Ырас Манас шыр экен, Телегейи тең экен, Олпогун көр, атын көр, Жарагын көр, салтын көр, Чоросун көр, элин көр, Карысын көр, эрин көр, Аксакал Бакай кеменгер, Ааламдан ашкан илегер. Чеченин көр - Ажыбай, Айткан кеби баары жай, Албунду сөз болбосо, Апталап жүрөт унчукпай. Кырк баатырдын баарын көр – Кырдагы кайың бир өңчөй, Баштаган Кыргыл чалын көр, Улууларын кичүүсү, Урматтаган баркын көр, Олтурган жерде ойношуп, Обонун көр, салтын көр, Абалтадан шаңданган, Атагын көр, данкын көр, Үч күн өрүн ал жерде, Чай ордуна бал куйду, Күнүнө тайдан чалдырды, Кара козу куйругун, Картаңдарга алдырды, Артып барган дүйнөсүн, Алдына барын жам кылды, Тамгасынан каратып, Кыргыздын малын жандырды, Мөөр басып каттады, Жылына берчүү чыгымды, Дос боломун эми, деп, Сынчыбек келип жыгылды, Бузулушпай жүрүүгө, Көп чырпыктар кыйылды. Мурдагы шарттуу айтуудан, Жанбады Сынчы тартуудан, Анда Ажыбай кеп баштайт, Кеп баштаса эп баштайт: — Кокондун ханы Сынчыбек, Айабадың барыңды, Ак күмүш, алтын-зарыңды, Айдатып келдиң берем деп, Аргымак менен нарыңды, Тоодой кылып жыйыпсың, Эгиниң менен шайыңды, Үч күндөн бери чамалап, Байкап билдик алыңды, Кыргыздын малын таратып, Алып кетет ээлери, Аргымак менен нарыңды, Аны алып нетели? Өзүңө бердик малыңды, Жылына жүктөп жеткирген, Эгиниң менен шайыңды, Арттыра баргын зарыңды, Өзүң сурап, өзүң бил, Кокон деген шаарыңды, Куттуу болсун мансабың, Унутпайбыз сени биз, Аман болсун элиңиз, Суук колун тартпаган, Банус хан менен Карылып, Аттаналы эми биз, - Муну мындай таштайлы, Манас менен Банустун, Согушунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.