← Манас 3/11

Тогузда Чубак жолборсуң, Жолуккан жери мына ушу. Чубакты көрүп Татай кул, Атынын башын буруптур, Аркасында Көңтөйгө, Кылчайып карап туруптур: — Улугум Көңтөй сен элең, Уйпалап нечен эрди алган, Урушта Татай мен элем. Таанылган элге Татайга, Тай минип жүргөн жарышып, Мына бу кыргыз тең беле? Балага Татай чыкты, деп, Барлык эл укса уйат кеп. Башка бирөөн жибергин, Кошума кайра кетем!- деп, Кобурап Татай калганы, Кыргыз, калмак аралаш, Мал бакканда чамалаш, Барды-келди, бас-турду, Тилин калмак биле алат. Айтканын уга барыптыр, Акбалтанын Чубагы, Арданып буга алыптыр. Жеткен жерден Татайды, Жеткилең Чубак бир сайды, Мактанып жаткан барбайм, деп, Ээрден көтү кыйшайды. Ооп барып оңолуп, Аркасын карап олойуп, Ормолоңдоп алыптыр. Ойду-кайкы чапкылап, Чубакка Татай барыптыр: — Атаңдын көр, бурут – деп, “Өлөр эчки койчунун, Тайагына сөйкөнүп Өлүп алат экен” – деп, Угуп жүргөн бул бир кеп, Эчкиден бетер сөйкөнүп, Өлмөкчү экен кыргыз! – деп, Эң эле жаман сүйлөнүп, Кирген суудай түрдөнүп, Булгап алып найзасын, Катуу тийди күүлөнүп. Кармашты мурун көрбөгөн, Кармашып жоого көнбөгөн, Анткени менен эр Чубак, Бала да болсо эң чыйрак, Какшытта жүрүп көнгөндөй, Далайды мурун көргөндөй Кагып ийип найзасын, Тамылжыган Татайды, Таамай Чубак сайыптыр, Татаалаган манжууну, Аңтара сайып салыптыр. Көрүп туруп чыдабай, Көбөгөн деген бир манжуу, Күркүрөп жете барыптыр, Ажал айдап тура албай, Ал «Татайлап» бакырып, Айабай жаны ачыптыр, Кабаган иттей карсылдап, Ачууланып арсылдап. Жетип келди Чубакка, Түз качырып жакындап. Ойротто жок эр Чубак, Кара бойун чыңдады, Кызыл түпөк найзаны, Кыраан Чубак ыргады, Кыйкырып барган манжунун, Кагып ийип найзасын, Кый сүбөөгө бир сайды. Чубак сайган оңобу, Жыгылган өөдө болобу? Жер тайанып жыгылса, Тирүү Чубак койобу, Жер кучактап манжудан, Экөө өлүп жоголду, Кыргыздын иши оңолду. Карап туруп чыдабай, Каарданып тура албай, Каар бойуна сыйа албай, Карбаластап чоң Көңтөй, Калгандар баары жөнөкөй, Кантип туруп ал калсын, Калдайып өзү жөнөбөй. Карбаластап далдаңдап, Калканы жондо калдаңдап, Качырып Көңтөй келатат, Караса буту салбаңдап. Кармаганы кара тил, Кара курчка найзасы, Кара жер майлап жатуучу, Качырганда канчасы. Калганы кара темирден, Кара бойу кем эмес, Кара тоонун сеңирден, Карсылдашкан душмандан, Качан Көңтөй жеңилген? Качырганда кан ичкен, Канга кошуп кант жеген, Кара кытай калмактар, Калгандан качан кан жешкен? Качан кыйын күн болсо, Каардуу Көңтөй бар дешкен. Катуу жөнөп калыптыр, Кадимкидей кан иччү, Казабына алыптыр, Качырган жерде Чубакка, Кандуу найза малыптыр, Каңтара койуп салыптыр! Казактардын Семети, Ат койгон бойдон жетти эми, Желип чыккан Көктеке, Чылбырынан кармады, Ыргытып чылбыр Чубакка, Камакка салды жаңжалды. Казактардын эр Семет, Карсылдашып калганы, Казактардын Семетин, Найзага Көңтөй илгени, “Мынаке, кыргыз, эриң!” – деп, Ыргытып муну жиберди. — Убара кылба калжаңдап, Эриңден бирөө кел! – деди. Эстенип турган карарып, Каар бойуна таралып, Чоңжинди минди атына, Сырнайзаны колго алып. Сырнайза колго илгенде, Сыздырып жолго кирерде, Акбалта турду муну айтып, Абаң Бакай, Жакып хан, Жамгырчы менен Кыргыл чал, Карап турду тыңшашып: — Балам, Чубак, сен – деди, Жаныма жакын кел, — деди, Билдиңерби карылар, Карап турдуң баарыңар? Барайын десем алдымда, Уруксат Бакай бербеди, Мага бербес уруксат, Уулум Чубак саа берди. Өмүрүнчө Манаска, Өлгүнчө бирге болот деп, Саа уруксат бергени. Орозду атам өлгөнү, Он уулу аман биз туруп, Бүтүн алаш эл туруп, Кара калмак, манжуга, Алыбыз качан келгени? Атагы алаш эл үчүн, Ырыска сени бергени. Калмактан коркуп айта албай, Атыңды сенин которуп, Чоңжинди койдум мен, — деди. Аалам сүйүп саа койгон, Атың Манас болуучу, Аттанып чыктың жаңыдан, Болосуң элге таанымал. «Манас» деп ураан чакырып, Бара турган жол ушу, Баргын, Манас, бар! – деди, Болсун жолуң шар! – деди, Элиңе салган бүлүктү Душмандан өчүң ал! – деди. Бата берип дүркүрөп, Баарысы туруп калды эми, Бастырганда баатырдын, Байанын айтам угуп ал, Кулагыңды салбасаң, Дүлөй болуп өзүң кал! Улуу Манас баатырдан, Унутпас далай сөзүм бар, Унутуп ийбей эстеп ал! Бастырганда караса, Бала жолборс арстанды, Байкаган баары таң калды: Бармактай кызыл меңи бар, Маңдайында салаңдап, Жылаңайак, жылаңбаш, Кийимсиз өзү жылаңач, Чылбырлап кетип баратат, Жети менен сегиздин, Ортосунда бала жаш: Эки үзөңгү алдында, Эки түгөй сур бөжөк, Кулагын тиктеп жапырып, Кетип барат жөжөңдөп, Бөжөң-бөжөң желишип, Бөлөкчө сонун келишип, Көрүп турган кыргыздар, Бир-бирине туйгузбай, Баабедин айтып ийишип: Кызыл чаар жуп жолборс, Жолуккан бенде соо болбос, Жандап чуркап алыптыр, Манаска болуп ал жолдош: Сонун иши дагы бар, Түргөн чийдей жоондугу, Сойлоп барат ажыдаар: Коркконуна чыдабай, Ыштанына далайлар, Сийип ийген чагы бар: Алдында минген кула аттын, Кулагында шамы бар, Маңдайында багы бар, Куйундай бүткөн жаныбар, Соорусунда кула аттын, Камбар ата сылаган, Беш колунун тагы бар: Аркасында айкөлдүн, Учкашкан кызы дагы бар, Шөкүлө кийген башына, Көрүп айран калышты, Тагынган шуру ташына, Бермети жерге төгүлүп, Утур келсе маңдайга, Туулгадан ашып койкойуп, Шөкүлөсү көрүнүп, Өтө көркөм кызыл кыз, Өзү жандан узун кыз, Дүркүрөшүп эл калды, “Дагы бирден көрүнүп, Койсо, дешип, ушул кыз”: Отуздан кулжа, алтымыш, Тепе-тең эки бөлүнүп, Дердеңдешип алыптыр, Бир кула аттын дабырты, Алтымыш аттай дабырап, Мана минтип калыптыр. Карап турган калайык, Карылар көзгө жаш алып, Караган баары таң калып, Дүркүрөшүп жар салып, Күңгүрөнүп алыптыр, Мал табуучу шылуундар, Бакай, Жакып карыга, Акбалта, Жамгыр залына, Аксакалдын баарына, Комузун толгоп колго алып, Жагымдуу ырдап үн салып, Ырдап барып ырчылар, Комуз менен төө алып, Ээри менен ат алып, Ага кошуп бата алып, Чечип берген тонду алып, Ченебей берген пулду алып, Жагалданып кырданып, Мал табышып жалданып, Сүйүнүшүп тынч алып. Эки жанын каранып, Күмүштөн кемер курчанып, Көкжалың чыкты аттанып, Күндөй бетин нур чалып, Артынан карап байкашып. Айкөл шерге таң калып, Аркасынан караса, Ак жолборстун сыны бар. Маңдайынан караса, Ажыдаардын сүрү бар, Төбөсүнөн караса, Алпкаракуш түрү бар, Ачуусу келип акырса, Айбаттанып бакырса, Кырк бир шердин үнү бар, Кыргыздан чыккан кыраандын, Тышкы сыны ушулар. Бастырып жөнөй бергенде, Аксарбашыл мал айтып, Атап айтып көп айтып, Ага кошуп турган эл, Акбоз бээни кошо айтып, Айтпаганы калбады, Аксакалдар калганы. Аккула минип болкойуп, Шаңданып арстан калыптыр, Алатоодой зоңкойуп. Топтон чыкты бөлүнүп, Тетиги чоң ополдой көрүнүп, Беттешти калдай баатырга, Тоо көчкөндөй күркүрөп. Кангайлап Көңтөй бакырса, Караган баары таң калды, Качырып кирген баатырга, Мингени Кула шаңданып, Аккуланын артынан, Бурулгуп чыккан чаң калып. Чындап найза кармашып, Чымындай жанды айабай, Кылга байлап ташташып, Найзаларын сунушуп, Күүлөп алып урушуп, Качырышып сайышып, Калдай Көңтөй калмактан, Каардуу Манас кыргыздан, Калбалашып бул экөө, Катуу жаман урушту, Калкандарын кыйратып, Соотторун жулушту, Качпай туруп урушту, Катуу кыйын жумуш бу.