Арстан Семей тукуму, Эрекче баатыр эр Сейтек, Серпишкен жоодо шер Сейтек. Бозум түлөк чагынан, Ат көтөрбөй жөө жүрүп, Алп атанган ал Сейтек. Курсакта жетим жаш калып, Он экиде жашында, Жедигерге чуу салып, Тактылуу Кыйаз ханды алган. Күн батыш түштүк элине, Өз эркинче чуу салган. Денеси чойун таш болуп, Найза кылыч батпаган. Өзүнүн аты Сарыбай, Кутургурду кошо алган. Ээн калган Таластын, Тактасын ээлеп болгон хан. Сейтектин баласы, Жалы артык жаралган. Жалаңгыч Сарык аталган. Алп бүткөндүн баарынын, Башын кесип жан кыйып, Суу ордуна кан ичип, Дарыйадай кан кечип, Тогуз жашаар - он жашаар Ойноо бала чагында, Жарагы жок колунда, Сооту жок жанында, Түптүү чынар кармаган, Сайчу найза ордуна. Жыйналып жаткан жети алптын, Жазганбай тийген тобуна. Өз атам менин Кененим, Кылганы элге дүң болгон. Башы жылан тили адам, Сегиз миң жыл жашаган. Көөдөнүндө жаны бар, Көчүгү кара таш болгон. Бүткүл дүйнө кылымды, Былк эттирбей сорчу Жер жүзүндө сыйкырчы, Мааналап жаткан тетиги, Кара деңиз аралда, Жүйрүн дөөнү жалмаган. Чай, Чүй, Букар, Шаңкайлык, Кутулуп мындан калбаган. Кызыл чапан, жайдак төш, Тирүү кудай колдоочу. Дамбалы жок молдосу, Асманда учкан канатуу, Карга кузгун коргоочу, Ошого барып кол салган. Коркутуп туруп алардан, Гүлгаакыдай кушту алган. Карааны кайып көрүнбөс, Сумурукту куткарган. Короосон, Ооган, Испандык, Кор кылып баарын айдаган. Анык байкап билгиниң, Сынган бутун байлаган. Атамдын жайы ушундай. Өзүмдүн атым Сейит, Кең Таластан келемин. Мында келген жумуштун, Жайын айтып берейин. Аттанып жалгыз жол жүрүп Шашып мында келгенмин. Ачыгы ушул сөзүмдүн, Угуп алгын Жетилбай. Кузгундары куу алсын, Карадөөдөн кутулуп. Куураган элиң кубансын. Каркырасы каз алсын, Кармашаар жоого мен бармын. Карыганда атакем, Кабарын угуп чоң дөөнүн, Каарданып аттанган. Кабарын андан эшитип, Атамды үйдө калтырып, Телкүрөң сындуу ат минип, Теңдешээр жоого келатам. Ырас чынын айтканда, Карадөөнү кыйратып, Катын-кызын ыйлатып, Эркек уулун чуулатып, Какшаган элди жыргатам. Кайгылуу сендей кишиге, Каралдуу болоор мен эрмин. Ашык болгон сулууңду, Колуңа алып беремин. Кысталак чоң дөөнүн, Сулаймат кызы Кылжыке, Жараса жагып көөнүмө, Тартып өзүм аламын. Кыйнаган элди чочкого, Айабай бүлүк саламын. Кабылан Манас элинен, Кадырлуу Талас жеринен, Ат арытып, он жыртып, Ал үчүн келе жатамын. Кан ичме чочко капырдын, Теңинен кесип, баш алып, Канын төгүп койомун, Капалуу Керкит көп элди, Азат кылып койомун. Сейити кебин укканда, Түш көрүп тоскон кишиси Жолунан утур чыкканда, Эр Жетилбай сүйүнүп, Атынан түшө жүгүрүп. Жетине албай Жетилбай, Колу боордо жүгүнүп: “Аты болсо Сейити, Атасы болсо шер Манас, Бул түшүмдө көргөн кишимби? Оңолгон менин ишимби?” Сейитти кучактап, Сагынышкан немедей, Агып жашы буурчактап: — Үч жылдан бери жол сактап, Айланайын Сейити, Көрдүм бүгүн бетиңди? Бендесин өзү кар кылбай, Первердигер жеткирди. Белиңди салып бекем ук, Менин айткан кебимди. Эки жылга жете элек, Эмгичекти кете элек, Мендей жалгыз бир келди. Эбегейсиз тең келди. Кудустан келген Чолпонай, Сүйгөнүм эле деп келди. Карадөөнү какшатып, Сулаймат кызы Кылжыке, Тартып алам деп келди. Байанын уксаң баатыр шер, Сулайматтын шарты бар. Анын шарты мамыңдай, Калың малдын ичинде, Карадөөнүн каны бар, Кара деңиз аралын, Сырын айткан жайы бар. Көк күмбөздө көөхарга, Барар иши дагы бар. Канаттуудан Сумурук, Кармап бериш жана бар. Шарты кыйын мамыңдай, Ала албай эч бир жан, Ошолорду кыла албай. Кудустан келген кишинин, Жайын уксаң баатырым, Деңиздин суусун кечиптир, Көк күмбөзгө жетиптир. Барган менен күмбөздөн, Көөхарын ала албаптыр. Эми Сумурукту табам деп, Хан Сулаймат шартынан, Калтырбай баарын орундап, Анан кызын алам деп, Адам билбес бир жерге, Алыска кетти ыраактап, Келип кетти коштошуп, Мени менен кулакташ. Келген Кудус жеринен, Алп мүчөлүү шаңданган, Сөөгү балбан келишкен, Курсагы анын тойбогон, Кедейден туулган неме экен. Теңдикке алып Кудустук, Кызын буга бербеген. Кудуста сулуу Чолпонай, Карадөө тартып келгенде, Эрдигине чыдабай, Эрегишип ал келген. Көөхарды таап алса да, Дөөгө алы келбеген, Экөөбүз далай муңдаштык, Муң чечишип сырдаштык. Көкбука ат бул кезде, Көпкөк деңиз жээгинде, Мен жүрдүм, баатыр, бул жерде, Кедей да болсо Көкбука Кереги тийчү эр эле. Эңишке чыкса беттешип, Неченди жыгаар неме эле. Чолпонайды алдырып, Чок болуп жүрөт күнүгө, Көкжал баатыр береним, Көзүңдү сала жүрөрсүң, Черлүү карып биздерге, Кызматын кылып ат токуп. Ажырабай жүрөлүк, Арстан Сейит биз бирге. Жетилбай мындай дегенде, Анда Сейит кеп айтат: — Кебиңди уктум Жетилбай, Черлүү байкуш экенсиң, Чечинип үйдө жатпаган. Кээрлүү байкуш экенсиң, Кебиңди байкап түшүндүм, Сээрлүү байкуш экенсиң, Жан кыйнаган намыска, Дээрлүү байкуш экенсиң. Кара деңиз аралын, Каптап кечип өтөмүн, Көккүмбөздү талкалап, Кохарын алып дорболоп, Кармап алып Сумурук, Сарамжалын бүтүрүп, Орундап шартын ханыңдын, Мен Кылжыкени аламын. Карадөөнү сойойун, Талпагын башка керейин, Жазасын анын берейин. Каргаша болгон доңуздан, Калкалап элди койойун. Кылаарым менде бул жумуш, Бүткөрөмүн ушуну. Эр кишиге, Жетилбай, Ошол дагы жумушпу? Мүшкүл десең бул ишти, Көрбөйсүң мындай жумушту. Арстандын кебин укканда, Жетилбай жаман сүйүндү, Өрттөнгөн жүрөк басылып, Өзөгүндө зырылдап, Токтобой акты кара тер, Бүткөн бойдон жымылдап. — Эр Сейити айтарга, Жана сырым жана бар, Көкбука балбан бул кезде, Жолуңду тосуп сага зар. Көккүмбөздүн талаада, Күйүп жүрөт Көкбука. Мен түшүмдү айтканы Сүйүнүп жүрөт Көкбука, Сейиттин жүзүн көрсөм деп, Көп жылдан бери жолуңда, Алп кара куш Сумурук, Карып болуп кайран куш, Карадөөнүн колунда, Камалуу турат торунда. Бул дагы сизге ынтызар, Эки көзүн ирмебей, Тиктеди сенин жолуңа. Ошол жерге Сейити, Беш баласын ээрчитип, Ат көтөрүп жүрө албас, Дөөлөр келип кеткени. Арадан эки күн өттү, Кырк күндө мында бир келет. Кырк күнгө толбой ал келбейт. Каарынан коркуп чочконун, Көк өзөндүн түзүнө, Адам эмес айбандан, Басып тирүү жан келбейт. Сыртынан ээлеп бул жерди, Бетине чыккан чөбүн да, Оттотуп малга жедирбейт. Чирип калса ыраазы, Жемишин жерден тердирбейт, Мөмөсүн элге алдырбайт. Тилимди алсаң, көкжалым, Ат өргүтүп алалы, Анан жолго салалы, Атактуу сулуу Кылжыке, Анан издеп табалы, Каршылашса Карадөө, Канын төгүп салалы. Сулаймат кылып арипти, Күлүктү салса жеңишке, Жеңдей жээрде чабабыз. Сыйкыры артык Көк күмбөз, Талкалап аны чагабыз. Аттуу балбан салышса, Намыска жарайт Көкбука. Деңизден балык тартарда, Абыл барат аралга. Балыкчынын баласы, Баатыр эле атасы. Жөн эле жүрсө өзү жай, Суу бойлоп жүрсө тор жайып, Өлтүрүп койгон мыкаачы. Атамдын кунун кууймун деп, Келиптир мында баласы. Чама жетип, чарк келбей, Каралап жүрөт чамасы. Келип кетип кала албай, Тынбай жүрөт санаасы. Убара болуп барбайсың, Бешенең артык көкжалым. Белсенишсең далайга, Баарыбыз дайар артыңда. Жайын айтып жабырап, Жашырбай айтып бажырап. Ат өргүтүп жатышты, Орун алып, от жагып, Жан казанга дөбөлөп, Аркар эти, кой эти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.