Сейиттин желмогузду кууп Шор-Көлгө барышы
Күндү улап күн өтүп, Күн артынан түн өтүп, Айды улап, ай өтүп, Ай артынан жыл өтүп, Таласта жаткан балбанды, Бала Сейит арстанды, Жедигер албайт эсине. Жедигерден алдыраш, Киши келди Таласка. Кишинин кара сөзүнө, Кененимдин өзүнө: — Мен жедигер элинен, Атайлап келдим жеримен, Башка мүшкүл иш түштү, Иштин түбү эң күчтүү, Сиз билесиз аныгын, Жедигердин тарыбын, Багыштан, Толтой, Кыйаздан, Тукум калган жок эле. Жедигердин элине, Жетисуунун жерине, Хан Кыйаз өлүп кеткенде, Хан көтөргөн Сейтек, Кубатайдын Карадөө, Хан болуп турду эл сактап, Жедигер жүрдүк жан сактап, Өзү маңгыт уругу, Бадыкөлдүн уулу, Сарыбай деген туулду. Жинди чыгып кан ичме, Сарыбай аты жойулду, Күн батышты бүт соруп, Кутургур атка койулду. Кутургур атка конгондо, Терисине сыйбады, Жер жүзүнө турбады, Жетимиш миң кол тартты, Таласты талаан кылганы. Учурап калып Карадөө, Сарыбайдан сойлоду, Учураган кишини, Өлтүрбөй аман койбоду. Алты күнү алышып, Айабай жанын салышып, Карадөө өлүп сойулду. Сарыбай өлдү Таласта, Арбагына четкелип, Олуйа заада Манаска. Карадөөнүн ордуна, Алсейитти Таластан, Хан көтөрдү Сейтек, Алсейит барып бул жерден, Карадөөнүн ордуна, Калк башкарып турчу эле. Эркек тукум андан жок, Жалгыз кызы бар эле. Ошол кыздан кыз туулуп, Угарга сонун бир шумдук – Чоңойгону бой тартып, Жедигер элин курутту. Мен бул жакка келерде, Билгендер айтып угузду. Туулуп жерге түшкөндө, Эне эмчегин эмбеген, Оозантып эмчек салганча, Колун сунуп табактан, Элге бербей май жеген, Элге берчү токоч, май, Бүткүл баарын ал жеген. Тойбой калып тамакка, “Кана мага бер” — деген. Чогулган эл чочушуп, Өлтүрөлү дегенде, Ата-энеси көз кыйбай, “Иштен чыккан боор жарып, Ийри жылан эле” — деп, Болбой койгон кеп экен. Үч күн өтүп арадан, Короого койбой кой, эчки, Тирүүлөй тытып эт жеген. Үч жашына келгенче, Ошентип жүргөн кеп экен. Эне-атасы жашырып, Айтпай жүргөн кеп экен. Бой тартып бала чоңойуп, Жетиге жашы жеткенде, Эл жыйылып чогулуп, Өлтүрмөкчү болуптур, Чогулган эл балага, Желмогуз атты койуптур. Эне-атасы канетсин, Кызын катып калкалап, Аркайган тоону мааналап, Көчүп мындан кетишкен. Эңкейген тоо ээн жылга, Эл четинде жүрүшкөн. Арадан далай жыл өтүп, Желмогуз жеткен он үчкө. Короого малды койбоптур, Канча жесе тойбоптур, Жайытта жылкы калбаптыр, Жайылтпай малды жалмаптыр. Түгөнүп малы короодо, Ата-эне тилин албаптыр, Адырда жүргөн жайылып, Элдин малын аймаптыр, Ошолор бар өзөндө, Мал аттуудан калбаптыр. Андан кийин түгөнгүр, Ата-энесин айабай, Атасынан тамган кан, Энесинен эмген сүт, Дегеле аны карабай, Эне-атасын этин жеп, Алты-жети үйлүүнүн, Койбой баарын бүтүн жеп, Түтүн чыкпай калыптыр. Урук-тууган, жергелеш, Учурашып келсек деп, Алты киши бир келет. Келген алты кишинин, Кармап алып төртөөнү жеп, Экөө качып кутулуп, Кутулгандан эл угуп, Алты жүз киши чогулуп, Мылтыкка салып ок чыңдап, Күлүктү минип ат ылгап, Саадакка салып жебе алып, Колго найза карманып, Айбалта чокмор дагы алып, Айанбай жарак камдалып, Беттеше келген кезекте, Бир каапырга таң калды. Сокусун минип ат кылып, Сок билегин камчы алып, Алты жүздү көзгө илбей, Эки көзү чакчайып, Башында чачын бош таштап, Айуудан бетер саксайып, Аралап кирди биз жакты, Мергендер беттеп ок атты, Жебечилер жаа атты. Жебенин огу учпады, Мылтыктын үнү чыкпады, Балта чокмор чабуучу, Колдор баары байланды, Баргандын баары таң калды, Айласын таппай сандалды, Алты жүздүн ичинен, Он экини ылгады, Чогултуп туруп бир жерге, Тирүүлөй тытып жеп алды. Ала албадык эл жандык, Улукка барып кеп салдык. Андан кийин улуктан, Эчен балбан эр барды, Бирөө кайта келбеди, Койбой баарын жеп алды. Аз күн болду Желмогуз, Аралап элди барганы, Тынчы кетип курган эл, Мени мында жумшады. Ан үчүн келдик алдыңа, Арылбаган эмгекте, Абдан калдык кайгыда. Деп ошентип ал киши, Эки көзүн жаштады, Түгөтүп сөзүн айтканы. Каары катуу Кененим, Кабагы карыш бүркөлүп, Эмгегин угуп элдердин. Кара жанга күч келип, Кабарчысы келгенин, Абдан угуп Кененим, Карс дегиче жөтөлүп, Башын өйдө көтөрүп: — Куткарып элди келейин, Эл бүлүнткөн Желмогуз, Жазасын колго берейин! Мурунку уккан кабарда, Өткөн чакта заманда, Катындан чыккан Желмогуз, Ал түштүктө кез болуп, Атасы анын Эламан, Баласынан жакшыраак, Малга күйгөн жан болуп, Бок дүйнөнүн камын жеп, Уулумдан малым артык деп, Чүкө, сака өгөөсүн, Таштап койуп журтуна, Жумшаган экен баргын деп. Эламан тойсо уулунан, Мен элимден тойбодум. Эл бүлүнткөн канчыкты, Кантип тирүү койойун! Эламандын эр Төштүк, Атанын тилин алам деп, Желмогузга барган дейт, Аздырып кетип Желмогуз, Жер астына түшкөн дейт. Баатырдык кылып алп Төштүк, Желмогузду өлтүрүп, Жети жылда келген дейт. Силер айткан Желмогуз, Ошол өңдүү бир жумуш. Үзүлбөгөн тукуму, Керт башыма кез болгон. Сырын билем капырдын, Карысам да карпаңдап, Өзүм эле барамын, Өлтүрүп келе каламын. Ичегисин иймелтип, Итке салып беремин, Тарпын анын чыгарып, Талпагын ташка керейин. Укмуш кепти угамын, Укканымды кыламын. Адамдан чыккан Желмогуз, Алып берсе адамга, Тукум көрбөй өтөт дейт. Чатына батпай жабдыгы, Какшасын канчык жатыны, Жаманбайга берейин! Капаланып каарданып, Жоо жарагын бүт алып, Атка минип оңдонуп, Жүргөнү калды Кененим. Бала жолборс Сейити, Укмуш кабар кеп угуп, Жедигерге Кененим, Барганы жатат деп угуп, “Эмнег барат экен деп, Келейинчи кеп угуп”. Басып келип атайын, Атасына жолугуп: — Айланайын атаке, Токулуу турат Кеңкулам, Сиз минесиз кай жерге? Куш салар маалы деги эмес, Коңур күз жетип келе элек, Тайган салаар кез эмес, Текенин малы боло элек. — Кеңкула минип атакең, Жедигерге барамын, Деле жаман мен уктум, Жедигердин кабарын. Жедигер бир талапташ, Жергебиз бир канаташ, Манас, Багыш барында, Жүргөн экен аралаш. Семетейдин тушунда, Чынкожо бузук аралап, Семетей Толтой чабышып, Кыргызга калган жаман ат. Канчоро менен Чачыкей, Кыйазды алдап кан жалап, Айчүрөктү олжо алат. Он экиге чыкканда, Сейтек келген элин таап, Кайыпчынын үңкүрдөн, Шер Семетей табылат. Ошондон бери карата, Келе жаткан кеп экен, Жедигер бизди карандап. Желмогуз чыкты бизден деп, Эл бүлүнттү киши жеп, Кабар кыла келиптир, Жедигер менден маана издеп. Камынып турган кезегим, Жедигерге жүрсөм деп. Кененимден кеп угуп, Мурун билбейт Сейити, Манастан берки ишти угуп: — Чын болсо ата кебиңиз, Бул жолду мага бериңиз. Барамын деп душманга, Бузулуптур пейлиңиз. Жалгыз уулу Сейити, Аман турса белиңиз, Жашы калып үйүндө, Какчаңдап кары жүрөт деп, Жаанга кетет кебиңиз. Уулуңдун көрүп урматын, Үйүндө жата бериңиз. Карыларга жакшы ишпи, Алдыга сапар барышка. Жаным тирүү турганда, Мен жарайм намыска. Сейитиден кеп угуп, Мен барам деп айта албай, Кененим калды токтолуп. Эр Сейити кенебей, Эчтемени элебей, Телкүрөң минип аттанып, Айбаты сүрдүү чунагым, Жоо дегенде шаттанып, Баса турган кезинде. Кененим айтат бул кепти, Сактагын деп эсиңе: — Баштатан бери бар жумуш, Адамдан чыккан Желмогуз, Адамга калат жолугуп. Алп Төштүктү алдады, Акыры тирүү калбады. Жолугушту мага кез болуп Жоругу кеткис иш болуп. Көргөнүмдү мен айтам, Бул сыйактуу Желмогуз, Баштатан бери келаткан, Башынан мунун санаты, Көнүп болгон адаты – Ал канчыктын жарагы, Колунда темир ийрек бар, Жарагын анын карачы. Сокусун минип ат кылат, Сок билек менен камчылап, Ор ийрегин ыргытат, Ийреги тийсе оңдурбайт, Оролгон жерин соо кылбайт. Бойунда тоодой чоң талап, Ийреги шумдук бир жарак. Жыгачка тийсе таш жарат, Көөдөнгө тийсе баш жарат, Алда кайдан ыргытса, Каңгып кетпей түз барат, Качкан менен куткарбайт, Башты кесип, жанды алат. Андан башка өгөө бар, Анда сонун өнөр бар – Тартса кесет баарыны, Найза болот сайарга. Беттебейт бенде аларга. Сыйкыр менен жасаган, Учун ууга сугарган, Бөрү тилме чыгарган, Темир өгөө ыргытса, Өтүп кетет баарыдан, Тосулуп калбайт соотуңдан. Камынбасаң алдында, Бүтүрөт сенин ишиңди, Олуйт кара көзүңдү. Омуруп койот белиңди, Каранды кылып кан жалап, Жылма кылат элиңди, Унутпагын кебимди. Уламалап укканмын, Укмуштуудан сурадым, Темир өгөө, ор ийрек, Жок экен мурун башында. Сегиз миң жыл жашаган, Сыйкыр менен Жүйрүн дөө, Темир өгөө, ор ийрек, Желмогузга жасаган. Сокуну берген ат кылып, Сок билегин камчы деп, Желмогузга карматкан, Менден белек алчы деп. Жүйрүндүн башы катканда, Какандын калкы калың деп, Аралда барып жатканда, Кытайдан барып эл окуп, Алмамбеттей эр окуп, Өнөрү ашып Жүйрүн дөө, Өлүм жок деп өзүнө, Көп көрүнүп көргөн жаш, Бул дүйнөдө көзүнө, Бар сыйкырдын түйүнүн, Бир мылтыкка байлаган. Мылтыктын аты Алмабаш, Алмамбетке арнаган. Өз өмүрүн, өлүмүн, Акшамшарга киргизген, Алмамбет окуп кетерде (Амири ошол кудайдын) Акшамшар менен Алмабаш, Алмамбетке бергизген. Кара деңиз аралын, Кечип барган кезинде, Шер Гүлүс берип белекке, Алмабаш, бар ийнимде, Акшамшар бар жанымда, Албан-албан сыйкырды, Жүйрүн дөө салды алдында. Мага зыйан жеткен жок, Акшамшар менен Алмабаш, Катары менен турганда. Ийрек урса, өгөө урса, Алмабашты кармагын, Башка жарак албагын. Унутуп балам калбагын, Бөөдө өлүп калбагын, Жаткан жерде кабылса, Жанына жакын барбагын, Маңдайда көзүн карагын, Карап жатса чакыйып, Жумулбай көзү акыйып, Уктаганы Желмогуз, Ор ийрегин, өгөөсүн. Алып алсаң болгонуң, Ийрегин уруп өзүнө, Желмогузду сойгонуң. Ачылбай көзү жумулуу, Уктабаган ойго бу, Желмогуз сыры мына бу. Ийрек менен өгөөсүн, Алып алсаң колуңа, Алмабаш турса колуңда, Алдыңа түшүп кыдыңдап. Келе берет жолуңда. Алда канча сыры бар, Баарын Сейит угуп ал. Кары болот какчаңдап, Жинди болот чакчаңдап, Айуу болот саксаңдап, Туман салат осуруп, Туруп калат молтойуп, Караңгы токой чер кылат, Каптаган кыйан сел кылат. Айкын түздү тоо кылат, Жалама жалтаң зоо кылат, Кызыл жалын өрт кылат. Мылтык атат тарсылдак. Алай-дүлөй барсылдак, Доолбас кагат карсылдап. Ит болуп үрүп арсылдап, Тилемчи болуп көрүнөт, Жаман чапан салпылдап. Келериңди ал билет, Бара турган күнүңдү. Жолуңду тосот белгилеп. Белгиси бар өзгөрбөс, Ошонусу билинет. Алда канча өнөрдү, Албан-албан салса да, Бир көзү жерди караса, Бир көзү көктү каранат. Сүйлөгөн сайын карасаң, Алдыңкы эрдин жаланат. Эки колун айра албайт, Кирээлеп колун салаалап. Элебей калып айтканды, Боло көрбө жаман ат. Бастыр балам турбагын, Бар кудайга аманат. Бачымыраак барып кел, Жүрө бербей талаалап. Ашып кетсең алты айдан, Агызып кеткен белем деп, Атакең барат самсаалап. Телкүрөң менен Сейити, Таластан чыкты аттанып, Жедигер элин бет алып, Оолугуп Сейит баратат, Желмогузду алам деп. Качып калса кокустан, Тирүү кармап жанам деп. Ашыгып катуу жол жүрүп, Аккан дайра, артуу бел, Ашып өтүп алдырап. Жедигерден кабарга, Келген киши алдында, Үч күн жүрүп жанында, Жетише алай Сейитке, Аркада калды бөлүнүп. Ат айабай камчылап. Ээн түздө чапкылап, Өргө келсе Сейити, Алдындагы Телкүрөң, Бучкактан тери тамчылап, Этеги кетип далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Эрте барып көрсөм деп, Шашылып келет далдаңдап. Эрте келбей кеч келди, Дигер менен Сейити, Жедигерге жетишти. Сыйкырдуу канчык Желмогуз, Арстан уулу чунагың, Эр Сейити келгенин, Билип турат Желмогуз, “Канкордун келди тукуму, Жазасын колго берем” — деп, Жан жагына каранып, Жай ала албай элеңдеп, Сокусун сырдап жаңыртып. Өгөөсүн басып калыпка, Ийрегин өгөп курчутуп, Камын кылып жатканда, Ат дабырты тарсылдап, Жакын келип калганда, Аспун окуп, дуба окуп, Кеп чач кийип башына, Жаздырам деп Сейитти. Чачын тарап саксайып, Кемпир болуп кубулуп, Чала-була жөтөлүп, Белин сүйрөп мөкчөйүп, Чеңгелге толбой чөкчөйүп, Жасалма мастан Желмогуз, Сейитке карап жалооруп, Убайым батпай ичине, Үшкүрүнүп тим эле, Үнүн муңдуу чыгарып: — Айланайын чырагым, Ашыгып кайда барасың? Түрпөтүңө карасам, Жер көрбөгөн баласың, Алды-артыңды ойлобой, Ашыгасың демигип. Алдыраба кулунум, Желмогузга учурап, Азапка башың саласың. Кагылайын карегим, Карынын кебин уга тур, Мен сыйактуу карыпка, Кайрылып көңүл бура тур. Келбетиңден карасам, Эл багуучу сыйагың, Адыл болчу кейпиң бар, Ар кимге кылган сурагың. Түп атаң жакшы көрүнөт. Түрпөтүңдөн байкадым. Алдымда менде өбөк жок, Аркамда караар жөлөк жок, Карыганда какчайып, Талаада калган бир жанмын, Учураган кишиге, Арманым айтып зарлаймын, Шапкат кылып ала кет, Оор көрүп ала кетпесең, Ырыскы мага бере кет. Жалооруп турат Желмогуз, Сулайматка алданып, Суусап чөлдө жаткан эр, Нечен түркүн азапка, Ээн талаада баткан эр, Эбегейсиз алдоодон, Эмгек тарткан кайран эр, Алсыратып душманды, Алып көнгөн баатыр эр, Айкалышкан чанданга, Кызыл кан аккан майданда, Балакеттүү түндөрдү, Балалык кылып көп жолу, Басып далай өткөн эр, Карчалышкан жулушта, Кан чачышкан урушта, Кандим болгон кайран эр, Жаралуу болуп көп жолу, Жабыркап чаңдан жаткан эр, Көрпайлыктын айынан, Көп иштерге жолугуп, Көсөм болгон баатыр шер, Кемпирдин түрүн карады, Кеп чачын толук байкады. “Угушумча Желмогуз, Араң он беш жашта эле, Анык карып өзүбү, Же болбосо бул мастан, Азгырып айткан сөзүбү?” Муну ойлонуп Сейити, Акылда сонор из чалып, Абдан байкап көз салып, Айландыра караса, Мастан кемпир жанында, Айтып барган кабарчы, Сок билеги, сокусу, Темир ийрек, өгөөсү, Турган экен баарысы. Жолборс Сейит баланын, Ачууланса күлүүчү, Адаты кармап ошондо, Кылычты тартып кабынан, Чабууда калды кыйалы. Анчаны билбей Желмогуз, Бекер карап турабы? Бир эчкирип шум мастан, Кубулуп кеткен чагы бу, Арстан Сейит ошондо, Шумдуктун билди болгонун. “Бузбасам болбойт мастандын, Мен үчүн кылган ойлорун”. Телкүрөңгө камчы уруп, Теминип жөнөп кетти эле. Бута атым басып узабай, Бир шумдукту көрдү эле. Асман тиреп заңкайган, Кызыл зоого кезигип, Эт жүрөгү эзилип, Арка жагы кызыл суу, Алды жагы жанагы, Мелтиреген кызыл зоо, Суу менен зоонун ортосу, Бир тарабы көпкөк муз, Бир тарабы тартма кум, Муз менен кумдун үстүндө, Түтүнү туман мунарык. Кызыл жалын бурулуп, Шамал чыгып ар жактан, Жалындын баары бургуйлап, Сейитиге урунуп, Кетер айла көрүнбөй, Тирүү жандар кутулуп. Баары сыйкыр иши, — деп, Өзүм жалгыз киши, — деп Түк көзүмө көрүнбөйт. Кайда кетти Желмогуз? Түркүн ишин ким билет?” Алмамбеттин Алмабаш, Атмак болду дүрмөттөп. “Алмабаш огу кечер, — деп, Түтүнү каптап кетер, — деп, Атам айткан чын болсо, Иши болор бекер, — деп, Беттешип көрөм ошондо, Мыкты болсо кекээр” — деп. Алмабашты колго алып, Ишине дүрмөт ок салып, Милтеге кызыл чок салып, Ооз отунун дарыга, Кызыл милте чок жетти, Алмабаштан ок кетти. Мылтыктын үнү басылып, Үстүнөн туман жазылып, Баткак кургап, муз эрип, Тоо түзөлүп суу кургап, Эр Сейити жолу ачык, Өзү калды жапжалгыз. Жылас болгон Желмогуз, Көрүп туруп Сейитти, Шылдың кылган немедей, Шакалактап каткырып, Жанына келип ырсактап: — Менден кыйын кептенип, Не келесиң бул жерге? Эми өлүп кеткин! — деп. Найза кылып өгөөсүн, Качырып сайды Сейитти. Ачуусу келип Сейиттин, Ач кыйкырык үн салып, Найзасын алып колуна, Тосо чыкты мастанды, Жазганбастан жолуна, Камындырбай мастанды, Сайайын деп жапшырып, Өпкө боорун капшырып, Өлүгүн таштап кетейин, Өзөндүү сайга тапшырып. Урса найза мастанга, Кемпир тургай неме жок, Таш калыптыр соксойуп, Сайып алаар кемпир жок, Ташты сайып кур калып, Кайда кетти капыр деп, Тел болуп туруп калганда, Каткырып күлүп үн чыгат. Катуу кыйын сүр чыгат: — Кана кимди сайдың? — деп, Какбаш кемпир бул турат. Арстан Сейит баланын, Ачуусу келип арбайып, Абдан күйүп ардыгып, Жана жетип сайарда, Көрүнө болду бир шумдук- Кемпир эмес караса, Атка минип эрбейген, Салаңдап курсак чердейген, Бир киши кетип баратат. Бала Сейит ошону, Ким да болсо мейли деп, Ыргата сайып алам деп, Кирип келсе качырып, Алдынан чыкты эки адам, Артынан чыкты эки адам, Оң жагында бир адам. Сол жагында бир адам, Колуна найза кармаган, Эңкек бойлуу бир адам, Баш айагы жети адам, Жети түр жарак кармашып, Качырышып келаткан. Андай кезде Сейити, Алмамбеттин белеги, Ар качан тиет кереги. Алмамбашты колго алып, Абдан чыңдап ок салып, Машаны тартып имерди. Жети киши жоголуп, Жети баштуу Желмогуз, Жетип келди жанына, Кубулган мастан жеме айтып, Ич куйкалар кеп айтып: — Жаныңдан тойгон сен бала, Не кебиң бар айтарга, Бейлеп уккун сөзүмдү, Жеп ийемин өзүңдү. Жан пейлиңден шүк эле, Бүркүп ийем жөн эле. Жедигер эли меники, Качан болгон сеники?! Жериңе кайткын тим эле Айыгышып калгандай, Атаңдын куну менде жок. Талап элиң албадым, Айлыңа бүлүк салбадым, Жылкыңды кууп качпадым, Куржунда пулуң чачпадым, Буудайың чийки орбодум, Аштыгың суусуз койбодум. Жөн эле жүргөн кишиге, Жөөлөшөсүң жөн эле. Куу тумшук эми шашпагын! Деп сүйлөнүп куу мастан, Ор ийрегин ойнотуп, Сокусун минип ат кылып, Сок билегин камчылап, Өгөөсүн алып колуна, Жутуп ийчү немедей, Окторулуп бул турат. Сейити алды ойуна, “Катын менен кармашып. Канчык менен талашып, Хан Манастын иши эмес. Сени менен куу мастан, Жаакташып турамбы? Кесип башың алайын, Кардыңды канчык жарайын. Элге кылган азаптан, Куткарып койор мен бармын. Угуп алгын сен мастан, Бул атадан калган кесибим!” Чабышып жүрбөйм мастанга, Кармап аны аларга, Алмабашты колго алды, Сүмбө менен ок салып, Мылтык алып мелжеди, Бекерге огу кетпеди. Алмабаштан ок жетти, Бурулгуп туман дуу жетти. Сокусуна ок тийип, Ийреги менен өгөөсү, Сок билеги, сокусу, Керектен чыгып бул кетти. Сыйкыры түгөн талаада, Жалгыз калды куу мастан. Апсын окуур шай калбай, Кубулуп качар ал калбай, Алмабаштын сүрүнөн, Турган кезде жалдырап, Телкүрөң менен чуратып, Жетип келди мастанга, Алмадай үзүп ыргытты, Алты башын ар кайда. Жети баштуу Желмогуз, Бар сыйкырдан айрылып, Кан жутуп ичтен кайгырып, Шайы калбай эс танып, Тирүүлөй колго кармалып, Өлбөй өмүр сүрсөм деп, Каңгыра какшап кан безеп, Сейитиге жалбарып, Кемпир турду муну айтып: — Чок салдың ичке Сейити, Көрүнө салдың кейишти. Беттештирип чабышпай, Сыйкырыман айрыдың. Ор ийрегим, курч өгөөм, Сокум менен сок билек, Сыйкыр болсо колумда, Арзан менен Сейити, Түшпөйт элем колуңа. Тирүү койбой жаныңды, Сойот элем сени мен. Камынып кетип сыйкырдан, Ажыраттың мени сен. Алмамбеттин Алмабаш, Сенде экенин мен билсем, Келбейт элем жаныңа. Кашык каным кечип кой, Алтымыш айла, кырк арип, Өнөрүмдү берейин, Итиң болуп аркаңдан, Имерилип жүрөйүн, Кызматыңды кылайын, Кызыңа нөөкөр болойун, Өйдөдө жүгүң оңдойун, Көчкөндө төөңдү комдойун, Убадамда турбасам, Уйпаланып өлөйүн! Зыркырап канчык турду эле, Көзүнүн жашы сан талаа, Көлдөй агат жөн эле. Эр Сейити жаш арстан: — Кирбейм канчык сөзүңө, Кылбайм жолдош өзүмө. Алтымыш айла, кырк арип, Атам кылган иш эмес, Адам жеген сен итти, Өчүрбөй атын тим койсом, Акыры түбү жакшы эмес. Ээрчитип катын артына, Эрмин деп жүрүш дүйнөдө, Эсирдин иши сен билгин. Бир кашык каның сурасаң, Бузулбас шартка сен келгин, Каныңды кечип берейин, Эрге алып берейин. Эрге тийгин дегенде, Саргарып мастан бек тердеп, Кеп таптай темтеңдеп: — Алмабаш огун алып кел, Тиштеп антым берейин, Кылычыңды сууруп кел, Мизин жалап берейин, Акбоз бээнин сүтүнөн, Уурташалы, береним. Асман калыс, жер калыс, Ай менен болсун күн калыс, Антыңды кылып берейин. Ит болуп ээрчип жүрөйүн, Канатыңды кармайын, Астыңдан кыйа баспайын! Деп зарланып турса да, Түк болбоду Сейити. Өзөлөнүп куу кемпир, Сейитини жооткотот. Ыйлаган болуп бышактап, Аркасын карап кылчактап, Алдын тиктеп ыкыстап, Ойлонуп мастан акыл таап: “Эламандын Төштүгүн, Мага окшогон Желмогуз, Итичпестин көлүнө, Жанжүрбөстүн чөлүнө, Алпарган экен ар кайда, Азгаштырып көп жайга. Эминеден кемим бар, Азгаштырып Сейитти, Алып барайын ал жерге, Адамга кас ал жерден, Табылаар мага демилге”. Деген ойго келгенде, Кара жерди көл кылып, Өзү түшүп кемеге, Кетип барат калкылдап, Жердин бети баары суу, Күн шооласы жаркылдап, Көлдү бойлоп шартылдап. Кетип барат Сейити, Алтын така, күмүш мык, Телкүрөңдүн бутунда, Чакмак таштай жылтылдап, Шайбырлай басып кылтылдап. Кемедеги шум кемпир, Кээ кезинде четине, Келип калат жакындап. Сейитти карап эликтеп, Күлүп кетет шакылдап. Кызча күлүп шыңкылдап, Созолонуп бир эрде, Ырдап кетет зыңкылдап. Суудан мастан чыкпады, Сууну бойлоп Сейити, Кемпирге айла таппады. Баштакы белги иш үчүн, Алмабаш менен атканы, Көл турмайлык гийе жок. Каткан шордун жатканы, Көз жиберип көп жерге, Желмогузду таппады. Турнабайын колго алып, Чар тарапка карады, Түштүк жакка бараткан, Көрдү Сейит караанды. “Тиги мага көрүнгөн, Желмогузбу, башкабы? Кургатып көлдү шор кылып, Көз жеткис жакка качканбы?” Дегенди Сейит ойлоду. Көп сыйкырдуу мастандын, Азгаштырып Сейитти, Ичине бүккөн ойу бу: “Кургакта качсам жетет, — деп, Телкүрөң күлүк тулпары, Тепсетип мени кетет, — деп, Сок билек, соку, ийрек жок, Сыйкырдан башка Сейитке, Каршылашар алым жок, Карсылдашып кагышып, Салыша турган чагым жок, Бар шаймандан айрылдым, Мурункудай багым жок. Уктум эле куп жайын, Уккан кулак жазык жок. Итичпестин көлүндө, Анын нары жагында, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Тапан хан деген бар деди, Кара баштуу бендеде, Кайраты толук ал деди. Кырк кулактуу казанын, Эр төштүккө алдырып, Ак калпак кыргыз буларда, Тапан хандын кеги бар, Алы келбей баратса, Куткарбаска жалынар, Куткарбас Тапан хан болсо, Кошулуп ага мен болсом, Сейити торго чалынар. Атагы кыргыз дегенде, Жер бетинин каны бар, Тапан хандын наамы бар, Азыр жүргөн адамда, Тапан хан менен бирдешсем, Куткарбас менен сүйлөшөм, Бир айласы табылар. Караанымды Сейити, Карап мени көргүнчө, Капкайда качып кетейин, Аркаман кууп жеткинче, Тапан ханга жетейин.” Деп ойлонуп желмогуз, Желип барат талаада, Аркасын карап кылчаңдап, Чаң чыгарбай шарт койуп, Айнектей талаа түзөңгө, Кара туман чаң толуп, Эки көзү чакчаңдап, Чубалып чачы саксаңдап, Шамал ыргап чачтары, Жазыла түшүп бакбаңдап, Ачып таштап көөдөнүн, Жүгүрүп барат дактаңдап. Сейитти таштап азгырып, Жетип барды Желмогуз, Тапан ханды жакындап. Ит ичпес көлүн ээлеген, Намысын колдон бербеген, Тапан хан деген эр экен, Ит агытып куш салып, Талаага келген кеп экен. Муну мындай таштайлы, Желмогуздун Тапанды, Алдаганынан баштайлы.