← Сейит 1/9

Көк күмбөз сыйкырынын жойулушу, Кылжыке баштаган сулуулардын кутулушу

Акылы артык даанышман, Адамдан асыл жан. Жагалданып Кылжыке, Жанындагы кыздарга, Жайа салып кеп айтат: — Ойумда турат бул бир иш, Карадөө келип талаадан, Алты күнү дем алып, Аттанып кайра кеткени, Арбын жумуш болгонго, Аны билдим мен, — деди. Келген күндө Карадөө, Колун мага карматты. Аркасында жарасын, Алтынай, сага сылатты. Кармады бутун Чолпонай, Кыйналдык биз кыздар ай, Алты күнү уктабай. Аңтарып сайып алуучу, Ааламда буга эр чыкпай, Жүрчү эле жайма-жай. Кыйла күндөн бер жакка, Карадөө калды түк тынбай. Каршы чыгып чочкого, Каруулашып тең келбей, Капилет өлгөн нечен жан. Жаралуу болуп келиптир, Муну сойор шер барбы? Же болбосо Карадөө, Талаганы кеткенби? Бизге окшотуп бир шаарды. Шаар талап, эл чапса, Коңшу кылат биздерге, Алып келип кыздарды. Башкадан кызык бир жумуш, Кыздар байкап сөзүмдү ук. Алты күндөн бер жакка, Кан ичме капыр Карадөө, Беш уулу менен кемпири, Үйүнөн басып чыкпады. Көптөн бери күнү-түн, Байкап жүрөм үйүн мен. Эртели-кеч эки убак, Эч болбосо үйүнөн, Чыкканы жок бир түтүн. Карадөө кайра кеткени, Кемпири менен беш уулу, Тең жоголгон кеп экен. Кутулуп кетер бекенбиз, Көбүрөөк менин үмүтүм. Эки күндөн алдында, Жердин бети дүңгүрөп, Жер силкинип дүркүрөп, Жазайыл уруш белгиси, Угулуп турган күркүрөп. Алыскы жерден шер келип, Атышты белем тең келип. Карадөө келди бул жерге, Араң басып сенделип. Жаралуу болуп ок тийип, Келген окшойт сенделип. Керкит, Кудус, Багдатта, Тең келер киши жок эле. Же болбосо кыздар ай, Көкбука менен Жетилбай, Балбан эле дейсиңер, Келип бүлүк салганбы? Силер үчүн жан кыйнап, Атышып алар калганбы? Токтонуп булар тура албай, Кол жыйнап келип жеринен, Кол салып булар жатабы? Анык чынын ким билет, Ар сананы айталы. Ааламга кеткен угулуп, Айкөл Манас атагы, Эркек тукум бар болуп, Эл куткарып алам деп, Эңишип булар жатабы? Карадөөнүн атасын, Кененим сойгон деп угам, Кененим келген белем деп, Ошол жактан шек кылам. Карадөөнү ким жеңсе, Кары болсун, жаш болсун, Тийип алсам деп турам. Карадөөнүн өлүгүн, Өрттөп күлүн сапырып, Сийип кетсем деп турам. Жанбайм айткан кебимен, Ойумда кылган убадам. Өзүнөн өйдө шер келбей, Каары катуу чочкодон, Кан агып кандай чубурган? Жаадыкөй катын, беш уулу, Тынч албай неге чубаган? Айландырып көп ойлоп, Эт жүрөгүм элөөрүп, Эбегейсиз кубанам. Байламта көңүл сүйгөнгө, Эркиндик барбы биздерге. Жарык дүйнө келеби, Элөөрүп ойноп, күлгөнгө. Эсирди жеңген эр болсо, Эрмеги мага тең болсо, Эр Жетилбай эсинде, Ээ, Алтынай сен болсоң. Эстегенге Чолпонай, Эр Көкбука бар болсо. Эзилген жүрөк элирип, Эрмектешер күн болсо. Айтканың келер Кылжыке, Көсала мени колдосо. Эрмектеш кыздар сизге айтам, Эсиме түшкөн ишти айтам. Көрсөм деймин ойумда, Өлтүрүп дөөнү келаткан. Баатыр эрдин жүзүнө. Жаадыкөй түшсө колума, Тирүүлөй чачын жулбасам. Жазасын берип колуна, Кылгылыкты кылбасам. Кысталак канчыкты, Билишимче кыйнасам! Кыйалында ойлонгон, Сүйлөдү сөздү Кылжыке. Кутулгандай эки кыз, Күкүктөй сайрап күлүңдөп, Кумарлуу эрдин аттарын, Айтып ийсе Кылжыке, Кубанышып сүйүнүп: — Эй, эжеке, Кылжыке, Андай күндү буйурса, Арман ойдон жуулса, Ак жолубуз ачылса, Алла Таала буйурса. Ааламга тегиз нур чачып, Жердин бети кулпурса. Кудай бизди урбайбы, Айткан кептер бузулса. Дасторкондун бетинен, Тузду бизге буйурса, Айланабыз өзүңдөн, Андай күндү туш кылса. Эрмектешип үч сулуу, Эсинде кебин салышып. Элебей калган турбайбы, Эр Сейити жаш арстан, Карадөөнүн төрт уулун, Сойуп салган турбайбы. Жаадыкөй катын, канчыкты, Карадөөнүн кенжесин, Кармап келген турбайбы. Эки колун артына, Байлап келген турбайбы. Эр Көкбука, Жетилбай, Жардап келген турбайбы. Оозу мурдун иттердин, Кандап келген турбайбы. Элге кылган казабын, Көрүнө кылып өзүнө, Айдап келген турбайбы. Көрүп кыздар шашылып, Жапаны тарткан байкуштар, Кызматын кылган эрлерге, Кылчайып артын карабай, Жаадыкөйдүн башында, Чачынан сүйрөп жулмалайт. Ура берип тебелеп, Эси ооп кеткенде. Муздак суудан себелеп, Оозуна келген кепти айтып, Ура берип жемелеп. Төрт казыкка керишип. Жазасын колго беришип, Талга аркан тартышып, Алып келип асышып. Май кайнатып казанга, Беттерине чачышып. Таракты алып келишип, Эринбестен үч сулуу, Этинен тарап алышып, Тиштерин сууруп алышып. Чокусуна кагышып, Өлтүрүп аны жиберип, Кенже дөөгө жабышып, Өлөсөлүү кылганда, Көрүп туруп кыздарды, Күлүмсүрөп Сейити, Эр Көкбука, Жетилбай, Ал экөөнү жиберди: — Өлбөгөн тирүү немесин, Ажыратып кой, — деди. Сейиттин кебин бурабы, Бурса кудай урбайбы. Араң турган ал экөө, Кыздарды көздөй чуркады. Алтынай менен Чолпонай, Ал экөөнү карабай, Тытмакай кыла берди эле. Кыз Кылжыке кеп айтат: — Алтынай менен Чолпонай, Айтар кебим силерге, Канын сурап сиздерден, Эки баатыр келиптир. Өлтүрбөй тирүү таштагын, Келе жаткан эрлерге, Учураша баралы. Бадиректи сойлоткон, Баатыр эрдин алдына. Алтынай менен Чолпонай, Кылчайып артын караса, Эр Көкбука, Жетилбай, Келип турган жанында. Өңүбүзбү, түшүбүзбү деп, Бузулуп өңү сумсайып, Тамылжып карап үшкүрүп, Анык таанып аларды, Асыла кетип жармашып, Турганында жанында, Эки баатыр карабайт. Сейитинен ийменип, Туйгузбай алар Сейитке, Жаштарын төгүп жиберип, Жоолугун кармап имерип, Жаштарын сүртүп жиберип. Тиктеп турат Кылжыке, Көз айрыбай тирмейип. Кыз Кылжыке баш болуп, Сейитти карай жөнөдү. Каадасын кылып кыргыздын, Ыраак жерден жүгүнүп. Кыраан кыздар кыпылдап, Кыргыйектей зымпылдап. Конок үйү сарайга, Асылдан килем салышып, Кыздары кыйа карабай, Эрендерге жүгүнүп. Кызмат кылып сүйүнүп. Самоордун сары жезинен, Аптабанын мисинен, Айабай тандап келишип, Аптабын колго алып, Самоордун суусунан, Жүз жууруна беришип. Алдыртан карап көз салып Алтынай менен Чолпонай, Көкбука менен Жетилбай, Кыздар басып оштонуп, Көөндөрү балкып кош болуп. Абылда арман көп болуп, Атасы өлгөн шор кайнап. Ичинде күйүп жалын чок. Сейити келип бактына, Кутулуп бүгүн туткундан. Асылдан салган килемде, Абыл жатат чалкалап. Кебелип койбойт Кылжыке, Келбеттүү сулуу заңкайып. Кыздарды салып кызматка, Алдыртан кирпик аңтарып. Кара жандан түңүлүп, Карадөөнүн зулумунда, Кайгы тарткан байкуштар, Жарык күн көрүп маңдайдан. Жаны калбай сүйүнүп, Жабыла кызмат кылышты. Дасторкон жайып чай берди. Томуруп ары май берди. Чайга кошуп бал берди, Кескилеп кертип чал берди. Каймакка кошуп нан берди. Дасторконго жайнатып, Баары тамагын жай берди. Өз элинин салтынча, Курма шекер кант берди. Каадасын кылып кыргыздын, Кысыр эмди тай сойуп, Кымыздан тартып ак арак, Көөкөргө куйуп канчалап, Көбүн бузбай көтөрүп, Кылыксып кыздар жөтөлүп. Кыйа карап маталып, Кыздар кылат жумушту. Чаңкап келген эрлерге, Кош колдоп барып сунушту. Суусунун баса кандырып, Көңүл кирин жам кылып. Чөйчөктөй көзүн жайнатып, Көзүрлөрдү жай кылып. Кыз Кылжыке буралып, Кыйа карап көз салып. Келбети артык Сейиттин, Мүнөзүнө таң калып. Кеп айта албай балага, Кер сары тартып муңайып. Кошулсам баарын ачам деп, Кобурап ичтен сөз айтып: “Баш көтөргөн бул кезде, Балбаны ушул турбайбы.