Көп ишти баштан кечирген, Арамдык менен жетилген, Арбын салып ар түрдүү, Алдап элди семирген, Хандык таажы кийгенден, Далайдын сөөгүн кемирген, Ичи ала, көзү чаар, Ичинде турат далай заар. Берип койгон дөө уулун, Сейити баатыр курусун, Сезбей калды жаш арстан, Узактан келген жумушун. Көзүрлүк кылды ченебей, Көзүнө муну бир илбей. “Ич оорутпай душманга, Талкалап баарын келгин” — деп, Так айткан кепти Кененим. Тогуз жашта аттанган, Токсонго чыга жашаган, Ырайым кылбай душманга, Жалаңкыч сары атанган, Көптү көргөн карынын, Сөзүн эстен чыгарган. Кара ниет Сулаймат, Кандуу кектүү дөө уулун, Сураса берип койгонун. Адам уулун, аздырган, Кайран дүйнө бекер ай! Акыл ойлоп ар түрдүү, Өзүнүн араң ишине, Дүйнөгө түркүк болгондой, Сүйүнүп өзү күлүңдөп, Калыңга киши алдым деп, Калгандарга оштонуп, Дарбазадан киргенде, Вазир менен бектерди, Жалпы баарын кеткин деп, Ээрчиткен бойдон дөө уулун, Хан сарайга киргени. Эшигин илип ичинен: — Карадөөнүн артында, Калган жалгыз тукуму, Ички сырым айтайын, Кан ичме жинди Сейиттен, Тирүү сенин жаныңды, Сурап алдым атайын. Мен болбосом өзүңдү, Жайат эле каныңды, Жарат эле кардыңды, Кесет эле тилиңди, Табат эле эбиңди. Атаңда жазык бар элде, Эл бүлүнтүп кор кылган, Энең менен силерди, Мен байкасам не жазык. Угуп ичим бек сыздайт, Карадөөдөй курбумду, Өлтүрүп аны койуптур, Ойлоп көрчү кулунум, Карадөөгө өчөшсөм, Жалгыз кызым Кылжыке, Барбайт белем талашып. Ал Карадөө курдашым, Акылмандын бири эле. Эсине алып бир күнү, Келет эле жарашып, Аны билип Сулаймат, Жүрүчүмүн көөнүм жай. Кан ичме Сейит капташып, Өлтүрүп аны койуптур. Эрмектешчү курбумдун, Эсебин колго бериптир, Эбегейсиз балбанды, Эл бүлүнткөн капыр деп, Эсен койбой жан алып, Топтуу жандан сен калдың, Жалгыз кыздан айрылып, Томсоруп ыйлап мен калдым. Тартуу кылып башымды, Сени сурап куткардым. Башың аман турганда, Бала болчу сен барсың, Маана болуп калкалап, Багып алчу мен бармын. Кан ичме жинди Сейити, Жетип койду түбүмө. Кайгылуу кылып өзүңдү, Энең менен төрт агаң, Өлүгүн сага жүктөгөн, Өткөн иш барбы эсиңде? Ар качан ичим бек ооруйт, Сага окшогон жетимге. Мойнуңдан байлап чынжырлап, Айдап барды көп жерге. Сен болбосоң дөө уулу, Ал келбейт эле күмбөзгө. Ачтырып алып кош болбой, Артып ташты жүктөсө, Ошончо салып азапты, Менсиз өзү Сейити, Сенин каның кечпесе, Ээрчитип келип эки кул, Атаңдын эки сулуусун. Тартып алып көрүнө, Ал экөөнү бир берсе, Эзилет экен эт жүрөк, Ошондой ишти эстесе! Дөө тукуму дегенден, Мунун куну бүтпөсө. Чоң атаң өткөн кызыл алп, Хан Манастын уулунан. Бул буруттун эл журту, Көзала динин билишпейт. Ишенмек тургай бул динди, Көздөрүнө илишпейт. Кара кыргыз уругу, Кан ичме Манас улугу, Кашыңдагы Сейити, Как ошонун тукуму. Өз атасы Кененим, Кызыл алпты баш кылып, Жети дөөнү курутту, Жетим кылып өзүңдү, Жолбун иттей улутту. Тартып алып кызымды, Томсортуп мени курутту. Ата-баба түбүнөн, Мунун кылып жүргөн жумушу. Кан менен колун жууган, Кашыңдагы Сейити, Как ошонун тукуму. Төбүнөн кепти бүт айтып, Түйүнүн буга угузду. Карадөөнүн кенжеси, Кебине мунун түшүнүп, Көзүнөн көзүн айырбай, Карап калып бир далай, Кеги калган жетим бу, Сасык тумоо тийгендей, Кара бойу калчылдап, Токтоно албай өзүнчө, Кан ичменин тукуму, Кайраты кетип бойунан, Көзүнүн жашы куйулду. — Элебепмин ханым ай, Мындай болсо башынан, Кадамын мунун катырбай, Карааның тийип падышам, Канымды айрып сен алдың, Мындан мурун Сейиттин, Кабарын анык укпапмын. Карчалышкан заманда, Кылып жүргөн иш экен. Алты ата кылып тукумун, Дөөлөрдүн башын жеп жүргөн. Атам бүгүн сен болдуң, Алдыңда уулуң мен болдум. Уруксатың бер мага, Кызматыңды кылайын. Келген бала Сейиттин, Атасынан бер жакка, Өткөргөн элге сыры көп, Ойлоп көрсөм бул күндө, Кегимди алсам экен деп, Кезенип жүргөн киши көп. Кектеп жүргөн ушуга, Бар экен бүткүл кылымда. Кыдырайын жер бетин, Чогултуп келип дөөлөрдү, Көрсөтөлү өнөрдү, Дөө балдары жыйылып, Сейитини сойолу, Калсын кыргыз кыйылып. Кыйраталы сындырып, Кыргыздардын түркүгүн, Тилин суудай сууталы, Кененимдин күкүгүн. Билбегени эң жаман, Көзаланын динини, Түпкүлүгү Сейиттин, Каралыгы билинди. Канча түрдүү өнөрдү, Энекем мага билдирген – Сууга кирсем балыктай, Чөгүп кетип өлбөймүн, Кандай бийик тоо болсо, Туйукталып калбаймын. Көгүчкөн болуп көкөлөп, Көккө чыгып жөнөймүн. Бир айлык жолго бир күндө, Барып келиш өнөрүм, Жанымды айрып алыпсың, Жаныңда жүрүп өлөйүн. Жаныңдан кетпей бөлүнүп, Кызматыңды кылайын. Дөө уулунан кеп угуп, Түпкө жетер Сулаймат, Түпкүлүктүү кеп айтат: — Акылы артык дөө уулу, Калбады менин арманым, Кабарын айтам далайдын, Каттай жаттап сен алгын. Аркайган ала тоо болсо, Көз кайкыган суу болсо, Туйуктанбас адатың, Серпишкен жоого жарачу, Эрлерге сени жумшайын. Канатың серпип сен баргын, Күн батыштын жерине, Жети дөөнүн элине, Кененим сойгон дөөлөрдүн, Ат көтөргүс жөөлөрдүн, Артында калган тукумун, Аныктап уккун ушуну. Көзгө атар Кылмерген, Атактуу баатыр Сурмерген, Анын айткын уулуна, Суу түбүндө Суумерген, Атагы бар кыйын жан, Баатырдык бар, өнөр бар, Анык мерген өзү ал, Кылымдан ашкан жан эле, Анын улуу азыр бар. Айтымуштун элинде, Көйкап тоонун бетинде, Акым, Шакым эки дөө, Атагы бар ал экөө, Алардын бар тукуму. Карала атчан Калыбек, Аны менен беттешип, Тирүү калыш кыйын кеп, Калыбек өлгөн башында, Кененимдин урушта, Анын уулу зор Калча, Атасындай атанып, Атагы чыккан чоң балбан, Ага дегин кабарды. Бозчаар минген Боронбай, Жер алдына кеткендей, Бал болсо өзү келсин де, Жок болсо аны издебе, Бар болсо уулу Боронбай, Ал дагы келсин бул жайга. Ат минбеген өзү жөө, Ааламга дүмөк салган дөө, Жору куйрук кызыл алп, Андан калган Карадөө, Атасындай эр эле, Анын көзү дагы өтүп, Аркасында саркынды, Ар өнөргө машың бар. Жоого чыгаар жашың бар. Кенже дөө өзүң турасың, Жайы менен аларга, Жакшы сөздү кыласың. Кан ичме Манас тукуму, - Кененимдин Сейити, Келип Керкит шаарына, Менин атам Карадөө, Энем менен, төрт агам, Өлтүрүп жалгыз мен калдым, Хан Сулаймат ал келбей, Жалгыз кызы Кылжыке, Шаары керкит элине, Ээ боло албай ал калды. Сумурук биздин колдо эле, Бошотуп аны бир алды. Көккүмбөздү талкалап, Кохарын ташып зар алды. Атышып да, чабышып, Алы келбей ушуга, Сулаймат ханым баргын деп, Силерди карай жумшады. Атабызды сойгон кан ичме, Аркасында Сейити, Келип турса Керкитте, Кабар кылбай бизге деп, Көөндөрү менден калабы. Алты дөөнүн тукуму, Айтып кабар кылып кой. Эстесе булар атасын, Баары келип бул жерге, Атанын кунун кууп алсын. Талатып бүткүл шаарымды, Тартууга берип кызымды, Мен куткардым башымды. Көңүлдөн кайгы арылтып, Күн батыштын жээгинде, Биргелеш хандар биз элек. Намысым алып береби, Аны дагы айткын деп, Жиберди эле сиздерге, Кабарым менин ушул деп, Баарын айткын ага деп, Сулаймат мени жумшады. Келген жумуш ушул деп, Кабар салып сен кайткын. Көбү билбей жүргөндүр, Келип турат Керкитке, Кененимдин Сейити, Кетирбей кармап жоо алсын, Менин кызым Кылжыке, Жараса аны бирөө алсын, Алтынай менен Чолпонай, Ааламдан чыккан сулуулар, Жетесиз кулга алдырбай, Экөө алсын экөөнү, Көмөлөтсө Сейитти, Көккүмбөздүн кохарын, Көзүн ойгон эр алсын. Кек алып берсе душмандан, Жоого минер Суртулпар, Жоругу ашкан бул бир мал, Ааламда жок дүнүйөм бар, Казына оозун ачамын, Катка кошуп бирөө алсын. Бар жумушту бүтүрсөм, Башыңа таажы кийинип, Хан тактыда олтурчу, Эсен турсаң сен барсың. Келбесин мында мен үчүн, Ата кунун кууп алсын. Көзала динин сыйласын, Эр намысы бар болсо, Калбай келсин баарысы. Бир айдан ашып кетпесин, Кечикпестен бат келсин. Урушаар жоосу Сейити, Оңой олтоң дебесин. Колбутуп аскер жам кылып, Койбой баарын айдасын, Үйүр агып сел келсин, Астын үстүн көп келсин, Жаалы катуу эр келсин, Жалмаңдаган шер келсин, Жалындап күйгөн от келсин, Жайнаган кызыл чок келсин, Мылтык атып, жаа тартып, Жамгырдай түшкөн ок келсин, Баатырлардын тукуму, Баары калбай бүт келсин. Уулу жоктун иниси, Калбасын андан бир киши. Таайы менен жээн келсин, Такыр калбай бүт келсин. Найза сайар калбасын, Чокморлуу жатып албасын. Балта чабар мыктуудан, Кылычка андес ыктуудан, Күрөшкөндү жыкчуудан, Калбай баары бүт келсин. Өлүмдүн жайын билбеген, Баатырдын келсин баарысы, Ар өнөргө машыккан, Артыкча туулган жан келсин, Өткүр кыйын куу келсин, Укпай калдык дебесин. Күн жыйырмага толгондо, Болжоп муну узатам. Жан жүрбөстүн чөлүнө, Каары катуу Сейитке, Кармашар жери мына ушул. Кызыл кум жайын мен айтам, Айбан чалаар чөбү жок, Адам ичер кудук жок, Аккан булак дагы жок. Барган адам кысылат, Кыйналып күйгөн ысыкка. Ошондой жерде жеңбесе, Буга табар даба жок. Кызыл кумда жеңбесе, Адам уулу жеңе албайт Суу ичкен жандар тура албайт, Суу ичпей чөлгө көнүккөн, Чөл айбаны көп жашайт. Адамга кастык кылуучу, Арбын болот жандары – Кескелдирик, бөйөн, чайан, Жапанда тымсак мекени, Адам уулу ал чөлдөн, Барган тирүү келбеген, Канаттуудан жашаган, Төө куш деген анда бар, Күн тийгенде бул чөлгө, Бут сала албайт эч бир жан. Эртеден кечке күн кайнап, Кумга койгон суу кайнап, Таң атканча дем албай, Ысык болуп дем чыкпай, Сыдырым согуп жел чыкпай, Ысыктыгы ушундай. Кыйалымда Сейити, Ошол чөлдө бир кыйрайт. Минген аты Телкүрөң, Суудан калып кан катса, Чөптөн калып карды ачса, Мээ кайнаган ысыкта, Бок кайнаган сасыкта, Амалсыз болуп алдырат, Жаш Сейити ушунда. Тогуз күндөн ашпаган, Өлчөп суусун мен берем, Азгаштырып жиберем. Чөлдөн өтүп кетпесин, Отуз күнгө калбастан, Болжолдуу күндө келерсиң. Суулуу жерге жеткирсең, Баарыңдан агат кызыл кан. Тирүү кетсе Сейити, Күн батыштын тарабын, Коондой тилип кардыңды, Койдой кесет башыңды, Ханың менен караңды, Карың менен жашыңды. Атасы Манас кан ичме, Кадамы жеткен баар жерге. Кадимтен киши барбаган, Беттешип бенде жеңбеген, Анжу, манжу, каңгайга, Алтымыш капка Бейжинге, Солон, калмак, кытайга, Чуулган салып башында, Тартып алган тактасын. Кокусунан кол салып, Койгон эмес баарысын. Кутулуп мындан калбаган, Кол салышкан нечен жан, Уулу экен Семетей, Менменсиген эрди алган. Белдүүнүн баарын кыйраткан, Манасты жеңген жоону алган, Айтылып мындан кеп калган. Бейжинден алым бул алган, Периден тандап кыз алган. Шагы сынбай душмандан, Тирүү калып кутулган. Уулу калган Сейтек, Ат көтөрбөс болгон жөө, Тогузунда Сейтек, Жедигерге чуу салган. Чоң Кыйазды омкоргон, Сейтек уулу Кененим, Жети дөөнү кыйраткан, Тогузунда аттанган, Жалаңкыч Сарык атанган. Баласы анын Сейити, Жер түгөткөн тушу бу. Атасынан тукуму, Артык чыгат башынан, Каны тамса күчөгөн, Тукуму өсүп түтөгөн, Кандуудан калган уул бу. Кабарын айтып баарыга, Камындырып ала кел, Оңой жоо көрүп камынбай, Өздөрү келип калбасын. Өткөрүп ийсек бул чөлдөн, Өзгөчө салат кейишти. Өз элиңди унутпай, Үйрү тобун ала кел. Колуна бүгүн тийгендей, Дүйнөнүн тирек түркүгү, Кытмыр хан айтып бул сөздү, Дөө уулуна угузду. Дөө уулунун жайы бул, Сулайматтан өйдөрөөк, Баарын билген жөөт бул. Сулаймат айткан жерлердин, Баарын билет дөө уулу. Сулайматтан жакшыраак, Көбүн билет дөө уулу, Хан тактасы койулган, Шаарын билет дөө уулу. Кызматы жаккан элине, Эрин билет дөө уулу. Баатыр менен балбанын, Беттешкенин алганын, Такыр билет дөө уулу, Айтылган сөздүн учурун, Алчы-таасын калтырбай, Баарын билет дөө уулу. Айткан кепти калтырбай, Жатка билет дөө уулу. Бөгө менен чигесин, Анык билет дөө уулу. Бир сөз айрып миң түрдүү, Зири менен зеберин, Канык билет дөө уулу. Сөз ичинен сыр тартып, Икир–чикир арамдык, Илмегин билет дөө уулу. Бузуп айтып, түз айтыш, Улантпай сөздү үзө айтыш, Түрүн билет дөө уулу. Эритип айтыш, тоң айтыш, Ээси жокко чоң айтыш, Эстүүсүнө оң айтыш, Эбин билет дөө уулу. Кара күчкө каткырып, Жер алдынан суу чачыш, Баамын билет дөө уулу. Жакшы айтып күйдүрүш, Жаман айтып күлдүрүш, Кези келсе ардантып, Эби келсе сүйүнтүш, Таамай айтып күйүнтүш, Ачык айтып түңүлтүш, Чынын айтып эритиш, Ыгын билет дөө уулу. Жүз кубулуп кылчакташ, Түлкү болуп бултакташ, Ашырып сүйлөп эр макташ, Чала күлүп ырсакташ, Жалооруп жалган жыртакташ, Ичинде бүгүп кир сакташ, Оозу менен оң айтыш, Билгизбей туруп сыр тартыш, Арбын билет дөө уулу. Арбын менен турабы, Андан качып кутулбайт, Ар тарабын дөө уулу, Абайлабай ал калбайт, Көөнүнө түйүп кек сактап, Арзан менен унутпайт, Арам өлгөн дөө уулу. Көгүчкөн болуп көкөлөп, Көйкап тоону бет алып, Өчүгүшкөн дөөлөрдөн, Өзүндө калган уулду таап, Кабар айтып кайтышы, Алты күндөн аз эле ашпайт, Жетпей калып чынында, Кемип мүчүп ал калбайт. Бура сүйлөп башкага, Которулсун кебибиз. Нээтинде түйүп арамдык, Өзүнүн жалгыз кызына, Кенедей жок адалдык, Хан Сулаймат тактада, Түндү күрмөп бек санап, Дөө уулунун болжолун, Унутуп калам деп санап, Береки душман Сейити, Беш күндөн кийин кетсе деп, Таамай он күн жол жүрүп, Болжогон чөлгө жетсе деп, Калкына кылып жардыгын, Казыналык кызыл нар, Тандап онду алдырып, Азык-түлүк зар артып, Ар буруудан тон артып, Жөнөтмөк болуп узатып, Кетээрге жакын кез болуп, Эр Сейити жаш арстан, Көкбука менен Жетилбай, Чолпонай менен Алтынай, Чакырып алып жанына, Карадөөнүн казына, Карыптарга тараткан. Ашып калган бир канча, Алтын менен күмүштөн, Санаты арбын көп нарга, Жүктөтүп келип алдына, Энчи берди буларга. Ала албай жүргөн ашыгын, Алып берип буларга, Акыл насаат сөз айтып, Кудус менен Багдатка, Элимди тапкын деп айтып, Кол алышып коштошуп, Узатып койду элине. Жетилбай менен Көкбука: — Өмүр бойу кызматка, Салаар болсоң арстаным, Биз дайарбыз анда, — деп, Убадалуу сөз айтып, Сулуусу тийип колуна, Кубанышып кош айтып, Жээрде атты Жетилбай, Кыз Кылжыке минерге, Тартуу кылып ал берди. Ача тилдүү кош сөздүү, Түгөнүп кеткен Сулаймат, Сейитинин үстүнө, Басып кирди ошол кез. Ичинде сүйбөй кулжуңдап, Туйгузбай сөзүн балага, Сымаптай болуп кылтылдап, Кара күчкө каткырып, Карыган доңуз кеп салат: — Чырагым күйгөн Сейити, Маңдайда күнүм Кылжыке, Тилеймин өмүр силерге, Көзүм өтүп кеткиче. Сулаймат кызын Сейитке, Теңтушу таап берди деп, Оорагым кетет ар жерге. Оо, балам оорак эмеспи, Күйөөм Сейит дээрге. Бириң, чолпон, бириң ай, Менин көөнүм болду жай. Ырыскы багым экөөңсүң, Башымда таажы бөркүмсүң, Сен экөөңдөн өтүнөм, Ынтымактуу жүрүшүң. Тайгаланчу тактамды, Кайра жөлөп тургуздуң. Даңкымды элге дүң кылып, Карыганда атымды, Калайыкка угуздуң. Пайдаңды мага тийгизген, Баатыр Манас уулусуң. Уйат экен ойлосом, Өңгө күйөө кептентип, Кыз капшырып турушуң. Жериң алыс, жол чалыш, Эртеңки күнү эртелеп, Элим чыксын узатып. Эки күндөн ашырбай, Насаат айтып көп элге, Жандырып балам жибергин. Чаалыгып арып чарчабас, Салып ийем чоң жолго, Тапшырып элге муну айтып, Таласка барса узатып, Келе албайт кайра эл кайтып. Сейити менен Кылжыке, Өзүңөр балам кеткиле. Улуу жол менен жам жайкыт. Жоого тийчү эмедей, Ызылдатып көп элди, Ээрчитип албай бекерге. Муну айтып калп эле, Ыйламыш болду Сулаймат. Ордого келип эл толуп, Узата турган чак болуп, Доолбасы кагылып, Коңгуроосу чалынып, Кетээрин угуп Сейиттин, Жетим жесир, карыптын, Баары келди жабылып. Кол беришип кош айтып, Жолуң ачык болсун деп, Бата, дуба мол айтып, Касканактап эл калды, Абыл менен энесин, Кыз Кылжыке кошо алды. Кырк элүүчө жан болду, Узатып элден басканы. Эки күн булар жол басып, Шаардан чыкты узатып, Сулаймат айткан басарда, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Баштап булар чубашып, Сулаймат кеби жаадында, Эл кетсин деп шаарына, Кош айтышып эл жанмак, Болжолу болгон чагында, Эр Сейити баатырың, “Көөнү калаар атамдын, Албай койсом бергенин, Кербенчи болуп жүрбөй” — деп, Артып берген зарларын, Бөлүп элге таратты. Бештен бөлүп он нарды, Жаратып эки ат алды, Абыл менен энесин, Тон асылын кийгизип, Ат мыктысын мингизип, Жолдош алып жөнөдү. Айалдабай жол басып, Жанжүрбөстүн чөлүнө, Жан чыдабас ысыкка, Мээ кайнаган сасыкка. Мелтиреген куу кумга, Бет алып келди чынында. Ордодо жаткан Сулаймат, Узаткан элден кеп угуп, Жанжүрбөстүн кумуна, Кирип кетти деп угуп, Омкоро тартып алгандай, Өтө жаман сүйүнүп, Сагызгандай шакылдап, Кемпирине жүгүрүп, Катыны эркек туугандай, Көөнү өсүп жаркылдап. Кылжыкенин энеси, Киши менен кээри жок, Желбегей чапан жамынып, Жолу алыс, эл ыраак, Кызымды көрбөй калам деп, Капаланып кайгырып, Жүрчү эле талаада. Келе калып кемпирге, Шакылыктап каткырып, Айткан кеби мына бул: — Капа болбой тура тур, Аман болсо дөө уулу, Алып келет кызыңды. Жанжүрбөстүн кызыл кум, Сейити кеткен жер ушул, Мээ кайнаган ысык чөп, Андай нечен кызык көп. Жымылдап мунар закымдап, Күүгүм кирсе күн батып, Кумдан чыгат ысык жел, Бетке тийет жалындап, Үп этип шамал чыкпаган, Кызыл жалын бургуган, Куму кызыл оргуган, Аркыраган шамал жок, Дымып ысып жел чыкпайт, Ысык учуп закымдап. Мелтиреп жаткан кайрак чөл, Кыргоол барса жазган чөл, Куйругу күйүп качкан чөл, Кулан барса жазган чөл, Туйагы күйүп качкан чөл, Таз адам барса жазган чөл, Маңдайы күйүп качкан чөл, Тентиген киши өлгөн чөл, Тилеги мунун каткан чөл, Томсоруп талаа кызыл кум, Эшилген кум ысык чөл, Бөйөн, чайан, таш бака, Мекен кылган ысык чөл, Кескелдирик, батмачык, Кенен жыргап жаткан чөл. Тумсак жылан аралаш, Куму жылып аккан чөл. Кан соргуч киле, сары эшек, Жашап жаткан жапан чөл, Кызыл сур болуп кубулжуп, Төшүн жайып жаткан чөл, Тирүү киши чыкпаган, Тилеги мунун каткан чөл, Баскан жандар кумуна, Тизесинен баткан чөл, Кадимтен бери бул кумга, Кадамы каткан кирген чөл. Кирген жан аман чыкпаган, Күйгүзүп ысык каптаган, Каргышка кеткен кайран чөл, Барган адам өлгөн чөл, Баш балааны көргөн чөл. Падышалар барган чөл, Баары калбай өлгөн чөл. Таажы кийген далайлар, Дайынын таппай өлгөн чөл. Баатырлардан барган чөл, Барганын тирүү койбогон, Балакет баскан курган чөл, Шамал болбой жел чыкпай, Жайы кышы жаткан чөл. Шамал чыкса кокустан, Кум астына көмгөн чөл, Тулпарлар басып өтө албай, Азууларын аркайтып, Кабыргасын каркайтып, Ар жеринде жаткан чөл. Эр өлүгү бир тоодой, Куму басып жаткан чөл. Барганды аман калтырбай, Балакетке салган чөл. Азыткы ээлеп алган чөл, Албарсты ойноп канган чөл. Мисти мийан көп айбан, Көөнүн мында ачкан чөл. Султан, Абумисилим, Жолдон азып баскан чөл, Жүз сексен миң аскери, Чыга албай өлгөн кандуу чөл. Тогуз айлык узун чөл, Томсоруп жаткан кандуу чөл. Алты жүз нече кишини, Көтөрүп Абумисилим, Араң чыккан ушул чөл. Алты айлык жайык чөл, Ошол жердин баарысы, Жайнап жаткан кызыл кум. Жаш Сейити чунагың, Барып кирген кум ушул. Балакет баскан Сулаймат, Салып койгон жолу бул. Атынан башка маана жок. Чөл четине чыгам деп, Тогуз күнү жол жүрүп, Оргуган кызыл куу кумга, Абдан кирди жаш арстан. Энеси, Абыл, Кылжыке, Ысыкта чыдап жүрө албай, Кыйамат келди башына. Тилдери аттын чубалып, Тизесинде салаңдап, Кеберсип эрди жарылып, Айабай суусап бек чаңкап, Көзү соолуп суусундан, Тынуусу демге кысылып, Кара тер бойдон сызылып, Барган сайын от чыгып, Балакеттүү кум ысык. Азык-түлүк түгөнгөн, Азапта булар калган кез, Сейитиден башкасы, Амалы анык кеткен кез. Баранды деген дарак бар, Көлөкөсү далай бар. Кум басып турса туйагы, Куйкалап кетчү чөл экен, Ат көрпөчө баарысын, Жайып кумга салдырып, Ат байлашып үстүнө, Барандынын көлөкө, Азык ичип, дем алып, Кетебиз деп ашыгып, Болуп жаткан шашылып. Карбалас булар жатканда, Бура тартып кебибиз, Кетсин эми башкага. Хан Сулаймат сураса, Берип койгон дөө уулу, Салат кыйла дүмөктү. Кан чакырчу дөө уулу. Ирмесе канат бир серпип, Бир айлык жолго бир күндө, Жеткен мунун өнөрү. Учкан күнү керкиттен, Айтүбүнүн жерине, Шукшурманын элине, Көгүчкөн болуп дөө уулу, Төбөсүнө келгенде, Сымап болуп төгүлдү, Хан тактыда Шукшурма, Кашына келип бул турду. Сулайматтын бүт сөзүн, Буга айтып туйунтту: — Эр намысың бар болсо, Кан ичменин уулунан, Атаңдын кунун алгын сен. Сулайматтын тартуудан, Шукшурма куру калба, — деп. Каары катуу Шукшурма, Кененим уулу дегенде, Бузулуп өңү кубарып: — Каны айдап келгенби, Менин жайым укпаган, Кандай неме? — деди. Ыраазы болдум ханыңа, Айтпай койуп кетирсе, Тирүү жердин бетине, Койбойт элем ханыңды. Акылга туура тунуптур, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Чачайын анын канын! — деп. Күнүн болжоп сөз күрмөп, Казаптанып Шукшурма, Түшүрүп өкүм калкына, Алты мүйүз Шүдүгүт, Букасын минип ашыгып, Көк темирин артынып, Отуз миң аскер жан кылып, Жүрүп кетти бул чочко. Аккан дайра жерине, Суктанманын элине, Төбөсүнөн ылдыйлап, Коргошун болуп куйулуп, Кечки дигер мезгилде, Керебет алтын тактада, Жаткан кезде Суктанма. — Жатасыңбы чалкалап, Атаңды сойгон канкордун, Уулу жатса Керкитте, Атадан туулбай жерге кир, Кунун албай бул кезге? Кабар кылам мен сага, Сулаймат кызы Кылжыке, Тартып алып олжо деп, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Кирип кетти бул кезде. Атанын жетик уулу экен, Шукшурма кетти артынан. Сен жатасың жам-жайкыт, Кабар кылбай мен калсам, Көзала дини урбайбы, Кудайдын калып каарына, Хан Сулаймат Керкитте, Кеңешкен кеп бул эле, Айтып койгун сага деп. Одурайган бул чочко, Кайда экенин биле албай, Жүргөн экен бул чакта. — Күн батыштын четине, Уурданып келип кыз алып, Коркуп менин каарымдан, Кеткенин кара түн батып! Жеткирбей Талас жерине, Мен табамын эсебин! Каарданып карарып, Өткөн күндүн баарысы, Алдына бирден саналып, Өңкөй элдин баарына, Кабар кылып бул чочко, Жер чаңдатып сексен миң, Кошуун салып артына, Жабыр салып калкына, Желмайан төөсүн алдырып, Жеп ийичү немедей, Кап сени деп, үшкүрүп, Буттай темир курчанып: — Кененими турмайлык, Таласын чаап алам! — деп, Дөө уулун улам жемелеп. Керкиттеги кезинде, Мага кабар кылбай деп. Аттанды капыр дүңгүрөп, Ар өнөргө машыккан, Жүргөнүн анын жан билбес, Каапыр чочко дөө уулу, Көйкап тоонун бетинде, Акымдын уулу Акы дөө, Шакымдын уулу Шатыке, Атагы чыккан бул экөө, Олтурганда тактада, Күн нурунда көрүнүп, Көлөкөлөп бөлүнүп, Элөөсүздөн кабылып, Көзүнө келип көрүнүп: — Акы менен Шатыке, Урматтуу улук эки дөө, Учураша келдим мен, Сулаймат хандын бир сөзүн, Ала келдим силерге. Оорагыңды уккан эл, Ыйбаа кылат силерден. Жалаңгыч Сарык тукуму, Күн батышка келген бу. Керкиттин ханы Сулаймат, “Кабар айтпай биз калып, Кыйыгына калбайлы. Атасындай эр болсо, Акын менен Шакымдын, Кунун алсын” — деди эле. Атам менен төрт агам, Энемди кошуп кан ичме, Сойуп койду жөн эле. Көккүмбөздү талкалап, Кохарын алды дорболоп. Атам сойгон жети дөө. Калган тукум бар болсо, Такыр сойуп тынам дейт. Сулаймат кызы Кылжыке, Өзү алды олжолоп. Атам алып келди эле, Кудустук эки сулууну, Ээрчитип келип эки кул, Аларга берди жөн эле. Барсаңар баатыр чыныңды айт, Алтынай менен Чолпонай, Сулууларды алгыла. Мейлиң баргын, мейлиң кой, Чоң Калчага барамын, Кабар айтып жанамын. Айтпай мага койду деп, Казабына калбаймын. Казаптанып эки дөө, Акы менен Шатыке, Ач-кыйкырык чуу салды, Элине азап бир салды. “Аттангын аскер азыр”, — деп, Буйрук кылып кат жазды. Белдүүдөн эчен эр алган, Беттешкенин муң кылган, Белгисиз жерге жол салып. Белсенип аскер айдаган, Талкалап нечен шаар алган, Мурунтан бери бул экөө, Кылып жүргөн адаты. Тулпар атты токутуп, Муздай темир курчанып, Казабына карк толуп, Каардуу чочко эки дөө, Санаты кырктан сексен миң. Колбутуп черүү кол айдап, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Ат айабай жол тартты. Кылым дүйнө жер бетин, Кыдыратып айланып, Көнүп болгон дөө уулу, Күн батыштын четинде, Көйкап тоонун бетинде. Чалкалап жаткан хан Калча, Жаасы катуу эр Калча, Асмандап учуп көкөлөп. Булуттун учуп үстүнөн, Хан Калчанын үстүнөн, Жаадыкөй каапыр дөө уулу, Жамгыр болуп төгүлүп. Хан жанына келгенде, Каадасынча бүгүлүп, Көзүнүн жашы төгүлүп: — Алдыңа келдим хан Калча, Айтар дартым бир канча. Хан Сулаймат дегенге, Кабар айтып угузду, Өз башынан өткөндү, Бир-бирден буга туйунтту: — Барып калсаң ханым, ай, Атанын кунун кууп алып, Кыз Кылжыке сулууну, Олжо кылып аны алып, Намысымды кетирбей, Алып бергин мага, — деп. Кошуп айтты жана да, Хан Сулаймат айткан кеп. Күн батышта дөөлөрдүн, Ханы эле Калыбек, Азыркысын бар элге, Өзүң жалгыз хан элең. Хан Калчанын буйрук деп, Кабар кылып келдим мен. Суктанма менен Шукшурма, Акы менен Шатыке, Аскери менен айдагын. Жер жүзүндө бар жанга, Оорагыңды жайгамын. Арзан эмес кан ичме, Ал Манастын тукуму, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Болжоп аны жибердик. Кармашаар жерин мына ушу. Кабарын угуп хан Калча. Каарданып сүрдөнүп, Түгү тешип соотун, Кийип кирди бу Калча. Жан алчудай түрдөнүп, Жаасы катуу бул Калча, Жүрүчү экен башында, Кошуун курап кол чайкап, Таласты барып чапмакка. Үшкүрүгү таш жарып. Көзүнөн жалын от жанып, Жүзүн жууп аш ичпей, Казабына карк толуп: — Кененимдин уулу эмес, Андан нары жол тартып, Так Таласка барам, — деп. Кененимди өлтүрүп, Жалаңкыч атын өчүрүп, Алтымыш уруу алашты, Сапырып ийип тынам, — деп. Укум тукум кыргыздын, Ааламдан атын өчүрүп, Бир муратка жетем! — деп. Күңгүрөнсө Калчанын, Каарына жан чыдап, Каршы алдына тура албайт. Көйкап элин колбутуп, Жүз миңге аскер карк толуп, Күн батышта дөөлөрдөн, Алдына кеткен көп колду, Өкүмүнө көндүрүп, Төбөсүндө зор Калча, Бул аттанды дүңгүрөп. Капыр чочко дөө уулу, Кайра тартты бурулуп, Жер алдынан Боронбай, Чыкпасын билет анык бу. Өз элинен бул келип, Катын эркек дебестен, Кызыл алптын элинен, Толтуруп жүз миң кол алып, Каарынан коркуп Калчанын, Аркасы келип кошулуп, Алдынкысы токтолуп, Жетик туулган дөө уулу, Кызыл желек туу кармап, Кыбыла жаткан жер чаңдап. Кектүүлөрдү бүт айдап, Көгүчкөн болуп көккө учуп, Карадөөнүн кенжеси, Капыр жол баштап, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Кененим уулу Сейитке, Бала кетти салмакчы. Отуз күндү бул капыр, Көңүлүндө жат кылып, Арттырып бир күн жибербей, Айдап келди мамынтип. Туу кармаган Суктанма, Түртүшүп бенде жеңе албас, Бул замандын балбаны, Төө чыдайт деп ысыкка, Төө минген аскер түмөн миң. Шукшурма чочко кол айдап, Жер чаңдатып катуу айдап, Шүдүнгүт минген Шукшурма Бүркөлгөн күндөй чүмкөлүп, Кирпик ирмеп көз ачса, Жаасы катуу Шукшурма, Адамдан түрү бир башка, Алты мүйүз уй минген, Аскери бар бир канча. Акы менен Шатыке, Ага-ини уул эле. Атанын кунун алсак деп, Алп Манастын уулунан, Очогорун октошуп, Колумсага ок салып, Соруучудай кумсарып, Ажыдаардай ышкырып, Ысык чөлгө чыдабай, Ылаалап керки бышкырып, Кызыл туман чыккан чаң, Сексен байрак туу алган, Бул экөө жеткир тукуму, Беттешкенин кыйраткан. Бейлебей ысык кумду анча, Калдайып туман буу каптап, Аркасынан чыккан чаң, Аңтарылып кеткендей, Абайласа жер-асман, Буртулдап кызыл кум учуп, Асманда булут токтобой, Бузулуп булут ар кайда, Калыбектин баласы, Атасын тарткан чоң Калча, Тоодой бойу бир барча, Каары катуу күркүрөп, Ант кылып чыккан үйүнөн, Кезенип өзү жөнөөрдө: — Атамдын кунун алам, — деп, Сейитке мүшкүл салам, — деп, Селдей канын агызып, Куураган чөлгө жайам, — деп. Колумду айдап бөлүнтпөй, Таласына барам, — деп, Кененимди өлтүрүп, Атамдын кегин алам деп. Ак калпак кыргыз бурутту, Айак асты кылам деп, Талас кайда биле албай, Жүрүчү элем кайгы жеп. Ата-бала экөөнү, Бул дүйнөдөн көчүрөм, Кененим Сейит дедирбей, Булардын атын өчүрөм. Айтканымды кылам деп. Топурагын тоз кылып, Сапырып ийип тынам! — деп. Салтанаттуу чоң Калча, Минген аты Көкала, Бетинен чыккан ыдыгы, Ысык кумдун жалынча, Салкыны сырттын желиндей, Кебелбейт эле чоң Калча, Сайышаар жоодон эринбей, Көтөргөн чокмор жүз батман, Жолуккандан жан алган. Каардуу Калча камынган, Он миң нарга суу алган. Акы менен Шатыке, Дөөдөн чыккан балбандан, Бир айлык жолго бир күндө, Учса канат талбаган, Суу ташы деп аскерге, Он миң дөөнү шыйгарган. Карадөөнүн уулуна, Сулаймат суусун бермекчи. Суктанма менен Шукшурма, Камдалуу суусу бар анда. Аскери түшпөй атынан, Келип сапка тизилди. Жаш Сейити чунагың, Дүрбү салып болжолдоп, Баарын билди ошонун, Орто эсеби санаты, Беш жүз миңге толгонун. Элүү миңге бир байрак, Элдин санын болжоду. Карадөөнүн кенжесин, Көзү көрүп Сейити, Эсине алды жаш арстан, Кененимдин бир кебин – “Ич оорутпай душманга, Жанын алгын” дегенин. — Унутуп калган экенмин, Хан Сулаймат сураса, Берип койуп ошону, Каралыгын чочконун, Кайдан байкап мен билдим? Кара ниет Сулаймат, Өтөр жолуң ушу деп, Болжогон экен ойунда, Кызылкумдун тушу деп, Жыйнатып келген турбайбы, Күн батыштын зорлорун. Жалгыз жаным мейли эле, Жанымдагы үч жанды, Душманга берип жапанды, Атага наалат келтирип, Жаман атты болбойун. Качырып туруп алдынан, Тосуп өзүм чыгайын, Карынын кебин укпаган, Тумшугу жок курган жан, Туулбай туна чөгөйүн, Кубарган чөлдө өлөйүн! Кебимди айтып угузуп, Кеңешер калкым мында жок. Канча заман жанымда, Каралды болуп бир жүргөн, Көкбука көзүр Жетилбай, Ал экөөнүн дайны жок. Армандуу өлдүм бул чөлдө, Издеп келер иним жок. Ишенээр менде киши жок. Ич ачыр бенде бирөө жок, Өксөп ыйлап көмөр жок, Ак кепиндеп, аруу жууп, Табытымды көтөрүп, Көрүстөнгө жөнөөр жок. Аркамдан келер агам жок, Айланышар бирөө жок. Таласка курган тагым жок, Так ушул жерде мен өлсөм, Дайным билер адам жок. Жаш башымда жараткан, Жалындуу ичке салдың чок! Тарптай талап сөөгүмдү, Кескелдирик, тумсагы, Ойуп чукур көзүмдү, Атаңдын көрү дүйнө шок! Ойрон болгон жаш Сейит, Отузга чыгып өлбөдүм, Карыган атам Кененим, Өз колум менен көмбөдүм. Түп атам айкөл Манаска, Ушул кезге келгиче, Куран окуп көрбөдүм, Атанын кебин албадым, Армандуу болуп өлөйүн. Чыныке энем жанымда, Боздоп ыйлап турганын, Үнүн угуп өлсөмчү. Жыйырмага жашым жете элек, Армандуу болуп өлдүмбү? Чалкар-чалкар төрлөрү Чалкалап жаткан коолору, Киндик кесип кир жууган, Кеңкол ата чоң Талас, Көрө албай сени калдымбы? Эл жайлаган жети төр, Эне ордуна өстүргөн, Ээн калдың кайран жер. Үч-Кошойдун бөксөсү, Кайрылып сени көрөмбү? Өмүрү кыска жан болуп, Мүчөбөй эки өлөмбү, Капканын кара суусун, Бойлоор күнүм болорбу? Куш салып саздан каз алган, Төрткөлдүн төмөн жагына, Төрө Манас түп атам, Өзү салган Сыркоргон, Ойноор күнүм болорбу? Баркөлдүн маңдай жагынан, Бакайдын салган тамынан, Жойлор күнүм болорбу? От жанып турган чагымда, Өлөмүнбү курган жан? Кырчындуунун жээгинде, Түз булактын керүүдө, Желе тартып, бээ байлап, Жердээр күнүм болорбу? Каныкейдин сарайы, Маңдайында талаада, Көк бөрү тартып кунан чаап, Ойноор күнүм болорбу? Же өчөшүшкөн чочколор, Ойрон кылып койорбу? Айчүрөктүн Тармалсаз, Аш-тойдо күлүк чапкан саз, Аркырап күлүк жүгүрүп, Азамат көөнүн ачкан саз, Көрөр күнүм болорбу? Жаш балапан чагымда, Өлүп кетсем бул бойдон, Арманым айтып ким ыйлайт? Ага-ини болбосо, Кабарсыз калса ата-энем, Алтынбулак, Мазартал, Жалгызбулак, Чынардан, Айант жерге Чокталдан, Шумкар салып куу куулап, Ойночу белем шум жалган. Ойума түштү ошол жер, Тумшугу жок курган жан, Мен өлсөм мында карып жан, Чыныке өлөр бей арман. Балам тургай катын жок, Атамдын кебин укпаган, Мен шордууда акыл жок. Өлсөм ыйлар Кылжыке, Өмүрлөшүм жанымда, Кошо өлүп тынабы? Ажыздык кылып Кылжыке, Олжого кетип өлөбү? Жакшылык менен жамандык, Экөөбүзгө тең болор, Абыл менен энеси, Экөөнүн күнү не болор? Караан тутуп биздерди, Келди эле бирге ээрчип, Өлүп калсам куу чөлдө, Кантемин анын күнөөсүн. Баатырдык кылдым ар жайда Көкбука менен Жетилбай, Жанымда бирге турганда, Кетпейли деп кыйлага, Имерилди жанымда. Кыбыла карап олтуруп, Кыраандар ыйлаар күн кана, Томсоруп жаткан жапанга, Токтолуп күнү жаабаса, Асмандан түшкөн жамгырдын, Тамчысы жерге тамбаса, Чабышка минсем Телкүрөң, Тамшанып суудан чалыкса, Мен чыдаармын Сейити, Кырк бир күндүк ачкага, Баса албай тулпар чаңкаса, Жалгыз башым көп колду, Чабалбай кылыч талыксам, Кийген олпок жарагым, Дайынсыз калаар талаада. Ата журтум Кеңколдон, Арнап минген Телкүрөң, Душманга олжо кеткинче, Бир күн мурун өлөрбү? Тутунган туйак болбосо, Сүйүнүп жүрөк сүйөргө, Беш күн болсо жеткеним, Кылжыкедей жубайга. Кыйамат жакын көрүнөт, Не жазганмын кудайга? Олпогумду киер жок, Колумсаны колго алып, Белек кылып атар жок. Күрөөкөм чөлдө чок болоор, Туулга менен калканым, Тутаар жок менин аркамды, Ичи кызыл дат болуп, Куураган чөлдө жок болоор. Ойрон болгон атамдын, Үстүнө күнү шат болор, Айтылбай калаар жумушум, Атым өчүп жок болор. Артымда жок тукумум, Мен өңдөнтүп жаш өлүм, Бендесине бербесин. Жалгыз жанга Кылжыке, Баатырдыгы курусун. Айбалтам менен найзамды, Белек кылып ким алат? Тууганым жок артымда, Туумду кармап ким калат? Мен өлгөн соң талаада, Кылжеке, Абыл энеси, Көзүңөрдө жаш калаар. Кайнатам мага кас чыгып, Сурап алып дөө уулун, Өлтүртмөк экен талаада. Кара ниет Сулаймат, Өчүрмөк экен атымды. Телкүрөң менен өзүмдү, Олжого талап алмакчы, Дайардап сага бир эрди, Көңүлүңө бөккөндү? Эсимден кандай чыгарам, Энеси менен Абылды. Жесетимди бөй талап, Жалдырап турсаң сен карап, Өлгөнүм менин ошондо, Кандай жатам тынч алып? Өлбөй тирүү жан калбайт, Туулган соң адамзат. Атага наалат келтирип, Өлсөм калаар жаман ат. Жалтанып жоодон мен турсам, Жайылып журтка жаман ат. Катын эркек аралаш, Алдыңкы колду байкасаң, Дөө уулунун колу окшойт, Айдалып келген караанга, Мен киремин аралап. Атам Манас болгон соң, Не турамын мааналап? Топурагын тоздуруп, Сапырып ийип тынайын, Кылжыке, Абыл сен экөөң, Байкап тургун артымды, Бирин-бирге кошпостон, Кырып ийип тынайын. Алыңар келсе канчага, Азык-түлүк алгыла. Айрыкчасы суу алгын, Алдымдагы Телкүрөң, Кандыра жакшы сугаргын. Абылдын байкуш энеси, Ачка өлүп калбасын, Азабын салып душманга, Алып берчү мен бармын. Азыраак сабыр кылайын, Агарып сүрүп таң атсын, Күндүн мурду чачылып. Көкжалың минди Күрөңгө, Өңүнөн заар түр чыгып, Ач жолборстой көрүнүп, Айбаты катуу сүр чыгып, Карагандан кан чыгып, Кармагандан жан чыгып, Шай колдогон чунактын, Аркасында ошондо, Айдар кара жал чыгып, Найзаны колго карманып, Чоң доолбасы кагылып, Каптап душман кетпеске, Хан каадасы бойунча, Кызыл байрак сайылып, Телкүрөң менен качырып, “Манастап” ураан чакырып, Жайнап жаткан көп колдун, Алдынан утур жан чыкпай, Жаны ачыган жаш арстан, Аралап кирди элирип, Камчы берип Күрөңгө, Согончок менен теминет. Эңкейиште эр сайып, Элүүнү беттеп бир сайып, Мелжеп сайып он бештен, Аңтара сайып отуздан, Жүздү сайып жүдөтүп, Миңди сайып бөлүнтүп, Саны миңге толгондо, Бирден оңко тургузуп, Мелтиреген куу чөлгө, Агызып канын чубуртуп, Жарк эттирип, шилтесе, Кылычтан канын куйултуп, Кыйырын бузбай кыйратып, Кызыл кумга сулатып, Күнү-түнү болгуча, Дөө уулунун колуна, Кейишти салды арстаның. Абыл менен Кылжыке, Аралап кирди келишип, Ээн калган төөлөрдөн, Ажыратып дөөлөрдөн, Айдап алып жөөлөрдөн, Сулаймат артып жиберген, Он миң төөнүн суу, нанын, Тартып алып бүт баарын, Көлөкөлөп жатышкан. Барандынын түбүнө, Баарын жыйнап чогултуп, Айдап ийди куу кумга. Адамы менен төөлөрүн, Адам соргуч бул кумга, Сиңип булар жоголду. Кыз Кылжыке акыл таап: “Көкбука менен Жетилбай, Кете элек алыска, Кыйын басса бир айлык, Жол баскандыр аралык, Мингеним болсо Кылжейрен, Бир айлык жол канчалык. Султандын көрүп ыраатын, Сулууну алып кучактап, Жатпасын алар чалкалап”- Деген ойду аркалап, Эркекче кийим кийинип, Желкеге чачын түйүнүп, Өзү баатыр балбан кыз, Карыга найза илинип, Тогуз күндүк кумунан, Токтоо кылбай чураткан, Укмуштуу кыз Кылжыке, Учкан куштай чөл баскан. Шаардын чыгып четине, Көк өзөндүн булакка, Чатыр тигип ойдуңда, Сулууну алып койнуна, Берендер жаткан ушунда, Жээрде аттын дүбүртү, Угулуптур кулакка. Таанып калып Жетилбай, Жүгүрүп чыкты шашыла. Келбетинен Жетилбай, Кыз Кылжыке сулууну, Таанып калып шашылды: — Не калба болду Кылжыке, Келбейт элең бекерче? Кай тараптан карбалас, Келип калдың бул жерге? Жетилбайга Кылжыке: — Азапты тартат турбайбы, Ар бенде жолдон адашса. Куураган атам сураса, Берип койгон дөө уулу, Колбутуп айдап аскерин, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Баштап келди дөөлөрүн, Ат көтөргүс жөөлөрүн, Келген жумуш бул, — деди. Айалдабай Көкбука, Токтоно албай Жетилбай, Алтынай менен Чолпонай, Атты токуп камынып, Жетип келди куу чөлгө. Акылман кыз Кылжыке, Олжо малың болсун деп, Он миң төөнүн суу, нанын, Кайтартып койду буларга. Дөө уулунун аскерин, Кызыл канын жошултуп, Суктанманын элине, Айдап кирди кошултуп. Буттай темир курчанып, Желмайан минип очойуп, Кабагы жерге салынып, Каарга найза илинип, Буура тартпай бул доңуз, Келте мурун, кең беттүү, Алп мүчөлүү келбети, Суумергендин уулу, Жалтанбастан Сейиттен, Жан айабай качырган, Өзү мыкты шамдагай, Өрттөнгүрдүн ырааңы, Өрттөнүп кеткен арчадай, Телкүрөң минген Сейити, Капталынан бир муштап, Өтө берди бул чочко. Каны тартып Суктанмаң, Өзү келген алыстан, Кыйшайбастан эр Сейит, Карап турат какайып. Каары катуу Суктанма, Кара жанга күч келип, Беттеп жана качырды. Карадөөдөн качпаган, Кайраттуу Сейит жаш арстан, Суктанманын найзасын, Каңгыта кагып жиберип, Кыйамына келтирип, Кый сүбөөнүн тушунан, Кыраан эр найза муштады. Чыдай албай темир тон, Бадырап кыйрап жоголду. Бул Сыргактын найзасы, Бадыратпай койобу, Тогуз кабат топчулук, Токтоо кылбай үзүлүп, Тоодой болгон Суктанма, Бир сайып төөдөн түшүрүп. Кайраты артык кайран жаш, Жакшы менен жаманга, Бышыгып калган курган баш. Атанын кеби эсинде, Кечирбестен баш алмак. Көмөлөнгөн каапырды, Көрүнгөн тоодой баатырды, Балта менен башка чаап, Жайнатып кумга мээ чачып, Кез келгенди жалмады. Жарык күн батып төбөдөн, Түнгө айланган убагы. Кайра тартты арстаным, Барандынын түбүнө, Кыз Кылжыке жанына, Кылчайбастан барууга, Алдындагы Телкүрөң, Келе жатат шамалдай, Мамыдан чечип чылбырын, Эми эле мине калгандай. Эр караанын көргөндө, Көкбука менен Жетилбай, Алтынай менен Чолпонай, Абыл менен энеси, Кыз Кылжыке баш болуп, Амандашып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эрге тамак чай берип, Атка сууну жай берип, Көкбука менен Жетилбай, Бирге басып жанаша, Барандынын жанында, Башта сайган байракты, Желпилдетип колго алып, Көкбука, Жетил жанында, Сейиттин көөнү азыр жай. Көкбука менен Жетилбай, Түн ичинде уктабай, Душманга салды түйшүктү. Шукшурма, Акы, Шатыке, Калыбектин чоң Калча, Карадөөнүн кенжеси, Баш кошулуп бир жерге: “Суктанманы өлтүрүп, Кейишке салды Сейити, Азыгы жок жалгыз жан, Арбын алды азыкты. Көкбука менен Жетилбай, Үчөө болуп табышты. Кызыл алтын элинин, Суудай канын агызды. Кылчылдашсак аралаш, Койбой кырат бир жанды. Эртең менен майданга, Жекелеше чыгалы. Шай келе албай баратса, Буктурма койуп ар жерге, Капысынан качырып, Канкорду байлап алалы” Дешип алар кеп салып, Кеңеш бүтүп эл жанып, Сүрүп чыкты таң атып. Керней, сурнай тартуучу, Бөкөлдөрү жүгүрүп. Доолбас, керней, сурнайы, Туш-тушунан ызы-чуу. Эркин жерде тартылса, Эки айлык жолго угулмак. Чогулуп аскер сап болуп, Шукшурманы кийинтип, Чыгарып койду маңдайга, Эр сайышаар майданга. “Колдо кудай эми деп, Көзалага сыйынып, Карап турду жардашып. Шүдүңгүт минген Шукшурма, Найзаны алып колуна, Баатырды сайып алам деп, Келе жаткан ойунда. Алдында минген Шүдүңгүт, Чукул жерден бурулса, Шамал жетпейт ушуга. Көкбука көзүр кеп айтып, — Арстаным Сейит кебимди ук, Аркаңыз тийип өзүмө, Чолпонай тийди колума, Кызыгын көрдүм сулуунун, Кучактап кызды боорума, Чочкодон өлсөм кокустан, Өчүмдү алчу өзүң бар. Үч жыл жүрүп ар кайда, Үй көрбөдүм талаада. Уй минип чыкчу капырга, Теңтуш киши кептентип, Сиз барбаңыз жекеге. Тар кыйа тайгак чөл бүгүн, Бир жарайын керекке. Эңшере сайып өгүздөн, Өчөйгөн итти алайын, Тузуңду баатыр актайын, Түйшүгүңдү тартайын. Өзүңдөн кийин калганча, Мурун өлүп жатайын. Артыңда калып баатырым, Азапты андан тартпайын. Бербей койсоң бул итти, Көөнүмдөн чыкпас арманым. Шакмуруттан зор эмес, Шайтанды сайып алайын, Артынан чыккан эр болсо, Аны да кошуп алайын. Кызматын кылбай мындайда, Кусуруңа калбайын, Көрсөтүп кызмат алымча, Озуруңа канайын. Уруксат алып көкжалдан, Кирип келди тартынбай, Көкбука балбан майданга. Келгенче булар жан ачып, Чукул жерден сайышып, Машы чыккан баатырлар, Кагышып найза кол тартып, Өтүшүп кетти бул экөө. Кайра тартып Шукшурма, Капталга муштап өтөөрдө, Айбалта менен найзасын, Кагып ийип арстан, Кандим болгон Көкбука, Табарсыктын башына, Муштап өттү Көкбука, Мүчүп калды Шукшурма, Найзасы жок колунда. Көкбука урган чоң найза, Ай далынын көбүк эт, Учу кетти аралап, Чычаңы ылдый кара кан, Көп куйулду салаалап. Кайра тартып арам ит, Качып калды калдаңдап. Калдайган итти Көкбука, Кантип аны куткарсын? Шүдүңгүтү чүлүңдөп, Шукшурма көзү үлүңдөп, Кууп жетип Көкбука, Аркасынан күжүлдөп. Тулпар оозун бош таштап, Май сооруга найза аштап, Тоодой болгон Шукшурма, Кызыл кумга кулатты. Беттешкенин мент кылган, Белдүү баатыр Көкбука, Балта менен башка чаап, Сугаты канды кызыл кум, Шукшурманын канына. Сүрүлтүп күлүк ат минген, Акы дөө жетти жанашып. Атадан калган нарк экен, Акы дөөнүн салты экен, Жоого иштетер жарагы, Капталы калың балта экен, Сырты чокмор шекили, Уйуткан көпкөк темирди. Балтасын алып күүлөнүп, Күңгүрөнүп бул айбан, Бүркөлгөн күндөй чүмкөлүп, Томсоруп күлбөй кумсарып, Ала жүргөн далайы, Аскер айдап колбутуп, Чуу салып жүргөн далайга, Колумсага ок копшоп, Аскер айдап туу кармап, Коркутуп алган нечен жан, Ардактуудан экөө өлүп, Арданганы мамындай, Жетик туулган Көкбука, Найзаны таштап жиберип, Балтаны кармап имерип, Качырып кирди тартынбай, Лепилдеп ысык от жанып, Көргөндүн баары таң калып, Ачууланып Акы дөө, Алда канча каарданып, Камынганы балта чаап, Жаза чапса кумду чаап, Тийсе балта башына, Кантип тирүү жан калат? Балтага балта чака-чак, Үнү чыгып алардын, Кулак тунуп шака-шак. Балбандардын чабышын, Баары көрүп таң калат. “Балакеттүү кыргыздын, Баары балбан, баары зор, Ошону менен беттешип, Каткан экен биздин шор! Суктанма менен Шукшурма, Ал экөөнү сулатты. Акы дөөнү дагы алса, Анан бизди кууратты. Өлүп кетсе Акы дөө”. Ойлоп турат ниетинде, Шукшурма, Акы, Суктанма, Аскери кайра чубашты. Көпчүлүгү чуркурап, Колдо бизди кудай деп, Көзала деп жалынып, Коңгуроого сыйынат. Күнү-түнү үч күндө, Көкбука, Акы чарчады, Алдында минген аттары, Куйкаланып шыйрагы, Кызыл жоор болуп ат арып, Каары катуу Акы дөө, Найзаны алып колуна, Көкбуканы качырып, Как далыга бир сайды. Талкаланып кечири, Катуу тийип найзасы, Бадырады темир тон, Кызыл кумга шурдалып, Учуп түштү Көкбука. Балбандыгы башкача, Баатыр чочко Акы дөө, Баданасын кыйратып, Көкбуканы кулатты. Жебеден мурун Жетилбай, Акы дөөгө ал жетип, Кол бошотпой найза уруп, Айкалышып ушундай, Жеткирбеди капырды, Көкбукага ал мындай. Абыл келип ат кармап, Көкбуканы куткарып, Барандынын түбүнө, Алып барды Абылы, Куткарып калды жанына. Акылман кыз кылжыке, Жарасына дары чаап, Жакшылап атып Чолпонай, Бар керегин жам кылып, Белендеген Алтынай, Жай алгызып жаткырып, Көзүр баатыр Көкбука, Жаткан күнкү маалында, Ордунан туруп сакайды, Мээ кайнаган ысыкта, Оттой күйгөн куу кумда, Төрт күн талбай чабышкан, Жетик баатыр Акы дөө, Ысыган кумдун заарынан, Көзү көрбөй тунарып, Тиш кычырап тил чайнап, Шайы кетип көз жайнап, Өчөшкөнсүп Акыга, Ого бетер күн кайнап, Алдында минген Сур аты, Айак серпер ал калбай, Кыймылдарга шайы жок, Былк эте албай турганда, Балакеттей Жетилбай, Балтаны алып колуна, Кыйа тартып чуратып, Балта менен башка чаап, Жетилбай аты азыр тың, Жаңы келген майданга. Кыйгактуу найза колго алып, Куйундатып тулпарын, Кырынан келип бир сайып, Баш аламан койгулап, Барган сайын Жетилбай, Ур дегиче үчтү чаап, Жалдырап турат Акы дөө, Мыдыр этер шайы жок. Кыйамы менен кылычтап, Аман койбой бир жанын, Көмөлөттү Жетилбай. Аңтара сайып атынан. Көөдөнгө минип шашылбай, Чечиндирип бүт кийимин, Көкбукага берем деп, Жүрүп кетти Жетилбай. Жетилбай жөнөй бергенде, Жайнаган калың көп колдон, Шатыке чыкты тура албай. Минген аты Темиркөк, Мурду кызыл, көзү көк. Атадан арта туулган, Ар мүчөсү келишкен, Кийгени темир баары көк. Көшүгөндөй күлүңдөп, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Чыдабай чочко сүрүнө, Адам бакпай түрүнө, Жапандакы жапа айбан, Жашынды жердин түбүнө. Түгү тешик кийимин, Алп мүчөлүү дардаңдап, Жан койбоочу немедей, Эки көзү чакчаңдап. Эшилип жаткан кызыл кум, Сапырылып жер чаңдап. Шатыкени көргөндө, Бала баатыр Сейити, Телкүрөңдү камчылап, Качырып кирди беттешип. Маңдайлашкан эки дөө, Токтоо кылып тура албай, Оңойлук менен чаалыгып, Сыр алдырчу мал эмес. Ал экөөнүн аттары, Азар түмөн урушту, Арзандык менен бүтпөстөй, Ал экөөнүн жумушу. Найза менен мушташып. Учун канга чыкташып, Ак көбүктөп кан агып, Барган сайын күчөшүп, Сапырылып жаткан кум, Мейкин түздү чаң басып, Тополоң уйу, тоз учуп, Бозоргон чөлгө жарашып, Жандары чыдап тура албай Найзалашып сайышып, Найзаларын кагышып, Балталашып чабышып, Балтанын сыртын жарышып, Кызыл жалын от кетип, Туулгалары быркырап, Коркуп эли чуркурап, Үндөрү чыгып күркүрөп, Угуп турган адамдын, Бүткөн бойу дүркүрөп, Найзалашып урушту, Арзанда бүтпөй жумушу. Эчен түрдүү урушуп, Туйлатып тулпар ат минип, Ошол өңдүү жаңжалга, Баатырлар кылып туруштук. Ысык кайнап бир жактан, Баш айланат ысыктан. Телкүрөң менен баатырың, Капталдан тийип качырып, Бөйрөккө найза бир уруп, Кызыл канын чубуртуп, Жаралуу болуп Шатыке, Качып чыкты майдандан. Ханы өлгөн көп аскер, Айласын таппай сандалган. Калчадан баары ийменип, Качалбай турган топтуу жан. Каптап кетти көп аскер. Жардык болуп Калчадан. Телкүрөң оозун тартпаган, Олпокко бойун чаптаган, Кылычты сууруп кынынан, Кыйкырып кирди жаш арстан, “Манастап” ураан чакырып, Ач кыйкырык жаңырып, Жазайыл аткан немедей, Жапандын бети жаңырык. Ителги тийген таандай, Имерип жааган жаандай, Көкбука менен Жетилбай, Көрүп булар тура албай, Качырып кирди четинен. Кыраан бала Сейити, Кылычтан канын чубуртуп, Кумду канга жуурутуп, Чыдай албай көп аскер, Кан Калчага жамынып, Кылычтан башы кесилип, Көөдөнүнөн чандандын, Кара каны куйулуп, Башы көзү кан жалап, Маана таппай аркалап, Чымындай жанды калтырбай, Кырат экен бизди деп, Кыргыз деген кысталак, Ыйлап кетип баратат, Чапкан чөптөй аркасы. Кыйрап кетип баратат, Жылдыз такта болгондо, Кыз Кылжыке акыл таап, Алтынай менен Чолпон ай, Эркекче кийим кийгизип, Абылды алып жанына, Жаныңды жайлап жаткын деп, Абылдын байкуш энесин, Таштап койуп кошунга: — Алыска кетпей адашып, Адашкан аскер көп жүрөт, Аргасын таппай ар жайда. Ат айабай чапкыла, Жыйнап келе калгыла. Ат ичмеги кийизден, Ээси өлгөн кийимден, Жыйнап келе калгыла. Ачып көздү жумгуча, Бир миң аскер жыйналды. Ат токуму эр кийим, Ар жерге топтоп чогултту, Чогултуп болуп өрт койуп: — Ачкан оозун жумбастан, “Манастап” ураан айткыла. Жакшы болсо кызматың, Өлтүрбөй силерди. Алтынай менен Чолпонай, Абылы сен да кошулуп, Тынбай мылтык аткыла! “Манастап” ураан айткыла! Деп жардыгын ал айтты. Айтканын кылып көпчүлүк, Кызыл жалын от жакты. “Манастап” ураан чакырып, Кумдун бети ызы-чуу, Асман тиреп өрттөнгөн, Жалын чыгат ар жайда, “Манастап” ураан чакырган, Бакырык бар ар жайда. Байкап аскер караса, Айланасы жаңырып, Мылтык үнү карсылдап, Добулбас унү заңкылдап, Кыйкырык сүрөөн ызы-чуу, Шашылып калган аскердин, Кулагына угулду. Үн кубулуп миң түрдүү, Байкап аны караса, Күндүзгүдөн бул сүрдүү. “Кабар таап кыргыздар, Келген экен мында, — деп, Аман койбой тентитип, Алат экен бизди”, — деп. Эстен танып темтиреп, Басарын билбей куу чөлдө, Баш-аламан болушуп: “Кыйкырыгы баш жарып, Кыргыз каптап кирди деп. Акыр заман так бүгүн, Салмак болду бизге деп, Не болсо да, кыргызды, Тымтыракай кылсак деп”. Ээн жактан калың кол, Кылычын кындан суурушуп, Кыйын болду бул жумуш, Ичибизде кыргыз деп, Бири-бири менен урушту. Күчү жогун күчтүүсү, Алы жогун алдуусу, Шайы жогун шайлуусу, Камы жогун камбылы, Кырып кирген ызы-чуу, Аралашкан аскердин, Аккан каны кызыл суу. Талкалашып таң атып, Дайынсыз уруш талашып, Таң атканда караса, Кырылышкан урушта, Аскери жок кыргыздын, Бирине бирин кырдырган, Кылжыке кылган укмуш бу. Тентип кетип шум чөлгө, Канча миң аскер кырылган, Күйүп ичи Калчанын, Жоголгонго дайны жок, Колундагы көп колун, Жарымдан ашык көбүрөөк, Өлүп кеткен окшоду. Шору каткан дөө уулу, Жаш Сейити арстанга, Утур келип капташты. Жүрөгү үшүп калган ит, Апкаарыды айабай, Акыл ойлоп эс таппай, Көгүчкөн болуп уча албай, Шашып калган мезгилде, Телкүрөң менен Сейити, Ур дедирбей жеткени, Жаракташып жүргүзгөн, Жайлап алды дөө уулун. — Жетилбай менен Кылжыке, Баш душманы бул эле. Бошотпой азыр болгун, — деп, Тапшырып берди экөөнү. — Шатыке кайда билдиңби?, Шайтанга окшош түгөнгүр, Шашпагын колго тийдиңби? Жер бетине калтырбай, Дөөлөрдү жыйнап келдиңби? Сулайматтын көл тилге, Алдоосуна кирдиңби, Байакыдай Сулаймат, Ажыратып ала албайт. Акылыңдан чыгаргын, Анын тийбейт карааны. Айласы кетип дөө уулу, Айтып турду ал муну: — Түндөгү болгон урушта, Түйшүк тарткан жумушта, Тентип кетип жоголду, Нече миң аскер бул кумга, Кайнап жаткан калың кол, Хан Калчанын колу бул, Бер жагынан көп караан, Шатыкенин колу ал. Бузулбай турган эки кол, Эки хандын колу ошол. Күн батыштын элдери, Бирим эмес башынан. Шатыкени хан Калча, Түк киргизбейт колуна, Бирине-бири тыңдуусуп, Шатыке өзү жаралуу, Калча турат кырдуусуп. Баарын айтып дөө уулу, Байлоодо калды жалооруп. Куйун шамал бургутуп, Телкүрөңдү ойнотуп, Шатыкенин колуна, Кирип кетти Сейити. Бала Сейит жаш арстан, Сүрүнөн коркуп качкан жан, Качканына карабай, “Шайтандан бүткөн Шатыке, Кегим алам андан деп, Кылыч тартпай кынынан, Балталап башын чагам” — деп, Калың колду аралап, Кирип келди көкжалың. Элебей калды Шатыке, Аттан түшүп турган жөө, Ойунда жок Шатыке, Сейити келип калат деп. Сейитти көрүп Шатыке, Камынып атка жеткенче, Жаны ачыган эр Сейит, Чоң балтаны колго алып Арта салып ийгенде, Жеткен жерде чочкону, Чокуга тартып жиберди. Кайра айланып дагы чаап, Шатыкенин канына, Кызыл кумду сугарды. Шатыке атын өчүрүп, Менменсиген чоң дөөнү, Бул жалгандан көчүрүп. Көкбука, Жетил, Чолпонай, Кыз Кылжыке, Алтынай, Азык-түлүк суу алды, Айдап барды алганды. Качкандын бирөө кез келип, Өлтүрүп кеткен турбайбы, Абылдын жалгыз энесин. Абыл турат көзүнөн, Мөндүрдөй кара жаш кетип. Эчкирип ыйлап токтобой. Эр Сейити Кылжыке, Алтынай менен Чолпонай, Көкбука менен Жетилбай, Абылдын кылып кадырын. Көөнүн көрүп жарымын, Көзүнөн аккан жамгырын, Баары ыйлап тура албай, Аруулап аппак жуудуруп, Ак кепинге буудуруп, Балта менен көр казып, Алып барып койушту. Душманды сайып алган соң, Зыйнатын анан кылам деп. Барандынын түбүнө, Аса байлап Күрөңдү, Тамак ичип жай алып, Сейити айтат бир кепти. — Кеңкол ата Таластан, Жалгыз келген жан элем, Жараткан болуп чоң жөлөк, Алты жан болуп мен калдым. Сөөк сүтүн эмизген, Энекем өлүп калганы, Арманым калды менде ушул. Энемдин кегин кубалап, Эсен турса бир жаным, Жарымдан ашып эңшерип, Чоңдорун жоонун мен алдым, Карадөө уулун байладым. Көк өзөндүн түзүндө, Кара ниет Сулаймат, Сурап алып дөө уулун, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Жаман жабыр мен тарттым. Теңирим берип ырыскы, Тентип жүрүп талаада, Тамактын каарын тартпадым. Кылжыке кылды кызматты, Жакшылык менен жамандык Баарын бирдей тең тартты. Кылымга калаар айтылып, Кылжыкенин амалы. Кыргыздап салып айкырык, “Манастап” ураан чакырып, Кылым колго чуу салды. Алтынай, Абыл, Чолпонай, Кымбаттуу курбум Кылжыке, Акылы терең Жетилбай, Артык туулган Көкбука, Кыйналып турган кезинде, Жатып албай чалкалап, Тартынбай келип ашыгып, Душманымды кыйратып, Караан болуп жаныма, Айанбай кылды кызматты. Эт жүрөгүм былк этет, Эстегенде Калчаны, Каары катуу бул чочко, Кармашып ага ким чыдайт? Сынбай туруп тим эле, Кыр арка сөөгүм зыркырайт. Беттешип тирүү калбаган, Мен өңдөнгөн нечен жан, Жакшылык менен жамандык, Аралаш келет инсанга. Жакшылыкка сүйүнүш, Жамандыкка күйүнүш, Кайра тартып баш тартыш, Атышкан жоодон жазганыш, Азамат кылаар иш эмес. Алган күнү кош болуш, Алдырган күнү томсоруш, Эркек кылар иш эмес. Эртең чыгып беттешчү, Оңой олтоң киши эмес. Оңойлук менен адамга, Омурулаар тоо эмес. Азыркы жүргөн адамдын, Айбаты артык жаманы, Айбаты артык жаман деп, Атам Манас болгон соң, Жазганып андан каламбы? Эртең менен камынып, Күн тие ага барайын, Арбагы колдоп Манастын, Аңтара сайып саламбы? Же аңтарылып Күрөңдөн, Армандуу өлүп каламбы? Арзан киши дебеймин, Калыбектин Калчаны. Капталда жаткан Камандай, Каары катуу чочкону, Кандай адам ойлонбойт, Шай колдосо өзүмдү, Көкала аттын үстүнөн, Көмө койуп аламбы? Алып калсам Калчаны, Аламан койуп чуу тартып, Аскеринин артынан, Баштагыдай күч алып, Аралап кирип барбаңар, Аккан дайра сел болсо, Адамсыз жапан чөл болсо, Көкбука менен Жетилбай, Айлана курчап тосуңар. Четке киши чыгарбай, Үйрүп камап туруңар. Айрыкча сен Кылжыке, Кара дөөнүн уулуна, Азыр болгун көбүнчө. Аскер каптап кол салса, Дөө уулунун жанында, Кайтарып Абыл сен калгын. Өчөгүшкөн дөө уулу, Өзүндө жок, бизде жок Өрт койуп ийип жүрбөсүн, Кылжыке, Чолпон, Алтынай, Аш-азыкты баккыла. Аңгычакты болбоду, Асмандын бети жаңырып, Ач-кыйкырык ызы-чуу Каардуу чочко Калчадан, Керней-сурнай тартылып, Түн ичи бүлүк салат деп, Уктай албай эч бир жан, Миң кишиден бир киши, Миң башчысы келген деп, Чакыртып алып Калча хан: — Бейкабар болбой көзүң ач, Беттешээр душман эң жаман, Кутулуп мындан ким калган, Башынан бери кан ичме, Манастын уулу баладан, Эртең менен камынып, Өзүм барам жекеге. Жаным тирүү болгондо, Өлгөндүн кегин кууп алып, Ал өңдөнгөн бурутка, Акыр заман бир салам. Көмөлөнсө атынан, Аламан койуп кирбегин, Каптап уруш кылбагын, Кылжыке, Чолпон, Алтынай, Кызыл алптын тукуму, Карадөөнүн кенжесин, Өлтүрүп койуп качпасын, Буга азыр болуңар, Капка тоодой мен турсам, Эмнеден камыңар. Ээрчигени эки кул, Нечен күндөн бер жакка, Сейиттин салган чуусу бул. Мен берем анын жазасын, Күндөн мурун тургула, Жез барабан ургула, Көргөндө бизге таң калсын. Он эки түрдүү жарагың, Сап бойунча тизилгин. Жүз кишиге бир желек, Миң кишиге бирден туу, Артылып саптан саналсын. Урушка минер атыңар, Сугатын жакшы кандыргын, Курсагын жакшы тойгузгун, Уктабастан бүгүн түн, Таң атканча камынгын, Күн кетип түнгө айланса, Падышалык панардан, Баары жерге жандыргын. Эңкейип кетсем кокустан, Эси жоктор кырылбай, Жарак таштап баарыңар, Баш ийип буга туруңар, Эптеп ага жагынып, Жакшы, жаман чоң, кичик, Амал кылып өлтүргүн, Келбесе алың кайтып бар, Сен үчүн өлдү эрлер деп, Сулайматка айтып бар. Сулаймат мыкты амал көй, Бир айласын ал кылаар. Аңгычакты таң атып, Балакет уруш башталчу, Жез барабан кагылып, Бар аскер атка жабылып, Жан алуучу Калча хан, Үстүнө кызыл жамынып, Сайышар жери кызыл кум, Нак окшошуп капыр кул, Жан алуучу периште - Азирейил сүрдүү кул, Үнү күндөй күркүрөп, Каары катуу, заардуу кул, Маңдайда көзү жайнаган, Баргандын шору кайнаган, Жан куткарбас баатыр кул, Колуна найза кармаган. Кол салганды жалмаган. Колбутуп кошуун айдаган, Тирүү койбой жан алган, Кол жеткенди кыйраткан. Түрү суук заардуу кул, Бөрк ордуна баш алган, Бөөдөсүнөн кан чачкан, Тоо бөксөрүп жол салган, Томкоруп нечен эр алган Менменсиген далайын, Катынын жесир тул кылган, Бет алган жакка чуу салган, Бейпайлуу элди муң кылган. Канча түмөн көп шаарды, Сапырып ийип жок кылган. Душманын жеңсе адаты, Тукумун кошуп кыйраткан. Кызын алып ыйлаткан, Көтөрө албай нечен кыз, Өлүп калып шор каткан. Өрттөнгөн тоорак кептенип, Оройу бузук Калчанын, Кай кылыгын мен айтам. Кан жыттанган капыр кул, Каары катуу, заары күч, Көкала минип далбайып. Ач бөрүдөй жаланып, Ачакей тилдүү өткүр миз, Заардуу найза колго алып, Кызылы калбай өңүндө, Кумсарган чөлдө сурданып Зым-зым этип зымырап, Удургуп учуп кызыл кум, Жер козголуп кыймылдап, Асманда булут токтобой, Күн тутулуп тунарып, Казабынан жан калбай, Жапанда жандар чогулуп, Тешикке кирип корголуп, Казабына карк толуп, Аттанып үйдөн чыкканда, Касем ичип ант кылган, Суу сыйпап бетин жуубаган, Сүрү артык бул чочко. Карасынан чаары көп, Көзү чекир сарыча, Ыраңы кара чочконун, Ташбаканын түрүндөй, Сары түгү сапсайган, Кирпи чечен түгүндөй, Сакал менен мурутка, Деги темир тийбеген, Жапайы доңуз жүнүндөй, Жыландай өңү өтө чаар, Сүрөтү адам болбосо, Сөлөкөтү башка жан. Бойу бокор тууралжын, Үнү мунун ачуу заар, Бели бүкүр, мойну ийри, Кең көкүрөк, сом далы, Керүүдөгү жалпактай, Маңдайынын бырышы, Эл жайлаган жылгадай, Колдорунун салаасы, Айууга окшойт чамасы. Кебетеси, кешпири. Деги эле жанга окшобойт. Сүрөтү окшоп адамга, Тулку бойу бир дөбө. Арзан менен чочконун, Бүтөөр эмес жумушу. Кан менен колун жууган, Капшыра белин буунган, Карамдык менен бул доңуз, Канчага салган чулган. Күн батыштын элине, Каары катуу угулган. Баштап колду жүргөндө Сапырылып жер чаңдап, Айгай сүрөөн кыйкырык. Чымылдактай зыркырап, Жердин бети жаңырык. Тополоң уйуп жаткан чөл, Араң берип туруштук, Каарынан коркуп капырдын, Асманды карап кум учуп. Мисте, мийан, азыткы, Албарстысы кошулуп Токтоно албай удургуп, Түрү суук чоң Калча, Көкала атка камчы уруп, Оозунан түтүн буркурап, Кан ичменин тукуму, Чык бери деп кыйкырып, Чымырканып чыңырып, Көкала тулпар мингени, Чабына батпай суурулуп, Майданга келип бул турду. Коркуп мындан калабы, Ак калпак элдин багы үчүн, Башынан баатыр жаралган, Бул Манастын тукуму, Жаш арстан Сейити, Телкүрөңдү булкунтуп, Топурагын бургутуп, Томсоргон кумду кубултуп, Ысык күндө аккан тер, Ат жалына чубуртуп, Чоң экен деп жазганбай, Хан Калчага бет алып, Эки баатыр беттешип, Кандуу найза кармашып, Качырышып кан бүркүп, Канча күн жүрсө сайышып, Бул экөө талбайт майышып, Өлгөндөрдүн кунун кууп, Өчөгүшүп кайышып, Маңдайлаша барышып, Барганча күчөп сайышып, Сурданышып чабышып, Сүр бетинен алышып, Күнү түнгө уланып, Түн ичинде шам жагып, Күнү-түнү үч күнгө, Урушу кетти узарып. Өжөрлөнүп көгөрүп, Өчөгүшкөн эрендер, Өткүр найза өңөрүп, Учу түгөп найзанын, Сабы менен салышып, Кыйрап сынып сап калбай, Көрүп туруп аларды, Көпчүлүктүн дени өлүп, Кээ кезинде алардын, Ач кыйкырык угулуп, Ач билектен алышып, Өйдө кетет жулкушуп, Ылдыйга кетет жарышып, Этегин түрө кармашып, Үзөңгү боого басышып, Мүдүрүлбөй аттары, Бөлүнө кетет айрылып, Кармаган жерден кан чыгып, Өлбөй тирүү калышып, Кан соргуч киле сары эшек, Бөйөн, чайан, тумсагы, Коркконунан корголоп, Кескелдирик батмачык, Баш көтөрбөй мааналап, Кобо албай коркушуп, Жаткан жерде чырылдап, Ачкалыкка чыдабай, Азуулары кырсылдап, Сапырылып кум учуп. Төөлөрү боздоп буркулдап, Уйлар мөөрөп озондоп, Ат кишенеп тура албай, Качырга кирип калтырак, Жер токтобой чайпалып, Канча заман жаткан чөл, Караан калгыр калтырап, Коркконунан жан турбай, Айласы кетип аскердин, Азыраак тыным ала албай, Аңтарылып чаңдары, Ат үстүндө тура албай, Койон жүрөк коркогу. Кош кыйалдуу чоркогу, Аттарына мааналап, Амалын таппай бүжүрөп, Айласы кетип далайы, Сийдиги агып чубуруп Эки баатыр тирешип, Чабышып жатты күчөшүп. Таң атканча шам жагып, Күнү-түнү тең жарык, Кылыч алып кыйкырып, Кыйа тартып урушуп, Кылычка кылып туруштук, Кылычында миз калбай, Сырты менен салышып, Талкаланып жоголуп, Кур кол болуп калышып, Баатырлар чапкан жарактан, Асмандын бети жаңырык, Учуп жүргөн канаттуу, Акылынан жаңылып, Балталашып чабышып, Кара темир чыдабай. Уңгусунан жарылып, Сабы менен салышып, Жакалашып тирешип, Аттуу туруп күрөшүп, Жакадан тартып чойушуп. Кочкордон бетер койушуп, Ийик саптай кызыл кан. Мурундан агып чубуруп, Карап турган көпчүлүк, Коркконунан кудайлап, Качканы да кудай дейт, Кууганы да кудай дейт, Жер бетине маалым кеп, Кош колдоп кармап жакасын, Сүйүнсө да кудай деп, Күйүнсө да кудай деп, Кудайлаган нечен жан, Кудайдын атын түк билбес, Нечен миң аскер колбуган, Оозун ачып кыйкырса, Манастан башка сөз кирбейт. Манастаган жаңырык, Үнү калбайт басылып. Башка жан болсо бул чууда. Манастаган үндү угуп, Жүрөгү чыгып өлмөкчү. Кайраты башка бул чочко, Зым-зым этип зымырап, Ызы-чуу тургай Сейитти, Бучкагына теңебей, Камарабай жай турган. Кур кол калып майданда, Аркасынан калгандар, Бирден найза жеткизди. Жаңылап найза алганда, Каарданып чоң Калча, Кайратына карк болуп, Бүткөн бойу нымыгып, Эти араң ысыган, Сейитиге бет алып, Камдуу найза өткүр миз, Муштап өттү сооруга. Тышынан кийген олпогу, Ичиндеги темир тон, Темирдин чыгып талканы, Олпоктун булап буласы. Чыпалактай кызыл кан, Чычаңы ылдый куйулуп, Минген Күрөң жаныбар, Оргуган кызыл куу кумга, Көмөлөнүп кетпеди, Тумшугу менен кум сайып, Ат мүдүрүлүп оңолду. Ат мүдүрүлүп кеткенде, Суурулуп кетти найзасы, Арбагы колдоп Манастын, Шай колдогон чунакты. Бүкүлү тоо болсо да, Көмөлөнүп жок болмок, Ошол сапар сайганда, Жер тайанган Телкүрөң, Көмөлөнүп жылалбай, Так түйүлүп турду эми. Аманат жаны Сейиттин, Ошол катым бир калды. Түбүндө Манас уулуна, Жеринен калган ата салт. Жаралуу болсо найза жеп, Кан куйулса жошулуп, Жаны ачыса күч алган. Жаралуу болуп Калчадан, Жаны ачыды Сейиттин “Атам Манас болгон соң, Көкала аттан Калчаны, Аңтара сайып албасам, Атага наалат келет, — деп, Түп атамдан бер жакка, Сайдырбаса душманга, Айкөл атам Манастын, Арбагы мени колдо, — деп. Жараткан кудай жардамын, Абалкы өткөн шерлердин, Жеткире көргүн жардамын. Колдосоң атам арбагы, Ушул күндө колдо”, — деп. Чакырса ураан “Манас” деп, Оозуна кирди Гүлүс деп, Арбагы келип Манастын, Айттырганы ушул кеп. Оорагы артык Гүлүстөн, Манжудан келген дин каалап, Коңурбай менен батышпай, Бойунда болуп чоң талап, Соорандык уулу Алмамбет, Айкөл Манас баатырдын, Бул дүйнөлүк жолдошу, Ал дүйнөлүк колдошу, Кылым дүйнө калкына, Арбагы артык угулган, Алмамбеттин уулу бул. Адамдан артык шер Гүлүс, Айры төштүн алдына, Жыгылбаган эр Гүлүс, Батышта аты угулган, Чыгышта Коңур баштаган, Атактуу нечен алптарды, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Жалгыз өзү жалмаган. Жапандан чыккан Кызылдөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Манжулардын Жубатай, Жексен кылып таштаган. Гүлчоро келет дегенде. Кылым дүйнө жер жүзү, Кырылып кете жаздаган. Үн чыгарбай эч бир жан, Атканын жазбас мерген кул, Айтканын кудай берген кул, Алышканын алган кул, Арстандын жайы мына бул. Тиктегенин көрдөгөн кул, Тилегин кудай берген кул. Тилегенин жеген кул, Теңдешип бенде жеңбеген, Илгертен жайы мына бул. Кара бойу катуу күч, Каары катуу, заары күч, Кармашканын кылган түз, Тулку бойу туура күч, Турганынын баары күч. Тутушканын кылган түз. Үнү Чубак үнүндөй, Ач кыйкырык куу сүрөөн, Ал өңдөнүп ким жүргөн, Үнүн укса Гүлүстүн, Жүрөгү чыгып жан өлгөн, Тактада нечен хан өлгөн. Сепкили жок ак жүздүү, Ийриси жок түз сөздүү, Гүлүстүн өзү барында, Ак калпак кыргыз калкына, Ок аткан бенде жок болгон, Тирүү кайып чын арстан, Кудайдын сүйгөн бендеси. Кыбыла жагы куркурап, Кызыл кум чаңдап тунарык, Аркасынан буруксуп, Чыдай албай жаткан чөл, Баш аламан удургуп, Суркойон менен чуратып, Султандын уулу Гүлүстөн, Сейитке келди көрүнүп. Баатыр Бакай баштаган, Каңкор Семей жанында Эр Гүлүстүн артынан, Келе жатат чубуруп. Кумдун бети жалындап, Эр чырагы эки көз, Маңдайында балбылдап. Асаба желек чоң найза, Жоо жарагы бир канча, Келе жаткан баатырдын, Карааны тоодой, бир барча. Караанын көргөн көпчүлүк, Жанынан күдөр үзүшүп, Гүлүстөн айтып канча кеп: — Качыр балам Сейитим, Аккан каның канчалык? Тикен кирсе кан чыгат, Тим эле жерден анчалык. Тукум болбой жерге кир, Боло албасаң канчалык, Береги турган Калчаны, Сербейтип койбой жаныңа, Сайгын балам, сайгын! — деп. Кайып болду ошол кез. Эр Гүлүстү көз көрүп, Үнүн уккан адамдар, Сөз айтарга ал калбай, Сүлдөрү болуп жан калбай, Мурун турган зор Калча, Арстан бала Сейитти, Бучкагына теңебей, Теңби деп мага кенебей, Каары менен Гүлүстүн, Калыбектин Калчасы, Кара жандан түңүлүп, Менменсиген бадирек, Кыймылдарга ал калбай, Деми сууп, дени өлүп, Көргөн жандын баарысы, Көзүнөн жашы төгүлүп: “Алда кандай бенде, — деп, Каары катуу эр экен, Тирүү калаар чама жок, Кыйамат жайга кеттик деп”. Хан Калчанын башына, Кыйамат жакын көрүнүп, Азирейил периште, Келгендей жетип жанына. Качырып келген Сейити, Калча хандын көзүнө, Ажыдаардай көрүнүп, Көзүнөн жалын от жайнап, Көкжалдан найза жеткени, Көзүрсүнгөн хан Калча, Көмөлөнүп кеткени. Жайнап жаткан кызыл кум, Топуракка көмүлдү. Машы чыккан Сейити, Кылыч алып кынынан, Башын кесип чочконун, Кумга канын жайнатты. Жан жүрбөстүн чөлүндө, Сейитти алам деп келип, Бу дагы көрдү өлүмдү. Көрүп турган аскерден, Санаасы санга бөлүндү, Көкбука баатыр, Жетилбай, Кыз Кылжыке, Алтынай, Абыл менен Чолпонай, Сүйүнгөнгө чыдабай, Көзүнөн жашы төгүлүп, Мурун калган таш болуп, Сейити кантер экен деп. Токтоно албай күүлөнүп, Көкбука менен Жетилбай, Ээн калган аскерге, Кирген нардай күркүрөп, Аралап кирди тартынбай. Тегерегин бек курчап, Четке киши чыгарбай. Кабыландын тукуму, Адылдыгын айтайын, Калчанын иши бүткөндө, Көкала алып олжого, Көөнү мунун тынганда, Кабылан Сейит жаш арстан, Кара аскерге муну айтат: — Калгандар сенде айып жок, Ханыңа келдиң мааналап, Кан кечтиң далай аралап, Караан кылаар кишиң жок, Калдыңар мында талаалап. Камап турсам бул чөлдө, Сенде ичер азык жок. Кара аскер жакшы угуп ал, Сейиттен сага кастык жок. Бас десе ханың баскансың, Баш буралбай ханыңдан, Өкүм менен келгенсиң. Булбулдай сайрап таңшыган, Балаң бардыр бириңдин, Эки көзүн шишитип, Эртеден кечке ыйлаган, Энең бардыр бириңдин. Атышкан жоодон саламат, Аман келер бекен деп, Алыскы жолду тиктеген, Атаң бардыр бириңдин, Тырмагы тийип этине, Жара салып бетине, Калдайтып кара чүмкөнүп, Алда кандай болом деп, Зар какшаган күнүгө, Катының бардыр бириңдин. Аркамда жөлөк иним деп, Аны кайдан табам деп, Агаң бардыр бириңдин. Атам өлсө агам деп, Болот элем анан деп, Ата ордуна карманчу, Аганы кайдан табам деп, Иниң бардыр бириңдин. Капыр ай, кандай заман деп, Карчалышкан бул заман, Кыйын болду жаман деп, Калганга айтып нуска кеп, Карың бардыр бириңдин. Кайындашып ала элек, Жарың бардыр бириңдин. Сүйлөгөн сөзү бал татыйт, Сүйгөнүң бардыр бириңдин. Күнү-түнү эстеген, Түн түшүңдөн кетпеген. Күйгөнүң бардыр бириңдин. Эртеден кечке сени деп Ээсин таппай эндиреп, Эжең бардыр бириңдин. Ичер чайын камдаган, Эне ордуна кармаган, Жеңең бардыр бириңдин. Ырыс качса тууш койбой, Тетигиң бардыр бириңдин. Шамал болсо жер чаңдап, Эл багарга асырап, Жетигиң бардыр бириңдин, Кетилген бүтпөй ордуна, Кемтигиң бардыр бириңдин? Кан жуткан ичтен кайгырып, Жетимиң бардыр бириңдин, Калгандыр ыйлап кан какшап, Карындашың бардыр бириңдин. Туптуура тили сүйлөбөс, Дудугуң бардыр бириңдин. Бура тартса мулт этип, Мулугуң бардыр бириңдин. Эңишке келсе баса албас, Өйдөгө келсе чыга албас, Төкөрүң бардыр бириңдин, Жыл бойу жаткан баса албас, Майыбың бардыр бириңдин. Жаңыдан алып той кылып, Кызыгына кана элек, Зайыбың бардыр бириңдин. Керсары тартып саргарган, Кеселиң бардыр бириңдин. Кеңири дүйнө, көп малдуу, Эсириң бардыр бириңдин, Сүт менен бойу жуунган, Кесириң бардыр бириңдин. Күнүмдүк оокат кечирген, Кедейиң бардыр бириңдин. Жерге болор өзүңө, Жээниң бардыр бириңдин. Оң айтканды сол алган, Кежириң бардыр бириңдин, Бирине тартса бирге жок, Кем-керчиң бардыр бириңдин. Маана болчу өзүңө, Тайанарга тирегиң, Тайакең бардыр бириңдин. Кеткен эл келер бекен деп, Келиниң бардыр бириңдин. Төөчө басып коркоңдоп, Ой-дөңдү билбей олоңдоп, Сокуруң бардыр бириңдин. Буурчак баскан кырмандай, Чокуруң бардыр бириңдин. Тиктесе көзү шам жайнап, Сүйлөсө тили так сайрап, Бучугуң бардыр бириңдин. Өлбөй оокат кылуучу, Өнөрлүүң бардыр бириңдин, Айткан кеби эм болгон, Хан Калча менен тең болгон, Кадырлууң бардыр элиңде, Миң кишиге баш болгон, Бириң калбай келгиле. Элди бийлеп башкарган, Мансабы бар бир киши, Келбей мында калбаңар, Жыйылып булар келгенде, Сейитинин өкүмү: — Алдыңдагы аскерге, Мурункудай ээ болгун. Ат арыктап бөлүнүп, Ач калган адам болбосун. Азабы артык шум чөлдөн, Абалкыдай өткөргүн, Бекер кумга жоготпо, Сууң менен наныңды, Жетер жерге болжогун. Ат тонуңду олжо деп, Тартып алсам бул жерде, Ал дүйнөң мага не болсун. Балакет баскан бул чөлдө, Өлөрсүң баарың кырылып. Каныңды жүктөп нетейин, Жалгыз өзүм бир башка. Амал айла акыл тап, Аскерди аман коргогун, Уруксат кылдым силерге, Токтобой кумдан жоголгун! Калды Сейит мында деп, Калгандын көөнүн оорутсаң, Кайда болсоң издеп таап, Өлтүрөмүн өзүңдү, Ойомун эки көзүңдү, Калбай эми кеткин! — деп. Таратты элди ошол чак Күн батыштын элдери, Каадасынча өзүнүн, Ысык кумга дүм жатып, Колун сыйпап бет сылап, Бата берди чуркурап. Ат, тону менен байкуштар, Элине аман жанышты. Адалдыгын Сейиттин, Күн батыш эли билишти. Ар качандан бир качан, Арстандын тукуму, Абалы келген жерине, Аркасын элге тийгизчү. Калчанын элин жандырып, Душмандын бели сынганда, Туугандын көөнү тынганда, Телкүрөңдөн түшүрсө, Кансырап бойдо дарман жок, Ушунан кетти ошондо. Кыз Кылжыке жубайы, Кебезден кылган олпокту, Кеңири төшөк салдырып, Кештелеген жаздыгын, Керилтип башка жаздатып, Келберсиген көкжалды, Алып келип жаткызып, Артын ойлоп ар ишти, Керектүү нечен дарысын, Ала жүргөн Кылжыке. Жайы менен белендеп, Алтынай менен Чолпонай, Эки кызга чаптырып. Жаранын оозун жуудуруп, Кан катырып уу тартчу, Нуш дарысын тарттырып. Ириң канын чыгарып, Кырма кызыл дарысын, Жара оозуна чаптырып. Кайнатма кара дарыны, Кадага чылап жаткырып, Бугу, кулан сүтүнөн, Кошо аралаш жасаган, Кубаттуу нечен дарыны, Өлчөм менен ичирип, Сагаза гүлүн жыттатып, Кызыл гүлдүн суусунан, Дем албастан тамызып, Таң атканча уктабай, Шамды жарык жагышып, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Тулпарларды багышып. Көкала атты жетелеп, Жетилбай жүрөт менчиктеп. Эсирип булар жата албай, Баатырлар кумду байкаса, Мелтиреген куу чөлдө, Жин жыттанып бок сасып, Кызыл канга малынып, Кыры менен эл жатат. Жору кузгун келбеген, Жолу каткан бул чөлдө, Бок жыттанып, кан сасып, Азууларын аркайтып, Кабыргасын каркайтып, Ат өлүгү андан көп, Мойундары коркойуп, Өркөчтөрү зоңкойуп, Төө өлүгү мындан көп. Ача туйак ачайып, Башында мүйүз каркайып, Ысык чөлгө чыдабай, Жүнү оңуп саргарып, Уй өлүгү андан көп. Куйруктары соройуп, Мурундары бырбыйып, Көрүнүп тиши ырсайып, Карды көөп чаначтай, Жаткан качыр андан көп. Теңи калып теңи жок, Жаткан өлүк мындан көп. Колу калып буту жок, Кор болуп өлгөн мындан көп. Буту калып, колу жок, Өлгөн өлүк сандан көп. Дени калып, башы жок, Алмадай баштын дайны жок, Тулку бойу жаткан көп. Ичегиси иймелип. Ысык кумда чиймейип, Суу деп чөлдө акактап, Зарлап жаткан андан көп, Өпкө боордун тушуна, Найза аралап ушуга, Жаткан адам мындан көп. Жыгылып кооп темселеп, Карыш тили салаңдап, Минип чабар аты жок, Суу таба албай бу чөлдө, Минтип жүргөн андан көп. Чала жан болуп жан чыкпай, Кыйналып жаткан андан көп. Соорусуна найза жеп, Кокуй жаным кантет деп, Кумсарып чөлдө жаткан көп, Көзала кудай сен калыс, Сулайматка арткын деп, Азап менен сообумду, Арыз айткан андан көп. Кан соргуч кандар оңбо деп, Коңгуроо кудай колдо деп, Чыдай албай чыркырап, Уккан бенде зыркырап, Наалыганы андан көп. Эси ооп далайдын, Күрмөгө тили келе албай, Өйдө дөңдө дөөрүшүп, Онтоп жаткан сандан көп, Жымылдап ысык жел уруп, Олойгон көзгө кум толуп, Көмүлүп кумга жаткан көп. Сары эшек, киле - кансоргуч, Чаначтай карды тойушуп, Капчыгы чыгып кампайып, Семирип тумсак булкуйуп, Азыткы менен албарсты, Азык буга көп болуп, Арсаңдашып күлүшүп, Жүгүрүп төө куш коржоңдоп, Батмачык жүрөт молтоңдоп. Кирпи чечен таш бака, Канга тойуп компоңдоп, Курт-кумурска бөө чайан, Эсепсиз этке тойушуп, Эр өлүгү, ат өлүк, Көөдөнүнө жык толуп. Бүгүн калса эртең жок, Жапанда тиккен үйү жок, Жаныбар куштар жорголоп, Күн тийгенде жүгүрүп, Көлөкө кылып көздөрүн, Жатып алат корголоп. Эр өлүгү, ат өлүгү, Качыр өлүк, керк өлүк, Каркайган сөөгү көрүнүп, Төө куштары чокчоңдоп, Өлүктү сүйрөп алышып, Тамаша ойун салышып, Шакалактап каркылдап, Капкайдан учуп барышып, Айанбай тойо жеп алып, Уча албай кумда калышып, Төө өлүгү, уй өлүгү, Дөбө болуп жыйылып, Бир тойгондо кош болуп Азыгы арбын экен деп, Жүрүпмүн тоодо бекер деп, Түгөнгөн кузгун ал жетип, Аш азыгы арбын деп, Жей беришип кызыгып, Мелтиреген куу кумда, Суудан калып нечени, Чаңкап өлдү ысыкта. Төө минип келген канча жан, Төө минип жүрүп урушкан, Төбөмдөн тийген кандай хан? Качырлуу аскер нечен сан, Качыр минип урушкан, Каргышка кеткен кандай жан? Ушундай экен шум жалган, Уй минген аскер канча сан, Уйга ишенип урушкан, Уйпаланган чунак хан. Канжыгалап бир башын, Кан кечип жүрүп олжо алган. Калк кызыгат хан үчүн, Караса мунун аркасын, Каралы жок чоң акмак, Ошондой кылып жан сактап, Эл бүлүнтүп, олжо алмак, Убара тарткан чоң акмак. Алдым жутум жан сактап, Кара өзгөй болуп мал тапмак, Карандай зордук ал акмак. Убал сообу булардын, Хандарга барып такалмак. Матырып тырмак так салмак, Баш кошуп баары биригип, Баашадан алат алтын так, Эл башкарып журт багыш, Кабылан Манас тукуму, Ушулардан үлгү алсак. Эрлери жүргөн жан кыйнап, Эли үйдө тынч жыргап, Элге жаккан эренди, Элден эркин беренди, Ак калпак кыргыз эл мактап. Эки күнү, эки түн, Эндиреп жатып Сейити, Араң жыйып эс ушун, Желбегей чапан жамынып, Желигип турду жаш арстан. Баатырларын чакырып, Тулпарга токум салдырып, Азык-түлүк арттырып, Керкитке карап жол алып, Кетпеймин деп бекерге Сулайматты жөн койуп, Дөө уулун байлап кошо алып, Тогуз күн удаа жол басып. Атты айабай мол басып, Керкиттин келди шаарына, Кара ниет түгөнгүр, Сулаймат турат кайгыда. Буйрук кылып Сейити, Балбандарга карматып, Колу-бутун байлатып, Жетилбайга айдатып, Алып келип зынданга, Караңгы жайга каматып, Эр Сейити чунагың, Беттешкен жоосун муңкантып. Эртең менен болгондо, Учураша келдик деп, Эл жыйылып толгондо, Эл бийлеген эстүүлөр, Эрмектешип атканда, Баатыр үйдө жатканда. Түк кишиге туйгузбай, Айтып сырын билгизбей, Көкбуканы ээрчитип, Кылжыке барып зынданга: — Сулаймат менен дөө уулун, Кесип башын алгын! — деп, Өкүм кылып ушуга, Эл бөлүнткөн капырды, Кызыл ала кан кылып, Кылычтап башын алдырып, Итке сүйрөп салышты, Бул экөөнүн өлүгүн. Сейитинин наамында, Кылжыке элге угузуп, Абылды такка мингизип, Хандыгын элге билгизип, Баатырдын кылган ишине, Элдин баары сүйүнүп, Хан балбаны ушул деп, Көкбуканы койушту, Баш вазири болсун деп. Жетилбайды тургузду. Жатпады булар Керкитте, Кетмекчи болду Таласка. — Керкиттин ханы Абылым, Хан балбаны Көкбука, Баш вазири Жетилбай, Ынтымактуу болгула, Калк башкарып эл бакмак, Кыйын жумуш бул, — деди, Сыртын салып душманга, Сыр алдырбай тур деди. Жетим-жесир карыпка, Көңүлүңдү бур деди. Оң келбеген орунга, Ойуң бурба башкага. Адал жесек бир жедик, Арамдыкты билбедик, Кысылып калсаң душмандан, Кабар кылгын мага деп, Кол алышып кол берип, Кылжыкени ээрчитип, Таласты карай аттанып, Жөнөп кетти Сейити. Дал токсон күн жол жүрүп, Күн батыштын элинен, Бүгүн келди Таласка. Эки жыл өтүп арадан, Баатыр келди деп угуп, Ак калпак кыргыз чубашып, Ачылып көңүл муңдашып, Айкалышып чуулашып, Эсен-соону сурашып, Ата-эне менен көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Жаркырап жайнап күн чыкты, Булбулдар таңшып үн салып. Чер жазылып кубанып, Кыз Кылжыке сулууну, Ала келген Сейити, Чыныкеге угулуп, Кененимдин үстүнө, Кемпири келди жүгүрүп: — Эй, Кененим сүйүнчү, Жалгыз уулуң Сейити, Бекерге өзү келбептир. Сулаймат хандын жалгызы, Кыз Кылжыке сулууну, Ала келген турбайбы. Өзүңдөн бата алмакка, Той болбоптур бул чакка. Эр Кененим жаркылдап, Ителгидей баркылдап, Айнектей көзү жаркырап: — Эми кемпир мага айтпай, Жалгызың аман келиптир, Сүйгөнү сулуу кыз болсо, Ак сарбашыл мал кармап, Садагасын чаптырып, Келин уулуң киргиндей, Келишкен сонун үй камдап, Ак калпак кыргыз элине, Кабар берип чакырып, Тойун берип балдардын, Кошуп койсок ал кандай. Мен уруксат кыламын, Карадөөнү сойуптур, Күн батыштын зорлору, Баарысы өлүп болуптур. Хан Сулаймат бузукту, Кара жерге жуткузду. Суктанаар сулуу Кылжыке, Алып келген бул турку. Ак никелүү жубайы, Өмүрлүк болсун түбөлүк. Андан кала бергенде, Катындын ишин эр билбейт, Каадасы менен өзүң бил. Борсулдап күлүп Кененим, Эпсиз катуу сүйүндү. Айтканы баары жай бүтүп. Кем-керчи жок баарында, Калың кыргыз эл чогуу, Каадасынча күтүнүп, Баары калбай сүйүнүп, Чакырып келип молдону, Нике кыйып балдарга, Таң-тамаша той бүтүп, Жай тарады, эл чубай. Нече заман былк этпей, Өмүрлүк жубай бул экөө, Ойноп күлүп жыргады. Муну мындай таштайлы, Желмогуздун тынч элге, Ченебеген кейишти, Салганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.