← Манас 3/5

Аңгычакты караса, Жерге кирген Макил дөө, Мас болгон нардай зенгиреп, Келе жатат түгөнгүр, Жерди карай кенгиреп. Макил келе жаткандын, Өрдөшү жазы коо эле, Оозунда тумшук тоо эле, Отунчунун жолу эле, Алты араба жанашып, Өтө берчү жөн эле. Эки мүрү капташып, Өтпөй капыр турду эле. Маңдайда көзү алайып. Тиктеп калып далайып, Он эки канат ордодой, Уйутуп койгон чойун баш, Опколжуп келип койгондо, Омкорулду тоодой таш. Казанбактай нечен таш, Көккө учуп зыркырап, Кара сеңир тумшук тоо, Талкаланды быркырап, Ушундай ачып өз жолун, Макил жүрдү ыркырап. Алмамбет карап токтоду, Алмабаш мылтык октолуу, Алмадай башын ашырып, Тула бойун жашырып, Милтеге кызыл чок койду. Белдүү баатыр Алмамбет, Алдыңкы ээрдин кашы деп, Табарсыктын башы деп, Өлөөр жери ушу деп, Анда ойлонду Алмамабет: “Алты кабат темир тон, Экөөнү бузуп өтөр, — деп, Төртөөнү кайдан бөсөр? — деп, Өлбөй калса бу капыр, Кызыл канын төгөр” — деп. Андан өйдө көтөрүп, Айбалкайдын башы деп, Как жүрөктүн тушу деп, Даарыса огум эгерде. Өлөөр жери ушу деп, Анда жана ойлонот: “Сооту менен сөөгүнөн, Аткан ок өтүп кетпес — деп, Өткөнгө күчү жетпес” — деп, Андан өйдө көтөрүп, “Ооздон ары атсам — деп, Мыкты болсо мылтыгым, Бир тиши ыргып кетер, — деп, Башын бузуп кетпес, — деп, Бузууга күчү жетпес, — деп, Каңылжаары каңшайган, Андан ары атсам — деп, Мыкты болсо аткан ок, Төш жары жерге кирер-деп. Өлбөй калса бу чочко, Залалы мага тиер” — деп. Андан да өйдө көтөрүп. “Жалгыз эле көзү, — деп, Жалгыз көздөн айрылса, Өлбөсө да бу капыр, Өлүмчө болор өзү – деп, Чоңдугунан Макилдин, Айыгып калган экенмин, Акылымды алдырып, Шашылып калган экенмин”. Чечекейдин чети, деп, Ак чел менен кара чел, Аралашкан бети деп, Чендеп туруп Алмамбет, Машааны тартып жиберет. Аңгычакты байагы, Акбалтанын Чубагы, Акырайып калыптыр, Кайкыдан көзүн айрыбай, Качан атат калмак, деп, Чакырайып калыптыр. Ак милтеден чок жетти, Алмабаштан ок кетти, Тоодой болгон Макилдин, Кирпигинин үстүнөн, Төш жары жери солк этти, Челектей болгон коргошун, Чечекейге кошулуп, Кайра жерге жалт этти. Алмаш огу кечпеди, Башын тосуп кетпеди, Бузууга алы жетпеди, Карап турган Чубакка. Мылтыктан түтүн бур этип, Үнү чыкты күр этип, Ок менен удаа эр Чубак, Кайкыга чыкса тең жетип, Ойрон болгон Макил дөө, Ачылып оозу араандай, Турган экен кеңкейип. Акбалтанын Чубагы, Тоо экен деп шашпады, Кайра тартып качпады, Араандай болуп ачылган, Оозуна найза аштады. Тепчий сайып найзасын, Тегеретип өттү эле, Термелбеди жеринен, Эр Чубактын найзасы, Үзүлдү орто жеринен. Буга Чубак илээшип, Жана кылды кыйланы, Жанталашып бир кезде, Чалкасынан кулады, Жыгылып Макил сулады, Эр Алмамбет кеп айтат: — Эреним Чубак, деп айтат, Кокустан тура калбасын, Бир балааны салбасын, Баса калгын! — деп айтат. Акбалтанын Чубагы, Алакөөдөн чунагы, Атынан түшө чурады. Чалкадан жаткан чоң дөөнүн, Төшүнө чыга калганы, Жан талашып бадырек, Колун серпип алганы, Чыпалак тийсе урунуп, Чылбыр бойу алыска, Чубак учуп барганы, Өлдү Макил ушинтип, Өзөктөн чыгып жан-маны. — Балтаңды, Чубак, ал, — деди, Башын кесе сал — деди, Эшик эндүү ай балта, Чубак колго алганы, Айры шили, кара куш, Керилип чаап калганы, Керилип чапкан чоң балта, Уңгусунан орноду, Суурар айла болбоду, Нары тартты сырактап, Бери тартты тырактап, Чыкпай балта койгону. Балта чыкпай койгондо, Чубактын айткан кеби бул: — Айланайын Алаке, Өлгөнү мунун канеке? Айры шили мойну тек, Балтамды бербей койду — деп. Көөдөктүгүн билиптир, Көзүнөн жашы чыккынча, Көкжал Алма султаның, Көп эле кыйла күлүптүр: — Айланайын Чубаке, Акыл ойлоп тапкын, — деп, Этин шилий чапкын, — деп. Этин шилип салышты, Чынар кескен немедей, Эки баатыр тең туруп, Дембелешип балта уруп, Башын кесип алышты, Ошол кезде Алмамбет, Дагы айтып калышы: — Башын байлап алгын, — деп, Дөбөдөгү төрөгө, Көрсөтүп ала баргын — деп. Эринден тешип эр Чубак, Талпаңдай басып барыптыр, Оң жагында канжыга, Башты байлай салыптыр, Чубак атын мингенде, Былк эте албай Көктеке, Багалчеги майышып, Араң турат кайышып, Чечекейи чекчейди, Бут шилтебей тайышып. — Айланайын Алаке, Ант ургур башы кылды, — деп, Атымдын бели сынды — деп, Чубак минтип турду дейт. Арыбын Алмаң ким билет, Арсылдап күлүп жиберет: — Калың ээрдин кескин, — деп, Калың эле эрини, Кесип ийдиң Чубаке, Тешип койгон жерини - Эр Алмамбет баатырың, Кең Бейжинде жүргөндө, Кээ-кээсинде сонундап, Керкти кармап минчү экен, Керктин тилин билчү экен. Кармап келип керкини, Аргамжы кылып чачыны, Бир жагына таш теңдеп, Артып алып башыны, Тоодой керкти жетелеп, Төрөсүн карай бастырды.

Баатыр Манас кеп айтат: — Береним Сыргак — деп айтат, Кантунга кеткен эки бек, Келбеди кабар бизге тек, Кеткени кыйла күн болду, Ичим бышып дүм болду, Тээ кыраңга барып көр, Көрүнөбү карааны, Дүрбүнүңдү салып көр,- Кыраанга Сыргак барыптыр, Ой жакка көзүн салыптыр, Алмамбет, Чубак - ал экөө, Айбандын чоңун жетелеп, Чукул келип калыптыр. “Соодагер талап алганбы, Султандар жолго салганбы? Суусап калды баатыр деп, Дарбыз артып алганбы?”- Ойлонуп Сыргак болгончо, Алмамбет,Чубак барганы, Көз байланып бүрүлдөп, Таанылбай калган убагы, Чуркап жетип эр Сыргак, Алдынан тосо барганы, Барган жерде токтоосуз, Арткан жүгүн карады. Керкке теңдеп артканы, Дарбыз эмес баш экен, Бир жагында таш экен, Томолонтуп тепкилеп, Сыргак алып барыптыр, Айкөлгө кебин салыптыр: — Алмамбет, Чубак алып келген, Дарбыз эмес баш экен, Аны чырмап таңганы, Аргамжы эмес чач экен, Башка теңдеп артканы, Бир жагында таш экен, - Көрүп Манас айкөл шер: — Алмамбет, Чубак - кеменгер, Айтыңарчы жашырбай, Ойлогон ичте кебиңер, Эмне үчүн бул башты, Артынып мында келдиңер? Кароолчусу бул болсо, Канык баатыр ким болот? Жолоочусу бул болсо, Жоокери анын ким болот? Калгандар көрсө бул башты, Хандардын көөнү кыр болот, Айдатып келген жети хан, Бир түндө качып жоголот, Жарылып эл бузулса, Жанкап кимдер токтолот? Толкуну күч эр Сыргак, Түрү суук бул башты, Топтой тээп тоголот, Элиңен эч ким көрбөсүн, Элөөсүз жерге бат жогот! Ишенем экөөң коркпойсуң, Жан алгыч тырмак салса да; Залкар тоодой турасың, Миң чокмор менен чапса да: Ажырабайт муунуңар, Ар тараптан тартса да; Оморулуп кетпейсиң, Очогор менен атса да; Төрт тарабы келишкен, Төрөлөрүм экөөңөр, Баатырлык сыны башкада! Адамдын баары окшобойт, “Булут ала, жер чала” Жалпыны жөнгө салуучу, Силерде терең ой кана?- Арстан эрден кеп угуп, Айабаган жеме угуп, Абыдан мактайт бизди деп, Анталап келген бу экөө. Эми калды деми сууп. Макил дөөнүн чоң башын, Жеркуйга тыгып эр Сыргак, Үстүнө таштап топурак, Агытып керкин бош таштап, Жергелей тартып жөнөштү, Кыраан Алмаң жол баштап. Алмамбет кирип астыга, Алптар келди бастыра, Кырчундуунун Туйуктөр, Туйуктөрдө жайылган, Кайберендин кенин көр, Кара калктан түп келбейт, Жанга менчик ушул жер, Ушул жерге келгенде, Ойроң Алмаң мындай дээр: — Эки жылда бир ирээт, Келип кетет Эсенхан, Кээде келсе чатына, Кээде келет башына, Уруксаат жок бул жерге, Келишине башкага, Арстан Чубак, айкөл шер, Ушул жерде жаткыла, Эриксең элик аткыла, Күн болжолу он алты, Ошол күн кабар тапкыла, Ушуну айтып Алмамбет, Карт күрөңдү жетелеп, Сыргакты алып жөнөдү, Ошол жерден бастыра.