Көктеке минип шайланып, Буудайык берген олпокту, Бөктөргөгө байланып, Тогуз жашта түгөнгүр, Буттай темир курчанып, Сом темирин колго алып, Кабаттап темир кийинип, Каар бетине төгүлүп, Тогуздагы Чубагың, Зоңкойуп тоодой көрүнүп, Алдында минген Көктеке, Кыл куйругу түйүлүп, Үйшүн, Үмөт эки уулу, Кызмат кылып жүгүрүп, Алматадан аттанып, Балыкарт көздөй жол тартып Абдылдага жолукту, Шамшыда кетип баратып, Абдылда, Чубак биригип, Жыйырма экиге толуптур, Чубатып көрсө санашып. Туйунтпай кыргыз камынды, Жиберген калмак таратып. Бузулган элдер жыйылды, Муңу ичине сыйбады, Баатыр Манас туулгалы, Баарысы минтип жыйналды. Баштаган Чубак, Абдылда, Баатырың жаткан токойго, Баргалы жакын калганы. Туйгузбай башка бирөөгө, Келет экен Чубак деп, Алдында кабар алганы, Баатыр Манас, зор Бакай, Жолунан тосо барганы, Каракалпак түрк эл, деп, Жүрчүт, жуда деген деп, Тараң, шаңкай элинен, Пас болуп андан келгенден, Калча менен Кыйбадан, Тажик менен сыйадан, Калмактарга катуу кас, Ыраман деген бар экен, Ырам билген жан экен, Анын ишенгени бал экен, Ырчы уул деген баласы, Жалгыз уулу бар экен, Байатан айткан элдерде, Өзү чыккан бай экен. Кыргыл чал деген иниси, Жеке баатыр жан экен, Балдан көрүп Ыраман, Бай менен чоңдон чогултуп, Жыйырма бала кураган. Кыргыл чалды кошуптур, Калмактан кордук көргөндө, Кыргыл баштап жыйырмасын, Баатырдын жолун тосуптур. Келе берсин чубашып, Кийик атып уу кылып, Күнү кызык чуулдатып, Баатырга жакын жетиптир, Чубак атын чуратып. Чоңжинди, Бакай жанаша, Баатыр Чубак, Абдылда, Алды жагын караса, Атынан түшө калышты, Камчысын салып мойнуна, Таазим кыла барышты, Аты-жөнүн сурашып, Алар менен таанышты. Аттанып жөнөй бергенче, Кыргыл баштап жыйырмасы, Дагы келип калышты. Олуйа Бакай, Чоңжинди, Опсуз Чубак баатырлар, Кыргыл чал менен жыйырманы, Эсепке муну алыптыр, Кыргыл баштап кырк киши, Саны толуп калыптыр. Кырк чоросу Манастын, Ошол экен баарысы. Чубак баштап жыйырмасы, Ондон киши котчусу, Ар жактан келген жыйырмасы, Ондон киши котчусу, Төрт жүз сексен болуптур, Бир кошунга толуптур, Жамгырчы келип ал күнү, Чогулуша конуптур. Чоңжинди, Бакай, Жамгырчы, Балта дөөнүн Чубагы, Масылеттин ичинде, Чогуу бирге бу дагы. Кыргыл чалы баш болду, Бий Абдылда жаш болду, Абдылда бий дебеди, Ажы бий деген ат конду, Кыскаргандан кыскарып, Ажыбай атка конгону, Кыргыздардын оозунда, Айтканы ошо болгону. Айдатып келип Жамгырчы, Алтымыш тууну бир сойду, Төрт жүз токсон киши экен, Ашырбай бир күн жеп койду. Төкөр уста Бөлөкбай, Кетмек болуп козголду, Акы берсе уста албады, Ак нээт уста ал дагы, Пул берсе уста албады, Санасын башка бурбады, — Батаңды бергин мага, — деп, Ал Бакайга жалбарды. Арстан Манас көкжалдын Абдан колун кармады: — Сен балапан, мен кары, - Бөлөкбайдын айтканы, - Найзаңдын учу даттабас, Бүгүндөн баштап журтуңа, Башчы болдуң, сен Манас. Балтаңдын сырты жарылбас, Балтадан мындай табылбас, Элиңдин четин бузултпай, Жыйнап алгын, сен Манас. Ырысыңа эр көп, — деп. Ылайыктуу жер көп, — деп, Эл намысын талашкын. Эрте-кеч жок кара көк, Колун койо бериптир, “Кош эмесе, аман”, — деп, Бултулдатып букасын, Ээрчитип эки уланын, “Тең бастырсак атага, Дегеле жаман болот”, — деп, Уландары ат минбей, Жөө басканын карагын, Түлөөкө, Төлөн жөө кетти, Бөлөкбай жөнөп кеткени, Балта козгоп көчүргөн, Элдер калды жеткели. Байсоорун менен Атбашы, Ортосу кырчак Алатоо, Күнгө-тескей жер жазы, Келгендер айлын таштады. Жылкычы, койчу мал бакты, Акбалта, Жакып, Кыпчакбай, Алты миң ашуун киши алды, Самарканга барууга. Тууралап жолго салганы, Эки күнү жол жүрсө, Самарканга бармакчы. Чоңжинди, Бакай, Жамгырчы, Чогултуп элин жам кылды, Самаркандын Белсазы, Көк чөбүн кызыл кан кылды. А кудайлап түлөөгө, Күндө бээден чалдырды, Чала-чарбыт айылды, Үй-бүлөдөн айрыды. Буйуруп берди Жамгырчы, Намангенге барууну. “Наманген, Ошко баргын, — деп, Эгин эгип жан сактап, Малга жайлуу баары,- деп, Кембагалга жери жай, Жер-жемиши дагы бар, Ал жерге барып жан сакта. Бул жерге турсаң козголоң, Кызыл кыргын тополоң, Адысеге учурап, Жаман күнгө каласың”. Деп кеңешин бүтүрүп, Наманген, Ошко баруучу, Самарканда кыргыздан, Кыргыл чалга кошуптур. Наманген, Ошко жеткир, деп, Көчүрүп аны койуптур. Тыңдуунун баары бөлүндү, Сойгону күндө бээ болду, Беттешери эр Көңтөй, Турган Белсаз жер болду. Балта, Жакып баштаган, Келип кыргыз эл толду, Ороздунун кызыл туу, Жакып байда бар болчу. Айчыгы алтын тактырды, Манастын атын жаздырды, Көтөрүп жоого баргын, деп, Кыргыл чалга тапшырды. Санаты болду отуз миң, Сапырылып эл толду, Эр Көңтөйгө айттырды, Угуп Көңтөй кам кылды, Калмакта аскер өтө көп, Алтымыш миң болду, деп, Айтып элге даң кылды. Оолугуп Көңтөй аттанды, Көңтөй баатыр аттанып, Оорукта мурун жаткан бу. Элинен балбан ылгады, Эпсиз чоңдон онду алды, Алтымыш миң колу алды. Опсуз Көңтөй чоң барды, Чогулушкан жерлери, Белсаздын берки керүүсү, Көкойдуң үстү көк жайкы, Калмак, кыргыз эл толду, Кеңири жерге жайкалып, Кан төгүлөөр кез болду, Толкуган көлдөй чайкалып, Кыргыз уруу дегендер, Коркпой баары кубанып, Кош болушуп дууланып, Кулак-мурун тундуруп, Ач кыйкырык чуу салып, Чалдардын баары бакчаңдап, Жаштардын баары чакчаңдап, Кең көкүрөк сом далы, Балбандын баары дагдаңдап, Сакалы актар жайкалат, Мингени жорго чайпалат, Чыгып жатат калмактар, Өргөн биттей самсаалап. Бакай, Балта, Жамгырчы, Кимиси элди башкарат? Бай Жакып улуу кары үчүн, Эң алдында кеп салат: — Баштын мээси деген бар, Аштын ээси деген бар, Элиңди ким башкарар? Эл башкарган болбосо, Элиңдин чети чачылар. “Айтса-айтпаса ырас” — деп, Жалпы токтой калышты. Чуркурашып чуулдашып, Бакайды шайлай салышты, Ошол болот Бакайдын, Хандык атты алышы, Эмгичекти Бакайдын, Өчпөй аты калышы. Баатыры Манас жаш болуп, Падыша Бакай баш болуп, Кектеше турган чак болду, Калмак-кыргыз каш болуп. Карап турса эрдемсип, Калмактан чыкты бөлүнүп, Караандуу бирөө дердеңдеп, Өз ичинде калмакка, Таанымал чыккан эр экен, Калмактын жүргөн ичинде, Түбү манжуу, неме экен. Минген атын булкунтуп, Тепсетчүдөй жулкунтуп, Тыштан кийген кырмызы, Күн чагылып кулпунтуп. Найзасын кармап оңдонуп, Чөгөргөн нардай комдонуп. Бендеден башка неме экен, Как ошондой чоңойуп, Бөлүнүп чыкты калмактан, Жалгыз өзү коройуп. Алп Жамгырчы аттанды, Аламын деп томуруп, Жибербей Бакай койгону, Жамгырчыга жол койуп. Семет деген бар эле, Жылкы алышкан чабуулда, Сексенге калса беттешип, Сайып алчу эр эле, Өзү казак уругу, Семет баатыр дээр эле. Мен барам деп желденди, Кан Бакайдын алдына, Уруксат сурап келди эми. Ага дагы эр Бакай, Уруксатты бербеди. Токтоно албай Чубагың, Тогуздагы чунагың, Уруксат сурап келгени. — Болбосун жолуң шар, — деди, Жолборсум Чубак, бар, — деди, Барбайт деп уулум айтууга, Балтанын оозу келбеди. Бала жолборс Чубактын, Бар жарагы телделүү, Жарашыктуу ылайык, Көктекени мингени, Көмөрө кийип туулганы, Кыйкырып Чубак жүрдү эми. Тогузда Чубак жашы бар, Жеткир баатыр жагы бар, Баатыр Манас тушунда, Баштан-айак дагы бар, Таанылсын деп эл-журтка, Жиберген Бакай жайы бар. Кошулду Чубак катарга, Беттешти манжу Татайга, Татай манжу дегени, Таанымал элге мурунтан, Талкалап нечен эр алып, Таанылган элге болуучу, Көргөн эмес кыргыздар, Батыштын элин моңгулдар, Талкалап шаарын нан кылып, Башы-көзүн кан кылып, Айтып элге келгенде, Татай жеңди баарын деп, Атын анын угуучу, Көңтөй деген калдайы, Татайды төтөп кылуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.