← Манас 4/4

Ошол кезде Алмамбет, Кырга чыгып калганы, Көкчөнүн көрүп абалын, Акылынан тайганы, (Акылынан тайбаса, Айкырбай жетип барбайбы, Ажыратып Көкчөнү, Коңурду сайып албайбы?!) Ашыгып кетип Алакең, Айабай салды айгайды, Алмамбет үнүн укканы, Адырайган чоң Калча, Кылычты кынга чыктады- Көкчөнүн башын кескени, Байланып жөнөп кеткени. Көмүскө алды аска экен, Кетер жолу башка экен, Камалганда аскага. Көкчөнүн башын кестик, деп, Качкын кул менен Чубактан, Катар өлүп кеттик, деп, Эрдемсинген бул үчөө, Жандарынан түңүлүп, Калтырашып үңүлүп, Аттарын сүйрөп жол таппай, Айласы кетти түңүлүп.

Алмамбет жетсе аргытып, Көкчөнүн алы кете элек, Денесинен жан чыгып, — Ант берген досум сенби? — деп, Ажыратып ала албай, Же сүйлөшүп сөзгө кана албай, Армандуу киши менби? — деп, Сараладан бүк түшүп, Хандыгына карабай, Өксөп Алмаң кучактап, Сөөктү турду чөк түшүп. Ойрон Чубак ал кезде, Өксүп калган туу белде, Чыга калса Кангайдан, Чылбырын сүйрөп Көкала ат, Жанында турат Сарала ат, Тоодой болгон Көкчөнү, Алмаң турат кучактап. Өкүрүгү таш жарып, Өксүп Чубак барыптыр, Булар минтип жатканда, Кыйыктан таап бир жолду, Кытайлардын үч дөөсү, Качып кетип калыптыр. Көкала атка Көкчөнү, Арта салып жүктөшүп, Арстандар келди кошуна, Аттарды айдап дүрбөтүп. Буларды көрүп аламан, Баары турду чуркурап, Боздоп турат Алмамбет, Басылбай үнү буркурап: — Мени деп келип сен өлдүң, Сөөгүңдү алып баралбай, Саа кошулуп мен өлдүм. Айтканга Манас көнбөдү, Түшүп жатты туу белге, Музбурчакты баш кылып, Баарыбызды көмгөлү! Кырк чоронун көбү өлөт- Алыбай, Күлдүр, Кутунай, Ажыбай баштап баары өлөт; Чубак, Сыргак шер өлөт, Найза сайаар эр өлөт, Өзү кетет айкөлүң, Абакең жолду төтөлөп, Ал бирок зилдеп жарасы, Таласка барып айыкпай, Жайдары Манас өзү өлөт, Агеркеч көмсүн сөөгүңдү, Алымбайдан жүктөтүп, Узатайын өзүңдү, Атаганат тирүүңдө, Айта албадым сөзүмдү, Бажырайган бак ээси, Көрө албай калдым көзүңдү, Албай мен да өлөөрмүн, Коңурбайдан өчүңдү! Деп Алмамбет какшанып, Басылбай боздоп үн салып, Ичин жарып жинди алып, Тазалап канын жуудуруп, Катырма даары куйдуруп, Каратып туруп Манасты, Бакай ханга баш жагын, Баркы менен жуудуруп, Табытка салып Көкчөнү, Үч жеринен буудуруп, Намасын окуп Алмамбет, Түн бойунча жөнөттү, Көкчөнүн элине баргын, деп, Кайран эрдин жасатып, Агеркечтин колуна, Алып барып салгын, деп. Көкчөнүн сөөгүн узатып, Муштумдай болуп эки көз, Шишип чыкты кызарып; Кейип Алмаң бек ыйлап, Денеңде бирге башың жок, Убалым менде, деп ыйлап, Ойрон Алмаң досу үчүн, Ого бетер жан кыйнап, Сарала минип теңселип, Жээрде сакал сеңселип, Эсине түшсө озондоп, Өксөп, өксөп турганы, Өткөр Алмаң бек кейип. Көзү көрүп арстаның, Кулагы угуп айтканын, Көөдөнгө батпай көп санаа, Ал жерде турган элдердин, Көзүнүн жашы он талаа. “Алмамбеттин оозуна, Оңой өлүм кирчү эмес, Оңой эмес бул иш”-деп, Эл ушинтип турганда, Алмамбет айтат мындай кеп: — Жаралуу Манас арстаным, Жалпыңарга айтамын, Бул ирээтки урушта, Жаныңды айап катпагын, Улуу-кичүү ойлоп көр, Келээр иштин арт жагын. Баштайбыз уруш таң менен, Суу ордуна шыркырап, Кызыл кан агат шай менен. Аңгычакты болбоду, Чуулдап чыгыш дуу болду, Доолбас үнү карсылдап, Атылып мылтык тарсылдап, Жебенин огу зыркырап, Бараңдын огу жаркырап, Очогор огу от болуп, Асманда үйдөй чок болуп. Аңтарылып кетчүдөй, Кара жер турат козголуп. Кылычтын үнү кыңгырап, Балтанын үнү шыңгырап, Найзанын күүсү күркүрөп, Угуп турган адамдын, Сийдиги агып бүркүрөп, Жабыла баары шарт койуп, Атка минди дүркүрөп, Баш көтөрүп Алмамбет, Ошондо айтат мындай кеп: — Жалпы баарың түшкүн, — деп, Тамагыңды ичкин, — деп, Айкөлүмдүн Коңурга, Он беш күндүк мөөнөттү, Ойлобой туруп бергени, Алдырып келди Ингенден, Шыпшайдар деген мергенди. Болуп жаткан шумдуктар, Шыпшайдардын иши, — деп, Өзү бейбаш, оозу шок, Жада билген киши, — деп, Супасарык келин каш, Таң мезгили убакта, Жапырт атка мингин, — деп, Келген экен Шыпшайдар, Шумдугунан билдим, — деп, Олоңуңду бышыкта, Оңой эмес уруш, — деп, Урушканда билесиң, Башынан элге жок болот, Дегеле бир дем туруш, — деп, Үзөңгү бооң бекемде, Кийбестен найза жыгылып, Өлүп кетпе бекерге. Тердигиңди жумшакта, Кыйшаңдатып атыңды, Жабыр салба айбанга. Найзаңды ташта түйрөйткүн, Кылычыңды бүлөткүн, Балтаңдын мизин эгегин, Өтпөй калып жарагың, Бушайманың жебегин. Олпогуңду оңдогун, Соотуңду тордогун, Дайарланып мыкамдап, Бей сарамжал болбогун. Эртең менен Шыпшайдар, Кошо келет эл менен, Кез келгенди кетирбей, Жексен кылат жер менен, Шоруң чыгат далыңан, Эртеңден кечке тер менен. Калгандын баары баргыла, Мен барбаймын согушка, Баарыңар угуп алгыла. Саралага башкадан, Жабуу жаап бурайын, Жаратканга жалынып, Жааны кармап турайын, Кабуусу келсе чочконун, Жанын алып тынайын. Кабуусуна келбесе, Элден мени көрбөсө, Андан кийин эл менен, Бирге келбейт Шыпшайдар, Баш-аламан урушта, Бирге жүрсөң эл менен, Кырылып кетет жан калбай. Кыргыл баштап кырк арстан, Баарың такыр келгин,-деп, Айкөл Манас, шер Чубак, Абам Бакай, Музбурчак, Арманды жесек бир жеген, Адамды жесек тең жеген, Касташкан жоону көргөндө, Сен тургунуң, мен деген, Жаным бирге эр Сыргак, Кырктын бири Ажыбай, Чакыртып келди Коңурбай, Шыпшайдардай мергенди, Кудай билет ар ишти, Ажал бизге келгенби, Алдынан тосуп барсак да, Ишибиз оңдон келбеди. Бетме-бет туруп сүйлөшүп, Көз көрүшүп алганы, Чакырттым элге силерди, Жүрөктөгү сырды айтып, Жүз көрүшүп алганы. Баарыңдын сөзүң шекер бал, Жүзүңөр көркөм турган жан, Көзүңөр чырак - жанган шам, Ажал алса алтындан, Кутулуп андан ким калган? Жоодон коркуп далдаңдап, Качып жүрүш эң жаман; Бала кезден бер жакка, Баарың баатыр, баарың эр, Бириң миңден киши алган, Өлүм жакын экен, деп, Башыңды катып бүжүрөп, Мааналап жүрүш эң жаман! Баланча жакшы эле, деп, Айтып калат атыңды, Элиңдин тузун актасаң, Жармагын жатка чыгарбай, Жаныңдай аман сактасаң. Айкөл Манас жолборсу, Ушул кыркың жолдошу, Эртеңден баштап он күнү, Өзүңдү өзүң зордочу. Мен Кангайдан келген бир киши, Кыргыздын күлүн коргоочу, Жалтангансып баш тартып, Жаманатты болбоочу, Асылдын бири Көкчөнү, Алдырдык аны ойлочу! Алдыңда болгон согуштар, Айы алты, көп күндүк, Баарысынан кыйыны, Эми калган он күндүк. Урушка, Ырчы барбагың, Калемди колго кармагың, Эл унутуп калбасын, Айкөл Манас арбагын. Хан Мамайдан бер жакка, Элдин кебин уккансың, Арстан атка мингени, Бирге жатып, бир туруп, Ушул жашка чыккансың. Ойронумдун жумушун, Унутуп таштап койбогун, Жатсаң-турсаң ойлогун, Кылбаганды кылды деп, Апыртып айтсаң болбодуң. Мен өзүм кылган иштерим, Ак кагазга бүткөмүн, Аруукеден сурап ал, Ырчым, сөзгө улап ал. Бүгүндөн баштап Ырчыны, Чайчы кылып жаныңа, Абам Бакай чогуу ал, Кез болбой калып бир ажал, Күрмөөгө тилди келтирсе, Айтаар кебим жана бар. Муну айтып Алмамбет, Тура калып ордунан, Хан Бакайга кол берип, Айкөл шерге келгенде, Ойрон Алмаң ошондо, Көзүнөн жашын имерип, Жана айтты көп сөзүн, Арстанды карай жиберип: — Тар курсакта жатпадым, Жатпасам да курсакта, Талашып эмчек татканым, Ата башка, эмчек бир, Эненин сүтүн тең таткан, Кагылайын арстаным, Жашың улуу эки экен, Жолуң улуу теги экен, Менден мурун эмизген, Ак эмчегин энекем... Сөз ушуга келгенде, Токтоно албай Алмамбет, Арстаным Манас, деп, Мойундашып көрүшүп, Шур-шур жыттап өбүшүп, Чубак менен Алмамбет Кулачтарын жазышты, Кучакташып алышты. Алмамбетке эр Сыргак, Карап туруп ушул жак: — Хан Алмакем не болдуң, Кайратың кайда жоготтуң? Көрүнбөй келчү ажалды, Көрүнөө келет деп айтып, Көбүнүн шайын жоготтуң, Жүрөгүн алып кыргыздын, Келдиңби же жоготкуң? Жакшы кылбай бул ишти, Болоттун мизин мокоттуң, Жайдарым Алмам, айтканың, Билбегендей турасың, Жаныма менин батканын. Сунчу, — деп - бери колуңду, Оролтуп Сыргак кучактап, Алмамбеттин мойунун, Жаагына жаагын тайашып, Бирин бири карашып, Купуйа булар кош айтты, Колдорун сылап санашып. Кыргыл менен Ажыбай, Күлдүр менен Алыбай, Бозуул менен Сереги, Мажик менен Кутунай, Бирден келип көрүштү, Андан башка чоролор, Башаламан күрөштү. Актай далы көрүүчү, Ашкере билгич Алакем, Төлгөчү Төлөк мурунтан, Билип жүргөн кеп экен, Күбүрөштү ал экөө: — Алмамбет билгич эр экен. Көрүшүп алар болгон соң: — Атка мингин, баатырлар, Тегеректеп туш-тушта, Кумдай жатат капырлар, Кадыр, түмөн жолго сал, Чалгынды жакшы чалгын, — деп, Кангайдан кабар алгын, — деп, Калтырбай баарын жөнөтүп, Өзү жүрдү Алмамбет, Эл четинен жол чалып, Сүрүп чыкты аңгыча, Бир четине таң атып. Муну мындай таштайлы, Баатырдын баары кырылган Баатырлардын өлүмүнөн баштайлы.