Коңурбайдын сыйкырлуу кароолчулары
Алты күн уктап күнү-түн, Аскердин баары туруптур, Эмики болор жумушка, Алакең көңүл буруптур, Аскерди жыйнап Алмамбет, Айтты кебин мындай деп: — Азыркысын зор душман, Оркундун улуу суу деймин, Күндү жайлап кечпесек, Жан калбайт деп ойлоймун, Азыр болуп баарыңар, Ат-атыңды байлап ал! Элге айтып байанды, Жакшылап күндү жай алды, Салакалуу жай ташты, Салып сууга байлады, Асмандагы булутту, Шамал козгоп айдады, Шыбыргактап борошо, Алай-дүлөй күн жаады. Тоолорго толук кыш болуп, Жакага жалтыр муз тоңуп, Саратан жайдын тамызда, Куруп калган чоң Оркун, Кыңшылаган кыз болуп, Кере кулач төш жары, Эки чети муз болуп, Төрдө олтурган төрөлөр, Төшөгүндө кыш болуп, Кооп сийген эрди көр, Койнунан колун чыгарып, Аттан деди Алмамбет, Аскердин алдын чубатып. Аттанып аскер алыптыр, Аттанбай Кокон калыптыр, Аттанбаган себебин, Алакең сурай салыптыр, Басырык болуп миң чалыш, Түндө өлүп калыптыр. Чакырып келип Сынчыны: — Калк башкарган сен, — деди, Кана, кайда ат? — деди, Азыр ылдам тап! – деди, Башын кесип таштап кой, Кана желдет тарт! – деди. Жабылып желдет жүгүрдү, Сынчыбек жандан түңүлдү. Жамгырчы менен Балта дөө, “Сынчыдан миң ат өлдү деп, Хан Алмамбет баашабыз, Каарлап алып кетти деп” Калгандардан угуп кеп, Куруп калган Сынчыбек, Кокус өлүп кетер, деп, Учуп жетип энтелеп: — Баатыр ат биздерде, Ат берели бул элге, Сурап келдик Сынчыны, Канын бериң биздерге, Өткөн иш өтүп болуптур, Эндөөлүк кылып койуптур, Эми Балтанын айткан сөзү бул: — Алмамбет баатыр, угуп тур, Элүү төрт илек кол келди, Айкөл Манас зор келди, Кара келди, хан келди, Кары-жашы тең келди. Казатка барып окто өлбөй, Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, Душман эмес өзү өлсө, Карапайым киши эмес, Катардагы хан өлсө, Ишибиз биздин оңбостур, Кабыбыз кийин толбостур. Ат берели, Алмамбет, Биз жөө бассак да көрө, Алп Жамгырчы, Балта дөө, Сурап келсе бул экөө, Бербей койор айла жок, Сынчыны берди экөөнө, Сынчыны алып келишип, Беш жүздөн миң ат беришип, Аттанып булар жөнөдү, Жарлык ушул жүр дешип. Оркондун кызыл суусуна, Келип Алмаң караса, Өзү көргөн өгүнкү, Өөрчүп жаткан чоң дайра, Какшып соолуп калыптыр, Сай төбүндө кылдырап, Көк кашка суусу агыптыр. Суудан кечип чыкканда, Өгүз өтмөк, тай өтмөк, Өрдөшүнө барганда, Колду эсепке алганда, Хандар эсен, кол эсен, Тазбайматтын бир киши, Санатында кем экен. — Билер мени сен, — деди, Бир кишиң кана, ким? деди. Анда Баймат кеп айтат: — Кордойдун аркы оозунда, Тогузу тийди колума, Өзүм менен он болуп, Жүргөмүн элдин соңунда, Анда Алмамбет кеп айтат: — Өкүмүм эки болбойт, — деп, Өтүрүк айткан оңбойт, — деп. Кайда кеттиң кармагын, Канча желдет жолдош, — деп, Кан кылбай кийимин алгын, — деп, Кабакка сүйрөп салгын! – деп. Кабарды айкөл угуптур, Калкайып көңүл буруптур, Чакырып алып Серекти, Кабылан айтып туруптур: — Алмамбетке барып кел, Айтып кебиң салып кел, Жазган катын караткын, Жаңылыш болуп калбасын, Аныгы менен өлсө да, Арманы калбас Байматтын, Ал буйрукту алганда, Шылуун Серек мындайга, Сайасы салкын тереги, Ар качандан бир качан, Кысылса тийет кереги. Алакеңдин жанына, Ашыгып Серек келгени, Эмгичекти элдерге, Айтылып калды эрмеги: — Баш кишибиз Алмамбет, Мен айтамын саа бир кеп, Молдоңо айтып көрүңчү, Катыңды окуп кара, деп, Чакырып алып молдосун, Катчы болгон жолдошун: — Байматтын санын оку, — деп, Болбосун жаздым кокус, — деп. Кагазды кармап бетине, Атынан айра келгенде, Тазбайматтын бир киши. Айкөл чыгып калды эле, Манастын аты чыкканда, Балаадан Баймат кутулуп, Алгыр куштай жутулуп, Кыйкырып Баймат барыптыр, Кызык болуп калыптыр: — Баатыр сени унутуп, Байкабай балаа бастым, — деп, Манжудан келген кулуңдан, Күнөөсүз өлө жаздым, — деп, Кырааным сени унутуп, Кыйын балаа бастым, — деп, Кытайдан келген кулуңдан, Кызылдай өлө жаздым, — деп. “Манасты Баймат унуткан, Кимди унутпай калсын” – деп, Элге калды макал кеп. Кыйынсынган Байматтын, Кыйналганын билиптир, Кыраан Манас солкулдап, Башкача сонун күлүптүр: — Онбашым Баймат сен болсоң, Унуткан кишиң мен болсом, Мен дале куруп калайын, Он кишинин ичинде, Унутулган мен болсом. Өзүң тапкан өлүмгө, Болуптур экен тим койсом, Эл аманын билиптир, Эр Алмамбет күлүптүр, Журт аманын билиптир, Султан Алмаң күлүптүр.
Уламадан уласам, Барган жерин сурасаң, Буткул-буткул көп көл дейт, Элемандын Көкчөл дейт. Буйрук берди Алмамбет: — Үч ай кышты өткөр, — деп, Бул жердин далай сыры бар, Барың бирдей угуп ал. Санкору деген айбан бар, Сийдиги жерди өрттөгөн, Ордуна чөп-чар өспөгөн, Жатагынан кошкуруп, Жандар аттап өтпөгөн. Каршы келсе адамга, Как жүрөктөн тутат, дейт, Кара ташты чайнаса, Жумшаган нандай жутат, — дейт, Кайгоолу деген жана бар, Бир жагында канат бар, Бир жагына карасаң, Канаты жок мулжуйган. Экөө келип биригип, Бир денедей кийлигип, Бир куш болуп учуучу, Адамды көрсө чычуучу, Чалгыны болот нак бычак, Куйругу келет чоң кучак, Жакын барбай оолак кач. Санкору менен кайгоолу, Тийген жери заарлуу, Кокустан келип кабылса, Коркуп кетип шашылба, Ат ичмегин алыңар, Аны отко салыңар, Эр батегин алыңар, Эптеп отко салыңар. Эр тери менен ат тери, Мурдуна кирсе жыттары, Учалбай калат бир жери. Аркары алжып өлбөгөн, Алжып карып өлгөнчө, Адамзатты көрбөгөн. Бугусу жүрөт топтошуп, Буруу сайын оттошуп, Адамды көрсө ыкташат, Ыктап келип жытташат. Түштүк жагың кумсары, Чалгында турат балбаны, Чыгыш жагың түз какыр, Кожураган көк шагыл, Ушуларга барба, — деп, Капташып калып бирөөгө, Бир балааны салба, — деп, Ушулардан байкастап, Эми ойноп жырга! — деп, Жарлык кылды Алмамбет. Алмаңан буйрук алганда, Башталды сайран балдарда, Чыгарып алып чылбырын, Укурук кылып найзасын, Мүйүзүнө салышып, Жулдуруп ийип канчасын, Куру кол болуп калышып, Аткын бугу, аткын деп, Ар жактан торой чапкын, деп, Түбүмө бугу жетти, деп, Төшүмө жаман тепти, деп, Нарының менен куруп кал, Найзамды жулуп кетти, деп, Наалып жүргөн андан көп. Салышып таптап кушуну, Алышты үч ай кышыны, Баштап кетти Алмамбет, Эми кыла турган ишини. Калайыкта хандарын, Калк билгендин барларын, Эр Алмамбет чакырып, Буларга кебин салыптыр, Булутсуз күндөй ачылып: — Ардык алдык далай күн, Ат сергиттик канча күн, Арыбын адам билгисиз, Алп Коңурбай калчанын, Биз Бейжинге жеткенче, Тоскоол болчу неменин, Бир канчасын айтайын: Көкчөлдүн айак жагында, Он беш күндүк алышта, Куу өрдөктүн көлү бар, Көрүнөө бизге душман ал. Эки күндүк шамалда, Аккулжанын бели бар, Андан ары барганда, Шум түлкүнүн чөлү бар. Кыйындыгы кытайдын, Байкап көрсөң ушундай, Кароол карап жол сактайт, Айбан да болсо ушулар. Ушунун баарын албасак, Анан Бейжин барбасак, Биз кетебиз баралбай, Айкөл Манас, зор Бакай, Алмамбет, Чубак, кырк чоро, Өрдөк, түлкү, кулжага, Айтылгандар баралы, Алардын эбин табалы. Абам Кошой, эр Төштүк, Алп Жамгырчы, Сынчыбек, Үрбү менен Музбурчак, Эр Көкүл, алп Агыш, Ушулар жатып тургула, Бузулдурбай эл багып. Бүгүн жыйырма дегенде, Келебиз кайтып биз мында, Кетирбей элге өрнөктү, Көлдөн алсак өрдөктү, Белден атсак кулжаны, Куткарбай алсак буларды, Кармасак чөлдөн түлкүнү, Каткырып салсак күлкүнү, Алып келсек кытайдын, Арачы түшчү мүлкүнүн. Ойносоң кумар утарсың, Ойрон кылып бул элди, Өз ойуңча жутарсың. Кулжанын этин татасың, Кубанычка анда батасын, Өрдөктүн жүнүн жыттайсың, Жай баракат уктайсың. Түлкүнү кийип тунарсың,