← Сейит 1/6

Куткарбастын качышы

Качкан бойдон Куткарбас, Элине жетти энтелеп, Куткарбастын астынан, Жүгүрүп келет нечени, Жыгылып-туруп темтелеп, Атка арткан чаначтай. Булагайлап булчуң эт, Чыканактын кырк мууну, Талкаланган эмеспи, Үзүлүп түшүп калчудай, Жерди тиктеп салаңдап. Билген эмес майданда, Эрлик менен андайда, Элине жакын жеткенде, Ооруган колго чыдабай, Тил менен ээрдин жаланат, Эки көзү алаңдап, Тегерете каранат, Ого бетер ачуудан, Көөдөй бети карарат. Бадананын сыртында, Каткан кандар салаалап. Алды-аркасы аскери, Келип жатат сабаалап. Бир четинен бузулуп, Кара-кызыл, көк эттүү, Кетип жатат талаалап. Карап турган маңдайда, Чойтолоң менен Тазкара, Моокуму канып табалап, Сары, жашыл, ак тендер, Тиктеп турат сагаалап. Ачуусу келсе кантем, деп Көпчүлүктөн чыга албай, Тапан хан турат мааналап. Аңгычакты бир сардар, Жетип келди күдүрөп, Куткарбастын жолуна, Тура калды бүжүрөп, Тили араң күрмөлөт, Сүйлөгөнү билинбейт, Коркконунан байкуштун, Этек-жеңи дирилдейт, Сакал менен муруту, Тал-тал болуп бириндейт. Утур келип жолуна, Олтура калды талпыйып, Сейде кылып ханына, Жата калды жалпыйып, Бойу кодоо неме экен, Жер кодоолдой марчыйып. Сурабасам мен кепти, Кеп кылсаңар болбойт, — деп, Мурун кылган өкүмдү, Өкүмгө кайчы келгенди, Өң карабай өлтүрчү. Коркуп сардар айталбай, Жер кучактап жатканы, Келген ишин айтууга, Уруксат жок айткалы. Кумсар сыйкыр ханына, Мындай кепти баштады: — Далай болду бул сардар, Жооп күтүп жаткалы, Жол –жоорук болсо бериңиз, Ылдам элге кайталы. Сыйкырдын кебин укканда, Ачык көзүн каранып, Айланып тиктеп алайып, Алдынкы ээрдин жаланып, Сары оору болуп суу ичип, Эндиреген кишидей, Күүгүмдөп көзү тунарып: — Айт кебиңди, Ботке кул, Ордуңан сен бачым тур! Сардар Ботке салпайып, Кепти айтты сандатып: — Сиз жарадар болгондо, Эч ким анык билген жок, Тирүү турсаң түңүлүп, Эл бөлүндү эки топ. Сары, жашыл, ак калды, Кара, кызыл, көк тендер, Ээ бербестен тарады. Он балбандан үчөө өлгөн, Төртөө ушул элде эле. Кылчайып бизди карабай, Кошо кетти эл менен, Жалпы кетти үч урук, Жайнаган аскер сел менен, Ошол ишти, Куткарбас, Айткалы келдим сага мен. Боткеден бөлөк кеп угуп, Бузулду аскер, деп угуп, Ого бетер Куткарбас, Каардан өңү бузулуп, Ооруган колун унутуп, Жөнөдү колдун артынан, Чычкансурга камчы уруп. Салаңдаган булчуң эт, Талкаланган кырк мууну, Такыр калды унутуп. Качкан элдин алдынан, Куткарбас чыкты жол тосо, Чычкансурду суурултуп, — Өлөсүң кайт артка! — деп, Үнүн элге угултуп, Мурундан чыккан жүнүнө, Муштумдай чалма уйутуп. Эки көздүн чуңкуру, Топо менен жык толуп, Качып бара жаткан эл, Тура калды токтолуп. — Баш кишиң бери кел! – деди, Мен Куткарбас бил! – деди. Эминеге качтыңар, Тирүү турам мен! – деди. Качкан элдин чоңдору, Кайнаган аскер колдору, Бир жүз отуз миңче бар, Эл эсеби болжолу. Өлдү деген Куткарбас, Өлбөй тирүү чыкканда, Насыйа эмес бетме-бет, Куткарбас үнүн укканда, Санаага баары кабылып, Салаңдап башы салынып, Тартак деген бар экен, Таанымал балбан ал экен, Буйдалбаган ар жерде, Сөз айтканга шар экен: — Улугубуз Куткарбас, Саа таарындык чынды айтсак. Эрбейип атка мингели, Ээрчип сени жүргөлү, Канча күн, канча ай болду, Ай айланып жыл толду. Ар качан өзүң чыгасың, Кан ичме кыргыз Сейитке, Барасыңбы бириң, деп, Айткан күнүң болбоду. Баатырсыңар баарың, деп, Бучкактап тешпей үйлөсөң, Кызыктуу мындай күндөрдө, Көзүңө бизди илбесең, Жана айтар бир кеп бар, Жайылданбай кулак сал, Жакын жагын ойлобой, Келээр ишке көзүң сал, Сен урушта жүргөндө, Жаныңарга от жаккан, Жайнаган кызыл кан аккан, Кубулжуган сулуу кыз, Сага тийбейт мен айтам, Атасы пери дөө экен, Энеси адам билиңиз, Кубулжуган канчыктын, Көп шумдугун билдик биз. Ишенбесең Куткарбас, Баш кошолу бүгүн, деп, Бир төшөккө жатып бак, Эрлигиңди жоготуп, Сени кылат кеп кылбас. Мунтип сырын тартып бак, Өз айбыңды чыгарбай, Эмигиче албай неттиң, деп, Тапан хандан сурап бак. Эки күндүн алдында, Тапшырган бизге кызматың, Өзүбүзгө дайында, Качымыш болсо бөлүндүк, Жер таппай сага айтууга, Кечирбесең өзүң бил, Башыбыз сага тартууда. Тартактан таамай кеп угуп, Кайткыла кайра деп койуп, Жүрүп кетти чуу койуп, Кара, кызыл, көк тендер, Кайта келди чогулуп. Келе калып Куткарбас, Кумсар менен сулуу кыз, Тапан хан бери келгиле, Он беш күнү дем ал, — деп Буйрук кылды элдерге. Чатырга түштү дүгдүйүп, Кан жөткөрүп үшкүрүп, Улутунуп эстенип, Ойуна далай кеп келип, Кыдырата үчөөнү, Катар тиктеп чекчейип: — Өз ойумда жүрчү элем, Эр болбойт деп менчелик. Ичимде жаман көргөмүн, Не келет деп бул жерге, Тапан ханды темтейип, Тапан хандан беш бетер, Мен турамын сенделип. Элге салып түйшүктү, Баштап келдиң Сейитти, Качкан болуп сенкелип. Жалгыз кара бир башын. Бүт дүйнөгө теңебей, Сейит турат керсейип. Өзүң кимсиң, элиң ким? Жериң кайда билдиргин. Катын тийет эр тандап, Сулууну алат эр даңдап, Атактуу баатыр Сейиттен, Неге качтың салпаңдап? Эрден качар кейпиң жок, Көп күлөсүң ырсактап, Кеп сүйлөсөң жагымдуу, Кашыңды серпип шыйпактап, Жөн баспайсың байкасам, Үч бөлөк болуп кыйкактап, Жиберди деп Тапан хан, Мага келдиң кыйшактап. Көп карайсың артыңды, Кообуң бардай кылчактап, Сейиттин өттү дарты, деп Эчкиресиң бышактап, Эмине деп алдадың, Тапан ханды ыржактап? Кумсар сенден кем эмес, Эми менден, сулуу кыз Кете албайсың ыраактап, Байтал төшөт изине, Секирген менен тырактап, Мен угайын кебиңди, Чыныңды айт ырастап! Сейитини теңсинбей, Качып жүрөм, дегениң, Мага жакпайт ал кебиң, Узартпайын кебимди, Дайныңды айтып билдиргин! Эл түгөткөн шумпай кыз, Куткарбастан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, Сейитини жаратпай, Качканың жалган, — деп угуп, Баштады кебин шум канчык, Кашын серпип көз сүзбөй, Айта турган кебинин, Жалгандыгын билгизбей: — Элим кыргыз жедиңер, Жетисуу деген жерденмин. Кыркыла элек кыл чачым, Эл башкардым кыз башым, Укмуштуу энем молдо эле, Атам эмчи кожо эле, Анычүн элге айтканым, Кыйгачы жок оң эле, Башчы болдум элимде, Эл бийледим жеримде, Каш кайтарган киши жок, Баарысы кирди кебиме, Бир тууган эркек менде жок, Таңуу болоор белиме. Тай сойуп күндө шерине жеп, Көк бөрү тартып ат тердеп, Бирине бири жол бербей, Сенден артык менмин, деп, Көпкөн балдар көп эле. Жинси ургаачы болгон соң, Эрге тийбей калбайт, деп Мени аңдыйт көбү эле. Эл башкарып, журт бийлеп, Көөнүм өсүп дагдаарып, Өзүнчө көпкөн балдарды, Теңсинбедим деги эле. Сейитинин жанында, Тенитип жүргөн Конушбай, Чириген байдын уулу эле. Башкасынан эрекче, Мен алайын тийсин, — деп Арачы салат күндө эле. Ыза кылдым сөз менен, Чакыртып келип бир күндө, Малынан айдап сойдурдум, Үйгө мейман келгенде. Улук кызды алам деп, Убара болбо бокту жеп, Басылып калгын, акмак, деп, Атасы урат күндө эле. Менден тийбес кеп угуп, Атасынан жеме угуп, Таласка барып тамтайып, Сейитиге арз айтып: “Биздин улук кыз эле, Желмогуз чыкты жөн эле, Мал эмес киши жеди” деп, Калп айтыптыр көп эле. Конушбайдан кеп угуп, Сейит келди оолугуп: “Ат сооруга салам, — деп, Олжолоп сени алам, — деп, Өзүм албай олжолоп, Конушбайга берем” деп. “Конушбай түгүл, Сейити, Өзүңө да тийбеймин, Тиймек түгүл, Сейити, Муртуңа сийбейим”, Ачуу кепти мен айттым.