← Манас 1/6

Алмамбет менен Чубактын чатагы

Алмамбет баатыр жээлигип, Эрте туруп эригип, Колу-жүзүн жуунуп, Белин бекем буунуп, Арстан баатыр Манастын, Үстүнө кирди жолугуп, Абаң Бакай аксакал, Ага бирге Кошой бар, Эламандын эр Төштүк, Элебеген дөөлөр бар, Музбурчак менен Сынчыбек - Салакалуу хандар бар, Балта дөө менен Жамгырчы – Күмүш сакал чалдар бар; Эр Алмамбет киргенде, Улуктугун урматтап, Келгин, баатыр келгин, деп, Төрдөн орун көрсөттү, Төр жагына өткөрдү. Ал аңгыча болбоду, Дасторкондун бетине, Түрдүү даам толгону. Нашталашып чай ичип, Аш-тамагын жай ичип, Бата дуба кылганда, Дасторконун жыйганда, Алмамбет баатыр кеп айтат: — Ат семирип нык болду, Аттана турган чак болду, Эр семирип бук болду, Эңише турган чак болду. Көзгө атар машың ким? Көңүлү бузук касың ким? Атканын жазбас мерген ким? Айтканы туура келген ким? Тиктегенин көргөн ким? Тилегин кудай берген ким? Тигилгенин жеңген ким? Өлүмдөн коркпос жиндиң ким? Өткүр чечен тилдүүң ким? Сындырып найза тартпас ким? Сумсайып жоодон качпас ким? Бейжинден чалгын чалчууң ким? Беттешип жоого барчууң ким? Какандан чалгын чалчууң ким? Чарк жеткиз жоого барчууң ким? - Бул өңдөнгөн көп сөздү, Алмамбет айтып бүткөздү. Кырка турган кырк чоро, Баашалуу журт Бакбурчун, Баруучу баатыр жоктоно, Унчугушпай дымбыр-дым, Улуктар калды токтоно, Сурдана түшүп ошондо, Сүйлөдү Манас оштоно: — Дөөлөргө нечен чыгышкан, Ушалап белин сыгышкан, Кылчтабай толгошуп, Алмадай баштар жулушкан; Жоолуу күнү элирген, Жоон эли семирген, Сенин билбегениң бар беле. Ушул турган эрлерден? Чачып ойуң олтурбай, Чалгынга жумша бир четтен! Каканда туулуп өскөнсүң, Хан жайлоосун көргөнсүң, Кадыр-сыйга сен батып, Калкын бийлеп көнгөнсүң, Канчанын тартып запкысын, Кайгы-муңга чөккөнсүң, Хан Коңур менен тирешип, Кызыл канды төккөнсүң. Менче, Алмам, өзүңдүн, Мындайга кыйла эбиң бар, Ар тарабын ойлосоң, Эрдик кылып өзүң бар, Кара башка күн түшсө, Каралды болор өзүм бар. Азамат тандап адам ал, Аргымак тандап аттан ал, Алмам, элге айтар кандай кебиң бар? Алмамбет анда кеп айтат: — Бар десең, баатыр, барайын, Барып чалгын чалайын. Береки турган Бейжинге, Беттеп бенде баралбас, Белсенип чалгын чалалбас, Титинип бенде баралбас, Тиктенип чалгын чалалбас, Тирүү кайта жаналбас, Экиден киши артканда, Этегине сыйалбас. Сундуруп найза тартпаган, Сумсайып жоодон качпаган, Өкүм-өткүр сөзү бар, Өлүмдөн коркпос өзү бар, Сырттан Сыргак жолборсум, Ошол болсун жолдошум, Анан чоң Бейжинден жол болсун, Улап Сыргак кеп айтат. — Угуңуз айкөл, — деп айтат, Кош болсун десең көөнүбүз, Кош атты бизге бериңиз, Кабылан Манас кеп айтат, Катуу үн чыгып бек айтат, Калың эл уксун деп айтат: Жолборс Манас кеп айтат, Доош салып бек айтат, Тобум уксун деп айтат: — Толкумандын тору аты, Тоорулчу эрдин канаты, Тобуна барып айтып кел, Тору атка көңүл айтып кел, Тору атты тобу бербесе, Токмоктоп туруп тартып кел, Калкамандын кара аты, Кароолчу эрдин канаты, Калкына барып айтып кел, Кара атка көңүл артып кел. Кара атты калкы бербесе, Какшатып уруп тартып кел! Алмамбет анда кеп айтат. Кеп айтканда эп айтат: — Толкумандын тору аты, Толук тууган мал экен, Асыйы жетип токсонго, Карт муун болгон чагы экен, Калкамандын кара аты, Кароолчу эрдин канаты, Карып калган мал экен, Кара жолтой жагына, Чалып калган чагы экен. Өргө салса чарчабас, Өркөчү бийик, сээри баш, Алты айга минсе арыбас, Алтымыш асый болгончо, Азуусун сөйкөп карыбас, Жаңы асыйдан дагы жаш, Жерине жетпей калбаган, Жекендин башын чалбаган, Жети айга минсе талбаган, Чаалыккансып калбаган, Жетимиш асый болсо да, Жээгин сөңкөп карыбас, Үч ирет жоого кирсе да, Өксүп кийип калбаган, Мээ кайнаган ысыкта, Бок ачыган сасыкта, Белсенишкен кызыкта, Куйушкансыз минсе да, Куйулма шагыл кум ылдый, Куйундатып кирсе да, Кыр аркадан өтпөгөн, Кыл жалына жетпеген, Бөктөргөлүү мал экен,

Бөлөкчө сонун жан экен, Караңгыда калк этпес, Башка чапса жалп этпес, Азар түмөн жылкы алып, Кошуп ийсе жылкыга, Ай караңгы болсо да, Бир изин жаза баспаган, «Ай, ай» лап тоссо болбогон, Жалтанып анда койбогон, Кулундан бетер кутуруп, Куйругун тээп ойногон, Ажыбайдын Күрөңү, Айгай укса сүрөөлүү, Алып берсең, арстаным, Айалдабай жөнөйлү, Анда Манас кеп айтат: — Ырчы уул менен Бозуул, Аттаныңар, — деп айтат, Ажыкеме баргыла, Күрөң атты Ажымдан, Сурап келе калгыла! Эки уул кетти жарышып, Үзөңгүсү кагышып, Ажыкеңдин тобуна, Салып жетип барышып, Салам айтып бөкчөйүп, Олтурушту чөкчөйүп. Келгенин Ажым билди эле, Кыл муруту былк этип, Мыйыгында күлдү эле. Аңгыча Бозуул кеп айтат, Кеп айтканда деп айтат: — Биз билбеген мал экен, Сиздин малдын ичинде, Бир күрөң ат бар экен, Арбагы бийик Алмамбет, Азыраак мактап салды деп, Бачым берсин атты деп, Каңкоруң мында жиберди, Алып келгин бизге, деп, Анда Ажыбай мындай дейт: — Ат кадырын эр билет, Эр билбесе ким билет? Алып калсак Бейжинди, Кол сунсам олжом тең келет, Манас, Алмам кубанса, Бойум бирге теңселет. Табылабы жылкынын, Мындай сонун элеси, Айбандан баалуу күрөң ат, Берүүгө келген кезеги, Байлалуу турган кадаада, Үртүгүн Күрөң алдырып, Кенептен нокто салдырып, Карматып Ажым чылбырын, Алгын деп тура берди эле, Күлүңдөшүп эки улан, Күрөң атты жетелеп, Дердеңдеп кирип келди эле. Ат дүбүртүн укканда, Чыга калып Алмамбет, Маңдайынан сылады, Чылбырын Сыргак кармады, Белсенип чыкты эки эрен, Бейжинден чалгын чалганы. Алтын айдар нур жүздүү, Азыз хандын Алмамбет, Алтын кемер бото кур, Күн чагылса жарк этет, Узун бойлуу, ак беттүү, Ийриси жок түз кептүү, Бадана тонун жамынып, Бар кудайга жалынып, Башында көөхар диңзи таш, Жаркыны көккө тартылып, Сом темирин артынып, Доолбасын байланып, Асабасын колго алып, Алмамбет чыкты аттанып, Ала тоодой заңкайып, Телкызыл менен болкойуп, Темирден найза койкойуп, Жез такалуу нөөкөрү, Жарашып бутта чөйкөйүп, Сырттан Сыргак шаңданып, Бейжинден чалгын чалуучу, Белдүүдөн кабар алуучу, Берендер кетти аттанып. Алмамбет, Сыргак кетиптир, Эми калгандары нетиптир?