← Манас 11/11

Накылай баштап сулуу кыз, Асыл буйум, арткан зар, Чиркеп койгон катар нар, Айылдан келип эл көрдү. Көрмөк тургай укпаган, Ырчы уул, Шууту билишет. Жалгыз Чубак узаткан, Ошо кыздын ичинде, Зордуктап Шоорук алыптыр, Эрназар кызы Урумкан. Эрназарды урдурган, Унуткусуз шор кылган, Тартып алып сулуусун, Өзүнүн тарпын чыгарган. Алматанын алдында, Токойго кирип жан сактап, Эрназар чал жүрүптүр, Манас атка минди деп, Угуптур да, билиптир. Кызымды тартып алды, деп, Арыз айтып келсе Эрназар, Кызы айылда жүрүптүр. Кызын көрүп кош болуп, Жагалданып оштонуп, Кызды көрүп, мал көрүп, Далай ишти ал көрүп, Кээ бир жерин Манастын, Ал Шоорукка окшотуп, Кырк кыз меники дей албай, Арызын айтып ийе албай, Алты күн жүрүп калыптыр. Көп айылды аралап, Карыларга бара албай, Жаштары аны тааныбай, Жакып менен бир келген, Мажик деген эр эле, Өз атасы Мажиктин, Караногой дээр эле, Караногой башында, Көчө электе Камбылга, Караногой, Эрназар, Бирге жүргөн неме эле, Караногой жатып жээр, Эрназар мерген киши эле, Алты күндүн ичинде, Үч сапар укту кулагы, “Караногой кана? – деп, Чыкыргының аны” – деп, Бай Жакыпты айтканы. “Ногой анын кими экен, Көрсөм аны”, дээр экен, Эрназар антип жүрчү экен. Жамгырчы, Балта, зор Бакай, Текечи, Шыгай, Кыпчакбай, Урматтуу кары, нечен бай, Бай Жакыптын үйүнө, Чогулушту андайлар. Ошолордун ичинде, Караногой дагы бар. Эшикте жүрсө Эрназар, Тааратка барып келатып, Учурап Ногой калыптыр, Көргөн жерде ал экөө, Кучакташып салыптыр. Башка эмес, канкоруң, Көз чалдырып калыптыр. — Баатыр Мажик, тур – деди, Ылдамыраак бар, — деди, Атаң менен көрүшүп, Ыйлап жаткан бирөө бар, Кычырып келе кал! – деди. Айтса Мажик турчубу, Арстандан мойун бурчубу? Биргелетип Мажикке, Бирге басты Ырчы уулу. Бай Жакып үйүн бет алып, Басып булар баратса, Караногой, Эрназар, Колтуктарын ача элек, Кумарларын жаза элек, Кучакташкан бойунча, Ажырашып баса элек, Салам айтып эр Мажик, Алдына тура калыптыр. Караногой, Эрназар, Саламга алик алыптыр. Менин балам ушу, деп Ногой айта салыптыр. Баатырга жакын жолдошу, Жети жаштан бер жакка, Баатыр менен бир болду. — Кычырып жатат баатыр – деп, Айтып Мажик ийди эле. — Жүргүнүң, ата, — деп, Кийиндеп тура берди эле. Эрназарды жетелеп, Караногой келди эле. Чатырга жакын келгенде, Караногой караса, Эрназар калган калтаңдап, Тарта албай бутун тамтаңдап. Токтоло калып Эрназар, Ал Ногойдон кеп сурап: — Улук десең коркомун, Эки сапар Шоорукка, Кирип чыгып алдына, Как ошондо коркомун. Караногой аңкаарып, Ачыгын анын билбеди, — Мен турганда кеп кылбай, Жүргүнүң, кир, — деди. Караногой карысы, Каркылдап кирип барганда, Кырк жигиттин далайы, Олтурган экен, чатырда, Кобо калды баарысы, Жабырашып чуулдап, Салам айта салышты, Караногой, Эрназар, Саламга алик алышты. Караногой олтурбай, Манаска кебин салышы: — Салылуу бойдон кумалак, Көчө элек ташым бар эле, Эшикке чыгып келатып. Көрүп калдым муну эле. Мунун жайын сурасаң, Эрназар деген чал эле. Атаң Жакып бай баштап, Балыкарттан көчкөндө, Күнөстү карай өткөндө, Таракайда калды эле. Көрүшүп кебим кангыча, Кычырыпсың, жолборсум, Эмне кебиң бар эле? — Көчө элек ташың бар болсо, Кумалак өтө зар болсо, Эрназар деген чал болсо, Эзелтен тааныш ал болсо, Ээрчитип бирге ала бар, Эшик-үйгө таштабай, Бир сыйра берсин кийимин, Чыйырдыга айтып бар. Ээрчитип жүрсөң анча эмес, Самсалаатып чубалтпай. Кайрылып Ногой басарда, Калтылдагы жазылды, Кабагы мунун ачылды: — Манас уулум сенби? – деп, Каргылданып жашыды. — Ашыгыш ишиң бар экен, Абаке, өзүң бара бер, Бул киши калсын бул жерде, Ашык үйдөн нечен бар, Мейман келсе киргизер. Энтелеп Ногой кеткени, Эрназар анда калды эми, Баштан-айак бүт кебин, Баатыр эрге салды эми. Ортолоп кебин келгенде, Жашый турган кездерде, “Ыйлатпайын муну, — деп, Суусундан жутуп алгын” – деп, Көөкөрдөн арак куйдуруп, Ырчы уулга сундуруп, Эрназарды тундуруп, Андан кийин айттырып, Барлык кебин жай угуп, Кызы мында экен, деп, Айтканын мунун дагы угуп. Андан мурун канкоруң, Биле элек болчу кызды угуп. Каркыттаган бир үйгө, Эрназарды киргизип. Урматтап берчү тамагын, Улуу карыга тийгизип, Чыйырдыдан алдырып, Баштан айак кийгизип. Сандалып жүргөн карыга, Пайдасын баатыр тийгизип, Сырттандын бири экен, деп, Ичинде тынып калыптыр, Караногой жүгүрүп, Бай Жакыптын үйүнө, Алдырап кирип барыптыр. Ал үйдөгү карылар, Баштап баары бар, Олжого келген кыздардын, Кебин салып алыптыр. — Шооруктун кызын көрөлү, Сонун сулуу кыз болсо, Манаска кошуп койолу. Бойго жетти Манас – деп, Колу-бутун тушабай, Келатыпсың, Жакып, — деп, Кыз жараса көөнүнө, Бермек болуп Манаска, Кеңеш кеби канышты. Күн шашке кези экен, Көрөлү деп кыздарды, Күпүйүп басып барышты. — Эшикке чыксын кыздар, — деп Туйгузбай алып чыккыла, Коркуп калса тартынып, Ишибиз түбү жакшы эмес, Кыздарды көрүп болгунча, Бүтүп болду кеп-кеңеш. Кебибиз бар азыраак, Келе калсын баатыр деп, Атайын киши жиберет. Чогулгандын баары деп, Бай Жакып, Бакай кары деп, Чакырыкчы барыптыр, Андай болсо жүрү деп, Эрназарды ээрчитип, Көкжалың жетип калыптыр. Кыздын баары кылаңдап, Узун көйнөк чубаңдан, Өңүрү такыр саймадан, Жакасы түрдөп сайылган, Жең кабы бар каптаган, Кийгени такыр макмалдан, Бермети жерге төгүлгөн, Беттери нурдай көрүнгөн, Кылыйып түрү караса, Көзүнүн нуру төгүлгөн, “Олжого келген кыздар” деп, Айттырбаган эр Бакай, Келгели болгон бир айча, Кыз балдардын көңүлүн Кайттырбаган эр Бакай. Бакдөөлөт өзү баш болуп, Ээрчитип он беш катынды, Карылар турган короого, Алып барды кыздарды. Баарысы карап калышты, Жашы менен карысы, Чогулушкан ал жерге, Иш билгендин баарысы. Накылай көркөм кыз экен, Жез оймоктун узу экен, Сураштырса Накылды, Он төрткө чыккан кези экен, Жаман кыздан бирөө жок, Баары жакшы мыкты экен. Калгандары тим эле, Эрназар кызын көргөндө, Эчкирип ыйлап ийди эле, Бакай баштап баарысы, Карап муну калышты. Тарттырып кызын ийгенден, Табылгынча бүгүнкү, Эрназар кебин салышты. Кыргыздан кыраан Кыпчакбай, Уулуна жүрчү кыз жакпай, Эрназардын Урумкан, Көзүнө байдын толуптур, Сурайын деп бул кызды, Ойунда диттеп койуптур. Эрназар кызым дегенде: — Сен да кары, мен кары, Караногой үчөөбүз, Окшошуппуз тең кары, Жүргүнүң, Эрназар, Биздин үйгө баралы. Таанышы Ногой экен деп, Ээрчитип кетип калганы. Накылайды баатырга, Арнап берди баарысы, Ошо болот баатырдын Накылайды алышы. Шоорук менен курбалдаш, Мансабы да, эрдиги, Окшош өткөн неме экен, Ажалынан өлүптүр, Атын Татай дээр экен. Көрпөкө деген кыз экен, Даңкы менен Шооруктун, Накылай деп калышты, Көрктүүсү кыздын ушу экен, Көрпөкөнү Чубакка, Жубай кыла салышты. Накылайды баатырың, Көрпөкөнү эр Чубак, Урумканды Абдылда, Үч кызды үчөө алышты. Калганын койду каратып: — Катыны жогуң алыңар, Кадырлашып, жарашып, Жаштык кылып бириңден Бириң кылба талашып. Зордук менен албаңар, Сонунуңар бат тарар, Тийемин десе алгыла, Тийбейин десе калгыла. Шоорук калча ханы эле, Жагынып алып калмакка, Сараркага барды эле. Ар кайдан тандап жыйган кыз, Жез оймоктун чыгааны, Ушул кыздар баары уз. Зордук менен алат, деп, Зомбулукту салат, деп, Коркуп турган ал кыздар, Калыс экен кыргыз, деп, Кыткылыктап күлүшүп, Кыйалында жаратып, Каалаган эрге тийишип, Жасалгалуу кыздардан, Жалгыз бирөө калбады, Жаман киши албады. Бет алган жагын каратып, Беттешкен эрди сулатып, Багы менен Манастын, Жатты кыргыз жыргашып. Арадан өттү канча убак, Бир далай жыл жанашып. Эриккенде кырк чоро, Текени атып тоосунда, Кулжасын уулап коосунда, Аркарын карап адырдан, Түлкүсүн кагып аң-аңдан, Ителгисин куу-куулап, Койонун кууп сай-сайдан, Өрдөгүн уулап сазынан. Балык кармап тор салып, Буткул-буткул суусунан, Салкында ордо атышып, Эңишип улак тартышып, Шерне жешип, тай сойуп, Кымыздын даамын татышып, Теке тырмыш, көлбука, Аркандарын тартышып, Эл чогулган жерлерде, Эшикке чыкса кээ-кээде, Ар бир үйдүн жанында, Казып койгон кемеге, Катарлап тиккен үйлөрдө, Самоору кайнап ар үйдө, Куру калбас баары үйдө, Адамды айран калтырып, Ар сонун бар ал үйдө. Коноктон ашкан шекер-бал, Баары турган жалдырап, Дасторкондун үстүндө, Бар тамагын жайнатып, Кемегенин биринде, Кымыздан арак кайнатып, Комузчунун колу шок, Бозторгойдой сайратып, Боз улан жигит, кыз-келин, Күү муңдуусун тандашып, Баланча алты кайырды, Атынан айтып талашып, “Чийе жол” деген күү чертип, Оң колго мурду кошулуп, Он бири окшош тең чертип, Күйөө жандап келиндер, Саамайын сылап кыз балдар, Ооз комузду кагышып, Темир тилдүү жез жаактуу, Комузун колго алышып, Уктаса түшкө кирбеген, Сонун күүнү табышып, Кашкулак, бөрү ичикти, Карылары жамынып, Хандары таажы тагынып, Катыны сөйкө салынып, Боз улан кемер куранып, Кыздары үкү сайынып, Өрүшкө батпай котолоп, Төрт түлүк малы жайылып, Көчкөндө жүктүн үстүнө, Кызыл-тазыл жабылып. Тебетейин кырдашып, Ээр-токумун кылдатып, Жаагын жанып күкүктөй, Ырчылары ырдашып, Өйүз-бөйүз кыз-келин, Акыйнегин айтышып, Теңселе басып келишип, Селкинчегин тебишип, Азоону минип түйүлтүп, Арты-артынан келишип, Уландар теңге эңишип, Уул үйлөп, кыз беришип, Чочок кесип, той берип, Үлүш болуп дуулдап, Байге бөлүп кунан чаап, Мага соогат бергин деп, Бабырашып чуулдап, Өлүм болуп аш берип, Алакан жайып эл келип, Бештен бөлүп конокту, Үй башына бер дешип, Карылары, чоңдору, Бирден бала чаптырып, Конокту баштап кел, дешип. Ат чабылат экен, деп, Сайыпкер атын тердетип, Салдырып жорго такырга, Сабаалашып эл келип, Эстүүсү элди башкарып, Жаштары кызмат аткарып, Короонун чыгып четине, Аксакалдар кынтайып, Желеге кулун байлашып, Дүр-дүнүйөнү жайнатып, Күлгүндөн баарын бүктөшүп, Көчкөндө төөгө жүктөшүп, Көкжалга тилеп амандык, Көпкүлөң чалган балдарды, Көтүңдү кысып тим, дешип, Тентек чыккан балдарын, Куу туйак деп тилдешип, Күндө ойун, күндө той, Күндө чубап дүрбөшүп, Ушак айтып чатак таап, Кан чыгарып бетинен, Койгон болсо жара чаап, Айыпка малын бөл, дешип, Айылбашы болгондор, Абдан түбүн сүрүшүп, Жарашып өзү калаар деп, Кыйлага карап жүрүшүп, Алыстан келген адамдар, Ал кыргыздын айлынан, Ар кандай айып таба албай, Кандай үйгө кирсеңиз, Эзген курут, кошкон май, Дасторкондо кескен жал, Чайдоосунда кызыл чай, Келини каймак жалабай, Кемпири куйрук карабай, Жаштарынын кийгени, Ар кубулган түрдүү шай, Толгон кыргыз кези экен, Төрт түлүктүү малга бай, Толуп турган чагы экен, Улагадан агып май. Тирүү менен өлүүдөн, Баарысынан Жакып бай, Жакшылык менен болушуп, Жамандыкты унутуп, Кыргыз жатты жайма-жай. Кылымга батпай тараган, Башкадан кабар угуңар, Муну мындай таштайлы Бадыкөлдүн Карманап Чапканынан баштайлы.