← Сейит 5/8

Каран күн түшүп башына. Алтымыш уруу алашка, Жыйырма экиде кызыл гүл, Өмүр көрбөй эсит жаш, Кайран шер өттү дүйнөдөн, Жарык күн кетип төбөдөн, Күн тийбеске оролду, Жалпы элге салды жалын чок, Атаңдын көрү дүйнө бок! Кеңколдо жаткан бүт калбай, Жыйылып баары тура албай, Сейитти артып күрөңгө, Чогулду барып коргонго, Сейитинин өлгөнүн, Эли барып угузду, Эр Кененим көкжалга, Чыныкедей карыга, Кылжыкедей келинге, Бул үчөөнө айрыкча, Кыйын заман күн болду, Кызыл кан өтүп ичинен, Чыныке байкуш тура албай, Өлөмүн деп жан ачып, Чыңырып бычак талашып, Тели-теңтуш, эр–айал, Колун бекем кармашып, Көп насыйат сөз айтып, Кылжыке бети жарадар, Кыйын болду санаадар, Акылын таппай көп ыйлап, Өлсөмбү деп айанбай, Үмүт кылат бир чети, Талгак болгон чагы бар. Кара кийип, кан жутуп, Кара элечек оронуп, Кош бөйрөгүн тайанып, Тескери карап чач жайып. Эң эле жаман жан кыйнап: — Жаш ойронум, — деп ыйлап, Өмөрүң кыска, күнүң аз, Өмүрлүк менин жубайым. Өтүп кеттиң! – деп ыйлап, Арстан элең, туу элең, Ажыдаар элең душманга, Ажырап калдың, — деп ыйлап. Мээрим канбай бушманда, Айрылып калдым мен бейбак! Карарып жаткан чок элең, Кас душманга ок элең, Капшытта жолборс жатат, деп, Калкыңдын көөнү ток эле, Аркаңда калдым мен бейбак, Каралдым Сейит, — деп ыйлап. Кызарып жаткан чок элең, Кыргызга капка тоо элең, Кыраңда жолборс жатат, деп, Кыргыздын көөнү ток элең. Артыңда калдым мен бейбак, Карааным Сейит, — деп ыйлап. Бала чакта аттанып, Чачылып кеткен эл мүлкүн, Арстан, өзүң жыйнадың. Жабыркатып элиңди, Жайдарым, мени таштадың, Жаш жолборсум, — деп ыйлап. Ай балтаңды ким аштайт? Ак калпак кыргыз элиңди, Атышкан жоодон ким сактайт? Аташкан жардан айырылып, Армандуу болдум мен бейбак, Алажат мени, — деп ыйлап. Ордолуу кыргыз элиңдин, Оорутпай көөнүн ким табат? Карып калган атамды, Каркыттап сендей ким багат? Каралдым Сейит, — деп ыйлап. Алдейлеп эмчек эмизген, Алпештеп жүрүп өстүргөн, Өтүп кеттиң дүйнөдөн, Энемдин сүтүн ким актайт? Алты сан арбын элиңди, Айбаттуу жоодон ким сактайт? Өмүрдүк жардан айрылып, Армандуу болдум мен бейбак, Нээ жаздым, кудай? – деп ыйлап. Курсактагы куу тумшук, Кудай берсе эркек тууп, Тукумуң туйгун чыгарбы, Чоң атаңдай жутунуп, Жолборсум Сейит? – деп ыйлап. Карыган атам боздотуп, Сендей болуп жаш өлүм, Түп атаңдан бер жакка, Келиптирсиң тукум кууп. Карындакы кара баш, Мурас болуп төрөлүп, Тулпарың токуп минеби? Торолүп эти толобу? Тобурчак минип дууланып, Асаба жайып, туу сайып, Атаңдан калган Таласка, Ээлик болуп жүрөбү?! Деп зарланып Кылжыке, Эбегейсиз жан кыйнап, Эчкирип жаман көп ыйлап, Эси ооганда Кылжыке, Жатып калды солкулдап. Катуу ыйлап жан кыйнап, Каргылдап үнү буулуп, Карыган байкуш Чыныке: — Кан жуткузуп ыйлатып, Энеңди карып кылып таштадың. Жарадар болуп кан агып, Жатканыңда, чырагым, Жаныңда сенин турбадым! Жагалмай учат жем үчүн, Жанымды кыйып ийсемби, Жалгызым Сейит, сен үчүн. Ак шумкар учат жем үчүн, Асыл жандан кечсемби, А, кокуй Сейит, сен үчүн! Алдейлеп эмчек эмизип, Алпештеп сени баккамын, Алдыңа сенин кетпедим, Аллага кандай жазгамын? Тогуз ай сени көтөрүп Омуртка сөөгүм сыздаттым, Алдыңда кетпей мен сенин, Аркаңда калып сыздадым! Жалгыз чырак Сейити, Жаныңа мени ала жат, Жаныңда, Сейит, бир жатпай, Кантип турам аманат? Аттанып бала чагыңдан. Азабын тарттың элиңдин, Алдыңда сенин кетпедим, А, кокуй Сейит алажат! Ботодой боздоп буркурап, Бүткөн бойу зыркырап, Жаш кулундай чыркырап, Буулугуп үнү кыркырап, Өлөмүн деп көгөрүп, Өксөп ыйлап жатканда, Кайраты артык Көкжал шер, Кененим келди жанына: — Ээ, эси жок көк кемпир, Сеники эмес Сейити, Экөөбүзгө тең эле, Ата–энеси биз тургай, Калың элге бел эле. Ыйлаба десе тил албай, Сен ыйлайсың мынча эле, Өлгөндү ыйлап тиргизип, Алганы жок эмгиче. Кой деген тилди укпады, Айткан акыл жукпады, Өз башы менен кетпестен, Убайы элге жукканы. Улуктун тилин албаган, Журт упурайт аркачан, Хандын тилин албаган, Калк упурайт аркачан, Карынын тилин албаган, Жаш упурайт аркачан, Атанын тилин албаган, Бала упурайт аркачан. Барбагын деп көп айтсам, Тил албады чунагың. Тил албай барып өзү өлүп, Арманды ичке жыйганын, Кой, кой десе тил албай, Болбой неге ыйладың? Билгенимче азыраак, Мен айтамын жалганды, Өзү жалган шум дүйнө, Өлүмдөн качып ким калды? Тирүү болгон барлык жан, Шум дүйнөгө алданды. Жер жүзүнө жаралып, Адам деген наам алып, Бул дүйнөгө карк толуп, Адам уулу көп болуп, Ошондон бирөө калбады, Ошончо адам тараткан, Адам өзү калбады. Жан толтурду жерге, деп, Жалгабастан адамды, Жалоорутуп алганы. Ажалдын жайы мына ушу, Миң жашаган Ноо өттү, Өчпөй аты айтылып, Өмүрлүү топон суу өттү. Бирден калды насили, Батышпай жерге кеткенде, Мана минип түгөттү. Асманда учса канаттуу, Дөөпери пери адаттуу, Адамзаттан өөдөрөөк, Алда канча санаттуу, Бул ааламды бир мезгил, Ошолорго каратты. Учуп жүрүп баары өлдү, Ошолорду карачы. Баашалык кылды Сулайман, Өзү адам баласы, Так Сулайман бааша деп, Өзү кудай жаратты, Жер жүзүндө бар жанды, Он сегиз миң ааламга, Орду менен таратты. Учарлыктан, тынарлык, Өкүмүнө карашты. Ырыскысы бүткөндө, Өмүрүн бирден санатты. Тил албай өлгөн Сейити, Өөдөбү мындан карачы? Өкүмү өткүр кудаанын, Өз достусу Мухаммет, Бу да адам баласы, Эмигичекти келатат, Дин өзгөрбөй намазы, Ырыскысы бүткөндө, Ырайым кылбай аны алды. Ырас ажал жеткенде, Кутулуп андан ким калды? Ыбырайым эр жалгыз, Мухамметтин баласы, Жашырбай чынын айтканда, Жалгыз көздүн карасы, Жаза басып койдуң, деп, Жаштайында дагы алды. Ойлобойсуң, көк кемпир, Өткөн далай адамдар, Сейити андан өөдөбү? Кутулуп мындан ким калды? Өзү шерим деп айткан, Эрлердин бири Шаймерден. Кысылышкан тар жерде, Камал бузуп жол салган. Заңгы менен дөөлөрдү, Сапырып кырып таштаган, Канчасын алган андайдан, Аккан салар баштаган. Кызыгына келгенде, Кыйла баатыр жан берген. Ажалы жеткен күндөрдө, Бир чапкан шамшар мизинен, Абдыракман мылжым ден, Өтүп кетти дүйнөдөн, Ойлобойсуң, көк кемпир, Сейити андан эр бекен? Асан менен Үсөйүн, Азыреталы уулу экен. Алганы Бүбүбатманын, Медет кылган уулу экен, Ошолор өттү жалгандан. Кырылышып хан да өлдү, Жашында кетти бей арман, Сенин уулуң Сейити, Ошолордон эр бекен? Адам ата, аба эне, Андан бери карата, Ааламдан ашкан эр өттү, Камал бузган шер өттү. Санатын билбей дүйнөсүн, Сасыган нечен бай өттү, Күндүк токоч сурап жеп, Күн кечирген дагы өттү, Жүзүн көрбөй эл качкан, Залым бааша жана өттү, Өмүрүн эли тилеген, Адыл нечен хан өттү, Миңге чыгып кары өттү, Энеден туулуп дагы өттү, Курт – кумурска, бөй – чайан, Кыймыл эткен тирүү жан, Баарын өлүм түгөттү. Атанын тилин албаган, Шаштырып ажал айдаган, Атылып өлгөн Сейити, Ойлоп көрсөң күнөө көп. Аалынын ордун жоготпос, Коморулгус тоо болсо, Чоң экен деп эч коркпос, Имам Мамет, Аныйпа, Ааланын амир тагдыры, Азыр бар тирүү бир тоодо, Имам меди чазында, Кайып болду башында, Жарык күндү көрө албай, Азыр жердин астында, Жер алдына түшүптүр, Он сегизде жашында. Сенин уулуң Сейити, Акырет көздөй бет алды, Жыйырма эки жашында, Ошондой уулуң эр бекен? Өжөрлөнүп ыйлайсың, Ойлоп көрчү, көк кемпир, Өлөрү Сейит эп бекен?