Кан ичме капыр Бадыкөл, Кабаттап темир кийинди, Кара калпак элине, Калдайган колун кийирди, Ок дарысын мол алды, Кара жерди казылтып, Карманапты какшатып, Андан ары түз басып, Алашты чаап алгалы, Арка болгон алашка, Манасты чаап алгалы, Кыргыздын элин тебелеп, Жыпжылма кылып салгалы, Каадасынча баштагы, Кыз-келинин алгалы, Кыйалында жөнөдү, Кызыл үркүн кылгалы. Аттанганда бадырек, Айал-үйөл кылбады, Ортодо түркүн азыраак, Отогондой уйпады, Бадыкөл келет экен, деп Каракалпак жыйналды, Карадөө минер аты жок, Карап туруп кыйналды, Аңгычакты алдырап, Алтыке келип калганы, Жаш Манас келе жатат, деп Жалпы журтка жайганы: Кара калпак, маңгыттар, Маңдайлашып чайкалды, Коңурсур тийип колуна, Карадөө көөнү жайланды, Кыламын деп кыйланы, Карадөө кылыч байланды, Жекеге чыгып бөлүнүп, Жалгыз өзү шайланды, Башкасына карабай, Бадыкөл барды өзү жай, Качырышты бакырып, Карадөө таамай сайа албай, Бадыкөлдөй капырдын, Айбатынан аптыгып, Беттешкен жерде Бадыкөл, Карадөөну шаштырып, Эки имерип сайышып, Карадөө калды шашылып, Карманап чыдап туралбай, Өзү чыкты ачынып, Карманапты көргөндө, Камылга кылып бөлөкчө, Найзаны булгап күч чыңдап, Катуу тийди жапырып: Үч имерип өткөндө, Өкүрүгү баш жарып, Кайраты ага тең келбей, Карманап калды жалтаарып: Кайра качар кезинде, Карадөө жетти бакырып, Капташып туура жагынан, Карадөөнү көргөндө, Кара ниет Бадыкөл, Каарданды өзгөчө, Карарып өңү калыптыр, Казабына алыптыр, Карманап менен Карадөө, Катар сайып салыптыр, Ошол кезде Кардыгач, Төбөсүнө түйгөн чач, “Карманап башын кесет, -деп, Кайнимдин канын ичет» — деп, Мингизип берген бай Жакып, Жалманкөк деген ат эле, Камчыга бөлөп көк атты, Кардыгач барып тийди эле, Каңгырап каапыр турганда, Кардыгач найза урганда, Бадыкөлдүн тулпары, Чөгөлөй түшүп оңолуп, Менменсинген бадырек, Кайраты баштан жоголуп, Качырып кирди ошондо, Кабагын бүркөп чуу койуп, Карманап менен Карадөө, Качып кетти бир койуп. Бадыкөл менен Кардыгач, Бардашы ашык чамалаш, Кайраттуу качпай турушту, Канча жол найза урушту, Ойуна алды Бадыкөл: “Аргамжы чачы катындын, Алчаңдаган каапырдын, Чачынан чапчып кармайын, Оодара тартып салайын, Байлатып темир тор менен, Олжо катын кылайын, Мага окшош эр экен, Катындан чыккан шер экен, Пил билектүү эр туулат, Бир тукумун алайын, Жиберип муну Балыкка, Кабар салып калыкка, Башына мүшкүл салайын, Катын кылып алайын, Карманап, Карадөөлөрдү, Ошондон кийин табайын, Каракалпак бул элди, Каранды кылып тынайын, Андан кийин түз беттеп, Кыргызды карай жылайын, Чыркыратып Манастын, Чыгарайын жыласын”. — Чыныгы акыл казгансып, Изденип араң тапкансып, Койкойгон мойнун буруптур, Буурсундай колун сунуптур, Белде көрүп жаш Манас, Камчыга бөлөп кула атты, Карчыга куштай чуратты, Манастап ураан салыптыр, Манас деп атын укканда, Бура тартып Кардыгач, Желдирип кетип калыптыр. “Кылбайын эми кабыз, деп, Инисинен талашып, Жоо сайды десе намыс”-деп, Акылга дыкан Кардыгач, Түпкүлүгүн дагы эстеп. — Олжомду колдон кетирдиң, Бармак элем сени издеп, Ырысымдын чоңун көр, Келипсиң өзүң темтеңдеп!- Бадыкөл айтып мындай кеп, Найзасын кармап бекемдеп, Шамал тийсе чачылып, Желке чачы сепеңдеп, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Ачуусу келип кекеңдеп, Күүлөгөн найза кырк кулач, Чоңдугу мындай кызталак, Чымырканып тиштенип, Кара жанга күч келип, Манасты уруп өткөндө, Сынып кетти найзасы, Ортосунан бүктөлүп, Кебелип койбойт кара көк, Жел соккон чөптөй теңселип, Жаңылап алып бир найза, Дагы кирди Бадыкөл, Өзүнө өзү дем берип, Карап турбай кабылан, Найзасын кагып жиберип, Кайта тийди имерип, Кеңирейген чочкону, Келтирип туруп муштады, Бүгүлө түштү сынбады, Бадыкөл күчүн сындады, Ойрон Манас ыргады, Эндекей көрдү капырды, Экинчи найза сайылды, Өтүп найза кеткен жок, Өпкө-боорун кескен жок, Денеси бүткөн кара таш, Атаңдын көрү дүнүйө чок. Өөрчүп капыр карарып, Сакалы бирден саналып, Чоң чокморду колго алды, Кайрат кылса тургундай, Чаптырып ийсе чокморду, Топуракка тунгундай. Учураган тоону урса, Күкүм-талкан кылгындай, Күүлөп–күүлөп алганы, Күркүрөп келип калганы, Сооту жок жери ушул, деп, Баатыр Манас байкады, Чойгон колун чочконун, Колтуктан ары муштады, Каржиликтин булчуңун, Жара сайып таштады. Чоргодон аккан суу болуп, Каны агып чыркады. Кабылан Манас токтобой, Кайрылып жана муштады, Колтуктун көбүк этинен, Өпкөгө найза чыктады, Тегеренип арстаның, Эки имерип ыкшады. Тоо да токтоп турабы? Томкорулуп кулады, Тоодой болгон бадырек, Кара жерге сулады. Бир кишини кырк баатыр Бура тартып бастырбай, Боорун жарып, өт алып, Бөөдө элге кас кылбай, Аксакалдын, карысын, Айдоого келген барысын, Чогултуп келип жалпысын, Эреже менен эр Бакай, Эми кебин салыптыр, Апыртып ийип калп айтпай: — Айкөл Манас балбаным, Аңтара сайып жоо алдың, Эмки калган жумушту, Өз ойум менен кылайын, Ушул турган баарыңар, Бадыкөл өлдү ханыңар, Эл чачылып кетпесин, Эри жок, ээсиз калдыңар, Айткан кепти угуп ал, Калк башкарган хан болот, Ханы кандай башкарса, Эли ошого шай болот. Алым-салым аз болсо, Элдин көөнү жай болот. Бадыкөлдүн барында, Колуң менен калкыңда, Вазириң кайсы, бек кайсы? Жашырбастан, эл, айтчы. Бараң менен шаңкайдан Келгениңер кайсыңар, Сурай турган күн келди, Эми бүгүн айтсаңар, Жалган кепти салбагын, Калганга жабыр кылбагын, Шаңкай, бараң, маңгыттар, Үч бөлүнүп туруңар, — Эл үч бөлөк бөлүндү, Бараң, шаңкай көп экен, Маңгыттын бары чоң экен, Карапайым аскерде, Маңгыттардан жок экен, Байкап көрсө зор Бакай, Байкуш кыргыз кор экен. “Оомал-төкмөл дүйнө” — деп, Айтылып калган шол экен, Оодарылып шум жалган, Мына минтип турчу экен, — Маңгыт мында калгыла, Бараң-шаңкай баргыла, Бадыкөлгө караштуу, Бардык малды жыйгыла, Тирүүсү эмес өлүүсү, Тегеле кара санаба. Жаман айтып койбоңор, Катын менен балага!- Бараң, шаңкай кетиптир, Бастырган бойдон жетиптир, Катышсак канды ичет, деп, Айтканын түгөл кылыптыр, Адырга койбой чогултуп, Айдап малды жыйыптыр, Калың элди жардатып, Тамгадан бөлүп ылгатып, Каракалпак малдарын, Карманапка айдатып: Жолу каткан маңгыттын, Кыз-келини чуулашып, Чуркурашып, ыйлашып, Каракалпак, бараңдар Арасында шаңкай бар, Айдап малды чубатып: Баселек тоону ашыптыр, Маңгытка барып жатыптыр. Башы боолуу бараңды, Баш каранды шаңкайды, Куткарып муну койуптур, Бараң менен шаңкайдын, Эми көөнү толуптур. Бадыкөлдүн ордодо, Малай кыз бар ошондо, Тааныган кызын алыптыр, Тааныбаган бир кызды, Шаатемир алып жаныптыр. Шаатемирдин барганын, Кызды алып жанганын, Эч ким билбей калыптыр, Жан кишиге билинбей, Шаатемир жөнөп кетиптир. Арадан өтүп канча күн, Караханга жетиптир, Алып барып Шаатемир, Караханга бериптир, Каныкей көрүп ал кызды, Сиңди кылып алыптыр. Бадыкөлдүн катынын, Жөн жаныңды баккын деп, Өмүрлүк жетер дүйнөң бар, Ошону жеп жаткын, деп, Башка кепти сурабай, Кетмек болду арстаның, Ошол жерде туралбай. «Шаңкайдын эли алыста, Бараңдын эли аралаш, Тамыр-тааныш каралаш, Карым-катнаш жүргүзүп, Бир бололу чамалаш, Куру кетпе деп баатырга, Далай жылкы айдатат, Мага берип кетпейт, деп, Таарынып калат Карманап, Аа кошулуп Кардыгач, Жаш Манас келип элине, Жай жыргап жаткан кезинде, Шум кабар жетти бир күнү, Кечки салкын бешимде. Муну мындай таштайлы, Хан Манас кандуу майданга, Барышынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.