← Сейит 3/8

Бейжинге барып кол салган, Башынан жакшы болбогон Түбүндө калат балаага, Намысын ээрчип кул болгон, Катылышпай жүрүүгө, Манас менен Эсенхан – Баашалар жазган кат калган. Атага наалат жетпейби, Ат бастырып сен барсаң. Коңурбай менен Семетей, Кол салышкан эки жол, Убада бузуп Коңурбай, Гүлчородон сойлогон. Жер бөлүшүп кат калган, Семетей шартын бузасың, Тилимди албай сен барсаң. Төрт хандын жазган катына, Тил албай барып Сейити, Учурап калба антына! Деп Кененим айтканда, Өтө кыйын иш болду, Жаш Сейити арстанга. “Атам айтса Бейжиндин, Ар укмушу бар окшойт, Чандан киши дүйнөдөн, Өткөн экен мага окшош, Ат изин салбай калганда, Армандуу бойдон жаш кетер. Амир Темир Үрүстөм, Барган эмес алар, деп, Чарыйар чаркы, Искендер, Салган эмес изин деп, Азыреталы албаган, Кожонун колу барбаган, Козголбос шаар Бейжин, деп, Атам айтат кызык кеп. Ойлойт белем атакем, Аларды менден кыйын деп. Торгоп жолум бастырбай, Токтоткону кыйын кеп. Каңгайдын тоосун бөксөлөп, Ашалбайт казап шамал, деп, Айтканына карасам, Бар белем сыйкыр амалы. Өзүм алып келдим го, Күн батышта сыйкырды, Андан дагы кыйынбы? Түн катып кетип калсамбы? Түйшүк салбай башыма, Атамдын тилин алсамбы?” Деп Сейити удургуп, Кыйалдан кетпей чоң Бейжин, Кыйынсынып барынан, Өрөпкүгөн чунактын, Жүрөгү курч жаштыгы, Өткөндөрдөн өөдөсүп, Акылынын аздыгы, Эки кыйал санаада, Эки жыл өттү арада, Эсинен кетпей чоң Бейжин, Эсирген чунак балага. “Аттансам Бейжин бардым, — деп, Унутуп атам калды” деп, Элөөсүздөн бир күнү, Эл – журтуна туйгузбай, Жоо – жарагын жанга алып, Алмабаш таштап үйүнө, Көзүр Чубак көкжалдын, Ташкелтесин асынып, Тулпарды минип кампайып, Алтайды карай бет алып, Жөнөп кетти теңселип, Эсинен кетпейт ар күнү, Кең Бейжинге барышы, Атанын тилин албаган, Кара мээнет Сейити, Кара мендер басышы- Караңгы эмес тал түштө, Басуучу жолдон азышы. Алтайга кеткен барам деп, Уландын жерин табам деп, Уландын жолун табалбай, Кайта айланып артына, Келген жери Алатоо, Кайра айланды ороло. Алдында минген тулпары, Кууганга жетер шумкары, Тердеп–тепчип баспады, Чардак болгон экен, деп, Ойуна алып Сейити, Аса байлап бууданды, Кыйалы кетип кырк башка, Өзү чыкты кырк ташка Эңкейип алдын караса, Кулжа, теке аралаш, Жуушап жатат жанаша. Куу мүйүз кулжа атам деп, Ат өргүтүп жатам, деп, Таш келтени октоду, Милтесин кызыл чоктоду. Арта салып арсактан, Беттеп алып кыр таштан, Мойундун жоон түбү,деп, Бут серппей өлөр бекен, деп Жыдыман, кароол теңшеди, Машаны басып жиберди. Ооз отунун дарыга, Кыпкызыл милте жеткени, Тарс этип мылтык кетпеди, Сундурган мылтык тартпастан, Машаны басты беш сапар. Жыттана түшүп жок болуп, Таш келте койду от албай. Ным тартып калган белем, деп, Кулагында дарыны, Кургактап салып барыны, Курбудакы кулжаны, Коборбой атып жыгам, деп, Жана атса от жебей, Жаштык кылып Сейити, Эч нерсени элебей, Бекер мылтык ал эмес, Бейбаратке кишиден, Калган мылтык деги эмес. Бей ажал өлүм башына, Бейпайлуу жумуш кашына, Келгенин бала элебей, Кулжадан Сейит кур калып, Кубанчы болбой муңканып, Тел күрөң чечип сумсайып, Бузулуп өңү кумсарып, Бекемдеп белин курчанып, Алтайды карай бет алып, Жүрүп берди Сейити, Телкүрөңдү камчылап. Мингени тулпар арыбас, Жүрө албады шалпылдап. Алда кандай болду? деп, Бир далайга ойлонуп: “Оң келбес ишим кептенди, Атамдын тилин алып мен, Барбасам белем Бейжин” — деп, Кайра тартты Таласка. Таласты карай басканда, Баспай калган Телкүрөң, Жүрүп кетти ыкчамдап, Канаттуудай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Токтоно албай ыргыштап, Кологойлоп кыйгачтап. Ардыгып буга Сейити, Алтайга бассам, баспаса, Арам өлгөн доңуз! деп, Айабай атты камчылап, Кирип келди Сейити, Суусамырга жакындап. Жандап белди ашарда, Жер тайанбас Телкүрөң, Кыйрата бутун чапкандай, Кырданып барып жыгылды, Тоңкобаш атып Сейити, Топого башы тыгылды. Асынганы Ташкелте, Ыргып тушту алдына. Тарткылык кыстап Сейити, Ажал ачуу келиши. Ташкелтени колго алды, Машасында милтеси, Басылуу жүргөн болучу. Мылтыкты кармап имерди, Арам өлгүр кантет,деп Ардактуу тулпар Телкүрөң, Башка чаап жиберди. Тарс этип мылтык атылып, (Олпогун алган бөктөрүп), Ажал ок тийди Сейитке, Кош бөйрөктү ок кечип, Оргуштап кызыл кан кетип, Жер кучактап жыгылды, Жыйырма эки жашында, Ажал өлүм кандай деп, Теңге албай жүргөн башында. Армандуу кылып эл журтун, Ал дүйнө кетти катыгүн… Он төртүндө аттанган, Керкитке салган чуулган, Кененимден туулган, Кебелбес Сейит жолборсуң, Атанын тилин албаган, Айтканына жеткирбей, Армандуу кылды шум жалган. Алды – артынан оргуштап, Айабай агат кызыл кан. Ушул кезде Сейитте, Өлбөгөн тирүү жан калган, Окуранып жер чапчып, Телкүрүң турат кайран мал: — Мен тулпар элем туулган, Жолборс элең, Сейити, Душманга салган чуулган. Токунуп мени ким минет? Топ аралап ким кирет? Туйгунум өтүп кеткенде, Кадырымды ким билет? Сарбаптап токуп ким минет? Сайышып жоого ким кирет? Асабаңды ким жайат? Сарбаптап мени ким багат? Сейити, кеттиң жашыңда, Тул катындай жай – кышы, Мен турармын акырда. Ээсин жеген эртелеп, Каражолтой Күрөң, дээр, Келе бери тарткын, деп, Жылкычылар жүгөндөр, Ээсиз калган каран,дээр Эби жок күрөң жаман, дээр, Салып койгун бир этек, Ачка өлбөсүн саман, дээр, Күрөчтөн жемди ким берет? Күлүктүгүм ким билет? Күндө сылап ким минет? Тап этимди ким табат? Суусамырдын сыртына, Жайлоого мени ким салат? Сүт ташыйт жайлай жылкычы, Башыман байлап аркандап, Баштакыдай болбоймун, Көөнүм өсүп даркандап. Туйгунум Сейит кеткен соң, Бутумда така жок калаар, Муунумду сары суу алар, Суутумду сендей ким табар? Кулдарың минип коржоңдоп, Сээрим жооруп ириңдер, Бөйрөгүм жооруп тешилер, Жолборсум, сенче ким күйөөр? Кечээ кызыл кумда ысыкта, Алдыма көрпө салдырдың, Ошол кумда суусатпай, Суусунумду кандырдың, Залкар тоодой Сейити, Душман менен сайышып, Моокумумду кандырдың, Жети дөөнү кыйратып, Кызыл суудай кан кылдың, Беттешип турду көп баатыр, Акылдан качан тай кылдың? Чапкыладың талыкпай, Чалыкпас тулпар экен, деп, Мен ошондо таанылдым. Жолборусум Сейит, кайыр– кош, Жолдош болсун иманың! Мени ошондой кар кылдың, Топурак басып сен оорлоп, Басалбай калсам ар кылдың, Мылтык менен башка чаап, Өз жаныңдан айрылдың! Сенден мурун мен өлбөй, Тирүүлөй кандай айрылдым?! Эне – атаңды эске алып, Эл – журтуңду таштабай, Эр Сейити, кайрылгын! Таштап кетет окшойсуң, Заманамды тар кылдың,. Кылжыке турса эсен – сак, Мен турармын багылып, Туйгунум минген аты, деп, Үстүмөн токум алынып. Сен деп өлсө Кылжыке, Аңга түшүп өлөрмүн, Сенделип жүрүп мен деле, Жакшы күн көрөөр жерим жок, Ойлоп көрсөм дегеле… Арман кылып Телкүрөң, Жаш агып турган кездерде, Оргуштап аккан кызыл кан, Чөйчөктөй көзү жайнаган, Булбулдай тили сайраган, Армандуу кайран эр Сейит. Келе калды эсине: — Ак калпак кыргыз көп алаш, Кеңкол ата, чоң Талас, Киндик каным тамган жер, Айрылдым сенден кайыр-кош! Каркыттап мени чоңойткон, Калың журтум калдыңбы, Ак калпак кыргыз, кайыр-кош! Түп атам Манас мурасы, Борбору кыргыз элинин, Сыркоргон, калдың кайыр-кош! Карчыгадай таптаган, Карегиндей сактаган, Мүрегим атам, кайыр-кош! Опасын көрбөй балаңдын, Убайын тартып жалганда, Сакалың менен жаш агып, Зар какшап ыйлап калдыңбы, Залкарым атам, кайыр-кош! Бүгүлүп белиң бөкчөйүп, Бир чеңгел болуп чөкчөйүп, Кайратың качып бөксөрүп, Калдыңбы, ата, кайыр-кош!