Пайдаңды мага тийгизген, Баатыр Манас уулусуң. Уйат экен ойлосом, Өңгө күйөө кептентип, Кыз капшырып турушуң. Жериң алыс, жол чалыш, Эртеңки күнү эртелеп, Элим чыксын узатып. Эки күндөн ашырбай, Насаат айтып көп элге, Жандырып балам жибергин. Чаалыгып арып чарчабас, Салып ийем чоң жолго, Тапшырып элге муну айтып, Таласка барса узатып, Келе албайт кайра эл кайтып. Сейити менен Кылжыке, Өзүңөр балам кеткиле. Улуу жол менен жам жайкыт. Жоого тийчү эмедей, Ызылдатып көп элди, Ээрчитип албай бекерге. Муну айтып калп эле, Ыйламыш болду Сулаймат. Ордого келип эл толуп, Узата турган чак болуп, Доолбасы кагылып, Коңгуроосу чалынып, Кетээрин угуп Сейиттин, Жетим жесир, карыптын, Баары келди жабылып. Кол беришип кош айтып, Жолуң ачык болсун деп, Бата, дуба мол айтып, Касканактап эл калды, Абыл менен энесин, Кыз Кылжыке кошо алды. Кырк элүүчө жан болду, Узатып элден басканы. Эки күн булар жол басып, Шаардан чыкты узатып, Сулаймат айткан басарда, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Баштап булар чубашып, Сулаймат кеби жаадында, Эл кетсин деп шаарына, Кош айтышып эл жанмак, Болжолу болгон чагында, Эр Сейити баатырың, “Көөнү калаар атамдын, Албай койсом бергенин, Кербенчи болуп жүрбөй” — деп, Артып берген зарларын, Бөлүп элге таратты. Бештен бөлүп он нарды, Жаратып эки ат алды, Абыл менен энесин, Тон асылын кийгизип, Ат мыктысын мингизип, Жолдош алып жөнөдү. Айалдабай жол басып, Жанжүрбөстүн чөлүнө, Жан чыдабас ысыкка, Мээ кайнаган сасыкка. Мелтиреген куу кумга, Бет алып келди чынында. Ордодо жаткан Сулаймат, Узаткан элден кеп угуп, Жанжүрбөстүн кумуна, Кирип кетти деп угуп, Омкоро тартып алгандай, Өтө жаман сүйүнүп, Сагызгандай шакылдап, Кемпирине жүгүрүп, Катыны эркек туугандай, Көөнү өсүп жаркылдап. Кылжыкенин энеси, Киши менен кээри жок, Желбегей чапан жамынып, Жолу алыс, эл ыраак, Кызымды көрбөй калам деп, Капаланып кайгырып, Жүрчү эле талаада. Келе калып кемпирге, Шакылыктап каткырып, Айткан кеби мына бул: — Капа болбой тура тур, Аман болсо дөө уулу, Алып келет кызыңды. Жанжүрбөстүн кызыл кум, Сейити кеткен жер ушул, Мээ кайнаган ысык чөп, Андай нечен кызык көп. Жымылдап мунар закымдап, Күүгүм кирсе күн батып, Кумдан чыгат ысык жел, Бетке тийет жалындап, Үп этип шамал чыкпаган, Кызыл жалын бургуган, Куму кызыл оргуган, Аркыраган шамал жок, Дымып ысып жел чыкпайт, Ысык учуп закымдап. Мелтиреп жаткан кайрак чөл, Кыргоол барса жазган чөл, Куйругу күйүп качкан чөл, Кулан барса жазган чөл, Туйагы күйүп качкан чөл, Таз адам барса жазган чөл, Маңдайы күйүп качкан чөл, Тентиген киши өлгөн чөл, Тилеги мунун каткан чөл, Томсоруп талаа кызыл кум, Эшилген кум ысык чөл, Бөйөн, чайан, таш бака, Мекен кылган ысык чөл, Кескелдирик, батмачык, Кенен жыргап жаткан чөл. Тумсак жылан аралаш, Куму жылып аккан чөл. Кан соргуч киле, сары эшек, Жашап жаткан жапан чөл, Кызыл сур болуп кубулжуп, Төшүн жайып жаткан чөл, Тирүү киши чыкпаган, Тилеги мунун каткан чөл, Баскан жандар кумуна, Тизесинен баткан чөл, Кадимтен бери бул кумга, Кадамы каткан кирген чөл. Кирген жан аман чыкпаган, Күйгүзүп ысык каптаган, Каргышка кеткен кайран чөл, Барган адам өлгөн чөл, Баш балааны көргөн чөл. Падышалар барган чөл, Баары калбай өлгөн чөл. Таажы кийген далайлар, Дайынын таппай өлгөн чөл. Баатырлардан барган чөл, Барганын тирүү койбогон, Балакет баскан курган чөл, Шамал болбой жел чыкпай, Жайы кышы жаткан чөл. Шамал чыкса кокустан, Кум астына көмгөн чөл, Тулпарлар басып өтө албай, Азууларын аркайтып, Кабыргасын каркайтып, Ар жеринде жаткан чөл. Эр өлүгү бир тоодой, Куму басып жаткан чөл. Барганды аман калтырбай, Балакетке салган чөл. Азыткы ээлеп алган чөл, Албарсты ойноп канган чөл. Мисти мийан көп айбан, Көөнүн мында ачкан чөл. Султан, Абумисилим, Жолдон азып баскан чөл, Жүз сексен миң аскери, Чыга албай өлгөн кандуу чөл. Тогуз айлык узун чөл, Томсоруп жаткан кандуу чөл. Алты жүз нече кишини, Көтөрүп Абумисилим, Араң чыккан ушул чөл. Алты айлык жайык чөл, Ошол жердин баарысы, Жайнап жаткан кызыл кум. Жаш Сейити чунагың, Барып кирген кум ушул. Балакет баскан Сулаймат, Салып койгон жолу бул. Атынан башка маана жок. Чөл четине чыгам деп, Тогуз күнү жол жүрүп, Оргуган кызыл куу кумга, Абдан кирди жаш арстан. Энеси, Абыл, Кылжыке, Ысыкта чыдап жүрө албай, Кыйамат келди башына. Тилдери аттын чубалып, Тизесинде салаңдап, Кеберсип эрди жарылып, Айабай суусап бек чаңкап, Көзү соолуп суусундан, Тынуусу демге кысылып, Кара тер бойдон сызылып, Барган сайын от чыгып, Балакеттүү кум ысык. Азык-түлүк түгөнгөн, Азапта булар калган кез, Сейитиден башкасы, Амалы анык кеткен кез. Баранды деген дарак бар, Көлөкөсү далай бар. Кум басып турса туйагы, Куйкалап кетчү чөл экен, Ат көрпөчө баарысын, Жайып кумга салдырып, Ат байлашып үстүнө, Барандынын көлөкө, Азык ичип, дем алып, Кетебиз деп ашыгып, Болуп жаткан шашылып. Карбалас булар жатканда, Бура тартып кебибиз, Кетсин эми башкага. Хан Сулаймат сураса, Берип койгон дөө уулу, Салат кыйла дүмөктү. Кан чакырчу дөө уулу. Ирмесе канат бир серпип, Бир айлык жолго бир күндө, Жеткен мунун өнөрү. Учкан күнү керкиттен, Айтүбүнүн жерине, Шукшурманын элине, Көгүчкөн болуп дөө уулу, Төбөсүнө келгенде, Сымап болуп төгүлдү, Хан тактыда Шукшурма, Кашына келип бул турду. Сулайматтын бүт сөзүн, Буга айтып туйунтту: — Эр намысың бар болсо, Кан ичменин уулунан, Атаңдын кунун алгын сен. Сулайматтын тартуудан, Шукшурма куру калба, — деп. Каары катуу Шукшурма, Кененим уулу дегенде, Бузулуп өңү кубарып: — Каны айдап келгенби, Менин жайым укпаган, Кандай неме? — деди. Ыраазы болдум ханыңа, Айтпай койуп кетирсе, Тирүү жердин бетине, Койбойт элем ханыңды. Акылга туура тунуптур, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Чачайын анын канын! — деп. Күнүн болжоп сөз күрмөп, Казаптанып Шукшурма, Түшүрүп өкүм калкына, Алты мүйүз Шүдүгүт, Букасын минип ашыгып, Көк темирин артынып, Отуз миң аскер жан кылып, Жүрүп кетти бул чочко. Аккан дайра жерине, Суктанманын элине, Төбөсүнөн ылдыйлап, Коргошун болуп куйулуп, Кечки дигер мезгилде, Керебет алтын тактада, Жаткан кезде Суктанма. — Жатасыңбы чалкалап, Атаңды сойгон канкордун, Уулу жатса Керкитте, Атадан туулбай жерге кир, Кунун албай бул кезге? Кабар кылам мен сага, Сулаймат кызы Кылжыке, Тартып алып олжо деп, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Кирип кетти бул кезде. Атанын жетик уулу экен, Шукшурма кетти артынан. Сен жатасың жам-жайкыт, Кабар кылбай мен калсам, Көзала дини урбайбы, Кудайдын калып каарына, Хан Сулаймат Керкитте, Кеңешкен кеп бул эле, Айтып койгун сага деп. Одурайган бул чочко, Кайда экенин биле албай, Жүргөн экен бул чакта. — Күн батыштын четине, Уурданып келип кыз алып, Коркуп менин каарымдан, Кеткенин кара түн батып! Жеткирбей Талас жерине, Мен табамын эсебин! Каарданып карарып, Өткөн күндүн баарысы, Алдына бирден саналып, Өңкөй элдин баарына, Кабар кылып бул чочко, Жер чаңдатып сексен миң, Кошуун салып артына, Жабыр салып калкына, Желмайан төөсүн алдырып, Жеп ийичү немедей, Кап сени деп, үшкүрүп, Буттай темир курчанып: — Кененими турмайлык, Таласын чаап алам! — деп, Дөө уулун улам жемелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.