← Манас 1/3

Манас менен Коңурбайдын Ажаттын бойунда беттешүүсү, Коңурбайдын Бейжинге кире качышы

Элемандын Көкчөлгө, Буткул-буткул көп көлгө, Жай албастан кечкече, Жакын кирип келген кез, Кара кыргыз уланы, Хан Жакыптын Сыргагы, Абакеңиз эр Бакай, Ар неме бар ниетинде, Жүрүүчү экен жол тосуп, Уларлуу таштын бетинде, Абакең Бакай караса, Келе жатат бир караан, Күн шашике мезгилде. Дүрбүсүн салып шыкаалап, Алыстан абаң байкаса, Арстан уулу эр Сыргак, Кандай жалгыз келди? — деп, Калгандар аман барбы? — деп, Санаа күлүк изи жок, Олуйадай Бакайдын. Ойуна кетти далай кеп, Кирип келди аңгыча, Алдастаган эр Сыргак, Алды жакка энтелеп. Эми Бакай чакырды: — Токтогун! — деп бакырды, Бакырыкты укпады, Кыйкырыкты туйбады, Уйулгуган шамалдай, Учту Сыргак турбады. Анда Бакай абаңдын, Санаасы санга бөлүндү: “Анык кудай урганбы, Чалдырбай чалгын Алмама, Кытайлар амал кылганбы? Анан Сыргак чуу койуп, Көмүскө менен желгенби, Көрүнбөй бизге келгенби?” - Деп ошентип эр Бакай, Минип атка шамдагай, Көкчолок менен чуу койуп, Жаш кезиндей дуу койуп, Күмүшкө менен Желгени, Көрүнбөй жетип келгени, Укпаган дүмпөр Сыргактын, Капталга найза жиберди. Ээрден көчүк бултайып, Үзөнгүдөн бут тайып, Телкызыл жалын кучактап. Карай салып кылчактап. Аксакалы жаркыган, Абакесин тааныды, Абадан башка кеби жок, Алдырып Сыргак наалыды. — Калдаңдаган арам ит, Калдаңдап атың чабасың. Калдастап кайда барасың? Ак калпак кыргыз алашым, Аркасы болгон Манасым, Амал ошол эр барбы? Алмамбет, Чубак эгиздер, Эки түгөй шер барбы? - Анда Сыргак кеп айтат: — Ой, абаке — деп айтат, Аман барбыз баарыбыз, Аман-эсен дени соо, Арстан Манасы залыбыз, - Кайра Сыргак божурап, Баштан-айак билгенин, Эмнеге келгенин, Баарын айтты көргөн эл. Анда Бакай кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Ушул бойдон барганда, Дүрбөлөңгө салганда, Айбыгышып арстандар. Араң келген он төрт хан, Бирөө сага барабы, Ат изин алар салабы? Мен барайын алдыда, Дайарданып камына. Бар, кийимиң жуугунуң, Белиңди бекем буугунуң, Тыш тонуңду тим койгун, Мына ушинтип кайтып бар, “Алмамбет, Чубак этсиреп, Сойгон бээнин канына, Тепседим”- деп айтып бар, “Мурун барсаң олжо алдың, Кийин барсаң кур калдың”, Мындан башка кеп кылбай, Аркамдан менин жетип бар, - Бакай хандан кеп угуп, Бар кийимин жуунуп, Белин бекем буунуп, Салган бойдон жөнөдү. Сыргактын келе жатканын, Сынчыбек мурда көргөнү. Тосоттой басып барыптыр, Айкөл Манас, Алмамбет, Эрен чубак баатырдын. Амандыгын сураптыр, Экинчи сөзүн айтканча Сыргак айал кылбаптыр: — Алып келдик жылкыны, Мурун барсаң олжо алдың. Кийин барсаң кур калдың, Адыр тоону аралап, Ар кайда жүрөт самсаалап, Бөлүп берер киши жок, Көп-азы менен иши жок, Барсаң болду бачымдап, Айтып болду ушуну, Бастырып кетти эр Сыргак. Башкалар көздөй закымдап. Кокондун эли козголуп, Токтоло албай кош болуп, Жердин бети чаң болуп, Жөнөп калды жам болуп. Абаң Бакай карыйа, Алаштан чыккан олуйа, Мингени анын Койонбоз, Аккуланы бош коштоп, Колдун алдын «бош, боштоп», Алкынып жолго салыптыр. Сыргактан уккан кеп менен, Манаска жетип барыптыр, Аккула көрүп арстаның, Кыл мурутун имерип, Ырсаңдап күлүп жиберип, Куйма темир үзөнгү, Теппей ыргып минди эми, Суунун бойлоп жээгин, Каканды карай жүрдү эми, Коңурбайдын изине, Сайа кууп кирди эми, Талыкпас күлүк Аккула, Так өзүнө чак Кула, Айманбоз аккан Ажаттан, Айагым сууга малбастан, Үйүлүп өтүү койондой, Туйагын ташка какпастан. Каарлуу Ажат бойунда, Касташкан чоңдун бири жок, Хан Коңурбай теги жок, Кашатта турган көп черүү, Арасын ачып бошотуп, Жол берчүдөй пейли жок, Каарданган эр Манас, Өткүр кылыч Ачалбарс, Оң-тескери кайсалап, Кайда калың топ болсо, Аралап кирди талкалап, Беттеше албайт бири да, Баары жанын калкалап, Кызыл кан дайра суу болуп. Калың журтка дуу болуп, Далайлар жандан түңүлдү, Нескара менен Жолойдун, Черүүсү турбай сүрүлдү, Эл чайкалып жатканда, Кан чайпалып акканда, Кокондун колу келиптир, Кайра тартар айла жок, Каптап булар кириптир. Чыккан жердин чөбүндөй, Кыргыз келди жер жайнап, Аркасынан түшүптүр, Кырк чоросу кол айдап, Кыйын согуш болгон кез, Кылка буудан алчактап. Демилгеси жаштарча, Дөөдөн Кошой, Акбалта, Жамгырчы, Агыш, эр Төштүк, Алптардын бири Керкөкүл, Кайраты толук эр Көкүл, Кылычын кандап салды түр; Будайык хандын Музбурчак, Муруту анын бир кучак, Казактардын хан Үрбү, Катардан калбай бар Үрбү, Текечи, Шыгай - хандардан, Калбай келип баары адам, Келгени карап тура албай, Уруш болду аламан. Кара курттай көп турса, Калгандарын ким билет? Кандай айтып болгулук, Көпчүлүктү бир-бирлеп? Ар эки жагы дап берип, Аралаша бөлүнүп, Арасында баатырлар, Анда-санда көрүнүп, Кечилдин ханы Коңурдун, Көзүнөн жалын төгүлүп, Жарлык кылып бакырып, Жаңылап черүү чакырып, Какандын элин тынчытпай, Айжанжүңдү баш кылып, Айдады бүткүл жапырып. Ай ааламдан кол алып, Ай жаркыган туу алып, Адырда киши, ой киши, Өзөн да киши, тоо киши, Алакандай ачык жок, Ой тоонун баары бүт киши, Бул түгөнгүр Калчанын, Адам билгис түк иши. Адамдан кыйан-сел жасап, Таман койор ачык жок, Келди кытай эл каптап. Кангайлардын Ороңгу, Кара жалдуу Борончу, Кырмузшаанын Мурадил, Калмактардын Уушаңы, Кедендердин чоң Жолой, Манжулардын Нескара, Кечилдердин Коңурбай, Кеңешкордон жетөө бар, Келип кирди ушулар, Улам-улам эл келди, Үрпөк баштуу туу келди, Менменсинген эрендер, Калбай баары бүт келди, Аманат жанга күч келди. Мылтык атып, жаа тартып, Чокмор күүлөп, балталап, Кылыч чаап найзалап, Ажалы жеткен байкуштар, А дүйнө көздөй жол тартып, Аттанып жатат канчалап. Аттанган Манас көкжалың, Аккуласын ойнотуп, Ачалбарс менен бир шилтеп, Алтымышын сойлотуп, Бара жатса алдынан, Кезикти Коңур чоң калча. Так алдынан жолгошуп, Коңтөрөнү көргөндө, Кылычын салып кынына, Найзасын алып колуна, Утурлай чыкты жолуна. Манасты көрүп Коңурбай, Тиштегенден тура албай, Көмөкөйдө күркүрөп, Чилдедеги буурадай, Каары кайнап көзүнөн, Заары чыгып жүзүнөн, Бузулган самын кептенип, Ээрдин кесе тиштенип, Жойкумасын жойлотуп, Алгаратын ойнотуп, Келе жаткан Коңурбай, Жойкума салып кабына, Найзасын алып колуна, Карап турду жулуна, Карап турган капырдын, Хан Коңурбай баатырдын, Караанын көргөн качкындай, Кагышып кирген ким болсо, Капилет өлүп жаткандай, Канын суудай чачкандай, Каран түн аны баскандай. Бели кындай, ат найдай, Белдүү чочко Коңурбай, Алгарага камчы уруп, Кара жанын каршы уруп, Кангайлап ураан чакырып, Катуу кирди качырып; Жакыптын уулу кара көк, Элеп койбойт шашылып, Аккүбө тонун жамынып, Ак жолборстой чамынып, Арстан келет калт этпей, Аскалуу тоодой залыйып. Аккелте жондо жалт этип, Айдай бети жарк этип, Айдын көлдөй мелтиреп, Ажыдаардын сүрү бар, Алгыр шердин түрү бар, Ачуусу келип акырса, Алтымыш эрдин түрү бар, Кызыл чийкил нур беттүү, Бендеден башка келбеттүү, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Найзасы колдо койкойуп, Ала тоодой зоңкойуп, Балтасы жанда жаркырап, Караанын көргөн калтырап, Айтарына кеп таппай, Тил байланып тамтырап, Бул белгиси келүүчү, Бул белгисин көргөндөр, Ө дээрге алы келбестен, Үч күнү-түн кусуучу, Жүрөгү чыгып калуучу, Азырейил: “жудаа”-деп, Арадан бөлүп алуучу, Ашырбай чынын биз айтсак, Арстандын жайы мына ушу.