Айабайбыз малды, деп Кененимдин жалгызы Жашында өлүп калды деп, Сүт бото тайлак төө сойуп, Тай мойунча уй сойуп Табак-табак эт толуп Челпек,куймак,боорсогу, Дөбө дөбө топ болду. Аза-бата деп келген, Алоолонгон аргымак, Жүнсүз нечен тобурчак, Айгыр жалдуу, бээ курсак, Мындайлардан байланды, Качкы кууган жоргодон, Жыртылбаган торко тон, Өркөчтүн учун ийбеген, Дегеле киши тийбеген, Асый буура, минген төө, Андайлардан көп келди, Буулум келди жылтылдак, Булгаары келди кыйчылдак, Булгун ичик кулпурган, Сүлөөсүн ичик сеңселген, Көтөрүп келип жатышат, Абышка кемпир бөкчөйгөн. Байлар келди чалкайган, Жубандар келди залкайган, Жигиттер келди буралган, Кыздар келди суналган; Мырзалар келди шалкылдап, Келинден келди нечени, Алтындан сөйкө шаркылдап, Көз уйалып жалтылдап. Шөкүлө кийген кыз келди, Жез оймоктуу уз келди; Абышка–кемпир, орто жаш, Кененим менен Чыныке, Аларга келип ал айтат, Келишкен, жубан, келин-кыз, Кылжыкеге ал айтат. Орто жаштан ылдыйкы, Эркек болгон баарысы, Сейитим үчүн кан жутат, Кененим айткан кепти улап. Эл үйүнө чубады, Ак чач болгон Чыныке, Алганынан жеме угуп, Элден акыл кеп угуп, Нечен насаат көп угуп, Бойунда бар келинге, Кубат байлап дем уруп, Асталай басып демигип, Келинге барып жолугуп, Бышаңдап ыйлап бир далай, Эси ооганда соолугуп, Жакын барып чукулдап, Жанашалап олтуруп: — Айланайын Кылжыке, Арстандан калган мурасым, Жалгыздан калган керээзим, Уулумдай арка медерим, Алдыңа келген энеңдин, Сындырбай шагын сурасам, Кебиңди айтып берерсиң, Жалгызымдан айрылып, Капаланып кан жутуп, Эмчекке сүтүм түйүлүп, Эңчеңдеп бери жүгүрүп, Салкын жайлоо сыртта эмес, Үйдө туруп күйүгүп, Жүрүүчү элем өзүңдөн Бир кеп угуп сүйүнүп, Бойумда күмөн бардыр деп, Айтуучу элең, Кылжыке, Аны үчүн келдим алдыңа, Аныктап сурап билерге. Жалганын айтпай чынын айт, Жашырып жатпай ачып айт. Талгак болсоң аныңды айт, Өтүшүп кетсе талгагың, Оңой дабаа табылбайт. Жалгыз уулун жеп койуп, Жабырап кемпир кантет, деп, Жаман көрбөй сырыңды айт. Уулум өлсө сен барсың, Упурак болуп мен калдым, Жубайыңдан ажырап, Убайлуу болуп сен калдың, Тен бербей кантип койобуз, Тагдыры экен Алланын! Буларга калган нарк экен, Башынан бери салт экен, Чоң кайнатаң жаш калып, Акыл эсте жок калып. Таайында келген чоңойуп, Чоң кайненем алпарып, Өз кайнатамды курсакта, Көтөргөн экен үч жылы, Пери энем ал чакта. Өспөй бала калат деп, Мен уккамын укмушта. Өтө кайгы муң басса, Муңду кудай салды деп, Муңайа бериш анча эмес. Жашырбай айтсаң бар кебиң, Көрүнгөн тоонун карааны, Көп эле алыс жол эмес. Күйүт баскан Чыныке, Алган эри Кененим, Андан башка көп элден, Үйүт уккан Чыныке, Болжолдуу далай кеп айтты. Кылжыкени муңайтты. Акылы артык адамдан, Артык туулган айалдан, Тирүү турган жан таттуу, Өлүп кетпей Кылжыке, Эр Сейити дартынан, Эми кантип айансын, Кайненеси сураса. Курсактын жайын айтуудан: — Алпештеп багып өстүргөн, Арстаныңдан айрылып, Курсакта барбы деги, деп Сурасаң келип зар кылып, Жакшылык эми көрөмбү, Койсом, эне, жашырып? Сурабасаң мынчалык, Коймок элем жок кылып, Эт курсакта катырып, Жүргөн экен пери энем. Курсакта үч жыл батырып. Кыйалымда бул эле, Алты жылды айлантып, Жети жылга жеткенче, Билгизбейт элем жашырып. Үч айдын күнү токсон күн, Ойронум Сейит жоксон күн, Күнү токсон күн болду, Түнү токсон түн болду. Эки токсон жүз жексен, Ооруп тамак иче албай, Өлмөкчү болдум мен жексен. Көңүлүм тартпайт тамакка, Баскым келбей бир жакка. Эстегеним ар качан, Алп кара куш сумурук. Ошол куштун жумуртка, Күн ойлосом аны эстеп, Түн ойлосом энеке, Жүрөгүн жолборс дагы эстеп. Бирди эстебей жупту эстеп, Асманда учкан канаттуу. Жер бетинде жолборсту, Экөө тең бирдей жокту эстеп, Сары жез өңүм, мойнум кез, Акылым кетип болдум нес, Айрыкчасы Сейити, А дүйнө кеткен эрди эстеп, Үч күндөн бери ойум бул, Өлүш жагын көп эстеп. Сурадың, айттым, сырым бул. Жашырбадым чыным бул Жумурткасы сумурук, Жүрөгү жолборс болбосо, Өлүп калам, чынымды ук, Эстегеним жебесем, Жан кирбейт ичте куу тумшук. Деп айтканда Кылжыке, Чымырканган Чыныке, Чын сүйүнүп күлдү эле. Ойлоно түшүп токтолуп, Ойунда акыл бул болуп: “Кечээ кең Керкитке барганда, Айтты эл Сейити, Келдим деген бул жерге, Сумурук менен дос болуп. Бергендир белги ошол куш, Пайдасы тийер ушул туш, Сандыгынан жалгыздын, Саадагынан баатырды, Карап көрсөк аңтарып, Табылып калар бир белги, Табылып калса белгиси, Жумурткасын Сумурук, Өзү алып келгиси. Өткөн ойрон кайнатам, Айтумуштун элин чаап, Мен Чыныке олжо таап, Муздак тоодо сыз өтүп, Оорууп калган кездерде, Гүлүстөн абам кулан таап, Кыз балбан кармап жолборсту, Кеңкула менен жол тартып, Келтирген болчу Кененим, Алар тапкан олжону, Кайненем менин пери эле, Качан да болсо бир күнү, Кереги тийип калар, деп, Миң жолборстун жүрөгүн, Бир катырып берди эле Жетиден тизген бир кылга, Дегеле саны бир мынча, Дары менен эмдеген, Кургай элек кан менен, Катылуу турат азыр да” Деп ойлонуп Чыныке, Жаштай кеткен Сейиттин, Жан саадагын алдырып, Кесенин оозун ачтырып: — Кылжыке балам, аңтаргын, Өмүрлүк сенин жубайың, Өтүрүк айтпай чын айтса, Табылар бекен белгиси. Деп айтканча Чыныке, Саадагын колго бергени, Саадакта калта жети кат, Кылжыке ага кол салат, Жетинчи каттын түбүнөн, Жетимиш бүктөп каттаган, Жергенин жүнүн таап алат. Уккан экен Кылжыке, Сейитинин өзүнөн, Кармады отко алпарып, Канаттын учку четинен. Шыр деген түтүн басылбай, Бүркөлүп күн чүмкөлдү, Күркүрөп шамал үн берди, Жерди бороон каптады, Канатынын күүсүнөн, Кеңкол, Талас орто жер, Чачылып кете жаздады, Торопой тозуп ар кайда. Пайда болду кайран куш, Көз ачкынча бул жайга. Көргөндүн баары коркушуп, Карап турган бир жан жок, Үстөмөндөп жыгылып, Кооп жүргөн бир жан жок, Өзү мурун Кененим, Дос болушкан куш менен, Бушмандуу күнү кез болду, Чаршемби күнү түш менен. — Кебиң барбы, көкжал шер, Келтирдиң мында шашылыш, Кеңешиңди айтып бер. Билбеген мурун ал кебин, Коктолуп калды Кененим, Биле албай ага не дээрин. Аңгычакты Чыныке, Эңчеңдей басып келгени: — Ушул куштун жумуртка, Талгак экен келиниң. Ошол үчүн шашылыш, Отко кармап канатты, Куйкум жытты жибердим, Угуп алып кайран куш: — Керек болсо сиздерге, Жан кыйыш ак биздерге, Экини тууймун ар качан, Бердим бирин мынаке. Кабыл болду тилеги, Опкоолжуган токтолду, Чыныкенин жүрөгү. Кылым кыргыз койбойт, деп Жыйылган элдин ойунда. Кастыгы жок Кара куш. Кайра учту асманга. Эл күбүрөп калышты: “Ээ, канаттуу келсе алдына, Кан какшап ыйлап жалына, Канткенде киши катышат, Канкор Манас уулуна?!” Деп сүйлөшүп жабыла. Жумуртканы көтөрүп, Кылжыкенин үстүнө, Чыныке кирип барыптыр, Сандыгынан Чыныке, Жети жолборс жүрөгүн Бир колуна алыптыр, Супсак болуп калат, деп, Жумурткага сүт кошуп, Азыраак ага туз кошуп, Бышырып аны бир берди. Жети жолборс жүрөгүн, Бышырып майда тууратып, Жети жылдык туу койдун, Мөл майына чылатып, Өткөрө куйуп туз салып, Дагы кара мурч салып, Бир колуна кошо алып, Кылжыкенин алдына, Койду муну алып барып, Жарк этип күлүп жиберип, Унутуп ийип арстанды, Кашыкты кармап имерип, Чоң жолборстун жүрөгүн, Чоң-чоңдон сузуп сугунуп, Такыр жутуп жиберип, Жумурткага калганда, Эсине алып Арстанды, Туруп калды токтонуп, Энесинен ийменип, Биле койуп Чыныке:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.