Айуулары саксаңдап, Кара кулак шер жүрөт, Жеп ийчүдөй чакчаңдап. Жолборсу турат суналып, Илбирси басып чубалжып, Төө куштар жүрөт кокчоңдоп, Кара кунас суу бойлоп, Басып жүрөт чокчоңдоп. Суу уйлары бултулдап, Суу иттери мултулдап, Кел арс менен батмачык, Кырс-кырс этип култуңдап. Пилдери турат томпойуп, Момолой чуркап молтойуп. Төөлөрү жүрөт суу бойлоп, Куйруктары чолтойуп. Аккуулар жүрөт калкылдап, Суу бойлоп аң ыр аңкылдап. Илек-илек, көккытан, Канаттары салпылдап. Айкөлдүн уулу жаш Сейит, Желип чыгып кашатка, Боосун алай мойнунан, Жолго салчу дүрбүсүн, Сууруп алып койнунан, Кара көзгө салды эле, Кайкалап карап калды эле. Созулган саздын бетинде, Түштүк жактын четинде, Жеңдей жээрде аты бар, Жездей сары өңү бар. Сазды бойлоп, каз кармап, Суу бойунда бир жан бар. Көрүп Сейит таңданып, “Кайдан жүргөн киши? — деп, Бар беле иши мында, — деп, Байкайынчы деги” — деп. Көмүскөнү бет алып, Көөмөйдө карап турду эле. Аты менен тап берип, Каз оңолуп учканча, Кармап алды үч-төрттү. Канатууну ат менен, Кармаганды ким көрдү, Эр Сейити бир көрдү. Эрмекке салып турнабай, Эрикпей карап олтурду. Аңдып келип каз кармап, Айлана карап көз жайнап, Элеңдеген жалгыз жан, Казды байлап жатканда: — Ай, ай, киши токто, — деп Сейити келди ошондо. Шашыла минип атына, Желип чыгып кашатка, Тура калып сеп айтты: — Жаныңдан тойгон сен кимсиң, Жашырбай сөздүн чынын айт. Жалгыз жүргөн кишисиң? Жайын айткын ишиңдин, Менден бетер жалгыз жан, Жаан кезип жүрүпсүң. Көк өзөндүн түзүндө, Бар эле сенин не ишиң? Баатыр Сейит кеп айтат: Тегимди терип кеп сурап, Ой, киши, деги сен кимсиң? Менин жайым сурабай, Өз жайыңды билгизгин. Жыргалдуу киши кептенип, Жылжыган саздан каз уулап, Жайдак атчан, жалаң тон, Жалгыз жүргөн сен кимсиң? Мингениң жээрде чын тулпар, Байкасам өзүң бир шумкар, Кайдан келген кишисиң? Жан жүрбөгөн жапанда, Эмне кылып жатасың? Жабыгып мында жүрүпсүң, Не жумушуң бар болсо, Жашырбай, жигит айткының. Андан кийин кайткының. Ээси кимдир бул жердин? Улугу кимдир бул жердин? Жердин аты, эл аты, Айтып бергин, баатыр, деп, Сейити минтип сурады. Анда жигит муну айтат: — Жери менен элимдин, Жайын айтам билгиниң, Сен сурадың, мен айтам, Кулагыңа илгиниң. Өзүмдүн жайым сурасаң, Жайы менен кышына, Үч жылдан бери мен турам. Кең керкиттин шаары дейт, Каапырлардын эли дейт. Хан тактаны ээлеген, Сулаймат анын ханы дейт. Мындан мурун Керкитте, Элинин баары бай болгон. Кем-керчи өөнсүз, Көңүлдөрү жай болгон. Бирок азыр бул жерге, Айбандан башка жан жүрбөйт. Түндүк жаккы четине, Карадөө деген ээ болгон. Арам өлгөн доңуздун, Кайсы жактан келгенин, Анык аны жан билбейт. Каарынан качып бул жерге, Адам уулу түк келбейт. Бул капырдын заарынан, Какшады кыйла адамдар, Жанын багып жай жаткан, Жабыр салды тынч элге. Колуна тийген кишинин, Тирүүлөй этин чийки жеп. Кыйалы бузук кысталак, Кыйноо салды көп элге. Кылыктуу нечен кызды алды. Суктантып ичти күйгүзгөн, Сымбаттуу эчен узду алды. Азар түмөн, арбын мал, Алтын, күмүш зарды алды. Кыйындын баары кысталды, Адамзат бендеге, Армандуу жаман күн салды. Кыйналды кылым мындагы, Кысталак өзү мыкаачы. Керкиттин элин мыкаачы, Ар жылында бир талайт. Хан Сулаймат дегендин, Жалгыз кызы Кылжыке, Суктанаар сулуу ал эле. Куйдуруп арак ичем деп, Тартып алды жөн эле. Беш күчүгүн ээрчитип, Кан жыттанган бул доңуз, Айкырып элге чуу салат. Күн батышта бүткүл эл, Каарынан коркуп сандалды. Аттанып алыс жол алды. Ат арытып жол басты. Каары менен жүдөтүп, Канча түрдүү шаар алды. Арбын дүйнө мүлк алды, Кудуска барып кол салды, Коркутуп туруп олжо алды. Беттешип бенде чыдабай, Белдүүдөн эчен эр өлдү. Элин талап бүлүнтүп. Ордодо баккан ардактап, Эки түгөй сулууну, Тартып чочко дагы алды. Кудус менен Багдаттан, Тандалган сулуу кыздардан, Алтынай менен Чолпонай Бул экөөнү тең алды. Сүйгөнүм менин Алтынай, Күйгүзүп ичке чок салды. Өзүмдүн атым Жетилбай, Алдырган Алтын дартынан, Азапты тарттым мамыңдай. Паашалык тактан ажырап, Же Алтынайды алалбай, Армандуу болуп турган жан, Жапанда жүрөм мамындай. Каардуу каапыр чочкого, Кармашкан менен ал келбей, Каалаганым Алтынай, Же колума тийип ал келбей, Өзүм Багдат улугу, Тарттырдым дөөгө сулууну. Жашырбай айтсам чыны бу, Ичке толгон муңум бу. Өлөйүн деп өлө албай, Өз жанымды кыйа албай. Тентип жүрөм жаталбай, Менин жайым ушундай. Ойрон кылчу чоң дөөнү, Омуруучу табылбай. Теңдикке жетпей калдым мен, Жан кыйнадым жаш тыйбай. Нечен түндү өткөрдүм, Кирпик ирмеп көз жумбай. Жалгыз жатып жапанда, Таттуу уйкуга көз жумдум. Уйкуда көзүм жумулуп, Жаталбай турам удургуп. Мингени кула Койонбоз. Түшүмдө калды жоголуп. Салынганы байандос, Ат жарагы баары кооз. Жоо жарагы келишкен, Көркүнөн киши жалтанып, Жүрөгү чыгып өлгүндөй, Кийгени аппак буладан. Агарып тиши кылайган, Адамдан сонун келбети. Түшүмдө көрдүм ал өңдүү, Келишкен сонун бендени. Кейишти тартып өң кетип, Кеберсип ээрдим турганда, Көргөн киши жаныма, Түз бастырып келгени: «Жаш экенсиң жан кыйнап, Мында жатпа сен, — деди. Керкитке баргын жол тосуп, Жолугаар сага ошондо, Эр Манастын тукуму Сейитине жолугушуп, Ага айткын сырыңды, Калтырбай ичте муңуңду. Арбагы Манас жар болсо, Алла таалам колдосо. Алып берет колуңа, Ашык болгон сулууңду». Муну айтып ал киши, Көрүнбөй көздөн кубулду. Аны менен бул жерде, Тентип жүргөн жайым бу. Ошол күндөн бер жакка, Жол кардым бир тынбай. Эриккенде чара жок. Эрмек үчүн каз куубай. Энеси качыр медеси, Атасы жылкы асылы, Атымдын жайы мына бу. Мен жолуккан кишиден, Аты-жөнүн сураймын, Сөзүн байкап угамын. Көөнүмө сөзү жакпаса, Кулак салбай жөнөймүн. Мен андыктан жалгыз жан, Көзү көргөн таң калып, Жашырынбай келсин деп, Каз-өрдөктү кууймун. Каалаган кишим кабылса, Алтынайым табылса, Мен ошого кызмат кыламын. Жайын айтып жабырап, Же тынбай калды токтолуп. Жайдары Сейит жаш арстан, Жайын угуп кебинин, Тим эле жаман кейиди. Айтмак болду жашырбай, Түп атасы, тегини: — Жетилбай жигит кулак сал, Ата тегим, өз атым, Айтайын өзүң билип ал. Чоң атам айкөл шер Манас, Жерибиз Кеңкол чоң Талас, Элибиз кыргыз көп алаш. Өзүмдүн атым сурасаң, Жаш Сейити он төрт жаш. Менин жайым баамдап ук, Анык жайым сага мен, Ачык айтып берейин. Ата-тегим кыргыздан, Билдирейин сага мен. Жетилбайым кулак сал. Кара кыргыз калкынан, Түп атабыз Бөйүн хан, Бөйүн хандан Чайан хан, Чайан хандан Карахан, Карахандан тараган, Кадырлуу тууган Орозой, Орозойдун он уулу, Аксакалы Жакып хан. Хан Жакыптан туулган, Ааламга аты угулган. Жайдары тууган жаш Манас, Арстан Манас тукуму, Абаң Семей болучу. Каңгайга маана чеп болгон, Көкбука минген түгөнгүр, Жалгыз көздүү Мадыкан, Көмө чаап аны алган; Кол айдап келип Коңурбай, Сайдырып ийип кур калган. Он эки сан Жедигер, Курчаган колун майтарган. Айчүрөктөй узду алган. Күн батышта маңгытты, Маңдайда көзү жалгызды, Желмогуз деп аталган, Аны да сойуп даң алган. Бараңдын элин куткарып, Тартууга далай мал алган. Кайып болуп он төрт жыл, Кайтып элин сураган. Арбагы тирүү Семетей, Таңданып дүйнө байкаган. Өз-жат дебей чуу салган. Жакып ханды жалмаган, Абыкени аймаган. Көбөштү көргө киргизген, Көкжалдыгын билгизген. Калайыкты чайкаган, Анткор Семей болуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.