← Сейит 4/9

Өзүм барсам туз буйруп, Алып калсам душманды, Ала келмек болчумун, Ал сулууну балам деп. Сулууну алчу сен элең, Сууруп келчү мен элем. Көңүлүң менден калгандай, Сураган ишиң бербесем, Сөзүм бекер болгудай, Мурунку өткөн нусканы, Калтырбай айтып саа берген. Он экиде Семетей, Оттой жанып түтөгөн. Оолугушуп кол жыйнап, Урушуп бенде түтпөгөн, Он экиде Сейтек, Душманын сайып жоо жеңген. Теминип тулпар элирткен, Канчорону жоготуп, Көксөсүн баскан демиккен. Мен тогузумда аттандым, Томуруп далай дөөнү алдым. Томуктан тайып кеткенде, Бутумду кайра байландым. Ойума алып Манасты, Ошондо чындап каардандым. Жаралуу болсоң, чунагым, Ого бетер каардангын. Жарага, балам, жеңдирип, Сайдырды деп Сейити, Жаман атка калтырба. Ак калпак кыргыз бул элге, Тогуз жаштан мен миндим, Тоодой дөөнү бергин деп. Он төрт жашта сен миндиң. Колдосун Манас арбагы, Алла өзү билбесе, Андан ары калганда. Бата берип кол жайып, Аттандырды баланы. Ак калпак кыргыз алаштан, Жылгындуу Кеңкол, Таластан, Айкөл Манас салдырган, Падышалык алтын так, Сыйкыры артык коргондон, Ак булуттун укулу, Арстан шердин тукуму, Аттанып чыкты ушул чак. Буттай темир курчанып, Бузулуп өңү сурданып, Телкүрөң минип заңкайып, Опол тоодой заңкайып, Казаттан болгон жолу ачык, Хан Манастын тукуму, Кара бойун чыйратып, Караны артык баатырга, Ак калпак кыргыз бүт калбай, Карап турду жардашып. “Ак жолуң кудай ачсын, — деп, Атышып чыккан душманың, Каны суудай аксын”, — деп Батасын берип баары жан, Бала Сейит жаш арстан, Бастырып үйдөн чыкканда. Ырысына ылайык, Минген тулпар жарашкан, Ылдам жүрөт шамалдан. Кайраты артык кара көк, Жалындай күйүп эки көз, Кайраты ыкчам өтө тез, Тирүү калбас сыйагы, Сейитиме болгон кез. Хан Манастын өзүндөй, Каардуу жоого болгон кас, Жалгыз өзү чунагың,, Кара дөө көздөй баскан чак. Сырнайза колго карманып, Айбалта жанга байланып, Туулга башта зоңкойуп, Нөөкөрү бутта чойкойуп, Калканы жондо калкылдап, Айбалта белде жалтылдап, Кылыч кында кыңгырап, Кең багалек балкылдап, Алдында минген Телкүрөң, Алоолонуп алкылдап, Айбатын көргөн баланын, Адамдын баары калтылдап. Көзү кара көмүрдөй, Өңү болот темирдей, Кара бойу сеңирдей, Айдары алтын түрдөнүп, Бабасы Манас сүрдөнтүп, Келген күкүк үндөнүп, Караса көздөн от жанып, Каары толуп жүзүнө, Буттай темир курчанып, Алма баш мылтык ийинде, Кыйналган муңдуу эл үчүн, Калың кыргыз алашка, Кайрылып салам кош айтып, Күн батыш көздөй бет алып Жаш Сейитим баатырдын, Жөнөгөнүн айталык. Бастырып чыккан Таластан, Бурулуп кайта тартабы? Каары катуу чунактын, Мингени тулпар жарашкан, Барган сайын Телкүрөң, Аркардай арыш таштаган. Ооздук тиштеп, тил чайнап, Кулжадай болуп көз жайнап, Учкан куштай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Туйагы тийген канча таш, Кумдай болуп быркырап, Жал куйругу жайылып, Эликтей колу сайылып, Талыкпаган Телкүрөң, Чабына батпай суурулуп, Ысык жерде тер агып, Ат мойунда жуурулуп, Нойубаган кара көк Эки жагын каранып, Койго тийчү бөрүдөй, Ээрди мурун жаланып, Тамаша көрүп кубанып, Таамай үч ай жол тартып. Арада нечен күн конуп, Аркайган бийик тоо ашып, Агыны катуу суу кечип, Адам изин салбаган, Жер сонуну кез келип, Тегерете караса, Эриккен көөнү ачылып, Ар бир шумдук иши бар, Жер жайнаган кушу бар. Башы адам башындай, Көргөн адам корккундай, Түр-түркүнү бир башка, Куштун түрү ушундай. Кетип барат Сейити, Күнү-түнү бир тынбай. Бир теңи бар, теңи жок, Жарты куштар андан көп. Тилин туурап адамдын, Сайраган куш сандан көп. Учканда күндү далдаалап, Чогулган куш андан көп. Түрүн айрып айтууга, Тил жетпесе үн жетпес. Кулпуруп жүнү таанылбай, Куйругу жерге сайылган, Жаралган экен бул жерге, Жан-жаныбар ар кайдан. Канатынын учуна, Күмүштөн чеге каккандай, Куйруктары жалтылдап, Алтындан накуш жапкандай. Мойнундагы жагоосу, Адамзат кармап таккандай. Буруп-буруп сүйлөсө, Булбулдай үнү түрлөнүп, Тамшанып адам калгандай. Салам айтат кишиге, Бул канаттуу жаныбар. Буттары карап асманга, Жаткандары андан көп. Бир куштун жүнү миң түрдүү, Бирөөнүн жүнү бир түрдүү. Балапанын аркалап, Конорума жер жок деп, Наалыганы андан көп. Канаты туруп уча албай, Жалооруган мындан көп. Аш азыгын камдашып, Ашыкканы андан көп. Чырпык талга корголоп, Жер бетинде жорголоп, Кара жанын калкалап, Тула бойун далдалап, Жашынганы чандан көп. Сайраса кулак тундурган, Жер жайнаган куштары, Тил берген эгем аларга, Үнүн уккан уксам деп, Тыңшап калат далайга. Жер бетинен өнгөн чөп, Мөмөлүү жыгач баарысы, Жайнап жатат канчалап, Анар менен дарбызы. Адамзатка керектүү, Ар жемиштин баарысы. Алмасы аттын башындай, Көптүгүнө сан жетпей, Жаңгагы сайдын ташындай, Балжуурандын жалбырак, Башка койгон жаздыктай. Машалары кыңылдап, Кыздардын күзгү баштыктай. Көгөнү койдой конгондо, Үзүктөй бүркүт болжолдуу. Чыкканы койон, бөжөгү, Койону копсо булт этип, Куландай көзгө көрүндү. Кескелдирик чоңойгон, Кере кулач жыландай. Жыландарын карасаң, Керип тарткан желедей. Доңуздары өгүздөй, Коңуздары доңуздай. Чегирткеси чыртылдап, Ырчылардын комуздай. Аралап жүрдү Сейити, Бир жарым ай болжолу. Кайберенин караса, Миңи четтен чыккындай. Аралаш айуу, бугулар, Көрбөгөн эрдин муңу бар. Муңдуу киши кез келсе, Бугусу менен булбулу, Муңдуунун көөнүн ачкындай. Текеси ташта сулаган, Кулжасы курбу тектирде, Куланы кумда чубаган. Өзөнү көп-көп саз болгон, Арасы агын суу толгон. Көлү менен сазына, Өрдөк менен каз толгон. Чалкыган дайра суу болгон, Балыгы сууга жык болгон. Өзөндөгү сазына, Өрдөк менен каз конгон. Кыргоолу токой оттогон, Тоодагы түздө топтолгон. Кара боор, кыл куйрук, Каркыра менен суучулдук, Кадимки малдай топтогон. Бытпылдак менен таркылдак, Таң атканча таркылдап. Эчки маарап эчкирип, Ызгычтары ызылдап. Киши көрсө тызылдап, Мөңгүдө улар чакырса, Бадалда элик бакырат. Тозу менен тоту куш, Түз жеринде калкылдап, Молдо торгой, сандыгач, Үнүнө чыдап тура албай, Бакасы көлдө бакылдап. Сагызгандар шакылдап, Чакчыгай туурап чакылдап. Желип жүрөт ач күзөн, Тилин салып акылдап. Ителгиси баркылдак, Кузгундары каркылдап. Жыйнай албай канатын, Кыжырлары далпылдап. Чөбү жашыл гүл болгон, Чечекей чыгып түр болгон. Тулаңы чирип күр болгон, Жекени сууда жалтылдап, Бойунда камыш былкылдап. Кара-кыйак, буудай баш, Бетеге, шыбак аралаш. Жылтыркан менен кызгалдак, Кашка беде, тарак баш, Жыйылып төштө булаган. Жаба беде, айуу чач, Кемирчек менен мандалак, Сазында турат канчалап. Балтыркан менен ышкыны, Боордо турат самсаалап. Көркүнө чыгып төшүндө, Кайыңы өскөн көкөлөп. Кара терек, жерге тал, Бири-бирине карындаш, Карагай, арча, четини, Чыккан экен аралаш. Чыккан чынар, тоодагы, Короо ордундай жерди алып, Көлөкөсү турганы. Ар коктудан шаркырап, Агып жаткан суулары, Обон салып шылдырап, Жылгасында булагы. Таштан-ташка секирип, Боз кийиктин улагы. Дайрасы агып ташыган, Кундузу сууга жашынган. Мелтиреп көлдөй дайрасы, Балыгы ойноп баш болуп, Суу айбандын канчасы. Дүрбү салып карады, Жаш Сейити арстаны. Көз жиберип караса, Жээктеп түлкү жойлогон. Кашкулак, мадыл окшошуп, Адырында ойногон. Карышкыры кабышып, Токойдо жолборс алышып, Сүлөөсүн менен суусары, Жыла басып жарышып.