← Манас 2/3

Жай чоло жок денеде, Чаптаган соот күрөөкө, Айкөл Манас эр Коңур, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Айбаттанды бул экөө. Айкөл Манас баатырың, Аккула оозун бурады, Айал кылып турбады, Артыкча эрен туулган, Алп Коңурбай калча да, Алып найза булгады. Бет келишип бул экөө, Белсенишип жөнөдү, Аттардан чыккан калың чаң, Айлананы тумандай, Топуракка бөлөдү. Беттегенде бир-бирин, Өрдөктөй мойну узарып, Өрттөй көзү кызарып, Машы чыккан эрлерди, Көргөн пенде таң калып, Темирге темир кагылып, Түпөгүнө найзанын, Түпөктөрү кагышып, Кайта-кайта сайышып, Калды экөө тайышып. Таамайлап бирин сайа албай, Найзасын канга мала албай, Кылча жанын айашып, Кылчаңдашып кала албай, Тай-талаш болуп ушундай, Турган кезде Коңурбай, Мына мындай кыйалдай: “Сайдырбайт экен Коңур — деп, Сактанып алды анткор — деп, Менден акыл көбүрөөк, Манас экен манткор — деп, Кактырбай сактап найзамды, Качырайын найзачан, Өтө берип жандашып, Мен сайайын артынан, Алгарам бар алдымда, Бут менен кылсам нишарат, Өзү билип бурулган”. Муну ойлоп чоң калча, Мурдагыдан ачынып, Манаска тийди качырып, Коңурдун кылар шумдугун, Кошо эле Манас байкады, Мыскылдай күлүп ичинде, Коңуруң башын чайкады, Манастын эми кантээрин, Угуп туруң айталы. “Арамдык кылат калча — деп, Аргасы ашкан канча – деп, Алгараң менен айланып, Келесиң мага кайта” — деп, Алгара менен кылт берип, Келгенде жакын Коңурбай, Найзасын Манас жөн койду, Найзасы менен кактырбай. Кыйчалыш өтө берерде, Найзаны таштап жиберип, Ачалбарсты кынынан, Колуна алды имерип, Манасты эми сайдым, деп, Коңурбай кирди күүлөнүп. Калчадан найза жетерде, (Ачалбарсты колуна, Алган эмес бекерге), Кайрылып Манас чапканы, Коңурбайдын найзасын, Кыйа чаап таштады, Найзасы жок, кол чолок, Коңурбай калып томолок, Бура тартып чуу койуп, Качты турбай коржоктоп. Качты Коңур далбаңдап, Эки этеги салбаңдап, Качырдым деп Калчаны, Аркасынан эр Манас, Кетип барат барбаңдап, Ажаттын бойу шор экен, Шорунан көк кум экен. Кум ысыса күн тийип. Жайнап жаткан кор экен, Мекендеген ал кумду, Куландары шок экен, Кирип калса бу чөлгө, Туйагы күйүп жок экен. Ак куу учса адашып. Канаты талып кум тартып, Түшүп жерге калчу экен. Булуң болуп бурчтанган, Булуңкур болуп урчтанган, Чымчып алар чөбү жок, Чык этээрге суусу жок, Ысык чөлгө салууга, Кабуусу келсе Манасты, Какырда жеңип алууга, Кабуусуна келбесе, Алты шаар- чет Бейжин, Калаасына барууга, Калааны сактап кур болгон, Кан сагынып бук болгон, Калдайы бар, хандар бар, Калкайып турган балбан бар, Ат көтөрбөй жөө жаткан, Алда нечен жандар бар, Алдап барып Манасты, Ошолорго байлатып, Карматып аны алууга, Акыл ойлоп Коңурбай, Алгарага ишенип, Итжүрбөс чөлдү бет алып, Эр Манасты четке алып, Ой менен дөңдү ылгабай, Өзүнүн бойун жыйнабай, Качып берди калдаңдап, Өңүрү кетти далбаңдап. Эки көзү алактап, Эки буту салактап, Алдындагы аларга, Кош кулагы салактап, Эңишке келсе узарып, Эликтей колу сайылып, Жал-куйругу жайылып, Өксүтүп кетет Алгары ат, Өз тайасы жетишет, Өкүм күлүк Аккула ат. Оңбул-домбул түйүлүп, Оңко аткандай жүгүрүп, Көкүлүн көккө ыргытып, Туйагын жерге мылгытып, Ооздугун каккылап, Тал жибектей куйругун, Чаткайакка чапкылап, Таманы жерде тарсылдап, Кара темир ооздук, Көмөкөйдө карсылдап, Көмөлдүрүк көрчөгө, Көөдөнүндө жаркылдап, Ошол заман баатыры - Опол тоодой Манасты, Омурткача элебей, Опсуз чуркап ченебей, Баскан таштар быркырап, Учкан куштай зыркырап, Келе жатат Аккула, Ээ-жаа бербей дыркырап, Ат абалын билди эми, Арамзада Коңурбай, Эңкейишке кирди эми, Эңишке салып узартып, Өргө салып жеткирип, Азгаштырып Манасты, Бейжинге алып баратты. Коңурбайдын шумдугу, Ойуна койбой келтирип, Арамзада Коңтөрө, Иташардын артууга, Бет алып качты эрилип, Оңду-солду теминип. Алгара менен Коңтөрө, Качып барат закымдап, Анысына болбоду, Аккула менен Көкжалың, Кирип келди такымдап, Төрт айактын дүбүртү, Кулакты жарып такылдап, Ошондо Коңур корккондон, Ойуна алып буларды, Жүрөгү чыкты лакылдап: “Түп этектен алат, — деп, Тоңкойто тартып жыгат — деп, Бу белде канын жайат – деп, Кардымды Манас жарат — деп, Каным суудай агат-деп, Колуна түшсөм Манастын, Кантип тирүү койот — деп, Тим эле кесип баш албай, Теримди тетир сойот — деп, Саман шыкап териме, Бир жерге асып койот” — деп, Кечилдин ханы Коңурдун, Ойуна кетти далай кеп. Айкөл Манас ошондо, Түп эткенден кармаса, Тоодой Коңур зор калча. Тоңкойуп жатмак алдында, Болсо да зор ар канча. “Түп эткенден түрөмбү, Тоңкойто тартып жүрөмбү? Найзага илип алайын, Найзага илип калдайтып, Көтөрүп анан барайын, Манастыгы чын десин, Мени көрүп кангайлык, Атка минбей сүрдөсүн.”- Деп ойлонуп ойронуң, Кездемдин боосун чыгарып, Кескерген найза чунайып, Кекенип найза сайганча. Эңишке кирди аңгыча, Арам өлгөн Алгара, Ошол кезде эр Манас, Ай далынын бети деп, Алтындуу кемер чети деп, Найзаны муштап жиберди, Жибергенге болобу, Окчундай түшкөн Алгара, Далыга тийбей Сырнайза, Май куйрукка мылк этти, Алгаранын сооруга, Шырылдап кызыл кан кетти. Ашыра чуркап Алгара, Алып учуп кете албайт, Эңишке келип калганда, Арбыта чуркап Аккула, Жанашып ага жете албайт, Мүчүлүш болуп эр Манас, Качып берген Коңурду, Же көмөрө сайып кете албай. Мүчүлүш тийген найзанын, Учу Коңур калчада, Сабы Манас баатырда; Өргө тартсам өлөм, деп, Ойрондон кордук көрөм деп, Коңтөрө акыл ойлонуп, Эңишке барат чуу койуп. Башаламан урушта, Эбегейсиз жумушта, Кангай менен кыргыздан, Хан Манас менен Коңурду, Көрбөй калды эч бир жан.

Өнөрү өткүр Алмамбет, Туулган артык ак ниет, Алышып жүрүп күн жайлап, Булуттуу шамал-жел айдап, Бурганактап бүркөлүп, Жаап кирди жамгырлап. Жөө туман түшүп күдүңдөп, Көрүнбөй алды бүлбүлдөп, Эси коркок немеси, Эми кандай болор, деп, Жаны калбай сүлдүрөп, Жан үзчүдөй үлдүрөп, Нечени мындай жүргөндө, Эр Алмамбет баатыры, Алдында минген Сарала, Кыл такыйа кызыл чок, Таажысын кийип башына, Таң калып көргөн адамзат, Сайынган жынзы ташына, Кеп кийимин кийиптир, Карадан жаап үртүктү, Айсарала миниптир, Камчы уруп атына, Калтыра сүйлөп шашыла, Кангайлыкка кириптир. Ооздук тиштеп кыйгачтайт, Алдында минген Сарала, Бет алышып ким чыдайт, Белдүү баатыр Алмаңа? Эл башкарган эрлерден, Эңише чыккан шерлерден, Айжаңжүн баштап кырк балбан, Ат көтөргүс чоң келген. Айжаңжүн менен бир келген, Ылама деген бар эле, Кырктын чоңу ал эле, Ары баатыр, ары хан, Өтө айлакер жан эле, Туу көтөрүп кол баштап, Келе жатат Ылама. Туман баскан күдүңдө, Ыламаны Алмамбет, Көмө койуп өттү эле, Караандап жүргөн эр Сыргак, Ылама башын кести эле, Түшүрбөй жерге байрагын, Алмамбет илип кетти эле. Каадасын билген Кангайдын, Карагын ишин Алмаңдын: «Мөндү, Мөндү, Мөндү — деп, Мөндүлөп» ураан чакырып, Бейжинди карай бет алып, Алмамбет кетти бастырып. Кангай, Манжу, калмактар, Бирин бири жүр дешип, Аркасынан келатыр, Баш-аламан дүрбөшүп.