← Сейит 4/8

Тогуз ай мени көтөргөн, Толгонуп нечен күн жаткан, Омуртка сөөгүн сыздаткан, Уктабай ак сүт эмизген, Түйшүгүм тартып чоң кылган, Урматтуу энем, кайыр-кош! Жаркынын көрбөй уулуңдун, Жабырым тартып муң басып, Кан жутуп ичтен зар какшап, Карып калган чагыңда, Кайгылуу болуп калдыңбы? Каракан аккан чагымда, Карап турбай жанымда, Бейкабар калдың, энеке, Бей ажал кеттим кайыр-кош! Кара дөөнүн колунда, Канча жыл турган жашында, Азап менен баш кошкон, Атасын мен деп өлтүргөн, Алыскы жерден бир келген, Алганым, калдың кайыр-кош! Душмандуу күнү жолгошкон, Караңгыда жол тоскон, Өмүрлүк менин жубайым, Кылжыке, калдың кайыр-кош! Эрди-катын баш кошмок, Эриш-аркак жипке окшош, Ээрчитип эрмек кыларга, Калган жок туйак кайыр-кош! Бирге жүрүп, бирге өскөн, Бир бастырып күн өткөн, Бир төшөктө бир жаткан, Ак никелүү Кылжыке, Артымда калдың кайыр-кош! Аппак сакал жайкалган, Жоргону минип чайпалган, Эл үчүн эмгек көп тарткан, Эрте туруп кеч жаткан, Карылар калдың кайыр-кош! Ак калпак кыргыз элинде, Улуу-кичүү, кары-жаш, Эркек-айал аралаш, Боз улан-кыз чамалаш, Болбосо булар санаалаш, Баарың калдың кайыр-кош! Жакшы-жаман күндөрдө, Жанымда менин бир жүргөн, Карчалышкан заманда, Канаттуудай жүгүргөн, Теминтпей турган ыргыштап, Телкүрөң калдың кайыр-кош! Ата-бабам мурасы, Болгон соң мага муракы, Жоокерлүү күндүн куралы, Ээсиз калдың кайыр-кош! Сени менен иши жок, Баркыңды билген киши жок, Кезинде жеген жемиң жок, Кеп айтарга тилиң жок, Тулпарым, калдың кайыр-кош! Бараңдын огу батпаган, Жебенин огу житпеген, Чапса кылыч кеспеген, Сайса найза тешпеген, Отко салса күйбөгөн, Жыртылганды билбеген, Олпогум, калдың кайыр-кош! Айтылуу Бэйжин шаарынан, Намыс кылып калмакка, Жерин тартып алганда, Качып келген алашка, Айкөл төрө Манаска, Азизкандын Алмамбет, Асынып келген Алмабаш, Ыңай, туура ылгабас, Ажалдууну издеген, Аткан огу жөн учпас, Асынып жүрсө Алмабаш, Ай далынын белеги, Атып жүрсө Алмабаш, Аманат жандын эрмеги, Сыйкырдын сыры чечилген, Ар качан тийген кереги, Кайып болуп кетерде, Кененимге Гүлүстөн, Атайын берген белеги, Алмабаш, калдың кайыр-кош! Кеңколдун башы жети төр, Адырмак сонун жерин көр, Чалкалап жаткан төрүн көр, Чалкайып жаткан төшүн көр, Шамал болсо ыргалган, Кулпурган түрдүү чөбүн көр, Төрлөрүм, калдың кайыр-кош! Алпештеп мени өстүргөн, Эстесе жүрөк өрт күйгөн, Асман тиреп заңкайган, Алатоо калдың кайыр-кош! Баркөл, төрт көл атанган, Баргандын көөнү кубанган, Бакыр барса жай алган, Көлдөрүм, калдың кайыр-кош! Шылдыраган мөлтүр суу, Алтын булак күмүш суу, Сыйынган мазар булагым, Аркамда калдың кайыр-кош! Мөңгүдөн мөңкүп аккан суу, Ак калпак кыргыз көп алаш, Ар күнү таамын таткан суу, Сымаптан сыны сапаттуу, Айрылдым, суум, кайыр-кош! Будур-будур дүмүр баш, Буткулда суусу аралаш, Саздарым, калдың кайыр-кош! Курбу-курдаш, сөз сырдаш, Жаштарым, калдың кайыр-кош! Жапанда жалгыз жолуккан, Жапаны бирге тең тарткан, Белиме таңуу Медетим, Жетилбей, калдың кайыр-кош! Бет алган жакка жол салган, Баатырлык кылып жоо сайган, Беттешкенди сулаткан, Аттуу балбан, жөө балбан, Ылгабай баарын тең алган, Эңкейген жерде өбөгүм, Аркамда жөлөк тирегим, Көкбука, калдың кайыр-кош! Сүйгөнүн тилеп кудайдан, Карадөөнүн колунда, Кайткан эмес ырайдан, Кутулган араң убайдан, Ата-энесин көргөндөй, Мени көрсө кубанган, Мени менен бир турган, Бирге туруп бир чыккан, Жан жүрбөстүн кумунан, Алтынай менен Чолпонай, Айрылып калдың кайыр-кош! Ата-энеси тең өлүп, Энеси байкуш чөлдө өлүп, Атасы Карадөөдө өлүп, Азапты чөлдө тең көргөн, Аз жыл болгон көөнү өскөн, Жергелүү элге баш болгон, Айылым, калдың кайыр-кош! Опаасын көрбөй тапкандын, Убайын тартып жалгандын, Кызыл гүлдөй бүрдөгөн, Жаш өрнөктүү күнүмдө, Жалгандан өттүм кайыр-кош! Сүйөнөр туйак тукум жок, Сөөгүм сыздап жалын чок, Күлгүн жашта Сейити, Кыйамат кеттим кайыр-кош! Алдымда калган агам жок, Аркамда өсөр иним жок, Жалгыз канат, жалгыз жан, Ата-энеден жалгыз мен, Оролдум жалган дүйнөдөн, Атымды менин өчүрбөй, Артымда калган балам жок, Армандуу өттүм кайыр-кош! Жыйырма экиде жаш кеттим, Ата менен энеге, Арманым айтар күн болбой, Жан үзгөндө бир көрбөй, Кайгылуу кеттим кайыр-кош! Боз топурак жер болуп, Жалгыз атым жоголуп, Туз көмгөндөй көмүлгөн, Сейити менде арман көп, Кектешкен жоодон мен өлбөй, Же жоодон өлбөй калган соң, Кызыл канга бөлөнбөй, Ооруп жатып үйдө өлбөй, Атанын тилин албастан, Азапка туура туш болуп, Кейиште кеттим кайыр-кош! Атым калды ээсиз бош, Сейиттин уулу дедирип, Калбады туйак кайыр-кош.... Жаш кабылан жалооруп, Жан үзө албай жатканда, Төштүктүн уулу Жоодар чал, Жол чалып жүрүп кайгуулдап, Учурап калды чунакка, Жан үзө албай жаткан жан, Жанына келип караса, Кененим уулу эр Сейит, Көөзүрдүн өзү турбайбы, Ташкелте огу жаңылып, Тили калып күрмөөдөн, Жан үзө албай жаткан кез, Көрө салып Жоодар чал: “Мени кудай урбайбы, Таштап кетсем талаага. Сен колдуу болгон экен, деп, Кененимдей балаага, Калбайын кара жалаага, Таласына барайын, Айтып кабар салайын, Жаш кезинде Кененим, Мага кылды көп кызмат, Ыраазылык алайын. Кажыр талап, кузгун жеп, Кыргыздар өлүп жатат, деп, Жалпы жердин бетинин, Жалаасына калбайын. Айтпай кетип мен калсам, Айкөл Манас арбагы, Ашкере мени урбайбы!» Деп анталап Жоодар чал, Айылдын айтып четине, Кантип чыдап турам, деп, Кененимдин бетине, Эми болдум дегенсип, Жүрүп кетти жерине, Ак калпак кыргыз эл угуп, Айал-эркек тең угуп, Чогулушуп дүрбөшүп, Кабактарын бүркөшүп, Каран түн түшүп башына, Кандай заман болду деп, Кайгы тартып, муң басып, Уккан киши бүт калбай, Сейитти карай чубашып, Элдер келсе жанына, Жанында турган тулпары, Чөп жебей да, суу ичпей, Төрт айагын бир серппей, Айланта тиктеп Сейитти, Көзүнүн жашы бурчактап, Куйругун чачып жалжайып, Жеп салдым ээмди дегенсип, Сейитини кайтарып, Турган экен жанында. Эл караанын көргөндө, Айгырдан жаман аркырап, Ачуу үн чыгып даркырап, Аза күтүп жаныбар, Көзүнүн жашы бурчактап, Ыйлап жатып Телкүрөң, Кесерден төмөн шакшактап. Эң алдына келгени, Ордонүн ханы Орунбай, Оң бөйрөгүн тайанып: — Ойронум Көкжал, не болдуң? Алтымыш уруу көп алаш, Арстан атаң Кененим, Ак чач энең Чыныке, Артыңда калып, Сейитим, Көрөр күнү не болду? Артыңа таштап аларды, Армандуу кылып не болдуң?! Өкүрүп келип бүк түштү. Жаш жолборс ирмеп көз ачып, Атанын сырын билген эр, Ак жеринен сөз айтып: — Ташкелте огу жаңылып Өлдүм өзүм, — деп айтып, Ошондон башка кеби жок Көзү жашыл күүгүмдөп, Кетип барат кубарып, Муздак тер чыгып маңдайдан, Таноолору кысылып, Болбой калды бузулуп. Чирене түшүп жок болду, Оозунан түтүн бүр этип. Билер билбес алкымы, Чиренгенде кыр этип, Тегеректеп турган эл, Баары кетти чур этип... Ошол кезде карасаң, Чыдай албай көк асман, Булуту жок бүркөлүп, Мунарыктап чүмкөлүп, Карыш жерге көз жетпей, Капкара болуп түмпөйүп, Үп этип бетке билинген, Үшкүргөн шамал жел чыкпай, Жан-жаныбар жыйылып, Көзүнөн жашы төгүлүп, Үн чыгарбай жымыйып, Кара күрөң жер бети, Кабагын түйгөн кишидей, Каран калган дүйүйө, Капылеттүү ушундай. Кайсы экени билинбей, Күн карарып тутулуп, Өчпөскө бүткөн күн ыйлап, Өлбөскө бөткөн түн ыйлап, Асманга тийген ай ыйлап, Зыркырап жылдыз зар ыйлап, — Карап турган кашында, Калың кыргыз калкы ыйлап, Жерге чыккан чөп ыйлап, Жан-жаныбар макулук Калбай баары бүт ыйлап, Кайың терек, тал ыйлап, Заңгыраган тоо ыйлап, Асман тиреп бой керген, Арсак Алатоо ыйлап, Аккан дайра суу ыйлап, Чалкып жаткан көл ыйлап, Какшып жаткан чөл ыйлап, Чалкалап жаткан төр ыйлап, Мазар булак саз ыйлап, Чыдап жерге жата албай, Азырет арбак баары ыйлап.