← Сейит 3/9

Кызыңдын көөнү Сейитте, Жообун алып келүүгө, Жиберди ханым өзүңө. Ачуулансаң ханыбыз, Ажалдан мурун өлөбүз. Өлүмдү карай жумшасаң, Өлөбүз дебей жөнөйбүз. Урматтуу элдин чоңдору, Угузду сөздүн байанын. Сулаймат угуп бул сөздү, Ачуусу келип үксөйүп, Тапмак болду түгөнгүр, Түйшүктүү кыйла жумушту. Күлбөй тиктеп сумсайып, Ачуусу келип кумсарып. Ар түрдүү арып ойлоду. Арамзада Сулаймат, Бармагын тиштеп баш чайкап, Алды аркасын тең байкап, Баш көтөрүп бир чакта, Жылчыгы жок кеп айтат: — Баарың уккун, — деп айтат, Хандык такта колумда, Калк башкарып эл бакмак, Канчалык пикир ойумда. Карадөөнүн каарынан, Чачылып кеттик ар кайда, Сейити келген турбайбы, Шор болгон биздин таалайга, Кыз бербей кантип койойун, Жараса элге ал бала. Шаддат кылган иш эле, Сыйкыр менен бекиткен, Билбейт киши Керкиттен. Көккүмбөздө көөхар бар, Алып келсин ошону. Канаттуудан Сумурук, Кармап берсин чоң кушту. Карадөөнүн колунда, Турат азыр туткунда. Көөнүнө арам пикирлүү, Сулайматтын сөзү бу. Табалбайт деп Сулаймат, Сейитинин ойунда. — Көөхарга толгон Көккүмбөз, Кара деңиз бойунда, Кантип аны ала алсын, Дөө менен жиндин колунда. Арзан болсо бул күмбөз, Алат эле нечен жан. Бузуп алыш ойу бар. Кудустуктун элдери, Ала албады нечен жан. Шаддаттан бери ошону. Хан каадасы эл наркы, Шартым ушу меники. Келе албаса бүт чаркы, Алып аны бербесе, Бере албаймын кызымды. Айтып койгун Сейитке, Алып берсин баарысын. Убадам менин берүүдө, Айта баргын муну – деп. Арамзада Сулаймат, Жөөт кеп салып буларга, Адамдын алы келбеген, Ааламдагы жокту айтты. Баргандар кайра жанышты. Кыз Кылжыке асылга, Атаңдын сөзү ушул деп. Укканын айтып барышты. Кыжалат болуп азыраак, Акылы артык Кылжыке, Ойуна муну алышты: “Сумурукту билемин, Карадөөнүн торунда, Ачып берчү күмбөздү, Дөө уулу Сейит колунда. Алмамбет аткан алма баш, Бар болсо бирге жанында. Алы шамал бар экен, Айтайын муну Сейитке” Кара ниет Сулаймат. Колунда малга көз тойбой, Муну айтканы сонун кеп. Арамзада Сулаймат, Арам пикир ой менен, Сейитинин үстүнө, Басып келди ошондо. Хан кадырын хан билет, Кабыландын тукуму, Төрдөн орун көрсөтүп, Төбөсүнө өткөрдү, Каадасын кылып кыргыздын. Кара ниет Сулаймат, Көөнүнө пикир жам кылып, Айтып турган сөзү бул: — Алыстан келген жаш арстан, Айкөл Манас уулусуң, Ата салтын сен кылып, Карадөөнү куруттуң. Какшаган элди жыргаттың, Жалгыз кызым Кылжыке, Эрмегимди келтирип, Эбегейсиз кубанттың. Эми сага айтаарым, Жалгыз кызым Кылжыке, Жактырып сүйгөн өзүңдү, Бузбай сөзү кызымдын. Өмүрлүк болсун жубайың, Сенин элиң сыйынган. Кудайымдан сураймын. Биздин кудай көзала, Мойнумда турат асылуу, Көз салып буга сен кара. Кохар менен лык толгон, Көк күмбөз турат талаада. Чама жетип чарк келбей, Ушуну барып аларга. Кайраты артык эрен жок, Кара деңиз дайрасын, Кечип аны барарга. Сумурук салсам деп ойлойм, Жүрөгүм күйүп бул жара. Мурунку койгон шартымда, Карадөө болчу алдында. Калганды эми мен айтам, Нарк-нускасын элимдин. Кыз алар күйөө сен болсоң, Кыйамын байка сөзүмдүн. Каадасынча элимдин, Тойго келген чоңдорго, Балыктан конок берилсин. Таң тамаша көп болсун, Найзалашып салышаар, Өзүңдөн башка эр болсун, Байге бөлүп күлүккө, Ат чабышып ойносун. Мылтык атчу эренден, Жамбы атчу мергенден, Жайы менен бүтүрсүн. Багалектен алышсын, Балбандар күрөш салышсын. Жыкканы мөрөй алышсын, Жыгылганы томсоруп, Боз ала болуп кур калсын. Ошонун баарын камдасаң, Кылжыкени берем — деп, Шартын айтып бүтүрдү. Көк жал эрен Сейити, Түшүнүп айткан кебине Учурашып келем деп, Урматтуу улук келипсиң, Сумурук менен кохарды, Калганда айткан баарысын, Жай-жай менен орундап, Жай кыламын көңүлүң. Көк күмбөздө кохарды, Алып берчү мен бармын. Канаттуудан Сумурук, Кармап берчү мен бармын. Эр сайышка камдалуу, Көкбукадай балбаным, Эптүү чечен менде бар, Жетилбай кылат калганын. Балыкка салып тор жайган, Балыкчы деп аталган, Ата кесиби башынан, Абылды буга камдадым. Балыктын жайан чоңунан, Башкалар билбес зорунан, Конокко чайым камдалуу. Чабуучу жээрде күлүк бар, Айбандан издеп табылгыс, Айтууга сонун мүлк бар. Жамбы атып, туу жыгар, Маша ирмесе чуу жыгар, Кененимдин жалгызы, Жаш Сейити өзүм бар. Аттуу сайыш, жөө күрөш, Чалыкпас баатыр Көкбука, Таамай кырк күн чабышта, Билеги талбас Көкбука. Кудайың ким деп сурадың, Шериги жок жап-жалгыз, Жоктон өзү бар болгон, Болот менин кудайым. Көкбука менен Жетилбай, Алтынай менен Чолпонай Тойун бирге кылайын. Көөнү тынсын булардын, Көп экен деп шартыңар, Мен кылбаймын убайым. Камаарабай кенедей, Жаш Сейити чунагың, Кайыр дешип хан менен, Акырдан атын алдырып, Аркасында жүрүүчү, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Жолборсторун жам кылып. Басарына калганда, Кыз Кылжыке акылман, Кылаңдап басып буралып, Жаш Сейити арстанга, Кашкайа сүйлөп муңайып, Кийгенине жарашып, Атлес көйнөк чубалып, Кундуз ичик жамынып. Башына кийген суусар бөрк, Оң чекеде кыйшайып, Ойротто жок түгөнгүр Басып келген суйкайып. Түймөсү мунун асылдан, Хан баласы Кылжыке, Он үч жашта мүчөлүү, Каңгырап үнүн чыгарып: Бастырып төрөм калыпсың, Кайакка болот жолуңуз? Не түрдүү сенин жумушуң, Бей туйук кетип арстаным, Ачык жообун угалбай, Күн көргөнүм курусун. Аша турган белиңди, Бара турган жериңди, Сындырбастан дилиңди, Арстаным айтчы кебиңди. Баруучудай бир жакка, Мен байкасам пейлиңди. Кашын серпип солк этип, Куйулуп көзү мелтиреп, Назданып турду Кылжыке, Жаш Сейитке геп айтып. Жооп берди Сейити: — Сурарың жолдуу сеники, Кетеби деп сен мени, Кейигенсип муңайба, Атаңдын шарты көп экен, Арбын жумуш быйакта. Көккүмбөздүн кохарын, Казынага салам дейт, Канаттуудан Сумурук, Кармап бергин мага дейт. Жакшылар тойго келгенде, Жайандын этин тартам дейт. Жеткир күлүк чабам дейт, Чебер өнөр табам дейт, Эр сайышат балбан дейт, Күрөш салат андан дейт, Жамбы атат мерген дейт. Айткандарын орундат, Сенин камың кылууга, Кетип барам Кылжыке. Сурасаң жумуш ушул деп, Бүтүрүп келиш буларды, Жакын эмес узун, — деп. Келберсиген Кылжыке, Кебин айтат Сейитке: Дөө этинен шылытып, Өз уулуна көтөртүп, Ала баргын арстаным, Карадөөнүн сарайдан, Күн батышка бет алсаң, Сыйкырдуу тордун ичинде, Чыгалбай турат Сумурук. Дөө этине тойбосо, Ал чыга албайт кутулуп. Кутулган соң Сумурук, Жолдош болот кебимди ук. Жер жүзүндө канаттуу, Төбөсүндө ал улук. Көк күмбөз өзү ыраакта, Көп-көп деңиз аралда. Сыйкыр менен суу турат, Болбосо өзү кургакта. Аралда эмес ал күмбөз, Биз жаккы четки кыргакта. Уккан кулак укмушта, Сыйкыр менен жасалган, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөө аны калтырган. Он сегиз миң ааламдан. Падышасы Шаддаттын, Элге кара акмактын, Кохарды журтка жайарга, Көзү кыйбай өзүнүн, Сыйкыр менен Көккүмбөз, Жүйрүн дөөгө салдырган, Кохарды ага жыйнатып, Бекем кылып катырган. Айланасы деңиз суу, Түбү жок терең мына ушу. Чайкалат деңиз дүрүлдөп, Толкуну катуу күркүрөп. Баары сыйкыр амал бу, Адам тургай ит кирбейт. Сыйкырды бүтүн жок кылчу, Жарагың болсо колуңда, Кыйын жумуш ал эмес. Болбосо алар жаныңда, Барамын деп талпынба.