Хан болдум деп калдайып, Колуңду керип далдайып, Малдын жайын билбейсиң, Алооке алган кара тай, Алгара болду билдиңби? Жолой алган сур тайың, Ачбуудан болду көрдүңбү? Сур тайды көзгө илбедиң, Суурултуп таптап минбедиң. Айткан кепке кирбейсиң, Малдын жайын билбейсиң, Буту чийдей начар, деп, Көңүлүңө илбейсиң. Ал Аккула деген ат болот, Ай-ааламга даңк болот. Не бересиң Жакыпка, Багың качып жоголот! Кеттиби деп Жакыпты, Сурагалы келбедим, Үч күндө бирден көрчү элем, Жакыпка берген сур тайды, Көргөнү бүгүн келгенмин. Көңүлүмө толбоду, Көркоо Чыңгыш бергениң! Жаңгырдан угуп жеме кеп, Бир жигитин желдирди, Ылдам алып келгин, деп, Келаткан Жакып ылдамдап, Аркасын карап делдеңдеп, Айылдан чыкты чабаган, Жакыпты карай делбеңдеп. Жакыптын кетти көөнүнө: “Сур тайды доолап келет”, деп. Алдында кайкы ач белес, Желип чыкты энтелеп. Жетегинде сур тайы, Сүйрөлүп баспай темселеп, Нарларын белден ашырды, Жоролорду жетелеп. Аңгычакты чабаган, Жете келди энтелеп, Айтып кепти келгенде, Агытып ийди мына деп. Айдап көрсө чабаган, Арык сур тай баспады. — Хан болбой катып калгыр!–деп, Ушуну доолайт малым, – деп, Артынан келген чабаган, Чокуга чаап таштады. Чабаган кетти элине, Жакып бай чыкты туу белге, Жете келди кула тай, Төө артынан бир демде. Карады Жаңгыр далыны, Калды сур тай бир жерде, “Айдасам баспай койду” – деп, Чабаган айтып келди эле, Эч кимдин иши болбоду, Унутуп баары койгону. Кишинеп жете барганда, Жетелеп Жакып алыптыр, Алып кетип калыптыр, “Буудайга сатып алган”, — деп, Ошого аты калыптыр. Баркөлгө барып бай Жакып, Анда турбай байыр алып, Буурултокой көчүптүр, Чыңгыш берген катты алып, Буурултокой келгенде, “Хан Жакып” деген атты алып. Жакып бай көчүп келгенде, Хан Ногой небак өлүптүр, Ногойдун калган эл-журту, Кан Жакыпка көнүптүр. Кийинки жылы күз болду, Турпанды көздөй бет алып, Аттана турган кез болду. Жетекте төөсү жүз болду, Жолдошу элүү эр болду, Жетегинде Жакыптын, Үч токумдуу ат болду. Аттардын тыңын ылгатып, Токулгасын чыңдатып, Аттанмак болду үч күндө, Турпанды көздөй жол тартып. Жакып бай турду Чыйырга, Уккан кебин бүт айтып: — Жүрүүчү эле сур тайды, Агаң Балта дөө айтып, Берип койуп алдында, Чыңгыш алды бир тартып, Жете келди аркамдан, Жетелип келдим мен кайтып. Кебетеси-кешпири, Керекке келер тай эмес, Билет десе Балтаны, Бул айтканы кайсы кеп? Чыйырды айтат кепти угуп: — Жакып хан, уккун, көөн буруп, Сур тай мында келгели, Ийип кетет эмчегим, Кээ-кээсинде буулугуп, Сага айтып эп көрсөң.. Берейин буудай деп жүрөм, Эмчегим саап сүткө жууп, Ырысына уулуңдун Койгон окшойт бир бээ тууп. Пулуңду берип жалдадың, Колкосуна пулуңдун, Кандык атты сен алдың, Үч жылдан бери ажарлык, Кырк нарга жүктөп буудайды, Сур тайды сатып сен алдың. Сен албадың сур тайды, Айдады Манас буудайды, Балта айтып жүрүүчү, Аккула ушул турбайбы! Борсулдап күлүп бай Жакып: — Оо, Чыйырды байбиче, Айбанга эмчек ийди, деп, Айтканың кандай кеп эле? Көзүм менен көрөйүн, Саап көрчү эме эле. Жакыптын кебин укканда, Зыркырап эмчек ийди эле, Чыныга саады Чыйырды, Чийдей агып куйулду, Өзү менен эмчектеш, Эненин сүтүн буйурду. — Дагы ийим бир сүтүм, Ийбей туруп калды,- деп, Уулуң менен эмчектеш, Дагы бирөө барбы? – деп, Кеп кылбай Жакып калыптыр, Ак буудайдан кочуштап, Байбиче сүткө салыптыр, Сур тайга суна берди эле, Берип көнгөн немедей, Ирмеп сур тай жеди эле, “Аккула Манас эмчектеш” Дегени ушул кеп эле, Негизи тулпар Аккула, Түбү Чыңгыш малы эле. Жол керегин бүт камдап, Белендеген Жакып бай, Эртең менен аттанат. Баркөл, Турпан арасы, Он эле күндүк жер эле. Алтайдан мында келгенче, Кырк күн өттү жөн эле, Толук жүзчө нар менен, Калдайган кара эл менен, Бай Жакып келип түшкөнү, Караногой кемпири Чай кайнатып түтпөдү. “Бай Жакып быйыл келет”, деп, Караногой жүрүүчү, Жол керегин белендеп. Кысыр эмди тай, тайлак, Конокко сойуп Чоңжинди, Төө сойуп конок кондурду, Томсоруп карап олтурду. Чоңжинди Мажик жүгүрүп, Коноктун алды жатканда, Аркасы жатып атканда, Караногой, бай Жакып, Масылет кылып жатышат: — Жүз төөдөн ашкан жүк болсо, Сап алтынга сатканга. Чоңжинди, Мажик угуптур, Экөө кеңеш кылыптыр, Кеңиши мунун тыныптыр. Алгачкы жылы бай Жакып, Алып келген тору тай, Тоотору атка конуптур, Мажиктин аты болуптур. Чоңжинди айтат Мажикке: — Тилимди алсаң сен, Мажик, Биз турбайлы бул жерде. Пулду көрсө сүйүнгөн, Малды көрсө жүгүргөн, Атам карик киши эле. Мал бактырып биздерге, Жайыбызча койобу? Эркин өскөн Жакып кан, Айткан сөзгө болобу, Эл жаткан кезде коболу, Жаман жылкы болбойт го, Энчиңе алган тору тай, Быйыл бышты, жазга асый, Жарашыгы бир далай. Үч ай минсең чалдырбай, Минерге чыдайт тору тай, Шек берип сырын алдырбай. Мен атамдын атын минейин, Жетелеп келген аттарын, Аны кайдан минейин. Майболпоч баары бош жылкы, Жетелеп жүрүп какырда, Ысыкка күйүп жүрбөйүн. Конушун уктук булардын, Көргөнмүн жолун билемин, Чыйырды менен тилдешип, Сен экөөбүз бирлешип, Чыйырдыдан угалык, Акбалта менен сүйлөшүп, Анан жумуш кылалык. Төө жетелеп, ун артып, Боз ала чаң болгунча, Ушул кеңеш ылайык. Кеңеш кепке катышып, Жанына азык байлашып, Абыдан көөнүн жайлашып, Айылдан кетти аттанып. Бурулбай булар аттанды, Туйбай анда эл калды. Айал кылып турбады, Алда канча жол басып, Ортодо конуп жатпастан, Ат өргүтүп баспастан, Эрте басып, кеч жатып, Кээ бир жерде түн катып, Алтай менен Баркөлдүн, Ортосунда бел экен, Салбарды деген бел ашып, Жакып байдын айылына, Жетип калды жанашып. Күүгүм кире күн бата, Айылдын алды жуп жата, Ажылдатып иттерди, Ызы-чуу кылып камата, Жакып байдын үйүнө, Бастырып келди жанаша. Чыйырды күмөн кылуучу: “Бай Жакып барса ал жерге Балам качып келер, — деп, Ак сүтүм берген эмизип, Акый демди билер,- деп, Күндүз келсе көрүнөө, Түндө келсе короого, Үйгө басып кирер”, — деп, Ит ажылдап камады, Жата элек үйдө Чыйырды, Эшикке чыгып карады. Көрүндү көзгө келаткан, Эки жандын карааны. Караанды көрүп Чыйырды, Эргип көөнү кош болуп, Тура албай калды токтонуп, Алдынан утур барыптыр, Караса уулу Манасы, Алдынан чыга калыптыр. Жанындагы баланы, Уккан мурун кабарды, “Ар качан Мажик экен”, деп, Бетинен өптү баланы. Манастын мойнун кучактап, Желкесинен бир жыттап, Токтобой кетти Чыйырды, Көзүнүн жашы бурчактап, Бакдөөлөт чыкты аңгыча, Узун көйнөк булактап. Баатырды келип кармады, Бооруна басып калганы. Үйүндөгү бүлөнү, Атынан айтып чакырды, Аксарбашыл айттырды, Сары эчкисин мууздатып, Садагасын кактырды. Бар кийимин чечтирди, Короодо бозой жылаңач, Бүт кийимге жеткирди, Алып кирип баланы, Сылап-сыйпап жаткырды, Сүйүнгөндөн Чыйырды, Уктабай таңды аткырды. Эртең менен болгондо, “Элдер көрүп турсун” – деп, Дагы улак чаптырды. Бээден сойуп той берип, Келген элге эт берип, Эки күн өрүүн алдырды, Ээрчитип алды Манасты, Чыңгыштан алган сур тайды, Басып барып карашты. Баатырдын үнүн укканда, Аркырап сур тай кишинеп, Байкап көрсө ушул тай, Буттары ничке, кичинек, — Эмчегим ийип кетти, — деп, Чылап буудай бердим, — деп, Жаныбарым ушул тай, Көнгөн аттай жеди, — деп, Атаң алып келиптир, Тайатаң Балта кеби, — деп, Арнаган аты экен, — деп. Атайын барып карады, Көкүлүнөн каңтара, Куйрукка чейин сыласа, Түшпөй жүргөн курсак жүн, Түк бирөө да калбады. Колун тартып алганда, Керилип сур тай суналды. Кулакта күйгөн шамы бар, Маңдайында багы бар, Соорусуна карасаң, Салаа-салаа калы бар, Бабай Өмүр сылаган, Ошол калды билип ал. Тутам болуп кадоодой, Азуусу чыкты жаныбар. Курсагын жыйып тартылган, Кулагы жалдан артылган, Он беш күн болгон байлаган, Аркардай көзү жайнаган, Мындай сулуу чыкпайт го, Төрт айактуу айбандан. Жал, куйругу түпөктөй, Тумшугуна караса, Сымга тарткан күбөктөй, Бүткөн бойу жарашык, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй. Айран-азыр калыптыр, Чылбырынан канкоруң, Жетелеп атты алыптыр. Үйгө келбей акырда: — Тайым Балта кайда? – деп, Дайынын сурап калыптыр, Сураганда Чыйырды, Ачыгын айта салыптыр: — Тайың Балта сурасаң, Акчамбылдын төрүндө, Агалаташтын белинде, Жон атагын айтканда, Аралкөлдүн жээгинде. Зар болуп жүрөт тайакең, Сендей, балам, жээнине, Кулагың салып угуп тур Энеңдин айткан кебине. Атаң карик, сээри пас, Сен албагын көөнүңө. Аксакал уулдай талтаңдап, Жата албайсың төрүнө. Ашөпкө бир мал сойулса, Чатак салат көрүнөө. Тайыңа барып таанышкын, Мында турбай а көрө. Мурун кыргыз, калмактан, Маанайы жаман пас болгон, Баштан-айак калмактар, Бул кыргызга кас болгон. Айрыкча сени туулат деп, Кылбаганы аз болгон. Тирүүлөй катын сойдурган, Кардынан бала суурушкан, Каратып туруп жардырып, Кардынан канын чууруткан. Айдап кыргыз биздерди, Ар кайсы жакка кул кылган. Тайың Балта ал жерде, Айланасы бүт калмак, Айласыз бүгүн тар жерде. Күндүз барбай кеч баргын, Күүгүм кире ал жерге. Дөбөдө үч үй туруучу, Үйүнүн бирөө ашкана, Мейман кирет бирөөнө, Өзү жатат бирөөнө, Бейчеки адам кире албайт, Уруксатсыз үйлөргө. Үй белгиси бул, балам, Мал белгисин айтайын, Көөнүң койуп кулак сал. Агала сайдын ташында, Сарала көлдүн сазындай, Боз чаар чаптын тигиндей, Жээрде, тору билинбей, Кара буурул, кызыл сур, Минилбеген баары кур. Тайыңдын уксам жылкысын, Таанымал элге мына бул. Калган элде жылкы бар, Бир өңчөй болот жылкылар. Акбалтанын малындай, Мындай жылкы аз чыгаар. Короого жылкы байлатпайт, Жакын айыл кондуруп, Коңшуларын жыргатпайт. Ажылдатып ит бакпайт, Кир дебесе үй ээси, Үч үйгө киши баш бакпайт. Күндүз барсаң эл көрөт, Эрдемсип алган калмактар, Эмеле келет тебейлеп, Какшатпагын энеңди, Ыйласам жашым себейлеп. Айтып болуп бар кебин, “Ажырап балам кетет”, — деп, Чыйырды ыйлап жиберет. Бала да болсо кара көк, Айтып болгус иши көп. Сур тайды минип куулжуп, “Болду, эне, болду, — деп, Жүргүн, Мажик, жүргүн” – деп, Бастырып кетти айылдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.