Койо берген кароолчу, Корккондон билбей өлөрүн, Койгулап атын жөнөптүр, Оң-тескери койгулап, Камчыга атын бөлөптүр. Жолдо эки ат өлтүрүп, Жолдон жыгып ат минип, Ат мингенде бат минип, Сынчыбектин үстүнө, Кирип келди энтеңдеп, Ары бери сенделип, Жаш баладай темтеңдеп, Муну көргөн Сынчыбек: — Бейадеп өскөн нааданды, Бандонуга бас! — деди, Бандонудан тургузуп, Бармагынан ас! – деди. Желдеттери жабылып, Дагы азап табылып, Ашыгып келип антаңдап, Кыйноого калды кабылып. Жаагын баспай жабырап, Төкпөй чачпай так сайрап, Көргөнү менен укканын, Баарын айтты бажырап, Тиктеп калды Сынчыбек, Тил байланып жалдырап. Бир далай туруп эс жыйнап, Кароолчудан кеп сурайт: — Манас кандай эр экен? Чоңдугу канча бар экен? Аскери канча карааны, Байкадыңбы аларды? Чокчоңдогон Сынчыбек, Чоңдугу менен аскерин, Коркконунан сурады. Кароолчу кебин баштады: — Көрбөдүм Манас баашаны Жеңил киши эместей, Жигиттин бирөө сурады. Менден жигит кеп сурап, Көп сурабай аз сурап, “Ханыңа барып айтып кой, Калааңа Манас келди деп. Жолун билсе, билсин, деп, Өзүнүн жолун билбесе, Өлүм издеп келсин ” — деп, Чоросу менден сурады, Мен көргөндүн баарысын Көрүүгө башка турабы? Манас эмес чоросу, Кабылан экен тоодогу, Келбетинен корунуп, Кекилик болдум тордогу... Кеби бүтпөй кароолчу, Аңтарып көзүн алактап, Буту-колу шалактап, Томолонуп жыгылып, Сендиректеп бир туруп, Коркурай түшүп жок болду, Көөдөнүнөн жан чыгып, Көрүп турган Сынчы бек, Болду кандай укмуш? – деп, Түндө жатып ойлонсо, Жабыры болду ой тобо, Жеңип алат бир демде, Жаныттап жана толгонсо, Жеңдириип ийет бат эле, Бир жеңилип, бир жеңип, Таң агарып атты эле, Акылдашаар алтоо бар, Кеңешкордон бешөө бар Угуп берчү нечөө бар. Күндүн мурду чыккынча, Элүү киши топ болду, Чогулуп куйган майнабы, Кол куушуруп алдынан Тосуп чыгар кеп болду. Баарысына эп келип, Ошол кепке токтоду, Берүүчүнү эсептеп, Санын айтып топтоду: «Бир араба алтындан, Эки араба ак күмүш, Алты араба сарыпай, Жүз аргымак жылкыдан, Жалаң нардан жүз дешип: Ушуну алып жан калса, Кубаналы шүк дешип, Бейкут жаткан тынч элге, Катылып койдук биз, дешип, Бузуктун кирдик тилине, Кылабыз өктө биз кимге? Убада кылып келели, Бузулушпай жүрүүгө». Алар антип жатканда, Алды жүгүн артканда, Сынчыбектин чайчысы, Кирип келип үстүнө Жабырады өзүнчө: — Жарабас кебиң, бийлерим, Жарашар жайың билбедиң, Алыңар ушул болгон соң. Катылышпай жүрбөдүң, Байатан бери, жакшылар, Баш-аламан сүйлөдүң. Араба тогуз санына, Эки жүз туйак малыңа, А кудайлап сүйүнүп, Алданабы аныңа? Эч болбосо бербесең, Чаап келген малынча, Жандын билсең кадырын, Кеңири айткын барынча: “Кыргыздан алган биздин мал, Тамгадан тандап барын ал, Аштын кени биздин жер, Кыргызга жетер дандан ал, Короодон кармап кой сатпай. Кийерге жетер шайы ал, Алтын менен күмүштөн, Арабага кенен сал.” - Башканы койуп, Сынчыбек, Ушуну айтып өзүң бар. Алты шаар Анжийан, Абалтадан даңкы бар, Акими жок бүгүн кор, Хандык атак сага калаар, “Аш эритет ташты” — деп, Байыркынын кеби бар. Чайчыдан угуп кеңешти, Түпкү акыл ушул, деп, Кажылдаша кетишти. Аттанып жолго чыкканча, Биз баралы анда, деп, Буйрук берип чоңдору, Аскердин баарын жамда, деп, Оору-сыркоо болдум деп, Бирөөң да жатып алба! — деп, Мылтыкты топтоп бай тигип, Асабасын жайылтып, Найзаны жерге сайылтып, Курун салып мойнуна, Жетелеп атын алышып, Молдосу селде чалынып, Тилекти бер деп жалынып, Өлтүрүп койсо кепин, деп, Такыр актан жамынып, Эркеги калбай үйүндө, Баары чыкты жабылып. Наристесин жетелеп, Колдоруна алышып, Тосуп турду жолунан, Чогулушуп барышып. Караанын көрүп, Кокондун, Кыргыздар аң-таң калышып: «Тукум курут болгунча, Түгөнгөнчө салышып, Келген экен бизге», — деп, Күжүлдөшүп калышты, Баш–аламан чоролор, Атына минип алышты, Ойуна алып ошолор, Катылышса кокондук, Койбой барын чабышты. Кылкандай найза, көк желек, Кынай кармап бекемдеп, Кездемдин боосун жубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Нускоо болсо чоңунан, Ат салууга чуратып, Дайарланып турушту, Оңой эмес билгенге, Опсуз кыйын жумуш бу; Сагынып калган жери жок, Сай кашкалар урушту, Балдарды көрүп кээ бирөө, Тарамышы тырышты; Чукул кирип келгенде, Аламан койуп тиет, деп, Кылычтарын суурушту; Кужуру кайнап чогоолдор, Куйкалары курушту, Ойлоп турат эчени, Короздой мойнун жулушту. Ушул кезде Бакайдын, Элге айтып турушу: — Каны суйук жаш балдар, Көйкөлөң чалган шылкылдап, Көөнү эркин мас балдар, Кары үчүн акыл айтамын, Баарың тегиз байкаңар. Келе жаткан өзүбек, Катышып койуп кыргызга, Калыптыр булар кайгы жеп, Тышынан аппак кийиптир, Кылган ишин ойлонсо, Өлүмдү жакын билиптир, Улугу сынчы тиги бейм, Астына жалгыз кириптир, Урушар пейли көрүнбөйт, Мылтыгын жыйнап ийиптир. Жетелеп бала алыптыр, Найзаны жерге сайыптыр, Ырсаңдап күлүп ийбеңер, Алдына келген ким болсо, Көзүңөргө илбеңер, Жаш балдарды ыйлатып, Чоголдук кылып тийбеңер, Карышкырдай жалангын Алайа тиктеп караган, Жаш балапан өсмүрдүн, Жүрөгү түшүп калбасын, Темене канат жеткинчек, Ошолорду айагын, Ортодо тегиз угарбыз, Айтып келген саламын, Мойнуна салып камчысын, Тааныбай калган кези экен, Таасы менен алчысын, - Деп ушинтип эр Бакай, Элге айтты сөзүн жай, Арстаның жатат чатырда, Эшикке чыгып аттанбай, Тай жарышым калганда, Кокондун эли жалпылай, Чөгө түшүп олтурду, Бир шилтеп кадам таштабай, Карап турса сынчыны, Эки шилтеп бир басып, Тоңколоңдоп алыптыр, Бөгөжү салган жылкыдай, Зоңколоңдоп калыптыр. Жанына киши барбады, Эмне болуп жатат деп, Көз кыйыгын салбады, Кетенчиктеп бүгүлүп, Келиндердей жүгүнүп, Кандыргалап бүгүлүп, Катындан бетер жүгүнүп, Бели ооруп зыркырап, Тизеси жоруп тызылдап, Тарамышы түйүлүп, Муундары тырсылдап, Чөйчөктөй көзү жайнады, Минтип шору кайнады, Антип–минтип кыйшаңдап, Арстан Манас баашанын, Чатырына барганы. Жердин бетин сыйпалап, Жүзүнө сүртүп шыйпаңдап, Күлүмсүрөп жылмайып, Карап турду бир далай; Бир мезгилде карасаң, Кой оозунан чөп албас, Коңур чечен Ажыбай: — Эңкейип белиң бүгүлгөн, Эңчелеңдеп жүгүнгөн, Жайыңды айтчы, ким элең? – Таазим кылып жиберип, Күрмөөгө араң тил келип: — Мен Сынчыбек урганмын, Ойлобой жумуш кылганмын, Өзүм тапкан жабырга, Оңкочуктап турамын, Үмүтүм бар көкжалдан, Амандыгын сураймын. Суурса кылыч чабууга, Бурбай мойнум сунамын, Олтурса арстан, мен өлсөм, Мойнума жүктөп кетпесем, Ушунча элдин убалын; Тилине кирбей Банустун, Тигилип карап турбадым, Өлтүрсө өлүм мага ак, Болбосго деймин убалым: Кара башым, калаамды Тартуу кылып турамын. Келбетүү Манас баатырдын, Кенен деп угам кабарын, Чамам жетип чарк жеткен, Ушунчалык абалым, Кылып келген кеп эмес, Айарлык кылып амалым, Алабайым курулуп, Тарайып калды заманым, Падыша Манас ойлонсун, Пайда менен залалын, Тамгадан карап таанытып, Кыргыздын малын бүт алсын, Кемип калса мөлчөрдөн, Төлөө үчүн мен баргам. Ашка кенен биздин жер, Базарга барбай дан алсын, Короодон кармап кой сатпай, Кызыл кымкап шайы алсын, Асыл кумду жуугузбай, Алтын алсын зар алсын, Араба менен жамбы алсын, Жону туйук нар алсын, Тулпардан ылгап да алсын, Аргымак келет жылкыбыз, Канча болсо бүт алсын, Алты шаар, Анжийан Мунары алтын так алсын, Жемиштин кени ушул жер, Чырпыгы чынар бак алсын, Андан кийин достошуп, Менден көөнү агарсын, Жылда алым берүүгө, Убада да мен бармын. Тынбас болсо санаасы, Башкадан улук шайласын, Бошотуп койсо кулумду, Кошо кетип калармын, Кабыл алса тилегим, Калама кошо эл барсын, Көөдөндө жаным бар турса, Өлгөнчө кызмат кыламын, - Сынчыбек айтып арызын, Жоолуктап сүрөт көз жашын. Угуп болуп Ажыбай, Бакай, Чубак баатырга, Баарын айтты сөзүн жай. Анда Бакай жылмайып, Аксакалын жайкалтып, — Андай болсо Ажыбай, Кетирип ийгин тургузбай, Артынан жете баралы, Адамсыз жерде биз турбай, Айтканын берсе дайарлап, Биз кетебиз кеп кылбай, Кыргыл тийсин балдарым, Бейбаштыгын кылдырбай, Жакшылык менен жамандык, Жабылып калбайт жашынып, Жер бетине угулбай, - Басып барып Ажыбай: — Огойуп мында, Сынчыбек, Олтурбагын сен мындай, Кайтып баргың элиңе, Алар кайтсын үйүнө, Айтып койгун баарына, Биз барабыз шаарыңа, Калааңа кайтып камын кыл, Өзүм барып алдыда, Алып келсең көрөбүз, Жараса биз да көнөрбүз, Жарабаса көңүлгө, Жаап алып жөнөрбүз. Кылгылыкты кылабыс, Кымызга сууну куйабыз. Жасалмалуу сөзүңдүн, Ширесин кийин угабыз! – Сүйүнгөндөн тер кетип, Күлүп ийди жарк этип, Бата кылып жиберип, Олтура калып талп этип. Далдаңдап Сынчы жөнөдү, Хан кешпирин эл көрдү, Арылдап элге жар салды, Берди, деп, баатыр тилекти, Сынчыбектин көп колу, Эли менен аттанып, Арбын мөрөй алгансып, Адамдын баары шаттанып, Ушундай болду, «Йа пир!» деп, Үйүнө барды кеп салып, Бала–барка, катындар, Сүйүнгөндөн дердеңдеп, Өмүр берсин Манаска, Барыпсыңар ырас, деп, Дайра болуп агылып, Ак көрпө болуп жайылып, Көрбөй туруп көк чалган, Көптүн баары жалынып, (Кечирбейт деп күнөөнү, Баардыгы турган сабылып), Эркек, катын аралаш, Улуу-кичүү, кары-жаш, Сүйүнүп агат көздөн жаш, Чоң Кокон кыйын сүйүнүп, Өзү мурда жүгүрүп, Сарайдын баарын шыпыртып, Сарамжалын бүт кылып, Күтүнүп Кокон калыптыр, Ойон Манас шер менен, Зор Бакай, Чубак барыптыр, Кыргыл баштап кырк баатыр, Кырка чубап келатыр, Анда көргөн эл айтыр: “Дөөлөткө кыргыз толуптур, Сыймыгы башка конуптур, Алтымыш уруу алашка, Аллам берип койуптур, Ороздунун он уулун, Ойунча калмак бөлгөнүн, Оомал-төкмөл дүнүйө, Эми качып жүргөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.