Тегеретме теги бар, Тартып салар жери бар, Кендемеде көп аскер, Бекер жаткан чени бар, Эсен хандын аларга, Эми айтар кеби бар: — Аскер менен букара, Калбай түгөл такыр бар, Макилди суудан өткөрбөй, Көпүрөнү тарта сал! - Хан жардыгы тура албай, Мойнун эч ким бура албай, Эсенхан, эгер оңбо, деп, Эгерде эки болбо, деп, Кара аскер менен калың журт, Көзүн жаштап кай бирөө, Аткаралы жарлыкты, Асылганы көпүрө, Ачууланган нечени, Айтты мындай көрүнөө: — Чантуу келсе шаар алат, Ага кошуп мал алат, Тартуу берсе жан калат. Бу бадырек Сазаңшаа, Келип калса жериңе, Аралап кирсе элиңе, Оруп буудай данды алат, Үрпөйгөн калың бакты алат. Алдыңда минген такты алат, Элиң менен эриңди, Тирүү койбой бириңди, Түгөл баарын жеп алат, Анан Бейжин кур калат! - Айтылган мындай кептерди, Укпады эч ким кичине, Ар качандан бир качан, Өкүмөттүн ишине, Алладан башка айла жок, Баашалыктын күчүнө, Аш кайнамда тартылды, Көпчүлүк менен көпүрөө. Ал аңгыча Макил дөө, Келип калды өйүзгө, Тереңдиги дайранын, Бир миң кулач жерде бар, Макил дөөнүн айбатын, Кулагың болсо угуп ал: Бийиктиги миң кулач, Шаңкерек экен мингени, Алда канча дайраны, Арыкта суудай билбеди, Көлчүк кечкен букадай, Көлбүгүп сууга киргени. Кээ жерде дайра кериктин, Соорусунда түгүнөн, Бул окшогон наадандын, Адам коркот түрүнөн; Кээ бир жерде шыйрактан, Кармашарга жоо десе, Кара бойун чыйраткан, Акпай, чөкпөй өлбөстөн, Суудан чыкты бул айбан. Ана-мына кылганча, Ачып көздү жумганча, Келип калды шаарга, Чен тонун кийип Эсен хан, Дайарланып туруптур, Бир амалды кыларга. Баашалык ченди көргөндө, Баш ийгенсип бадырек, Барып турду кенгиреп; Мабу жакта дегенсип, Батыш жакты көрсөтүп, Падышасы Эсенхан, Колун шилтеп жиберет. Кантундан чыгып кенгиреп, Бейжинге келди зенгиреп, Ордого келип акырды: — Коңурбайың кайда?! — деп. Үнүн угуп Коңурбай, Учуп-күйүп жүгүрдү, Кечилдин ханы капырдын, Бели эми бүгүлдү, Таазим кылып жүгүндү, Калган чоңдун баарысы, Караанын көрүп Макилдин, Кара жандан түңүлдү, “Хан Коңуруң кайсың? — деп Бу тургандын кимисиң, Бери карай баскын!” — деп, Ишараты билинет, Адам тилин түк билбейт, — Калдай болбой катып кал. Кара жерге жетип кал, Камынып жүрбөй мурунтан, Кызыл канга батып кал! Коңур болбой комур бол, Чантуу Манас дегенде, Кайнаган экен сенде шор! Манас деген ким эле? Байанымды укпаган, Бадырек, кандай жин эле?! Кайсы жакта Манасың, Байлайынчы тим эле! Көрсөтүп кой көзүмө, Кармап келем эмеле! Бүтүлүү тоо болсо да, Көмө чаап чыгайын, Алып келип өзүңө, Көрсөтүп туруп көзүңө, Жутуп аны тынайын!- Үксөйдү башта чыккан чач, Арта салып ийинге, Үйдөй болгон чойун баш, Ачуусу келип козголуп, Чаба турган окшонуп, Макил дөө турду ошондо, Чакчырылып октолуп, Хан Коңур турду калкайып. Каршы алдында залкайып, Лижыңда турган кишини, Чабууга каада жок болуп. Колун салып койнуна, Сууруп алды канжарды, Алтымыш чейрек тамеки, Аз бөксө болуп калганы. Кырып алып оттукка, Жолум үйдөй чок койду, Жолу каткыр бир сорду, Нары тартты коркурап, Кылымда мындай бүтүн жок, Кылайып жанган түтүн жок. Койо берди үшкүрүп, Оозунан түтүн буркурап, Ала карга, сагызган, Үн алышып чыркырап, Сакал менен муруттан, Учуп жатат быркырап. Канжаны өтүп зардабы, Жанында киши калбады, Ысып кетип чекеси, Качып жолго салганы, Хан Коңурду жеди, деп, Кандай болоор теңи деп, Калгандары турганы. Ачуу масы тарады, Ачып көзүн карады, Канчанын күлүн какканы, Туйук кылып көчөнү, Киши өткөрбөй басканы. Оозунан чыккан түтүнү, Орчун Бейжин калаага, Оодарылбай уйуду, Ошол күнү чандандар, - Кары менен жаш балдар, Үйүн таппай куруду. Адырайып тургандар, Ал Коңурбай чоң калча, Батыш жакты көрсөтүп, Колун шилтеп алганы, Айбан мүнөз чоң доңуз, Бастырып жолго салганы, Коңурбай тирүү келгенде, Чуркурашып көпчүлүк, Кулак тунуп калганы. Барар замат өлсүн, деп, Бадырек кордук көрсүн, деп, Белди Алмамбет сойсун, деп, Кырк чоросу Манастын, Боорун кактап койсун, деп, Боорун кактап жебесе, Ичин жарып өт алып, Көзүн чукуп койсун, деп, Тигилип тилек кылышып, Тизмектелген доңуздан, Бир миңдейин кырышты, Өзүнчө “намаз” окунду, Кеңдемеде буткана, Жүз миң киши чокунду. Барча тоодой Макил дөө, Бейжинден чыгып жол алып, Батыш жакты бет алып, Белди көздөй оң тартып, Келе жатат жол тартып, Белде жаткан байагы, Баатыр Алмаң караса, Жылып жүргөн бир тоо бар, Аны көрүп алыстан, Муну алды ойуна ал: “Үйүмдө турбай ойдолоп, Өзөн жарып тоо бойлоп, Ойноп жүргөн Бейжиндин, Учуучу тоосу жок эле, Жыргалын көргөн Бейжиндин, Жылуучу тоосу жок эле”.- Тообу десе дөбөдөй, Алмамбет абдан байкаса, Тоо да эмес, дөбө эмес, Кытайдан чыккан төрөдөй. Колуңдагы дүрбүнү, Жана салып үңүлдү, Маңдайынын бырышы, Эл жайлоочу төр өңдүү, Каш-кирпигин карасаң, Карагайлуу жер өңдүү. Маңдайында жалгыз көз, Орто толгон көл өңдүү, Каңылжаары каңшайып, Касабалуу зоо өңдүү, Оозун байкап караса, Төбөсү түшкөн көр өңдүү, Азууларын караса, Алгыр жолборс, шер өңдүү. Тулку бойуң мунардай, Колу-буту чынардай, Жаратканга муңайып, Мунажат кылды Алмамбет, Чыдап карап туралбай: “Көк мелжиген зоо кылып, Тоо жараттың кудурет, Бир жагы оң, бир сол, Кол жараттың кудурет, Кай бир жанды келесоо, Чоң жараттың кудурет, Эрибеген муз кылып, Тоң жараттың кудурет; Өчөштүрүп бир бирин, Жоо жараттың кудурет, Буга окшогон соргучту, Мен байкуштун тушунда, Не жараттың кудурет? Жолуна туруп нетейин, Тирүүлүгүм канимет, Мындан бачым кетейин.” - Ойонубуз баатырдын, Ойуна булар кеткени, Сарала менен чуу койуп, Залкар тоодой Чубакка, Салган бойдон жеткени: — Айланайын Чубакем, Сом билектүү таш жүрөк, Козголбостун бири элем, Улук кытай журтумда, Уруша келген эр болсо, Куткарбастын бири элем. Көрбөгөнмүн укканмын, Сазаңшааны жердеген, Мангүбаны элдеген, Мангүбанын улугу - Макил малун эрдеген, Кабарын анын угалы, Кооптонуп жүрчү элем. Атасы кытай долусу, Арзанга бүтпөйт жумушу, Энеси жиндин жалабы, Эңкейтип пенде алабы? Аны менен беттешкен, Адам тирүү калабы? Мында туруп нетели, Жүрү, Чубак, кетели. Жоо бөрүсү Манаска, Жообун айта жетели! Макил, Манас жөөлөшсүн, Макилдей дөө Манас да, Манас да корксо Макилден, Турбай кайта кетели, Алыста калган Таласка! - Хан Алмаң мындай дегенде, Карманды Чубак өжөрү: — Катыгүн, Алмам, не дейсиң? Качуунун камын не жейсиң? Ар качандан бир качан, Өзүм эле эр дейсиң, Бир сокурду көргөндө, Эмне мынча тердейсиң? Качырып киргин деп, Сен кайраттуу сөзгө келбейсиң! Амал кылып көрөлү, Ажал жетсе өлөлү, Алыбыз кетсе сойолу, Жалгыз көзүн ойолу, Болсо эле жан көөдөндө, Болумсуз кепти койолу, Качпай өлгөн эрден деп, Жакшы атак саа болсун, Жолдошу Чубак экен деп, Сөз чекеси маа болсун, - Чубактан угуп бу кепти, Уйаттан Алмаң шылк этти, Уйалган эмей неткени, Кызарып бетин кан тепти. Кайыл болуп Чубакка, Карсылдап күлүп Алмамбет, Айтты жана мындай кеп: — Анык арстан экенсиң, Айтканыңа жеткин, — деп, Капкачанкы каарымды, Эми сенден кечтим, — деп, Мага бер азыр өнөгүң, Белди көздөй жөнөгүң, Мен белге чыгып жатайын, Алма баш менен атайын, Мылтык үнү чыкканда, Чубаке, сен ок менен бирге жөнөгүн,- Бура тартып Алмамбет, Белестин берки бетине, Сараланы каңтарып, Кыл менен жышып мылтыкты, Колодон сүмбө койгулап, Көпсөрдүн оозун чойгулап, Куржун башы дарыны, Кур дедире куйду эле, Коло, чойун аралаш, Кунан уйдай коргошун, Кулдуратып урду эле, Сүр куйрук менен майлыкты, Артынан тартып турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.