← Манас 1/2

Эки жактын согушка камданышы

Ажаттын бойу өтө кең, Боору тулаң тоосу күр, Адыры шыбак, ойу чөп, Агып жаткан суусу көп. Аламан болгон көп кошун, Аттан түштү жайылып, Аш кайнатып жабылып, Курсагына камынып, Арстан турат чамынып, Ак күбө тонун жамынып. Ал аңгыча Алмамбет, Калды аскер канча, деп, Он башы, элүү башыны, Бери кел деп чакырды, Келбей калган эмесин, Киши жумшап таптырды. Аскер башы чоңдорго - Элүү башы он башы, Эл ичинен болгонго, Алмамбет анык кеп айтты, Алар келип болгондо: — Бейжинди беттеп басканда, Бектикти мага такканда, Көкчөлдөгү байагы, Алып колго кагазды, Айдап жүргөн астыңда, Аскерди эми саначы, - Он башылар ороктоп, Элүү башы сороктоп, Аттап-буттап түйүлүп, Жүз башыга жүгүрүп, Жүз башылар биригип, Миң башыга бүгүлүп, Тактап санын беришти, Миң башылар жон сандап, Эсебин алып келишти. Көкчөлгө келип түшкөндө, Элүү төрт илек кол экен, Эми бүгүн санаса, Жыйырма төрт илек жок экен. Муну Алмаң тыңдады, Буйрукту мыктап кылганы: — Жабыла атка мингиле, Жалпы баарың жүргүлө, Өлүктү кузгун жебесин, Тапсаңар сыйлап көмгүлө, Жараланып баса албай, Жайында жаткан бар бекен, Жанына барып көргүлө!- Хан Алмаң буйрук бериптир, Калбай баары келиптир, Кандуу майдан кыргындан, Как буларды көрүптүр: Башаламан жыгылган, Чапкан чөптөй жыйылган. Буту карап асманга, Кемерген башы тыгылган; Бирин-бири кучактап, Чогулушуп бутактап, Тиши ачылып ырсайып, Толгонуп мойну кыйшайып; Башы жок мойну койкойуп, Далысы чыгып сокойуп; Көчүгү чыгып даңкайып, Карады көөп дампайып, Алдынан койон өткөндөй, Ийилип бели кайкайып, Жердин бети жык толуп, Жаткан өлүк тартайып. Өңүнө кирген дагы бар, Сулуулашып суйкайып, Саргарганы дагы бар, Соолгон чөптөй кумсарып, Көп болгон уруш алдында, Болгон эмес мынчалык! Желип жүргөн атты көр, Чылбырын сүйрөп бош калып. Ат эсебин ким билет, Калмактар кеткен олжо алып? Ойноп жүргөн атты көр, Ээри ооп кыйшайып. Нечен ат жүрөт жер тиктеп, Тизгинге колу чалынып, Башы жерге тартылып; Жашылдантып көздөрүн, Жаткан аттар дагы бар, Өлүктөргө артылып. Балта менен чокморго, Нечен баштар жанчылып, Чөп башында, жерлерде, Мээлер жатат чачылып, Көп өлүктү карасаң, Көзү калган ачылып. Таанылганын жыйнашып, Таасыбаттап сыйлашып, Бузулушуп көңүлү, Булатып жашын ыйлашып, Ак топурак дөңсөөдөн, Ар кимиси көр казып, Арбагы ыраазы болсун, деп, Ак чүпүрөк белги асып, Кыргыздар кетти түшкүнгө, Кылгырта жашын чубашып. Калган элде кадик жок, Олтурганда көөнү ток, Эки күнү өргүтүп, Хандын баарын чогултту, Кайран Алмаң көлбүтүп. Олуйа Кошой, Музбурчак, Текечи, Шыгай, Жамгырчы, Үрбү, Агыш, Сынчыбек, Эбегейсиз алп Төштүк, Бала баатыр Керкөкүл, Абаң Бакай айкөл шер, Сыргак, Чубак-эгиздер, Баары келди дүрбөшүп, Бирин-бири жүр дешип, Анда Кошой кеп баштайт, Кеп баштаса деп баштайт: — Кана балам, Алмамбет, Бизге барбы кеп-кеңеш? Көп бүтөр иш болсо, Ийри олтуруп, түз сүйлөш - Деп ошентип айтканда, Сөз баштады Алма анда: — Улуу-кичүү, карыбыз, Олтургандар баарыбыз, Упурак болуп жол тартып, Алыскы жерден кол тартып, Кытайдын келдик элине, Какандын келдик жерине. Кан кечишип, жин чачып, Уруш кылдык бул жерде, Алды качып келген кол, Кайта кетти Бейжинге. Бизден качып кетти, деп, Болбос ишке сүйүнбө, Дагы келсе кантем, деп, Же аманат жандан түңүлбө. Какандын ханы баш болуп, Калгандары чогулуп, Камданып болду бу күндө, Чөптөй калың кол жыйнап, Чогулуп келет беш күндө. Жекелешип урушат, Желке чачын жулушат, Башаламан тек чыкпас, Кайраты көптөн кем чыкпас, Эсенхан келет эл баштап, Оронгу келет кол баштап. Оронгу чыгат алдында, Кошой аба, кандайсың, Оронгуга барууга? Алдырсаң да, алсаң да, Борончу чыгат артында. Өңкөй Бейжин чоңдордун, Койбой баарын көргөмүн, Ажал жетип күн бүтүп, Алиге дейре өлбөдүм. Чыгып калса Борончу, Мен беттешип көрөйүн, Өлтүрөмбү өлөмбү, Өзүңөрдү көрөмбү, Бул жагы мага күмөндүү. Жолой чыкса кокустан. Чыгарсын, Төштүк, окустан, Нескара кылса кайратты, Көрсөткүн Чубак, айбатты; Мурадил, Уушаң,, Сайкалдын, Кимиси чыкса жекелеп, Баргын, — деди Сыргакты. Ээн жерде эл жайнайт, Эсенхан өзү туу кармайт, Падышалык алтын туу, Абамдан башка ким кармайт? Кебез өтүк Кендирбай, Келбеттүү калча Коңурбай, Жекеге чыкса тура албай, Айкөлүм чыгат дегеле, Упурабас дубалдай. Казакта, Үрбү, хан элең, Кыраакы эпчил жан элең, Колдор сынат кокуйлап, Буттар сынат чолоңдоп, Көздөр чыгат олоңдоп, Бул өңдөнгөн кырсыктар, Бу согушта көп болот, Ташталып калып мындайлар, Талаада калса жок болот, Ал өңдөнүп калганга, Ээ болсоңуз не болот? Айры сакал Сынчыбек, Өмүрүңдүн көбүндө, Пул санадың эсептеп, Аш-тамакты дайардап, Жеткирип турсаң канетет? Кечээки болгон урушта, Эл кырылып аздады, Аш-тамакты башкаргын, Эрте келет, кеч келет, Азыксыз адам калбасын, Буудай хандын Музбурчак, Касиеттүү эр элең, Көптү көргөн көп билген, Илекердин бири элең, Чындап ажал жетпесе, Өлтүрбөймүн дээр элең, Бей ажал өлүп кетчүгө, Ээлик кылып сен берсең, Кары Шыгай агабыз, Бош калган атка караңыз. Бала баатыр Керкөкүл, Байкап уккун эр Көкүл, Черүүнүн арка жагына, Азыр болгун сен өзүң, Кайратыбыз жоготуп, Качып аскер жүрбөсүн. Жамгырчы, Агыш – агабыз, Черүүнүн эки четине, Ээлик кылып караңыз. Текечи, кары чал элең, Малга шыктуу жан элең, Шыгай берген чогултуп, Атка карап аа кошуп, Отунга көңүл жиберсең. Абам Бакай карыбыз, Эп көрсө турган баарыбыз, Бул канткениң, койчу, деп, Бузбаса Манас залыбыз, Айчыгы алтын туу кармап, Уруш акыр болгуча, Баашалык такты алыңыз,- Моминтип элге угузду, Ойон Алма ханыңыз. Унчуккан бенде жок болду, Алмамбеттин айтканы, Баарына жакты окшонду, Муну көрүп Алмамбет, Айтуучу кепке токтолду: — Баатырың бар, эриң бар, Калк башкарган ханың бар, Карапайым элиң бар, Мына бу менин кишим деп, Бул жагына карабай, Ар адамга ылайык, Кыларыңды бөлүп ал. Найза сайар мыктууну, Найзага өтө шыктууну, Чогултуп муну бир бөлгүн; Балта чапкан балбанды. Балталап балбан алганды, Баарын жыйнап бир бөлгүн; Кылычты кындан тартканды. Кылайып жазбай чапканды, Кыпыйтып аны бир бөлгүн; Кетелек менен сом темир, Чабыша келсе баары бир, Чачпай баарын бир бөлгүн; Чойулбай чокмор чапканды, Чогултуп аны бир бөлгүн, Очогорун октогон, Милтесин кызыл чоктогон, Мылтыктууну бир бөлгүн; Колумсаны асынып, Жаа тартканды бир бөлгүн; Бөлүнгөн бойдон бөлүнгүн, Бөлөк-бөлөк көрүнгүн, - Деп ошентип Алмамбет, Баарына айтты айкын кеп. Айкөл Манас шер баштап, Олуйа Кошой зор баштап, Акылга дыкан жаралган, Абаң Бакай хан баштап, Баардыгы жумуш аткарып. Болуп жатат карбалас, Кыргызды таштап салыңыз, Эми кытайдан кабар алыңыз.