← Сейит 6/8

Бу дүйнөдө шер өткөн. Үрүстөм дастан дагы өткөн. Ага – ини бир тууган, Амир, Темир экөө өткөн, Баарысынын абзели, Азыреталы шер өткөн, Сенин уулуң кептенип, Армандуу өлгөн ким өткөн? Акыл кепти албаган, Артында майып аркачан. Абайлап, кемпир, угуп тур, Жакынкысын мен айтам. Кытайдан келген Алмамбет, Алтын так таштап талаага, Алашка качып келген дейт, Атам айкөл Манаска, Көп аткан акыл насаат кеп. Алмамбет тилин албастан, Кытайдан алган Бейжинге, Алты ай сурап канбастан, Кытайга чапкан балтага, Учурап калып как баштан, Ааламдан өткөн деп угам. Сенин уулуң Сейити, Айткан тилди албаган, Так ушуну ойлосом, Ырас болду деп турам. Кытайдан келген кыргызга, Алмамбет арзан жан бекен? Не ыйлайсың мынча эле, Уулуң анча бар экен? Балта дөөнүн баласы, Баатыр Чубак деп угам. Жетимиш миң кол болсо, Баш тартпастан оолуккан, Балбан эле деп угам. Алмамбет айтса акыл кеп, Укканында макул деп, Бастырганда унутуп, Атылып өлгөн деп угам. Айткан тилди албаган, Сенин уулуң Сейити, Ырас өлдү деп турам. Алмамбет айткан керээз кеп, Акылга Сыргак илет деп, Алгара таштап Коңурбай, Ташка чыга бергенде, Көр напсиге алданып, Алгараны алам деп, Очогордун огуна, Учуп кеткен деп угам. Сенин уулуң Сейити, Ушунча малга тойбоду, Айткан кепке болбоду, Оолугуп болбой койгундай, Ат бастырып Бейжинден, Келген киши болбоду. Күүлөнүп барып өзүнчө, Күмжан болуп жоголду. Бир тарабын айтканда, Дегеле жакшы болгону, Жетим калып Семетей, Тентип кеткен ченебей, Энеси Эркин чоңойтуп, Эч нерсени элебей, Бүткүл дүйнө кылымды, Бучкагына теңебей, Каныкей, Бакай айткан кеп, Калбай ойдо кенедей, Чынкожо кулдун огунан, Корголоптур үңкүргө, Жаандакы эчкидей, Узун болгон деп угам, Ошол бир күн кечкирбей. Алмамбет уулу Гүлчоро, Ажыратып алыптыр, Айтылып калган биздерге, Жалганы жок аныктыр. Ушу жалган шум дүйнө, Сымаптай болуп жылтылдап, Оодарылып кылтылдап, Алардан ашып калыптыр. Бул дүйнөнү элебей, Азыр алар кайыптыр. Же адал жүргөн калбады, Же арам жүргөн калбады, Жакшысынан сүйүнбөй, Жаманынан жийиркенбей, Баарын ажал жалмады, Ошолордон эр бекен, Сенин уулуң калабы? Пайгамбары башкасы, Кыймыл эткен бар жаны, Мойун сунуп ажалга, Кетти баары тамамы. Билгизип айта кетейин, Билимдүү Бакай абамды, Өткөрүптүр башынан, Угушта далай заманды. Айткан экен хан Бакай, Кырк эрге кызмат кылдым, деп, Айтышынча абамдын, Жашы миңден ашканбы? Өткүр Бакай абакем, Өзү карып чалыкпас, Акылы айнып талыкпас, Артык мүнөз жан экен, Чогултуп айтса тыйанак, Артык сыйкыр бар экен, Артыктыгы бар жандан, Алдыңкы өткөн адамдан. Акыл айтып жол берип, Көрсөткөн экен далай жан, Кулак менен уккандан, Унутуп бирөөн калбаган, Ошол үчүн эмгиче, Келген окшойт хан абам. Ыраазы кылып айкөлдү, Каныкей энем тирүү деп, Мен угамын мындай кеп. Ээрчитип кеткен хан Бакай, Сен да кошо жүргүн деп, Күмөнү жок ырас кеп. Касиеттүү адамдын, Айтканын кабыл алган дейт. Сенин уулуң кептенип, Башка эмес атасы, Ашкере айтып бергенди, Унутуп качан калган дейт? “Ата ыраазы, бата көп, Эне ыраазы, сүтү ак” Ата ыраазы болбосо, Бата тийбейит балага, Эне ыраазы болбосо, Сүтү арам балага, Берген менен батасы, Бекер кетет талаага, Эмизген менен ак сүтү, Араң болот садага. Эр ыраазы, нике ак, Кызмат кылган эрине, Айалдардын күчү ак. Ыраазы кылып алганын, Өлбөй Чүрөк ал турат. Батадан бүткөн башында, Көкөтөйдүн ашында, Капыр менен мусулман, Көпчүлүктүн кашында, Так Сулайман үңкүрү, Семетей тирүү азыр да. Акыр заман падыша, Аттанып чыккан чагында, Ошо кезде Семетей, Тулпар минип, туу кармап, Жоо сайат деп мен угам. Күчүн айап бул жерден, Көрсөтпөй кеткен деп айткан, Шоорат берсең бергин деп, Акыркы уруш дегенден. Имам Мамет, Аныйпа, Алдында айткан деп угам. Андан бери калгандан, Жумуру баштуу адамдан, Кытайдан келген Алмамбет, Акыреттин султаны, Анык жасоол деп угам. Кытайга кайра барарда, Калмакка каран саларда, Капкачанкы кыргыздын, Кегин кууп табарда, Айкөл Манас эр үчүн, Алашка кызмат кыларда, Азизкандын Алмамбет, Арманын айтып буркурап, Андаган бенде чуркурап, Адам эмес айбандан, Алтымыш тамыр зыркырап, Токтоно албай турган деп, Уккан элем бу бир кеп. Айткан экен ошондо, Арууке ачык жалган кеп: “Болор – болбос бир күмөн, Бойумда менин бардыр” деп. Аруукеден угуп кеп, Сүйүнүп кетип Алмамбет, Сүйсөң бала бергин, деп, Алтын кемер ботокур, Кол башындай түйүнчөк, Кошуп ага берген, деп, Аруукеден туулбай, Кытайдан алган соогага, Эсен хан кызы бир Мыскал, Ошондон эркек туулган, деп. Өгөйлүк кылбай Арууке, Оозанткан экен баланы, Курчаган экен кемерди. Тапшырыптыр белегин, Чоңойуп калса бергин, деп, Каныкейге Арууке” Асыл султан баласы, Жумуру баштуу, айры төш, Адамзаттын даанасы, Элине жаккан эр үчүн, Унутпай келет эмгиче, Гүлүстөндү карачы; Жалгыз бейит Канчоро, Алмамбеттен кем эмес, Ал Чубактын баласы. Көзү ала, ичи чаар, Кыйгач болуп санаасы, Айкөл Манас, Алмамбет, Тукумуна кас болду, Семетей тилин албастан, Сур атты берип ошого, Кечирлерин кестирип, Кар болду түбү карачы. Аганын тилин албаган, Кар болот ини ар качан, Сен ушуну байкачы, Атанын тилин албаган, Сенин уулуң Сейити, Өлбөй тирүү калабы, Алмамбеттин бул уулу, Кудайдын сүйгөн чын кулу, Өзү кийин туулса да, Көп кишинин улуусу, Ошол кезде билгичтер, Оройу кары деп койчуу. Сепкили жок ак жүздүү, Ийриси жок түз сөздүү, Өзү кайып болсо да, Айтылып калды мүнөзү. Дүйнөдө канча өр өткөн, Эсирип Гүлүс шер өткөн. Өттү десе Гүлүстөн. Дүйнөдөн өлүп өтпөгөн, Кайып болуп көрүнбөй, Кырк чилтенге ал өткөн. Бастырбай жатып жай токтоп, Имам меди чазында, Жатар имиш ок копшоп. Акыр заман падыша, Аттанганда казатка, Алтын туусун көтөрүп, Арстан Гүлүс жүрөт дейт, Ат ойнотуп жер чаңдап, Жолду баштап алдында, Ошондо көргөн караанын, Акыр заман эл даңдап, Оң четин колдун башкарып, Семетей абам туу кармап. Ал бешөөнөн башкасы, Энеден түшүп туулмак, Экинчи көрбөй дүйнөнү, Өлүп кетип курумак. Алар өлбөй калабы, Кармап калар адам жок, Каран дүйнө жалганды. Анык көзгө көрүнө, Акыркы уруш кезинде, Ажал сермеп жалмады. Сурга барат эсепке, Алардын асыл хандары, Дегеле өлбөй дүйнөдө, Тирүү бенде калабы? Тилимди албай күм болду, Менин арманым ичте дүм болду. Армандуу кетти бул чунак, Кайрат кылгын а көргө, Курсагын күтүп келиндин, Кайрат кылып сен чыдап. Күн айтасың күбүрөп, Түн айтасың бүжүрөп, Бойунда бар келиним, Эркек төрөр бекен деп, Белиңди бууп бекемдеп, Кудайдан тиле эртелеп. Келиниңди багып ал, Тур, ыйлаба ордуңан, Ыйлай бербе дайны жок, Тирилтиш келбейт колуңдан! Кемпирге айтып ачуусун, Элге кылып жемесин, Кайраты артык Кененим, Барыга айтып акылды: — Калтырбай күнгө жума экен, Өлүктү жерге тапшыргын, Дүрбөп жүрбөй бекерче, Эл, үйүңө кайткының, Сарамжал алып иш бүтөп, Айтканын кылып арстандын, Эл тарарга калганда, Чай көтөрүп чанданы, Кененимге барды анда. Чарага этин көтөрүп, Куйругун баса көмөрүп, Алып келип жаткан бар; Бээ семизин жыгышып, Туздан чылап чык кылып, Карчыга менен учасын, Карын-карта ич этин, Чучук, жалын бүт салып, Көтөрүп келип жаткан бар.