Манастын төрөлүшү
Ороздунун тушунда, Опсуз жумуш болуптур, Кезик оору - дарт болуп, Ороздуну ач ажал, Ажыдаардай соруптур. Анда Алооке деген бар экен, Кара кытай, калмакты, Бийлеп турган хан экен. Алооке ээлеп турган жер, Нарын деген шаар экен. Алооке калдай түгөнгүр, Кара сууга кан куйган, Каары катуу жан экен. Орозду баатыр өлгөндө, О дүйнө жүзүн көргөндө, “Каш кайтарар жан жок, – деп, Ааламда мендей хан жок”, — деп, Акимсинген Алооке, Ороздунун он уулун, Өз мейлинче талады. Ойноп жаткан кыргыздын, Башына салды балааны. Он үйгө берип бир казан, Ойрон кылып кыргызды, Калмактын көзүн каратты. “Кызыталак, буруттар,
Чогуу турса болбойт,- деп, Акыры бир күн чаң салып, Билгисин кылбай койбойт” – деп, Ар кайсы жерге таратты. Ороздунун он уулу, Атасынча боло албай, Жон туташып бир туруп, Кайрат-каруу кыла албай, Кыдырып көчүп тарашты. Адыбай, Көлбай, Ташбайлар, Көчүп кетти Букарга, Энесайда туралбай. Калганын калмак талады, Өзүнө кылып каранды, Ороздунун он уулун, Он бөлүм кылып санады, Касиет, Калка ал экөө: “Камыналы эми, — деп, Капташпайлы желге, — деп, Агып кетип калбайлы, Агып келген селге” – деп, Отуз миң үйлүү эл менен, Калмакка барып эл болду. Эки калмак аларды, Энчиленип ээ болду, Ээ болгон калмак аттары,
Албан, Кызай бай экен, Касиет менен Калкабай, Катындары тууганда, Балдарына калмактын, Атын койгон чагы экен. Балдарына ошентип, Калмак аты конуптур, Албан, Кызай атында, Эки уруу эл болуптур. Калганын айдап калмактар, Конушуна ээ кылбай, Ороздунун он уулун, Тентитип айдап жиберди, Бучкагына тең кылбай. Калмактардын элинде, Ногой деген бар экен, Бүтүн калмак элинде, Атактуу бай ал экен, Жердеген жери Ногойдун, Балыкарт деген жай экен. Алооке калдай Жакыпты, Ногой байга бериптир. “Ногойдун эли” деп жүрүп, Аталып “ногой” кетиптир. Жамгырчы, Балта дөө экен, “Бөлбөсөк эки болбойт” – деп, Эки жакка бөлүптүр, Айрылышып амал жок, Дегенине көнүптүр. Балта дөөнүн бар элин, Алтайдын Чамбыл-белине, Ак-Чамбылдын төрүнө, Айдап калмак көчүрдү. “Нойгут” деген калмакка, Короолош кылып көндүрүп. Балтанын аты өчкөнү, “Нойгут” атка көчкөнү. Какшап кыргыз кан жутуп, Ар жорукка көнгөнү, Катаган менен Каткалаң, Хан Кошой болуп абалтан, Атбашыны жердеди, Катылган менен сокку жеп, Калмактын алы келбеди. Калмакка баш ийбестен, Калган ошол кыргызга, “Калды кыргыз” ат калды, “Калды” калып кийинче, Кара кыргыз атанды, Каткалаңдан Карача, Хан болуптур кыргызга, Ат койуптур Сайкал деп, Андан туулган нур кызга. Тымтыракай түшүрүп, Жамгырчы элин бөлгөнү, Чачылган кыргыз таруудай, Чаржайыт таркап калмактын, Кордугуна көнгөнү. Тирүү жүргөн адамга, Мындай кордук салбасын, Ата-журттан айрылып, Адам эмес, айбан да, Ар кайда тентип калбасын. Жамгырчы менен Шыгайды, Самарканга айдады. Эштек деген калмактын, Арканына байлады. “Эштектердин Жамгырчы” — деп, Айтылып атак калганы. Кызылтайды кыргыздан, Кыйнап айдап көчүрдү, Караштуу элин калтырбай, Жыйнап айдап көчүрдү, Алып барып Музтоого, Тажикке кошуп жиберди, Кыргыз менен тажикти, Кыпчак калмак ээледи. Кызылтайдын элине, “Кыпчак” аты конгону, “Кыргыз кыпчак, сарт кыпчак”, Аларга атак болгону. Текечиден тукум жок, Андан урук калбады. Кыргын кылып кыргызды, Кызыталак калмактар, Ойунча кордук салганы. Сапырып кумдай кыргызды, Санаасын санга бөлүптүр, Көнөктөп жааган жамгырдай, Көзүнөн жашын төгүптүр. Ошентсе да Жакып бай, Опурулуп калбады, Жагалданып малы арбып, Жакуттан кемер байлады, Калмактарга кагышпай, Ат-тон берип алдады. Дүнүйө-шекер, эритет, Жок болсо эрди кемитет, Колуңда жетик болгондо, Кош кылып көөндү сергитет. Хан Ногой калмак Жакыпты, Жактырып өтө калыптыр. Эригенде мал-пулга, Калмак менен кыргызга, Хан көтөрүп салыптыр.
Жамгырчы менен Балта дөө, “Ыстырлаптын” китебин, Жакшы билет ал экөө. Кыйналганын эске алып, Кызыл китеп колго алып, Кыйла окуп алыптыр. “Кыргыздан Манас чыгат – деп, Жазылып катка калыптыр, - Калмак эмес, каңгайды,
Карасы эмес, калдайды, Нар жактагы кытайды, Айланада чанданды, Алат, — деп, - Манас бар жайды” Айтылыптыр таң калды. Буларды койуп туралы, Боло элек туулар убагы, Калмактын каны-элинен Кабар таап угалы.
Калмактардын элинде, Күн батыш жаккы жеринде, Сары Аркада Шоорук хан, Көтөлөктө Дөөлөс хан, Короолош бирге турушкан, Көк-Ойдуңда Көңтөй бар, Көп эле моңгул дөөлөр бар. Араникте Дөөкан бар, Соксо, Сотой балбан бар, Кийин кыргыз алганда, Араниктин жерине, Анжидан аты калган бар, “Алты шаар” атанып, Кокон шаарын салган бар. Ошол Кокон оорагы, Эмгичекти жана бар. Калмактардын калкы бар, Канча түрдүү наркы бар, Келер күндү билүүчү, Кереметтүү салты бар. Өңкөй моңгул молдосу, Ыраңкүдүк дагы бар, Ал каапырдын колунда, Ачып билчү балы бар, Китебине койулган, “Ыстырлап” деген наамы бар. Төлгөсү бар, далы бар, Түгөнгүс эчен иши бар, Далысын жакшы билүүчү, Жаңгыр деген киши бар. Таш жайып сүйлөп берүүчү. Тапканы таамай келүүчү, Эленкир деген сыйкыр бар. Бир жыл менен үч жылдан, Чогулушуп ал экөө, Чыңгыш ханга келүүчү, Үч жылдык алдын болорду, Ханына айтып берүүчү. Чыңгыштан сыйга тон кийип, Тартуулаган ат минип, Ал экөө кайтып кетүүчү. Алардын айткан кебине, Калың калмак кирүүчү. Ыраңкүдүк, Алооке, Нарында бирге туруучу, Акылдашып, сырдашып, Кеп-кеңешин угуучу. Ыраңкүдүк кеп айтат: — Алооке ханым, — деп айтат, Азыраак калды сиздерден, Анан калса биздерден, Касиет качат – деп айтат, Жериңди таштап көчөсүң, Каңгайды карай өтөсүң, Коңурбай уулуң башкарат, Айтылуу Бейжин көчөсүң. Кыргыздан чыгат бир баатыр, Ааламга туздай бүт татыр, Калмак эмес, кытайды, Каратат чаап ал каапыр. Алооке угуп ал кепти, Чыңгышка кабар айттырды. Чакыртып Ыраңкүдүктү, Алдырып келип Жаңгырды, Далысына каратып, Төлгөсүн мыктап салдырды. — Бекер бизди бул жерге, Кычыртпайсың, Чыңгыш хан, Батыш, түштүк кыргыздан, Душман туулат турбайбы, Өчөшүп бизге кырсыккан. Кандай катын туур экен? Канда бизди жуур экен! Чыңгыш угуп бул кепти, Кулакка жакпас шум кепти, Бүгүшүнү көөнүнүн, Бекем түйдү кун кепти. Алоокени ашыкма, Аттандырды табууга,
Бооз катынын кыргыздын, Бирин койбой жарууга. Каарлуу калмак Алооке, Кийгени соот-күрөөкө. “Бооз катыны кыргыздын Баары калбай келишсин”, Буйрук кылып кычыртты, “Келбей калат кокус” – деп, Кечилдерин кыдыртты. Сары Арка менен Нарынды, Балыкарт менет Көтөлөк, Жергесинде кыргыздын, Бар катынын жыйдыртты. Катындарды бир четтен, Кардын жарып чыңыртты, Жатыны менен баланы, Калжоо болгон иттерге, Канын чачып ыргытты. Канча миң бооз катының, Кардын жарып кырылтты, Туубас кылып катынды, Тукум курут кылышты. Аттуу – баштуу кыргыздар, Чыңгышка келди арыз айтып. Сакалдан жашын куйултуп, Тонун чаап, ат тартып, Айры өркөч төөлөргө, Алтын – күмүш жүк артып. Арызды Чыңгыш сурады, Алдырып келди “кураны”. “Деги кимден туулат? “- деп, Кысмакка алды кууларды. Жаңгыр жазып айталбай, Ыраңкүдүк кылат кеп: — Туулушун туулат бир баатыр, Кайсы катын төрөрү Табылбай азыр турат,-деп. Туулчу баатыр белгисин, Мен айтайын, Чыңгыш хан, Сен элиңе тарат,- деп, Эркек бала туулса, Колун ачып карат, — деп. Баланын ал туулган, Бир уучунда кан болот. Бир уучунда май болот,
Алакандын бүлтөктө, Аппак мөөр басылуу, “Манас” аты бар болот. Угуп Чыңгыш ойлонду, Буйрук берип козголду: Бир үйдөн кыргыз конбосун, Беш-бештен болуп бир консун, Беш үйлүүгө бир кечил, Кетип калбай көз болсун. Бооз катынды санасын, Төрөлгөндө баланын, Алаканын карасын. Таап мага тапшырсын, Кас душманым Манасын, Арыз айткан кыргыздар, Айлы-айлына тарасын! Деп Чыңгыш хан токтолду, Кимден туулат Манас?- деп, Ок жыландай октолду, Кыргыздар угуп Манасты, Ич-ичинде кош болду. Муну мындай таштайлы, Көкжал Манас баатырдын, Туулушунан баштайлы.