Сейиттин Куткарбас менен беттешүүсү
Тапан хан качып кеткенин, Куткарбаска жеткенин, Чойтолоң билип алыптыр, Сейитиме Чойтолоң, Билгенин айта салыптыр, Аңгычакты ал жерге, Баатыр Тапак, Тазкара, Конушбай келип калыптыр. Салам берип, баш уруп, Булар турду чогулуп, Сейит айтат ошондо: — Бутуң талыйт, тик туруп, Кебимди ук олтуруп. Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара, элге кайтыңар, Менден салам айтыңар. Сен Конушбай бирге бар, Жараткан кудай бар болсо, Арбагы Манас жар болсо, Куткарбаска беттешип, Мен барайын аа болсо. Сейит мындай дегенде, Тапак ыйлап кан какшап, Чойтолоң ыйлап буркурап, Тазкара менен Конушпай - Ал жердеги төрт киши, Баары ыйлады чуркурап, Тазкара жетик эр эле, Шоркөлдөгү көпчүлүк, Акылдын кени дээр эле, Жеңи менен көз жашын, Арчып алып Тазкара, Айтып турган кеп эле: — Кененимдин Сейити, Бизге салдың не мынча, Ушунчалык кейишти? Жамандыкка кыйбастан, Таштап кетем дегениң, Ачык турат ал жериң, Өзүңүзгө азыраак, Айтар менин бар кебим. Таштап кетем дегениң - Желмогуз келип эми эле, Жылмаласын дегениң. Таштап кетсең бул жерге, Желмогуздан өлөбүз, Күндү кайдан көрөбүз. Жарык көрсүн десеңиз, Өзүң менен жөнөйбүз, Желмогуздан өлгөнчө, Куткарбастан өлөлүк, Маңдайда кандай иш болсо, Өзүң менен көрөлүк. Тапан хандын алдында, Жагынып жүрүп жалпаңдап, Кармашарга жоо болсо, Жан айабай далбаңдап, Бир катынча болбодук. Тапан хан менен канчыктан, Куткардыңыз ич ооруп, Мында кал деп айтышың, Бизге болду эң кордук. Жакшы, жаман ар иште, Жаныңызда бололук, Ажырап сенден калганда, Өлүмдөн түшөт бир боолук, Кара бетке кар кылып, Бизди таштап койбоңуз. Тазкара айтып болгунча, Тапак келди талпактап, Чойтолоң келди салпактап, Тазкара менен Конушбай, Төртөө келип биригип, Эр Сейитти кучактап, Бизди таштап кетпе, деп, Көзүнүн жашы бурчактап, Таштап кетсең бул жерге, Шуркуйадан өлдүк, деп, Сизди кайдан көрдүк? деп, Жабыла айтып калышты. Анда ойлонду Сейити: “Өлүмдүн экен үстүндө, Булардын мында калышы, Тазкаранын кеби чын, Желмогуз келип булардын, Канын соруп алышы”. Баш көтөрбөй эр Сейит: — Бастыргыла, жүрү, — деп, Биз жүрөлү күн-түн — деп. Биз жөнөйлү дегенде, Тазкара менен Чойтолоң, Жандары калбай сүйүнөт, Тапак чыкты күркүрөп, Аттанды аскер дүркүрөп, Булар жүрдү жол менен, Кырк миң ашуун кол менен, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара менен Конушбай, Кубанышып келайтат, Шер Сейитим зор менен. Тапан хан менен Куткарбас, Кучакташып, өбүшүп, Эсендешип көрүшүп, Баары чоңу баш кошуп, Басып үйгө киришип, Сейиттин келе жатканын, Сыйкырлары билишип, Кумсар сыйкыр кеп айтат: — Куткарбас менен Тапан хан, Угуп тургун, — деп айтат. Өнөрүмдү көрсөтөм. Кан ичме жинди Сейитке, Көзүн көрбөс чер кылып, Кулагын укпас кер кылып, Бир айласын кетирип, Кара жерге тең кылып, Андан кийин Сейитти, Жолбосторго жем кылып, Сүрөтүн адам тургузуп, Айбандан аны кем кылып, Балбансыган Тапакты, Чайан кылып салбасам, Чойтолоң менен Тазкара, Жылан кылып арбатам, Кирпи кылып Сейитти, Бирине бирин жалматам. Чымындарым чакырып, Эки колун байлатам, Телкүрөңүн мингизип, Таанымал кылып Сейитти, Таластагы кыргызга, Аралатып айдатам. Кумсар сыйкыр атанып, Куру карап турамбы, Кыргызды мындай кор кылып, Силерге болсун тамашам! Кумсардын айткан кебине, Оолуга кетти ошондо, Куунайза баштап он балбан: — Жер куруткан кыргызды, Өнөр менен сен алсаң, Бир беттешпей кыргызга, Мен Куунайза кур калсам?! Өнөрүңдү койо тур, Найзалашып мен алам, Жармачтык кылып баратсам, Жанымда бар он балбан. Көк найзамды өңөрөм, Кур чалышып мен көрөм, Көйкаптын тоосу болсо да, Көмө сайып жөнөсөм, Ачылат көзүң жарк этип, Эрлигимди сен көрсөң. Эң алдында мен барам, Он алты жаштан бер жакка, Тоо томоруп, эр сайгам, Сейитини мен алам, Эр түгөткөн Сейитти, Куунайза сайып алды, деп Жер бетинен даң алам, Сейитти салып албасам, Бет келер мага балбан жок, Даңазам жок кур калам! Сөз өткөрүп Кумсарга, Күпүлдөдү Куунайза, Куткарбастын үйүндө, Өкүрүгү таш жарып, Дүпүлдөдү Куунайза. Куунайзадан кеп угуп, Кумсар сыйкыр жеме угуп, Куунайзадан беш бетер, Кумсар сыйкыр оолугуп, Күрмөөгө тил так келбей, Ачуудан үнү буулугуп: — Сейитти сайып сен алып, Эрлик атак саа калып, Кумсар сыйкыр турамбы, Бар өнөрүм кур калып?! Мен-мен дейсиң Куунайза, Мен турганда сен канча?! Сен билегиң жоон бирди алсаң, Мен билимим бар миңди алам, Болбой мойнуң толгосоң, Сейитиге окшотуп, Мойнуңа чынжыр салбасам, Кылгылыкты кылбасам, Кыйалданба Куунайза, Кымызга сууну куйбасам! Сайраганга тилиң так, Көөдөнүңдө жаның сак, Белкурчоодон төмөн таш, Кылып койуп Куунайза, Анан карап турбасам, Кумсар атым бекер! — деп, Куунайзаны кээкерлеп, Деңкийип сүйлөп бекемдеп, Өкүрүшүп жатканда, Шум канчык айтат мындай кеп: — Кумсар сыйкыр Куунайза, Айтканыңар бекер, — деп. Мен ойлоймун Сейитти, Түпкө такыр жетер — деп, Мен турамын силерден, Үмүт үзүп, кайгы жеп, Куткарбастын өзүнөн, Кан ичме кыргыз Сейитти, Өлсө өлүп кетер деп. Баатырлыкта Куунайза, Бар өнөрдө Кумсарды, Алы канча дебеймин, Кечээ күн батышта жети дөө, Кененим барып сойгондо, Кара деңиз аралда, Качып жаткан Жүйрүн дөө, Өлтүрүптүр ошондо. Ал Жүйрүн дөө урушта, Сегиз миң жыл жашаган, Сексен миң эрди ашаган, Эсиргенден Жүйрүн дөө, Азиз хандын Сошойа, Окуп жүргөн алдында, Соогасына берем, деп Алма баш мылтык жасаган, Өз өмүрүн кастаган, Тирүү инсан баарысы, Жаздым болгон баштатан, Жаздым болбой неткени, Өзү өмүрүн кастаган, Ак шамшарды Сошойа, Кошо алып кеткени, Калмакка кытай кошулуп, Азиз хандын Сошойа, Атасынан көөнү ооруп, Кыргызга качып кетеби, Ал алаштын бир уулу, Айдаркандын Көкчөгө, Аралашып кеткени. Ал Көкчөгө барганда, Сошойа аты жойулду, Алмамбет аты койулду. Айдаркандын хан Көкчө, Бардашы журттан бөлөкчө. Алмамбет андан таарынып, Казактардан көөнү ооруп, Кыргызга кеткен бөлөккө. Кыргызга барып эл болгон, Эр уулу менен тең болгон, Адам уулу жаралып, Жер бетине таралып, Эл мекендеп шаар салып, Кытай ээлеп турган жер, Бэйжин деген ат алып, Адамзат пендеден, Тыштан киши барбаган, Ошол Бейжин шаарына, Кыргыздан Манас баатырды, Алмамбет баштап алпарган. Ошондон бери карата, Бейжинди Манас алган, деп Кылымга тарап ат калган. Бейжинге Манас барганда, Жанынан коркуп Жүйрүн дөө, Кара деңиз аралдан, Качып барып жай алган. Алмамбет алган Акшамшар, Баласына калыптыр, Алмамбеттин баласы, Эр Гүлчоро аныктыр, Гүлчоро берип Кененге, Кененим алып шамшарды, Жүйрүндү издеп барыптыр. Жүйрүндөн кесип баш алып, Жүрөгүн сууруп жеп алып, Жүйрүн дөөнү сойгондо, Жалаңгыч сарык атанып, Тилин сууруп жеп алып, Жетимиш уруу тил билип, Жүйрүндүн сыйкыр көйнөгүн, Чечип алып кийинип, Келген экен Кененим. Сейит жоого чыгарда, Жүйрүндүн сыйкыр көйнөгүн, Чечип берген Кененим, Алмамбеттин алмабаш, Асып берген Кененим, Ак шамшаарды белине, Байлап берген Кененим, Мен дагы сыйкыр билчү элем, Андыктан алым келбеди, Ошондуктан Кумсарды, Алың келбейт дегеним. Кененимдин Сейиттен, Он алтыда жашында, Жору куйрук кызыл алп, Анын уулу Карадөө, Тулку бойу бир дөбө, Беш баласы катыны, Алы келбей Сейитке, Көк өзөндүн түзүндө, Баарысы өлүп калганы.