← Манас 2/4

Коңтөрө Калча качканда, Кубалап Манас басканда, Орго алпарып салат, деп, Ойрон Алмаң чапканда, Алмамбеттин артынан, Нескара жөнөп жатканда, Нескарага жетсем, деп, Кабуусун тапсам манжунун, Башын кесип кетсем, деп, Чубак да кеткен артынан, Нескара кууп бекемдеп. Капыр Коңур кетерде, Казган орго жетерде, Кыйалында Нескара. Манасты Коңур алат, деп, Орго алпарып салат, деп, Ойунда түк жок экен, Орду Алмамбет билет деп, Ээрчип барат Алмамбет, Сазаңдардын Бешкулак, Как боорунан тилет, деп, Тиле албай өлдү Бешкулак, Нескара артын караса, Белдүүдөн Чубак эр турат; “Качпасам болбойт Чубактан, Мени кантип куткарат?” Муну ойлонуп Нескара, Будурмак тоону бет алып, Качып калды буйткалап. Чаңбейсен деген узун тоо (Али да бар ушул тоо) Алды ойдуң кең экен, Бир жагы токой чер экен. Камчыга бөлүп Нескара, Качып берди калдаңдап, Эки этеги салбактап, Акимсинген эр Чубак, Кууп барат барбактап. Өкүм күлүк Көктеке, Эми жетти такымдап, Көктекенин дүбүртү, Кулакты жарып такылдап. Өлөөр мезгил жеткенде, Чын айласы кеткенде, Жай окуган Нескара, Күндү жайлап жиберип, Булутту тосуп имерип, Туманды жерге тундуруп, Алты сай мөндүр куйдуруп, Артына карды жаадырып, Атынын изин жаптырып, Азгаштырып Чубакты, Нескара качып жоголду, Эми Чубак не болду? Көз байланды түн кирип, Кете берди кайран эр, Бет алган жакка ич күйүп, Агарып чыкты бир кезде, Келин каш болуп таң сүрүп. Жер ачылды күн тийип, Келген жагы кай жакта, Кетер жагы кай жакта, Таба албай калды эр Чубак, Багытын толук ал билип. Аңгыча жана тумандап, Аппак болуп кар каптап, Арадан өттү далай күн, Алапайын таба албай, Көп жерге барды далдактап, Жүргөн жери чаңбейсен, Аркы бети коруйа, - Жүйрүн дөөнүн эли экен, Жүйрүн турган эл экен, Төрө Алмаң баатырдын, Окуган дөөсү ал экен, Ар жылы кытай балдары, Үзүлбөй окуур кеп экен Ошол кезде кырк жаңжүн, Кырк баласы жүйрүнгү, Окуп жаткан кез экен. Аталары кат жазып, Кабарчы кушун атказып, Балдарга кабар бериптир, Чанту келип чаң салып, Чаң-топурак, биздин жер, Келбегиле, деп жазып. Каттан кабар алыптыр, Кара ниет жүйрүндө, Түк билгизбей бирөөнө: — Жериңе балдар, — деп, Чаң Бейжинди аралап, Көөнүңдү ачкын анда — деп, Кырк күндүк берди мөөнөттү, Бүткөндө келгин кайра — деп, Бирден бедөө ат берип, Бир сыйра темир тон берип, Бирден чатыр да берип, Жоо жарагын бүт берип, Балдарды жумшап жиберип: “Соорандыктын Алмамбет, Өз жанына кастаган, Өз колуң менен жасаган, Шамшарын алып кеткен — деп, Айланып мага жетер — деп, Башымды кесип кетер — деп, Жер жүзүнө тараткан, Эки жүз ашык жолум бар, Бекер кылат экен — деп, Кара деңиз суусунан, Ары өтүп кетем”-деп, Окуп жүргөн алдында, Чынгыш деген бар эле, Жолдош кылып аны эле, Жөнөп кетти бу капыр, Сарамжалын белендеп. Бирден бедөө ат берип, Бирден темир тон алып, Чатырларын байланып, Сарамжалын жандашып, Чаңбейсен тоосун бет алып, Келе жаткан кырк шойа, Чубакка калды капташып. Арстан Чубак тил билбейт, Кырк-элүүнү көзгө илбейт, Алдына Чубак барыптыр, Катарлашкан кырк бала, Качырып найза салыптыр, Арстан Чубак баатырың, Такыр байлап алыптыр, Атка таңып сарпоштоп, Бирине бирин кошоктоп, Айдап жолго салыптыр, Ошол күнү түндөсү, Күн ачылып калыптыр. Эрен Чубак туптуура, Күн батышты бет алып, Алтын казык жылдызды, Оң ийинге түз алып, Жолоочу деген жылдыз бар, Өзүнө туштук сыры бар, Чыгыштан чыгып кечинде, Кыбыла батар сыны бар, Белдүү баатыр Чубакка, Белги болуп ушулар, Жол тартып кайта жөнөдү, Таң агарып атканда, Бир өзөнгө жөлөндү. Өзөндүн ичи кең экен, Башы кайкы бел экен, Кайкыны карай бет алып Чубакең жүргөн кези экен. Көктекесин алкынтып, Келе берсин бу Чубак, Не болгонун угуңуз, Байакы Шууту куу чунак. Отуз баатыр кашында, Үзүктөй калпак Шуутунун, Өлүм турат башында. Колго барсам таба албай, Алмамбеттен өлөм деп, Адашып кетти дегендир, Арстанды издеп көрөм, деп, Өлүктүн баарын аңтарып, Аң-чөнөккө жетиптир, Чубактын дайынын таба албай, Айласы мунун кетиптир. Адырлуу тоого барам деп, Айрыктан изин чалам, деп, Жер бетинде бар болсо, Чубагымды табам, деп, Таппай кантип жанам деп, Талаада кайып атып жеп, Бир жерге Шууту барыптыр, Өзүн болуп ал күнү, Ошол жерге жатыптыр. Күн бешимге барганда, Дүрбүнү алып караса, Кайкыдан караан ашыптыр. Арасы эле үч күндүк, Тааный албай маң болду, Караан көргөн жагына, Кайран Шууту шарт койду. Арасы кыркуу бел экен, Артуу-артуу жер экен, Шууту абдан байкаса, Маңдайы кайкы бел экен, Шууту менен кайкынын, Ара жери-болжолу, Ат чабымдай бар экен. Мен көргөн кайкы кайда деп, Күнгүрөнүп эр Шууту, Чубактан кудай айырба, деп, Жүрөгү туйлап балкылдап, Сүйүнчү белги келгени. Сүйүнөөр белгим келди деп, Көрүп өлсөм арман жок, Көкжал чубак шерди деп, Чаап чыгып карайын, Тиги турган белди деп. Сүйүнчүдөй тура албай, Этек-жеңи далбырап, Көрүнгөнсүп көзүнө, Чубак өңдүү бир элес, Эт жүрөгү элжиреп Чыдай албай кеңгиреп, Чылбырын кармап эр Шууту, Үзөнгүгө бут салды. Эрнеп өөдө болгунча, Көзү көрдү кайкыдан, Калдайып чыккан караанды. Күн чакылдатып чаңкайып, Чубактын аты Көктеке, Темир тоодой залкайып, Үстүндө Чубак олтурат, Аскалуу зоодой калкайып! Кош болгондон эр Шууту, Камчысын албай колуна, Тебетейин алыптыр, Көрдүм, көкжал, сени,деп, Өкүрүктү салыптыр, Ачып көздү жумганча, Жанынан жете барыптыр. Көзөл Чубак караса, Өкүмсүгөн Шуутунун, Көзүндө жаш он талаа, Балдырап кеби угулбайт, Тили чыккан балача, Араң укту буларды, Бастырып жүрүп жанаша: — Айланайын, жолборсум, Мен болойун садага, Жоголуп кетип сен өзүң, Биздерде болду чоң калба. Алмамбеттен жеме угуп, Далай күндөн карата, Мен жүрөмүн талаада. Анда Чубак: - Басыл, — дейт, Койгун Шууту баатыр — дейт, Бул өңдөнгөн жумуштар, Болуп турат такыр — дейт. Атагы кыргыз эл эле, Айкөл Манас шар эле, Арстаным барбы, эр Шууту? Жашы дагы курбалдаш, Өзү мага чоң сырдаш, Алмамбет барбы, эр Шууту? Желбегей Сыргак эр эле, Жетимиш алптын ичинде, Жеке менмин дээр эле, Айтканынча бар эле, Аман барбы, эр Шууту? Батасы журтту байыткан, Айткан сөзү бал татыр, Адамдын көөнүн жарыткан, Кошой барбы, эр Шууту, Аселдеп оозун чайкаган, Аксакалын жайкаган, Талашканда кеп тапкан, Талкаланган сыныкка, Дары салып эп тапкан, Бакай барбы, эр Шууту? Түн ичинде жол тапкан, Чечендикти мол тапкан, Көрөөгөнү кыргыздын, Бийи эле бул журттун, Ажыбай барбы, эр Шууту? Катардагы он төрт хан, Аман барбы бары жан? Түгөл барбы, эр Шууту, Кыргыл баштап кырк арстан? Айтты Шууту мындай деп: — Олуйа Кошой,зор Бакай, Айкөл Манас, Алмамбет, Сыргак менен он төрт хан, Баары түгөл олтурат, Жалгыз сенден кайгы жеп, Кыргыл баштап кырк доңуз, Ага Шууту кошулуп, Жүрөбүз өлбөй темтеңдеп. Алмамбет мени тас койду, Караандап жүрбөй Чубакты, Кай кеткенин билбей, деп, Ырас чынын, мен айтсам, Бул айтканы туура кеп. Ал жорук мага аз болду, Күнгүрөнүп Айкөлүң, Кыргыздын баарын боздотту, Бир сен үчүн, Чубагым, Бейжайлык кылып айкөлүм, Киремин деп Бейжинге, Болбой хандар токтотту,. Жүрү, эмесе, жүргүн,- деп, Билерсиң дайынын жолдун,- деп, Кыскартты Чубак узун кеп. — Эрикпестен жол бассак, Эки күнү түн катсак, Элге жете барабыз, Эл караанын табабыз. Айтып Шууту жөнөдү, Көрсөтүп көзгө Чубакты, Кош кылганы төрөнү. Чубак жолдо ойлонду: “Түн ичинде барганда, Дүпдүрөңдү салганда, Элдин тынчы кетээр,- деп, Бир түн элди уктатпай, Кылган ишим бекер”- деп. Чубак айтты Шуутуга. Бүгүн уйку алалы, Эртең күндүз баралы, Эсен Чубак келди, деп, Бирөө жетип барбасын, Элге дүрбөө салбасын. Чубактын айткан кептерин, Эсине Шууту алганы, Жанындагы балдарды, Тынч жатып алгын, деп, Аттан түшүп калганы. Кыргызда бейбаш жашы шок, Байтөлөн деген бар эле, Өзү байдын баласы, Акылы жетик жан эле, “Жоголуп Чубак кеткенде, Какшаган Манас хан эле, Кабарын айтып Чубактын, Сынайынчы” – деди эле. Ойлонуп акыл Байтөлөн, Эч кишиге туйдурбай, Түрөгөй чалыш мингени, Түн теңи жолго киргени. Шашып-үшүп Байтөлөн, Дүпүлдөтүп баратат, Ошол түнү Алмамбет, Чыккан эле жол карап. Алмамбет дүбүрт алыптыр, Токтоло туруп калыптыр, Жандап өтө берерде, Токто, деп доош салыптыр. Алмамбет үнү чыкканда, Байтөлөн жигит алдырап, Күрмөөгө тили келе албай, Карап калды жалдырап. — Караңгыда калдырап, Кайдан келдиң ким?- деди: Алмамбеттин үнү, деп, Байтөлөн таанып билди эми, — Баатыр, атым Байтөлөн, Сүйүнчү алам сизден деп, Түн ичинде мен келем, Чубакты издеп талаада, Шууту менен бирге элем. Дүрбөлөң түшөт элге, деп, Түшүп Чубак жатканы, Айдап жүрөт кошоктоп, Кырк бала экен тапканы, Уйкум келбей келатам, Ушуну сизге айткалы. Эсимен чыкпайт дегеле, Кыймылдабай жаткын, деп, Буйрук кылып Шуутунун, Баарыбызга айтканы, Түн бойунча жетпесем, Баатыр, ажалымдын тарткалы. Деп ошентип Байтөлөн, Оңдонду кайра тарткалы. — Ой, Байтөлөн, Байтөлөн, Бастырган бойдон бурулбай, Баатыр шерге бар, Төлөн, Менин айткан сөзүмдү, Байкап угуп ал, Төлөн. Келди Чубак баатыр, деп, Чуркап салып барбагын, Арстан эрге түз баргын, Апкаарып туруп албагын, Алмамбет сизге бар деди, Эриди тоңгон кар деди, Күн чыгышка төтөлөп, Келе калсын ал деди. Алмамбет кеби ушу деп, Байтөлөн, кайта жан, — деди. Сени сурап алуучу, Сен Алмамбет бар, — деди. Алмамбеттен ажырап, Айанбай чаап дабырап, Таң келин каш убакта, Айкөлүңдү чатырга, Байтөлөн келди алдырып. Уйкусу келбей арстаның, Аккүбөсүн жамынып, Эшикке чыккан жаңыраак, Басып келип Байтөлөн, Алмамбеттин айтканын, Бурбай айтты жабырап. Келген экен Чубак, деп, Арстаның анык билиптир, Ат дабырттан ойгонуп, Абаң Бакай чоң Кошой, Баланын айткан кептери, Кулагына кириптир. Эшикке чыкса ал экөө, Алдында минген Аккула, Кийген тону Аккүбө, Кетип барат айкөлүң, Бастырганы бөлөкчө, Бирин бири карашып, Аттарын минип жанашып, Артынан жүрдү бул экөө. Биринен бири угуптур, Он төрт хандын баарысы, Арты-артынан жылыптыр, Алдындагы Алмаңан, Аныгын алар угуптур. Байтөлөндү жиберип, Сарала оозун имерип, Үч айланып аскерди, Абдан байкап аңтарып, Адам келчү жерлерди, Таң агарган мезгилде, Тескери изди кубалап, Алакең жолго киргени.