Чалгындагы ийгиликтер
Сайаз деген улуу тоо, Сансыган Кытай эли ошо, Төрт баатыр келип турган жер, Тал чоку деген бел ошо. Аттарын койуп агытып, Бейжинди беттей калышып, Дүрбүлөрүн салышып, Олтурганда эрендер, Төрө Манас кеп айтат: — Ой, Алмамбет-деп айтат, Сайаздын кайкы белинде, Бейжинди айттың кебиңде, Талчоку дедиң байатан, Биз олтурган бу белди, Айтып берсең канетер, Алтымыш капка Бейжинге, Карай турган бүт жерди,- Төрө Алмамбет баатырдын, Аса жүргөн мойнунда, Бой тумар чалыш кабы бар, Болоттон кылган сабы бар. Болжолу жок чоң дүрбү, Боосун албай мойнунан, Сууруп алып койнунан, Оңдоп кармап олтуруп, Олутуна толтуруп, Өлчөп карап турду эле. Алмамбет дүрбү тартканы, Манаска муну айтканы, — Жон сомосу жеримдин, Жөнүн айтып берейин, Түштүк жагы тегиз тоо, Индичинин үч арал, Какандын жери бары ошо. Кайнады деген жери бар, Канаттуу менен жыландын, Кармап болгус кени ал. Чыгыш жагы бүт деңиз, Ал деңиздин ичинде, Бир капка Бейжин жери бар, Алтын менен күмүштүн, Абыдан чыккан кени бар, Калың журттун ичинде, “Күн тоосу” деген кеби бар. Түндүгүндө арстаным, Деңизге кирген аралап, Чаңбейсең деген тоосу бар. Салынып келген тумшуктан, Деңиздеги урчуктан, Айланып ары өткөндө, Коруйанын жери бар, Жүйрүн дөөнүн эли бар, Кашында турган Алмамбет, Окуп келген жериң ал, Сегиз миң жыл жашаган, Өлбөгөн Жүйрүн капыр ал. Муз деңизге туташкан, Улуу инген, Кичи инген, (Көрбөгөмүн, уккамын), Чөп менен жыгач кени экен. Дүйнөдө сурап таба албас, Мышык, айуу дейт экен, Ошол жерде бар экен, Бу түгөнгөн чынмачын, Бары-жокко бай экен. Түндүк жагы Муз деңиз, Күн батышы Иранда, Байатан айткан жерлердин, Баарысы карайт буларга, Алмамбет айтып токтолду, Арстан Манас козголду: — Убара болуп байатан, Түштүк жакты карасам, Тунарыктап алыптыр, Дүрбү жүрбөй калыптыр, Булуң болуп бурчуктан, Мунарыктап урчтанган, Бир карасам агарган, Бир карасам карарган, Ал каериң эр Алман? Андан бери карасаң, Деңизге учу салынган, Жайыз тоо жатат керилип, Туш тарапка тебилип;
Андан бери карасам, Кара тоо турат калкайган, Жондор-жондор дүңкүйүп, Кыраандары арсайган, Ортосу саргыч көрүнгөн, Тоолору турат жалпайган; Андан да бери карасам, Катар-катар тамы бар, Калың эмес, жок эмес, Орто-карта багы бар, Айландыра карадым, Айра биле албадым, Элеси көзгө көрүнөт, Түндүк жакта жана тоо, Ал кайериң Алмамбет, Кабарың айтчы сен ошо?- Алмамбет анда кеп айтат: — Баарың көрдүң, үч баатыр, Байкап уккун деп айтат, Булуң тартып бурчтанган, Мунарыктап урчтанган, Дөөлөр менен беттешкен, Күч ортосун чектешкен, Чепечеп шаанын шаары ошо, Кытайга бери аралаш, Айтылып калган кеп ошо; Бир карасаң агарып, Жайнап жаткан мелтиреп, Мылтыкка дары ичер туз, Кайнатып жаткан шор ошо; Бир карасаң карарган, Кургакка деңиз кошулуп, Кайсы экени билинбей, Күлгүн тарткан кеп ошо; Салынып барган тумшукта, “Инжилди” көмгөн ороо бар, Деңизинин бойунда, Өрдөк, чүрөк, кайырма, Аралашкан соно бар, Салынып келген деңизге, Сандуба деген жер ошо; Калкайып кара көрүнгөн, Карачайдын кени ошо; Арасында саргарган, Алтын менен күмүштү, Казып жаткан эл ошо; Каарына алса чоң Туңша, Каптап келээр сел ошо; Катар-катар тамы бар, Сейрек тарткан багы бар, Жон атагын Бейжин дейт, Кантун деген жер ошо. Базарчынын жолу эле, Бай-жардысын билгисиз, Бакалчысы мол эле. Керк менен пил кармап, Кербенчиден тил кармап, Айттырып кепке канайым, Абыдан кабар алайын, Көрүнүп турган Кантунга, Барып келе калайын, Жөө бөрүсү Чубакты. Жолдош кылып алайын, - Ушундайча Алмамбет, Таанытып жердин далайын. Алмак болду Кантундун, Алгачында кабарын.
Арстан, Манас, эр Сыргак, Ардактаган күрөң ат, Алар калып дөбөдө, Алмамбет, Чубак - эки шер, Жүрүп кетти бул экөө, Алмамбет өзү барында - Сыйкыр менен салдырган, Бар эле бир көпүрө. Бир тактайын басканда, Бир миң мылтык атылат, Милте күйүп ок учат, Үн угулуп тарсылдап; Эки тактай басканда, Жолборс, шерлер качырат, Азуулары качырап, Дөөлөр чыгат артынан, Көзүнөн жалын чачырап; Ошол жерге келгенде, Ойрон Алмаң муну айтат, Олоктогон Чубакты, Алмак үчүн бир сынап: — Мингениң буудан Көктеке, Жүрөктүү эле эркекче, Жалтайгансып үркчү эмес, Жолборсту беттеп чуу десе. Менин атым Сарала, Жүрөгү тайкы жалтанчаак, Өтө жука мал эле, Алдына чымчык учса да, Жалт бермей жайы бар эле. Капташып калды туш болуп, Кытайлардын көпүрө, Алдыма кирип сен бассаң, Көпүрөдөн өткөнчө, - Алмамбеттен кеп угуп, Атың мыкты деп угуп, Баштап жолду жөнөдү, Кайран Чубак жулкунуп, Чуйт дедире камчы уруп. Бир тактайын басканда, Атылып мылтык тарсылдап, Жабылып чыкты жолборс, шер, Айбаттанып арсылдап, Анталап Чубак шашылды, Бура тартып атыны: — Кытайың менен кургунуң, Бул эмне шумдугуң?- Алмамбет анда кеп айтат, Айтканда Чубак ынантат: — Көпүрө мурда бар эле, Мындай иштер жок эле. Кытайлардын адамы, Арбын болот амалы, Кытмыр Коңур сыйкырлап, Укмуш кылып салганбы, Башка жолдоп баралы, Анан чалгын салалы, - Башынан билбес кишиче, Башка жакка бурулуп, Бастырып Алмаң калганы, Киши көрүп койот, деп, Эр Чубакты Алмамбет, Бир шаштырып салганы, Көз жеткис айкын талаада, Куу казык деген бир тоо бар, Куу казыктын башында, Алмамбет, Чубак – эки шер, Тегерегин караса, Алоокенин Коңурбай, Жыйырма батман туулгасы, Кийип алып туруптур, Кыймылдаган көп киши, Жиги, жиги, жиги деп, Жыйып алып туруптур. Жанжүң менен Дуудусту, Чытыр-мытыр Доотайы, Чытыраган кытайы, Көпчүлүктүн басылбайт, Ойун-күлкү чуу-чуусу. Куу өрдөктү алганда, Карып калды өрдөк деп, Арамзада Коңурбай, Бир балапан өрдөктү, Кошо багып жүрүүчү. Өрдөктү атып алганда, Алмамбет билбей калыптыр, Ал кеткенде бул өрдөк, Бейжинге учуп барыптыр, Анык эмес Коңурбай, Күмөн кабар алыптыр, Дайарланып калыптыр. Карап турса баатырлар, Аскер чыкты талаага, Бир тарабы кызарды, Билсе жумуш узарды; Бир тарабы көгөрдү, Билсе жумуш көбөйдү; Бир тарабы карарды, Аскерге толуп жер калды; Бир тарабы агарды, Ааламдын баарын кол алды; Бир тарабы саргарды, Дөбөдө туруп эр Чубак, Акылы качып сандалды, Алмамбетке эр Чубак, Айтып кебин зарланды: — Мен дүрбүдөн көрдүм көп элди, Аскер эмес сел болду, Акылым жетпей тел болду, Көрүп калсам нетебиз, Анда кайдан кетебиз? -
Анда Алмамбет айтты кеп: — Акбалтанын Чубак — деп, Эч нерсени көрбөстөн, Эсиң чыкты чунак — деп, Жүрүп кетти Алмамбет, Кантон жакта бир белге, Барып жетти Алмамбет, Ал жердеги элдерден, Алар укту далай кеп.
Балапан өрдөк келгенде, Балакет баскан Коңурбай, Эсен ханга билдирип, Элди жыйнап бүлдүрүп, Кабар салган кеби экен. Угуп алып Эсенхан: “Көп кишини кыйнабай, Бир эле киши салам-деп, Кастарың тиккен хан болсо, Мейли кандай хан болсо, Карматып аны алам” — деп, Желмогуз аны дээр эле, Макил деген эр эле, Жалгыз көздүү көр эле, Бир барча элге төрө эле, Өзү тоодой дөө эле, Алты жайсаң жиберип, Ага кабар берди эле. Кабар алып бегинен, Макил жүрдү жол менен, Азар түмөн кол менен, Тоо бүтпөгөн түз менен, Сел каптаган күч менен, Кайың тал көрсө казып жейт, Казып түбүн такыр жейт, Муздакты көрсө муз койбойт, Анча-мынча булакка, Суусуну канып ал тойбойт, Көрүп келген жайсандан, Эсен хан кабар аңдаган, Макил дөөнү жээчүсүн, Бир заматта камдаган, Он миң эшек чогултуп, Он эшекти бир киши, Ылдамдата айдаган. Жылан менен доңузду, Бака менен коңузду, Он миң төөгө жүктөттү, Үч төөгө бирден киши, деп, Ушинтип ишин бүтүрдү. Чайы менен наныны, (Адам билгиз саныны), Тилдеп түгөл жөнөттү, Колго кирген барыны. Кабарчы алты жайсанды, Жаңыдан кошо канчаны, Макилге кайта жумшады, Баарын айттык башында, Алып барган суугасын, Эми жана угуңар, Макил дөөнүн коогасын, Түрүн көргөн жайсандар, Туруп булар калыптыр. Карапайым букара, Калбай ага барыптыр, Жеткен жерде бу капыр, Акыр-такыр салыптыр. Бака менен коңуздун, Жылан менен доңуздун, Төөсү менен эшегин, Чыркыратып тыткылап, Тирүү жерди неченин. Жин экен таттуу тамагы, Жигитин койбой жалмады, Төкпөйт экен жинини, Түк койбоду бирини. Көрүп турган жайсандар, Качып жолго салыптыр. Көзү менен көргөнүн, Төкпөй-чачпай кожурап, Ханга айтып барыптыр. Макилдин келээр жолунда, Агып жаткан чоң дайра, Жыйдырып жыгач алдырган. Адам уулу жүрмөккө, Көпүрө бар салдырган; Түбүнү чойун түптөгөн, Бу көпүрө бүткүчө, Дүйнө-малы түтпөгөн.