Манастын алгачкы эрдиктери
“Камынсын кыргыз түштүктө, Калбай кыргыз катышат, Түп көтөрө бул иште”, Деп кабарлап ал ишке, Камынып жүргөн Акбалта, Келер жылдын алдында, Өткөн жылы күзүндө, Аралкөлдүн түзүндө, Алтымыш тандап бээ сойгон, Алтымыш жумшап чабаган, Кычыртып кыргыз байлаган, Мына мындай деп койгон: “Акылы бар азамат, Ат минери калбасын, Шек алдырбай калмакка, Акылын толук жамдасын”. Элбаштыгын кечирди, Аракка кошуп калмакка, Кара кесек эт берди, Балбанга байге болсун, деп, Байге бөлүп көп берди, Эр күрөшү оодарыш, Кыргыз-калмак деп бөлдү, Оодарышып, сайышып, Ортого чыгып көпкөнү, Акбалта берген аш-тойу, Алты күндө өткөнү, Элдин баарын таратып, Эстүүлөрүн чогултуп, Эшиктен киши каратып, Аксакалы бай Жакып, Керкөлдөгү чыккан бай, Казактардын Айдаркан, Мында келген нечен бай, Кулетен бар, курдаш бар, Куп сүйлөшөр сырдаш бар, Элеман баштап башкалар, Калышкан тойго келе албай. Чогулуп баары болгондо, Балта дөө айтат мамындай: — Атам Ороз тушунда, Токсон миң үйлүү киши элек, Бузулбай айыл бүт элек, Кайран киши өткөнү, Капкайда бизди кыдыртып, Калмактар кетти энчилеп. Бооз катынын жардырды, Кызыталак калмактын, Кылбаганы калдыбы? Кыдыртып ийди көчүртүп, Жер жүзүнө баарыңды. Ырысыңа баарыңды, Эңсегениң табылды, Башы таштан жаралсын, Абийириң эми жабылды. Азынатпай айгырын, Булкулдатпай букаңды, Буркулдатпай буураңды, Карсылдатып сүзүшүп, Кан мүйүз кылбай койуңду, Эркек малың бычтыргын, Жол керегин бүт кылгын. Ушул келер кыш менен, Күндү жайлап жаадырам, Алтайдан нары Иледен, Текес, Күнөс-көп жерден, Жердин бетин кар кылам, Жердегендин баарына, Кара жерди зар кылам. Токтото албай ак карга, Жайнап жаткан калмакты, Ар кайсы жакка кыдыртам. Тилимди алсаң келген эл, Көк кылайа калганда, Мал тойунган чактарда, Козу көчү кылсаңар, Алатоо бойлоп жылсаңар, Күнгөй-тескей беттери, Малга жайыт кылсаңар, Байсоорун менен Балыкарт, Арт жаккы бети Атбашы, Кара кыргыз айылдаш, Тоону бойлоп жер ээлеп, Канат кагыш турсаңар, Баарыңардын нээтиңер, Самарканга барсак деп, Башка кыйал санабай, Жок жерден ишти таап албай, Айтканга амал алсаңар, Көп кыйла тарттың азапты, Көчүп жүрүп Жакып бай, Күнөскө бардың кыдырып, Текеске келдиң толгонуп, Кең тескейди сыдырып, Актокой бардың ашыгып, Арбын малың чачылып, Буурултокой ат калды, Ошонуң сенин жакшылык. Баркөлдө жүрдүң бааналап, Барып-келип Чыңгыштын, Эшигинде сагалап, Мындан кийин болгон иш, Баарысы Жакып саа калат. Тургандын баары каранды, Чоңжинди турса саламат. Кекиликтей кукулдап, Таранчыдай быжылдап, Таркап кетип ар кайда, Болбойлу эми жаман ат, Дагы кебим дагы бар, Дагы кулак салыңар. Ушу келген элдерде, Эл башкарып билгенде, Баарыңарда уулуң бар, Айрыкча Балта өзүмдө, Чубак деген уулум бар, Такоолу жок артында, Жаралган жалгыз муунум. Бирден бала кошсоңор, Карапайым болбосун, Каргыш уруп койбосун, Жөнөкөй бала болбосун, Жөнүңдү кыргыз ойлогун, Менин уулум Чубакка, Жыйырма киши кошойун, Жыйырма бир болсун санаты, Жарайбы журтка ушунум? Керкөлдөн келдиң, Кыпчакбай, Чубак экөө тең эле, Абдылда сенин уулуң бар. Көрүп калам кээ-кээде, Эбегейден эптүү эле, Айткан кептин эми бар, Эмки жаштан кепчи эле. Бий кылалы жыйырмага. Пил кылалы жылбаска, Эп келеби? – деди эле. Кыпчакбай кабыл алыптыр, Казак-кыргыз элинен, Алжан, аргын дегенден, Алчын, үйшүн бул элден, Жыйырманы каттады, Баарысы байдын балдары, Бай болбосо бий экен, Байы, бийин билгисиз, Баарысы элдин пили экен. Каттан түшкөн жыйырманын Абдылдасы бий экен, Балыкарттын айагы, Самарканга кетүүчү, Чоң жолу бар ар жагы, Айы-күнүн эсептеп, Болжошуп байлар тарады. Чогулуп балдар бир күнү, Ошол жерге барарды, Айтып Балта угузду: — Бир балаңа он киши, Кылып бергин жумушчу! “Көкжал төрө Манастын, Төрт жүз сексен киши” – деп, Айтылып калган кеп ушул. Ак боз бээден алдырып, Ай тамактап чалдырып, Карыдан колун түрүшүп, “Кайра качкан ким болсо, Как ушундай болсун”, — деп, Ок тиштетип ортодо, “Келтенин огу урсун” – деп, Чырпык кыйып тарашты, Дүрүлдөшүп аттанып, Жүрүп кетти аттанып. Жата албай Балта камынып, Жалгыз уулу Чубактын, Жол керегин жам кылып, Катчыга катын жаздырып, Атайын ойгон мөөрү бар, Айагына бастырып: — Баргын, балам, жол болсун, Жолуңду кудай оңдосун, Жолдошуң үмөт бул болсун! Деп Балта дөө аткарды, Үмөт менен Жайсаңды, Жолдош алып буларды, Акбалтадан бата алып, Ак кагазда кат алып, Тогузга чыккан ошол кез, Чубак кетти оштонуп, Буудайык карай аттанып. Казактардын Буудайык, Жети атадан бер жакка, Алматы жердеп келаткан, Хандык атты бул алып, Чубакты Балта жиберди, Ак олпок тонду суратып. Артынган арбын пулу бар, Ээрчитип жүргөн жанында, Жанагы эки уулу бар. Алтайдан чыгып аттана, Айалдабай жаш бала, Жаштык кылып чубурап, Сырын айтпай башкага, Бир күнү жете барыптыр, Алматанын шаарына, Атасы жазган кагазды, Тапшырып берди ханына, Уксаң аты Буудайык, Калк бийлеген ханына, Бээ сойуп сыйлап кондурду, Өрүүн бол десе болбоду, Кетмекчи Чубак болгону. Кычырып келип Буудайык, Астына бокчо тон койду, Буудайыкка Балтанын. Жазган каты бул болчу: “Сен да алаш, мен алаш, Сен экөөбүз тең алаш, Калмактар салды казапты, Баарыбызды тең талап. Кул кылып кетти кыдыртып, Азат башты кул баалап. “Кулдукта алаш жүрөт”, — деп. Мойнубузда жаман ат. Сен билесиң, Буудайык, Мен билемин Буудайык, Алаштан эми кетет го, Чачылды деген жаман ат. Болжолу чыкты он бирге, Болжогон киши Саламат. Самаркандын Жолтокой, Жасатып болду жаракты, Кудай берип таштады, Кур болгон биздин талапты! Алып келип кошуптур, Олуйа Бакай абаңды. Ойлоп көргүн, Буудайык, Кеңири ойлоп санааңды, Атайын сага жибердим, Алдымда жалгыз баламды. Кийсе Манас бекен деп, Ак олпокту сурады, Ак олпок тонуң сурадым, Алдыңа кетти уланым, Берсең дагы, бербесең, Ачык жооп кыларсың. Чубак кийбейт олпокту, Олпокчо Чубак болбоду, Олпок кийчү сыныма, Жакыптын уулу толгону”. Жерге түшкөн кезинде, Манас аты болгонду, Балта барып балага, Которуп атты койгонду, Буудайыкка бар кебин, Балта айтып болгону. Катты көрүп Буудайык, Кайгырып койбой муңайып, Ал ойлонду кубанып: “Балта ырас айтыптыр, Ак олпок тонум Манастын, Кийерине ылайык”. Ак олпокту Буудайык, Була салып булаткан, Букарлыктан сураткан, Алдырып келип сактаган, Ак олпоктой бир тонду, Адам уулу таппаган, Таамай айтсам ак олпок, Темиркандын айалы, Каныкейдин энеси, Өз колу менен жасаган, Каракан менен Темиркан, Шаатемир үчөө бир тууган. Олпоктун бирин Каракан, Жыйып алган жүгүнө, Бирөө калган болуучу, Темиркандын үйүндө Катып жүргөн тону бул, Бермекчи болду тонду бул. Чубакка койгон бокчонун, Ичинде олпок тону бар. — Байлана кеткин, сен балам, Башыңа жастай жаткының, Башка жанга айтпагын, Бокчосун чечип ачпагын, Жаш Манаска барганда, Жайып анан таштагын. Жибериптир Балта дөө, Суратып сени атайын. Ак олпок кетти колуман, Эминесин айтайын...