← Сейит 1/6

Куткарбастын өлүшү

Куткарбаска эр Сейит, Жетер-жетпес жеткенде, Жетсе жалмаар кездерде, Биринчи болуп жол тоскон, Куткарбастын зор Чанак, Бул экөөнө жолгошкон. Жол тосуп турган бул Чанак, Мыктылардын бири ал, Мунун жайын билип ал, Элүү киши бир сапар, Кармалбай колу шал болуп, Кара бойу дал болуп, Кара терге чумулуп, Эси ооганча урса да, Кебелбестен кенедей, Эчтемени элебей, Турган болчу ченебей, Өтпөйт буга түк тайак, Ошондуктан мыкты деп, Атанган болчу зор Чанак. Жол тосуп турган жеринен, Мен бармын Сейит, качпа, деп, Чыга калды чанаңдап, Жылаңач уйдун тай торпок, Букачардай танаңдап, Эки эмчегин карасаң, Дарбыздай бар салаңдап. Жалайак ооз, кир кабак, Алдынкы ээрдин жаланат, Ат минбестен керк минген, Эки буту жыйналбай, Кара жерге сүйрөлгөн, Төш жары бар калыңы, Алдыңкы эрди түйрөйгөн. Мурду жалпак, бүтүк көз, Эки айак кара жумур баш, Болбосо адам өңдөнбөйт. Найза кылыч албаган. Чокмор менен балтаны, Колуна кармап көрбөгөн, Иштетип жарак көнбөгөн, Кайда чынар бар болсо, Сүйрөп алып жөнөгөн. Аты Чанак чанаңдап, Жарагы чынар болучу, Бутактары салаңдап. Биринчи болуп тоскун, деп, Жибергели Куткарбас, Жыгачтуу жерди кыдырып, Дайраны бойлоп сыдырып, Бир жыгачты жаратып. Алып келген болучу, Жоондугу жыгачтын, Алты кучак толучу. Туура үзүлүп сынбаган. Тараша кетип жарылган. Сыйдан камыш курушу, Мындан мурун Сейитим, Көргөн эмес деги эле, Бул өңдөнгөн жумушту. Айал-үйөл кылалбай, Аты-жөнүн сурабай, Баштады Чанак урушту, Арзан менен бүтпөстөй, Бул Чанактын жумушу. Узундугу он кулач, Ар бутагы ар чынар, Жалбырагы салбырап, Булгап алды колуна, Сейитимди салам дейт, Бир чапканда жолуна. Байкаса Сейит болжолун, Какса чынар эп келбейт, Колтукка найза сайганга, Ага Чанак жеткирбейт, Күүлөнүп Чанак чапканда, Телкүрөңдү зыргытып, Чыга берди бир жанга. Чынарын жерден көтөрүп, Өлүгү кайда Сейит, деп Жерди тиктеп жатканда, Кыйамы туура капташты, Кыйрынан тийчү арстанга. Хан Сыргактын сыр найза, Тоо томкорот тик сайса, Оң колтуктун көбүк эт, Дал өпкөнүн тушу, деп, Кан жөткүрүп күрсүлдөп, Чирип өлсүн Чанак, деп, Манастап Сейит бакырды, Телкүрөң кулак жапырды, Сырнайзаны өпкөгө, Төш жаргыча батырды. Түпөктөн найза какалды, Андан ары баралбай. Өтпөй найза такалды. Байкаса баатыр Чанакты, Кенебейт да, элебейт, Төш жары кирген найзаны, Машачалык ченебейт. “Кайра айланса бадырек, Кагышат экен далайга” Деген ойго келгени, Тартып алып өпкөдөн, Бакалоордун безине, Баатыр муштап имерди. Алкымга найза тийгени, Эми Чанак билгени, Минген керкин томпойтуп, Аркасына имерди. Андан мурун бул Чанак, Күрөөкө, соот кийбеген, Ар качан чынар иштетет, Узун келип чынары, Найза, кылыч, айбалта, Денесине тийбеген, Эрлердин кандай иши бар, Ишенип жүргөн чынарга, Муну Чанак билбеген, Телкүрөң оозун имерди, Айбалта менен Чанакты, Кулактын үстү дымдоокко, Айабай тартып жиберди. Ошончо тийген балтага, Жарылып сөөгү кетпеди, Жайнап мээси түшпөдү, Сейиттин иши бүтпөдү. Балакет Чанак ошондо, Такыр колтук бакалоор, Каракуштан жаралуу, Ачыган жаны бадырек, Жаралуу болгон каман бул. Күркүрөтүп чынарды, Айландырып имерди. Чынардан чыккан шамалдан, Үч күндүк жерге токтобой, Учуп кетти далай жан. Агындар кургап чөл болду, Өзөндөр буулуп көл болду, Чөлдө жүргөн жаныбар, Токойдо жүргөн маралдар, Томолонуп торойду, Жыгылганы копкон жок, Көбү өлүп жоголду. Чанакты тиктеп делейип, Карап турган Куткарбас, Чычкансур менен селейип, Жыгылган жок ыргалып, Жарым күндүк алыска, Барып калды ырганып. Топурак кирип көзүнө, Кум тыгылып оозуна, Кордук көрдү ошончо, Эсин жыйды эр Чанак, Көзүн ачып ошондо. Колундагы чынары, Жалбырак калбай күбүлүп, Бутактары сынып түгөнүп, Өзөгүнөн чынары, Тараша кетип жарылып, Шалдырап калган кези экен, Көзүн ачып алайып, Алдынкы ээрдин жаланып, Эки жагын каранып, Сейитке уруш салам, деп Дагы чынар таап алып, Бастырды Чанак далайып. Бура тарта бергенче, Бала жолборс эр немең, Оң бөйрөктүн өзү, деп Урду найза күү менен. Бөйрөктөн өтүп бул найза, Табарсыкка мылк деди, Томпойгон кертен эр Чанак, Томолонуп шылк деди. Жыгылды Чанак дүп этип, Сейитимди качырды, Минген керки корк этип, Сейитимди сүзөм деп, Дөбөнү сүздү качырып, Торопойун тоздурду, Ал дөбөнү түзөтүп. Мурдун тартып кошкуруп, Томполоңдоп жөнөдү, Ачууланып Сейитим, Ого бетер көгөрдү. Тумшугуна мүйүзү, Эр Сейитке жеткенде, Сүзө турган кездерде, Жазганбаган кара көк, Бардашы жаштан бир бөлөк, Тумшугун орой кармады, Колун жерге тийгизбей, Көтөрүп тура калганы, Ошондо көрүп турбаган, Кишинин көптүр арманы! Эки колу Телкүрөң, Тизеден жерге батканы, Керктин өтүп салмагы. Эр Сейит жерге силккени, Мойун сөөгү ошондо Туура үзүлүп кеткени, Жарым күндүк алыстан, Көрүп турган Куткарбас, Керки менен Чанактын деп, Катар өлүп кеткенин, Ушерде айта кетейин, Ойуна алган кептерин: “Сейитке басып барсамбы, Саламдашып калсамбы? Сейиттен сурап сулууну, Катындыкка алсамбы? Калган элди тартуулап, Хан тактамда турсамбы? Тапан ханды өлтүрбөйт, Өзү айткан кеби бар, Мени дагы өлтүрбөйт, Эр эмеспи Сейитим Айткан кебин тана албайт, Түндүктөн келди түштүккө, Сулуу кызды кубалап, Сураганга бере албайт, Сурасам кызды бербесе, Кызды алып кеткенде, Калган элдер кеп айтат: — Жылма беттүү катынды, Тартып алдың эринен, Сени издеп тийем, деп, Сулуу кыз келсе жеринен, Сейитимге ал кызды, Кармап бердиң неликтен? Жаның таттуу сеники, Ар кимдики өзүнө, Жаны таттуу билгин сен. Деп табалайт калгандар, Анда айлам не болот? Өлсөм жандан кутулам, Өлбөй тирүү болгондо, Жаман катын, жаш бала, Жабырап айтат жамак кеп, Жаладан кайдан кутулам, Үмүтүм үзүп жаныман, Өлүмдү алып мойнума, Эминеден коркомун? Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, Тапан хан бар колумда, Дагы эки балбан бар, Сейитти тосор жолумда. Балбандан айла болбосо, Баарысы өлүп сойлосо, Жашыл жээктин ойуна, Аккан суунун бойуна, Кара, кызыл, көк тендин, Алпарайын тобуна. Бир аргасы табылып, Сейит түшөр колума. Мени кууп жеткенче, Жол арбытып кетейин, Экинчи жолдон тосмокчу, Эр Тетеге жетейин. Кара тендин эли эле, Тете мыкты эр эле, Жетимиш миң кишиге, Мен боломун дер эле. Салмоор менен таш урган, Кезенгенин жок кылган, Күндүк жерден жаа тарткан, Түштүк жерден найза аткан, Канжар уруп жан алган, Канжарды жаза урбаган, Өтө мыкты неме эле, Сейит аны биле албайт, Жаа тартып канжар ура албайт, Ташты тандап жыйалбайт, Салмоорго салып алалбайт, Тете билген өнөрдүн, Бирин да Сейит биле албайт. Ала турган Сейитти, Таптым Тете эрди, — деп, Колго түшөт эми эле, Оңуна Сейит келди” деп, Жолго түштү кеңгиреп. Керки менен Чанакты, Катар жеңип кулатып, Кезкерип найза чунайтып, Телкүрөңдү чуратып, Чычкансур изин кубалап, Жолго кирди эр Сейит. Алышканы эсте жок, Эми эле жаңы чыккандай, Оңдонуп минип Күрөңгө, Кууп кирди баатырың, Көнүк болгон Телкүрөң, Айгайлаган сүрөөнгө, Ушул күнү көкжалдан, Куйун минип жүрсө да, Кутулуп душман кеткисиз, Кууп чыккан Күрөңгө. Жагалданып Телкүрөң, Жаңыдан кызып алыптыр, Жаадай сызып калыптыр, Жарым күн кеткен Куткарбас, Караандаш жете барыптыр.