Акылы артык даанышман, Адамдан асыл жан. Жагалданып Кылжыке, Жанындагы кыздарга, Жайа салып кеп айтат: — Ойумда турат бул бир иш, Карадөө келип талаадан, Алты күнү дем алып, Аттанып кайра кеткени, Арбын жумуш болгонго, Аны билдим мен, — деди. Келген күндө Карадөө, Колун мага карматты. Аркасында жарасын, Алтынай, сага сылатты. Кармады бутун Чолпонай, Кыйналдык биз кыздар ай, Алты күнү уктабай. Аңтарып сайып алуучу, Ааламда буга эр чыкпай, Жүрчү эле жайма-жай. Кыйла күндөн бер жакка, Карадөө калды түк тынбай. Каршы чыгып чочкого, Каруулашып тең келбей, Капилет өлгөн нечен жан. Жаралуу болуп келиптир, Муну сойор шер барбы? Же болбосо Карадөө, Талаганы кеткенби? Бизге окшотуп бир шаарды. Шаар талап, эл чапса, Коңшу кылат биздерге, Алып келип кыздарды. Башкадан кызык бир жумуш, Кыздар байкап сөзүмдү ук. Алты күндөн бер жакка, Кан ичме капыр Карадөө, Беш уулу менен кемпири, Үйүнөн басып чыкпады. Көптөн бери күнү-түн, Байкап жүрөм үйүн мен. Эртели-кеч эки убак, Эч болбосо үйүнөн, Чыкканы жок бир түтүн. Карадөө кайра кеткени, Кемпири менен беш уулу, Тең жоголгон кеп экен. Кутулуп кетер бекенбиз, Көбүрөөк менин үмүтүм. Эки күндөн алдында, Жердин бети дүңгүрөп, Жер силкинип дүркүрөп, Жазайыл уруш белгиси, Угулуп турган күркүрөп. Алыскы жерден шер келип, Атышты белем тең келип. Карадөө келди бул жерге, Араң басып сенделип. Жаралуу болуп ок тийип, Келген окшойт сенделип. Керкит, Кудус, Багдатта, Тең келер киши жок эле. Же болбосо кыздар ай, Көкбука менен Жетилбай, Балбан эле дейсиңер, Келип бүлүк салганбы? Силер үчүн жан кыйнап, Атышып алар калганбы? Токтонуп булар тура албай, Кол жыйнап келип жеринен, Кол салып булар жатабы? Анык чынын ким билет, Ар сананы айталы. Ааламга кеткен угулуп, Айкөл Манас атагы, Эркек тукум бар болуп, Эл куткарып алам деп, Эңишип булар жатабы? Карадөөнүн атасын, Кененим сойгон деп угам, Кененим келген белем деп, Ошол жактан шек кылам. Карадөөнү ким жеңсе, Кары болсун, жаш болсун, Тийип алсам деп турам. Карадөөнүн өлүгүн, Өрттөп күлүн сапырып, Сийип кетсем деп турам. Жанбайм айткан кебимен, Ойумда кылган убадам. Өзүнөн өйдө шер келбей, Каары катуу чочкодон, Кан агып кандай чубурган? Жаадыкөй катын, беш уулу, Тынч албай неге чубаган? Айландырып көп ойлоп, Эт жүрөгүм элөөрүп, Эбегейсиз кубанам. Байламта көңүл сүйгөнгө, Эркиндик барбы биздерге. Жарык дүйнө келеби, Элөөрүп ойноп, күлгөнгө. Эсирди жеңген эр болсо, Эрмеги мага тең болсо, Эр Жетилбай эсинде, Ээ, Алтынай сен болсоң. Эстегенге Чолпонай, Эр Көкбука бар болсо. Эзилген жүрөк элирип, Эрмектешер күн болсо. Айтканың келер Кылжыке, Көсала мени колдосо. Эрмектеш кыздар сизге айтам, Эсиме түшкөн ишти айтам. Көрсөм деймин ойумда, Өлтүрүп дөөнү келаткан. Баатыр эрдин жүзүнө. Жаадыкөй түшсө колума, Тирүүлөй чачын жулбасам. Жазасын берип колуна, Кылгылыкты кылбасам. Кысталак канчыкты, Билишимче кыйнасам! Кыйалында ойлонгон, Сүйлөдү сөздү Кылжыке. Кутулгандай эки кыз, Күкүктөй сайрап күлүңдөп, Кумарлуу эрдин аттарын, Айтып ийсе Кылжыке, Кубанышып сүйүнүп: — Эй, эжеке, Кылжыке, Андай күндү буйурса, Арман ойдон жуулса, Ак жолубуз ачылса, Алла Таала буйурса. Ааламга тегиз нур чачып, Жердин бети кулпурса. Кудай бизди урбайбы, Айткан кептер бузулса. Дасторкондун бетинен, Тузду бизге буйурса, Айланабыз өзүңдөн, Андай күндү туш кылса. Эрмектешип үч сулуу, Эсинде кебин салышып. Элебей калган турбайбы, Эр Сейити жаш арстан, Карадөөнүн төрт уулун, Сойуп салган турбайбы. Жаадыкөй катын, канчыкты, Карадөөнүн кенжесин, Кармап келген турбайбы. Эки колун артына, Байлап келген турбайбы. Эр Көкбука, Жетилбай, Жардап келген турбайбы. Оозу мурдун иттердин, Кандап келген турбайбы. Элге кылган казабын, Көрүнө кылып өзүнө, Айдап келген турбайбы. Көрүп кыздар шашылып, Жапаны тарткан байкуштар, Кызматын кылган эрлерге, Кылчайып артын карабай, Жаадыкөйдүн башында, Чачынан сүйрөп жулмалайт. Ура берип тебелеп, Эси ооп кеткенде. Муздак суудан себелеп, Оозуна келген кепти айтып, Ура берип жемелеп. Төрт казыкка керишип. Жазасын колго беришип, Талга аркан тартышып, Алып келип асышып. Май кайнатып казанга, Беттерине чачышып. Таракты алып келишип, Эринбестен үч сулуу, Этинен тарап алышып, Тиштерин сууруп алышып. Чокусуна кагышып, Өлтүрүп аны жиберип, Кенже дөөгө жабышып, Өлөсөлүү кылганда, Көрүп туруп кыздарды, Күлүмсүрөп Сейити, Эр Көкбука, Жетилбай, Ал экөөнү жиберди: — Өлбөгөн тирүү немесин, Ажыратып кой, — деди. Сейиттин кебин бурабы, Бурса кудай урбайбы. Араң турган ал экөө, Кыздарды көздөй чуркады. Алтынай менен Чолпонай, Ал экөөнү карабай, Тытмакай кыла берди эле. Кыз Кылжыке кеп айтат: — Алтынай менен Чолпонай, Айтар кебим силерге, Канын сурап сиздерден, Эки баатыр келиптир. Өлтүрбөй тирүү таштагын, Келе жаткан эрлерге, Учураша баралы. Бадиректи сойлоткон, Баатыр эрдин алдына. Алтынай менен Чолпонай, Кылчайып артын караса, Эр Көкбука, Жетилбай, Келип турган жанында. Өңүбүзбү, түшүбүзбү деп, Бузулуп өңү сумсайып, Тамылжып карап үшкүрүп, Анык таанып аларды, Асыла кетип жармашып, Турганында жанында, Эки баатыр карабайт. Сейитинен ийменип, Туйгузбай алар Сейитке, Жаштарын төгүп жиберип, Жоолугун кармап имерип, Жаштарын сүртүп жиберип. Тиктеп турат Кылжыке, Көз айрыбай тирмейип. Кыз Кылжыке баш болуп, Сейитти карай жөнөдү. Каадасын кылып кыргыздын, Ыраак жерден жүгүнүп. Кыраан кыздар кыпылдап, Кыргыйектей зымпылдап. Конок үйү сарайга, Асылдан килем салышып, Кыздары кыйа карабай, Эрендерге жүгүнүп. Кызмат кылып сүйүнүп. Самоордун сары жезинен, Аптабанын мисинен, Айабай тандап келишип, Аптабын колго алып, Самоордун суусунан, Жүз жууруна беришип. Алдыртан карап көз салып Алтынай менен Чолпонай, Көкбука менен Жетилбай, Кыздар басып оштонуп, Көөндөрү балкып кош болуп. Абылда арман көп болуп, Атасы өлгөн шор кайнап. Ичинде күйүп жалын чок. Сейити келип бактына, Кутулуп бүгүн туткундан. Асылдан салган килемде, Абыл жатат чалкалап. Кебелип койбойт Кылжыке, Келбеттүү сулуу заңкайып. Кыздарды салып кызматка, Алдыртан кирпик аңтарып. Кара жандан түңүлүп, Карадөөнүн зулумунда, Кайгы тарткан байкуштар, Жарык күн көрүп маңдайдан. Жаны калбай сүйүнүп, Жабыла кызмат кылышты. Дасторкон жайып чай берди. Томуруп ары май берди. Чайга кошуп бал берди, Кескилеп кертип чал берди. Каймакка кошуп нан берди. Дасторконго жайнатып, Баары тамагын жай берди. Өз элинин салтынча, Курма шекер кант берди. Каадасын кылып кыргыздын, Кысыр эмди тай сойуп, Кымыздан тартып ак арак, Көөкөргө куйуп канчалап, Көбүн бузбай көтөрүп, Кылыксып кыздар жөтөлүп. Кыйа карап маталып, Кыздар кылат жумушту. Чаңкап келген эрлерге, Кош колдоп барып сунушту. Суусунун баса кандырып, Көңүл кирин жам кылып. Чөйчөктөй көзүн жайнатып, Көзүрлөрдү жай кылып. Кыз Кылжыке буралып, Кыйа карап көз салып. Келбети артык Сейиттин, Мүнөзүнө таң калып. Кеп айта албай балага, Кер сары тартып муңайып. Кошулсам баарын ачам деп, Кобурап ичтен сөз айтып: “Баш көтөргөн бул кезде, Балбаны ушул турбайбы. Бактысына ишенип, Карадөөнү алам деп, Шаша келген турбайбы. Камалды бузган ар качан Кайраттуу берен турбайбы. Балтыр эти ката элек, Балапан жүнү түшө элек, Бала баатыр турбайбы. Теңдеши болгон ургаачы, Дегеле көөнү тынбайбы! Жынысы ургаачы бендеде, Эрге тийбес болобу, Мындай эрге тийбесе, Түбүндө киши оңобу? Көп эркектин ичинде, Көкжал мындай болобу?” Сыр алдырбай Кылжыке, Сынап эрди болгону. Эрен бала Сейитти, Кылжыке сынап ичинде, Кыйалына толтуруп, Түк чыгарбай бир сырын, Кылжыке кылса жакындык, Кыраан бала Сейити, Көзгө илбейт теңсинип. Акылы терең Кылжыке, Айтайын деп сырымды, Сары алтындын буусундай, Санаада сөзү чубалтат: — Ардактап сүйгөн арстаным, Кылымдан ашкан кымбатым, Кызыл алтын сымбатың, Ата-тек жайың сураймын. Чын жолборстой мүнөзүң, Кайсы жердин гүлүсүң? Кыйналтып ичке чок салдың, Кыйа карап күлүшүң. Сүйкүмдүү элдин уулу дейм, Кандай сонун мүнөзүң. Кыздар тандайт кийсек деп, Кымбат баалуу кундузду. Азамат санайт асманда, Алсам деп чолпон жылдызды. Учкуну көздүн жылдыздай, Турушуң башка кубулжуп. Кыз тандаган кундуздай, Кызыл чок ичке саласың. Кыйналтып жанды тургузбай. Кыз эмес элге кызматты, Кылганга жигит устасың. Кыйнаган элди Карадөө, Кыйамын таап сулаттың. Жаадыкөй катын, беш уулун, Талкалап баарын куруттуң. Жапалуу Керкит көп элин, Жай кылып көөнүн куунаттың. Кыйноо тарткан кыз үчүн, Көкбука менен Жетилбай, Жыргалды көрсөм деп жүргөн, Алтынай менен Чолпонай, Ал төртөөнү кубанттың. Таңшыган мендей күкүктү, Таштап койсоң куураттың! Ынтызар болдум угарга, Түп атаң сурап турамын. Өзүм хандын кы зымын, Өзгөчө сизге кызыдым. Кыйноого таштап кетпегин, Өчүрүп өңдүн кызылын. Атамдын аты Сулаймат, Анын жалгыз кызымын. Тартып келип Карадөө, Көрбөдү менин кызыгым. Келтирген менен Карадөө, Каапырдын бойу бир дөбө, Сулуулукка кызыган, Сулууну доңуз көп жыйган. Ата мурас салты экен, Кызга арак сундурган. Кыз берсе арак колуна, Кош болот экен ойунда. Камоодо жаттык үч сулуу, Үч жыл мунун колунда. Өлүүдөн башка жок эле, Кан ичменин колунда. Алда кайдан сен келип, Кутулуп доңуз колунан, Өзүңө окшош бир жашты, Көргөнүм менин сонун да. Курмандык болуп жан кыйсам, Кырааным сенин жолуңа! Кымбат баалуу чымын жан, Кыйамат карай кеткенче. Кылчайгыс сенин жолуңда, Ажырап сенден калганча, Өлгөнүм менин ойдо эле. Өрттөнгөн дөө торунда. Урмат менен сураймын, Өз журтуң айтып койууга. Эр Сейитим жаш арстан, Сыр алдырбай сураса: — Сурадың кыз Кылжыке, Суктандым деп угарга. Айкөл Манас түп атам, Сен сурадың мен айтам. Турган жери Кең Талас, Башчысы Султан зор Манас, Кең Таласты жердеген, Ак калпак кыргыз көп алаш. Кеңколдогу коргондо, Падышалык алтын так, Байкап угуп Кылжыке, Байандуу сөздүн даамын тат. Жору куйрук кызыл алп, Эр кененим сойгон деп. Жер бетине угулган. Мен Кененим уулумун, Өзүмдүн атым Сейити, Бул жерде туруп нетели, Эл башкарган Сулаймат, Хан алдына жетели. Кан жутуп какшап ыйлаган, Калктын көөнүн ачалы. Өлгөнүн дөөнүн сен айткын, Арманы чыксын атаңдын. Ар моокумдуу сөз айттың. Айрылып калбай бир жүрүп, Бар кыларсың бүт ишиң. Хандык кылса Сулаймат, Карайбыз анын келбетин. Каршылык кылса биздерге, Төгөрбүз жерге берметин. Сен чыдаарсың Кылжыке, Чын болсо айткан бир кебиң. Тынчытып койуп кетели, Эл чекеси, жоо бетин. Көкбука менен Жетилбай, Жатпагыла тургула. Дөөнүн уулу жетимди ал, Казынага кулпу сал. Өлгөн дөөнүн төрт уулу, Төрт тулпарын алып кел. Кыз Кылжыке, Чолпонай, Абыл менен Алтынай, Бирден токуп мингиниң, Берки керкит калаага. Сен Жетилбай киргиниң, Кара дөөнү өлдү деп, Калың элге билгизгин. Хан Сулаймат бегине, Калтырбай билгиз элине. Эркин эли жердесин, Көк өзөн сындуу жерине. Жетине албай Жетилбай, Керкиттин кирип калаага, Калаадагы элге айтып: — Керкиттин ханы Сулаймат, Кызыңыз келди” — деп айтып. Шер Кененим тукуму, Эр Сейити баатырым, Дөөнү сойуп кыйратып, Туткундагы жандарды, Куткарып баарын сүйүнтүп, Өзү бирге келатат. Керкиттин ханы Сулаймат, Угуп турган калың эл, Баары кетти чуулашып. — Багы ачылсын арстан, — деп, Сейитинин астынан, Жүрүп берди чубашып. Сулаймат жалгыз хан калды, Андан башка калбады. Сүйүнүп ыйлап далайы, Жетим уул, тул катын, Кантип булар тура алсын. Жардысы бар, байы бар. Кордук көрүп чоң дөөдөн, Кор болгондон баары бар. Жетине албай сүйүнүп, Жетим калган жаш балдар. Айрылган эрден катындар, Алтын, күмүш зарларын, Алдырган эчен байлар бар. Чоңдордун баары чойулуп, Сурмалуу көздөр койулуп. Ал сейиттин алдынан, Баары жүрдү чогулуп. Телкүрөң минип теңселип, Тегеректеп эл келип. Сакалдуулар алдында, Салам айтып кол берип. Көп элдин заарын көргөндө, Залкар тоодой чунагың, Көзүнүн жашын имерип. Эл ыйласа, жер ыйлайт. Ызылдап үнүн чыгарып, Желип өткөн жел ыйлайт. Жан-жаныбар кубанып, Жетине албай бүт ыйлайт, - Өчпөскө бүткөн күн ыйлайт, Өлбөскө бүткөн түн ыйлайт. Өскөн дарак тал ыйлайт, Такаты калбай таш ыйлайт, Атасын каапыр дөө жеген. Өкүрүп өксөп чаш ыйлайт. Бетин тытып чаш жулуп, Жесир катын тул ыйлайт. Толкуп жаткан көк деңиз, Томсоруп жаткан чөл ыйлайт. Жайнаган жарык көк ыйлайт, Жайлоого чыккан чөп ыйлайт. Сүйүнүшүп булбулдар, Так сайрабай чулдурайт. Сулайматтан башка жан, Бирөө үйдө калбады. Өзөгү күйүп өр болгон, Өзгөчө калкы турбады. “Өмүрүң узун болсун” — деп, Көпчүлүк кылды дубаны. Өткөн күнү жаңырып, Жалпы калкы сүйүнүп, Алып келип Сейитти, Хан ордого түшүрүп. Жаны калбай көпчүлүк, Кызмат кылып далайы, Алек-далек жүгүрүп. Көөнүнө арам бүгүлүп, Сулаймат турду үшкүрүп. Ата түрүн кыз көрүп, Энесине кеңешип. Увазир, бегин жыйнатып, Кымбаттуу сулуу Кылжыке, Айтмак болду билгизип. Кыйалында максатын: — Айтсам сөзүм далай бар, Азап салды Карадөө, Келбеди ага алыңар. Кыйнады жаман эл-журтту, Кан ичме доңуз Карадөө. Кудус менен Багдаттан, Алтынай менен Чолпонай, Алып келди сулууну. Кылжыке мени баш кылып, Күндө арак сундурду. Талап келип кез болду, Таласта кыргыз улугу. Атактуу Манас баатырдын. Аркасында тукуму, Акылы артык тунугу, Катышып баатыр Сейитке, Кан ичме капыр куруду. Жаадыкөй катын, төрт уулун, Жалмап баарын курутту. Катуу өткөн силерге, Карадөөнүн кылыгы. Жору куйрук кызыл алп, Кутургурдун тукуму, Кезегинде Кененим, Сойгон экен ошону. Карадөөнү сулаткан, Ал Кененим тукуму, Аты Сейит мына бу. Каары катуу эр экен, Көргөндөн бери жактырып, Көңүлүм менин чыдабайт. Кошулсам деп ушуга. Атам менен кеңешип, Бүтсө кеңеш кебиңер, Эп келсе мени бериңер. Кыйыгына калсаңар, Табылбай калат эбиңер. Колуңарга алсаңар, Жарыгы менен Сейиттин, Корголуп калат жериңер. Эки күндөн калтырбай, Жообун алып бериңер. Жакшы жаман кеп болсо, Мага айтып келиңер. Чакырып келип чоңдорго, Чалкалаган зорлорго, Кылжыке айткан кеп экен. Эл башкарган бийлери, Хан Сулаймат үстүнө, Барып кирди жыйылып. Вазирлери кеп айтат: — Алдайар таксыр ханыбыз. Алдыңа келдик баарыбыз. Кылжыке кызың өзү айтат, Карадөөнүн колунда, Туткун болуп мен жаттым. Керкиттин эли сен эмес, Кан ичмек каапыр Карадөө, Кудусту кошо чапты, дейт, Мына бул келген Сейити, Куткарып бизди алды дейт. Укмуштуу кызың кеп айтат, Жаңы келген Сейити, Кененим уулу деп айтат. Сөз этеги бир жерде, Түшүнүп ханым карагын. Кызыңдын көөнү Сейитте, Жообун алып келүүгө, Жиберди ханым өзүңө. Ачуулансаң ханыбыз, Ажалдан мурун өлөбүз. Өлүмдү карай жумшасаң, Өлөбүз дебей жөнөйбүз. Урматтуу элдин чоңдору, Угузду сөздүн байанын. Сулаймат угуп бул сөздү, Ачуусу келип үксөйүп, Тапмак болду түгөнгүр, Түйшүктүү кыйла жумушту. Күлбөй тиктеп сумсайып, Ачуусу келип кумсарып. Ар түрдүү арып ойлоду. Арамзада Сулаймат, Бармагын тиштеп баш чайкап, Алды аркасын тең байкап, Баш көтөрүп бир чакта, Жылчыгы жок кеп айтат: — Баарың уккун, — деп айтат, Хандык такта колумда, Калк башкарып эл бакмак, Канчалык пикир ойумда. Карадөөнүн каарынан, Чачылып кеттик ар кайда, Сейити келген турбайбы, Шор болгон биздин таалайга, Кыз бербей кантип койойун, Жараса элге ал бала. Шаддат кылган иш эле, Сыйкыр менен бекиткен, Билбейт киши Керкиттен. Көккүмбөздө көөхар бар, Алып келсин ошону. Канаттуудан Сумурук, Кармап берсин чоң кушту. Карадөөнүн колунда, Турат азыр туткунда. Көөнүнө арам пикирлүү, Сулайматтын сөзү бу. Табалбайт деп Сулаймат, Сейитинин ойунда. — Көөхарга толгон Көккүмбөз, Кара деңиз бойунда, Кантип аны ала алсын, Дөө менен жиндин колунда. Арзан болсо бул күмбөз, Алат эле нечен жан. Бузуп алыш ойу бар. Кудустуктун элдери, Ала албады нечен жан. Шаддаттан бери ошону. Хан каадасы эл наркы, Шартым ушу меники. Келе албаса бүт чаркы, Алып аны бербесе, Бере албаймын кызымды. Айтып койгун Сейитке, Алып берсин баарысын. Убадам менин берүүдө, Айта баргын муну – деп. Арамзада Сулаймат, Жөөт кеп салып буларга, Адамдын алы келбеген, Ааламдагы жокту айтты. Баргандар кайра жанышты. Кыз Кылжыке асылга, Атаңдын сөзү ушул деп. Укканын айтып барышты. Кыжалат болуп азыраак, Акылы артык Кылжыке, Ойуна муну алышты: “Сумурукту билемин, Карадөөнүн торунда, Ачып берчү күмбөздү, Дөө уулу Сейит колунда. Алмамбет аткан алма баш, Бар болсо бирге жанында. Алы шамал бар экен, Айтайын муну Сейитке” Кара ниет Сулаймат. Колунда малга көз тойбой, Муну айтканы сонун кеп. Арамзада Сулаймат, Арам пикир ой менен, Сейитинин үстүнө, Басып келди ошондо. Хан кадырын хан билет, Кабыландын тукуму, Төрдөн орун көрсөтүп, Төбөсүнө өткөрдү, Каадасын кылып кыргыздын. Кара ниет Сулаймат, Көөнүнө пикир жам кылып, Айтып турган сөзү бул: — Алыстан келген жаш арстан, Айкөл Манас уулусуң, Ата салтын сен кылып, Карадөөнү куруттуң. Какшаган элди жыргаттың, Жалгыз кызым Кылжыке, Эрмегимди келтирип, Эбегейсиз кубанттың. Эми сага айтаарым, Жалгыз кызым Кылжыке, Жактырып сүйгөн өзүңдү, Бузбай сөзү кызымдын. Өмүрлүк болсун жубайың, Сенин элиң сыйынган. Кудайымдан сураймын. Биздин кудай көзала, Мойнумда турат асылуу, Көз салып буга сен кара. Кохар менен лык толгон, Көк күмбөз турат талаада. Чама жетип чарк келбей, Ушуну барып аларга. Кайраты артык эрен жок, Кара деңиз дайрасын, Кечип аны барарга. Сумурук салсам деп ойлойм, Жүрөгүм күйүп бул жара. Мурунку койгон шартымда, Карадөө болчу алдында. Калганды эми мен айтам, Нарк-нускасын элимдин. Кыз алар күйөө сен болсоң, Кыйамын байка сөзүмдүн. Каадасынча элимдин, Тойго келген чоңдорго, Балыктан конок берилсин. Таң тамаша көп болсун, Найзалашып салышаар, Өзүңдөн башка эр болсун, Байге бөлүп күлүккө, Ат чабышып ойносун. Мылтык атчу эренден, Жамбы атчу мергенден, Жайы менен бүтүрсүн. Багалектен алышсын, Балбандар күрөш салышсын. Жыкканы мөрөй алышсын, Жыгылганы томсоруп, Боз ала болуп кур калсын. Ошонун баарын камдасаң, Кылжыкени берем — деп, Шартын айтып бүтүрдү. Көк жал эрен Сейити, Түшүнүп айткан кебине Учурашып келем деп, Урматтуу улук келипсиң, Сумурук менен кохарды, Калганда айткан баарысын, Жай-жай менен орундап, Жай кыламын көңүлүң. Көк күмбөздө кохарды, Алып берчү мен бармын. Канаттуудан Сумурук, Кармап берчү мен бармын. Эр сайышка камдалуу, Көкбукадай балбаным, Эптүү чечен менде бар, Жетилбай кылат калганын. Балыкка салып тор жайган, Балыкчы деп аталган, Ата кесиби башынан, Абылды буга камдадым. Балыктын жайан чоңунан, Башкалар билбес зорунан, Конокко чайым камдалуу. Чабуучу жээрде күлүк бар, Айбандан издеп табылгыс, Айтууга сонун мүлк бар. Жамбы атып, туу жыгар, Маша ирмесе чуу жыгар, Кененимдин жалгызы, Жаш Сейити өзүм бар. Аттуу сайыш, жөө күрөш, Чалыкпас баатыр Көкбука, Таамай кырк күн чабышта, Билеги талбас Көкбука. Кудайың ким деп сурадың, Шериги жок жап-жалгыз, Жоктон өзү бар болгон, Болот менин кудайым. Көкбука менен Жетилбай, Алтынай менен Чолпонай Тойун бирге кылайын. Көөнү тынсын булардын, Көп экен деп шартыңар, Мен кылбаймын убайым. Камаарабай кенедей, Жаш Сейити чунагың, Кайыр дешип хан менен, Акырдан атын алдырып, Аркасында жүрүүчү, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Жолборсторун жам кылып. Басарына калганда, Кыз Кылжыке акылман, Кылаңдап басып буралып, Жаш Сейити арстанга, Кашкайа сүйлөп муңайып, Кийгенине жарашып, Атлес көйнөк чубалып, Кундуз ичик жамынып. Башына кийген суусар бөрк, Оң чекеде кыйшайып, Ойротто жок түгөнгүр Басып келген суйкайып. Түймөсү мунун асылдан, Хан баласы Кылжыке, Он үч жашта мүчөлүү, Каңгырап үнүн чыгарып: Бастырып төрөм калыпсың, Кайакка болот жолуңуз? Не түрдүү сенин жумушуң, Бей туйук кетип арстаным, Ачык жообун угалбай, Күн көргөнүм курусун. Аша турган белиңди, Бара турган жериңди, Сындырбастан дилиңди, Арстаным айтчы кебиңди. Баруучудай бир жакка, Мен байкасам пейлиңди. Кашын серпип солк этип, Куйулуп көзү мелтиреп, Назданып турду Кылжыке, Жаш Сейитке геп айтып. Жооп берди Сейити: — Сурарың жолдуу сеники, Кетеби деп сен мени, Кейигенсип муңайба, Атаңдын шарты көп экен, Арбын жумуш быйакта. Көккүмбөздүн кохарын, Казынага салам дейт, Канаттуудан Сумурук, Кармап бергин мага дейт. Жакшылар тойго келгенде, Жайандын этин тартам дейт. Жеткир күлүк чабам дейт, Чебер өнөр табам дейт, Эр сайышат балбан дейт, Күрөш салат андан дейт, Жамбы атат мерген дейт. Айткандарын орундат, Сенин камың кылууга, Кетип барам Кылжыке. Сурасаң жумуш ушул деп, Бүтүрүп келиш буларды, Жакын эмес узун, — деп. Келберсиген Кылжыке, Кебин айтат Сейитке: Дөө этинен шылытып, Өз уулуна көтөртүп, Ала баргын арстаным, Карадөөнүн сарайдан, Күн батышка бет алсаң, Сыйкырдуу тордун ичинде, Чыгалбай турат Сумурук. Дөө этине тойбосо, Ал чыга албайт кутулуп. Кутулган соң Сумурук, Жолдош болот кебимди ук. Жер жүзүндө канаттуу, Төбөсүндө ал улук. Көк күмбөз өзү ыраакта, Көп-көп деңиз аралда. Сыйкыр менен суу турат, Болбосо өзү кургакта. Аралда эмес ал күмбөз, Биз жаккы четки кыргакта. Уккан кулак укмушта, Сыйкыр менен жасалган, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөө аны калтырган. Он сегиз миң ааламдан. Падышасы Шаддаттын, Элге кара акмактын, Кохарды журтка жайарга, Көзү кыйбай өзүнүн, Сыйкыр менен Көккүмбөз, Жүйрүн дөөгө салдырган, Кохарды ага жыйнатып, Бекем кылып катырган. Айланасы деңиз суу, Түбү жок терең мына ушу. Чайкалат деңиз дүрүлдөп, Толкуну катуу күркүрөп. Баары сыйкыр амал бу, Адам тургай ит кирбейт. Сыйкырды бүтүн жок кылчу, Жарагың болсо колуңда, Кыйын жумуш ал эмес. Болбосо алар жаныңда, Барамын деп талпынба. Түп Бейжинди жердеген, Азизхандын тукуму, Жүйрүн дөөнүн колунда, Окуп турган кезинде, Жасап берген белекке, Алмабаш деген мылтыкты. Сыйкырдын сыры чечилет, Асынып барсаң ошону. Жонуңдагы асынган, Арстандан белек алма баш, Ажырабай ала бар. Алма баш үнү угулса, Кургайт деңиз өзү эле. Атам Манас эр дейсиң, Айбаты артык шер дейсиң, Угулуп жүргөн укмушта, Азизхандын Алмамбет, Ак исламдан дин каалап, Ал Манаска келген деп. Алмабаш калып белекке, Жүрөсүңбү асынып? Деңиз кургап жер болсо, Уйулгуп шамал ызылдап, Жол табылбайт ошондо. Сыргак сайган Сырнайза, Шамалга утур кармаса, Басылат эле шамалы. Белек кылып карманган, Сыргактан калган Сырнайза., Азыр барбы колуңда? Түгөнсө шамал от чыгат, Жер жайнаган чок чыгат. Жер жүзүн басып мунарык, Кылымда мындай жок чыгат. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Кийип адам барбаса, Күйүп кетет жалынга. Учурап калат чапкынга. Жүйрүн дөөнү Кененим, Сойгон экен башында. Алган болсо көйнөгүн, Келдиңби кийе жаныңа? Кутулсаң оттон арстаным, Азуулуунун эрлери, Айбанаттын шерлери, Алар чыгат алдыңдан. Коркот экен ошолор, Атагын укса Манастын, Кутурсаң сыйкыр баарынан, Көккүмбөздө кулпу бар. Алдыртан өйдө умтулса, Колу жетпейт кулпуга. Үстүнөн ылдый жан келбейт, Ачууга туура ал келбейт. Дөө уулун ала барбасаң, Ачылбай кулпу ар качан. Ачылаар кулпу сыйкыры, Дөөнүн уулунун колунда, Туткундалган дөө уулун, Ала баргын жаныңа. Күмбөздөн кохар аларда, Көрөр ишиң дагы бар. Кохарды салсаң калтага, Кохары жок таш калар, Кохарды ташка айланткан, Көрүнбөс көзгө бир жан бар. Көрсөтөт сага кызматын, Сумурук куш ушунда, Сумурук куш кармасаң, Тирүү тийсе колуңа, Ала келгин бул жерге. Көп сыйкырдын түрлөрүн, Көрсөтүп жүрөт ал бирге. Күмбөздөн алсаң кохарды, Аралдын жери ачылды. Айтканым кылсаң баарын, Атамдын чери жазылды. Чыгарба эстен көк жалым, Курдашың айткан акылды. Айласы көп киши эле. Менин атам Сулаймат. Кара мүртөз жан эле. Бирде жакшы мүнөзү, Бирде жаман кыйалы. Бой чечишип сырдашып, Бошоп кетпе деги эле. Кишинин баарын пас көргөн, Тыңдуусунган неме эле. Бел алдырсаң атама, Түпкү жетет бир демде. Кыз курдашы айтканды, Кыйалга түйүп Сейити, Шаардан чыгып жол басып, Эликтей узап мол басып, Карадөөнүн сарайга, Ал күнү жетип, жай жатып. Жаадыкөй катын эки уулун, Өлүгүн карап жер казып, Дөө этинен шылытып, Өз уулуна көтөртүп, Күн батышка бурулуп, Кармоодо жаткан Сумурук, Какшаган үнү угулуп, Учурбай тур деп койуптур, Сыйкырдуу менен тор койуп. Сумурукту бошотту, Дөө этине тойгузуп. Адам тилин сүйлөгөн, Сумурук куш бошонуп, Азат кылып аларды. Ачып канат ирмебей, Тумчуккан үнүн чыгарып, - Карадөөнүн торунан, Куткарган мени ким? — деди. Айкөл Манас тукуму, Бар болсо ошол келгени, Кутулганым чын дейим. Жетимиш беш жыл алдында, Кармаган мени Жүйрүн дөө, Жетимиш үч жыл байлоодо, Жүйрүндүн турдум колунда. Айкөл Манас тукуму, Бошоткон мени Кененим, Ал доңузду сойгондо, Кыйла кызмат мен кылдым. Чынгыш хан сыйкыр кылганда, Андан кийин дүйнөдө, Эркин жүргөн жан элем, Эки жыл ашып бараткан, Мен турганы бул жайда. Айтпасам болбойт муну да, Сен Манастын тукуму, Кыларга жумуш мага кайда? Пейлиңди бузуп келдиңби, Береним баатыр көкжалым, Көккүмбөзгө барарга? Колумдан келсе айанбай, Көрсөтөм кызмат, мен анда. Көөнүңдө болсо баарын айт, Көп ыраак алыс барарга. Канатымды бир серпсем, Бир айчылык ыраакка. Атың менен өзүңдү, Жолдош-жоро кишиңди, Көтөрүп алам жонума, Бүтүрөмүн ишиңди, Баатыр Манас тукуму, Кыйналган азап торунан, Эки сапар куткардың, Өмүрүм өтүп кетер де, Балама керээз кылайын. Сумурук айтып кыйла сөз, Асман менен какылдап, Жөнөп калды жол баштап. Сейитинин Телкүрөң, Ооздук чайнап кыйгачтап, Деңиздин келип жээгине, Көз жиберип караса, Мелмилдеген суу турат. Көзгө араң көрүнүп, Көккүмбөз турат аралда. Султандан калган алма баш, Машага милте илинүү, Тартып алды ийнинен, Ичинде огу салынуу. Милтенин кызыл чогу бар, Жаш Сейити арстаның, Алмабаш алып колуна, Көз жетпеген деңизди, Атып калды тарс койуп. Машадан кызыл чок жетти, Алмабаштан ок кетти. Үнүнө чыдап жан турбас, Үнү ачуу Алмабаш, Козголуп тоо солк этти. Курма тамдар кулады, Төшөктө чалдар туйлады. Акырда эшек айкырды, Беймаал тоок чакырды. Солкулдады кара жер, Суу айбаны шашылды. Бир атууда жаш Сейит, Суунун пирин качырды. Чайкалып деңиз токтобой, Туш-тушуна чачылды. Суунун бети тумандап, Карара түшүп ачылды. Көрөр көзгө деңиз жок, Өйдө-төмөн бурулуп, Шамал чыкты удургуп. Баатыр Сыргак жолборстун, Сырнайзасын койкойтуп, Колуна алса Сейити, Жоголду шамал чаңдаган. Аңгычакты болбоду, Кылымды түтүн каптаган. Жердин бети кызыл чок. Жүйрүн дөөнүн көйнөгүн, Кийе жүргөн Сейити, Аралап кирди жазганбай, Күйгүзө албайт жалын от. Оттун сыры бурулуп, Азуулуунун эрлери, Айбанаттын шерлери, Жер бетине жык толуп Жайнап чыкты чубуруп. “Манастап” ураан чакырса, Калбай баары жок болуп. Көрүнүп көзгө Көккүмбөз, Түгөнүп түмөн көп сыйкыр, Деңиз эмес кургакта, Турган экен Көккүмбөз, Бер жагында кыргакта. Шаддаттан бери бар күмбөз, Түргөн чийдей жыланга, Жол тостуруп койгон кеп. Беттеп бенде кире албай, Нече заман турган кеп. Сүрөтү күмбөз мал тойуп, Турат экен томсоруп. Айланасы кактаң жер, Өнгөн гийа жок болуп. Айланасы курчалуу, Топурагы буртулдап. Шыркырап куму куйулат. Тулпардын тийсе туйагы, Томолок таштар удургуп, Үстү кызыл чап турат. Асты такыр таш турат. Гийа тургай суусу жок. Сыйкырдын сыры чечилди, Канча жылдык сыйкырдын, Маминтип шайын кетирди. Каалгасын караса, Жалама жалтаң зоо болуп, Кап бетиндей кулпу бар, Көрүнүп турат томпойуп. “Сыйкырдын сырын ачтым” — деп, Эрдемсип баатыр шашылды. Унутуп кетти ал жерде, Кылжыке айткан акылды. Күмбөздөн кайдан ийменди, Баатыр көөдөк эмеспи, Кулпуга колун жиберди. Сунган менен кол жетпей, Өйдөлөп кетти кулпу эми, Сексен жердей жолу бар, Төбөсүнөн Абылды, Аркан менен Салышты, Ылдыйлап кулпу кол жетпей, Ачар айла болбоду. — Эсимден чыгып кетиптир, Кыз Кылжыке кеби, — деп, Айып менде эми, — деп, Буйрук кылды Сейити, Дөө уулун алып келгин, — деп, Байлоодон колун бошотуп, Алып келди дөө уулун. Күркүрөп күмбөз доош берип, Кулпу ачылды шарт этип. Ичинде кохар таштан көп, Ташыйлы эми сыртка деп, Баары чогу жабылып. Далай дорбо, кап, калта, Ала барган камынып. Дорбо, калта, каптарга, Кохар салып толтуруп. Кенже дөөгө жүктөдү, Талаага чыгып караса, Кохардын баары таш болуп, Алда эмне шумдук деп, Акыл азып таң болуп. Ичтен салып кохарды, Талаага чыкса таш болот. Сумуруктан угалы, Сыйкырдын сыры паш болот. Асманда туруп Сумурук, Сүйлөгөн кеби угулуп: — Силер кохар салганда, Силер көрбөс бир кол бар, Кохарды алып таш салат, Ошол үчүн идиште, Кохары жок таш калат. Батыш жакта бир адам, Сыйкыр менен олтурат. Мен качырам күү менен, Кадимкидей сүр менен. Качырайын оорагын, Өпкөсүнө батырам. Өткүр учтуу тырмагым. Анык сыйкыр болгондо, Бир которот заманда, Андан коркпо деп айтам. Кабар кылып Сумурук, Катуу кирди буйуруп. Канаттын күүсү угулуп. Качалбай сыйкыр камынып, Заманасы куурулуп. Сумурук кармап өпкөдөн, Уу тырмагын өткөргөн. Ачуу айкырык угулду, Жарык түн кар тутулду. Нече түрдүү жан толду, Ат кылып минген булутту. Качырбай карма деп келди, Капкайдан келген бурутту. Башы көктү тиреген, Буту жерди жиреген. Бир денеде нечен баш, Колу-буту, көзү көп. Жер жүзүндө чөптөн көп. Алган жарак андан көп, Буркураган буу келет, Кызыл жалын чок болуп. Ач-кыйкырык чуу келет. Жүз миң адам болсо да, Бири жалгыз жечүдөй, Бүтүлү кара тоо болсо, Бир оозуна салчудай, Кылым толгон мындай жан, Кыйкырышат карма деп, Келген экен бурут деп, Бурутту кармап курут, деп. Муну көргөн жан калбай, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Ал жерде чыдап тура албай, Четке чыкты уйалбай. Көкжал төрө Сейити, Көз айырбай карашат. Эми өлүм жетти деп, Өлөр жагын санашат. Андай сонун жумуштар, Эр Сейитке жарашат. Ырысына Сейиттин, Кие келген Таластан, Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Көөдөнүн ачты Сейити, — Көргүлө мени киммин? — деп, Булут атчан дөө, пери, Көйнөктү көрүп өлдүк деп. Сумурук куш кармаган, Буурул сакал абышка, Баштады сөзүн баарыга: — Өлүмдү көрбөй Жүйрүн дөө, Сегиз миң жыл жаш көрүп, Кала албады дүйнөдө. Баарынын башы байлануу, Бай жардынын өлүмгө. Падыша Шабдат болгондо, Баш вазири Жүйрүн дөө, Шабдатка болуп акылчы, Жер жүзүндө кохарды, Жыйдырып баарын тапкызды. Кыйбастан адам уулуна, Бул күмбөзгө салдырды. Акыргача турууга, Жок керегин Жүйрүн дөө, Ал Шаддатка тапшырган, Ошондой кылып Жүйрүнгө, Сыйкыр менен каттырган. Жүйрүндөн Шаддат сураган: “Алабы муну бир адам? Түн кубалап күн өтөт, Ай айланып жыл өтөт, Өткөндөрдүн ичинде, Ааламдан нечен эр өтөт. Ошолордун ичинде, Манас деген бири өтөт. Жер бетинде көп ишти, Ошол Манас түгөтөт. Мен да өлөм Манастын, Урпагынын бирөөнөн. Көккүмбөзүң бузулат, Шаддат, ачык билгин сен.” Деп, Жүйрүн дөө жооп берген. Сен Манастын урпагы, Күмбөздү бузуп жол салдың, Түшүнгүс дүйнө олжо алдың, Ошондуктан билем мен, Ошол чактан ушул чак, Бул Күмбөздө турдум мен. Менде жаанын огу бар, Колуңа берем муну ал, Ок менен мени бир сайсаң, Мага өлүм табылат, Тосоту жок көп кохар Баары сага бош калат. Айтып болуп абышка, Жаанын огун берди эле. Жалган айткан бул кепке, Эр Сейити баатырдын, Айабай ачуу келди эле. Кыйнагын деп жакшыраак, Кушка буйрук берди эле. Буйрук алып Сумурук, Алакандын бүлтөктө, Кармап койду бир кысып, Агып кетти териден, Абышкадан май сызып. Абышка жаман шашылды. Сейити деп бакырды. Ошол үндү укканда, Боздоп жаткан топурак, Жердин бети ачылды. Май агып чыдабай, Абышка жаман ачынды: — Чынымды айтам эр Сейит, Керээзим менин акыркы. Жаа огу менен жанымды ал, Көөкөргө куйуп канымды ал. Жалганы жок чынды айтам, Жаш Сейити тилимди ал. Адамзаттын уулуна, Алса кохар токтобойт, Токтобостон себеби, Жин перилер жөн койбойт. Менин каным куйулса, Андан кийин жолобойт. Мен ыраазы өмүргө, Башымды бердим өлүмгө, Чынын айтты эми деп, Өлсө өлсүн мейли деп, Жаа огу менен бир сайып Ачылып тиши ырсайды. Күмбөздөгү кохарга, Сыйкырдын канын куйдурду, Булут атчан дөө пери, Нечен түркүн турган жан, Баары калбай чубурду. Жапанда жүргөн жайылып Карадөөнүн көп төөсүн, Карматып келип комдоду, Бир төөгө алты кап артып, Жипке теңдеп дорбону, Сейити келет экен деп, Элдин баары дүрбүдү. Алып келип кохарды, Казынага түшүрдү, Сулаймат ишин бүтүрдү. Бир кишиге соогат деп, Жалгыз кохар бербеди, Муну Сейит түшүндү. Күмбөзгө барып кол салып, Кохардан жүктөп олжо алып, Келип түшкөн Сейити, Жата турсун дем алып, Эми калган кеп болсо, Сулайматтан угалы. Сулайматта жок экен, Адамкерчилик, тууралык. Керкиттин ханы Сулаймат, Эр кадырын билбеген, Элди көзгө илбеген, Кара мүртөз хан экен, Арам пикир санаалуу, Уйку көрбөс жан экен. Чалалык көп кебинде, Жакшылык кылбас кишиге, Зыйаны тийсе тийгидей, Пайдасы тийбей элине. Сейитини жөнөтүп, Көөнүнө түйүп арамдык, Уйкусу келбей түнүндө, Нече акыл көп ойлоп, Арамдык бүтүп ичине, Кылжыкени бербеске, Кыргыздан кыраан Сейитке, Акыл таап чыңалып, Көзүнөн чаарын чыгарып, Алты киши алдырып, Алты күлүк ат берип, Алты сонун тон берип, Бечеттеген кат берип, Беймаал жанга туйгузбай, Кудуска элчи бол деди. Курсакка салып түйүп ал, Айтаар кебим бул деди: — Алтынай менен Чолпонай, Биздин колдо бар дегин, Канкор Манас тукуму, Кыргыздан келип бир уулу, Карадөөнү сойду де, Кара көзүн ойду де, Калың элге түйшүктү, Дагы кабат салды де. Сулайматтын жалгызы, Кыз Кылжыке сулууну, Аламын деп чыр кылып, Жатып алды дегиле, Эч нерседен жалтанбас, Баатыр экен дегеле. Сумурукту чоң дөөдөн, Тартып алды дегеле. Көккүмбөздүн кохарын, Артып кетти дегеле, Тентип кеткен эки кул, Кудус менен Багдаттан, Ээрчитип келип керкитке, Бергени жатат дегеле. Эки сулуу кызынан, Кудустук куру калат, де. Дини башка мунуку, Көз аланы билбесе, Динсиз экен дегиле. Айла болсо силерден, Кылжыкени Сулаймат, Бербейт экен дегиле. Кабыл көрсө Шермат хан, Балбандарын ээрчитип, Мындай келсе деди де. Келбес болсо Шермат хан, Көрүнбөсө көзүнө, Алтынай менен Чолпонай, Кудустук эки сулууну, Көкбука менен Жетилбай – Жетесиз кулдар алат де. Балбан экен Көкбука, Жалгыз атчан, жалаң тон, Ал замандан бул заман, Карды нанга тойбогон. Жетилбай деген немеси, Жетик эрдин бири экен. Жайын айткын Шерматка, Мен дайармын бербеске. Акыл кеңеш мен айтам, Жетеси жок карага, Берет бекен Шермат хан? Жакырларга кыз берсек, Сыймык качат биз жактан. Шермат да хан мен да хан. Хан каадага тырышам. Карага башты кар кылсак, Ханга намыс эмеспи! Кулга кызын берди деп, Эрге намыс эмеспи. Такта отурган хан туруп, Таалайы бар жан туруп, Башта таажы бак туруп, Башка жакка кыз берген, Баарыга намыс эмеспи! Каадасы жок, калың жок, Карапайым кишиге, Хандар кызын берди деп, Калайык шылдың кылбайбы! Ойноп күлгөн теңтуштар, Олжо катын сенсиң деп, Кызды шылдың кылбайбы! Уйалып калса кыз балдар, Өз жанын өзү кыйбайбы! Ойлоп көрсүн Шермат хан, Дайыны жокко кыз бериш, Орунсуз жумуш турбайбы! Теңдеш хандан далай бар, Тентитип ийди кызын деп, Теңтуштар айтат мындай кеп. Хан башын кара кылды деп, Ар кандай айтса эп келет. Сурадым жайын мен анын, “Мен Манастын тукуму, Кененимдин уулумун, Теги жайым ушу” — дейт, Көкбука менен Жетилбай, Ал экөөнүн тек жайын, Бул жердеги жан билбейт. Кабыл алсаң Шермат хан, Камына келгин бул жерге. Арстан менен шериңди, Атагы бар эриңди, Ала келгин бул жерге. Аркаңа аскер кол бүтүп, Сала келгин бул жерге. Кеби таттуу шылуундан, Керекке келчү уулдан, Найзакерден шыктуудан, Балталашаар мыктуудан, Канжар урчу камбылдан, Кайра качпас даңгылдан, Чокморлошчу балбандан, Томкоруп жоону алгандан, Кылыч чабар мартыңдан, Соот кийген зоруңдан, Жоого аттанчу чоңуңан, Келбей бири калбасын, Керекке келер бар жандан. Өнөрү бар өткүрдөн, Өлүмдөн коркпос жеткирден, Сыйкырдуу дуба билгенден, Жазбай атчу мергенден, Жаага огун кергенден, Катылышкан неменин, Жазасын колго бергенден, Жай жатып бирөө калбасын. Менден эстүү хан элең, Карага берип кызыңды, Хандыгыңды танбагын. Жолуң тосуп мен турам, Жоокерлер келбей калбасын. Аткарып ийип алты элчи, Арамдык менен Сулаймат, Ордосунда жай жатат. Сейитинин ишине, Бардык эли сүйүнөт, Такта жатып Сулаймат, Өтө жаман күйүгөт. Жана карам иш ойлоп, Катынын алып жанына: — Кызга жакын энеси, Кыз Кылжыке ойлосун, Кыргыздан келген бир шумга, Тийемин деп айтпасын, Хан атасын башка элге, Бекер уйат кылбасын. Жашы чыкты он үчкө, Эрге тиер чагы эмес, Барамын деш кандай кеп, Ат жеткис алыс бир жерге? Жолоочунун артынан, Ээрчип кетсең жалгызым, Атаң жалгыз кантет деп, Таалайы артык кызымдын, Хан уулуна берейин, Көзаланы билбеген, Динсизге кандай берейин? Кызыңды кепке көндүрүп, Баардык кебин кызыңдын, Угуп келгин сен! — деди. Сейити бекер жата албай, Өңкөй Керкит шаарында: — Жетим, жесир, кары бар, Төрт күндүн санын ашырбай, Жыйнап кел, — деп, - сарайга, Канча качыр, төө менен, Карадөөнүн казына, Алдырып келди шаарына. Жетим-жесир алсыздар, Келди баары жыйналып. Көбү коркуп алардын, Араң турат кыйналып. Термелбеген көкжалың, Карадөөнүн казына, Жетишинче буларга, Бөлүп берди ушул чакта. Жыйылган элди карачы, Жыйырма миңче санаты. Алдына тийди бир баштык, Аз тийгенге миң алтын. Эбегейсиз кубанып, Алсыздарга той болуп, Жардысы жок бай болуп, Баштыгына пул толуп. “Бул эмне киши? — деп, Көпкөндүктүн иши деп, Ач көз чочко Сулаймат, Айабай буга күйүгүп, Сейитимден корккондон, Бара албады жүгүрүп. Пул алгандан албаган, Көп жыйналып турган жан, Элдин баары чогулуп, Көөнүнө жагып көп элдин, Эки сапар бата алды. Көкбуканы жиберип, Сулайматты алдырды, Көккүмбөздүн кохарын, Сулайматка тапшырды, Абылды буга баш кылып, Алтымыш киши жабылды, Күн он эки дегенде, Казынага салдырды. Энеси келип кызына, Эркелетип бир кыйла, Хан атасы Сулаймат, Калтырбай кебин салыптыр. Кулак салып кеп угуп, Мелтиреп карап отуруп, Энесине Кылжыке, Тийер-тийбес жагынан, Бир ооз кебин айтпады. Көлдөй төгүп көз жашын, Эки айактуу адамды, Ургаачы эргиз кылбасын, Энеси тиктеп муңайып, Күүгүмдөп көзү тунарып, Тыш тонун чүмкөй жамынып, Кеп айттырган атасы, Айтып келген энеси, Дүм түшүп жатты Кылжыке, Экөөнө катар таарынып. Хан Сулаймат алдына, Кайтып келип катыны, Амал канча жашырып, Кебин айтты акыры: — Айтканынан жылышып, Жанбайт экен кызыңыз, Кандай акыл ойлоп тап, Өзүңүз амал кылыңыз. Мен арачы болбойун, Кебим ушул угуңуз. Ачуусу келип Сулаймат, Алайа тиктеп катынын: — Кеп угузбай кызына, Кайра келип мага айтат, Андай менин балам жок, Бар, кызыңды көндүргүн, Тил албаса Кылжыке, Көрбөсүн көзүм өлтүргүн! Кеп укпады кызың деп, Кайра келсең сен бетпак, Чачыңды кыркып аламын, Бетиңди тилип саламын, Канжарлап кардың жарамын! Кыз экөөңдү бир кошуп, Өлтүрөмүн дарга асып! Ачууланып катынга, Турган кезде Сулаймат, Кудуска кеткен элчилер, Келип калды аңгыча: — Элчилик жолун бүтүрүп, Барып келдик алыска, Хан Сулаймат алдыңа. Сиз жиберген Шермат хан, Артык экен акылы. Катың берип сөз айттык, Эл бийлеген чоңунан, Бирин койбой чакырды, Бизди жакшы сыйлады. Сиздин кылып кадырды. Бизге айтпаган кебиңден, Каттан чыкты кыйласы. Бир кишиден далдалап, Койгону жок ырасы. Биз да бирге олтурдук, Кеңешинде кеп угуп. Өзү Шермат кеп айтты: “Кадырлуу конок – деп айтты, Кабар таптым бар кептен, Мен айтамын силерге, Сулайматка айткыла, Кабары мурун угулган, Кабылан Манас баатырдын. Кандай айтат Сулаймат, Кабылан Манас уулуна, Катыла албайт чынында. Калтаарып турган биз эмес. Анжу, манжу, чоң туңша. Алтымыш капка каканга, Кангай, кытай калмакка, Чуулган салган башында, Капкачанкы кыргыздын, Кегин кууп кун алган, Айаган кантип оңолсун, Кызды анын уулунан. Айкөлдөн калган тукуму, Арстан баатыр Семетей, Султандын уулу Гүлүстөн, Каныкей, Бакай, Айчүрөк, Кайып болуп беш киши, Тирүү бар деп мен угам. Он эки жашта Сейтек, Тоодой болгон Кыйазга, Чуу салган деп угулган. Уккан кулак укмушта, Тогузунда Кененим, Айтумуштун элинде, Күн батыштын четинде, Суунун уулу Суумерген, Атактуу баатыр Сурмерген, Акым, Шакым – эки дөө, Жоорукуйрук эки алп, Бозчаар минген Боромбай, Карала аттуу Калыбек, Күн батышта жети дөө, Баарысын сойгон деп угам. Кар чалышкан заманда, Кан менен колун жуунган. Хан Манастын тукуму, Кутулуп мындан ким калган? Кабарым уксам Сейити, Каары артык жан экен. Карадөөнү кыйраткан. Мыкты болсо Сулаймат, Кыйын болсо кудустук, Кызды дөөгө алдырбай, Кылбайт беле туруштук. Сейитке кызын бербейм деп, Кат жазганын Сулаймат, Карасам өзү бир укмуш. Мен барбайм Кудустан, Жан алгыч менен урушуп. Ага барып катышсак, Суудай агат каныбыз. Ар кимдин түшүп торуна, Таланып кетет малыбыз. Башыбызга токтобойт, Баашалык алтын тажыбыз. Таажы эмес, так эмес, Такыр калбайт жаныбыз. Кыз бербейм сага деп, Кырылып кетиш кай жумуш? “Алам десе кыз бер деп, Ач калганга аш бер” — деп, Мурункулар айткан кеп. Кыйамына келгенде, Кыз айтат эрге тием деп. Каалаган эрге бербейм деп, Кыз ыйлатыш кандай кеп? Кудус жакта жок болот, Татыгы жок андай кеп. Каалаган эрге тийгин деп, Кыз беребиз баргын деп. Алыстан келген кыргызга, Катылышпа ушуга. Керкит, Кудус биз тургай, Кангай, анжу, манжулар, Ооган, тажик, маңгыттар, Уруша албай баарысы, Уйпаланган ушулар. Каалабаймын ойумда, Катышып барып кол салып, Хандыгымдан ажырап, Как талаада калышты. Көзү жетпейт урушсак, Сейитинин алышты. Каары катуу жан экен, Карадөөнү кыйратып, Алып берди намысты. Карадөөнү жоготуп, Кудустун элин тынчытты. Кудустагы эл үчүн, Арзан эмес жумушпу, Диним депсиң көзала, Мен билбей мунуңду. Мен сыйынам кудай деп, Пайгамбар айса урууга, Диним жакын меники, Алп Манастын уулуна. Кандай киши жактырбайт, Кабылан Манас баласын. Алтынай менен Чолпонай, Кудустук эки сулууга, Эр Сейити ээ болуп, Өзү билип узатсын. Күйөө болуш эң жакшы, Көкбука менен Жетилбай, Ээ болуп Сейит кыз берсе, Мен боломун көөнүм жай. Сумурук куштун улугу, Куткарганы угулду. Кушуң менен кээрим жок, Куш тууралуу кебим жок. Сыйкырдуу күмбөз бузулса. Кулап калам тактадан, Кагылышсам ушуга. Кем-керчи жок бүтүрүп, Аткарган жумуш бул турса, Кандай кылмак Сулаймат, Кызын бербей ушуга? Катышпасын Сулаймат, Кара күчкө намыска, Менин айлам так кетет, Кол сунуп калса Кудуска. Аскер айдап колбутуп, Менменсиген эр жыйнап. Атышып ага барбаймын, Алп Манастын уулуна. Мен кумармын Сулаймат, Такка минип турууга. Артын абдан ойлонсун, Эли аман турууга. Эрге тиет ар качан, Чоңойгондо кыз бала. Эрсиз өтпөйт жалганда, Тим эле берсин кыздарын, Хан Сулаймат тил алса. Бенденин кызын пери албайт, Берсин кызын Сулаймат”. Хан Шерматың муну айтты, Бара албаймын мен деди, Бул сөзүн айттык ханыбыз. Буйрук кылдың биз бардык, Кудустан кабар бул болду. Кечирим кылып өзүңүз, Кечирериң өзүң бил, Арып чарчап биз келдик. Катын менен баланын, Барып жүзүн көрөлүк. Уруксат болуп ханынан, Кайтып кетти барган жан. Айласы кетип Сулаймат, Баана болбой Кудустан, Айласы жок бүгүлүп, “Тойун кылсын Сейит деп”, айттырып ийди бул сөзүн, Кулакка жакпас шум сөзүн. Ачуусу келип Сейитин: — Чакыртып келсин бүт элин, Ойун көрүп эл кетсин, Балбан чыксын сайышка, Буудан чапсын байгеге, Жамбы атсын эрмекке, Той кыл деген кандай кеп, Талаадагы адамды. Барып айткын ханыңа, Камын кылсын батыраак, Тамаша күнү он күндөн, Артып кетпейт ыраакка. Айттырып Сейит ханына, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Алдырып келип жанына: — Жетилбай уккун кебимди Ат чабылат байгеге. Атыңды бала мингизбей, Өзүң минип чап, — деди. Абыл торуң ал — деди, Деңизге барып сал, — деди. Майдасына асылба. Керкиттик этин жебеген, Балыктын жайан чоңунан, Кармап алып кел, — деди. Көөзүр балбан Көкбука, Сайышка киер киймиңди, Кем-керчи жок камдагын, Аңтара сайып таштагын, Сага чыккан балбанын. Элебей калып кокустан, Керкитке шылдың кылбагын. Абыл уккун сен бейлеп, Энең келген болучу, Сулайматтын ордого, Кыздардан кабар ал алсын. Кыйла күн болду барбадым, Күйөөсүнүп каадасыз. Кызмат кылып ордого, Кыздан кабар сен алгын. Кызга жаккыс сөз болсо, Кыйамында байкагын, Кызматым бар менде деп, Айтып аны салбагын. Шеги бар түрдүү иштерден, Серп салып өзүн качырып, Уккан көргөн немесин, Көөнүнө түйүп жат кылып. Түн ичинде кетирбей, Жанына кыздар жаткызып, Сарайда болгон кептерди, Кемпиринен айттырып, Сулаймат такта олтуруп, Таң аткыча уктабай, Көзала өзүң колдо деп, Ишенгени коңгуроо, Сыйынып чыкты ошого, Колдоор болсоң колдо деп, Көзала кудай жолуна, Далай доңуз чалдырып, Кудайга кызмат кылдым деп, Кайгысы ичтен басылып. Өңкөй керкит көп элге, Буйрук берип угузуп, Тамаша болот келсин деп, Таң эртеден жиберип, Урулуп жатат коңгуроо, Кулак мээни тундуруп. Кастарлуу тулпар күлүктүн, Көкүлүн көккө шүйдүрүп, Куйругун бекем түйдүрүп, Катардагы тулпарлар, Бир-бирден чыкты чубуруп. Сулайматтын сур чалыш, Басканы сонун шаңданып. Сууту канган абдан, Жүгүрсө буга үн жетпей, Өзү чалыш макмал жүн, Басканына жел жетпей, Оозуна бала ээ болбой, Ойноп турат кайсаңдап, Текечинин темир көк, Койкоңбайдын Койчабдар, Сугатчынын Карасур, Жыгашчынын Көкала, Жылтыркандын Торала, Тымызындын Сарала, Чоң вазирдин атактуу, Каракашка аргымак, Ысык жерде өскөн мал, Жал куйругу бир кучак. Жылкыга байге бербеген, Отуз күлүк Туучунак, Кербенчинин Керайгыр, Кетирбес байге башкага, Керкиттен чыккан чоң күлүк, Атагы чыккан тогуз ат, Алабыз деп байгени, Баш айагы алтымыш, Чубуртууга салганы. Ордодон чыгып Жетилбай, Жетелеп Жээрде күлүктү, Жеринен байге алдырбай, Алып жүргөн мүлктү, Башынан байге бербеген, Багдаттан чыккан күлүк бу. Керкиттикке, байге жок, Кейишти салаар кез болуп, Жээрде атты мен айтам, Кечкил тумшук кең маңдай, Кычкач ооз, кең таңдай, Башында буудан сыны бар. Зарапа мойун, марал бел, Кыска бакай түр сайак, Кежебе көкүл, тайкы жал, Келишкен сонун бул бир мал. Керктен артык күчү бар, Кулан куйрук кызыл көз, Оргок мойун, тайган төш, Опсуз күлүк жаныбар. Сүмбөбөй туташ жоон сөөгү, Кетмен соору, кең карчыт, Кулжа көөдөн, теке сан, Кайберен сындуу жаныбар. Камыш кулак, тик туйак, Колоттой бар чаткайак, Туурасы жок туйакта, Казыктай түз төрт шыйрак, Калбыр өпкө, жез канат, Каралысыз Жээрде ат, Асыйы толгон жыйырма беш, Арбытып чуркар ушул кез. Ойроттон чыккан күлүк бу, Очогор буга түк жетпес. Май канжыга бөктөргө, Эр Сейити чунактын, Чабуучу аты мына ушу. Кыргыздын кылып каадасын, Алчылантып, көкүлүн, Асманды карай шүйүптүр. Пулу оор булумдан, Куйрукту ача түйүптүр. Желденип баатыр Жетилбай, Жээрде атты миниптир. Буга кайыш шукшурма, Суулугуна тагылуу, Байгеге чапчу күлүктүн, Ат абайы жабылуу. Ат чабуучу Жетилбай, Арчындап бойу таңылуу. Жоо жарагы алынуу, Алып учуп кетет деп, Алты карыш куржунга, Сайдын куму салынуу. Табылгы камчы бүлдүргө, Ортонуна илинүү, Чубатууга киргенде, Шаңданып өзү белгилүү. Калың журтту жардантып. Катарлап күлүк айдатып, Он жети киши ат айдап, Айалдабай катуу айдап, Токтом болгон башында, Он күндүк жерге алып бармак. Ортодон кошкон ат болсо, Эсепке албай таштамак. Алтымыш тогуз ар буудан, Айдап кетти алчактап, Атабыздын салты ошол, Күлүк сүрөп ат чапмак, Кете берсин ат айдап, Калгандан кепти угуп бак. Тойго келген көпчүлүк, Эр сайышып байге алмак. Сулаймат бекер хан эмес, Балбаны жок жан эмес. Баатырдын аты Шакмурут, Алып чыкты жулкунтуп. Сайышка минген тулпары, Тепсеп кетчү немедей, Токтобостон чакчаңдап. Чык дедирбей Көкбука, Желип чыкты бургутуп. Минген аты Актаноо, Адамдын баары тиктешип, Айран калат ошого. Кызытып булар аттарын, Кара көөдөн нымынтып. Көңүлүнө жакканча, Көпкө жүрдү кызышып. Кармашып каскак найзасын, Айанбастан салышып, Каапыр ай кандай эрлер деп, Калың журт айран калышып. Алаканга түкүрүп, Жан айабай умтулуп, Камбыл экен Көкбука, Кармап найза шамдагай, Качырганда баатырды, Көргөндөр көрүп жан калбай. Учуп кетти Шакмурут, Ат үстүнөн камгактай. Кылычка андес Көкбука, Айры шили кара куш, Кыйа чаап өттү эми, Жер кучактап балбаны, Намысы колдон кеткенде, Үрөйү учуп Сулаймат, Ооругандай ич сыздап, Үтүрөйүп турду эле. Кыз Кылжыке баш болуп, Көкбука алса кош болуп, Шыбырашып күлүштү. Шайтан кыйал Сулаймат, Кыргыз сайып эр алса, Кыйалында кош болгон, Кызын көрүп Сулаймат, Кыйамат болуп кеткендей, Аңтарылып жер асман, Кызын улам каранып, Баштагыдан бешбетер, Жутуп ийчү немедей, Кылжыкеге каарданып, Көңүлүндө арамдык, Азар түмөн сакталып, Чымырканып токтолуп, Чыкпаган араң жан калып, Жөө балбанды келтир деп, Калгандарга заарданып. Жөө балбан аты Каамурут, Бадирек басты камынып, Өз элинин салтынча, Желбегей чапан жамынып, Жеп ийчү немедей, Оозунан көбүк чачылып. Канча жылдан бер жакка, Ордодо жаткан багылуу, Карадөөгө салмакка. Бошонуп кетсе бул айбан, Көчөдөгү адамдан, Көрүнө жечү нан кылып. Жетелетип бул келди, Мойнуна чынжыр тагынып. Байлоодо жүрсө бадирек, Баары журт турт таң кылып. Бар мүчөсү бөлөкчө, Эки бети табактай, Жерди карай салаңдап, Эмчеги эшек башындай, Көөдөнүндө салаңдап, Эр чырагы эки көз, Маңдайында алаңдап, Кара буусу түтүндөй, Ач бөрүдөй жалаңдап, Кулагы калкан темирдей, Мурду тоонун сеңирдей, Чоркок уста жасаган, Колу-буту буурсундай. Эки каштын ортосу, Желе тарткан кайкандай, Өгүздөй мойну буркуйуп, Булчуң эти чарадай, Карчыганын балык эт, Кысыр энди танадай, Туурасы жоон орто бой, Адамдан башка түрү бар, Алп мүчөлүү колтогой, Төбөсү жалпак башы чоң, Эч нерсеге окшобой, Булкунуп турат Каамурут, Байлоодо туруп токтобой,. Кыз Кылжыке кеп айтат: — Чыкпасын буга теңелип, Кыргыздын кыраан даанасы, Арбагы анын жар болсун, Кабылан аттуу бабасы. Көрүп турган Көкбука, Көөзүрлүгүн карачы: Мен чыкпасам чыгаар жок, Жетилбай кетти ат айдап, Мен кептенип Сейити, Чечинип жүрбөйт жылаңач. Эр Көкбука ошондо, Атынан түшүп камынып, Кирген нардай чамынып, Кийимин чечип жылаңбаш, Абыл барды жанына, Көкбуканын кийимин, Топо кылбай алууга. Алтынай келип алдына: — Баатыр элең Көкбука, Кайрат кылгын сен буга. Булкуп-жулкуп бек кармап, Каамурутту камынтпай, Карчытка салгын колуңду. Чолпонай сага жиберди, Жөлөгүң бар Сейити. Камбыл кармап Көкбука, Кабыргасын кыйратып, Эзе кармап бөйрөгүн, Бармагыңды кан кылгын, Каамурутту нан кылгын. Арбагы Манас колдосун, Баргын баатыр жол болсун. Майдандагы чочкого, Чолпонайдын саламын, Алтынайдан көп угуп, Кара чаар жолборстой, Катуу тийди октонуп. Бет келишип балбандар, Багалектен алышып. Бар күчтөрүн салышып, Багалчеги майышып, Көөдөн тиреп, көз жайнап, Көпкө турду тайышып. Ач билектен алышып, Айабай күчүн салышып. Ычкыр кашат бел курчоо, Түрө кармап ошондо, Тегеретип имерип, Бирин-бири серпишип, Серпиштен айла кеткенде, Торой чалып токтолуп, Барганча көчүп октолуп, Ача кармап кол силкип, Мойундан орой кармашып, Тизелей түшүп оңолуп, Кара тер бойдо суу болуп, Орой торой чалышып, Койун-колтук алышып, Кочкордон бетер койушуп, Кээ-кээде башы кагышып, Ооруганга чыдабай, Маңкалары агышып. Алды артына сүрүшүп, Бой салышпай түрүшүп. Кыз Чолпонай ошондо, Чыдай албай кылыңдап, Жез комуздай шыңкылдап: — Белгим кармап меники, Билинип калды аныгы. Чочкону жыккын кырааным, Бейлеп анын ыгын таап, Бут кетменин бек тепсеп, Булкусаң чочко жыгылат. Үндү угуп Көкбука, Каамуруттун белине, Капшыра катуу кармады, Карчытына чочконун, Батырып бармак бөйрөккө, Эзе кармап Көкбука, Чыдай албай Каамурут, Эки көзү жайнады. Кайрат кылып кармарга, Каамурут шайы калбады. Бекемдеп кармап Көкбука, Так көтөрүп калганы. Сулаймат бели Каамурут, Кескен дөңгөч өңдөнүп, Дардайып кулат жатканы. Эрен баатыр Көкбука, Башынан аттай чуркады. Абыл келип алдынан, Ак дейилде жапканы. Эки мөөрөй тең келип, Теңдик жолун тапканы. Ыраазы болуп балбанга, Эр Сейити кубанды. Жамбы атуучу карага, Калбай мерген чубады. Намысы кетип Сулаймат, Такаты калбай бойунда, Шалдайып карап турганы. Жардам болуп бере албай, Эки балбан тең өлүп, Жакырдын жаны тына албай, Колдобой койду амал жок, Көзала анын кудайы. Эси кетип эндиреп, Элдин арка жагынан, Жамбы атуучу майданга, Сулаймат келди кеңгиреп. Жайык талаа, кең түздө, Жамбы атуучу майданда, Атканын жазбас мергендер, Жабыла келип калганы. Көз жеткис мунар учуна, Жыдыманга илингис, Танага байлап жамбыны, Асып байлап салышкан. Мергендер бирден ат койуп, Ат тизгинин бош койуп, Кезек менен чубашып, Жер түзүнө барышып, Жеңдерин түрүп салышып, Коломочтоп койушуп. Колтуктарын чойушуп, Колуна мылтык алышып, Жамбы атып жатышты. Жардап жаткан калың эл, Тамашага батышты. Таамай атып жамбыны, Алган бирөө болбоду. Нечендери ок атып, Нечендери жаа тартып, Ошол кезде Сейити, Телкүрөң менен чуратып, Артынан чаңын чубалтып, Алмабашты дүрмөттөп, Аттанып чыкса Сейити, Аңырайып эл тиктеп, Кыз Кылжыке буралып, Кырмызы көйнөк чубалып, Айласын таппай, кыпылдап, Эт жүрөгү булкулдап, Ысып барат зыпылдап. Алтынай менен Чолпонай, Ал экөөнө чукулдап: — Аттанды арстан жолборсум, О дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагы сени колдосун, Оорагың чыкты жаш чакта, Жаза атып кокустан Жаманатты болбогун! Телкүрөң менен Сейити, Кирип келди ошондо, Тана кылып кылга аскан, Ал жамбыны бетке алып, Алмабаш мылтык колго алып. Атканда дүйнө солк этти, Майдандагы элдердин, Жүрөктөрү болк этти. Байлаган тана кылдары Түбүнөн тарап ок кетти, Сүйүнгөндөн Кылжыке, Бети айдай жарк этти. Бар алынча каткырып, Сулайматтын кулакка, Бул да жетти шаңк этип. Кызынын үнүн укканда, Былк этерге шай калбай, Кара тер басып камыгып, Кызын карап сүрлөнүп, Нуру калбай жүзүндө, Кер сары болду кубарып. Кызды балам дебе деп, Кыйалында арманы. Найза сайыш, жөө күрөш, Жамбы атыш мөрөйүн, Баарын койбой алдырып, Чыкпай турат эсинен, Чапкан күлүк сур чалыш. Оодарылып жер асман, Ошону басып жаткандай. Башына түштү күлүгү. Кызыталак кытмыр хан, Бузук ниет ойунан, Кеткени жок арылып. Күн батышта алты дөө, Артында бар тукуму, Аларга кабар беришке, Ойлонду ичте ушуну. Кылжыке кызы дартынан, Кыйналган жандын зарпынан. Аңгычакты болбоду, Чапкан атын тосорго, Элдер чубап жөнөдү. Ат айдаган жасоолдор. Күүгүм кире күн бата, Жеткен жерге жаткырып, Арканды салып кермеге. Аса байлап салышып, Эрте туруп ордунан, Ооздугун чыгартып, Отту жерге чалдырып. Сугатын канык кандырып. Акылман баатыр Жетилбай, Атын айап баарыдан, Каралдуу күнү бүткөндө, Ат өргүтүп жатышты. Кайберени көп экен, Кайып атып талаадан, Төрт күн атты өргүтүп, Сууту канып күлүктөр, Сүмбөдөй болуп жарады. Өрүн-Бешке жеткенде, Суйулуп жылдыз таң атып, Ат чалдырып калганы, Аш-тамагын жай ичип, Ат чабуучу балдары. Качкан күлүк барбы деп, Чубатып атты санашты. Балдарды тегиз мингизип, Суулукка суулук тийгизип, Каркыра, турна көк желе, Как ошондой тизишти. Ай деп этек кагышты. Алчыланган күлүктөр, Аркырап жолго киришти. Ордодо жаткан туу сайып, Эсептеп күндү санашып, Болжолдуу күнү болгондо, Ат келер жагын карашып. Үч күн мурун алдында, Сүрөөнчү кеткен алыска. Ат тосуп алар жатуучу, Күлүк сүрөп чыгармак, Абалтан калган нарк ушу. Эр Сейити чунагың, Эрдик менен элебей, Унутуп атты ченебей, Ордодо жаткан жайма-жай. Күнү менен кээри жок, Эриккенде элирип, Ат чапкан жакты бет алып, Дүрбү салып карады, Алты айчылык ыраакты. Алты аркан бойу келтирген, Айабаган чоң дүрбү, Ат карааны көрүнүп, Алдыга озгон сур чалыш, Он алты аттын артында, Жээрде аттын карааны. Ошол кезде жаныбар, Ала көөдөн кызыган, Өөрчүп чуркап калган кез. Бадалдан чыккан эликтей, Барган сайын арыштап, Көздү ирмеп ачканча, Беш ат артта калыптыр. Эңкейишке келгенде, Эликтей колу сайылып, Үстүндөгү Жетилбай, Оңдоп-солдоп камчы уруп, Этек жеңи жайылып, Учкан куштай закымдап, Куйушкандын кошуусу, Соорусунда шакылдап. Төрт айагы тик түшүп, Көмөлдүрүк сом алтын, Омуроодо такылдап. Араандай оозу ачылып, Жолум үйдөй ак көбүк, Жол бойуна чачылып, Ана мына дегиче, Ачып көздү жумгуча, Алдына озгон күлүктүн, Алтоо артта калыптыр. Урган таштай зыркырап, Учкан куштай дыркырап, Туйагы тийген кара таш, Топурак болуп быркырап. Жетилбай келет үстүндө, “Манастап” ураан чакырып. Басып өтүп төрт атты, Сур чалышка жакындап, Жарышы албай жүргөн жел, Калып калат ыраактап. Сурчалышка жеткенде, Ат сүрөгөн керкиттик, Өткөрүп ийбейт Жээрде атты, Ортого алып кымтылап, Көрүп туруп ошону, Тура албайт Сейит эр чыдап. Алчылантып Күрөңдү, Качырып кирди камчылап. Башка кирбей оозуна, “Манастап” ураан чакырып: — Көөдөктүк кылып Жетилбай, Тостуруп элге койупсуң. Не жүрөсүң кете албай, Чендеп келсең чет менен, Жетмекчи элең бул чакка, Артынып кумду жүрүпсүң, Алып салбай эмгиче, Жаадына келбей жүрүптүр, Канжар кармап колуна, Жара тартып жиберди, Артынып жүргөн ал кумун, Куйулуп куму түгөндү Опсуз күлүк Жээрде атка, Куйун ойноп жете албай, Бөлүнүп калды артына. Тоскон элге ээ кылбай, Аркардай таштап арышты, Арбытып чуркап ат кетти, Үстүндөгү Жетилбай, Оозуна алы жете албай. Жан куткарбас жагалмай, Жаадай сызган Жээрде атка, Жандашып учуп жете албай, Жетилбайдын Сейитке, Ошондо айткан кеби бу: Береним Сейит сөзүмдү ук, Алдымдагы Жээрде аттын, Жүгүрүшү эң бузук, Алдыга барып эп болсо, Туу түбүнөн тосуп тур. Кулакка салгын сөзүмд?, Өткөрүп ийбей Жээрде атты, Кармап калгын өзүмдү. Өтүп кетсе кокустан, Жыгылып өлөм доңуздан. “Жетилбай чынын айтты” — деп, Кармап муну албасам, Жыгылаары ырас кеп, Эр Сейити жаш арстан, Телкүрөң менен чуу койду, Кирпик ирмеп ачкыча, Тууга жетип тосуптур, Жагалмай жандап жетпеген, Жетилбай куйун бөлүнгөн. Жетилбайдын Жээрдеден, Телкүрөң күлүк мал экен, Караса Сейит аркасын, Жетилбайдын Кылжээрде, Кылымдан ашкан бул Жээрде, Асыйы толгон жыйырма беш, Азыркысы Жээрде ат, Мааникерден кем эмес. Сээринде жалы жайылып, Жүгүргөндө тулпарга, Жер көрүнбөйт таанылып. Шамдай жарып эки көз, Ооздук тиштеп баш чайкап, Сары алтындан жагоосу, Чагылып күнгө жаркырап, Арка буттун туйагы, Үзөңгүгө кагылып, Оозунан көбүк чачылып, Куусу угулуп кулакка. Кирип келди жакындап. Үстүндөгү Жетилбай, “Манастап” ураан чакырат. Эр Сейиттен үн чыкты, Ач-кыйкырык чуу чыкты. Алда кандай үн бул деп, Керкиттик коркуп калтырап. Аңтарылып кетчүдөй, Жерге кирди калтылдак. “Атам Манас арбагы, Колдогун” — деп Сейити, Көпчүлүккө көрүнүп, Көкжал Манас келиши. Кыбыладан кыргыздап, Кызыл мунар зыркырап, Аккула менен айкөлүң, Артында келет үч арстан, Кырк баатырдын баарысы, Ат сүрөшүп келаткан. Жаш Сейити жолборско, Баарысы буга жолдош го, Арбактын баары келиптир, Атын сүрөп колдошко. Жээрде аттын алдында, Соорусу калдуу Аккула, Куйругун булгап жол баштап, Айбаты басып ааламды, Ашкере колдоп арбагы, Көргөн бенде тура албай, Көзүнөн жашы тамганы. Жаш арстан Сейити, Жандап өтүп тап берип, Жетилбайды кармады. Сүйүнгөндөн тура албай, Көзүнө кара жаш келип. Кыз Кылжыке, Алтынай. Абыл менен Чолпонай, Чоң эне менен Көкбука, “Манастап” баары бакырып, Атын айтпай Кылжыке, “Ата” деп ураан чакырып, Сары улагын таптырып, Жетилбай менен Жээрде атка, Садагасын чаптырып, Бар байгени кетирбей, Жаш Сейити эр алды, Комутта калып керкиттик, Жай-жайына таркады. Кыз Кылжыке акыл таап, Жайандын этин бырчалап, Канча түркүн аш тамак, Дайардап муну камдаган, Тамак берер убагы, Келип калды ушул чак. Абыл ылдам бар деди, Хан Сулаймат атамдын, Вазирлерин, бектерин, Керкиттин бүткүл чоңдорун, Чакырып келе кал деди. Кобурашып бүткүл эл, Конокко келди чогулуп. Сулаймат хан баштаган, Өңкөй керкит чоңдорго. Тартылып тамак баарына, Дасторкону жайылып, Курма, мейиз, сүт менен, Шекер, каймак, бал менен, Баары даамы таттуудан, Койуу-суйук аралаш, Баарын куйду тамактан. Дасторкон жыйнап албастан, Улантып анын артынан, Жайандын тартып этинен, Арпадан тарткан аракты, Көөкөр менен көтөрүп, Чөйчөктөргө куйдуруп, Алтынай менен Чолпонай, Ал экөөнө сундуруп, Акылына көндүрүп, Кыз Кылжыке акылман, Баарына кылат кызматты. Элге кызмат кылам деп, Сулайматтын сөөктөрүн, Оорутпай туруп сыздатты. Көпчүлүгү чогулуп, Кыйал мас болуп күлүңдөп, Жаш арстан Сейити, Жан айабай кылчалык, Кылдың кызмат бизге деп, Ыраазылык билдирип, Арамдык бүгүп ичине, Арамзаада Сулаймат, Актыгы жок кичине, Кайгыдан кызыл кан өтүп, Тамак ичпей уу ичип, Кара күчкө каткырып, Хан Сулаймат кеп айтып: — Кадырлап балам Сейити, Чакырып келдиң биздерди. Хандыгымды билгизип, Атаңдын сөзүн кыйбасаң, Чогулушкан чоңдорго, Уйат кылып койбосоң. Кызмат кылдың мен үчүн, Арстандыгың билгизип, Карадөөнү кулаттың, Керкиттин элин кубанттың, Көккүмбөздүн кохарын, Казынага төктүрүп, Көңүлүмдү куунаттың. Керкиттиктин элине, Кенендигиң билгиздиң. Карадөөнүн казнасын, Карып менен бакырга, Жетим-жесир, карыга, Бөлүп аны бергиздиң, Кем-керчи жок бул элге, Аркаңды балам тийгиздиң. Канаттуудан Сумурук, Өзүңө башың ийгиздиң. Жайанды кармап деңизден, Жалпы бизге жегиздиң. Жаадыкөй катын төрт уулун, Күн тийбеске кетирдиң. Сайышта балбан сен алдың, Каргытып күлүк ат чапсак, Бул мөрөйдү дагы алдың. Ааламга кетип дүмөгүң, Аброй атак мен алдым. Жөө күрөштө балбанды, Жамбы атышты дагы алдың, Кетирбедиң башкага, Сүйүнгөндөн ошондо, Жарылбай жүрөк калганы, Ойлосом өзүм ушундай, Жан экенсиң таалайлуу. Кызматыңа өзүңдүн, Кылжыке кызым турмайлык, Өз башым сага арнадым. Турарсың балам далайга, Жалгыз кызым Кылжыке, Каадасын толук кылайын, Кем-керчисин бүтүрүп. Кеми турат сарамжал, Эркек бала муунум жок, Ханда мендей муңдуу жок, Жалгыздыгым ойлосом, Жалындап күйүп ичим чок. Санаам бүгүн бир тынды, Күйөө балам сен болуп. Белиме таңуу кылганым, Каамурут менен Шакмурут, Эки балбан ал эле. Эр Көкбука балбаның, Эбин тапты билесиң. Жалгызым сенден сурайм, Маана кылып турарга, Хан деген атым бар туруп, Балбансыз жүрөм кандай кеп. Каралды бүгүн алдыма, Карадөөнүн кенжесин, Калтырып кетсең сен мында. Насыйат кепти мен айтып, Караан кылсам жаныма, Ал каршылык кыла албайт, Өзүң аман турганда, Эркине аны койбоймун, Сага каршылык кыларга. Ээрчитип ала кетемин, Карадөөнүн кенжесин. Сулаймат турду муну айтып, Сездирбей туйук кеп айтып, Хандык наамы бар экен, Кайната болуп бир чети, Сураганы бир киши, “Агарып көөнү калсын” деп, Берип койуп Сейити. Чыпылдап бетин тер басып, Сейити бердим дегенде, Ант урган жөөт Сулаймат: — Мен ыраазы, балам сага, Көөнүмдү кубанттың, Балалыгын, билгиздиң. Сездирбей бала Сейитке, Салмакчы түбү кейишти, Арамзада түгөнгүр, Алдап соолап дөө уулун, Өчтүү кектүү дөөлөргө, Жибермекчи пейлинде, Алдаптып койгон жаш баштын, Кай кылыгын мен айтам. Муну мындай таштайлы, Арам ойлуу Сулаймат, Кастык кылып соңунда, Өлгөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.