← Сейит 6/6

Ашөпкө айтып жатпайым, Акылга салып караңар, Кара жанга күч келсе, Силерди берип өлүмгө, Качып берет залыңар. Калган эл сенде кегим жок, Куткарбас менен Тапан хан, Шум канчыктан айнып, Тартынып калар жерим жок. Баш душманын шум канчык, Ага алданган Тапан хан, Кулагына илбеди, Кармап берип канчыкты, Хан тактаңан айрилбай, Кала бергин деп айтсам. Экинчи болуп Куткарбас, Не алдатты канчыкка? Ал канчыкты ким алат, Куткарбастан жан чыкса? Катышпайым жөн элге, Куткарбаска ишенип, Кылбагыла демилге, Өмүрүңөр кетпесин, Камгактай учуп бир желге. Атам Манас болгон соң, Айтканыман жанбаймын, Максатка жетпей калбаймын, Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланта куусам да, Куткарбасты кармаймын. Жерге кирсе Куткарбас, Көкүлү менин колумда, Жерге түшүп кете албай; Көккө чыкса Куткарбас, Буту менин колумда, Кутулуп менден Куткарбас, Көккө чыгып кете албайт. Аты арып, тон тозот, Айлана качып далбактап, Мукурап тура түгөнүп, Чычкансур калат чаалыгып, Аты ыргайдай сенделип, Бит торгойдой семирип, Чын айласы кеткенде, Тапан хан менен канчыкка, Кайтып келет салпайып, Тапан хан өлөт ошондо, Куткарбастан жалпайып; — Шум канчык түшөт колума, Кап тешердей жылчыйып; Ардангандан Куткарбас, Өзүн-өзү өлтүрөт, Ат тепсеген бакадай, Дүмүнөн түшүп былчыйып. Айтып мунун эр Сейит, Жалаң болот ач албарс, Кармай алып сабынан, Тартып алып кабынан, Бышыктады абыдан: — Ажалың жеткен жан болсоң, Айанбай кел алдыма, Каарыма карк толдум, Кетирбеймин тирүү жан! Үмүтүң болсо жаныңан, Жай-жайыңда туруп кал, Катышпаймын калганга, Куткарбасты мен кубам! Сейитимден кеп угуп, Куткарбасты эстесе, Баргысы келет дуу койуп. Баралы деген аз болду, Барбайлы деген көп болду, Сөз асманда көбүктөп, Элдин ичи чуу болду, Куткарбасты бет алып, Көпчүлүктү аралап, Эр Сейитим чу койду, Калктын ары жагында, Кумсар сыйкыр, шум канчык, Куткарбас менен Тапан хан, Төртөө турган чагында, Манастап ураан чакырып, Сейит жетти аңгыча. Көктүгүн көрчү Сейиттин, Жалгыз келди бизге, деп Кумсар менен шуркуйа, Сыйкырлап салды жалынды, Эр Куткарбас, Тапан хан, Жолун тосуп Сейиттин, Урушууга камынды, Жалтанбаган шер Сейит, Сур жолборстой чамынды, Бучкагына теңебей, Алоолонгон жалынды, Жеткен жерде аңтарды, Кары Тапан залымды. Куткарбаска сайдырбай, Найзасын кагып жиберип, Айланып тийди имерип. Сейиттен найза жеткени, Мен-менсиген Куткарбас, Камгактай ыргып кеткени. Телкүрөң оозун бургунча, Теминип найза ургунча, Кумсар салып сыйкырды, Сейит менен Куткарбас, Ортосуна бүтүрдү, Адам ашкыс бир кырды, Чычкансур минип Куткарбас, Элден чыгып бөлүндү, Жашыл жээк карай зыр койду. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Жеңин-желпип Сейитим, Тоскон кырын түз кылып, Куткарбастын артынан, Кууп кирди эр неме, Бар кайратын бүт жыйнап, «Манастап» баатыр бакырып, Алдындакы Телкүрөң, Топону көккө сапырып, Арбыта чуркап жаны бар, Кош кулагын жапырып, Таноосунан буу чыгып, Колтугунан суу чыгып, Куйругунан чуу чыгып, Жарым күн кеткен алдында, Сейитимге көрүндү, Куткарбастын карааны, Үч муунап жолду тостурган, Бир тосмого жетишкен, Куткарбаска аз калды, Сейиттин көрүп карааны, Кумпайдан качкан кептердей, Куткарбастын шашканы. Алдында минген чычкан сур, Оңдоп-солдоп теминип, Олбуй-солбуй камчы уруп, Омбул-домбул түйүлтүп, Артынан келет эр Сейит, Куткарбасты тирүүлөй, Кара жандан түңүлтүп, Алдында минген Күрөңдүн, Көкүл, жалын жайылтып, Аркасында куйругун, Чаткайакка чабылтып. Муну мындай таштайлы, Качып кеткен Куткарбас, Өлгөнүнөн баштайлы.