— Талгакка жеген тамагын, Көрүп калса жат киши, Канбай калат талгагы, Ылдам жегин, кулунум, Эмне кылып жатат деп, Күңдөрдөн келип калабы? Же болбосо кан жуткур – Кайнатаң кирип калабы? Эс нерсени элебей, Күң дегенде кенебей, Кайнатаң келет дегенде, Бурдап-бурдап сугунуп, Өлүчүдөй ченебей, Бүтүрдү жеп баарысын, Каалаганын бергенде, Жеп болдум эми, дегенде, Далайды көргөн Чыныке: “Мен Сейитти төрөрдө, Жолборстун жедим жүрөгүн, Андан башка тамакты, Акылыма илбедим, Эмне үчүн Кылжыке, Алп каракуш тукумун, Самап калган бул келин? Укмуштуу эле Кененим, Мен ошондон сурап билейин” Деп ойлонуп шашыла, Энтеңдей басып ашыга, Белдемчи жерге бүгүлүп, Көзүнөн жашы төгүлүп, Кененимдин үстүнө, Келип кирди күйүгүп: — Ээ, Кененим, Арстаным, Эсиме түшкөн бир кепти, Эми сага айтамын. Далай катын бала тууйт, Талгак болгон тамагын, Тапканда калат белин бууп. Курсакка кубат кылгын деп, Өзүң берген кайратты, Кулагым менен мен угуп, Унутуп койуп Сейитти, Келинге бардым жолугуп, Жүрөгүн дейт жолборстун, Жумурткасы сумурук, Кошумчасы ал болду, Жүрөгүнөн жолборстун, Кайненем берген канчаны, Алып бардым чогултуп, Жети бөлөк барчаны. Жумурткасын сумурук, Ушул куштун аты улук, Берип кетти колума, Карап турдуң сен угуп. Экөөнү келин тең жеди, Эми болдум дегени, Талгак болбой бирөөнө, Экиге талгак болгону, Кылжыкенин кай кеби? Чыныке айтып болгондо, Чымырканып Кененим, Жооп берди ошондо: — Сейиттен калган Кылжыке, Түбү хандын баласы, Түз экен байкуш санаасы, Эгиз экен келиндин. Курсагында чамасы. Эркек экен экөө тең, Теңдеши жок эр экен, Улуусунан кичүүсү, Өткүр чыкчуу неме экен. Кара куштун жумуртка, Кыйын жептир Кылжыке, Улуусунан кичүүсү, Укмуштуу чыгат кийинче. Кырым менен Урумду, Бүткүл дүйнө кылымды, Чыгыш менен батышты, Түндүк менен түштүктү, Арасында жер койбой, Аралайт экен баарысын. Жер бетине калтырбай, Сойлотот экен алптарын. Алат экен колуна, Ак калпак кыргыз намысын, Чыккан чөбү ал кезде, Болот экен алысын. Болжолу жок эр чыгып, Соолуган чөптөй кууратып, Сойот экен баарысын, Өмүрү кыска күнү аз, Алдынкысын ойлодум, Өмүрү узун, иши көп, Кийинкисин болжодум, Тууган күнү балдарга, Кыргыздан башка түрүкчө, Которуп атын койойун, Өңгөнү койуп, кок кемпир, Келинге азыр сен болгун. Чыныке угуп бар жайын, Чымырканып чыйралып, Калгандарга билгизбей, Кастарлап багып келинди, Кара элечек кийгизбей, Эч кишиге билгизбей, Туйгузбай багып келинди, Түнөртүп кара кийгизбей, Белине кайыш курчатпай, Бек зарлантып муңкантпай, Мыктап күчтүү аш берип, Өтө мүйөз ичирбей, Орто мыйан таан берип, Көп бербестен чак берип, Кечиктирбей бат берип, Жок дегенде үч убак, Күнү-түнү Чыныке, Жанынан кетпей жүрдүэле, Жаш жалгыз Сейит чунактын, Тукумун көрсөм экен, ден Көзүнүн жашы сел болуп, Күндө агып бурчактап, Жакасы ылдый жашчыктап, Келинди бакты жакшылап. Тогуз ай, тогуз күн бүтүп, Кошулуп тогуз дагы өтүп, Келинге толгоо кириптир. Карап туруп Чыныке, Өз колу менен төрөтүп, Алмамбет аткан алма баш, Алып келип астырып, Ырымдамак баланы, Кундагына жаткырып, Унутуп ийип кулунун, Сүйүнүп кемпир каткырып, Баланын тону жарылып, Ырысына эркек тууп, Жерге түштү бакырып. Таластын бети күрүлдөп, Күн жаркырап дүрүлдөп, Жан-жаныбар кыбырап. Жандын баары мыдырап. Байчечекей түрдөнүп, Жердин бети гүл жайнап, Тили каткан чакчыгай, Тили чыгып чакылдап, Шашкеде төрөлгөн, Чыныкеден башка жан, Баланын жүзүн көрбөгөн. Айдары күмүш, чачы алтын, Көкүлү кызыл сак алтын, Кохар таштай жаркырап, Ыйлаган бала баркырап, Үйдө олтурган Кененим, Үнүн укпай ошол чак, Бүткөн бойу зыркырап. Жер жүзүндө далайга, Сасык тумоо тийгендей, Калчылдак кирип басалбай, Чай кайнамча душмандар, Үйүндө жатып калтырап. Баланы алып ороду, Ангычакты болдоду, Түш кыйшайып бешимге, Жакындап жетти болжолу. Ого бетер чыйралды, Кылжыкенин толгоосу. Дагы тууду бир эркек, Эркектигин жан билбейт, Жерге түшкөн баланы, Карап туруп не билбейт? Койгон экен кудурет, Жез тон менен туйуктап. Баатырлыгын белгилеп, Тонун жарды ырымдап. Ыйлады бала чырылдап. Таластын туйук жеринен, Суулар акты шырылдап. Мурунку бала түшкөндө, Ооруган жатып үйүндө, Душманга кирди кырылдак. Ак ниеттүү көп жандар, Ысык сорпо ичкендей, Тери агып жымырап, Алатоо эргип бой жасап, Асман тиреп зымырап, Атактуу Талас, Кеңколдон, Көк көрүндү жыбырап, Эркек эки баланы, Эптеп ороп алганы, Эңчеңдей басып Чыныке, Кененимге барганы, Сүйүнгөндөн Чыныке, Кылжыкени унутуп, Үйдө жалгыз калганы. Ким көтөрбөйт дүйнөдө, Башка кудай салганды, Тутунуп киши калалбайт, Ушул дүйнө жалганды, Акырет көздөй бет алып, Кылжыке жөнөп калганы! Арууркап өлүп кеткен жок, Асылы күнү бүттү окшоп. Сейиттен тууду экини, Кылжыке байкуш кошоктоп. Баланы көрүп Кененим: — Баракелде келиним, Келе, кемпир экөөн тең, Койнума салып бергиниң. Мурункусун оңго сал, Кийинкисин солго сал, Мында турбай темтеңдеп, Келиниңден кабар ал. Чыныке чуркап какчаңдап, Түрүлгөн көзү чакчаңдап, Чуркап кирди үстүнө, Токтоо кылбай дагдаңдап. Эшиктен кирсе Чыныке, Ачкан көзү жумулуп, Нуру кетип жүзүнүн, Айдай бети кубулуп, Кылжыке, деп кычырса, Көзүн ачып бир тиктеп, Сүйлөбөй тили буулугуп, Күрмөөгө келбейт бурулуп. Алмамбеттин алма баш, Ашыгып кетип Чыныке, Кылжыкенин үстүнө, Алып койом дегенде, “Тарт колуңду!” деген үн, Кулагына келди эле. Караса артын кылчайып, Кененим турат баш салып. — Көргө кирген, көр кемпир, Кары болбой жерге кир! Акылың кайда жоголдуң? Катын туруп сен өзүң, Султандын кармап жарагын, Катыгүн кокуй, не болдуң! Үнүн угуп канкордун, Кыйалында Кылжыке, Атам келген экен, деп, Уйалгансып жыйрылды, Ушаланган жалган жан, Жыйрылган бойдон жыйылды, Тынуу чыкпай тыйылды. Ажал өлүм чиркинден, Кылжыке сулуу өңдөнгөн, Ким көргөн өткүр кыйынды! Эки бала сүйүнчү, Кылжыке өлүп күйүнчү, Кайра келбес келинди, Кененим көрүп түңүлдү. “Бир башы ысык темирдин, Бир башы муздак темирдин” Мурунтан калган кеп экен, Жакшы-жаман тең жүрчүү. Аңгычакты болбоду, Намазшам болду болжолу, Шам көтөргөн эки адам, Аркасында үч адам, Баш-айагы беш киши, Кирип келди жабыла. Алда кандай адам деп, Кененим менен Чыныке, Карап калды аларга. Каныкей кирди нурланып, Айчүрөк кирди буралып, Бекер кирбей Айчүрөк, Аптабага суу алып, Карыга салып кепинди, Көр керегин кошо алып. Кайыптан экөө чайкады, Караанын көрбөй башкасы, Табыттан кармап көтөрүп, Эр Гүлүстөн кашкасы, Тийгени жок колдору, Бакай менен Семетей, Ал экөөнүн болжолу. Намаз окуп койгон жок, Көр казып булар көмгөн жок, Кененим менен Чыныке- Экөөнөн башка кыргыздан, Өлгөнүн киши көргөн жок. Канкордон коркуп калган эл, Кылжыке кайда кеткен? — деп, Кабарын сурап келген жок. Намазын шер окуду, Эки бала койнунда, Эр Кененим олтурду. Сол жагында баланы, Сонундукка карады. Баары жакут табус жүн, Аркасында Айдары, Ойуна кетип кайран эр, Айдарын талдап санады. Айдары токсон төрт экен, Кармаса колду күйгүзүп, Жалындап күйгөн өрт экен. Кененим алды ойуна. “Ушул балам өлөрдө, Уудан өлөт белем? — деп. Жамандык кылып катыны, Билбей калат экен, — деп, Алланын жазган тагдыры, Амалым менин канча?” деп. Оңго көзүн имерди, Оң жагында баланын, Айтылган белги түрлөрү, Айдарын санап көрүүгө, Ойуна буда келгени. Талы жыйырма беш болуп, Табы чоктон тез болуп, Так ошону көргөндө: “Жыйырма беште бул уулум, Окко учат экен” деп, Кененим калды нес болуп. Башында айткан сөз менен, Буруулап атын койорго, Тегеретип кыдыртып, Тек жайын такыр ойлорго, Калемде жазуу ошого, Оозуна кирди ошондо: — Оң жагымда кулунум, Асыл бала бул уулум, Алтын Айдар экен, — деп, Жараша ага мен койдум. Сол жагымда уулумдун, Соолгус кубат муунумдун, Күкүлү кохар таш экен, Бек бала болсун бул уулум. Асыл бала, Бек бала, Эркек эки тукумум, Бара-бара башкача, Душмандар койот которуп. Асылбача, Бекбача, Баланы бача деп алат. Бурулуп кетмей кыргызда, Койгон аты токтобой, Ошолордон бир калды, Оозу менен оозантты, Эр Кененим балдарды: “Кубаты мендей болсун, — деп, Оозуман аккан сары суу, Мууну сайын толсун, — деп, Кылымдын баарын бул экөө, Кыңк эттирбей сорсун, — деп. Кыргызга кастык ким кылса, Кылычка канын жуусун, — деп, Кызыталак душмандын, Деми ошондо суусун” деп. Чыныке салды аларга – Эгиз эки балага, Эки тарап эмчегин. Амирин алла бергени, Ак чач болгон кемпирдин, Агып сүтү ийгени. Сүтү агып булактай, Жан кылып кудай жараткан, Буларды жетим улактай. Алла таала жан кылып, Жаратканда буйругу, Чыныкеге сүт берди, Ачамай айры шыбактай. Сүт эмизип түн сактап, Чыныке бакты сак сактап, Ого бетер агарып, Башындакы чыккан чач. Ошентип жүрүп эгиздер, Жарап калды ойнорго, Көйнөк кийбей жылаңач. Муну мындай таштайлы, Эгиз асыл баланын Бешик тойунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.