Сулайматтын өлүшү
Көп ишти баштан кечирген, Арамдык менен жетилген, Арбын салып ар түрдүү, Алдап элди семирген, Хандык таажы кийгенден, Далайдын сөөгүн кемирген, Ичи ала, көзү чаар, Ичинде турат далай заар. Берип койгон дөө уулун, Сейити баатыр курусун, Сезбей калды жаш арстан, Узактан келген жумушун. Көзүрлүк кылды ченебей, Көзүнө муну бир илбей. “Ич оорутпай душманга, Талкалап баарын келгин” — деп, Так айткан кепти Кененим. Тогуз жашта аттанган, Токсонго чыга жашаган, Ырайым кылбай душманга, Жалаңкыч сары атанган, Көптү көргөн карынын, Сөзүн эстен чыгарган. Кара ниет Сулаймат, Кандуу кектүү дөө уулун, Сураса берип койгонун. Адам уулун, аздырган, Кайран дүйнө бекер ай! Акыл ойлоп ар түрдүү, Өзүнүн араң ишине, Дүйнөгө түркүк болгондой, Сүйүнүп өзү күлүңдөп, Калыңга киши алдым деп, Калгандарга оштонуп, Дарбазадан киргенде, Вазир менен бектерди, Жалпы баарын кеткин деп, Ээрчиткен бойдон дөө уулун, Хан сарайга киргени. Эшигин илип ичинен: — Карадөөнүн артында, Калган жалгыз тукуму, Ички сырым айтайын, Кан ичме жинди Сейиттен, Тирүү сенин жаныңды, Сурап алдым атайын. Мен болбосом өзүңдү, Жайат эле каныңды, Жарат эле кардыңды, Кесет эле тилиңди, Табат эле эбиңди. Атаңда жазык бар элде, Эл бүлүнтүп кор кылган, Энең менен силерди, Мен байкасам не жазык. Угуп ичим бек сыздайт, Карадөөдөй курбумду, Өлтүрүп аны койуптур, Ойлоп көрчү кулунум, Карадөөгө өчөшсөм, Жалгыз кызым Кылжыке, Барбайт белем талашып. Ал Карадөө курдашым, Акылмандын бири эле. Эсине алып бир күнү, Келет эле жарашып, Аны билип Сулаймат, Жүрүчүмүн көөнүм жай. Кан ичме Сейит капташып, Өлтүрүп аны койуптур. Эрмектешчү курбумдун, Эсебин колго бериптир, Эбегейсиз балбанды, Эл бүлүнткөн капыр деп, Эсен койбой жан алып, Топтуу жандан сен калдың, Жалгыз кыздан айрылып, Томсоруп ыйлап мен калдым. Тартуу кылып башымды, Сени сурап куткардым. Башың аман турганда, Бала болчу сен барсың, Маана болуп калкалап, Багып алчу мен бармын. Кан ичме жинди Сейити, Жетип койду түбүмө. Кайгылуу кылып өзүңдү, Энең менен төрт агаң, Өлүгүн сага жүктөгөн, Өткөн иш барбы эсиңде? Ар качан ичим бек ооруйт, Сага окшогон жетимге. Мойнуңдан байлап чынжырлап, Айдап барды көп жерге. Сен болбосоң дөө уулу, Ал келбейт эле күмбөзгө. Ачтырып алып кош болбой, Артып ташты жүктөсө, Ошончо салып азапты, Менсиз өзү Сейити, Сенин каның кечпесе, Ээрчитип келип эки кул, Атаңдын эки сулуусун. Тартып алып көрүнө, Ал экөөнү бир берсе, Эзилет экен эт жүрөк, Ошондой ишти эстесе! Дөө тукуму дегенден, Мунун куну бүтпөсө. Чоң атаң өткөн кызыл алп, Хан Манастын уулунан. Бул буруттун эл журту, Көзала динин билишпейт. Ишенмек тургай бул динди, Көздөрүнө илишпейт. Кара кыргыз уругу, Кан ичме Манас улугу, Кашыңдагы Сейити, Как ошонун тукуму. Өз атасы Кененим, Кызыл алпты баш кылып, Жети дөөнү курутту, Жетим кылып өзүңдү, Жолбун иттей улутту. Тартып алып кызымды, Томсортуп мени курутту. Ата-баба түбүнөн, Мунун кылып жүргөн жумушу. Кан менен колун жууган, Кашыңдагы Сейити, Как ошонун тукуму. Төбүнөн кепти бүт айтып, Түйүнүн буга угузду. Карадөөнүн кенжеси, Кебине мунун түшүнүп, Көзүнөн көзүн айырбай, Карап калып бир далай, Кеги калган жетим бу, Сасык тумоо тийгендей, Кара бойу калчылдап, Токтоно албай өзүнчө, Кан ичменин тукуму, Кайраты кетип бойунан, Көзүнүн жашы куйулду. — Элебепмин ханым ай, Мындай болсо башынан, Кадамын мунун катырбай, Карааның тийип падышам, Канымды айрып сен алдың, Мындан мурун Сейиттин, Кабарын анык укпапмын. Карчалышкан заманда, Кылып жүргөн иш экен. Алты ата кылып тукумун, Дөөлөрдүн башын жеп жүргөн. Атам бүгүн сен болдуң, Алдыңда уулуң мен болдум. Уруксатың бер мага, Кызматыңды кылайын. Келген бала Сейиттин, Атасынан бер жакка, Өткөргөн элге сыры көп, Ойлоп көрсөм бул күндө, Кегимди алсам экен деп, Кезенип жүргөн киши көп. Кектеп жүргөн ушуга, Бар экен бүткүл кылымда. Кыдырайын жер бетин, Чогултуп келип дөөлөрдү, Көрсөтөлү өнөрдү, Дөө балдары жыйылып, Сейитини сойолу, Калсын кыргыз кыйылып. Кыйраталы сындырып, Кыргыздардын түркүгүн, Тилин суудай сууталы, Кененимдин күкүгүн. Билбегени эң жаман, Көзаланын динини, Түпкүлүгү Сейиттин, Каралыгы билинди. Канча түрдүү өнөрдү, Энекем мага билдирген – Сууга кирсем балыктай, Чөгүп кетип өлбөймүн, Кандай бийик тоо болсо, Туйукталып калбаймын. Көгүчкөн болуп көкөлөп, Көккө чыгып жөнөймүн. Бир айлык жолго бир күндө, Барып келиш өнөрүм, Жанымды айрып алыпсың, Жаныңда жүрүп өлөйүн. Жаныңдан кетпей бөлүнүп, Кызматыңды кылайын. Дөө уулунан кеп угуп, Түпкө жетер Сулаймат, Түпкүлүктүү кеп айтат: — Акылы артык дөө уулу, Калбады менин арманым, Кабарын айтам далайдын, Каттай жаттап сен алгын. Аркайган ала тоо болсо, Көз кайкыган суу болсо, Туйуктанбас адатың, Серпишкен жоого жарачу, Эрлерге сени жумшайын. Канатың серпип сен баргын, Күн батыштын жерине, Жети дөөнүн элине, Кененим сойгон дөөлөрдүн, Ат көтөргүс жөөлөрдүн, Артында калган тукумун, Аныктап уккун ушуну. Көзгө атар Кылмерген, Атактуу баатыр Сурмерген, Анын айткын уулуна, Суу түбүндө Суумерген, Атагы бар кыйын жан, Баатырдык бар, өнөр бар, Анык мерген өзү ал, Кылымдан ашкан жан эле, Анын улуу азыр бар. Айтымуштун элинде, Көйкап тоонун бетинде, Акым, Шакым эки дөө, Атагы бар ал экөө, Алардын бар тукуму. Карала атчан Калыбек, Аны менен беттешип, Тирүү калыш кыйын кеп, Калыбек өлгөн башында, Кененимдин урушта, Анын уулу зор Калча, Атасындай атанып, Атагы чыккан чоң балбан, Ага дегин кабарды. Бозчаар минген Боронбай, Жер алдына кеткендей, Бал болсо өзү келсин де, Жок болсо аны издебе, Бар болсо уулу Боронбай, Ал дагы келсин бул жайга. Ат минбеген өзү жөө, Ааламга дүмөк салган дөө, Жору куйрук кызыл алп, Андан калган Карадөө, Атасындай эр эле, Анын көзү дагы өтүп, Аркасында саркынды, Ар өнөргө машың бар. Жоого чыгаар жашың бар. Кенже дөө өзүң турасың, Жайы менен аларга, Жакшы сөздү кыласың. Кан ичме Манас тукуму, - Кененимдин Сейити, Келип Керкит шаарына, Менин атам Карадөө, Энем менен, төрт агам, Өлтүрүп жалгыз мен калдым, Хан Сулаймат ал келбей, Жалгыз кызы Кылжыке, Шаары керкит элине, Ээ боло албай ал калды. Сумурук биздин колдо эле, Бошотуп аны бир алды. Көккүмбөздү талкалап, Кохарын ташып зар алды. Атышып да, чабышып, Алы келбей ушуга, Сулаймат ханым баргын деп, Силерди карай жумшады. Атабызды сойгон кан ичме, Аркасында Сейити, Келип турса Керкитте, Кабар кылбай бизге деп, Көөндөрү менден калабы. Алты дөөнүн тукуму, Айтып кабар кылып кой. Эстесе булар атасын, Баары келип бул жерге, Атанын кунун кууп алсын. Талатып бүткүл шаарымды, Тартууга берип кызымды, Мен куткардым башымды. Көңүлдөн кайгы арылтып, Күн батыштын жээгинде, Биргелеш хандар биз элек. Намысым алып береби, Аны дагы айткын деп, Жиберди эле сиздерге, Кабарым менин ушул деп, Баарын айткын ага деп, Сулаймат мени жумшады. Келген жумуш ушул деп, Кабар салып сен кайткын. Көбү билбей жүргөндүр, Келип турат Керкитке, Кененимдин Сейити, Кетирбей кармап жоо алсын, Менин кызым Кылжыке, Жараса аны бирөө алсын, Алтынай менен Чолпонай, Ааламдан чыккан сулуулар, Жетесиз кулга алдырбай, Экөө алсын экөөнү, Көмөлөтсө Сейитти, Көккүмбөздүн кохарын, Көзүн ойгон эр алсын.