Ороңгу менен Борончунун өлүмү, катардагы баатырлардын алгачкы беттешүүсү
Нескара акыл айткан соң, Баарына бирдей жаккан соң, Эсенханды кангайлык, Баштагандан көрктөнтүп, Жөө башына көтөрүп, Ажаттын бойу керүү, деп, Буруттун жаткан жери, деп, Чыккан жердин чөбүндөй, Жайнап чыкты какандык, Алты жайсан, он жаңжүн, Айдап чыкты какандык. Чоң мерген деген бар эле, Алмамбет менен бирге окуп Келгендин бири ал эле, Күркүрөгөн Күнжаңжүн, Аны кошо алды эле. Кедендердин Жолойу, Кенен айдап көп колду, Манжулардын Нескара, Анжулардын Мурадил, Калмактардын Уушаңы, Канча түрмөк кол айдап. Жүрдү булар тамамы. Кечилдин ханы Коңурбай, Сомтемирин артынып, Чарайнасын тартынып, Башына таккан жыңзы таш, Күн чагылтып жаркытып, Алгарасын аргытып, Артынан чаңын баргытып, Кудай бетин салбасын. Көпчүлүк жүрүп бергенде, Топурак учуп тоз болуп, Тозоң барып боз болуп, Асман ачык, жер бүркөк, Күрөң тартып күүгүмдөп, Айра көзгө таанылбай, Келген жандар күдүңдөп, Жер жарылып дүңүлдөп, Күн көрүнбөй бүрүлдөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Бара жатат көп кошуун, Жайкы күндөй күркүрөп. Эр Манастын эрлери, Элине баатыр шерлери - Кара Төлөк, Алакен, Кадыр, Түмөн, Шуутулар, Керектүү киши ушулар, Борончу баштап он эки, Күнү-түнү уктабай, Уйку качып, көз катып. Уйку көргөн киши жок, Бут-колун сунуп түз жатып, Камынып эрлер турганда, Кангайлык келди маңдайга. Алоокенин калчасы, Аскерин аттан түшүрбөй, Алчыланып күпүлдөй, Элчиге киши узатты, Кат берип колго бечеттеп, Алып барып, алып кел, Жообун бурут берет, деп. Элчинин саны жети экен, Элчилердин баштыгы, Чоң мергендин өзү экен, Бакай алып катты ачып. Башынан ылдый көз салып, Мазмунуна караса, Тополоң салбай турушуш, Жекеме-жеке урушуш. Катты окуп, кат жазып: “Биз кошулдук, — деп жазып, Аламан уруш кылбайлы, Букарада не жазык?” Элчилер кайра барыптыр, Эсен хан кабар алыптыр. Байрак сайып туу тиктеп, Атка минип эл дүрбөп, Каканчынды караса, Ар жаракка ар бөлөк, Топ-топ болуп калыптыр. Алаштын эли таң калып, Алмамбет билип мындайын, Бизди бөлгөн экен деп, Алмамбеттин сыртынан, Мактап айттың нечен кеп. Эки жакка эки туу, Көкөлөтө сайыптыр, Сайылган туунун түбүнө, Хан тактасын куруптур, Ээлик кылып элдерге, Бакай менен Эсен хан - Эки хан барып туруптур.