Бирмыскал менен Бурулча - Кытайда сулуу ушунча, Кеңеш кылып хандарың, Олуйа Кошой карынын, Жалганчы кылбай айтканын, Алып берип никелеп, Алмамбет менен Чубакка. Арам ал деп жиберди, Айтылуу Туңша - тийака. Кырк жылдан бери Бирмыскал, Кыраан Алмаң күйгөндө, Кызыл өңү кубарып, Кыйноону тартып жүргөндө, Кыргыз жортуп Туңшага, Кыйамы келди бул күндө. Айжаңжүн кызы Бурулча, Кубанып турат Чубакка, Бойуна болуп эки кыз, Кырк беш күнчө убакта, Үч айда анык болуптур, Алмамбет менен Чубакка. Экөөнө тең бала жок, Сүйүнчү болду аларга, Шуутуну кошуп жиберди, Кең Таласка барарга. Тогуз ай өтүп, күн жетип, Төрөөр мезгил келиптир, Басмайыл артуу дегенге, Барып Шууту жетиптир, Кош ат менен чабарман, Каныкейге кетиптир. Калчылдак кирип эки кыз, Кара бойдон тер кетип, Амалы такыр түгөнүп, Карпаңдаган Шуутуну, Катындар жаман тердетип, Каныкей келсе калдым, деп, Каныкей тирүү көрбөсө, Алмамбеттен өлдүм, деп, Чубактан кордук көрдүм, деп, Токтоно албай эр Шууту, Кирип чыгып делдеңдеп, Кайгы тартып турганда, Келин каш таңдын алдында, Үч караан чыкты эрбеңдеп. Бешиктеги Семетей, Белине курчап Каныкей, Арууке менен Көрпөйан, Кошо келе калыптыр. Келээри менен Каныкей, Эбеп менен себептен, Бирмыскал менен Бурулча - Ал экөөнө жегизген. — Кеткен экен саруулап, Энелерден үмүт жок, Күч келиптир ат минген, Ушундай экен дүйнө бок, Балдарын сак алалы, Бул экөөнө айла жок,- Каныкей айтып тап таамай, Толгоону мыктап келтирчү, Дарыдан берди айабай. Ал аңгыча болбоду, Бирмыскалдын бачымдап, Күчөп калды толгоосу, Тоо бөксөрүп күн түшө, Бирмыскалды Каныкей, Аман-эсен төрөттү, Жерге жарык бүт түшө. Бала жерге түшкөндө, Жарк эткенсип дүнүйө, Чөйрөдөгү турганга, Укмуш болду көрүнөө:
Турган элден тер кетти, Өзүнчө туруп тердешти; Чечекей бүрүн ачыптыр, Булбул сайрап таңшыптыр, Булагы кайнап ташыптыр, Молдо торгой, сандыгач, Өзүнчө сайрап атыптыр, Жайылып жүргөн кайберен, Жуушап баары жатыптыр. Бастыраарда Алмамбет, Бойумда бар күмөн, деп, Медет берип Алмаңа, Айтканда Аруу жалган кеп, Алмамбет берген белек бар, Эркек туусаң оозант, деп, Ала келген Арууке, Кереги тийип калаар, деп. Арууке берди Канышка, Өзүнүн буга эби жок, Төрөп түшүп көрбөгөн, Оозантып аны салышка. Колуна алып Каныкей, Оозуна салды баланын, Колуна Каныш алганда, Эмчеги ийип зыркырап, Ээ-жаа бербей эмчектен, Сүт куйулду шыркырап, Оозуна салса баланын, Ээмп жатат буртулдап, Бүткөн бойу мемиреп, Канышыңдын ошондо, Уйкусу келди шылкылдап, Оозу жумшак ченебей, Эмчекке жагып былкылдап, Тамызбай сүттү жаш бала, Жутуп жатат кылкылдап. Ал аңгыча болбоду, Мыскалды ажал торгоду, Күн кыйадан баткансып. Кирпигин ирмеп каш серпип, Арууке менен Канышка, Кош эмесе айткансып, Сунала түштү байкушуң, Бу дүйнөдөн кайткансып... Айта-буйта кылганча, Ачып көздү жумганча, Кырк чоронун онунун, Катындары келиптир, Алмамбеттин уулуна, Атты койуп Гүлүстөн, Эр Мажиктин Салкынга, Сен баккын, деп бериптир. Каныкей айтты Салкынга: — Эки күндүн алдында, Балаң өлүп Айсалкын, Жаш эмчегиң бар эле, Гүлүстөндү сен баккың, Жаман бакпай жакшы бак, Сен көрөөрсүң урматын, - Үч айдан кийин Айсалкын. Өтүп кетти ааламдан, Оопасыз экен шум жалган, Айсалкын өлүп калган соң, Күлдүрдүн зайыбы Акшербет, Алып кетти үйүнө, Алладан тилеп ал медет. Гүлүстү айтат ар кимдер, Күлдүрдүн уулу деп деле, Мажиктин уулу деп деле, Аныгын айтсак калайык. Так ушундай кеп эле. Бирмыскалды Каныкей, Арууке менен Көрпөйан, Ал экөөнө жуудуруп, Кепинге салып буудуруп, Дайар кылып жаткырып, Жакшы карап олтур, деп, Сактап койду ушинтип, Беш катынга бактырып. Күн бешимге барганда, Бурулчанын толгоосу, Күчөп калды шаштырып, Түшпөй өлөт экен, деп, Бурулчаны жаткырып, Баланы алды тарттырып; Эркек бала экен, деп, Мурда көргөн айалдар, Көрпөйанга айттырып, Сүйүнчүңдү берем, деп, Сумсайа түшүп Көрпөйан, Калп эле күлдү каткырып. Ай кыйадан баткандай, Ааламды туман баскандай, Бурулча кетти кыр этип, Каныкейдин сол эмчек, Ийүүчүдөй зыр этип, Эмчек берип баланы, Эптей алса Каныкей, Эмчегинин үрпүнөн, Агып турду диркиреп, Чийдей кызыл кан кетип. Муну көрүп Каныкей: “Өлтүрүп койсом оңбос, — деп, Угуп калса эр Чубак, Ыраазы мага болбос, — деп, Атасы Чубак болгон соң, Семетейге жолдош, — деп, Эмикиси бу болду, Кийинкисин Алладан Башка киши билбес” — деп, Канкелди деген ат койду, Кийинче бул ат жоголуп, Канчоро атка конгону. Камбардын зайбын бак, деди, Кантай болду энеси, Жомокчу Азгаш айткан кеп, Камбардын уулу дегени. Астынан киши чаптырып, Бирмыскал менен Бурулча - Экөөнүн жайын каздырып, Жата турган жайың, деп, Жерлигине тапшырып, Бардык иштин байанын, Эр Шуутудан айттырып, Кайран каныш Каныкей, Момундай деп кат жазып, Шуутуга берди тапшырып: “Ары барып Чүйдө өлбөй, Же Таласка жетип үйдө өлбөй, Эки келин тең өлдү, Ач кайкалаң белде өлдү, Ара күрмө жерде өлдү. Экөө тең эркек төрөдү, Алмамбеттин баласын Эмизип көрсөм сүт чыкты; Чубакем уулун эмизсем, Буруусу жок кан чыкты. Эмчектен болгон белгиден, Алмамбеттин уулуна, Гүлүстөн деп ат койдум; Чубакемдин уулуна, Канкелди деп ат койдум, Аталары келсин деп, Бешик той бербей жөн койдум. Алмамбеттин баласын, Айсалкынга бактырдым, Аруукени жанына, Ыйлатпа деп жаткырдым; Чубакемдин баласын, Кантайга берип бактырдым, Көрпөйанды жанына, Бирге бол деп жаткырдым, Жашырбай айттым силерге, Баардык иштин болгонун, Бозала туйгун болпоңум, Боз карчыга солтонум, Артыңда калган жалгызды, Бир көрсөм деп ойлогун. Айкөлүм, сага бир кеңеш - Таластан Бейжин жакшы эмес, Элге кызык болбогун. Кыргыздан Кангай жакшы эмес. Ойлонгунуң, арстаным, Коңурбайдын торлорун. Байланып бакыт жолдоруң, Байкоосуз майып болбогун. Кайтып кел, султан, эске алсаң, Ашпасын алты ай болжолуң, Алмамбет, Чубак - эки шер, Атыңар калсын айтылып, Шуутуну куру койбогун». Арстан эрге кат жазып, Семетейден деп жазып, Кайран катын Каныкей, Шуутуну койду атказып. Мунун мындай таштайлы, Көй кашканын көбү өлгөн, баатырлардын өлүмү, Мына ошондон баштайлы.