Эй, Эрмек үчүн эл үчүн, Эсимде турган кеп үчүн, Эркин кыргыз жаткан эл, Жердеген Талас жер үчүн, Азап тарткан, муң тарткан, Алдына келет ан үчүн, Айкөл манас уулуна. Келген ишин бүтүргөн, Көк дөбөдөй дөө болсо, Көмө сайып түшүргөн, Сыймыгын эрдин качырган, Сыйкырын журттан ашырган. Зыңкыйган эчен эрендин, Шорун минтип катырган, Кыдырып келген мураска, Кыраан Манас баатырдан, Айкөл Манас баатырды, Таанытып элге мен айтам. Бай Жакыптан туулган, Моңгул менен кытайга, Башынан салган чуулган, Алты жашта аттанган, Арстан Манас атанган, Тогузунда токтолгон, Он жашында октолгон, Ок аткан душман жок болгон, Он бирине келгенде, Ойуна кудай бергенде, Жалаң сууну бойлогон, Кыргызды бөлүп калмактан, Хандыгын баарын тойлоткон, Катышып келген ким болсо, Канга бөлөп сойлоткон, Кашында жүргөн чоросун, Хан уулундай ойноткон, Айкөлдөн калган тукуму, Анык билгин ушуну. Адамдан сулуу, нурдуу жүз, Булбулдан муңдуу, таттуу сөз, Кастаган душман бар десе, Аттанышка өтө тез, Айкөлдүн уулу Семетей, Жалгыз жүрүп көптү алган, Эрдиги артык ченебей. Семетейден Сейтек, Эстесе кыргыз уулуна, Эрксиз көзгө жаш келет. Жетим калып чоң болгон, Ат көтөргүс зор болгон, Азаптуу Кыйаз сойлогон, Өзүнчө келип кутургур, Бул ааламдан жоголгон. Олпогу жок, сооту жок, Кутургурдун денеге, Өткөн жарак болбогон, Өжөрлөнсө Сейтек, Өлтүрбөстөн койбогон. Кыз Куйалы кем эмес, Мурунку өткөн шерлерден, Кызыл жүзү нурланып, Кемтиги жок сөөгүндө, Айтылган нечен сулуудан, Сейтек менен Куйалы, Ал экөөнөн туулган, Тогуз жашка чыкканча, Баспай үйдө чоңойгон, Тогузунда тоо болгон, Тоскоолдук кылган болбогон, Тогузда толуп атанып, Далай дөөнү сойлоткон, Кыргыздан баштап кол албай, Элди эркин ойноткон, Эр Кененим зор өткөн. Бала чактан аттанып, Басташканын бүт сойгон, Кас санашкан бенденин, Бирин тирүү койбогон. Күн батышка бир барып, Жүйрүн дөөнү баш кылып, Сегиз дөөнү бир сойгон, Күн батыштын тарабы, Жалаңгыч сарык ат койгон, Көгүчкөндөй учуп да, Кутулган жандар болбогон, Чыныкедей уз алган. Сунса колу узарган, Кара калмак манжулар, Каарынан коркуп зарланган, Каары катуу, заары күч, Сынган бутун байланган, Көзүнөн жалын, от күйүп, Ажыдаардай сүр чыккан. Жарагы жок колунда, Сайуучу найза ордуна, Түптүү чынар кармаган, Дарыйадай кан кечкен, Жарма ордуна кан ичкен, Кармашаарга жоо калбай, Канча жылы жай жаткан, Элин эркин жыргаткан, Ыйлатпай бала уктаткан, Таласта жатып жай алып, Жамбашка карыш май алып, Жаштары ойноп дуулдап, Улак тартып, кунан чаап, Карылардын кылганы, Чатыраш, кеште, кумалак, Ойноп жаткан кезинде, Эч нерсе жок эсинде, Күн батыштан төө тартып, Майда-барат соода артып, Төөлөрүн чиркеп чубатып, Айылдын наркы четине, Кербендер келди кечинде, Келип түштү бешимде. Жаштары жатты жай уктап, Карылар туурап, эт чыктап, Кайгысы жок таң атып, Нурланып тоодон күн чалып, Жылкы айдап малчылар, Желеге кулун байлашып, Кымыз ичип кызарып, Жаш балдары дуулдашып, Тоту куштай сыланып, Кыз-келиндер жардашып, Белдемчи жерде чубалып, Жубандары мал саашып, Ордого кирди уландар, Үйүнө кирди жубандар, Селкинчекке киришти, Кыз-келиндер тура албай. Дүркүрөп эли жатыптыр, Атайлап келген кербендер, Ордону көздөй басыптыр. Ордо баккан жесекчи, Ордого киши киргизбейт, Өз оозунан кеп сурап, Ошондон албай эсепти. Кербенден келген үч киши, Кеп баштады бир киши: — Кебибиз бар ханыңа, Бактысына ишенген, Эр Кененим баатырга, Угуп келдик кабарды, Ошол үчүн алдына. Эрге айтар кебим бар, Кең дүнүйөм болгон тар, Жолугушуп кетейин, Жообун алып бере сал. Ар жумуштун эби бар, Жесекчинин ичинде, Хан оозунан ар качан, Жооп алуучу бирөө бар. Жакшы жаман дебестен, Ар кайдан келет элдерден, Кебим бар деп келгендер. Хандан жооп алуучу, Калпы жок айтып баруучу, Жоопкердин иши бул. Кайра басты делбиреп, Ордуна карай энтелеп, Ылдамдай басып энтеңдеп, Эшик ачып ийилип, Эңкейип бели бүгүлүп, Келинден бетер жүгүнүп, Кашкайып күлүп жаркылдап, Капасы жок сүйүнүп, Канкордун жүзүн көргөндө, Кадиги жок ойунда, Каары катуу баатырга, Салам айтып турду эми, Не жумушка киргенин, Жоодурап айтып турду эми: — Кечээ келген болучу, Кербенчиден беш киши, Эртең менен келиптир, Дарбазага үч киши, Кеби барбы айтарга, Көрүшмөк экен сиздерге, Жооп алып берсең деп, Жолугушту биздерге. Тим эле киши кирсин деп, Тартынбай айтчу кеп эмес, Эшиктеги үч киши, Биз көргөн элден деги эмес, Өңдөрү жадоо сары жез, Бели ничке, мойну кез, Каңгырап араң сүйлөшөт, Ач курсак киши кептенет. Киргиз баатыр бизди дейт, Кебибиз бар сизде, дейт. Жоопкер айтып турду эле, Кененим анда былк этип, Каары катуу, заары күч, Картайып калган кези эле, Каргылданып сүйлөсө. — Кирсин үйгө, кирсин, — деп, Жооп берип ийди эле. Эшикке чыгып жесекчи, Хандан жооп алгансып, Керекке жарап салгансып, Кирсин деген буйрукту, Тапкандай өзү балбансып, Өз ойунда дердейип, Кербендерге жолукту: — Жооп берди падыша, Киргиле силер алдына, Окчунураак тургула, Чукул барбай жанына, Каадасыз киши кептентип, Калбагыла каарына, Капташып калсаң өлөсүң, Чыдабайсың заарына. Жооп берип жүрү деп, Баштап алып жөнөдү, Ушу болот кербендер, Кененимди көргөнү. Эки колу боорунда, Баатырдын кирди алдына, Караанын булар көргөндө, Калтырак кирди баарына. Чай тамагын алдырып, Дасторконун жайдырып, Ашпоздору жүгүрүп, Тамагын койду жайынча. Адам уулу жебеген, Ар сонунду бердирген, Курсагы ооруп жесе да, Дагы жесем дедирген. Даамы таттуу шекер-бал, Каадасын билип алардын, Бар тамагын калтырбай, Бердиргенин карагын. Бата дуба кылганда. Баары турду ордунан, Дасторконун жыйганда, Айран калды Кененим, Баары таазим кылганда. Ойуна алды кененим: “Наркы ушул экен, — деп, Өз жеринде бул элдин, Салты ушул экен” — деп, — Алыстан келген меймандар, Айтып сөзүң бериңер. Эмне үчүн кирдиңер? Калдайып ханмын дегенсип, Калтаарышпайт биздин эл, Жал-жал карап тиктешип, Жалоорутпайт биздин эл, Ак калпак кыргыз тукуму, Дайынын угуп билсеңер. Кербендердин ичинде, Кеби таамай сөзү ширин, Кемитпеген кеп жерин, Бир кыйыны бар эле, Кененимге карата, Камдады кебин ал эле: — Биз Каканчынын элибиз, Капкайдан азып келдик биз, Кулак салып угаарсыз, Узакка кетер кебибиз. Соода артып, жип тартып, Түрмөк жибек, чай артып, Катарлап чиркеп төө тартып, Күн батыш көздөй жол басып, Он сегиз ай болгондо, (Бир жарым жыл болгондо) Кең Керкиттин шаарына, Барып жеттик ошондо. Керкиттин бардык жерине, Бир жарым жыл турганда, Мээнет чырмап, бак качып, Бизди кудай урганда, Бекерден калдык бушманга, Кармалып калды башыбыз, Карадөө деген душманга. Мингени качыр сур болгон, Кийгени темир тор болгон, Итиркенбей беттешкен, Тимеле өлүп жок болгон, Кармап алган адамды, Каратып туруп жеп койгон. Кыздан алман алган бул, Кыйноого журтту салган бул, Сулаймат кызы Кылжыке, Арак сунсун мага деп, Алып алды аны бул. Көөкөрдөн арак куйдуруп, Кызга арак сундуруп, Көпчүлүктөн баарысын, Көз ачырбай, алман деп, Көрүнө кыйнап улутуп, Тартып алып кең жерин, Тар кылып элдин дүйнөсүн, Кудай өзү бендеге, Мындай кордук бербесин, Таалайы качкан керкитке, Тарттырып анын эмгегин, Эми айта кетейин, Өз башыма келгенин. Кербен башы мен элем, Жамандык жок дээр элем. Эркин жатып таң атып, Уйку канып эт тырмап, Кербендердин үстүндө, Кеңири ойноп жан жыргап, Эчтеме жок эсинде, Шаарда жаткан кезимде, Сулайматтын желдети, Келип жетти кечинде. — Эртең кербен жолго сал, Карадөөдөй эрге бар, Алыстан келген кербендер, Барып дөөдөн кабар ал! Айткан кеби бул болду, Айтып болуп жоголду, Эли жок элкин кишиге, Баш булгаар заман болобу. Төөлөргө жүктү арттырдым, Карадөө көздөй тарттырдым, Кечке чейин жол басып, Кеч кирген жерге жаткырдым. Жоо жарагын алдык биз, Жолу катуу чочкого, Айнектей түздө көрүшүп, Жолугушуп калдык биз. Жаадыкөй катын беш бала, Кан соргучтун жанында, Арак сунуп көз жайнап, Кылжыке сулуу алдында, Адам уулу чыдагыс, Айбатына, каарына, Көзүн салып карады, Кербендердин баарына, Эки эрди жетелеп, Алып кетти айлына. Каратып туруп сойду бу, Кактап жеп этти тойбу бу, Баарыбызды чогултуп, Тар жылгага койдурду. Сыртыбыздан көз салып, Бастырбай бизди кайтарып, Бактырып туруп биздерди, Экиден күндө сойдурду. Соода кылган кербен биз, Отуз жети кишиден, Бешөөбүз калдык бир кезде. Жеген тамак аш болбой, Арыктадык баарыбыз. Белдерибиз бүгүлдү, Бизди көргөн адамзат, Бейлебей калса капташып, Кара жандан түңүлдү, Соода калып, төө калып, Керкитти эли сүйүндү. Алыстан азып ким барса, Алпарат экен ал дөөгө, Экиден кууруп жеп жүрүп, Жоготот экен дүйнөдө. Биз бешөөбүз калганда, Жилик албай арыктап, Чыкпаган тирүү жан калды. Карап туруп бир күнү, Бешөөбүздү кайт, деди. Көргөн билген ишиңди, Жер жүзүнө айт, деди. Көргөнүбүз бул болду, Капыр дөөдөн тирүү биз, Кутулуш жайы ал болду, Адамзаттан аккан кан, Ичерине чай болду. Отуз жети биз эмес, Биздей нечен келгенден, Сулаймат айдап бергенден, Канча киши жоголду. Керкиттиктин элинен, Алым алат күн сайын, Эти таттуу жумшак деп, Келини менен жигиттен, Жалганбы деп калбаңыз, Жай уксаң, баатыр, эми сен, Келе жаткан керкиттен. Айкөл Манас баатырдын, Артык уктук оорагын, Айтып барсак каканга, Кантип бирөө бара алсын, Андыктан келип биз сизге, Айткан ушул арзыбыз, Сулаймат менен Карадөө, Капырлардын колунда, Тарткан ушул дартыбыз. Кербен кебин бүтүрдү, Канкордун кара көк, Айткан кепке түшүндү. Чоң Таластын түзүндө, Тактасынын үстүндө, Атадан калган сыйкырдуу, Сыр коргондун ичинде, Жалын чыгып көзүнөн, Жаалы чыгып жүзүнөн, Тик багып бенде карабай, Азыркы турган түсүнөн, Салтанаттуу Кененим: — Сен кербендер, ук, — деди, Алты күнү болгуча, Ат өргүтүп бой сергит, Кайсы жерде болчу эле, Силер келген ал керкит? Катка салып кагаз бер, Талас менен керкиттин. Арасы канча жол келер? Эки күндүк жолуңду, Бир күңдүккө эсеп бер. Эр Кененим кербенге, Алты күнү былк этпей, Ат өргүтүп, кетерге, Жесекчинин бирөөнү, Тапшырып аны берди эле. Жолоочу келген кербендер, Байдай жатып мамырап, Суу ордуна май чылап. Кербендер жатты жан жыргап. Кененимден укканы, Эсинде бар кербендин, Күн алтыга толгондо, Эсептеп жолун керкиттин, Кагаздын бетин толтуруп, Кененимге бергени. Эр башына бирден ат, Ээр- токумун жаратып, Карматып берди кербенге, Алтын зардан айрылып, Алсыз болуп келгенде, Ар бирине жүздөн кой, Айдатып берди кербенге. Бир кишиге бештен төө, Байлатып берди кербенге, Көргөнү менен билгенин, Жашырбай айтып бергенге, Сүйүнчүгө алгын, деп, Андыктан бердим Кененим, Карадөөнүн кабарын, Айтып мында келгенге. Керкитке барып талатып, Кербендер келип жан ачып, Кененимге көрүшүп, Кем-керчи жок мал алып, Алдына тулпар ат минип, Ал кургурлар кубанып, Кербендер жолго салыптыр. Он эки жылдан бер жакка, Ордодо калып зериккен, Жол жүрө албай бир жакка, Көңүлү кирдеп дат болуп. Ойунда болчу чоң капа. Толуп турган Кененим, Тоодой Кула ат менен, Баштакыдай салт менен, Бармакчы болду Керкитке, Бадиректи эске алып. Баруучу эмес Кененим, Башкалардай кол алып. Жалгыз жүрчү адаты, Олпок тонун бөктөрүп, Ого бетер көкжалың, Унчукпастан көгөрүп: “Түп атам Манас баатыр, — деп, Мындай болсо бадирек, Күнүгө эки киши жеп, Түгөтөт элди такыр, — деп, Угуп туруп бул кепти, Барбай койсом ал жерге, Манастын уулу Кененим, Баатырдык атым бекер” — деп. Кең Кула минип жөнөрдө, Керкитте жаткан чоң дөөнү, Таласта турду кекээрлеп. Билип калып Чыныке, “Жалгыз уулу Сейитке, Учураша кетер” — деп, Ойунда турат мындай кеп. Учурашпай, бет бурбай, Кетмек болду Кененим, Кемпир менен балага, Эч бир жактан кеп кылбай. Уктап жаткан болуучу, Жаш Сейити ал үйдө. Айтамын деп Сейитке, Жүгүрүп кирди Чыныке. “Кийин капа кылабы, Мени салып кейишке?”, Башын салса үйүнө, Эр Сейити жаш бала, Эшикке чыгып келаткан, Жер бетине күн тийе. Энеси кирип муну айтат: — Эренден калган белегим, Элиңе тийер күн барбы, Эсен жүрсөң керегиң. Аттанды атаң ыраакка, Кайда барат билбедим, Учурашып калсын, деп, Ан үчүн балам, сага келдим. Кара мүртөз атаңдан, Казып түбүн кеп сурап, Ачып койгун капасын. Чыныке айтып бүтүрдү, Келе жаткан Сейити, Айтканына түшүндү. Желбегей чапан жабылуу, Жакадан бүктөп көтөрдү. Атасынын үстүнө, Асталай басып кирди бу. Эр Кененим ошондо, Үзөңгүгө бут салып, Атка минген болжолдо. Арканча болсо Кененим, Кары да болсо атасы, Жаш Сейити баласы, Салам айтып заңк этип, Чылбырынан кармады, Чырмалып тура калганы, Чымырканып жаш Сейит, Жолунун дайынын сурады. Кененим анда кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Балам Сейит, сураба, Барбай койор чама жок, Угуп туруп буларга. Түйшүктүү жоого барамын, Түртүшүп калба саламын, Сунбатына чыдабай, Уккандын баары суктанган, Кылжыкедей сулууну, Соогатыма аламын. Кербенден уккан бар кебин, Кең Керкиттин шаарына, Бара турган себебин, Айтып берди балага. Анда туруп Сейити: — Арбагы бийик атаке, Абалтан бери өзүңүз, Айтып жүргөн сөзүңүз, Буруусу жок бул жерде, Карап турат көзүңүз, “Атадан бери карата. Бизге калган мурас деп, Балапан кезде аттанмак”, Карысы кетип, жаш калса, Калган элге уйат кеп. Эби болсо барба, ата, Мен барайын алыска, Ак батаңды бер, ата. Минерге атым байлануу, Кийерге тонум шайлануу, Кара жаак, айбалта, Андай жарак бир канча, Казынада, жамдалуу, Өзүңдүн көзүң турганда, Кем-керчи жок, камдалуу – Айкандын уулу Көкбөрү, Соогага берген малынан, Куйругу ашкан жалынан, Кулжадай төшү салынган, Тулпарлыгы таанылган, Текедей саны түрүлгөн, Кош аңдан аттап түйүлгөн, Баладай жаалы балкылдак, Кулжадай башы кылтылдак, Кундуздай жүнү жылтылдак, Минип жүрсө, жөн баспас, Ооздук тиштеп кыйгачтап. Минерим болсун, Телкүрөң, Ак көөнүң менен батаң бер, Ай ааламды коркуткан, Ал доңузга мен барам, Ойум менен мен тийем. Сейити муну айтканда. Кененим айтат балага: — Алыскы жоону сен самап, Убара болбо жаш бала. Чыдаймын кантип мен сага, Жиберип ийип алыска, Жаш балапан чагымда, Он төрт жашар табыңда, Токсон бала ээрчитип. Куш салуучу маалыңда, Карадөөгө жиберип, Өрттөнүп турган жалынга? Уруксаат берер кез эмес, Баралбайсың сен ага. Толуп турган кезимде, Токтоноор атаң мен эмес. Тоодой болгон чочконун, Кабарын угуп бул жерде, Убалың кантип көтөрөм, Уйат болом өлгөнгө, Мусулманбы, каапырбы, Керкиттеги элдерге, Мен барбасам болбойт, деп, Кененим жообун бергенде, Сейити туруп муну айтат, Агартып тишин кылайтат, Жалганы жок чын айтат: — Бабам менин Семетей, Бешикте жетим ал калып, Белдүү чыккан чоңойуп, Бет келе албай белдүүлөр, Баарысы өлгөн жоголуп, Курсакта калып, Сейтек, Курчаган жоону кыйраткан, Тоодой болгон Кыйаздын, Канын суудай жайнаткан. Тактада жаткан ханды алган, Таластагы шаарды алган. Атаңдын көрү дүйнө бок, Армандуу болбой ким калган! Миңге чыгып кары өлөт, Энеден туулуп дагы өлөт. Өлбөй күндү ким көрөт, Эмгек кылган эл үчүн, Эр, азамат көгөрөт. Элге келген зордукту, Кантип бенде көтөрөт? Өчпөскө өрнөк сөзүңүз, Өзүңдүн турат көзүңүз. Тогуз жашта чагыңда, Сен барыпсың, атаке, Бирөө эмес жети экен, Күн батышта каардууга, Камоодо калган төрт баатыр, Жүрөгү чер заардууга Жүйрүн дөөнү кошо алып, Сиз келипсиз ушунда. Жообуңду бергин атаке Мен барайын ушуга, Аркаңда уулуң мен туруп, Кандай кеп сиздин барууга? Карыганда сени жиберип, Уйат болом калганга. Кармашып дөөнү кыйратып, Жаадыкөй катын, беш уулун, Чуркуратып ыйлатып, Тартып кызын албасам, Кайраттуусун чоң дөөгө, Качырып найза сайбасам. Кара көктүк сен кылып, Жалгыз уулга кыйбасаң, Туура келбес, атаке, Тукумуң тирүү мен турсам. Картайып калган чагыңда, Алыскы жерге жиберип, Кан жутуп үйдө жатпаймын, Тентитти деп атасын, Жаман атты таппаймын, Атам качан келет деп, Кайгыны башка үйбөймүн, Карыган атам кетти деп, Капа болуп жүрбөймүн. Атасы кетип карганда, Баласы үйдө калды деп, Калгандар айың кылбайбы. Атадан калган нарк-нуска, Кылалбай калсам Сейити, Баарыңа наалат жетпейби, Абийирим менин кетпейби, Өлбөй тирүү бар туруп, Ажалым менин жетпейби! Батаңды бергин атаке, Барайын өзүм жеке эле. Жөнөйүн жалгыз бастырып, Алайын жоону шаштырып, Айаба, ата, балаңды, Чыгарып жолдон аздырып, Айткан сөздөн жазгырып. Жан көөдөндө бар туруп, Ачык жолум шар болсо, Сойуп келем чоң дөөнү, Алып келем алдыңа, Кылжыке аттуу сулууну, Айкөл атам Манастын, Арбагы мени колдосун. Атанын салтын орундап, Азап тарткан эл үчүн, Аманат жандан кечпесем, Арамзада чоң дөөнүн, Аңтарып кардын эшпесем, Эрдинен көзөп тешпесем, Туулбай туна чөгөйүн, Бул көрөкчө өлөйүн, Батаңды бер атаке, Айалдабай жөнөйүн. Айбатым жоого билдирип, Элимди сактап багайын, Эсебин дөөнүн табайын, Башыма сыймык бак консо, Дөөгүрсүгөн чоң дөөнү, Төбөсүнөн басайын, Айтканымды кылбасам, Жер кучактап жатайын, Өзүң айткан кеп үчүн, Уруксат сурап атаке, Алдыңа келдим атайын. Кененим анда кеп айтат: — Эй, кулунум, — деп айтат, Карыганда атаңды, Айаганга ырахмат. Кеткиң келип турабы, Жаш кулунум, ыраактап? Алыска сени жиберип, Канткенде чыдап жан турат? Тынч алганы курусун. Эсимден чыкпай зыркырап, Дал кылаар бекен атаңды, Энең ыйлап буркурап, Улак тартса жаш балдар, Аламан койуп чуркурап, Көрө албай көптүн ичинен, Эки көзү чачырап, Кан аралаш кара жаш, Эки көздөн тамчылап, Жан жүрө албас чөл менен, Сөөгүм катып эт бышкан, Мен барайын Керкитке, Кең кула атты камчылап! Ат камчылап дегенде, Жол койбостон Сейити, Атасынын кебине, Токтоно албай чунагың, Айткан кеби бул эле: — Абалтан ата нускасын, Бүгүн өзүң бузбачы. Чоң бабамдын айынан, Тогуз жашта аттандың, Томуруп сайып тоо алдың, Он төрткө чыгып бул күндө, Толуп жашым мен калдым. Тобо кылып үйдө тур, Толкуну суудай чайкалган, Тоодой болгон доңузга, Токтоп калбай барайын, Бак кылып кадап маңдайга, Баатыр Манас арбагын. Кара жанга күч келсе, Чакырамын атын таап, Андан башка калганын- Бакай, Кошой барларын, Алмамбет, Чубак зардалын, Айтылуу Сыргак балбанын, Семетей бабам, Гүлүстү, Сүттөн ак сөздүү, күн жүздүү, Көй кашканын баарысын, Көп эсиме алармын, Чоң атам менен чоң энем, Эр Сейтек, Куйалы, Унутпаймын буларды. Кандырып суутуп минермин, Телкүрөң сындуу бууданды. Куткарбастан сойормун, Курчалышкан душманды!- Деп айтканда Сейити, Кененим кептен жеңилип, Эки жагын каранып, Казынадан алдырып, Каалаган аты Күрөңгө, Үстүнө токум салдырып, Жоо-жарагын тел кылып, Бар шайманын бүт берип. Карылык кебин баштады. Эр Кененим ээлигип: — Сурасаң, балам, батамды, Айап сенден жатамбы? Анда башка билгеним, Жашырып, балам, катамбы? Айтканымды унутпа, Эсиңе алсаң атаңды. Кармашып жоого барасың, Башын кесип кан кечип, Белсенишсең аларсың, Өлбөй тирүү жан турса, Дүйнөнү, балам, табарсың. Уруксаат бердим сен баргын, Алтын күмүш, зарды угуп, Азар түмөн малды угуп, Алданып ага калбагын, Бир баш үчүн миң болсо, Айдап малды албагын. Кадимтен калган кеп ошол, Карыдан нуска нарк ошол. “Жоо айаган жаралуу, Катыны калат каралуу” Этинде найза тагы бар, Өлбөсө да жаралуу, Угушумча Сулаймат, Укмуштуу капыр чамалуу, Кербендерден келтирип, Карадөөгө бердирип, Өзүнүн элин айардап, Жатканын көрчү мына бу. Андай нечен элдерде, Арамзаада адам көп, Жер жүзүндө бендеде, Сен эрсиң деп мактаса, Дердеңдеп, балам, желденбе. Эсиңден кебим чыгарып, Жаман аттуу болбогун. Алдатып ийип душманга, Карыганда салба атаңды, Арылгыс жаман бушманга. Көөдөгө сыйбас көп санаа, Эрбеңдеген көлөкөң, Мен көрөмүн канчада, Кербенден алган кат мына, Адашпай жолдон басарга. Кербенд алган жол сурап, Катты берди Кененим, Эр Сейити сураган, Атты берди Кененим. — Куруңду сал мойнуңа, Колуңду жай кулунум, Батамды сага берейин, Асман алыс, жер жакын, Айтканды кабыл сен алгын, Жүрө бербей унутуп. Элиңде кары мен бармын. Беттешип жоого барарсың, Белдүүнүн башын байланып, Береним, келе каласың., Бел болсун сага, кулунум, Бели катуу, бек айбат, Берекелүү Манастын, Унутуп калба арбагын. Качырып жоого тиерде, Оозуңа мени албагын, Же өзүңдүн атың чакырып, Кейкилик болуп калбагын. Кыраан төрө көкжалдан, Кыргыздан чыккан арстандын, Баштан айак калтырбай, Кызматын, балам, укпадың. Атаңдын айткан бул кеби, Акылыңдан чыкпасын, Мурунку өткөн эрлерден, Мен болжолдуу жерин укканмын. Алмамбет айтса, акыл кеп, Айкөл албай макул деп, Ааламдан өттү деп угам, Айтканымды унутуп, Как ошондой болбо деп, Кайталап сага тапшырам. Алыска барсаң жол болсун, Арбагы айкөл колдосун, Кыйналган жерде унутпа, Кытайдан келген кыргызга, Кыраан атаң көкжалдын, Кыйаматтык жолдошун. Жаадыңдан, балам чыгарба, Жайдары баатыр Чубакты. Киши унутар эр эмес, Төрө жолборс Сыргакты. Баарысына сыйынып, Кысталыш келсе башыңа, Баарысынан тең сура, Атынан айтып чакырып, Жалына көргүн буларга. Тетиги кыйамат күбө болгуча, Көмүлбөс сөзү дастандын, Тирүүлөй кеткен арстанды, Беш кишини мен айтам. Абам Бакай баштаган, Айкөлдөн калган тукуму, Ак болоттун укулу, Ак калпак кыргыз аркасы, Чоң бабаң Семей болучу. Өмүрлүк бирге жолдошу. Качырса жоону жолборсу, О дүйнөлүк колдоочу, Ак көңүл бенде деп угам, Ак ниет Гүлүс шер ошо. Ак сүтүн берип эмизген, Атагын артык дедирген, Акылы жандан кем эмес, Касиет тапкан бир иштен, Каныкей энем бирге бар, Чоң энебиз ал эле, Унутпай атын билип ал. Перизаттан туулган, Бендеден нике буйурган, Жашы кыркка чыкканча, Беренди күйүп отурган, Айчүрөк энем деп турам. Айчүрөк мага чоң эне, Аппак сүтүн эмизип, Мени баккан өзү эле, Атаңды алсаң эсиңе, Айчүрөк болсун ниетиңде, Унутуп калып аларды, Учураба кесирге, Катышып калып сулуу деп, Катын тандап, жесирге, Сулаймат кызы Кылжыке, Катуу сулуу экен деп, Кербендер айткан далай кеп, Барбайт элем ал жерге, Катын алат элем деп. Өзүм барсам туз буйруп, Алып калсам душманды, Ала келмек болчумун, Ал сулууну балам деп. Сулууну алчу сен элең, Сууруп келчү мен элем. Көңүлүң менден калгандай, Сураган ишиң бербесем, Сөзүм бекер болгудай, Мурунку өткөн нусканы, Калтырбай айтып саа берген. Он экиде Семетей, Оттой жанып түтөгөн. Оолугушуп кол жыйнап, Урушуп бенде түтпөгөн, Он экиде Сейтек, Душманын сайып жоо жеңген. Теминип тулпар элирткен, Канчорону жоготуп, Көксөсүн баскан демиккен. Мен тогузумда аттандым, Томуруп далай дөөнү алдым. Томуктан тайып кеткенде, Бутумду кайра байландым. Ойума алып Манасты, Ошондо чындап каардандым. Жаралуу болсоң, чунагым, Ого бетер каардангын. Жарага, балам, жеңдирип, Сайдырды деп Сейити, Жаман атка калтырба. Ак калпак кыргыз бул элге, Тогуз жаштан мен миндим, Тоодой дөөнү бергин деп. Он төрт жашта сен миндиң. Колдосун Манас арбагы, Алла өзү билбесе, Андан ары калганда. Бата берип кол жайып, Аттандырды баланы. Ак калпак кыргыз алаштан, Жылгындуу Кеңкол, Таластан, Айкөл Манас салдырган, Падышалык алтын так, Сыйкыры артык коргондон, Ак булуттун укулу, Арстан шердин тукуму, Аттанып чыкты ушул чак. Буттай темир курчанып, Бузулуп өңү сурданып, Телкүрөң минип заңкайып, Опол тоодой заңкайып, Казаттан болгон жолу ачык, Хан Манастын тукуму, Кара бойун чыйратып, Караны артык баатырга, Ак калпак кыргыз бүт калбай, Карап турду жардашып. “Ак жолуң кудай ачсын, — деп, Атышып чыккан душманың, Каны суудай аксын”, — деп Батасын берип баары жан, Бала Сейит жаш арстан, Бастырып үйдөн чыкканда. Ырысына ылайык, Минген тулпар жарашкан, Ылдам жүрөт шамалдан. Кайраты артык кара көк, Жалындай күйүп эки көз, Кайраты ыкчам өтө тез, Тирүү калбас сыйагы, Сейитиме болгон кез. Хан Манастын өзүндөй, Каардуу жоого болгон кас, Жалгыз өзү чунагың,, Кара дөө көздөй баскан чак. Сырнайза колго карманып, Айбалта жанга байланып, Туулга башта зоңкойуп, Нөөкөрү бутта чойкойуп, Калканы жондо калкылдап, Айбалта белде жалтылдап, Кылыч кында кыңгырап, Кең багалек балкылдап, Алдында минген Телкүрөң, Алоолонуп алкылдап, Айбатын көргөн баланын, Адамдын баары калтылдап. Көзү кара көмүрдөй, Өңү болот темирдей, Кара бойу сеңирдей, Айдары алтын түрдөнүп, Бабасы Манас сүрдөнтүп, Келген күкүк үндөнүп, Караса көздөн от жанып, Каары толуп жүзүнө, Буттай темир курчанып, Алма баш мылтык ийинде, Кыйналган муңдуу эл үчүн, Калың кыргыз алашка, Кайрылып салам кош айтып, Күн батыш көздөй бет алып Жаш Сейитим баатырдын, Жөнөгөнүн айталык. Бастырып чыккан Таластан, Бурулуп кайта тартабы? Каары катуу чунактын, Мингени тулпар жарашкан, Барган сайын Телкүрөң, Аркардай арыш таштаган. Ооздук тиштеп, тил чайнап, Кулжадай болуп көз жайнап, Учкан куштай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Туйагы тийген канча таш, Кумдай болуп быркырап, Жал куйругу жайылып, Эликтей колу сайылып, Талыкпаган Телкүрөң, Чабына батпай суурулуп, Ысык жерде тер агып, Ат мойунда жуурулуп, Нойубаган кара көк Эки жагын каранып, Койго тийчү бөрүдөй, Ээрди мурун жаланып, Тамаша көрүп кубанып, Таамай үч ай жол тартып. Арада нечен күн конуп, Аркайган бийик тоо ашып, Агыны катуу суу кечип, Адам изин салбаган, Жер сонуну кез келип, Тегерете караса, Эриккен көөнү ачылып, Ар бир шумдук иши бар, Жер жайнаган кушу бар. Башы адам башындай, Көргөн адам корккундай, Түр-түркүнү бир башка, Куштун түрү ушундай. Кетип барат Сейити, Күнү-түнү бир тынбай. Бир теңи бар, теңи жок, Жарты куштар андан көп. Тилин туурап адамдын, Сайраган куш сандан көп. Учканда күндү далдаалап, Чогулган куш андан көп. Түрүн айрып айтууга, Тил жетпесе үн жетпес. Кулпуруп жүнү таанылбай, Куйругу жерге сайылган, Жаралган экен бул жерге, Жан-жаныбар ар кайдан. Канатынын учуна, Күмүштөн чеге каккандай, Куйруктары жалтылдап, Алтындан накуш жапкандай. Мойнундагы жагоосу, Адамзат кармап таккандай. Буруп-буруп сүйлөсө, Булбулдай үнү түрлөнүп, Тамшанып адам калгандай. Салам айтат кишиге, Бул канаттуу жаныбар. Буттары карап асманга, Жаткандары андан көп. Бир куштун жүнү миң түрдүү, Бирөөнүн жүнү бир түрдүү. Балапанын аркалап, Конорума жер жок деп, Наалыганы андан көп. Канаты туруп уча албай, Жалооруган мындан көп. Аш азыгын камдашып, Ашыкканы андан көп. Чырпык талга корголоп, Жер бетинде жорголоп, Кара жанын калкалап, Тула бойун далдалап, Жашынганы чандан көп. Сайраса кулак тундурган, Жер жайнаган куштары, Тил берген эгем аларга, Үнүн уккан уксам деп, Тыңшап калат далайга. Жер бетинен өнгөн чөп, Мөмөлүү жыгач баарысы, Жайнап жатат канчалап, Анар менен дарбызы. Адамзатка керектүү, Ар жемиштин баарысы. Алмасы аттын башындай, Көптүгүнө сан жетпей, Жаңгагы сайдын ташындай, Балжуурандын жалбырак, Башка койгон жаздыктай. Машалары кыңылдап, Кыздардын күзгү баштыктай. Көгөнү койдой конгондо, Үзүктөй бүркүт болжолдуу. Чыкканы койон, бөжөгү, Койону копсо булт этип, Куландай көзгө көрүндү. Кескелдирик чоңойгон, Кере кулач жыландай. Жыландарын карасаң, Керип тарткан желедей. Доңуздары өгүздөй, Коңуздары доңуздай. Чегирткеси чыртылдап, Ырчылардын комуздай. Аралап жүрдү Сейити, Бир жарым ай болжолу. Кайберенин караса, Миңи четтен чыккындай. Аралаш айуу, бугулар, Көрбөгөн эрдин муңу бар. Муңдуу киши кез келсе, Бугусу менен булбулу, Муңдуунун көөнүн ачкындай. Текеси ташта сулаган, Кулжасы курбу тектирде, Куланы кумда чубаган. Өзөнү көп-көп саз болгон, Арасы агын суу толгон. Көлү менен сазына, Өрдөк менен каз толгон. Чалкыган дайра суу болгон, Балыгы сууга жык болгон. Өзөндөгү сазына, Өрдөк менен каз конгон. Кыргоолу токой оттогон, Тоодагы түздө топтолгон. Кара боор, кыл куйрук, Каркыра менен суучулдук, Кадимки малдай топтогон. Бытпылдак менен таркылдак, Таң атканча таркылдап. Эчки маарап эчкирип, Ызгычтары ызылдап. Киши көрсө тызылдап, Мөңгүдө улар чакырса, Бадалда элик бакырат. Тозу менен тоту куш, Түз жеринде калкылдап, Молдо торгой, сандыгач, Үнүнө чыдап тура албай, Бакасы көлдө бакылдап. Сагызгандар шакылдап, Чакчыгай туурап чакылдап. Желип жүрөт ач күзөн, Тилин салып акылдап. Ителгиси баркылдак, Кузгундары каркылдап. Жыйнай албай канатын, Кыжырлары далпылдап. Чөбү жашыл гүл болгон, Чечекей чыгып түр болгон. Тулаңы чирип күр болгон, Жекени сууда жалтылдап, Бойунда камыш былкылдап. Кара-кыйак, буудай баш, Бетеге, шыбак аралаш. Жылтыркан менен кызгалдак, Кашка беде, тарак баш, Жыйылып төштө булаган. Жаба беде, айуу чач, Кемирчек менен мандалак, Сазында турат канчалап. Балтыркан менен ышкыны, Боордо турат самсаалап. Көркүнө чыгып төшүндө, Кайыңы өскөн көкөлөп. Кара терек, жерге тал, Бири-бирине карындаш, Карагай, арча, четини, Чыккан экен аралаш. Чыккан чынар, тоодагы, Короо ордундай жерди алып, Көлөкөсү турганы. Ар коктудан шаркырап, Агып жаткан суулары, Обон салып шылдырап, Жылгасында булагы. Таштан-ташка секирип, Боз кийиктин улагы. Дайрасы агып ташыган, Кундузу сууга жашынган. Мелтиреп көлдөй дайрасы, Балыгы ойноп баш болуп, Суу айбандын канчасы. Дүрбү салып карады, Жаш Сейити арстаны. Көз жиберип караса, Жээктеп түлкү жойлогон. Кашкулак, мадыл окшошуп, Адырында ойногон. Карышкыры кабышып, Токойдо жолборс алышып, Сүлөөсүн менен суусары, Жыла басып жарышып. Айуулары саксаңдап, Кара кулак шер жүрөт, Жеп ийчүдөй чакчаңдап. Жолборсу турат суналып, Илбирси басып чубалжып, Төө куштар жүрөт кокчоңдоп, Кара кунас суу бойлоп, Басып жүрөт чокчоңдоп. Суу уйлары бултулдап, Суу иттери мултулдап, Кел арс менен батмачык, Кырс-кырс этип култуңдап. Пилдери турат томпойуп, Момолой чуркап молтойуп. Төөлөрү жүрөт суу бойлоп, Куйруктары чолтойуп. Аккуулар жүрөт калкылдап, Суу бойлоп аң ыр аңкылдап. Илек-илек, көккытан, Канаттары салпылдап. Айкөлдүн уулу жаш Сейит, Желип чыгып кашатка, Боосун алай мойнунан, Жолго салчу дүрбүсүн, Сууруп алып койнунан, Кара көзгө салды эле, Кайкалап карап калды эле. Созулган саздын бетинде, Түштүк жактын четинде, Жеңдей жээрде аты бар, Жездей сары өңү бар. Сазды бойлоп, каз кармап, Суу бойунда бир жан бар. Көрүп Сейит таңданып, “Кайдан жүргөн киши? — деп, Бар беле иши мында, — деп, Байкайынчы деги” — деп. Көмүскөнү бет алып, Көөмөйдө карап турду эле. Аты менен тап берип, Каз оңолуп учканча, Кармап алды үч-төрттү. Канатууну ат менен, Кармаганды ким көрдү, Эр Сейити бир көрдү. Эрмекке салып турнабай, Эрикпей карап олтурду. Аңдып келип каз кармап, Айлана карап көз жайнап, Элеңдеген жалгыз жан, Казды байлап жатканда: — Ай, ай, киши токто, — деп Сейити келди ошондо. Шашыла минип атына, Желип чыгып кашатка, Тура калып сеп айтты: — Жаныңдан тойгон сен кимсиң, Жашырбай сөздүн чынын айт. Жалгыз жүргөн кишисиң? Жайын айткын ишиңдин, Менден бетер жалгыз жан, Жаан кезип жүрүпсүң. Көк өзөндүн түзүндө, Бар эле сенин не ишиң? Баатыр Сейит кеп айтат: Тегимди терип кеп сурап, Ой, киши, деги сен кимсиң? Менин жайым сурабай, Өз жайыңды билгизгин. Жыргалдуу киши кептенип, Жылжыган саздан каз уулап, Жайдак атчан, жалаң тон, Жалгыз жүргөн сен кимсиң? Мингениң жээрде чын тулпар, Байкасам өзүң бир шумкар, Кайдан келген кишисиң? Жан жүрбөгөн жапанда, Эмне кылып жатасың? Жабыгып мында жүрүпсүң, Не жумушуң бар болсо, Жашырбай, жигит айткының. Андан кийин кайткының. Ээси кимдир бул жердин? Улугу кимдир бул жердин? Жердин аты, эл аты, Айтып бергин, баатыр, деп, Сейити минтип сурады. Анда жигит муну айтат: — Жери менен элимдин, Жайын айтам билгиниң, Сен сурадың, мен айтам, Кулагыңа илгиниң. Өзүмдүн жайым сурасаң, Жайы менен кышына, Үч жылдан бери мен турам. Кең керкиттин шаары дейт, Каапырлардын эли дейт. Хан тактаны ээлеген, Сулаймат анын ханы дейт. Мындан мурун Керкитте, Элинин баары бай болгон. Кем-керчи өөнсүз, Көңүлдөрү жай болгон. Бирок азыр бул жерге, Айбандан башка жан жүрбөйт. Түндүк жаккы четине, Карадөө деген ээ болгон. Арам өлгөн доңуздун, Кайсы жактан келгенин, Анык аны жан билбейт. Каарынан качып бул жерге, Адам уулу түк келбейт. Бул капырдын заарынан, Какшады кыйла адамдар, Жанын багып жай жаткан, Жабыр салды тынч элге. Колуна тийген кишинин, Тирүүлөй этин чийки жеп. Кыйалы бузук кысталак, Кыйноо салды көп элге. Кылыктуу нечен кызды алды. Суктантып ичти күйгүзгөн, Сымбаттуу эчен узду алды. Азар түмөн, арбын мал, Алтын, күмүш зарды алды. Кыйындын баары кысталды, Адамзат бендеге, Армандуу жаман күн салды. Кыйналды кылым мындагы, Кысталак өзү мыкаачы. Керкиттин элин мыкаачы, Ар жылында бир талайт. Хан Сулаймат дегендин, Жалгыз кызы Кылжыке, Суктанаар сулуу ал эле. Куйдуруп арак ичем деп, Тартып алды жөн эле. Беш күчүгүн ээрчитип, Кан жыттанган бул доңуз, Айкырып элге чуу салат. Күн батышта бүткүл эл, Каарынан коркуп сандалды. Аттанып алыс жол алды. Ат арытып жол басты. Каары менен жүдөтүп, Канча түрдүү шаар алды. Арбын дүйнө мүлк алды, Кудуска барып кол салды, Коркутуп туруп олжо алды. Беттешип бенде чыдабай, Белдүүдөн эчен эр өлдү. Элин талап бүлүнтүп. Ордодо баккан ардактап, Эки түгөй сулууну, Тартып чочко дагы алды. Кудус менен Багдаттан, Тандалган сулуу кыздардан, Алтынай менен Чолпонай Бул экөөнү тең алды. Сүйгөнүм менин Алтынай, Күйгүзүп ичке чок салды. Өзүмдүн атым Жетилбай, Алдырган Алтын дартынан, Азапты тарттым мамыңдай. Паашалык тактан ажырап, Же Алтынайды алалбай, Армандуу болуп турган жан, Жапанда жүрөм мамындай. Каардуу каапыр чочкого, Кармашкан менен ал келбей, Каалаганым Алтынай, Же колума тийип ал келбей, Өзүм Багдат улугу, Тарттырдым дөөгө сулууну. Жашырбай айтсам чыны бу, Ичке толгон муңум бу. Өлөйүн деп өлө албай, Өз жанымды кыйа албай. Тентип жүрөм жаталбай, Менин жайым ушундай. Ойрон кылчу чоң дөөнү, Омуруучу табылбай. Теңдикке жетпей калдым мен, Жан кыйнадым жаш тыйбай. Нечен түндү өткөрдүм, Кирпик ирмеп көз жумбай. Жалгыз жатып жапанда, Таттуу уйкуга көз жумдум. Уйкуда көзүм жумулуп, Жаталбай турам удургуп. Мингени кула Койонбоз. Түшүмдө калды жоголуп. Салынганы байандос, Ат жарагы баары кооз. Жоо жарагы келишкен, Көркүнөн киши жалтанып, Жүрөгү чыгып өлгүндөй, Кийгени аппак буладан. Агарып тиши кылайган, Адамдан сонун келбети. Түшүмдө көрдүм ал өңдүү, Келишкен сонун бендени. Кейишти тартып өң кетип, Кеберсип ээрдим турганда, Көргөн киши жаныма, Түз бастырып келгени: «Жаш экенсиң жан кыйнап, Мында жатпа сен, — деди. Керкитке баргын жол тосуп, Жолугаар сага ошондо, Эр Манастын тукуму Сейитине жолугушуп, Ага айткын сырыңды, Калтырбай ичте муңуңду. Арбагы Манас жар болсо, Алла таалам колдосо. Алып берет колуңа, Ашык болгон сулууңду». Муну айтып ал киши, Көрүнбөй көздөн кубулду. Аны менен бул жерде, Тентип жүргөн жайым бу. Ошол күндөн бер жакка, Жол кардым бир тынбай. Эриккенде чара жок. Эрмек үчүн каз куубай. Энеси качыр медеси, Атасы жылкы асылы, Атымдын жайы мына бу. Мен жолуккан кишиден, Аты-жөнүн сураймын, Сөзүн байкап угамын. Көөнүмө сөзү жакпаса, Кулак салбай жөнөймүн. Мен андыктан жалгыз жан, Көзү көргөн таң калып, Жашырынбай келсин деп, Каз-өрдөктү кууймун. Каалаган кишим кабылса, Алтынайым табылса, Мен ошого кызмат кыламын. Жайын айтып жабырап, Же тынбай калды токтолуп. Жайдары Сейит жаш арстан, Жайын угуп кебинин, Тим эле жаман кейиди. Айтмак болду жашырбай, Түп атасы, тегини: — Жетилбай жигит кулак сал, Ата тегим, өз атым, Айтайын өзүң билип ал. Чоң атам айкөл шер Манас, Жерибиз Кеңкол чоң Талас, Элибиз кыргыз көп алаш. Өзүмдүн атым сурасаң, Жаш Сейити он төрт жаш. Менин жайым баамдап ук, Анык жайым сага мен, Ачык айтып берейин. Ата-тегим кыргыздан, Билдирейин сага мен. Жетилбайым кулак сал. Кара кыргыз калкынан, Түп атабыз Бөйүн хан, Бөйүн хандан Чайан хан, Чайан хандан Карахан, Карахандан тараган, Кадырлуу тууган Орозой, Орозойдун он уулу, Аксакалы Жакып хан. Хан Жакыптан туулган, Ааламга аты угулган. Жайдары тууган жаш Манас, Арстан Манас тукуму, Абаң Семей болучу. Каңгайга маана чеп болгон, Көкбука минген түгөнгүр, Жалгыз көздүү Мадыкан, Көмө чаап аны алган; Кол айдап келип Коңурбай, Сайдырып ийип кур калган. Он эки сан Жедигер, Курчаган колун майтарган. Айчүрөктөй узду алган. Күн батышта маңгытты, Маңдайда көзү жалгызды, Желмогуз деп аталган, Аны да сойуп даң алган. Бараңдын элин куткарып, Тартууга далай мал алган. Кайып болуп он төрт жыл, Кайтып элин сураган. Арбагы тирүү Семетей, Таңданып дүйнө байкаган. Өз-жат дебей чуу салган. Жакып ханды жалмаган, Абыкени аймаган. Көбөштү көргө киргизген, Көкжалдыгын билгизген. Калайыкты чайкаган, Анткор Семей болуучу. Арстан Семей тукуму, Эрекче баатыр эр Сейтек, Серпишкен жоодо шер Сейтек. Бозум түлөк чагынан, Ат көтөрбөй жөө жүрүп, Алп атанган ал Сейтек. Курсакта жетим жаш калып, Он экиде жашында, Жедигерге чуу салып, Тактылуу Кыйаз ханды алган. Күн батыш түштүк элине, Өз эркинче чуу салган. Денеси чойун таш болуп, Найза кылыч батпаган. Өзүнүн аты Сарыбай, Кутургурду кошо алган. Ээн калган Таластын, Тактасын ээлеп болгон хан. Сейтектин баласы, Жалы артык жаралган. Жалаңгыч Сарык аталган. Алп бүткөндүн баарынын, Башын кесип жан кыйып, Суу ордуна кан ичип, Дарыйадай кан кечип, Тогуз жашаар - он жашаар Ойноо бала чагында, Жарагы жок колунда, Сооту жок жанында, Түптүү чынар кармаган, Сайчу найза ордуна. Жыйналып жаткан жети алптын, Жазганбай тийген тобуна. Өз атам менин Кененим, Кылганы элге дүң болгон. Башы жылан тили адам, Сегиз миң жыл жашаган. Көөдөнүндө жаны бар, Көчүгү кара таш болгон. Бүткүл дүйнө кылымды, Былк эттирбей сорчу Жер жүзүндө сыйкырчы, Мааналап жаткан тетиги, Кара деңиз аралда, Жүйрүн дөөнү жалмаган. Чай, Чүй, Букар, Шаңкайлык, Кутулуп мындан калбаган. Кызыл чапан, жайдак төш, Тирүү кудай колдоочу. Дамбалы жок молдосу, Асманда учкан канатуу, Карга кузгун коргоочу, Ошого барып кол салган. Коркутуп туруп алардан, Гүлгаакыдай кушту алган. Карааны кайып көрүнбөс, Сумурукту куткарган. Короосон, Ооган, Испандык, Кор кылып баарын айдаган. Анык байкап билгиниң, Сынган бутун байлаган. Атамдын жайы ушундай. Өзүмдүн атым Сейит, Кең Таластан келемин. Мында келген жумуштун, Жайын айтып берейин. Аттанып жалгыз жол жүрүп Шашып мында келгенмин. Ачыгы ушул сөзүмдүн, Угуп алгын Жетилбай. Кузгундары куу алсын, Карадөөдөн кутулуп. Куураган элиң кубансын. Каркырасы каз алсын, Кармашаар жоого мен бармын. Карыганда атакем, Кабарын угуп чоң дөөнүн, Каарданып аттанган. Кабарын андан эшитип, Атамды үйдө калтырып, Телкүрөң сындуу ат минип, Теңдешээр жоого келатам. Ырас чынын айтканда, Карадөөнү кыйратып, Катын-кызын ыйлатып, Эркек уулун чуулатып, Какшаган элди жыргатам. Кайгылуу сендей кишиге, Каралдуу болоор мен эрмин. Ашык болгон сулууңду, Колуңа алып беремин. Кысталак чоң дөөнүн, Сулаймат кызы Кылжыке, Жараса жагып көөнүмө, Тартып өзүм аламын. Кыйнаган элди чочкого, Айабай бүлүк саламын. Кабылан Манас элинен, Кадырлуу Талас жеринен, Ат арытып, он жыртып, Ал үчүн келе жатамын. Кан ичме чочко капырдын, Теңинен кесип, баш алып, Канын төгүп койомун, Капалуу Керкит көп элди, Азат кылып койомун. Сейити кебин укканда, Түш көрүп тоскон кишиси Жолунан утур чыкканда, Эр Жетилбай сүйүнүп, Атынан түшө жүгүрүп. Жетине албай Жетилбай, Колу боордо жүгүнүп: “Аты болсо Сейити, Атасы болсо шер Манас, Бул түшүмдө көргөн кишимби? Оңолгон менин ишимби?” Сейитти кучактап, Сагынышкан немедей, Агып жашы буурчактап: — Үч жылдан бери жол сактап, Айланайын Сейити, Көрдүм бүгүн бетиңди? Бендесин өзү кар кылбай, Первердигер жеткирди. Белиңди салып бекем ук, Менин айткан кебимди. Эки жылга жете элек, Эмгичекти кете элек, Мендей жалгыз бир келди. Эбегейсиз тең келди. Кудустан келген Чолпонай, Сүйгөнүм эле деп келди. Карадөөнү какшатып, Сулаймат кызы Кылжыке, Тартып алам деп келди. Байанын уксаң баатыр шер, Сулайматтын шарты бар. Анын шарты мамыңдай, Калың малдын ичинде, Карадөөнүн каны бар, Кара деңиз аралын, Сырын айткан жайы бар. Көк күмбөздө көөхарга, Барар иши дагы бар. Канаттуудан Сумурук, Кармап бериш жана бар. Шарты кыйын мамыңдай, Ала албай эч бир жан, Ошолорду кыла албай. Кудустан келген кишинин, Жайын уксаң баатырым, Деңиздин суусун кечиптир, Көк күмбөзгө жетиптир. Барган менен күмбөздөн, Көөхарын ала албаптыр. Эми Сумурукту табам деп, Хан Сулаймат шартынан, Калтырбай баарын орундап, Анан кызын алам деп, Адам билбес бир жерге, Алыска кетти ыраактап, Келип кетти коштошуп, Мени менен кулакташ. Келген Кудус жеринен, Алп мүчөлүү шаңданган, Сөөгү балбан келишкен, Курсагы анын тойбогон, Кедейден туулган неме экен. Теңдикке алып Кудустук, Кызын буга бербеген. Кудуста сулуу Чолпонай, Карадөө тартып келгенде, Эрдигине чыдабай, Эрегишип ал келген. Көөхарды таап алса да, Дөөгө алы келбеген, Экөөбүз далай муңдаштык, Муң чечишип сырдаштык. Көкбука ат бул кезде, Көпкөк деңиз жээгинде, Мен жүрдүм, баатыр, бул жерде, Кедей да болсо Көкбука Кереги тийчү эр эле. Эңишке чыкса беттешип, Неченди жыгаар неме эле. Чолпонайды алдырып, Чок болуп жүрөт күнүгө, Көкжал баатыр береним, Көзүңдү сала жүрөрсүң, Черлүү карып биздерге, Кызматын кылып ат токуп. Ажырабай жүрөлүк, Арстан Сейит биз бирге. Жетилбай мындай дегенде, Анда Сейит кеп айтат: — Кебиңди уктум Жетилбай, Черлүү байкуш экенсиң, Чечинип үйдө жатпаган. Кээрлүү байкуш экенсиң, Кебиңди байкап түшүндүм, Сээрлүү байкуш экенсиң, Жан кыйнаган намыска, Дээрлүү байкуш экенсиң. Кара деңиз аралын, Каптап кечип өтөмүн, Көккүмбөздү талкалап, Кохарын алып дорболоп, Кармап алып Сумурук, Сарамжалын бүтүрүп, Орундап шартын ханыңдын, Мен Кылжыкени аламын. Карадөөнү сойойун, Талпагын башка керейин, Жазасын анын берейин. Каргаша болгон доңуздан, Калкалап элди койойун. Кылаарым менде бул жумуш, Бүткөрөмүн ушуну. Эр кишиге, Жетилбай, Ошол дагы жумушпу? Мүшкүл десең бул ишти, Көрбөйсүң мындай жумушту. Арстандын кебин укканда, Жетилбай жаман сүйүндү, Өрттөнгөн жүрөк басылып, Өзөгүндө зырылдап, Токтобой акты кара тер, Бүткөн бойдон жымылдап. — Эр Сейити айтарга, Жана сырым жана бар, Көкбука балбан бул кезде, Жолуңду тосуп сага зар. Көккүмбөздүн талаада, Күйүп жүрөт Көкбука. Мен түшүмдү айтканы Сүйүнүп жүрөт Көкбука, Сейиттин жүзүн көрсөм деп, Көп жылдан бери жолуңда, Алп кара куш Сумурук, Карып болуп кайран куш, Карадөөнүн колунда, Камалуу турат торунда. Бул дагы сизге ынтызар, Эки көзүн ирмебей, Тиктеди сенин жолуңа. Ошол жерге Сейити, Беш баласын ээрчитип, Ат көтөрүп жүрө албас, Дөөлөр келип кеткени. Арадан эки күн өттү, Кырк күндө мында бир келет. Кырк күнгө толбой ал келбейт. Каарынан коркуп чочконун, Көк өзөндүн түзүнө, Адам эмес айбандан, Басып тирүү жан келбейт. Сыртынан ээлеп бул жерди, Бетине чыккан чөбүн да, Оттотуп малга жедирбейт. Чирип калса ыраазы, Жемишин жерден тердирбейт, Мөмөсүн элге алдырбайт. Тилимди алсаң, көкжалым, Ат өргүтүп алалы, Анан жолго салалы, Атактуу сулуу Кылжыке, Анан издеп табалы, Каршылашса Карадөө, Канын төгүп салалы. Сулаймат кылып арипти, Күлүктү салса жеңишке, Жеңдей жээрде чабабыз. Сыйкыры артык Көк күмбөз, Талкалап аны чагабыз. Аттуу балбан салышса, Намыска жарайт Көкбука. Деңизден балык тартарда, Абыл барат аралга. Балыкчынын баласы, Баатыр эле атасы. Жөн эле жүрсө өзү жай, Суу бойлоп жүрсө тор жайып, Өлтүрүп койгон мыкаачы. Атамдын кунун кууймун деп, Келиптир мында баласы. Чама жетип, чарк келбей, Каралап жүрөт чамасы. Келип кетип кала албай, Тынбай жүрөт санаасы. Убара болуп барбайсың, Бешенең артык көкжалым. Белсенишсең далайга, Баарыбыз дайар артыңда. Жайын айтып жабырап, Жашырбай айтып бажырап. Ат өргүтүп жатышты, Орун алып, от жагып, Жан казанга дөбөлөп, Аркар эти, кой эти. Каз өрдөк этин салышып, Таң ашырып аттарын, Эт, сорпого малмырап. Ат өргүтүп ал жерде, Алты күнү дем алды. Абыдан канып тойуту, Аралда жатып жай алып. Өздөрү өргүп бой сергип, Аттарын токуп термелеп, Эр Сейити, Жетилбай, Эми жатып ала албай, Жарыша чаап жаш балдар, Сулаймат ханга бармакка, Андан кабар алмакка. Андан кийин чоң дөөгө, Атышып анан бармакка. Ана-мына дегенче, Ачып көздү жумгуча, Кең Керкиттин шаарына, Хан Сулаймат айлына, Салып кирип барышты. Уруксаатсыз жан кирбейт, Сулайматтын үстүнө. Чойун баш кылыч алышып, Сакчылары токтотуп, Балдардын жайын сурады: — Кайдан келген жансыңар, Энтелешип көзгө илбей, Ээнбаштык кылдыңар. Хан ордого ат салып, Шылдың кылыш мунуңар. Кебиңдин айткын чындыгын, Деп, муну айтып сакчылар, Үрпөңдөшүп турду эле. Сейити анда муну айтты: — Алыстан келе жатабыз, Убайым тарткан эл үчүн, Ханыңдан кабар алабыз, Урматы үчүн ханыңдын, Келип турган балабыз. Урматташса Сулаймат, Убадасын алабыз, Кабар кылгын ханыңа, Учурашып жанабыз. Каарынан жадап сакчылар, Каш кайтараар чама жок. Ашып-шашып жүгүрүп, Сулаймат хандын алдына Эки сакчы барды эле. Тоңкочуктап жүгүнүп, Каадасынча байкуштар, Кол куушуруп турушту. Кобурап кебин угузду: — Касиеттүү ханыбыз, Жакшыбы сиздин алыңыз? Эсенби дени-кардыңыз? Алдыңа келген чагыбыз, Айтканга кулак салыңыз, Сизге айтар сөзүбүз. Катасы болсо орунсуз, Кечирим кылып койуңуз. Эр уулундай дөөгүрсүп, Эки киши бир келди. Эшиктеги сакчыны, Чымындай көзгө илбеди. Каары катуу сүрдүү адам, Өңчөй өкүм мингени, Абдан сурап билбедик, Бул жердик эмес түрлөрү. Эшиктеги көп сакчы, Жүзүн көрүп сүрдөдү. Кыйытып айтып сурасак, Кылча жооп бербеди. Уксаңыз кепти бизден, — дейт, Жооп алып бер сизден, — дейт. Көрүшөбүз сизге деп, Айтканы бизге ушул кеп. Ардактуу азиз ханыбыз, Арызына кулдардын, Жооп бере салыңыз, Жоопсуз чыксак эшикке. Төгүлөт биздин каныбыз. Калбайт го биздин жаныбыз, Кесилип кетет саныбыз. Көзүңүз менен бир көрүп, Ким экенин тааныңыз. Келсин деген ишарат, Хан Сулаймат бериптир. Кетенчиктеп чыгышып, Энтеңдешип жүгүрүп: — Кирсин деди сиздерди. Жообун айта салышты. Сакчыдан кабар алышып, Хан ордого барышып. Дайар турган жигиттер, Колтуктап аттан алышып, Эшик ачып кирерде, Өкүм өскөн чунагың, Эңкейип койбой ханына, Эр экенин билгизип, Сурданып баатыр кириши. Сулайматтын үстүнө, Удул басып бет бурбай, Кирген бенде болбогон. Кирип калган бенделер, Боору менен сойлогон. Эшикте турган жигиттер, — Эрежебиз бойунча, Тышкы кийимди чечкиле, Эңкейип анан киргиле, Мындай айтып ийди эле. Жетилбай сүрдөп чечинип, Жеңин колдон чыгарды. Өкүм өскөн Сейити, Камчысын сүйрөп түз басып, Каадасынча кыргыздын, Эңкейип койбой киргенде, Үрөйү учуп Сулаймат, Опколжуп жүрөк кабынан, Ордунан тура калганы. Жүрөгү туйлап апкаарып, Түз карабай жалтанып, Көрсөтүп орун ашыгып, Опсуз жаман шашылып, Каадасынча балдарга, Курма, үзүм, балык эт, Аш-тамагын жай берди, Аңгеме согуп азыраак, Дем алгыла конок деп, Азиздер жатчу сарайдан, Абдан жакшы жай берди. Жасоолдорун чакырып: — Келгиле, — деп бакырып, - Алып барып мейманды, Абдан жакшы күт, — деди. “Мындан мурун кишиге, Ийилбеген Сулаймат, Буларды неге мынчалык, Артык сыйлап калды?” — деп Айран калды жасоолдор. Макул болуп жүгүндү, Меймандарды күтүштү, Ханга башын бүгүштү. Мейманкана сарайга, Алып барып киргизди. Алдына салып байандоос, Асыл көкжал тукумун, Ардактап булар күтүштү. Эртең менен болгондо, Эр Сейити, Жетилбай, Сулайматтын ордого, Ээрчий басып киришти. Дасторкону жайылып, Сын чайын кана ичишти. Дасторкону жыйылып, Аңгемеге киришти. Хан Сулаймат кеп сурап: — Келипсиздер баатырлар, Буйум-терим ишиңер Бар беле бизде? — деп сурап. Бала Сейит кеп айтат: — Керкиттеги көп элди, Кан ичме каапыр Карадөө, Кыйнап жатат деп уктук. Алтын, күмүш дүйнөнү, Жыйнап жатат деп уктук. Сулуу кызын зордуктап, Алып жатат деп уктук. Хан Сулаймат өзүңдүн, Таруудай жалгыз кызыңды Тартып алды деп уктук. Эл жайлоочу өзөнгө, Жатып алды деп уктук. Шаарыңан барган кербенден, Дайынын угуп оолуктум, Таластан келдим аттанып, Таамай үч ай жол тартып. Калкыңдын көрүп караанын, Жериңдин көрүп баранын, Бир-бирден уктум түп жайын, Артылып сенден Карадөө. Кудуска колун салганын. Багдат менен Кудустан, Эки кызын зордуктап, Тартып алып келгенин. Кордук тарткан көп элди, Куткарып мындан аламын. Алып берем баарыңдын, Алтын, күмүш заарыңды. Кетиремин Керкиттен, Доңуздан көргөн арыңды. Он төрткө жашым толгон кез. Ойулуп турган чагым бул, Эңкейип жоодон жеңилбес. Эзелтен атам Манастан, Энчиге калган багым бул, Багдаттык сулуу Алтынай, Күйгөнү экен мына бул. Көңүлүңдү Алтынай, Сүйгөнү экен мына бул. Талабына жеткирем, Тартып берип сулууну. Кеңешиң болсо бериңиз, Келип турган жайым бу. Жаш арстан айтып токтолду, Керкиттин ханы Сулаймат, Акыл ойлоп жоктоду. Манастын атын укканда, Опколжуй түшүп токтолду. Сулаймат сөзү бул болду: — Уктум бала сөзүңдү, Көрүп турам өзүңдү. Чыңалган темир жүздөнүп, Өрттөй жанган көзүңдү, Манастын уулу экенсиң, Дайындадың өзүңдү. Таң калдым бала кебиңе, Кененим барбы элиңде? Жаш чагында ал баатыр, Келип кеткен элиме. Арстан Манас тукуму, Эзели жоодон качпаган. Арасы алыс болсо да, Ырааксынып жатпаган. Кайдан келген Карадөө, Дайынсыз келди бул жерге. Эбегейсиз чуу салды Ээн жаткан көп элге. Жазында эгин салдырбайт Күзүндө түшүм алдырбайт. Жан алуучу бул чочко, Элге оокат кылдырбайт. Эсептеп жүрүп ай-күнүн, Жыл маалында бир талайт. Аңтара карап каш серпсе, Өлтүрүп аны кан жалайт, Айлабыз кетти керкиттик, Буга даба табалбайт. Кененим элде бар дедиң, Кимисинин уулусуң, Өз дайыныңды айрып айт. Карадөөнүн колунда, Чандандын көзү жайналуу, Түртүшүп калсаң доңузга, Буга даба табылбайт, Камоодо турган сулуулар, Кайгыдан көзү жалындайт. Жалгыз кыз Кылжыке, Арак сунат ал дөөгө, Эл башкарган зоруңду айт, Өз атаңды танбай айт, Хан Сулаймат баладан, Байламталуу кеп сурайт. Хандын кебин укканда, Баатыр Сейит тура албайт. Атасы баатыр Кененим, Айтуудан атын уйалбайт: — Мен ак калпак кыргыз элинен, Кармашкандан качпаган. Кан жуткандын бири мен. Ак калпак кыргыз туурумун, Кененимдин уулумун. Мен турбаймын бул жерде, Кургак сөзү курусун, Бачымыраак бүтүрөм, Карадөөнүн жумушун. — Андай болсо Сейити, Карадөөгө барып кел, Каардуу уруш салып кел. Күмбөздөй башын байланып, Көөкөрлөп канын алып кел. Жалтанбаган жаш бала, Жетилбайды ээрчитип, Карадөө көздөй кеткени. Ал кезекте Карадөө Колу- бутун карматып, Куйдуруп алып аракты, Сундуруп койуп шарапты. Арак деген талакты, Жаткан кези кутургур. Тамашага көөнүнчө, Баткан кези кутургур. Бастырганын чоң дөөнүн Баарын байкап угуп тур. Арак ичип мас болуп, Ала күү болгон кезинде, Эл баргызбай коруучу, Көк өзөн түштү эсине, Эсептеп күнү санаса, Толуптур күндүн санаты. Жерин чардап көрүүгө, Карадөө жөнөп калыптыр. Карарып күйгөн от келсе, Карсылдап калың ок келсе, Ажыдаар сүрдүү эр келсе, Айыгышкан шер келсе, Апкарууну билбеген. Айгайлаган жоо келсе, Жер каптаган суу келсе, Соо кетпеген чоң доңуз. Суу ордуна уу келсе, Солк этүүнү билбеген. Тоо бузулуп таш кулап, Жер силкинип дүркүрөп, Чагылган огу жалтылдап, Булут көчүп күркүрөп, Кыйамат кайым болсо да, Кыйшаңдашты билбеген. Күн бузулуп, ай күйүп, Зил-зил болуп кетсе да, Селт этишти билбеген. Кан жыттанган бул доңуз, Кашаттан чыгып караса, Кандуу кылыч байланып, Эки караан кең сазда, Келе жатат жанаша. “Кайдан келген ээн баш? Керкиттин эли эң бейбаш, Ээн баштык кылгандын, Эми көзү болсун жаш!” Көзүнүн оту чачырап, Кап, сени деп каарданып, Азуулары качырап, Найзасын күүлөп сундуруп, Көмөлөтө сайам дейт. Көөдөнгө найза батырып. Чоң дөөнүн үнү чыкканда, Жетилбай кетти шашылып: — Келип калды Карадөө, Кантебиз эми баатыр? — деп. Кеп кылалбай ашыгып, Аңгычакты Карадөө, Жакын келди качырып. Ак булуттун укулу, Ал Манастын тукуму, Каары катуу чоң дөөнү, Кадигине түк албай, Кош болуп турган кенебей, Келе жаткан эмени Бучкагына теңебей. Баатырың найза колго алды. Бадиректи элебей. Телкүрөңгө камчы уруп, Манастап ураан чакырып, Ажыдаардай балапан, Алдынан чыкты качырып. Мингени тулпар Телкүрөң, Кош кулагын жапырып, Араандай оозу ачылып, Аркадан чыккан тозоңу, Жөө тумандай жазылып, Төрт туйагы тийген жер, Жер очоктой казылып, Ооздук тиштеп, көз жайнап, Опсуз күлүк Телкүрөң, Жүгүрөр чагы болуптур. Айкырыкты укканда, Ат дүбүртү чыкканда, Аңырайган чоң доңуз, Арбак урган чочконун, Карашына жараша, Келе жаткан белдүүнүн, Көрүнүшү бир башка: Кара чаар жолборсу, Бирге келет жанаша, Жолборстору кабышып, Эки түгөй сур бөжөк, Үзөңгүгө жабышып, Эки киши келатат. Суулугунан алышып. Сойлоп жүрөт ажыдаар, Ийининен башын артышып. Көрүнбөйт киши бул түрдүү, Ат сүрөшүп келатат. Адамдары эң сүрдүү. Жалгыз болбой дүбүртү, Он эки аттын дүбүртү. Мингени жорго чайпалган, Ак сакалы жайкалган. Алп кара куш сүрдөнгөн, Жанына келет бир адам, Жат душмандын көзүнө, Жанашкан экен Бакай хан. Уй куймулчак Сарала, Уйулгуткан бирөө бар. Жалгыз эмес жана бар. Көпкөк темир кийинген, Карааны тоодой көрүнгөн, Келе жатат бир адам, Жандап ураан чакырып, Жанында келет Сыргак хан. Караанын мунун көргөндө, Калтырак кирди чоң дөөгө, Баланы көрүп ыраактан, Кармашаарга жоо болсо, Тарамышын чыйраткан. Кан ичме капыр Карадөө, Далайды сойуп кыйраткан. Катындарын тул кылган. Калайыкты кул кылган. Кармашканын буй кылган, Кара башын муң кылган. Каары катуу, кан ичме, Качырып кирди чамынып. Кандуу найза кармашып, Кандим болгон баатырлар, Качырып найза сайышты, Как жүрөктүн тушу деп. Өлөр жерге малышты. Өпкө, боорго тийгизбей, Найзаларын кагышты. Кара жаак айбалта, Кармап колго алышты. Качпай туруп салышты. Уйутуп койгон көк темир, Көмөрүп кийген башына, Туулгасын жарышты. Кара темир айбалта, Чапканына чыдабай Уңгусунан жарылып, Сабы колдо калышты. Кылычты кындан алышты. Кыйырдашып турушуп, Кыйандуу жерге урушуп, Кылычтын мизин кыйратып, Кычыратып, тиштерин, Куйкалары курушуп, Күлүктүн башын бурушуп, Жакадан кармап булкушуп, Соотторун булушуп, Эрекче башка эрлерден, Бул экөө башка урушуп. Түп этектен алышып, Түрө кармап тартышып, Үзөңгү боого басышып, Аттары үзүп кете албай, Турду булар майышып. Жандан тойгон эрлердин, Көкөзөндүн түзүндө, Жаман болду жумушу. Капыр чочко Карадөө, Жан алчудай урушту. Чабышына чыдабай, Алдында минген аттары, Төрт айагы бүгүлдү, Карап туруп Жетилбай, Кара жандан түңүлдү. Кылычтын баары кыйрады, Кыраандар жаны тынбады. Кылымда уккан кыйындар, Бул экөөдөй кылбады. Кырда жаткан эл үчүн, Кыргыздан келген чунагың, Кымындай жанын кыйнады. Жаңыдан найза алышты, Жан ачыта муштады. Жазайыл уруш салышты. Кан ичме каапыр Карадөө, Көк темир найза колго алды. Кыйамына келгенде, Кысталак бул доңуз, Май сорууга малышты. Найзаны булкуп тартканда, Соорудан каны агышты. Сом этке найза урулду, Кызыл кан агып чубурду. Манастын уулу шерлерге, Бул өңдүү жумуш буйумбу, Башынан кудай буйруду. Сооруга найза тийгенде, Каны агып жошулду. Кабылан Сейит жаш арстан, Как ошондо тойунду. Кабыландай чунакка, Бул жумуш жаман туйулду. Жаралуу болгон жаш бала, Жан ачыды абыдан, Манастан калган салт экен, Жаралуу болсо күч алган. Жалганда баатыр түтпөгөн, Өчөшүп өөрчүп күчөгөн. Чымырканып чунактын, Чын ачуусу келди эми. Кабыландай каркырап, Ажыдаардай аркырап, Жалын көздө шыркырап, Оозунан түтүн буркурап, “Манастап” ураан чакырып, Ач-кыйкырык, бакырык, Тигинен кетип жарылып, Далай таштар жанчылып. Телкүрөң оозун бурганы Бала Сейит жаш арстан, Темгектүү найза колго алды. Каары катуу чочкого, Капталга найза муштады. Найзанын учу жеткени, Каапыр чочко чоң дөөнүн, Чарайнасы чатырап, Бөлүнүп сооту кеткени. Түпөктөн найза такалды. Чоңдугунан капырга, Өтпөй найза какады. Сур качырдан чоң доңуз, Томолоно жаздады, Ээрден көчүк бултайып, Үзөңгүдөн бут тайып, Куйушкандын кошунан, Араң кармап кыйшайып, Ооп барып токтолду. Омурулса бул чочко, Ошол бойдон жок болчу. Оңолуп атка мингенде, Олоңдогон чочконун, Омурткасы жаралуу, Өмүрүн болжоп өлүмгө, Өөрчүп жоого кирерге. Айласы артык Сейитке, Айтып кебин салганы: — Жалгыз келген жаш бала, Жер жүзүнөн көрбөдүм, Өзүң өңдүү балбанды, Майтарып мизин алчу элем, Менменсиген чанданды. Карадөө атка конгону, Көрбөдүм сендей адамды. Туйгунум бала сөзгө кел, Түбүң кимден таралды? Мен жайымды айтайын, Арыган жерден кайтайын, Андан кийин арстаным, Дагы бар сизге айтарым, Күн батышта туулган, Түптүү журттун баарына, Түбүнөн салган чуулган. Атамдын жайын сурасаң, Жоору куйрук кызыл алп, Кылычтан каны чубурган. Жоболоңдуу чоң алптын, Баласы элем мен өзүм. Элден угуп жүргөнмүн, Менин атам кызыл алп, Кененимдин өлгөнүн, Өзүм баатыр болгону, Карадөө атка конгону, Капырай, сендей көрбөдүм! Жети күн бергин уруксаат, Урушту койуп токтотуп. Келериңден кабарсыз, Тамак ичпей келгенмин, Жети күн тамак жеп-ичип, Анан жетип келейин. Жети күнү болгуча, Ат сергитип алалы. Андан кийин жаш бала, Айанбай уруш салалы. Уруксат сурап жалынып, Эки көзү жалдырап, Карап калды баланы. Кабылан Сейит камынып, Карчыгадай кагынып, Кыргыектей кылт этип, Нурланып жүзү жылт этип, Сүйлөдү сөздү шыңк этип: — Болжолдуу көрдүм күнүңдү, Сурадың менин түбүмдү. Атаңа жолдош кылайын, Менин кабарым угуп түңүлчү. Түп атам баатыр шер Манас, Туулган жерим кең Талас. Атамдын аты Кененим, Өзүмдүн атым Сейити. Жети күнү күтөмүн, Андан кийин Карадөө, Жети кат жердин алдына, Киргизип сени ийемин. Эр Сейити жанына, Жетилбай келди аңгыча, Суу бойуна барышты, Тулпардын ээрин алышты. Сууту кансын тулпар деп, Аса байлап салышты. Жан казанын асышты, Жай алып жатып калышты. Жаралуу болуп Карадөө, Шайманы кетип алсырап, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп, Өлүмдү алып эсине, Мингени качыр баса албай, Келди үйүнө темтиреп, Кейпин көрүп чоң дөөнүн, Кемпири жаман алдырап: — Баарың келген бачым, — деп, Уландарын чакырып, Колтуктап аттан алышып, Колмо-колдоп көтөрүп, Алып кирип үйүнө, Жайы менен ылайык, Жарага дары чабышты. Кырма кызыл дары ичти, Кыйын дары ал ичти. Катырып койгон сарыдан, Кайнатма кара дарыдан, Калтырбай такыр бүт ичти. Чапкандары сыздатып, Ичкен дары ичти ачып, Эс алып калды чоң доңуз. Баш көтөрүп, көз ачып. Башын өйдө көтөрүп, Күрс дегинче жөтөлүп: Тамак барбы катын? — деп, Таба көргүн бачым, — деп, Арбын келтир аракты, Мага арак куйарга, Сулууларды чакыр, — деп, Аш-тамагың мол болсун, Мен арзандык менен тойбоймун. Иче турган тамактын, Эсебин сага болжоймун. Алты доңуз, тогуз кой, Жети суур, эки уй, Төөдөн кошуп бирди сой. Токочтон жүздү беленде, Баштагыдай эмесмин, Баарысын жалгыз мен жеймин. Он эки көөкөр аракты, Алып келип куйгунуң. Оозунан чыгып болгуча, Дайар болду тамагы. Баарын жалмап Желмогуз, Түгөтүп аны болду эми. Кана арак дегенде, Туткундагы сулуулар, Кош колдоп келип сунушту, Колуна тийген аракты, Суу ордуна жутушту. Башына жаздык койдуруп, Бадирек жатты чойулуп. Кыздарга буйруп кызматты: — Кылжыке карма колумду, Алтынай карма белимди, Чолпонай карма бутумду, Кызматтан калба кыздар ай. Уктап уйкум кангыча, Уктап калсаң, канчыктар, Кактабай каның соромун, Бириңди тирүү койбоймун. Кеспей башың үзөмүн, Көөкөрлөп каның ичемин. Баштагыдай мен болсом, Азыраак күнүм кечемин. Бүгүнкү күнү ар кимдин, Түбүнө өзүм жетемин! Деп тапшырды Карадөө. Алты күнү уктады, Тынуусу араң чыкканы. Күн жетиге жеткенде, Болжолдуу күнү бүткөндө, Суркачыр менен болкойуп, Орто тоодой зоңкойуп, Найзасы колдо койкойуп, Көк өзөндүн түзүнө, Жүрүп кетти Карадөө. Аттуу жүрүп жөө баспай, Эки этегин белине. Түрүп кетти Карадөө, Кайра жаачу булуттай, Кабагын бүркөп чүмкөлүп, Сүйлөбөй бетпак төмпөйүп, Тогуз кабат туулга, Башына орой чүмкөнүп, Тирүүлүктөн өлүм ак, Аманат жанга күч келип. Бала жолборс Сейити, Күнү бешке толгону, Басып келди теңселип, Телкүрөңдүн жанына. Сууп калган экен деп, Суулугун аттын чыгарып, Карыш шибер тулаңдан, Кайсаңдата чалдырып, Кара суудан каптырып, Жетелеп атын откоруп, Желмогуз качан келет деп, Желденип баатыр тура албай, Жаш арстан турат октолуп. Күн жетиге толгондо, Жетилбайды жиберип, Чабуудан атты алдырып, Үстүнө токум салдырып, Токуму кара макмалдан, Жээгине актан кармаган. Желдигине баатырдын, Быйданадан чаптаган. Үзөңгүгө шарпылдак, Эп келтирип байлаган. Чарпылдактын четине, Төрт эли кундуз кармаган. Алдынкы кашы карк алтын, Арка кашы чылк күмүш, Эки каптал эн темир, Эптеп кылган ак каңкы, Телкүрөңгө чак каңкы. Качкан эли чокулуу, Телкүрөңгө токулуу. Олоңдору оймо алтын, Жарашыктуу жасалган. Куйушканы куйма алтын, Купалары келишкен. Көмөлдүрүк сом алтын, Жагоолору баары алтын, Ат жабдыгы ушундай, Азы күмүш, көбү алтын. Жүгөндө чеге беш кадак, Үзөңгү күмүш баары аппак. Көрүп туруп Жетилбай, Көркүнө мунун таң калат. Манаттан кылган көрпөчө, Кош басмайыл тартылуу, Ат жабдыгы баатырдын, Ай-ааламдан артылуу. Жетелеп атын Жетилбай Жерге талга байлануу, Жан казанын алдырып, Аш-тамагын жайлады. Куурдак менен май ичип, Жан айак менен чай ичип. Андес болгон каракөк, Ашыкпастан жай ичип, Келээр маалы болду деп, Келбеттүү баатыр Сейити, Жоо-жарагын байланып, Жоболоңдуу Карадөө, Келер жери ушул деп, Көк өзөндүн түзүндө, Жолунан чыкты шайланып. Өрттөнүп өлгөн Карадөө. Сейитти көргөндө, Көк камандай күркүрөп, Соотун кийип оңдонуп, Кара бойун опчулап, Качырып кирди ошондо, Сур качырды камчылап. Көкжал төрө Сейити, Тулпарга камчы урганы, Буйдалбай жете барганы. Качырышты эки дөө, Калганга сонун тамаша – Кайберен чыгып оттобой, Качып чыкты дөбөгө. Калбай найза сайышып, Карсылдашып чабышып. Жаңырык чыгып жарактан, Адамдын башы алышып. Чабышып булар жатканда, Алты күндүк алыста, Жаткан Абыл, Көкбука, Төрөдөн кабар табышып, Эки дөөнүн чабышка, Булар айран калышып. Күркүрөгөн үндү угуп, Корккон булар сүрүнөн. Көргөн адам өлгүдөй, Булардын айбат түрүнөн. Карадөө үнүн укканда, Жаадыкөй анын катыны, Беш баласын ээрчитип, Үн чыккан жакка бет алып, Балдарына кеп салып: — Алты күндүн алдында, Атаңар үйдөн кетерде, Мага айткан кеп эле. Беш баланы жакшы бак, Кечигип калсам деди эле. Кеткени болду алты күн, Атаңар үнү чыкпады. Кулагыман күнү-түн. Алдынкы ирет келгенде, Жанчылбаган эти жок. Тамтыгы жок денеде, Найза, кылыч тийбеген. Тилбеген менен терисин, Күдөрүдөй ийлеген, Оозунан мөжүк кан кускан. Мурдунан зардап зил аккан. Мен көргөнмүн денесин, Кеткени болду далай күн, Келбеди уйкум күнү-түн. Алдың чыктың жыйырмага, Аркаң чыктың он бешке. Атаңарга бир душман, Беттешкен окшойт бул кезде. Күн батыштын элинде, Беттешер бенде жок эле. Күн чыгыштын элинде, Кан ичме арбын деди эле. Көк өзөнгө баралы, Жүргүлө, балдар, жүргүлө. Жашында багып телчиткен, Жаш күчүгүн ээрчиткен, Келсе катын майданга, Телкүрөң менен сур качыр, Албан түрдүү жүгүргөн, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Чапканын көрүп Сейиттин, Жетине албай сүйүнгөн, Жаадыкөй катын беш уулу, Карадөөдөн түңүлгөн. Баш аламан салышып, Маңдайлашып барышып. Бар жарагын алышып, Башында балта чака-чак, Көөдөндө найза така-так, Жаракка жарак тийгенде, Тоону бузат жаңырык. Баатырлар үнү бакабак, Керектен чыгып жарактар, Жерде калды жалтырап. Өйүз-бүйүз тургандар, Үрөйү учуп калтырап. Жер титиреп чайпалып, Токтобой деңиз чайкалып. Туруштук кылбай каз, өрдөк, Көлдөн учту шарпылдап. Уча албай жаткан андан көп, Куйруктары шалпылдап. Күн тутулуп, боз түшүп, Топурак учуп, кум учуп. Жер бетинде тура албай, Көктү көздөй удургуп. Адырда кайып оттобой, Сууда балык токтобой. Бул экөөнүн айбаты, Артып барат ошондой. Жер калтылдап жарылды, Заман акыр тарыды. Кылычтын баары кыйрады, Кармаган жарак калбады. Баш аламан сулады, Утур келген урчук тоо, Оодарылып кулады. Олутунда турбады, Ойрон болгон Карадөө, Ошондо кезек сурады. Баатыр туулган Сейит: — Кезегин мурун алгын, — деп, Телкүрөң оозун бурганы, Термелбеген Каракөк, Майданга барып турганы. Кан ичмек каапыр Карадөө, Чокмору колдо бир дөбө, Алаканга түкүрүп, Ачууланып күйүгүп, Алдындагы Суркачыр Арбытып кыйын жүгүрүп, Айбатын көрүп доңуздун, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Сейитинен түңүлүп: “Айрылып калсак кокустан, Каныбыз кетер төгүлүп. Кандай заман болот?” — деп, Карап турду кобурап. “Кадыр алла колдо”, — деп Баары ыйлап буркурап. Каары катуу, заары күч, Кара мүртөз чоң доңуз, Жакын жети чукулдап. Дөбөдөй болгон чокморун, Оңдоп кармап имерди. Арта салып ийинге, Үзөңгүгө тамандап, Оро-пара чокуга Кош колдоп тартып жиберди. Күүлөнгөн чокмор тийгенде, Жер силкинип солк этти. Туулга менен чокмордон, Жер жайнаган от кетти. Асманда кызыл чок кетти. Бала жолборс Сейиттин, Алты кабат калканы, Дайынсыз болуп жоголуп, Чыгып кетти талканы. Алдында минген Телкүрөң, Тизеден жерге батканы. Эмчек сүтү оозуна, Келе түшүп ушунда, Жердин бети жалындап, Жайнай түшүп токтолуп. Кете жаздап Сейити, Бул дүйнөдөн жок болуп. “Он миң жаны болсо да, Өлгөндүр” — деп кароодо, Четке чыгып турганда, Жаш арстан чунагың, Чымырканып чыйралып, Тал чыбыктай буралып: — Кезегимди бергин — деп, Чоң балтаны колго алып, Четте турган чоң дөөгө, Жетип барды бет алып. Ошол күндү ойлосо, Андай баатыр жок болуп. Балтаны кармап имерип, Алдындагы Телкүрөң, Ооздук тиштеп нидерип. “Манастап” ураан чакырып, Оройу бузук чочкону, Чокуга тартып жиберип. Баатырдын уулу каракөк, Бир чабуудан чыгарбай, Кара жерге батырды. Кадемин дөөнүн катырды. Асмандан түшкөн жамгырдай, Каны жерге чачылды. Ал Карадөө жакырды, Эл бүлүнткөн капырды, Кара жерге капшырды, Жааннамга тапшырды. Өчөшүп кирген Карадөө, Өзү тургай аты жок. Кыргыздан чыккан Сейити, Кылымда мындай баатыр жок. Жаналгычтай чоң дөөнүн, Бүтүн калган сөөгү жок. Өлүгүнүн дайыны жок. Жаадыкөй катын беш уулдун, Жанын айар чагы жок. Туш-тушунан качырып, Мылтык атып жаа тартып, Тийди булар жабылып. Көкбука, Абыл, Жетилбай, Алар карап турабы? Колумсага кол салып, Жан алуучу ок алып, Айгай сүрөөн ызы-чуу, Кызык уруш мына бу. Асман жарган, тарсылдак, Алай-дүлөй барсылдак. Боз мунарык, кызыл чок, Боздоп учат аткан ок. Айанбай мылтык атышып, Аңдып жерди жатышып, Ойун көрүп Сейити, Тамашага батышы. Мылтыктан айла таба албай, Көкбука менен Жетилбай, Ат койуп кирди аралап. Жеткен жерде айанбай, Көкбука менен Жетилбай, Жаадыкөйдүн эки уулун, Жексен кылды эбин таап. Муну көргөн Жаадыкөй, Түмөн түркүн дубасын, Түрмөгү менен салганы. Көкбука, Абыл, Жетилбай, Ок ичинде калганы. Карадөөнүн чоң уулу, Кетип барат аларга. Колдорун байлап алганы. Муну көрүп Сейиттин, Эрендиги кармады. Ат койуп кирди качырып, Алдында минген Телкүрөң, Кара бойу капталуу. Кандагай менен чапталуу. Туйагынан башкасы, Баары күмүш, түймөлүү. Сайса найза тешпеген, Чапса кылыч кеспеген. Отко салса күйбөгөн. Эр Сейити чунактын, Атынын тону бул экен. “Көкбука, Абыл, Жетилбай, Байлатып ийсем аларды, Баатырдыгым бекер” — деп, Беттеп кирди дөө уулун. Бекемдеп найза кезкерип, Айрыкчасы Сейити, Жаадыкөйдү кекерлеп. Кобурап дуба окуган, Куу кемпирге жетем деп. Дөө уулунан экөөнү, Катар сайып жан алып. Агызып суудай кан алып, Бирөөнү сайды Көкбука, Бирөөнү алды Жетилбай. Кемпир менен кенже уулун, Эр Сейити кармады. Жаадыкөйдүн ал чакта, Дуба окуур шайы калбады. Колун Абыл байлады. Энесине кошоктоп, Жөөлөтүп жолго айдады. Муну мындай таштайлы, Сейитинин Кылжыке, Алганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.