каадасы менен өзүң бил. Борсулдап күлүп Кененим, Эпсиз катуу сүйүндү. Айтканы баары жай бүтүп. Кем-керчи жок баарында, Калың кыргыз эл чогуу, Каадасынча күтүнүп, Баары калбай сүйүнүп, Чакырып келип молдону, Нике кыйып балдарга, Таң-тамаша той бүтүп, Жай тарады, эл чубай. Нече заман былк этпей, Өмүрлүк жубай бул экөө, Ойноп күлүп жыргады. Муну мындай таштайлы, Желмогуздун тынч элге, Ченебеген кейишти, Салганынан баштайлы.