Эр Сейиттин кара дөөнү сойушу
Эй, Эрмек үчүн эл үчүн, Эсимде турган кеп үчүн, Эркин кыргыз жаткан эл, Жердеген Талас жер үчүн, Азап тарткан, муң тарткан, Алдына келет ан үчүн, Айкөл манас уулуна. Келген ишин бүтүргөн, Көк дөбөдөй дөө болсо, Көмө сайып түшүргөн, Сыймыгын эрдин качырган, Сыйкырын журттан ашырган. Зыңкыйган эчен эрендин, Шорун минтип катырган, Кыдырып келген мураска, Кыраан Манас баатырдан, Айкөл Манас баатырды, Таанытып элге мен айтам. Бай Жакыптан туулган, Моңгул менен кытайга, Башынан салган чуулган, Алты жашта аттанган, Арстан Манас атанган, Тогузунда токтолгон, Он жашында октолгон, Ок аткан душман жок болгон, Он бирине келгенде, Ойуна кудай бергенде, Жалаң сууну бойлогон, Кыргызды бөлүп калмактан, Хандыгын баарын тойлоткон, Катышып келген ким болсо, Канга бөлөп сойлоткон, Кашында жүргөн чоросун, Хан уулундай ойноткон, Айкөлдөн калган тукуму, Анык билгин ушуну. Адамдан сулуу, нурдуу жүз, Булбулдан муңдуу, таттуу сөз, Кастаган душман бар десе, Аттанышка өтө тез, Айкөлдүн уулу Семетей, Жалгыз жүрүп көптү алган, Эрдиги артык ченебей. Семетейден Сейтек, Эстесе кыргыз уулуна, Эрксиз көзгө жаш келет. Жетим калып чоң болгон, Ат көтөргүс зор болгон, Азаптуу Кыйаз сойлогон, Өзүнчө келип кутургур, Бул ааламдан жоголгон. Олпогу жок, сооту жок, Кутургурдун денеге, Өткөн жарак болбогон, Өжөрлөнсө Сейтек, Өлтүрбөстөн койбогон. Кыз Куйалы кем эмес, Мурунку өткөн шерлерден, Кызыл жүзү нурланып, Кемтиги жок сөөгүндө, Айтылган нечен сулуудан, Сейтек менен Куйалы, Ал экөөнөн туулган, Тогуз жашка чыкканча, Баспай үйдө чоңойгон, Тогузунда тоо болгон, Тоскоолдук кылган болбогон, Тогузда толуп атанып, Далай дөөнү сойлоткон, Кыргыздан баштап кол албай, Элди эркин ойноткон, Эр Кененим зор өткөн. Бала чактан аттанып, Басташканын бүт сойгон, Кас санашкан бенденин, Бирин тирүү койбогон. Күн батышка бир барып, Жүйрүн дөөнү баш кылып, Сегиз дөөнү бир сойгон, Күн батыштын тарабы, Жалаңгыч сарык ат койгон, Көгүчкөндөй учуп да, Кутулган жандар болбогон, Чыныкедей уз алган. Сунса колу узарган, Кара калмак манжулар, Каарынан коркуп зарланган, Каары катуу, заары күч, Сынган бутун байланган, Көзүнөн жалын, от күйүп, Ажыдаардай сүр чыккан. Жарагы жок колунда, Сайуучу найза ордуна, Түптүү чынар кармаган, Дарыйадай кан кечкен, Жарма ордуна кан ичкен, Кармашаарга жоо калбай, Канча жылы жай жаткан, Элин эркин жыргаткан, Ыйлатпай бала уктаткан, Таласта жатып жай алып, Жамбашка карыш май алып, Жаштары ойноп дуулдап, Улак тартып, кунан чаап, Карылардын кылганы, Чатыраш, кеште, кумалак, Ойноп жаткан кезинде, Эч нерсе жок эсинде, Күн батыштан төө тартып, Майда-барат соода артып, Төөлөрүн чиркеп чубатып, Айылдын наркы четине, Кербендер келди кечинде, Келип түштү бешимде. Жаштары жатты жай уктап, Карылар туурап, эт чыктап, Кайгысы жок таң атып, Нурланып тоодон күн чалып, Жылкы айдап малчылар, Желеге кулун байлашып, Кымыз ичип кызарып, Жаш балдары дуулдашып, Тоту куштай сыланып, Кыз-келиндер жардашып, Белдемчи жерде чубалып, Жубандары мал саашып, Ордого кирди уландар, Үйүнө кирди жубандар, Селкинчекке киришти, Кыз-келиндер тура албай. Дүркүрөп эли жатыптыр, Атайлап келген кербендер, Ордону көздөй басыптыр. Ордо баккан жесекчи, Ордого киши киргизбейт, Өз оозунан кеп сурап, Ошондон албай эсепти. Кербенден келген үч киши, Кеп баштады бир киши: — Кебибиз бар ханыңа, Бактысына ишенген, Эр Кененим баатырга, Угуп келдик кабарды, Ошол үчүн алдына. Эрге айтар кебим бар, Кең дүнүйөм болгон тар, Жолугушуп кетейин, Жообун алып бере сал. Ар жумуштун эби бар, Жесекчинин ичинде, Хан оозунан ар качан, Жооп алуучу бирөө бар. Жакшы жаман дебестен, Ар кайдан келет элдерден, Кебим бар деп келгендер. Хандан жооп алуучу, Калпы жок айтып баруучу, Жоопкердин иши бул. Кайра басты делбиреп, Ордуна карай энтелеп, Ылдамдай басып энтеңдеп, Эшик ачып ийилип, Эңкейип бели бүгүлүп, Келинден бетер жүгүнүп, Кашкайып күлүп жаркылдап, Капасы жок сүйүнүп, Канкордун жүзүн көргөндө, Кадиги жок ойунда, Каары катуу баатырга, Салам айтып турду эми, Не жумушка киргенин, Жоодурап айтып турду эми: — Кечээ келген болучу, Кербенчиден беш киши, Эртең менен келиптир, Дарбазага үч киши, Кеби барбы айтарга, Көрүшмөк экен сиздерге, Жооп алып берсең деп, Жолугушту биздерге. Тим эле киши кирсин деп, Тартынбай айтчу кеп эмес, Эшиктеги үч киши, Биз көргөн элден деги эмес, Өңдөрү жадоо сары жез, Бели ничке, мойну кез, Каңгырап араң сүйлөшөт, Ач курсак киши кептенет. Киргиз баатыр бизди дейт, Кебибиз бар сизде, дейт. Жоопкер айтып турду эле, Кененим анда былк этип, Каары катуу, заары күч, Картайып калган кези эле, Каргылданып сүйлөсө. — Кирсин үйгө, кирсин, — деп, Жооп берип ийди эле. Эшикке чыгып жесекчи, Хандан жооп алгансып, Керекке жарап салгансып, Кирсин деген буйрукту, Тапкандай өзү балбансып, Өз ойунда дердейип, Кербендерге жолукту: — Жооп берди падыша, Киргиле силер алдына, Окчунураак тургула, Чукул барбай жанына, Каадасыз киши кептентип, Калбагыла каарына, Капташып калсаң өлөсүң, Чыдабайсың заарына. Жооп берип жүрү деп, Баштап алып жөнөдү, Ушу болот кербендер, Кененимди көргөнү. Эки колу боорунда, Баатырдын кирди алдына, Караанын булар көргөндө, Калтырак кирди баарына. Чай тамагын алдырып, Дасторконун жайдырып, Ашпоздору жүгүрүп, Тамагын койду жайынча. Адам уулу жебеген, Ар сонунду бердирген, Курсагы ооруп жесе да, Дагы жесем дедирген. Даамы таттуу шекер-бал, Каадасын билип алардын, Бар тамагын калтырбай, Бердиргенин карагын. Бата дуба кылганда. Баары турду ордунан, Дасторконун жыйганда, Айран калды Кененим, Баары таазим кылганда. Ойуна алды кененим: “Наркы ушул экен, — деп, Өз жеринде бул элдин, Салты ушул экен” — деп, — Алыстан келген меймандар, Айтып сөзүң бериңер. Эмне үчүн кирдиңер? Калдайып ханмын дегенсип, Калтаарышпайт биздин эл, Жал-жал карап тиктешип, Жалоорутпайт биздин эл, Ак калпак кыргыз тукуму, Дайынын угуп билсеңер. Кербендердин ичинде, Кеби таамай сөзү ширин, Кемитпеген кеп жерин, Бир кыйыны бар эле, Кененимге карата, Камдады кебин ал эле: — Биз Каканчынын элибиз, Капкайдан азып келдик биз, Кулак салып угаарсыз, Узакка кетер кебибиз. Соода артып, жип тартып, Түрмөк жибек, чай артып, Катарлап чиркеп төө тартып, Күн батыш көздөй жол басып, Он сегиз ай болгондо, (Бир жарым жыл болгондо) Кең Керкиттин шаарына, Барып жеттик ошондо. Керкиттин бардык жерине, Бир жарым жыл турганда, Мээнет чырмап, бак качып, Бизди кудай урганда, Бекерден калдык бушманга, Кармалып калды башыбыз, Карадөө деген душманга. Мингени качыр сур болгон, Кийгени темир тор болгон, Итиркенбей беттешкен, Тимеле өлүп жок болгон, Кармап алган адамды, Каратып туруп жеп койгон. Кыздан алман алган бул, Кыйноого журтту салган бул, Сулаймат кызы Кылжыке, Арак сунсун мага деп, Алып алды аны бул. Көөкөрдөн арак куйдуруп, Кызга арак сундуруп, Көпчүлүктөн баарысын, Көз ачырбай, алман деп, Көрүнө кыйнап улутуп, Тартып алып кең жерин, Тар кылып элдин дүйнөсүн, Кудай өзү бендеге, Мындай кордук бербесин, Таалайы качкан керкитке, Тарттырып анын эмгегин, Эми айта кетейин, Өз башыма келгенин.