Тоо томкоргон Куткарбас, Токтоо кылып турбады, Тартып алып найзасын, Эр Сейитке сунганы. Бадырек сунган найзадан, Күркүрөгөн үн чыгып, Учунан жалын от чыгып, Бир укмуштуу көрүнүп, Жан алучу түр чыгып, Куткарбастын өзүнөн, Оп тартуучу ажыдаар, Так ушундай сүр чыгып, Алдында минген Чычкансур, Күүсүнөн шамал зыркырап, Үстүндөгү Куткарбас, Көзүнөн жалын шыркырап, Эр Сейитке найзанын, Учу жетти чукулдап. Конушбай менен Тазкара, Аа кошулуп Чойтолоң, Сейитим кандай болот, деп, Ыйлап турат букулдап, Баатырдын уулу Кара көк, Кайраты жаштан бир бөлөк, Кирпик ирмеп көз жумбай, Күүлүү келген найзаны, Учунан улай кармады, О дүйнө кеткен айкөлдүн, Колдой көр деп арбагы, Сендиректеп Телкүрөң, Очойо түшүп оңолду, Өйүз-бөйүз элдерге. Мындай сонун болбоду, Куткарбастын элинин, Ындыны өчүп жоголду, Сабы колдо Куткарбас, Учу Сейит баатырда, Тарткылашты далайга, Жараткан кандай күч берген, Бул экөөндөй балбанга! Үзөңгүгө такандап, Кобо калып тамандап, Силкип тартты Сейити, Суурулуп чыга жаздады, Куткарбастын кечири, Эсине түштү ошондо, Куткарбастын мурунку, Мен-менсиген кесири, Кара жанга күч келип, Ээрдин кесе тиштенип, Эми сууруп алам деп Күчөп тартат мекчейип, Маңдайында эки көз, Чанагынан чыкчуудай, Жайнап чыкты чекчейип. Тарткылашты көпкөчө, Күчү ташкан бул экөө, Чыдаштык жыгач кылалбай, Чойулуп жиптей кычырап, Үн угулуп кычырап, Орто жерден найзасы, Үзүлдү эки бөлөккө, Найза колдон кеткенде, Балтасын алды Куткарбас, Арта салып ийинге. Эшик эндүү чоң балта, Эр түгөткөн бул балта, Томкорулчуу далай тоо, Сырты менен чапканда, Тең жарылып кетүчү, Мизи менен чапканда. Жазылыгы баатанын, Кере кулач төш жары, Калыңдыгы балтанын, Апыртпайын төш жары, Сырты тектир секидей, Кимдер чыдайт баатага, Баш калкалап бекибей, Тиктеп турат Сейитим, Эчтемеден шекибей. Үч айланып майданды, Айгайлады Куткарбас, Каар төгүлүп бетинен, Кайраттанды Куткарбас, Алда канча түрдөнүп, Айбаттанды Куткарбас, Сейит эмес ал жерде, Зоңкойгон чоку болсо да, Балта тийсе соо кылбас, Чычкансур кулак жапырып, Өзүнүн атын чакырып, Сейитимге балтаны, Шилтеп калды Куткарбас. Сейитимдин өнөрү, Адамзаттын баласы, Мындай кордук иш кылбас. Жандай түшүп кабылан, Найза кагар кол балта, Чыканактан көтөрө, Кагып өттү алдынан. Чыканактын кырк мууну, Талкаланып кеткени, Куткарбастын балтасы, Жерге түшүп кетти эми. Кудай урсун Куткарбас, Эрдигинин чеги жок. Найзасын белден үзүлтүп, Балтасын колдон түшүрүп, Ичи жалын, боору чок, Кыйкырыгын күчөтүп, Кылычын тартты кынынан, Кылымда мындай урган жок, Бала баатыр эр Сейит, Эми карап турган жок. Эрен Сыргак көкжалдын, Сыр найзасын колго алып, Сыздырып күрөң күлүктү, Сырттаның кетип баратты, Көркү башка экен, деп, Көргөндүн баары жаратты, Төбөдөн ылдый жумшады, Куткарбас болот жаракты. Чапкан кылыч жеткенче, Жетсе кесип кеткенче, Кармаган кылыч колуна, Каржиликтин булчуңга, Найза учу жеткени, Тай торпоктой булчуң эт, Жара сайып өттү эми. Куткарбастын колунан, Кылыч түштү шаңгырап, Жалпагынан жатканы, Кумга түшүп жалтырап, Чыканакка балта жеп, Каржиликтен найза жеп, Тай торпоктой булчуң эт, Жерди карай салаңдап, Айласын таппай Куткарбас, Маңдайда көзү алаңдап, Чокмор чабар кол калбай, Эрдик кылар жол калбай, Өлүмдөн башка ойу жок, Чычкансурга ишенип, Качпай турган жолу жок, Кылчайып артын карады, Кумсар сыйкыр, шум канчык Аларга кабар салганы. Бала жолборс жаш Сейит, Пери уулундай теңселип, “Амалың койбой кылып бак, Арбагы бабам колдосо, Боломун, деп, сенчелик” Пендеби деп бейлебейт, Адамбы деп элебейт, Куткарбасты кара көк, Бучкагына теңебейт: — Эрлигиңен ажырап, Эсиң кетти, Куткарбас, Боло бергин элиңе, Тирүү калып өзүң баш. Эрлик кандай, жол кандай, Боло бербейт айткандай, Найза сайдың айанбай, Кылыч чаптың тайманбай, Эчтекени көрбөстөн, Көөнүңдөгү кепти айтып, Күрпүлдөдүң ар кандай. Таласыңа барам, деп, Ак калпак кыргыз элиңди, Бүлдүрө чаап алам, деп, Эми турдуң дүктүйүп, Айланы кандай табам, деп. Мен айтайын, Куткарбас, Сенде болсо акыл-эс, Мурункудай элиңде, Жүрүшүң сага канымет. Ат изин салып Таласка, Мундан мурун барбадың, Жылкы кууп албадың, Элге бүлүк салбадың, Тапан хан менен сулуу деп, Бир канчыкка алдандың. Андай иштер ар жерде, Болуп турат ар качан, Аныңды оор албаймын, Каарым келди сага мен, Кутулуп тирүү калбайсың. Сен да калгын элиңде, Тапан хан калсын элинде, Ээ болуп тура бергиле, Өзүңөр турган эл-жерге, Сенин жаман ишиң бар, Адам кылбас иштир ал. Тирүү турган элдердин, Өзүңө окшош эрлердин, Алганын тартып аласың, Арман күндү саласың, Дос таппайсың ар жерден, Көптөп душман табасың. Мейлиң тапкын дос-душман, Ичиңде калба көп бушман, Кармап берип шумпайды, Элиңде калгын тынч-аман. Башка жерден келген жок, Жедигер кыргыз элинен, Ак сүт берген апасын, Алдейлеген атасын, Урук-тууган канчасын, Калган журттун барчасын, Кан какшатып жеп болду. Өзү сыйкыр желмогуз, Андан пайда сага жок, Жакындаса эркекке, Сыйкыры качып жоголот, Андыктан эрге жолобойт. Алданбагын, тилимди ал, Өз жериңде тирүү кал, Айткан сөзгө көнбөсөң, Акылыма кирбесең, Кан какшаттың канчаны, Баарынын кегин мен алам. Кимисине көнөсүң. Куткарбас, кебиң айта сал. Кеңешип кесер кол болсо, Уруксат кылам элге бар, Кеп-кеңешиң бүтүрүп, Анан кайтып келе кал. Кагышар болсоң тил албай, Жарагың жок майданда, Жалдырап калдың маңдайда, Кылычың жатат алдыңда, Балтаң жатат аркаңда, Жерге түшпөй ордунда, Чокморуң турат такымда, Орунсуз кепти сүйлөбөй, Обуң менен такылда. Эрмин дейсиң өзүңчө, Мен айтайын көзүңө, Калыбектин хан Калча, Аракет кылсаң ар канча, Калчачалык эмессиң, Хан Калчаны ойлосом, Сени баатыр дебесмин. Эрдигиң сенин табынча, Оозуңа келген кепти айтып, Бабырадың бир канча, Алдыңкы нөөмөт сеники, Арбагы Манас колдосо, Элебейим сени анча! Деп Сейитим токтолду, Куткарбастын ичине, Жалынсыз толгон от толду. Булчуңу турса салаңдап, Кан куйулуп салаалап, Кырк мууну сынып кыйраган, Ооруп турса кан какшап, “Эми эле айткан сөзүнөн, Сейитим кайра жанбас, — деп, Элге барып кеңеш, деп, Анысын танып албас, — деп, Он беш күндө келем деп, Күн болжошуп кетейин, Кайратымды бүт жыйнап. Жоо жарагым толуктап, Болжогон күнү келейин, Эдебин колго берейин, Бүгүнкү уккан кеп үчүн, Өлүп кетсем Сейиттен, Армандуу өлдүм дебейин, Сулууну кармап бергенче, Кармашып жүрүн өлөйүн, Колуман кантип берейин, Тирүү туруп өнөгүм” Деп ойлонуп Куткарбас: — Эрдик кылып сен Сейит, Айтканыңан танбасаң, Он беш күндүк жооп бер, Кеңеш кепке барбайым, Элебей туруп сенден мен, Колуман болдум жарадар. Тапан хан өлсө өзү өлсүн, Сулууну кармап бербейим. Айтканыңан билинди, Теңине албай сулуу кыз, Сени таштап келгени, Мен өлсөм мендей нечен бар, Жашыл жээктин жеринде, Кетпейсиң тирүү сен эми. Мен баатырмын дегенсип, Мактанып айттың көп кепти. Калыбектин хан Калча, Эрдигиң анча эмес деп, Кемсинтесиң неге анча?! Калчаны көрккө салбасаң, Ардыкпайт элем мен анча. Он беш күнүң бүткөнчө, Өз бойумду сындаймын, Жарагымды кылдаймын, Менден көөнүң ооруба, Сага ыракым кылбаймын, Ошол күнү, Сейитим, Эрдигиңди ылгаймын! Деп жалт койуп, Куткарбас, Жүрүп кетти култуңдап, Кар жиликтин булчуң эт, Тай торпоктой салаңдап, Кетип барат бултулдап. Муну мындай таштайлы, Куткарбастын калп айтып, Качканынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.